Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 

30 жылдыгына карата Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгынын жамааты  

Талас шаарында көчөт отургузушту 

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы Сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата «Сом-Кыргызстандын жүзү» аталышындагы иш-чара планынын алкагында Улуттук банктын  Талас областтык башкармалыгынын жамааты 2023-жылдын 11-мартында Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсүндө көк карагай көчөттөрүн отургузуу иштерин аткарды.