Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 

30 жылдыгына карата Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын жамааты  

Ош шаарында көчөт отургузушту 

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата, «Сом-Кыргызстандын жүзү» аталышындагы иш-чаралар планынын алкагында, Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын жамааты 2023-жылдын 4-мартында Ош шаарынын Ленин көчөсүндө (Резиденция району) Павловния дарагынын 35 түп көчөтүн отургузушту.