Улуттук банктын жамааты Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата Бишкек шаарында аллея отургузушту
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөө боюнча, «Сом – Кыргызстандын жүзү» деп аталган иш-чаралар планына ылайык, 2023-жылдын 26-февралында Улуттук банк тарабынан климаттык туруктуулукту жогорулатууга багытталган борбор калаанын жаратылыш мурасын сактоо жана өркүндөтүү максатында, «Ынтымак-1» сейил багынын аймагында 40 түп кызыл карагайдын жана 10 даана кайыңдын көчөттөрү отургузулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.Бөкөнтаев баштаган Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрү жана кызматкерлери катышты.