Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгынын алкагында жана «Сом - Кыргызстандын жүзү» аталышындагы иш-чаралар планына ылайык, Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын жамааты Жалал-Абад шаарындагы Ж. Бакиев атындагы «Эко Паркынын» аймагында 15 түп эмен дарагынын көчөтүн жана 15 түп каштан дарагынын көчөтүн отургузушту.