Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

Төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы бекитилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Төмөнкү токтомдор күчүн жоготкон катары таанылсын: 

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 24-майындагы № 2023-П-14/34-4-(ПС) «Кыргыз Республикасынын тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому; 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 2023- П-14/41-4-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын тез төлөм системасы долбоорун демилгелөө жөнүндө билдермесин бекитүү тууралуу» токтому. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  

 

4. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде:  

- ушул токтомду жана Төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү концепциясын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- токтом менен Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорун, төлөм уюмдарын, коммерциялык банктарын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.  

 

5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары метолодогиясы жана лицензиялоо башкармалынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага М. Тургунбаев 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын ________________ 

№__________________________ 

токтомуна тиркеме  

 

 

 

 

Төлөм системаларынын  

интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү  

КОНЦЕПЦИЯСЫ 

 

Бишкек 2024 

Мазмуну 

Киришүү 3-4 

1. Эки өлчөмдүү  штрихкод белгилеринин (QR код) улуттук стандарт технологиясынын базасында тез төлөмдөр системасынын долбоорун ишке ашыруу ыкмасы. 4-5 

2. QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдүн жана которуулардын интероперабелдүүлүгүнүн учурдагы абалы 5-6 

3. Ар кандай идентификаторлор боюнча тез төлөмдөрдү ишке киргизүү өбөлгөлөрү 6-9 

4. Эл аралык тажрыйба ………………………………………………….. 

5. Тез төлөмдөрдү ишке киргизүү үчүн зарыл иш-чаралар 9-11 

5.1. Функционалдык мүмкүнчүлүктөр 11-12 

5.2. Техникалык архитектура. 12-13 

5.3. Операция эрежелери жана катышуучулардын резервдерин башкаруу 13 

Тез төлөмдөрдү ишке киргизүүнүн негизги этаптары 13-14 

 

 

Киришүү 

Акыркы жылдары санарип финансылык технологияларды өнүктүрүү өзүндө финансылык операциялардын жеткиликтүүлүгүн, ылдамдыгын жана ыңгайлуулугун жакшыртуу аркылуу финансылык чөйрөнү трансформациялоочу инновациялардын кеңири түрүн камтыйт. 

Төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) милдеттеринин бири болуп саналат. Бул максаттарда Улуттук банк заманбап төлөм инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм продуктыларына жана кызмат көрсөтүүгө инновацияларды киргизүүгө көмөк көрсөтөт. Акыркы жылдары: «Элкарт NFC» төлөм карталары менен байланышсыз төлөмдөрдү жүргүзүү, QR-кодду, электрондук капчыктарды пайдалануу менен төлөө, мобилдик жана интернет-банкингди, «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесин пайдалануу, ошондой эле QR-коддор аркылуу төлөөлөрдү ишке киргизүү боюнча долбоорлор ишке ашырылган. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын банк секторунда системалар аралык интеграцияны камсыз кылуу жана QR-код аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү жаатында лидерлик позицияны ээлейт. 2024-жылдын 1-ноябрына карата долбоор ишке киргенден бери (2022-жылдын май айынан баштап) QR-код аркылуу 48,79 млрд сомго 42,68 млн төлөм жүргүзүлдү

Улуттук банк төлөм системасынын катышуучулары жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен биргеликте бирдиктүү улуттук стандартка ээ эки өлчөмдүү QR-код белгилерин жаңы санарип мүмкүнчүлүктөргө жана талаптарга ылайыкташтырууда. 

Акыркы жылдарда керектөөчүлөр ортосунда банктар аралык төлөмдөрдүн негизги көлөмү P2P-которууларга туура келет, бул алуучуга акча каражаттарын ыкчам берүүгө мүмкүндүк берет, бирок иш жүзүндө эсептешүүлөр бир нече күндөн кийин ишке ашырылат, бул белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратат. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк  

2021-жылдан бери иштеп жаткан дагы бир долбоор бул акча каражаттарын алуучуга заматта которууну камсыз кылган тез төлөмдөр системасын түзүү жана өнүктүрүү саналат. 

Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, көптөгөн өлкөлөрдүн борбордук банктары финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана төлөм тармагында инновацияларды илгерилетүү максатында жеке адамдар жана юридикалык жактар тез төлөмдөрдү жүргүзүүсү үчүн тез төлөмдөр системасын киргизишти/киргизип жатышат. 

Тез төлөмдөр системасын ишке киргизүү үчүн Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 24-майындагы № 2023-П-14/34-4-(ПС) токтому менен Кыргыз Республикасында тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү концепциясы бекитилген, анда тез төлөмдөр системасынын негизги аспектилери, ага карата негизги функционалдык жана техникалык талаптар, анын ичинде долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптары жөнгө салынган. 

Тез төлөмдөр системасын ишке киргизүүнүн максаты катары Улуттук банктын 24/7/365 режиминде иштеген жана жеке адамдарга жана/же юридикалык жактарга акча каражаттарын жөнөтүүчүнүн же алуучунун эсептери кайсы коммерциялык банкта ачылгандыгына карабастан, айкын убакыт ыргагында банктык эсептерден бирдиктүү идентификатор боюнча акча каражаттарын которууга мүмкүндүк берген төлөм системасын түзүү саналат. 

Тез төлөмдөр системасынын заманбап мүмкүнчүлүктөрү жана ыңгайлуулуктар. 

Акыркы эки жылда санариптик жана финансылык технологиялардын жигердүү өнүгүүсү, ошондой эле QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдүн жана которуулар көбөйгөндүгү байкалды. Мындай шарттарда Улуттук банк эл аралык эксперттер менен бирдикте тез төлөм системасын ишке ашыруунун бекитилген вариантын анын Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын заманбап кызыкчылыктарына шайкештигин баалоо үчүн төлөм системаларынын учурдагы абалын изилдеген. 

Бул Концепциянын максаты - төлөм кызматтарын керектөөчүлөр үчүн айкын убакыт ыргагында QR-коддорун жана башка идентификаторлорду колдонуу менен тез которууларды жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү үчүн негизги ыкмаларды аныктоо саналат. Мында, калк жана финансы рыногунун бардык катышуучулары үчүн системанын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат. 

1. «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилеринин (QR-код) улуттук стандарт технологиясынын базасында тез төлөмдөр системасын түзүү» долбоорун ишке ашыруу ыкмасы 

Улуттук банк эл аралык эксперттер менен биргеликте Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын учурдагы абалына талдоо жүргүздү, анда Тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү концепциясында каралган тез төлөмдөр системасынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн Кыргыз Республикасында анын жардамы менен төлөм системасынын интероперабелдүүлүгү түзүлгөн учурдагы эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) белгилеринин улуттук стандартын колдонуу менен өз ара аракеттенүү операторунун кызматы салыштырылган. Ошентип, төлөм системасын системалар аралык интеграциялоо системага төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн башка төлөм системалары менен өз ара аракеттенүүгө жана иштөөгө мүмкүндүк берет, бул мобилдик тиркемелердин колдонуучуларына банк эсебине, электрондук акчага жана агенттердин мобилдик тиркемелерине байланыштырылган улуттук стандарттын QR-кодун колдонуу менен бардык жерде төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 

Алсак, 2023-2024-жылдардын ичинде Кыргыз Республикасында QR-коддорду активдүү өнүктүрүү жана жайылтуу байкалган. QR-коддорду пайдалануу менен түзүлгөн төлөмдөр жана которуулар инфраструктурасы аз убакыт аралыгында эле өзүнүн актуалдуулугун жана керектүүлүгүн көрсөтүп, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында 24/7/365 режиминде төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген жана QR-коддорду пайдалануу менен төлөмдөрдүн интероперабелдүүлүгү камсыз кылынды. 

Интероперабелдүүлүктү камсыз кылуу үчүн QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды ишке киргизүү жана өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштердин олуттуу көлөмү аткарылгандыгын белгилей кетүү зарыл. 

QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдүн жана которуулардын системалар аралык интеграциясын (өз ара аракеттенүүсүн) камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын КМС 1348:2019 улуттук стандарты: Финансылык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн эки өлчөмдүү штрихкод белгилери (мындан ары Улуттук стандарты) иштелип чыккан, ал Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун 2019-жылдын 15-апрелиндеги 18-СТ буйругу менен бекитилген. Ошондой эле төлөөчүлөрдү бирдиктүү төлөм мейкиндиги менен камсыз кылуу үчүн төлөмдөрдү жана ар кандай төлөм системаларын системалар аралык интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн QR-коддорун стандартташтыруу, ошондой эле QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдүн жана которуулардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында аларды пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн тартибин белгилөө Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) токтому менен «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелери» (мындан ары Эрежелер) бекитилген. 

Белгиленген максаттарга жетүү үчүн Эрежелерде адистештирилген субъекттер төлөм системасынын катышуучуларын алардын ортосунда техникалык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жолу менен QR- коддорду пайдалануу менен төлөмдөр жана которуулар үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигине бириктирген өз ара аракеттенүү операторлору (мындан ары ОВ) каралган. Бул чечим колдонуучуларды мобилдик түзүлүштөрдөн эсептешүү үчүн ыңгайлуу жана коопсуз инструменттер менне камсыз кылуу аркылуу төлөмдөрдү иштеп чыгуу процесстерин бирдейлештирүү жана стандартташтыруу үчүн негиз түзүүгө мүмкүндүк берди. 

Улуттук банктын «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК (мындан ары «БАПБ» ЖАК), коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары менен бирдикте Улуттук банктын техникалык жана интеграциялык иш-чараларын ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын аягына карата улуттук стандарттын QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн төлөм системаларын системалар аралык интеграциялоо камсыз кылынды, ал өлкөнүн калкына QR-кодду сканерлөө жолу менен банктын же төлөм уюмунун каалаган мобилдик тиркемесинен акча каражаттарын которууга жана товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берди. 

Бул чаралар айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүү менен өлкөнүн калкы жана бизнеси үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түздү

Ошондой эле, QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдүн интероперабелдүүлүгүнүн органикалык өнүгүүсүн белгилей кетүү керек. QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдүн жана которуулардын жаңы түрлөрүн улам ишке киргизүү аркылуу азыркы учурга карата төмөнкү функционалдуулукка жетишилди: 

- жеке адамдар ортосунда которуулар (P2P), анын ичинде өз эсептери (Me2Me) ортосунда которуулар; 

- жеке адамдардын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөсү (P2B); 

- соода-тейлөө ишканаларынын сунуштоочуларга (B2B) төлөөсү

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке адамдар жана соода-тейлөө ишканалары тарабынан төлөмдөрдү жүргүзүүсү (P2G, B2G). 

Ошол эле учурда төлөмдөрдүн жана которуулардын техникалык инфраструктурасы ийкемдүү жана масштабдуу болуп саналат, бул төлөмдөрдүн ар кандай түрлөрүн жана сценарийлерин ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет. 

Ушуга байланыштуу, өзүнчө тез төлөмдөр системасын (жаңы жана көз карандысыз система) ишке киргизүү менен кошумча системаны түзүү потенциалдуу тобокелдигине, бул өз кезегинде төлөм системаларынын операторлору, банктар жана төлөм уюмдары/катышуучулардын ишинин натыйжалуулугунун төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.  

Ошол эле учурда, функциялары окшош эки системанын иштеши керектөөчүлөрдүн жана система операторлорунун чыгымдарынын өсүшүнө алып келиши ыктымал. Эки системанын ишин колдоого алуу жана иштетүү кызыкдар тараптардын бүтүндөй экосистемасы үчүн байланышты жана интеграцияны татаалдаштырат. Бардык катышуучулар ар кандай техникалык стандарттарды жана/же маалымат алмашуу стандарттарын колдонгон бир нече интерфейстерди колдоого алуусу зарыл. 

Өз кезегинде Улуттук банк «БАПБ» ЖАК менен биргеликте жаңы функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын төлөм секторун ырааттуу жана системалуу трансформациялоо жана бирдиктүү төлөм мейкиндигин өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрөт. Бул үчүн, Улуттук банк жана «БАПБ» ЖАК чек ара аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган жаңы идентификаторлорду  

(QR-коддорго кошумча) пайдалануу менен тез төлөмдөрдү жана которууларды киргизүү үчүн төлөм системасынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүүнү улантышат. Макулдашылган аракеттердин натыйжасында тез которууларды жана айкын убакыт ыргагында QR-коддор жана башка идентификаторлор аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндиги ишке ашырылат. 

 

2. QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдүн жана которуулардын интероперабелдүүлүгүнүн учурдагы абалы 

QR-коддорду пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясы төлөм системаларынын катышуучуларын өз ара аракеттенүү операторлоруна туташтыруу аркылуу камсыз кылынган. 

Эрежелерге ылайык төлөм системасынын катышуучусун өз ара аракеттенүү операторуна туташтыруу өз ара аракеттенүү операторунун операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине ылайык жүзөгө ашырылат. 

Кыргыз Республикасында эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу аркылуу накталай эмес формада төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн 2 өз ара аракеттенүү оператору: «БАПБ» ЖАК (негизги өз ара аракеттенүү оператору) жана «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК катталган. 

Мында, системалар аралык интероперабелдүүлүк төмөнкү схема боюнча түзүлгөн: 

- негизги өз ара аракеттенүү оператору системалар аралык интеграциянын өзөгүн түзөт жана башка өз ара аракеттенүү операторун, негизги өз ара аракеттенүү операторунун түз жана кыйыр катышуучуларын бириктирет; 

өз ара аракеттенүү оператору өзүнүн түз жана кыйыр катышуучулары үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин камсыз кылуу үчүн негизги өз ара аракеттенүү оператору менен интеграцияланат жана өз ара аракеттенет; 

- катышуучулар бирдиктүү төлөм мейкиндигине өз ара аракеттенүү оператору аркылуу туташат жана төлөм тапшырмаларын өзүнүн колдонуучу интерфейстери аркылуу иштеп чыгат. 

Төлөөчү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин камсыз кылуу, ошондой эле  

QR-коддун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү жана төлөөчүдөн акыркы алуучуга чейин каражаттардын түшүүсүн камсыз кылуу үчүн өз ара аракеттенүү оператору бири-бири менен жана негизги өз ара аракеттенүү оператору менен интеграцияланып, өз ара аракеттениши керек. 

2024-жылдын 1-ноябрына карата мобилдик тиркемелери бар 20 банк (21дин ичинен) жана 7 төлөм уюму QR-коддорун улуттук стандартка ылайык келтиришти жана өз ара аракеттенүү операторуна туташтырылды. 

Ушул Концепциянын алкагында Улуттук банк жана «БАПБ» ЖАК бул архитектураны QR-коддорун, ошондой эле айкын убакыт ыргагында башка идентификаторлорду колдонуу менен тез төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн каралган бирдиктүү төлөм мейкиндигин камсыз кылуу максатында колдонууга ниеттенүүдө

Ошондой эле QR-коддор мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөдө жигердүү колдонулуп жаткандыгын белгилей кетүү керек. 2022-жылдын  

16-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү накталай эмес түрдө кабыл алуу жөнүндө» биргелешкен токтому да бекитилген, бул калк мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан пайдалануусу үчүн ыңгайлуулуктарды жогорулатууга багытталган. 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө (C2G жана B2G) төлөмдөргө келсек, 2023-жылдын 1-июнунан 2024-жылдын 30-октябрына чейин өз ара аракеттенүү оператору системасы аркылуу жалпысынан 1,59 млрд сомго 467 миң төлөм жүргүзүлгөн. 

Ушул Концепциянын алкагында ISO 20022 эл аралык төлөм стандарттарына ылайык жакшыртылган версиядагы QR-кодун колдонуу менен жеке адамдардан (P2G) жана соода-тейлөө ишканаларынан (B2P) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн сыяктуу эле, жеке адамдардын (G2P) жана соода-тейлөө ишканаларынын (G2B) пайдасына мамлекеттик органдардан транзакцияларды жүргүзүү иштери улантылат. 

 

3. Ар кандай идентификаторлор боюнча колдонуу менен тез төлөмдөрдү ишке киргизүү өбөлгөлөрү 

Системалар аралык интеграциянын масштабдуу ишке киргизүү 2022-жылдын май айында башталган жана 2022-жылдын декабрына чейин мобилдик тиркемелерге ээ бардык банктар жана төлөм системалары туташтырылган. 

Алгач, системалар аралык интеграциянын функционалында жеке адамдардын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрү (P2B) жана жеке адамдар ортосунда которуулар (P2P жана Me2Me) каралган, ал эми кийинчерээк жеке жактарга кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү (P2B) жана соода-тейлөө ишканаларынын өз сунуштоочуларына (B2B) төлөө мүмкүнчүлүгү менен толукталган. Кийинчерек жеке адамдар жана соода-тейлөө ишканалары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (P2G жана B2G) үчүн төлөө функционалы ишке киргизилген. 

Ошентип, QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдү өнүктүрүүнүн өсүү динамикасы 1 жана 2-диаграммаларда көрсөтүлгөн. 

 

1-диаграмма

 

 

2-диаграмма

 

Жогоруда келтирилген статистикалык маалыматтардан көрүнүп тургандай, Кыргыз Республикасында эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-коддор) пайдалануу менен которуулардын жана төлөмдөрдүн геометриялык өсүшү көрсөтүлгөн. QR-коддорду колдонуунун ыңгайлуулугу жана жеңилдиги калкка ар кандай системалар жана платформалар ортосунда чектөөсүз төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, бул алардын керектөөчүлөр арасында да, соода-тейлөө ишканалары арасында да кеңири колдонулушуна түрткү берет. Мунун тастыктоосу катары, QR-коддорду пайдалануу менен төлөмдөрдүн жана которуулардын тез өсүшү байкалып жаткандыгы жана анын саны жана көлөмү  

2023-жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөн 28 жана 30,5 эсеге жогору катталгандыгы саналат. 

Ошондой эле акыркы жылдары накталай эмес төлөмдөр активдүү өсүп жатканын белгилей кетүү керек. Карта продуктылары жана электрондук акчалар менен төлөмдөр бүткүл өлкө боюнча активдүү жайылууда жана колдонууда. 

Алсак, 2024-жылдын III чейрегинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында банктык төлөм карталарын колдонуу менен жалпы 259,9 млрд сом суммасына 62,6 млн транзакция ишке ашырылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр 25,8 жана 15,2 пайызга өскөн. Алардын ичинен соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы 66,5 млрд сом суммасына 43,4 млн транзакцияны түздү, транзакциялардын саны 67,6 пайызга, ал эми транзакциялардын көлөмү 25,9 пайызга өстү

Электрондук акча системалары аркылуу 2024-жылдын III чейрегинин жыйынтыгы боюнча төлөмдөрдүн жана которуулардын көлөмү жалпы 45,9 млрд. сом суммасына  

48,3 млн транзакцияны түздү (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу транзакциялардын саны 2,3 эсеге, транзакциялардын көлөмү 18 пайызга көбөйгөн), так айтканда: 

- которуулардын саны 26,2 млрд сомго 15,7 млн транзакцияны түздү

- товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча операциялардын саны  

29,7 млрд сомго 32,6 млн транзакцияны түздү

Төлөмдөрдүн өсүш динамикасын салыштыруу үчүн төмөндө жеке адамдардын соода-тейлөө ишканаларында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча операцияларынын мисалында көрсөтүлгөн. 2023-жылдын башынан тартып 2023-жылдын III чейрегине чейинки мезгилдеги төлөмдөрдү өнүктүрүүнүн сунушталган динамикасынан жогоруда көрсөтүлгөн бардык төлөм инструменттери оң өсүш динамикасына ээ экендиги жөнүндө жыйынтык чыгарууга болот. 

 

3-диаграмма Төлөмдөрдү жүргүзүүнүн негизги инструменттери боюнча өсүш динамикасы 

 

3-диаграммага ылайык, төлөм карталары жана электрондук акчалар түрүндө төлөмдөрдүн алкагында, көрсөтүлгөн мезгил ичинде динамикалык өсүш QR-коддор жигердүү колдонулуп жаткандыгы менен тастыкталууда. Мындай динамика сакталып турса, QR-коддор төлөмдөрдү жүргүзүүнүн негизги инструменттеринин бири болуп калышы мүмкүн. Учурдагы тенденцияларды жана калктын бул төлөм инструментине артыкчылык беришин эске алганда, Кыргыз Республикасында QR-коддорун колдонуу менен тез төлөмдөрдү өнүктүрүү өсүш үчүн олуттуу потенциалга ээ. Бирдейлештирилген QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдү өнүктүрүү төмөнкүдөй артыкчылыктарды бере алат: 

- керектөөчүлөр төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн ар кандай QR-коддорду сканерден өткөрүүсү талап кылынбайт. Соода-тейлөө ишканасы көрүнүктүү жерге же мобилдик тиркемеге бир гана QR-кодду жайгаштыруусу жетиштүү болот; 

- банктар үчүн сыяктуу эле, соода-тейлөө ишканасы үчүн да QR-төлөмдөрүн ишке ашырууну жөнөкөйлөтүү

- ар кандай төлөм системалары менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгү, кайсыл болбосун QR-төлөм кызматтарын керектөөчүлөр ошол эле бир стандарттуу QR-кодду колдоно алышат; 

- алдамчылыкты алдын алуу жана төлөм чечимдеринин коопсуздугун камсыз кылуу. 

Ошону менен бирге, QR-коддор калктын күнүмдүк турмушунда кеңири пайдаланылып, эл арасында аны пайдалануу боюнча түшүнүк бар экендигин, ошондой эле QR-коддор бардык төлөм инструменттерин: төлөм карталары, электрондук акчалар, агенттердин мобилдик тиркемелери менен эсептешүүлөр үчүн төлөм системаларын бирдиктүү төлөм мейкиндигине бириктирүү аркылуу төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын камсыз кылаарын түшүнүү зарыл. Бул банк эсептеринен, төлөм карталарынан, электрондук акчалар жана мобилдик тиркемелердин агенттери аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 

Жогоруда айтылгандардын негизинде QR-коддорун колдонуу менен төлөм инфраструктурасы эң эле кеңири артыкчылык берилген чекене төлөм системасы болуп калышы мүмкүн. Анын функционалдуулугунун өсүшү жана анын негизинде жаңы идентификаторлорду жана жаңы функцияларды киргизүү менен өлкөнүн калкы накталай эмес төлөмдөргө өтүү динамикасына түрткү берген төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүнүн бирдиктүү инструментине ээ болот. 

Бул максатка жетүү үчүн ушул Концепциянын алкагында инфраструктураны өнүктүрүү жана жаңы идентификаторлорду киргизүү боюнча чаралар улантылат, бул төлөм кызматтарын керектөөчүлөргө алардын жеткиликтүү жана ыңгайлуу болушун камсыз кылат. 

Концепцияны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү негизги көрсөткүчтөргө жетишилет: 

- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин бардык коммерциялык банктарында ачылган эсептери боюнча төлөмдөрдү, эсептешүүлөрдү, которууларды 24/7/365 режиминде жүргүзүү

- акча каражаттарын жөнөтүүчүнүн же алуучунун эсептери кайсы коммерциялык банкта ачылганына карабастан (айкын убакыт ыргагында) төлөмдөрдүн, эсептешүүлөрдүн, банк эсептеринен которуулардын тез жүргүзүлүшүн жогорулатуу; 

- мигранттардын төлөмдөрүн жана которууларын, ошондой эле экспортту жүргүзүү үчүн эң ыңгайлуу инструменттерди камсыз кылуу максатында башка мамлекеттердин, анын ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ушул өлкөлөрдүн валюталарында тез/дароо төлөм системалары менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгү, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүү

- төлөмдөрдүн коопсуздугун жана берилүүчү/кабыл алынуучу маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

 

1. Индия: Unified Payments Interface (UPI) 

QR-коддор стандартташтырылган жана UPI платформасына туташтырылган бардык банктар жана төлөм кызматтары тарабынан колдоого алынат. Колдонуучу товар же кызмат көрсөтүү үчүн кайсыл болбосун банкка же провайдерге байланыштырылган QR-кодду сканерден өткөрүү аркылуу төлөй алат. 

Натыйжада: 

- Банктар жана провайдерлер ортосунда толук шайкештик. 

- POS-терминалдар талап кылынбайт. 

- Микро жана чакан бизнес үчүн ыңгайлуу. 

2. Индонезия: QRIS (Quick Response Code Indonesian Standard) 

Стандартташтырылган QR-код өлкөдөгү бардык төлөм платформаларын, анын ичинде банктарды жана электрондук капчыктарды бириктирет. 

Натыйжада: 

- Кайсыл болбосун провайдердин колдонуучусу бирдиктүү QR-код аркылуу төлөй алат. 

- Жабдууларды орнотууга чыгымдар кыскарат. 

- Белгилүү бир банкка же системага байланыштыруусуз пайдалануучуларды кеңири камтуу. 

 

3. Сингапур: SGQR (Singapore Quick Response Code) 

Бирдиктүү QR-кодду бир эле учурда бир нече төлөм ыкмаларын тейлейт: банктык карталар, электрондук капчыктар жана PayNow улуттук төлөм системасы. 

Натыйжада: 

- Бир QR коду ар кандай төлөм системаларын бириктирет. 

- Колдонуучулар үчүн сыяктуу эле, сатуучулар үчүн да ыңгайлуулук жогорулатылат. 

- Система ички жана чек ара аркылуу төлөмдөрдө да ийгиликтүү иштейт (мисалы, Таиланд менен). 

 

4. Кытай: UnionPay и WeChat Pay/Alipay 

UnionPay банктар, ошондой эле WeChat Pay жана Alipay тарабынан кабыл алынуучу платформалар ортосунда QR-коддорун колдонууга киргизди. 

Натыйжада: 

- Банктык жана банктык эмес системалардын ортосундагы шайкештик жогорулатылды. 

- Эл аралык колдонуучулар Кытайда UnionPay QR-коддору аркылуу төлөй алышат.

5. Бразилия: PIX 

QR-коддор PIX системасына дароо которуу үчүн туташтырылган бардык банктар жана финансылык институттар тарабынан колдоого алынат. 

Натыйжада: 

- Стандартташтырылган динамикалык жана статикалык QR-коддор. 

- QR-коддор коммуналдык кызматтарды төлөө, которуулар жана чекене сатып алуулар үчүн жигердүү колдонулат. 

6. Европа биримдиги: EPC QR Code 

EPC (European Payments Council) стандартындагы бирдиктүү QR-код SEPA (Single Euro Payments Area) төлөмдөрүн жөнөкөйлөтүү үчүн колдонулат. 

Натыйжада: 

- QR-код кардарларга SEPA которууларды заматта ишке ашырууга мүмкүндүк берет. 

- Жеке адамдар жана компаниялар үчүн ыңгайлуу. 

 

7. Россия Федерациясы 

Россия Федерациясында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн “НСПК” ААКтын универсалдуу QR-кодун колдонуу жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ошол эле учурда, төлөм системасынын катышуучулары төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн QR-коддорун өз-өзүнчө колдонушкан. 

Натыйжада: 

- Бир QR-коддо ар кандай төлөм ыкмалары жеткиликтүү болушу мүмкүн. 

 

8. Казакстан Республикасы 

Казакстан Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдан тартып бирдиктүү QR-код улуттук системасын түзүү аркылуу QR-код менен төлөө мүмкүнчүлүгүн колдонууга киргизүүнү пландаштырууда. Учурда долбоор пилоттук режимде. 

Натыйжада: 

- QR-код кардарларга товарлар жана кызматтар үчүн төлөөгө мүмкүндүк берет. 

 

Интероперабелдүүлүк үчүн QR-коддордун негизги артыкчылыктары: 

1. Универсалдуулук: Бир стандарт ар кандай системалардын бир тилде «сүйлөшүүсүнө» мүмкүндүк берет. 

2. Натыйжалуулук: POS-терминалдар сыяктуу кымбат жабдуулар талып кылынбайт. 

3. Жеткиликтүүлүк: акыркы колдонуучу үчүн колдонууга жеңил. 

4. Ишке ашыруу ылдамдыгы: Учурдагы системаларга оңой кошулуу жана тез төлөмдөрдү камсыз кылуу. 

5. Тез төлөмдөрдү ишке киргизүү үчүн зарыл иш-чаралар 

Айкын убакыт ыргагында QR-коддорду жана жаңы идентификаторлорду колдонуу менен тез которууларды жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин ишке ашыруу «БАПБ» ЖАКтын, Улуттук банктын, ошондой эле төлөм системасынын катышуучуларынын биргелешип иш алып баруусун талап кылат. Бул демилгенин алкагында QR-коддорун колдонуу менен төлөм инфраструктурасынын туруктуулугун, коопсуздугун жана кеңейтилишин камсыздоого багытталган иш-чаралардын топтомун ишке ашыруу зарыл. 

Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, ошондой эле төлөм системасынын катышуучуларынын жана төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарына таянуу менен, Улуттук банк жана «БАПБ» ЖАК тез төлөмдөрдү ишке киргизүүдө ыкманы этабы менен колдонууга киргизүү алгылыктуу деп эсептейт, мында QR-кодду жана жаңы идентификаторду пайдалануу менен алардын түрүнө жана мүнөзүнө жараша тез төлөмдөрдү ырааттуу иштеп чыгуу жана ишке киргизүү зарыл: 

- жеке адамдар ортосунда (P2P) жана өз эсептеринин ортосунда (Me2Me) которууларды ишке киргизүү

- товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр (C2B), мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар (C2G) үчүн төлөмдөрдү, анын ичинде чек ара аркылуу төлөмдөрдү киргизүү

Транзакциялардын башка түрлөрүн андан ары ишке ашыруу ушул Концепцияда каралган бардык этаптарды ишке ашыргандан кийин «БАПБ» ЖАК жана Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат. 

Бул бөлүмдө тез төлөмдөрдү ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралар жана өнүктүрүү багыттары ачылган. Биринчи кезекте, бул долбоорду ишке ашырууда функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, техникалык архитектураны модернизациялоо, операциялык эрежелерди иштеп чыгуу маселелери камтылат. 

 

5.1. Функционалдык мүмкүнчүлүктөр 

Натыйжалуу жана туруктуу төлөмдөр мейкиндигин түзүү үчүн инфраструктуранын төмөнкү негизги элементтерин камсыз кылган функционалын кеңейтүү талап кылынат: 

- ISO 20022 стандартына шайкештиги: ISO 20022 стандартынын талаптарына ылайык келтирүү, бул финансылык байланыштардын бирдей болушун жана эл аралык шайкештигин камсыз кылат. 

ISO 20022 «Финансылык кызматтар. Финансылык индустрия үчүн универсалдуу билдирүү схемасы» стандарты адатта финансылык жана соода рынокторунун катышуучуларынын ар кандай автоматташтырылган системаларынын өз ара аракеттенүүсү үчүн универсалдуу «тил» катары каралат. Бул стандартты ишке киргизүү катышуучулардын төлөм системаларына жеңил интеграцияланышын камсыз кылат, финансылык билдирүүлөрдүн таптакыр жаңы түрлөрүн түзүүгө көмөктөшөт, ошондой эле төлөмдөрдү иштеп чыгууда натыйжалуулукту жана коопсуздукту жогорулатууга, төлөм системаларынын ички жана эл аралык шайкештигин жогорулатууга жана төлөм кызматтарына инновацияларды киргизүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө алып келет. 

ISO 20022 стандартын ишке киргизүү менен башка өлкөлөрдүн, анын ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ушул сыяктуу тез төлөм системалары менен интеграциялоо ишин жеңилдетет. 

Интеграциялоо идентификаторлор аркылуу которууларды жүргүзүүгө, ошондой эле QR-коддор аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 

- Ар кандай идентификаторлорду колдонуу: бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү максаттарына жетүү үчүн QR-коддорго кошумча түрдүү идентификаторлорду колдоо көрсөтүлөт. 

Учурда интероперабелдүүлүк QR-коддору аркылуу төлөмдөр жана которуулар үчүн гана камсыздалган. Соода-тейлөө ишканалары жана өлкөнүн калкынын активдүү колдонуусу QR-коддорунун актуалдуулугун жана суроо-талабын көрсөттү. Концепцияда ар кандай идентификаторлорду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү караштырылат: 

- QR-код; 

- уюлдук телефон номери; 

- банк эсебинин номери; 

- банктык картынын номери; 

- жана башкалар. 

Негизги идентификатор катары QR-кодду жана тиешелүү банктык эсептерге, электрондук капчыктарга же мобилдик тиркеме агенттерине байланыштырылган уюлдук телефон номерин колдонуу сунушталат.  

- Транзакциянын учурдагы түрлөрүн колдоо, ошондой эле жаңы идентификаторлорду колдонуу менен транзакциянын жаңы түрлөрүн киргизүү үчүн негиз түзүү: бул концепциянын алкагында транзакциялар түрүнүн кеңири топтомун жүргүзүүнүн функционалдык мүмкүнчүлүктөрү иштелип чыгат. 

Учурда QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөр жана которуулар P2P, Ме2Ме, P2В, P2G транзакциялары үчүн активдүү колдонулат. Интероперабелдүүлүктү андан ары өнүктүрүү төлөмдөрдүн колдонулуп жаткан түрлөрүнө жаңы идентификаторлорду ишке киргизүүгө сыяктуу эле, жаңы төлөм жана которуу сценарийлерин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт, бул жыйынтыгында төлөм системасынын бардык катышуучуларынын керектөөлөрүн канааттандырат.  

2-таблица. Ишке киргизилүүчү транзакциялардын түрлөрү 

Алуучу 

Жеке адам/кардар 

Бизнес 

Мамлекет 

Жөнөтүүчү 

Жеке адам/кардар 

1. P2P которуулар 

2. Me2Me которуулар 

1. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр 

2. Электрондук сооданын алкагында төлөмдөр 

3. Утурумдук төлөмдөр 

4. Төлөмдөрдү жүргүзүүгө суроо-талаптар 

1. Салык төлөмдөрү 

2. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык жыйымдар  

3. Бажы төлөмдөрү 

4. Камсыздандыруу төгүмдөрү 

Бизнес 

1. Эмгек акы төлөө 

2. Компенсация төлөө 

1. Сунуштоочуларга төлөө 

2. Төлөөгө берилген эсептер боюнча төлөө 

1. Салык төлөмдөрү 

2. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык жыйымдар 

3. Бажы төлөмдөрү 

4. Камсыздандыруу төгүмдөрү 

Мамлекет 

1. Эмгек акы төлөө 

2. Социалдык жөлөк пулдарды төлөө 

3. Салык төлөмдөрүн кайтаруу 

1. Төлөмдөрдү жүргүзүү 

2. Салык төлөмдөрүн кайтаруу 

1. Мамлекеттик органдардын ортосунда акча каражаттарын которуу. 

2. Каражаттарды ведомстволук уюмдарга которуу 

 

5.2. Техникалык архитектура 

Функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу боюнча чаралар менен катар техникалык архитектураны модернизациялоо боюнча чаралар көрүлөт. Жалпы колдонулган мезгил ичинде техникалык архитектура туруктуулугун тастыктады. Ошону менен бирге, ушул Концепциянын алкагында функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу менен шартталган төлөмдөрдүн жана которуулардын өсүшүн эске алуу менен төмөнкү иш-чаралар аткарылат: 

өз ара эсептешүү механизмдерин оптималдаштыруу жана катышуучулар ортосунда ликвиддүүлүктү башкаруу 

QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөр жана которуулар кийинкиге калтырылган эсептешүү моделин колдонуу менен ишке ашырылат. Улуттук банк жана «БАПБ» ЖАК ушул моделге таянуу менен иш алып барышат жана катышуучулар ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү оптималдаштыруу маселелерин иштеп чыгышат. 

Негизги оптималдаштыруу ыкмасы катары өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана таза позициялык файлдарды айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына тез-тез (күнүнө бир нече жолу) жөнөтүү иштелип чыгат. 

Ошондой эле, төлөмдөрдүн жана которуулардын үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыздоо үчүн катышуучулардын ликвиддүүлүгүн (резервдерин) башкаруу маселелерин иштеп чыгуу зарыл. Бул маселелерди чечүү үчүн катышуучулардын операциялык эрежелер чегинде өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле катышуучулар менен алардын резервдерин натыйжалуу башкаруу ыкмаларын иштеп чыгуу талап кылынат. 

- Төлөмдөрдүн жана которуулардын ылдамдыгын оптималдаштыруу 

Төлөмдөрдү жана которууларды дароо жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында техникалык инфраструктураны оптималдаштыруу маселеси негизги өз ара аракеттенүү оператору тарабында да, катышуучулар тарабынан да иштелип чыгат. Концепцияны ишке ашыруу төлөмдөрдү жана которууларды (алар башталган учурдан тартып банктык эсепке/электрондук капчыкка/агенттердин мобилдик тиркемесине акча каражаттарын чегерүү учуруна чейинки процесстин бардык этаптары) 10 секунддан ашпаган мөөнөт ичинде ишке ашырууга мүмкүндүк бериши керек. 

- Системанын ишинин туруктуулугу жана үзгүлтүксүздүгү маселелерин иштеп чыгуу 

Өз ара аракеттенүү оператору иштеп жаткан мезгилде жогорку туруктуулугун көрсөттү. Функционалдын өсүшүн эске алуу менен, системанын 99,99% жеткиликтүүлүк деңгээлин сактоо менен кемчиликтерге туруктуулуктун жогорку деңгээлин камсыз кылуу үчүн чаралар көрүлөт. 

Ошону менен бирге төмөнкү аспекттерге өзүнчө көңүл бурулат: 

- колдонуучулардын авторизациясын жана идентификациясын, ошондой эле программалык-аппараттык, криптографиялык жана техникалык коргоо каражаттарынан турган киберкоркунучтардан коргоону, анын ичинде киберкоркунучтарга тез жооп берүү механизмдерин жана алдамчылык аракеттерин камтыган коопсуздукту камсыз кылуу; 

- алдамчылык операцияларына мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу маселелери (антифрод);  

- маалыматтык коопсуздукка мониторинг жүргүзүү жана коркунучтарды талдоо маселелери боюнча.  

- талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча өзүнчө модулду колдонууга киргизүү;  

- колдонуучуларды коргоо жана берилүүчү маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу: 

- потенциалдуу тобокелдиктерди азайтуу үчүн үзгүлтүксүз текшерүүлөр жана коопсуздук системаларынын жаңыртуулары. 

 

5.3. Операциялык эрежелер жана  

катышуучулардын резервдерин башкаруу 

Бирдиктүү төлөм мейкиндигин ишке ашыруунун алкагында «БПБ» ЖАК Улуттук банк жана өз ара аракеттенүү операторунун катышуучулары менен бирдикте негизги өз ара аракеттенүү операторунун операциялык эрежелерин кайра карап чыгат. 

Функционалдык мүмкүнчүлүктөрдүн өзгөрүшүнө, транзакциялардын түрлөрүнүн көбөйүшүнө, ошондой эле төлөмдөрдүн жана которуулардын санынын жана көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу операциялык эрежелерде төмөнкү маселелерди жөнгө салууга өзгөчө көңүл бурулат: 

- тез төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби; 

- милдеттенмелерди аткаруу үчүн жетиштүү ликвиддүүлүктү камсыз кылуучу катышуучулардын резервдерин башкаруу; 

- операциялык жана финансылык тобокелдиктерди минималдаштыруу протоколдорун кошо алганда, системанын катышуучулары үчүн ачык мониторинг жана тобокелдиктерди тескөө жол-жоболорун камсыз кылуу. 

Тез төлөмдөрдү ишке ашыруунун негизги этаптары 

№ 

Ишке ашыруу этабы 

Иш-чаралар 

Ишке ашыруу мөөнөтү 

Тартылган талаптар 

1.  

C2C, Me2Me транзакциялары үчүн тез төлөмдөрдү киргизүү 

2.0 өз ара аракеттенүү операторлорунун ишин өнүктүрүү жана тез төлөмдөр системасынын функционалын колдонууга киргизүү боюнча жумушчу топту түзүү 

2025-жылдын январь айы 

«БПБ» ЖАК 

2.0 өз ара аракеттенүү операторлорунун ишин ишке ашыруу боюнча техникалык тапшырмаларды бекитүү 

2025-жылдын май айы 

«БПБ» ЖАК, Улуттук банк, коммерциялык банктар. 

Пилоттук катышуучулар менен тез төлөмдөрдү тестирлөө (кеминде 2 коммерциялык банк) 

2025-жылдын  

июль декабрь айлары 

«БПБ» ЖАК, коммерциялык банктар. 

Системаны жеткире иштеп чыгуу, тестирлөө учурунда аныкталган кемчиликтерди жоюу, C2C, Me2Me транзакцияларын натыйжалуу чөйрөгө ишке киргизүү 

2025-жылдын декабрь айы 

«БПБ» ЖАК 

2.  

C2B жана C2G транзакциялары жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр үчүн тез төлөмдөрдү ишке ашыруу 

Өз ара аракеттенүү операторлорунун операциялык эрежелерин бекитүү 

2026-жылдын сентябрь айы 

 

«БПБ» ЖАК 

Натыйжалуу чөйрөгө чыгаруу / Бардык катышуучуларга жайылтуу 

2026-жылдын октябрь айы 

«БПБ» ЖАК, системанын катышуучулары 

 

 

Антифрод модулду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу (Fraud Prevention Management) 

2027-жылдын март айы 

 

«БПБ» ЖАК