Долбоор
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө»;
- 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө»;
- 2008-жылдын 16-январындагы № 3/3 «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 «Микрокредиттик компаниянын/микрокре-диттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жана «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жоболорду бекитүү тууралуу»;
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» Нускоону бекитүү тууралуу»;
- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/9 «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»;
- 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу»;
- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-9-(НПА) «Коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуу маанилүүлүгүн аныктоо критерийлери жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө»;
- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-9-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;
- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»;
- 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу».
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын
11-июлундагы № 34/3 «Кредиттик регистр жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу токтому»;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын
12-декабрындагы № 48/10 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун
тиркемесинин 4-пункту.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин жана алмашуу бюролорду тааныштырсын.
6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып
3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын «___» _________
№ ___________________
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына
өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын
19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелеринин:
1) 4.1-пунктунун 4-пунктчасындагы «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» Мыйзамында» дегенге алмаштырылсын;
2) 7.1-пунктундагы «финансылык лизинг операцияларын эске албаганда» деген сөздөр алып салынсын;
3) 7.6-пунктундагы «ФКМ» аббревиатурасы «ФКУ» аббревиатурасына алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын
4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
1) 5.3.3-пунктунун:
- экинчи абзацындагы «мекемелеринин» деген сөз «уюмдарынын» дегенге алмаштырылсын;
- бешинчи абзацындагы «Улуттук банктан лицензия алышкан финансы-кредит мекемелеринин» деген сөздөр «Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган финансы-кредит уюмдарынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын
16-январындагы № 3/3 «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчёту жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчёту жөнүндө» жобонун:
1) 2-тиркемесинин:
- титулдук баракчасындагы «Отчёт берүүчү мекеме» деген сөздөр «Отчёт берүүчү уюм» дегенге алмаштырылсын;
- «Активдер» деген 1-бөлүгүнүн 15.2 жана 15.3-саптарындагы «мекемелер» деген сөздөр «уюмдар» дегенге алмаштырылсын;
- «Милдеттенмелер жана капитал» деген 1-2-бөлүгүнүн 4, 4.4 жана
7.5-саптарындагы «мекемелеринен» деген сөздөр «уюмдарынан» дегенге алмаштырылсын;
- «Кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчёт» деген 2-бөлүгүнүн 3-сабындагы «финансылык мекемелериндеги» деген сөздөр «финансылык уюмдарындагы» дегенге алмаштырылсын;
- «Кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчёт» деген 2-бөлүгүнүн 7-сабындагы «мекемелеринен» деген сөз «уюмдарынан» дегенге алмаштырылсын;
- «Тартылган каражаттар боюнча маалымат» деген 3 Е-бөлүгүндөгү «мекемелердин» деген сөз «уюмдарынын» дегенге алмаштырылсын;
- «Параллель кредиттер боюнча маалымат» деген 5 Б-бөлүгүнүн 1-сабындагы «ФКМ» деген аббревиатура «ФКУ» дегенге алмаштырылсын;
- «Кредиттик союздун экономикалык ченемдеринин сакталышы жөнүндө маалымат» деген 8-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
«8-бөлүк. Кредиттик союздун экономикалык ченемдеринин сакталышы жөнүндө маалымат
№ |
Ченемдин жана чектөөнүн аталышы |
Ченемдин, чектөөнүн формуласы жана эсеби |
Ченемдин, чектөөнүн белгиленген мааниси |
Кредиттик союздун иштөө мөөнөтү |
Ченемдин, чектөөнүн айкын мааниси |
Четтөө |
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
1 |
Кредиттик союздун тышкы карыз алышууларынын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (H1) |
Н1<=СК4 |
|
|
|
|
2 |
Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (H2) |
Н2 = МК / СК х 100 (<=) 20% |
20% |
|
|
|
3 |
Финансы-кредит уюмдарынын капиталына инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н3) |
Н3 = СИ / СК х 100 ≤ 15% |
15% |
|
|
|
4 |
Негизги каражаттарга инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (H4) |
Н4 = ОС / СК х 100 (<=) 20% |
20% |
|
|
|
5 |
Ликвиддүүлүк ченеми (H5-1) |
Н5-1 = ЛА / ОБ х 100 (>=) 2% |
2% |
|
|
|
6 |
Ликвиддүүлүк ченеми (H5-2) |
Н5-2 = (ЛА - КОБ) / (Д + СП) х 100 (>=) 15% |
15% |
|
|
|
7 |
Институционалдык капиталдын шайкештик ченеми (H6-1) |
Н6-1 = ИК / СА х 100 (>=) 10% |
|
|
|
|
8 |
Суммардык капиталдын шайкештик ченеми (H6-2) |
Н6-2 = СК / СА х 100 (>=) 15% |
|
|
|
|
9 |
Депозиттик базанын максималдуу өлчөмүн чектөө |
<=450%ИК |
450% |
|
|
|
».
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын
27-майындагы № 25/3 «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчёту жөнүндө» жана «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчёту жөнүндө» жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчёту жөнүндө» жобонун:
а) 1-тиркемесиндеги «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчётунун курамы» деген таблицанын 15-сабындагы «Финансы мекемесинин (компаниянын)» деген сөздөр «МФК» деген аббревиатурага алмаштырылсын;
б) чейректик отчёттун 2-тиркемесинин:
- титулдук барагындагы «Отчёт берүүчү мекеме» деген сөздөр «Отчёт берүүчү уюм» дегенге алмаштырылсын;
- «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчёт» деген 1-бөлүгүнүн 3 жана
4-саптарындагы «финансы мекемелериндеги» деген сөздөр «финансы-кредит уюмдарындагы» дегенге алмаштырылсын;
- «РППУдагы өзгөртүүлөр. Б. РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган активдер жана кайтарылган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар» деген 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун «а» сабындагы «мекемелери» деген сөз «уюмдары» дегенге алмаштырылсын;
- «Кардарлардын кредиттери жөнүндө маалымат» деген 11-бөлүгүндөгү Финансылык мекеменин (компаниянын) персоналы жөнүндө маалымат» аталышындагы «финансылык мекемесинин (компаниянын)» деген сөздөр «МФКнын» дегенге алмаштырылсын;
в) ай сайын берилүүчү отчёттун 2-тиркемесинин:
- титулдук барагындагы «Отчёт берүүчү мекеме» деген сөздөр «Отчёт берүүчү уюм» дегенге алмаштырылсын;
- «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчёт» деген 1-бөлүктүн 3 жана
4-саптарындагы «финансы мекемелериндеги» деген сөздөр «финансы-кредит уюмдарындагы» дегенге алмаштырылсын;
- «РППУдагы өзгөртүүлөр. Б. РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган активдер жана кайтарылган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар» 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун «а» сабындагы «мекемелери» деген сөз «уюмдары» дегенге алмаштырылсын;
- «Кардарлардын кредиттери жөнүндө маалымат» деген 11-бөлүгүндөгү «Финансылык мекеменин (компаниянын) персоналы жөнүндө маалымат» аталышындагы «финансылык мекемесинин (компаниянын)» деген сөздөр «МФКнын» дегенге алмаштырылсын.
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчёту жөнүндө» жобонун:
1) 2-тиркемесинин:
- титулдук барагындагы «Отчёт берүүчү мекеме» деген сөздөр «Отчёт берүүчү уюм» дегенге алмаштырылсын;
- «Активдердин жана милдеттенмелердин пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө карата ийкемдүүлүгүнө талдоо жүргүзүү (ГЭП-талдоо)» деген 3 И-бөлүгүндөгү «ФКМ» деген аббревиатура «ФКУ» дегенге алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын
25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
1) 22-пунктунун 2-пунктчасындагы:
- экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
«- мамлекеттик тилде жана кардардын талабы боюнча расмий тилде, кредиттик продукттун толук наркы жөнүндө маалыматты кошо алганда, кредиттерди берүү шарттары тууралуу;»;
- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
«- кредиттик келишимдин шарттары, анын ичинде карыз алуучунун жоопкерчилиги жана милдеттенмелери, анын ичинде анын финансылык абалы жөнүндө жалган маалымат бергендиги үчүн, ошондой эле кредитти алууга жана кредиттик келишим шарттарын бузууга, күрөөлүк камсыздоонун берилишине байланыштуу тобокелдиктер жана кепилдик берүүгө байланыштуу жоопкерчилик жөнүндө;»;
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттары жана наркы жөнүндө толук маалымат берүүдөн баш тартууга жол берилбейт. Маалымат формасы ар башка кредиторлордун кредиттик продукттарын салыштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн бирдей жана системага салынган болууга тийиш.»;
2) 27-пунктунун биринчи абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- кардарлар (потенциалдуу карыз алуучулар) үчүн кызмат көрсөтүүнүн толук наркы жөнүндө маалыматты кошо алганда, кредиттерди берүү шарттары тууралуу мамлекеттик тилде жана кардардын талабы боюнча расмий тилде кеңири маалымат берилишин камсыз кылсын;»;
3) 29-пунктунун:
- биринчи абзацындагы «зарыл болгон учурда» деген сөздөр «кардардын талабы боюнча» дегенге алмаштырылсын;
- бешинчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«Кредиттик келишимдин тексти бирдей өлчөмдөгү шрифт менен терилүүгө, кардардын кабылдоосу жана түшүнүүсү үчүн ачык-айкын жана жеткиликтүү баяндалууга тийиш.»;
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаш маселелер, эгерде алар тараптардын макулдашуусу боюнча чечилбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, анын ичинде талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуунун алкагында чечилет.»;
4) 1-тиркеменин:
- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«6. Мамлекеттик тилде жана кардардын талабы боюнча расмий тилде түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоо же мөөнөтүн узартуу, талап кылуу укугун өткөрүп берүү процессинде кардар менен кошумча түзүлгөн макулдашуулар.»;
14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«14. Күрөө жөнүндө келишим/Кепилдик берүү келишими мамлекеттик тилде жана эгерде болсо расмий тилде.».
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын
30-майындагы № 24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоонун:
- 1-тиркемесиндеги «мекеменин» деген сөз «МФКнын» деген аббревиатурага алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын
30-майындагы № 24/9 «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө нускоонун:
- 1-тиркемесиндеги «мекеменин номерлери» деген сөздөр «кредиттик союздун номери» дегенге алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын
28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
1) 3-пунктунун:
- бешинчи абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«насыялык бүтүм - насыя, зайым, лизинг, факторинг келишимдери жана акча каражаттарын жана башка мүлктү карызга берүү каралган башка келишимдер;»;
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Ушул Эрежелердин максаттарында кредит дегенден улам, кредиттен тышкары зайым, лизинг, факторинг жана акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү карызга берүүгө байланышкан башка операцияларды түшүнүүгө болот.»;
2) 29-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Кийин жоюлган насыялык маалымат сунуштоочу (юридикалык жак) тарабынан берилген насыялык маалымат, насыялык таржымалда камтылган маалыматты акыркы жолу өзгөрткөн күндөн тартып беш жыл бою сакталат.
Ломбард тарабынан берилген зайым келишими боюнча маалыматтар бир жыл сакталат.»;
3) 35-пунктунун биринчи абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Насыялык бюро зайымдын суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өлчөмдөн ашкан зайым келишими боюнча маалыматтарды кошпогондо, зайым келишими жана карыз алуучу жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды ломбарддан алууга укугу жок.»;
4) 38-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Насыялык таржымалга төмөнкү маалыматтар киргизилбейт:
- аткаруу датасынан тартып негативдүү насыялык маалымат үчүн беш жылдан жана позитивдүү насыялык маалымат үчүн жети жылдан ашык убакыт өткөн насыялык маалымат субъектисинин акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу;
- кийин жоюлган насыялык маалыматт сунуштоочу (юридикалык жак) тарабынан берилген насыялык маалымат, насыялык таржымалда камтылган маалыматты акыркы жолу өзгөрткөн күндөн тартып беш жыл бою сакталат;
- кредиттик келишим боюнча маалыматтар ломбард тарабынан берилген күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин;
Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр токсон календардык күндөн ашык аткарылбагандыгы тууралуу маалыматтар, насыялык маалымат субъектиси тарабынан арыз берилген шартта, терс насыялык маалыматка киргизилбейт, анда насыялык маалымат субъектисинин өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусуна таасир эткен өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилиши менен байланышкан жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.»;
5) 60-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Насыялык бюро өзүнүн иши тууралуу жылдык отчётту мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде жалпыга маалымдоо каражаттарында жыл сайын жарыялап турат, анда негизги аналитикалык маалымат жана финансылык отчёт камтылат.»;
6) отчёттун 9-главасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: «Насыялык бюронун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчёту».
9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын
8-июнундагы № 2017-П-12/23-9-(НПА) «Коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуу маанилүүлүгүн аныктоо критерийлери жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуу маанилүүлүгүн аныктоо критерийлери жөнүндө» жобонун:
- 14-пунктунун 2-пунктчасынын:
1) расмий тилдеги текстиндеги «учреждения» деген сөз «организации» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстиндеги «башка БФКУларга» деген сөздөр «башка ФКУларга» дегенге алмаштырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын
15-июнундагы № 2017-П-12/25-9-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режими киргизилген же жоюу жол-жобосу башталган учурда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режими киргизилген же жоюу жол-жобосу башталган учурда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун:
- 7-пунктунун отузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«төлөм системасынын катышуучулары катары (мындан ары - Катышуучу) төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында калкка төлөм кызматтарын сунуштаган коммерциялык банктар, Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка финансы-кредит уюмдары жана башка юридикалык жактар саналат.».
11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын
14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун:
1) 3-пунктунун:
- расмий тилдеги текстинин алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
«Микрофинансовая компания – специализированная финансово-кредитная организация, созданная в форме акционерного общества, получившая лицензию Национального банка и осуществляющая микрокредитование юридических и физических лиц, и другие виды операций, в том числе привлечение срочных вкладов от физических и юридических лиц, предусмотренных законодательством.
Микрокредитная компания - специализированная финансово-кредитная организация, созданная в любой организационно-правовой форме коммерческой организации, получившая свидетельство Национального банка и осуществляющая микрокредитование физических и юридических лиц и другие виды операций, предусмотренных законодательством.»;
- расмий тилдеги текстинин тогузунчу абзацтагы «учреждениями» деген сөз «организациями» дегенге алмаштырылсын;
2) 19-пунктундагы «мекемелеринде» деген сөз «уюмдарында» дегенге алмаштырылсын;
3) 50-пунктунун:
- расмий тилдеги текстинде «учреждениями» деген сөздөр «организациями» дегенге алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстинде «мекемеси» деген сөздөр «уюму» дегенге алмаштырылсын.
12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын
1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
- 40-пунктунун 9-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«9) кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана же башка төлөмдөрдү төлөөсүз, кайсы болбосун убакта кредитти толугу менен же бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу;».
13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын
29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 7-пунктунун 6-пунктчасындагы «жыйымдар» деген сөз «сый акылар» дегенге алмаштырылсын.
14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын
17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө нускоонун:
1) 4-пунктунун:
- расмий тилдеги текстинин экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
«а) Микрофинансовая организация (далее – МФО) – это специализированная финансово-кредитная или кредитная организация, созданная как юридическое лицо в целях оказания микрофинансовых услуг для физических и юридических лиц, в том числе в соответствии с исламскими принципами банковского дела и финансирования;
б) Микрофинансовая компания (далее – МФК) – это специализированная финансово-кредитная организация, созданная в форме акционерного общества, получившая лицензию Национального банка и осуществляющая микрокредитование юридических и физических лиц и другие виды операций, в том числе привлечение срочных вкладов от физических лиц и юридических лиц, предусмотренные Законом
«О микрофинансовых организациях в Кыргызской Республике»;
в) Микрокредитная компания (далее – МКК) – это специализированная финансово-кредитная организация, созданная в любой организационно-правовой форме коммерческой организации, получившая свидетельство Национального банка и осуществляющая микрокредитование физических и юридических лиц и другие виды операций, предусмотренные Законом «О микрофинансовых организациях в Кыргызской Республике»;
г) Микрокредитное агентство (далее – МКА) – это специализированная кредитная организация, созданная в форме некоммерческой организации, за исключениями, установленными Законом «О микрофинансовых организациях в Кыргызской Республике», получившая свидетельство Национального банка и осуществляющая микрокредитование физических и юридических лиц в соответствии с уставными целями организации;»;
- мамлекеттик тилдеги текстинин экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтарындагы «мекеме» деген сөздөр «уюм» дегенге алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстинин 28-пунктунун экинчи абзацындагы «финансы мекемесинин» деген сөздөр «финансы уюмунун» дегенге алмаштырылсын;
3) мамлекеттик тилдеги текстинин 1 жана 4-тиркемелериндеги «мекемеси» деген сөздөр «уюму» дегенге алмаштырылсын.
Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна
МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары – токтом долбоору) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты:
- 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 «Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;
- 2024-жылдын 23-майындагы № 88 «Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;
- 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына.
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоор төмөнкү өзгөртүүлөрдү камтыйт:
- «насыялык бүтүм» түшүнүгүн киргизүү;
- кредиттерди берүүнүн шарттары жөнүндө маалыматты, анын ичинде кредиттик продуктунун толук наркы жөнүндө маалыматты мамлекеттик тилде жана кардардын суроо-талабы боюнча расмий тилде берүү;
- ломбард берген зайым келишими боюнча маалыматтарды сактоо;
- техникалык оңдоолор.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2007-жылдын 11-июлундагы № 34/3 токтому менен бекитилген «Кредиттик реестр жөнүндө» жобо актуалдуу эместигинен байланыштуу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ушул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын
19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.
Токтом долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат.
5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо
Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат
Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт.
7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр боюнча маалымат
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын
21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктуна ылайык, юридикалык күчү жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү боюнча иштелип чыккандыктан, сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлгөн эмес.