Долбоор
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө;
- 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибин бекитүү тууралуу»;
- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;
- 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу.
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, «Кепилдик фонд» ААКты жана алмашуу бюролорду тааныштырсын.
5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү токтом кабыл алынган күндөн тартып
3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Башкарманын мүчөлөрү: Б. Алиев
М. Аттокуров
У. Жамалидинов
А. Козубеков
Ж. Сулайманбекова
К. Темиров
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын «___» _________
№ ___________________
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына
өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын
21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:
- 6.3-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«Мында колдонуудагы кредит боюнча пайыздык ченди (карыз алуучунун финансылык абалын начарлатпастан) төмөндөтүү күнүнө карата «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык чендин өлчөмүнөн ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүүдө, ошол кредит боюнча классификациялоо пайыздык ставканы төмөндөтүү күнүнөн тартып ушул Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.».
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын
2-мартындагы № 5/6 «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибинин:
- 2.3-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«Мында колдонуудагы кредит боюнча пайыздык ченди (карыз алуучунун финансылык абалын начарлатпастан) төмөндөтүү күнүнө карата «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык чендин өлчөмүнөн ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүүдө, пайыздык чен төмөндөтүлгөн күндөн тартып атайын классификация колдонулбашы мүмкүн.»;
- 3.2-пункттагы «Кредиттердин атайын квалификациясы жана РППУга тиешелүү чегерүүлөр:» таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Кредиттердин атайын квалификациясы жана РППУга тиешелүү чегерүүлөр:
Классификация категориясы |
Мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген пландык төлөмдөрдүн күндөрүнүн эсеби |
РППУ |
Канааттандырарлык |
0-3 |
2% |
Байкоого алынгандар |
4-29 |
5% |
Субстандарттык |
30-59 |
25% |
Шектүүлөр |
60-89 |
50% |
Жоготуулар |
90 жана андан ашык |
100% |
».
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын
14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун:
- мамлекеттик тилдеги текстинде 15-пунктунун жетинчи абзацындагы «шек туудурбаган,» деген сөздөрдөн кийин «анын ичинде 2006-жылга чейин чыгарылган, төлөм каражатынын статусун жоготпогон АКШ долларынын банкнотторун эске албаганда,» сөздөр менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын
28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобонун:
- 81-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«Мында колдонуудагы кредит боюнча пайыздык ченди (карыз алуучунун финансылык абалын начарлатпастан) төмөндөтүү күнүнө карата «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык чендин өлчөмүнөн ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүүдө, ошол кредит боюнча классификациялоо пайыздык ставканы төмөндөтүү күнүнөн тартып ушул Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.».
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна
МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдеттери
Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору (мындан ары - токтом долбоору) финансы-кредит уюмдарына пайыздык чен «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык чендин өлчөмүнөн төмөндөтүү күнүнө карата ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүлгөн кредиттерге карата атайын классификацияны колдонбоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында иштелип чыккан.
Токтомдун долбоорунда «көзөмөлдөгү» кредиттер боюнча айлык кирешенин лимити боюнча чыгашалардын суммасын 2 эсеге кыскартуу каралган, анткени бул сумма 10%дан 5%га чейин кыскарган. Мындан тышкары, тобокелдиктерди эске алуу менен РППУну этап-этабы менен түзүү максатында «субстандарттуу» кредиттер категориясы кошулган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) жылдагы токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого 2006-жылга чейин чыгарылган, төлөм каражатынын статусун жоготпогон АКШ долларынын банкнотторуна карата комиссияларды белгилөө жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырат.
Токтом долбоору жалпы суммасы 600 миллион АКШ долларын түзгөн жасалма банкноттор менен байланышкан Түркиянын валюта рыногундагы кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын валюта рыногунда жасалма банкноттордун пайда болуу мүмкүндүгүнө байланышкан тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан.
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Токтомдун долбоорунда пайыздык чени «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык ченден ашкан кредиттер боюнча РППУну түзүүгө карата талаптарды өзгөртүү максатында Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Токтомдун долбоорун кабыл алуу колдонуудагы кредит боюнча пайыздык ченди төмөндөтүүдө (карыз алуучунун финансылык абалын начарлатпастан) кредиттердин атайын классификациясын колдонбоого мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, токтомдун долбоорунда «көзөмөлдөгү» кредиттер боюнча РРПУ боюнча чыгашалардын суммасын 2 эсеге кыскартуу каралган, анткени анын көлөмү 10%дан 5%га чейин кыскарган. Мындан тышкары, тобокелдиктерди эске алуу менен РППУну этап-этабы менен түзүү максатында «субстандарттуу» кредиттер категориясы кошулган.
Кредиттерди классификациялоо боюнча талаптарды өзгөртүү үчүн негиз болуп банк эмес финансы-кредит уюмдарынын секторунун сунушу эсептелет. ФКУнун пайыздык чендерди «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык чендин өлчөмүнөн төмөн деңгээлге чейин төмөндөтүү ниетин эске алуу менен, бул багытта секторду колдоо максатка ылайыктуу деп эсептейбиз, анткени жыйынтыгында бул пайыздык чендердин деңгээлине алгылыктуу таасирин тийгизип, колдонуудагы кредиттерди тейлөө боюнча карыз алуучуларга жана РППУну түзүү боюнча ФКУга оорчулукту азайтат. Мындан тышкары, РППУга чыгашалардын азайышы онлайн кредиттөө технологияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын
14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун (мындан ары - Жобо) 14-пунктуна ылайык чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырууда банктар жана алардын алмашуу пункттары, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери кандайдыр бир чектөөлөрдү жана төлөм каражаты статусун жогото элек акча белгилеринин наркына, чыгарылган жылына жараша ар кандай курстарды белгилөөгө укугу жок.
Жобонун 15-пунктунун жетинчи абзацына ылайык банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредит мекемелери алмашуу операцияларын жүзөгө ашырууда чет өлкө валютасынын банкнотторунун аныктыгына шек туудурбаган, анын ичинде мөөрү жана/же штампы бар болгон учурда комиссиялык сый акыларды белгилөөгө жана кармап калууга укугу жок.
Бүгүнкү 2006-жылдардагы эски үлгүдөгү АКШ долларлары, ошондой эле «ак» долларлар деп аталат, жакшыртылган коопсуздук элементтери менен заманбап ноталарды киргизүүгө чейин АКШнын Федералдык резервдик системасы тарабынан чыгарылган ноталар. Бул банкноттор жаңы аналогдоруна караганда жөнөкөй дизайнга ээ жана коргоо элементтери азыраак.
Эскирген көрүнүшүнө карабастан, ак доллар мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калууда. Бирок, кээ бир учурларда, финансылык-кредиттик уюмдар (мындан ары - ФКУ) жана кардарлар жасалма акча же жаңы банкнотторго артыкчылык берүүдөн улам аларды алмаштырууда же кабыл алууда кыйынчылыктарга туш болушат.
Ошол эле учурда, банк кардарлары өз кезегинде, эч кандай чектөөсүз, акча которуу системалары аркылуу АКШ долларында акча каражаттарын жөнөтүү, SWIFT системасы аркылуу долларлык төлөмдөрдү жөнөтүү жана учурдагы эсептерди (максатсыз) толуктоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланат. SWIFT системасы аркылуу төлөм жөнөтүү) ), ошондой эле стандарттык (төмөндөтүлбөгөн) сатып алуу курсу боюнча жана комиссиясыз АКШ «ак» доллар менен алмашуу операцияларын жүргүзүү. Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө калк тарабынан эски банкнотторду жаңысына бекер алмаштырып алуу фактылары көбөйүп, кардарлардын учурдагы эсептерин акча каражаттарын жөнөтүү максатын көздөбөстөн, бир банктын филиалында АКШ «ак» доллар менен толуктоо аркылуу көбөйүүдө. кийинки банктын башка филиалындагы учурдагы эсептеринен алуу, бирок жаңы банкноттор менен.
Ошентип, банктар «ак» АКШ долларын чектөөсүз кабыл алышат, бирок аларды кардарларга берүү учурунда жаңы АКШ долларларын (мындан ары «көк» долларлар) гана чыгаруу талабы менен кескин баш тартышат.
Калк жана алмашуу бюролору тарабынан банктын филиалдарынын кассаларына күн сайын ири көлөмдөгү АКШ «ак» доллары киргизилип жатат, бул банктык каражаттарды эффективдүү эмес башкарууга, накталай акчаны ташуу менен байланышкан чыгымдардын көбөйүшүнө, ошондой эле бул банкноттордун аныктыгын аныктоо үчүн банкоматтарды жана кассалык машиналарды программалык камсыздоо жаңыртып турат.
Валюта рыногундагы кырдаалды жакшыртуу, банктардын кассаларындагы накталай «ак» АКШ долларынын иштебей калган ири калдыктарынын көйгөйүн чечүү үчүн банктар мезгил-мезгили менен топтолгон «ак» долларды чыгарып, анын ордуна өлкөгө эксклюзивдүү алып келүүдө. жаңы («көк») векселдер «МИНТ» шартында (Тиргизилбеген). Ошентип, банктар өлкөнүн валюта рыногун «ликвиддүү эмес» чет элдик валюталык ноталардан үзгүлтүксүз тазалап турушат. Банкноттук операцияларды жүргүзүүдө, тактап айтканда, АКШ долларын алып келүүдө жана экспорттоодо, банктар акча каражаттарын алып келүү жана экспорттоо үчүн жыйымдар түрүндө чыгашаларды тартышат.
Азыркы учурда банктар банк кассаларында ашыкча накталай акчаларды, тактап айтканда, «ак» доллар деп аталган эски үлгүдөгү АКШ долларларын топтоо көйгөйүнө туш болууда. Ошентип, айрым банктарда шектүү сапаттагы эски АКШ долларынын банкноттору аныкталган, ошондуктан операциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу жана жасалма банкнотторду андан ары жайылтууга жол бербөө боюнча убактылуу чаралар көрүлгөн. Мындан тышкары, Түркияга эски үлгүдөгү АКШ долларын экспорттоо үчүн мурда болгон мүмкүнчүлүктөр контрагенттер «ак» долларды кабыл алууну каалабагандыктан, учурда чектелген же жок. Ошол эле учурда банктар накталай акчаны эски үлгүдөгү АКШ долларында экспорттоонун альтернативдүү варианттарын издөөнү улантууда.
Кыргыз Республикасынын валюта рыногунда жасалма банкноттордун пайда болуу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу, ошондой эле «ак» АКШ долларын экспорттоо үчүн шарттарды түзүү максатында 2006-жылга чейин чыгарылган АКШ доллары менен операцияларды жүргүзүүнүн убактылуу эрежелерин киргизүү (эгерде валюта төлөм каражаты катары өз күчүн жоготпосо), бул банкноттор менен операцияларды жүргүзүүдө комиссиялык жыйымдарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу.
3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ушул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.
Долбоор коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат.
5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо
Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат
Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт.
7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр боюнча маалымат
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын
21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык, сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||
№ |
Колдонуудагы редакция |
Колдонуудагы редакция |
|||||||||||||||||||||||||||||||||
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» Жобо |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||
1. |
6.3. Пайыздык чени Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамында жол берилген пайыздык ченден ашык өлчөмдө белгиленген кредит Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуу Тартибине ылайык классификацияланууга тийиш. |
6.3. Пайыздык чени Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамында жол берилген пайыздык ченден ашык өлчөмдө белгиленген кредит Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуу Тартибине ылайык классификацияланууга тийиш. Мында колдонуудагы кредит боюнча пайыздык ченди (карыз алуучунун финансылык абалын начарлатпастан) төмөндөтүү күнүнө карата «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык чендин өлчөмүнөн ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүүдө, ошол кредит боюнча классификациялоо пайыздык ставканы төмөндөтүү күнүнөн тартып ушул Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун ТАРТИБИ 2. Атайын классификация колдонулуучу кредиттерди аныктоочу критерийлер |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||
2. |
2.3. Атайын классификация төмөнкү критерийлерге жооп берген кредиттерге карата да колдонулушу мүмкүн: - кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредит; - обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредит; - пайыздык чени Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамында жол берилген пайыздык ченден ашык өлчөмдө белгиленген кредиттер. |
2.3. Атайын классификация төмөнкү критерийлерге жооп берген кредиттерге карата да колдонулушу мүмкүн: - кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредит; - обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредит; - пайыздык чени Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамында жол берилген пайыздык ченден ашык өлчөмдө белгиленген кредиттер. Мында колдонуудагы кредит боюнча пайыздык ченди (карыз алуучунун финансылык абалын начарлатпастан) төмөндөтүү күнүнө карата «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык чендин өлчөмүнөн ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүүдө, пайыздык чен төмөндөтүлгөн күндөн тартып атайын классификация колдонулбашы мүмкүн. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||
3.
|
3.2. Аларга карата атайын классификация колдонулуучу кредиттер, анын ичинде кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредиттер, ошондой эле обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттерге карата негизги сумма боюнча пландык төлөмдөрдү жана/же пайыздарды төлөө кечиктирилген күндөрдүн санына жараша төмөнкү РППУга чегерүү өлчөмдөрү белгиленет: Кредиттердин атайын квалификациясы жана РППУга тиешелүү чегерүүлөр:
|
3.2. Аларга карата атайын классификация колдонулуучу кредиттер, анын ичинде кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредиттер, ошондой эле обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттерге карата негизги сумма боюнча пландык төлөмдөрдү жана/же пайыздарды төлөө кечиктирилген күндөрдүн санына жараша төмөнкү РППУга чегерүү өлчөмдөрү белгиленет: Кредиттердин атайын квалификациясы жана РППУга тиешелүү чегерүүлөр:
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобо |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||
4. |
15. Банктар, алмашуу бюролор, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери аныктыгы шектенүүнү жаратпаган, төмөнкүдөй бир аз кемчилиги болгон чет өлкө банкноту менен алмашуу операцияларын ишке ашырууда комиссиялык сый акыны өз алдынча белгилөөгө жана кармап калууга укуктуу: - баштапкы өңү өчүп же боек төгүлүп калган болсо; - басып чыгарууда айкын кемчиликтер кетирилген болсо; - айрылып, чапталган болсо жана айрылып калган бөлүктөрү бир эле банкнотко таандык болсо; - четтери тытылып айрылган, тешилип калгандар (эгерде алардын орду жабылгандыгы тастыкталбаса); - чети күйүп калган болсо. Банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредит мекемелери алмашуу операцияларын жүзөгө ашырууда чет өлкө валютасынын банкнотторунун аныктыгына шек туудурбаган, анын ичинде мөөрү жана/же штампы бар болгон учурда комиссиялык сый акыларды белгилөөгө жана кармап калууга укугу жок. |
15. Банктар, алмашуу бюролор, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери аныктыгы шектенүүнү жаратпаган, төмөнкүдөй бир аз кемчилиги болгон чет өлкө банкноту менен алмашуу операцияларын ишке ашырууда комиссиялык сый акыны өз алдынча белгилөөгө жана кармап калууга укуктуу: - баштапкы өңү өчүп же боек төгүлүп калган болсо; - басып чыгарууда айкын кемчиликтер кетирилген болсо; - айрылып, чапталган болсо жана айрылып калган бөлүктөрү бир эле банкнотко таандык болсо; - четтери тытылып айрылган, тешилип калгандар (эгерде алардын орду жабылгандыгы тастыкталбаса); - чети күйүп калган болсо. Банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредит мекемелери алмашуу операцияларын жүзөгө ашырууда чет өлкө валютасынын банкнотторунун аныктыгына шек туудурбаган, анын ичинде 2006-жылга чейин чыгарылган, төлөм каражатынын статусун жоготпогон АКШ долларынын банкнотторун эске албаганда, мөөрү жана/же штампы болгон учурда комиссиялык сый акыларды белгилөөгө жана кармап алууга укугу жок. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» Жобо |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||
5. |
81. Пайыздык чени Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамында жол берилген пайыздык ченден ашык өлчөмдө белгиленген кредит Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуу тартибине ылайык классификацияланууга тийиш. |
81. Пайыздык чени Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамында жол берилген пайыздык ченден ашык өлчөмдө белгиленген кредит Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуу тартибине ылайык классификацияланууга тийиш. Мында колдонуудагы кредит боюнча пайыздык ченди (карыз алуучунун финансылык абалын начарлатпастан) төмөндөтүү күнүнө карата «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык чендин өлчөмүнөн ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүүдө, ошол кредит боюнча классификациялоо пайыздык ставканы төмөндөтүү күнүнөн тартып ушул Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. |
АНАЛИТИКАЛЫК КАТ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
(иштеп чыккан органдын аталышы)
|
|
БЕКИТЕМ |
|
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М. Тургунбаев |
|
|
____________________________ (кол тамгасы) |
|
|
2024-жылдын ________________ |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун
ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО
Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 27-октябрындагы
№ 2022-Пр-121/224-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча туруктуу иштеген жумушчу топ түзүү тууралуу» буйругу.
Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү: |
2024-жылдын _____ 2024-жылдын_____ (башталышы) (аякташы) |
Жумушчу топтун жетекчиси:
Жумушчу топ:
- Э.Ч. Абдраимов, Улуттук банктын Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги _____________; - Э.О. Абдыразаков, Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги ______________; - М.Б. Исаев, Улуттук банктын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн начальниги _______________; - А.А. Акбаралиев, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору _________________; - А.И. Исраилов, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин президенти ______________; - А.Дж. Елебесова, «Насыялык маалыматты пайдалануучулар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин башкы директору _______________; - Э.Т. Мамытова, «Кепилдик фонд» ААКтын кепилдиктерди администрлөө бөлүмүнүн начальниги ______________; - А.Н. Кубанычбекова, «Альянс» акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин бухгалтери _________________.
Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: М. Алманбетова, тел.: 0 312 31 32 64, e-mail: malmanbetova@nbkr.kg |
|
1. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер
1. Проблема тууралуу маалымат
Азыркы учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында, анын ичинде Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуу тартибинин 2.3-пунктунда төмөнкү талап каралган, ага ылайык атайын классификация пайыздык чени «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген пайыздык ченден ашкан кредиттерге карата колдонулат. Эгерде финансы-кредит уюму (мындан ары – ФКУ) ченди жол берилген пайыздык чендин өлчөмүнөн ашпаган деңгээлге чейин төмөндөткөн болсо, бул талапта активдерди классификациялоо жагында талаптарды жеңилдетүү каралбайт. Ошентип, ФКУ кредиттер боюнча чендердин төмөндөшүнө карабастан, алар боюнча атайын классификацияны колдонууга жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервдерди (мындан ары – РППУ) түзүү боюнча чыгашаларды тартууга милдеттүү. Бул чектөө ФКУга чендерди төмөндөтүүгө өбөлгө түзбөйт.
Мындан тышкары, учурда атайын классификация төмөнкү критерийлерге жооп берген кредиттерге карата колдонулат:
- кредиттин суммасы 500 миң сомдон ашпайт;
- кредиттин мөөнөтү 24 айдан ашпайт;
- керектөө максаттары жана/же карыз алуучуга таандык жана үзгүлтүксүз кирешени камсыз кылган иштеп жаткан чакан бизнести өнүктүрүү кредиттин максаттуу багытынан болуп саналат;
- кредит боюнча карыздын ордун жабуу негизги сумма жана пайыздар боюнча үзгүлтүксүз (айына бир жолудан кем эмес) төлөмдөр менен ишке ашырылат;
- банкта/ФКУда кредит берилген карыз алуучунун ошол банк / ФКУ же башка кредитор алдында милдеттенмелерин аткарбагандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо;
- карыз алуучу, эреже катары, кредиттин негизги суммасы жана пайыздары боюнча 100% өлчөмүндө камсыз кылууну берет;
- кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредит;
- аралыктан/дистанттык тейлөө каналы аркылуу берилген кредит.
Бул учурда, РППУ өлчөмү классификациянын стандарттык талаптарына караганда бир кыйла жогору. Ошентип, атайын классификация боюнча колдонуудагы ченемдер РППУну түзүү боюнча ФКУнун олуттуу чыгашаларын талап кылат, бул онлайн кредиттөө технологияларын өнүктүрүү процесстерине, демек кредиттик продуктулардын жеткиликтүүлүгүнө кармап туруучу таасирин тийгизет.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) жылдагы токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого 2006-жылга чейин чыгарылган, төлөм каражатынын статусун жоготпогон АКШ долларынын банкнотторуна карата комиссияларды белгилөө жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырат.
Токтом долбоору жалпы суммасы 600 миллион АКШ долларын түзгөн жасалма банкноттор менен байланышкан Түркиянын валюта рыногундагы кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын валюта рыногунда жасалма банкноттордун пайда болуу мүмкүндүгүнө байланышкан тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан.
2. Проблеманын масштабы
Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын активдерди классификациялоо маселелери боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору (мындан ары - – токтом долбоору) финансы-кредит уюмдарына пайыздык чен «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген пайыздык чендин өлчөмүнөн төмөндөтүү күнүнө карата ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүлгөн кредиттерге карата атайын классификацияны колдонбоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында иштелип чыккан.
Мындан тышкары, токтомдун долбоорунда РППУга мөөнөтүндө төлөнгөн кредиттер боюнча чыгашалардын өлчөмүн 2 эсе төмөндөтүү каралган, анткени канааттандыраарлык кредиттер үчүн өлчөм 2% дан 1% га чейин төмөндөтүлгөн. Мындан тышкары, тобокелдиктерди эске алуу менен РППУну этабы менен түзүү максатында «субстандарттык» кредиттер категориясы кошулган.
Бул токтомдун долбоору Улуттук банктын көзөмөлүндө турган, кредиттөөнү жүзөгө ашырган бардык жактарга жайылтылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын
14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун (мындан ары - Жобо) 14-пунктуна ылайык чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырууда банктар жана алардын алмашуу пункттары, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери кандайдыр бир чектөөлөрдү жана төлөм каражаты статусун жогото элек акча белгилеринин наркына, чыгарылган жылына жараша ар кандай курстарды белгилөөгө укугу жок.
Жобонун 15-пунктунун жетинчи абзацына ылайык банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредит мекемелери алмашуу операцияларын жүзөгө ашырууда чет өлкө валютасынын банкнотторунун аныктыгына шек туудурбаган, анын ичинде мөөрү жана/же штампы бар болгон учурда комиссиялык сый акыларды белгилөөгө жана кармап калууга укугу жок.
Бүгүнкү 2006-жылдардагы эски үлгүдөгү АКШ долларлары, ошондой эле «ак» долларлар деп аталат, жакшыртылган коопсуздук элементтери менен заманбап ноталарды киргизүүгө чейин АКШнын Федералдык резервдик системасы тарабынан чыгарылган ноталар. Бул банкноттор жаңы аналогдоруна караганда жөнөкөй дизайнга ээ жана коргоо элементтери азыраак.
Эскирген көрүнүшүнө карабастан, ак доллар мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калууда. Бирок, кээ бир учурларда, финансылык-кредиттик уюмдар (мындан ары - ФКУ) жана кардарлар жасалма акча же жаңы банкнотторго артыкчылык берүүдөн улам аларды алмаштырууда же кабыл алууда кыйынчылыктарга туш болушат.
Ошол эле учурда, банк кардарлары өз кезегинде, эч кандай чектөөсүз, акча которуу системалары аркылуу АКШ долларында акча каражаттарын жөнөтүү, SWIFT системасы аркылуу долларлык төлөмдөрдү жөнөтүү жана учурдагы эсептерди (максатсыз) толуктоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланат. SWIFT системасы аркылуу төлөм жөнөтүү) ), ошондой эле стандарттык (төмөндөтүлбөгөн) сатып алуу курсу боюнча жана комиссиясыз АКШ «ак» доллар менен алмашуу операцияларын жүргүзүү. Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө калк тарабынан эски банкнотторду жаңысына бекер алмаштырып алуу фактылары көбөйүп, кардарлардын учурдагы эсептерин акча каражаттарын жөнөтүү максатын көздөбөстөн, бир банктын филиалында АКШ «ак» доллар менен толуктоо аркылуу көбөйүүдө. кийинки банктын башка филиалындагы учурдагы эсептеринен алуу, бирок жаңы банкноттор менен.
Ошентип, банктар «ак» АКШ долларын чектөөсүз кабыл алышат, бирок аларды кардарларга берүү учурунда жаңы АКШ долларларын (мындан ары «көк» долларлар) гана чыгаруу талабы менен кескин баш тартышат.
Калк жана алмашуу бюролору тарабынан банктын филиалдарынын кассаларына күн сайын ири көлөмдөгү АКШ «ак» доллары киргизилип жатат, бул банктык каражаттарды эффективдүү эмес башкарууга, накталай акчаны ташуу менен байланышкан чыгымдардын көбөйүшүнө, ошондой эле бул банкноттордун аныктыгын аныктоо үчүн банкоматтарды жана кассалык машиналарды программалык камсыздоо жаңыртып турат.
Валюта рыногундагы кырдаалды жакшыртуу, банктардын кассаларындагы накталай «ак» АКШ долларынын иштебей калган ири калдыктарынын көйгөйүн чечүү үчүн банктар мезгил-мезгили менен топтолгон «ак» долларды чыгарып, анын ордуна өлкөгө эксклюзивдүү алып келүүдө. жаңы («көк») векселдер «МИНТ» шартында (Тиргизилбеген). Ошентип, банктар өлкөнүн валюта рыногун «ликвиддүү эмес» чет элдик валюталык ноталардан үзгүлтүксүз тазалап турушат. Банкноттук операцияларды жүргүзүүдө, тактап айтканда, АКШ долларын алып келүүдө жана экспорттоодо, банктар акча каражаттарын алып келүү жана экспорттоо үчүн жыйымдар түрүндө чыгашаларды тартышат.
Азыркы учурда банктар банк кассаларында ашыкча накталай акчаларды, тактап айтканда, «ак» доллар деп аталган эски үлгүдөгү АКШ долларларын топтоо көйгөйүнө туш болууда. Ошентип, айрым банктарда шектүү сапаттагы эски АКШ долларынын банкноттору аныкталган, ошондуктан операциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу жана жасалма банкнотторду андан ары жайылтууга жол бербөө боюнча убактылуу чаралар көрүлгөн. Мындан тышкары, Түркияга эски үлгүдөгү АКШ долларын экспорттоо үчүн мурда болгон мүмкүнчүлүктөр контрагенттер «ак» долларды кабыл алууну каалабагандыктан, учурда чектелген же жок. Ошол эле учурда банктар накталай акчаны эски үлгүдөгү АКШ долларында экспорттоонун альтернативдүү варианттарын издөөнү улантууда.
Кыргыз Республикасынын валюта рыногунда жасалма банкноттордун пайда болуу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу, ошондой эле «ак» АКШ долларын экспорттоо үчүн шарттарды түзүү максатында 2006-жылга чейин чыгарылган АКШ доллары менен операцияларды жүргүзүүнүн убактылуу эрежелерин киргизүү (эгерде валюта төлөм каражаты катары өз күчүн жоготпосо), бул банкноттор менен операцияларды жүргүзүүдө комиссиялык жыйымдарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу.
3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу
Кредиттерди классификациялоо боюнча талаптарды өзгөртүү үчүн негиз болуп банк эмес финансы-кредит уюмдарынын секторунун сунушу эсептелет. ФКУнун пайыздык чендерди «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык чендин өлчөмүнөн төмөн деңгээлге чейин төмөндөтүү ниетин эске алуу менен, бул багытта секторду колдоо максатка ылайыктуу деп эсептейбиз, анткени жыйынтыгында бул пайыздык чендердин деңгээлине алгылыктуу таасирин тийгизип, колдонуудагы кредиттерди тейлөө боюнча карыз алуучуларга жана РППУну түзүү боюнча ФКУга оорчулукту азайтат. Мындан тышкары, РППУга чыгашалардын азайышы онлайн кредиттөө технологияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, Улуттук банктын дарегине банк секторунун катышуучуларынан жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен министрлигинен 2024-жылдын 29-ноябрында № 09-025/21543 каттары түштү, анда жалпы суммасы 600 миллион АКШ долларынын жасалма банкнотторуна байланыштуу Түркиянын валюта рыногундагы абалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, банктарга жана алмашуу бюролоруна «ак» АКШ долларын алмаштырууда комиссия алуу укугун берүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу келип түшкөн.
4. Эл аралык тажрыйба
Активдерди классификациялоо маселеси боюнча
Кредиттерди классификациялоо системасы ар бир мамлекетте мамлекеттин экономикалык өсүшүнө, кредиттөөгө байланыштуу тобокелдиктерге жараша колдонулат.
Казакстан Республикасы
Казакстан Республикасынын «Казакстан Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 43-беренесине ылайык, жүргүзүлгөн операциялардын мүнөзүнө жана масштабына ылайык өз ишине контролдуктун жана ишенимдүүлүктүн тиешелүү деңгээлин камсыз кылуу максатында банктар финансылык отчёттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык провизияларды (резервдерди) түзүүгө милдеттүү.
Банк тарабынан түзүлгөн провизиялардын (резервдердин) жетиштүүлүгүнө баа берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан, анын ичинде финансылык отчёттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык келүү, сактоо жана колдонуу предметине негизделген ой-пикирди пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.
Армения Республикасы
Армения Республикасынын «Армения Республикасынын Борбордук банкы жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесине ылайык, Борбордук банк мыйзамга ылайык банк ишинин ченемдерин, аларды эсептөө тартибин, мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабуу үчүн каражаттарды резервдөө тартибин жана капиталды эсептөө эрежелерин белгилейт.
Беларусь Республикасы
Беларусь Республикасынын Банктык кодексинин 109-беренесине ылайык, банк өзүнүн финансылык ишенимдүүлүгүн, кардарлар жана контрагенттер алдындагы милдеттенмелердин өз убагында жана толук аткарылышын дайыма камсыз кылууга, иштин жүрүшүндө келип чыккан тобокелдиктерди талаптагыдай тескөөнү жүзөгө ашырууга, банктын ченемдик капиталын тобокелдиктерди компенсациялоо үчүн жетиштүү деңгээлде кармап турууга, чыгымдардын ордун жабууга резервдерди түзүүгө, ошондой эле ушул Кодекске ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген башка талаптарды сактоого милдеттүү.
Банк аны чыгымдардын ордун жабууга пайдалануу үчүн резервдик фонд түзүүгө милдеттүү. Резервдик фондго чегерүүлөрдүн өлчөмү салыктарды, жыйымдарды (алымдарды), республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге, Беларусь Республикасынын мамлекеттик бюджеттен тышкаркы калкты социалдык коргоо фондуна жана башка мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин банктын пайдасынын кеминде беш пайызын түзүүгө тийиш, резервдик фонд банктын ченемдик капиталынын өлчөмүнүн кеминде он пайыз өлчөмүнө жеткенге чейин анын карамагында калат. Банктын акционери акча каражаттарын банктын резервдик фондуна же анын чыгымдарын жабууга салууга укуктуу. Улуттук банк ушул Кодекстин 134 жана 1341-беренелеринде каралган учурларда жана тартипте резервдик фонддун ушул бөлүктө каралган өлчөмүн жана (же) ага чегерүүлөрдүн өлчөмүн банк үчүн көбөйтүүгө укуктуу.
Банк активдерди жана баланста чагылдырылбаган операцияларды алардын ишенимдүүлүк деңгээли боюнча дайыма классификациялоону жүзөгө ашырууга жана мындай активдер жана операциялар боюнча мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга атайын резервдерди, анын ичинде активдердин баасынын түшүүсүнө карата резервдерди түзүүгө милдеттүү. Улуттук банк, активдердин жана баланста чагылдырылбаган операциялардын банк тарабынан жүзөгө ашырылган классификациясын алардын ишенимдүүлүгүнүн деңгээли боюнча жүйөлүү чечимдин негизинде өзгөртүүгө укуктуу. Банк, баланста чагылдырылбаган активдер жана операциялар боюнча мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга атайын резервдерди банк тарабынан ишке ашырылган активдерди классификациялоодо жана баланста чагылдырылбаган операцияларда жүргүзүлгөн өзгөрүүлөрдү эске алуу менен алардын ишенимдүүлүгүнүн деңгээли боюнча түзүүгө милдеттүү.
Банк Кодекске ылайык белгиленген коопсуз иштөө ченемдерин, анын коопсуз жана ишенимдүү ишин камсыз кылган тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоого милдеттүү.
Беларусь Республикасынын Улуттук банкы «Баланста чагылдырылбаган активдер жана операциялар боюнча мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга атайын резервдерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө» нускоого (мындан ары – Нускоо) ылайык, банктар тарабынан мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга төмөнкүдөй атайын резервдерди (мындан ары, эгерде башкасы көрсөтүлбөсө – атайын резервдер) түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин аныктайт:
- кредиттик тобокелдикке дуушар болгон активдер боюнча мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга атайын резерв, анын ичинде бир категориядагы кредиттердин портфелдери боюнча мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга атайын резерв;
– баланста чагылдырылбаган операциялар боюнча мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга атайын резерв (мындан ары, эгерде башкасы көрсөтүлбөсө-шарттуу милдеттенмелер).
Нускоонун 21-пунктуна ылайык, чет өлкө валютасындагы карыз боюнча банк, кредиттик тобокелдикке дуушар болгон активдер боюнча чет өлкө валютасындагы карыздын ордун өз убагында жана толук жабуу үчүн карызгердин чет өлкө валютасындагы түшүүлөрдүн жетиштүүлүгүнө баа берет.
Кредиттик тобокелдикке дуушар болгон активдер боюнча чет өлкө валютасындагы карыздын ордун өз убагында жана толук жабуу үчүн карызгердин чет өлкө валютасындагы түшүүлөрдүн жетиштүүлүгүнө баа берүү банк тарабынан карызгердин акча каражаттарынын кириш жана чыгыш агымдарын эсептөөнүн негизинде, ушул пунктта көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен 6 айда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
«Ак» доллар менен операцияларды жүргүзүү боюнча
Бүгүнкү күнгө чейин, 2006-жылга чейинки эски үлгүдөгү АКШ доллары, ошондой эле «ак» доллар деп аталган, коргоо элементтери жакшыртылган Заманбап векселдер киргизилгенге чейин АКШнын Федералдык резерв системасы тарабынан чыгарылган банкноттор. Бул банкноттор жаңы кесиптештерине караганда жөнөкөй дизайнга жана азыраак коргоочу өзгөчөлүктөргө ээ.
Эскирген көрүнүшүнө карабастан, «ак» долларлар мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калууда. Бирок, айрым учурларда финансы-кредиттик уюмдар (мындан ары-ФКО) жана кардарлар аларды алмаштырууда же кабыл алууда кыйынчылыктарга туш болушат, бул жасалма акча жасоо же жаңы банкнотторго артыкчылык берүү кооптонуулары менен байланыштуу.
Түркиянын борбордук банкы жасалма чет элдик валютанын жүгүртүлүшүнө жол бербөө үчүн жаңы техникалык чараларды көрүүдө, ошондой эле укук коргоо органдары менен кызматташтыкты күчөтүүдө.
2024-жылдын 26-ноябрында өлкө боюнча акча алмаштыруу жайлары «ак» долларды кабыл алууну токтотушкан. Мындай чечимдин себеби, алардын сапаты дээрлик реалдуу менен айырмаланбайт жасалма доллар, жигердүү бөлүштүрүү болуп саналат. Түркиянын рыногунда маалымат каражаттарына ылайык, жүгүртүүдөгү жасалма 50 жана 100 миллион долларга жакын 600 долларлык купюралар бар.
Бир күн мурда түрк полициясы Стамбулда масштабдуу иш-чара өткөрүп, анда 3,6 миллион жасалма евро алынган.
Карачи, Пакистан-акча алмаштыруу жайлары эски үлгүдөгү банкнотторду алмаштыруу үчүн 4% га чейин акы алышат;
Ливан банктары эски стилдеги векселдерди кабыл алышпайт, анткени алар жергиликтүү тургундардан баш тартышкан;
Баку, Азербайжан-банктар 2006-жылы же андан мурда чыгарылган АКШ долларын кабыл албай коюшу мүмкүн;
Аргентина-жагымсыз курсту сунушташы мүмкүн;
Таиланд 1996-жылдан ашкан эсептерди албайт;
БАЭ-банктарда алмаштырылышы мүмкүн, бирок кошумча акы менен. Ири соода борборлорунда ал төлөм катары кабыл алынбашы мүмкүн. Ошондой эле, эски доллар алмаштыргычтардын оор өзгөртүү (тармак БАЭде 260 упай бар) 0,3 жөнүндө Комиссия менен–1,5%. Ошентип, мисалы, 10-июлда кадимки курс долларга 3,62 дирхам болгон, бирок Идштеги эски стилдеги долларлар долларга 3,57 дирхам менен алмаштырылган, деп жазат жергиликтүү тургун БАЭ-акча алмаштыруу, карталар, крипто;
Япония - эски стилдеги доллар аэропорттордогу акча алмаштыруучу жайларда гана кабыл алынат.
II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат
5. Жөнгө салуунун максаты
5.1 Финансы-кредит уюмдарына пайыздык чен «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген пайыздык чендин өлчөмүнөн төмөндөтүү күнүнө карата ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүлгөн колдонуудагы кредиттерге карата атайын классификацияны колдонбоо мүмкүнчүлүгүн берүү мамлекеттик жөнгө салуунун максаты болуп саналат. Мындан тышкары, сунушталып жаткан жөнгө салуу онлайн кредиттөө технологияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты-Түркиянын валюта рыногундагы кырдаалга байланыштуу жалпы суммасы 600 миллион АКШ долларын түзгөн жасалма банкнотторго байланыштуу Кыргыз Республикасынын валюта рыногунда жасалма банкноттордун пайда болуу мүмкүндүгүнө байланышкан тобокелдиктерди азайтуу.
6. Сунушталган жөнгө салуу
Сунушталган жөнгө салуу - Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына берүү учурунда пайыздык чени «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген пайыздык ченден ашкан кредиттер боюнча РППУну түзүүгө карата талаптарды өзгөртүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Токтомдун долбоорун кабыл алуу колдонуудагы кредит боюнча пайыздык ченди төмөндөтүүдө (карыз алуучунун финансылык абалын начарлатпастан) атайын классификацияны колдонбоого мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, токтом долбоору «байкоого алынган» кредиттер боюнча РППУга чыгашаларды 2 эсеге 10% дан 5% га чейин кыскартууну жана тобокелдиктерди эске алуу менен РППУну этап-этабы менен түзүү максатында «субстандарттык кредиттер» жаңы категориясын киргизүүнү карайт.
Сунушталган жөнгө салуу-Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүү киргизүү.
Долбоорду кабыл алуу Кыргыз Республикасынын валюта рыногунда жасалма банкноттордун пайда болуу мүмкүндүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди минималдаштырууга мүмкүндүк берет, Мындан тышкары коммерциялык банктарга комиссияларды белгилөөнүн эсебинен накталай акчаларды ташууга байланышкан чыгымдарды жабууга, ошондой эле бул банкноттордун аныктыгын аныктоо үчүн банкоматтарды жана кассалык аппараттарды программалык камсыздоону жаңыртууга мүмкүндүк берет.
7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо
7.1. Жөнгө салуунун бул түрүнүн күтүлгөн натыйжасы:
- ФКУнун колдонуудагы кредиттер боюнча пайыздык чендерин төмөндөтүүгө жана онлайн кредиттөөнү өнүктүрүүгө багытталган;
- Кыргыз Республикасынын аймагына жасалма «ак» долларларды алып кирүү коркунучун азайтуу.
7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга тийгизүүчү таасирлери:
1. экономикага тийгизген таасири:
1) токтом долбоору онлайн кредиттөөнү өбөлгөлөөгө, ошондой эле колдонуудагы кредиттер боюнча чендерди төмөндөтүүгө багытталган, ФКУлар үчүн түзүлгөн РППУга олуттуу чыгашасыз кредиттөөнүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө;
2) калк арасында жасалма «ак» АКШ долларынын жайылуу коркунучун азайтуу.
2. социалдык чөйрөгө тийгизген таасири: жөнгө салуу ченемдери онлайн кредиттөөнү өбөлгөлөөгө жана колдонуудагы кредиттер боюнча чендерди төмөндөтүүгө багытталгандыгына байланыштуу, жыйынтыгында калк үчүн кредиттердин жеткиликтүүлүгүнө, карыз алуучулар үчүн карыз оорчулугун азайтууга оң таасир тийгизүүсү күтүлүүдө.
7.3. Жөнгө салуунун кызыкдар тараптарынын – даректеринин негизги топторуна күтүлгөн таасир этүү:
1) токтомдун долбоорунда кредиттерди классификациялоо боюнча талаптарды жеңилдетүүчү ченемдер каралгандыгын эске алуу менен, финансы-кредит уюмдарына пайыздык чен «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген пайыздык чендин өлчөмүнөн төмөндөтүү күнүнө карата ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүлгөн кредиттерге карата атайын классификацияны колдонбоо мүмкүнчүлүгү болот;
2) жасалма «ак» АКШ долларынын агылып келүү тобокелдигин азайтуу.
8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо
Сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү онлайн кредиттөөнүн өсүшүнө алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу керектөө кредиттеринин өсүшүнүн тобокелдигине мониторинг жүргүзүү жана зарыл болгон учурда финансы секторунун туруктуулугунун жана макроэкономикалык туруктуулуктун тобокелдиктерине жол бербөө максатында чараларды колдонуу зарыл.
Сунушталган өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу ар кандай мыйзам долбоорлорунун бирдей эмес кабыл алынышына алып келиши мүмкүн жана спекуляцияларды жаратышы мүмкүн. Буга байланыштуу АКШ долларынын курсуна мониторинг жүргүзүү зарыл.
9. Атаандаштыкка таасирин баалоо
Токтомдун долбоорун кабыл алуу атаандаштыкка түздөн-түз таасир этпейт, анткени токтомдун долбоору менен айрым чарба субъекттери үчүн белгилүү бир жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес.
10. Кызыкдар тараптардын пикири
Жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүү үчүн жумушчу топтун мүчөлөрүнө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү берилди.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдын
22-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуудан өтүүгө тийиш. Буга байланыштуу токтомдун долбоору Улуттук банктын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) коомдук талкууга коюлат.
11. Сунушталган жөнгө салууну тандоонун негиздемеси
Жогоруда баяндалгандардын негизинде токтомдун долбоору кабыл алынууга сунушталсын, анткени:
- ФКОго көбүрөөк онлайн кредиттерди берүү жана керексиз РРП түзбөстөн учурдагы кредиттер боюнча ставкаларды төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн берет;
- Кыргыз Республикасынын валюта рыногунда жасалма банкноттордун пайда болуу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу.
12. Тиркеме
- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө буйрук.