Долбоор
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):
- 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларды тааныштырсын.
5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомуна тиркеме
чейин «___» ____________2024 жыл №_____________
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым
ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун:
1) 2-пункту «банк иштери жөнүндө» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» деген сөздөр менен толукталсын:
2) 5-пунктунун:
15-абзацындагы"банктын кардары" деген сөздөр алынып салынсын;
1) жыйырма экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«МФК/МККнын кредиттик карты – овердрафтты кошпогондо, террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен, кредиттерди накталай эмес формада, улуттук валютада берүү үчүн микрофинансылык уюм тарабынан чыгарылган, улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карты.
отуз сегизинчи абзацтагы «БФКУ» деген сөз «МФК/МКК» дегенге алмаштырылсын;
кыркынчы абзацтагы «БФКУнун» деген сөз «МФК/МККнын» дегенге алмаштырылсын;
кырк экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
Алдын ала чыгарылган карт - банктын/МФК/МККнын филиалында (МФК/МККнын кредиттик карттары) карттын бетинде карт ээсинин аты-жөнүн көрсөтүүсүз жана 3 (үч) жылдан ашпаган мөөнөткө, ушул Жобонун жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү үчүн каралган дароо чыгарылуучу карт.
элүү тогузунчу абзацтагы "банктын" деген сөз "эмитенттин" дегенге алмаштырылсын;
алтымышынчы абзацы «банк» деген сөздөн кийин «же МФК/МКК» деген сөздөр менен толукталсын;
3) 13-пунктунун экинчи абзацындагы «банк-эмитентте/БФКУда» деген сөздөр «эмитент тарабынан» дегенге алмаштырылсын;
4) 14-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин;
МФК/МККнын кредиттик картын эсеп ачуусуз, ошондой эле МФК/МККнын/банктардын кассалары, төлөм терминалдар, банкоматтар аркылуу жана башка ыкмалар менен акча которуу системасы боюнча толуктоого кредит боюнча карызды чогуу алганда, карыздын суммасынан ашпаган суммада, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык, кардарды талапка ылайык текшерүү чараларын колдонуу менен төлөө максатында гана уруксат берилет. МФК/МККнын кредиттик картын кредиттик келишимде каралгандан башка максаттарда толуктоого жол берилбейт.
5) Жобо төмөнкү мазмундагы 15-2-пункт менен толукталсын:
15-2. МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучу төмөнкү операцияларды гана жүзөгө ашырууга укуктуу:
- кредиттик лимиттин чегинде соода-тейлөө ишканаларынан сатып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, интернет-сатып алуулар үчүн төлөө;
- кредиттик лимиттин чегинде банкоматтар/терминалдар-НБП аркылуу жана банктардын агенттеринен накталай акча каражаттарын алуу;
– МФК/МККнын, банктардын кассалары, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрүн сунуштаган агенттер, төлөм терминалдары, банкоматтар, акча которуу системалары жана электрондук капчыктар аркылуу кредитти төлөө үчүн төлөм карттарын толуктоо.
6) Жобо төмөнкү мазмундагы 15-3-пункт менен толукталсын:
15-3. МФК/МККнын кредиттик карты аркылуу картаны пайдалануучу төмөнкү шарттарда картанын кредиттик лимитин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот:
- карттар боюнча дебеттик (чыгыштоо) операциялар белгиленген кредиттик лимиттин чегинде жүргүзүлүшү мүмкүн,
- кредиттик (кириштөө) операциялар кредит боюнча учурдагы жана/же келечектеги төлөмдөрдү төлөө эсебинен гана жүргүзүлүшү мүмкүн;
- кредит толук төлөнгөн учурда, ашыкча төлөнгөн сумма келип чыккан учурдан тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде картты пайдалануучунун тандоосу боюнча төмөнкү ыкмалардын бири менен кардарга төлөнүүгө (берилүүгө) тийиш:
1) МФКнын жана МККнын кассасы аркылуу накталай формада;
2) пайдалануучу тарабынан кредиттик келишимде көрсөтүлгөн банктык эсепке накталай эмес формада;
3) колдонуучунун электрондук капчыгы;
4) пайдалануучунун телефон номеринин өздүк эсебине (балансына) (10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммага гана).
Мында картадагы оң калдыкты контролдоо жана жөнгө салуу МФК/МКК системасы тарабынан камсыз кылынууга тийиш.
Кредиттин ордун жабуу МФК/МКК менен карыз алуучунун ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык накталай же накталай эмес формада жүзөгө ашырылат.
7) Жобо төмөнкү мазмундагы 15-4-пункт менен толукталсын:
15-4. МФК/МКК кредиттин/каржылоонун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт, ал Улуттук банктын кредиттик каражаттарды пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык төлөмдөргө жүргүзүлгөн талдоону билдирет.
8) 19-пунктундагы:
1) «БФКУ» деген сөздөр «МФК/МКК» дегенге алмаштырылсын;
2) "эмитент" деген сөздөн кийинки "БФКУ" деген сөз алынып салынсын;
9) 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«21. Банк болуп саналган эмитент кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана аларды кассалык тейлөө, ошондой эле кредиттик жана төлөм карттарын кошо алганда, төлөм документтерин чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо иштерин жүзөгө ашыруу укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген банктык лицензияга ээ болгон учурда гана эмитент болушу мүмкүн, бул учурда ал карттарды чыгарып, жайылтууну жүзөгө ашыра алат.
МФК/МКК болуп саналган эмитент Улуттук банк тарабынан микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларды лицензиялоо тартибине ылайык берилген лицензияда тиешелүү операциялар көрсөтүлгөн шартта гана МФК/МККнын кредиттик карталарын чыгарууну жана жайылтууну жүзөгө ашыра алат.
Эмитент тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен системага катышуу жөнүндө келишим түзүүгө жана бул операцияны аткарууга төлөм системасынан уруксат алууга тийиш (бир эмитенттүү ички банктык системалардан тышкары).
МФК/МККнын кредиттик карттары улуттук төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишимге ылайык, банктык төлөм карттар менен эсептешүүлөр боюнча улуттук төлөм системасынын алкагында гана чыгарылышы мүмкүн.»;
10) 22-пункттагы «Банк» деген сөз «Эмитент» дегенге алмаштырылсын;
11) 23-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
23. Эмитент, ушул Жободо каралган учурларды эске албаганда, эмиссияланган карттардын түрлөрүн (локалдык, улуттук, эл аралык), ошол карттарды пайдалануу менен сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин жана аларды тиешелүү төлөм системасынын регламентинин жана иш тартибинин негизинде кардарларга сунуштоо шарттарын өз алдынча аныктайт.
12) 25-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
13) 27-пункттагы «Банк» деген сөз «Эмитент» дегенге алмаштырылсын;
14) 4-глава төмөнкү мазмундагы 28-1, 28-2, 28-3, 28-4, 28-5 жана 28-6-пункттар менен толукталсын:
28-1. МФК/МККнын кредиттик карты анда кредиттик лимит белгиленген учурга чейин активдүү болбоого тийиш.
28-2. МФК/МККнын кредиттик картынын балансы, белгиленген кредиттик лимиттин алкагында картты пайдалануучу тарабынан чыгыштоо операцияларын жүргүзүүдө терс баланстын келип чыгышы менен шарттуу түрдө нөлгө барабар болууга тийиш.
28-3. Бир карт боюнча кредиттик лимиттин өлчөмү 2000 (эки миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.
28-4. МФК/МКК кардарга кредитти накталай эмес формада алуу үчүн бир гана кредиттик карт берүүгө укуктуу. Кредиттик карты башка насыяны накталай эмес түрдө берүү үчүн, мурун берилген кредит толугу менен төлөнгөндөн кийин гана колдонсо болот.
28-5. Кредиттик карт боюнча операцияларды МФК/МКК Улуттук банктын микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, өзүнүн автоматташтырылган системасында эсепке алат.
28-6. МФК/МКК кредиттик карт аркылуу берилген кредиттик каражаттардын жалпы суммасынын МФК/МККнын коммерциялык банктагы эсебиндеги өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн каралган каражаттардын суммасынан ашып кетишине жол бербөө үчүн тиешелүү мониторингди камсыз кылууга тийиш.»;
15) 29-пункттун:
экинчи абзацындагы «банк» деген сөз «эмитент» дегенге алмаштырылсын;
төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 31-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
31. Келишим түзүүдө жана банктык эсеп ачууда эмитент, карт ээлерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун 1-тиркемесинде белгиленген «өз кардарыңды бил» саясатынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун 1-тиркемесинин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү.
17) 31-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын:
18) 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
32. Эмитент картты берүү жөнүндө өтүнүч катка кол койгонго жана келишим түзгөнгө чейин карт ээсин/кредиттик карттарды пайдалануучуну төмөнкүлөр менен тааныштырууга милдеттүү:
- келишим шарттары менен;
- картты коопсуз пайдалануу эрежелери менен;
- сунушталган кызматтар үчүн тарифтер менен;
- карт ээси МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучуну эске албаганда, анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы менен;
- ар бир ишке ашырылган транзакция жөнүндө маалымат алуу, кардардын эсебине санкциясыз кирүүгө жол бербөө максатында карттарды блокировкалоо ыкмалары менен;
- иш убактысынан тышкары жана дем алыш күндөрү (майрам күндөрү) картты чыгарган эмитент менен байланышуу үчүн байланыш маалыматтары менен;
- кредиттик карттарына, анын ичинде МФКнын/МККнын кредиттик карттарына акча каражаттарын чегерүү мөөнөтү жана пайыздарды чегерүү учуру менен (акча каражаттары түшкөн күндөн тартып/карттан акча каражаттарын чыгарган күндөн тартып/товарларды же кызматтарды сатып алууга багытталган акча каражаттарын которгон күндөн тартып);
- кредит дем алыш же майрам күндөрү нак эмес формада төлөнө турган болсо, кредитти төлөө тартиби менен;
- карт жоголгон учурда, банктын/МФКнын/МККнын кассасынан акча каражаттарын берүү тартиби менен.
Банктын/МФКнын/МККнын кардары жазуу жүзүндө же аралыктан банктык тейлөөнү колдонуу менен көрсөтүлгөн маалыматты алгандыгын тастыктайт. Картты коопсуз пайдалануу эрежелери келишимде каралууга же ага кошо тиркелүүгө тийиш.
19) 33-пункттун биринчи абзацындагы «картты берүү учурунда» деген сөздөр «банк тарабынан» деген сөздөр менен толукталсын.
20) 33-1-пункттун бүтүндөй тексти боюнча «БФКУ» деген сөз «МФК/МКК» дегенге алмаштырылсын;
21) 35-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
МФК/МККнын кредиттик картын берүүдө, акча каражаттары (кредит) МФК/МККнын кредиттик карттарын эмиссиялоо жана жайылтуу боюнча келишим шарттарына ылайык, эсептешүү банкта ачылган МФК/МККнын эсептешүү (ссуда боюнча) эсебинен каражаттарды дебеттөө аркылуу берилет.
МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучунун банктык эсебине акча каражаттарын чегерүүнү пайдалануусуз, МФК/МККнын кредиттик картына кредиттин түшкөндүгүнүн тастыктамасы катары макулдук берилген кредит суммасына МФК/МККнын кредиттик лимитти ачуусу саналат.
Кредитти чегерүү, кредиттик лимитти ачуу жана ордун жабуу тартиби/мөөнөтү МФК/МКК менен анын кардарынын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык ишке ашырылат.
Транзакцияларды аралыкта орнотулган жабдуулар жана төлөм системаларынын катышуучуларынын мобилдик тиркемелери аркылуу МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануу менен өткөрүү PIN-кодду, паролдорду же аутентификациялоонун башка ыкмаларын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
МФК/МККнын кредиттик карттарын пайдалануучу төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү алынган кредиттин/каржылоонун максаттуу багытына ылайык жүргүзүүгө укуктуу.».
22) 40-пункттун:
1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
1) карт ээси/МФК/МККнын карт ээси келишимде каралган милдеттенмелерин аткарбаса;
2) 5 подпкчасы:
1) «БФКУ» деген сөз алып салынсын;
2) «БФКУ» деген сөзгө (МФК/МКК» деген сөзгө алмаштырылсын;
5-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
Картты тейлөө бир тараптуу негизде токтотулган учурда, эмитент бул тууралуу келишимде каралган тартипте карт ээсине/кредиттик картты пайдалануучуга маалымдоого тийиш.
23) 41-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«41. Эмитент карттын реквизиттерин карт ээсинен аны жоготуп койгондугу, уурдалып кеткендиги же санкциясыз пайдалануу учурлары тууралуу билдирүү же өтүнүч кат келип түшкөн шартта, системанын стоп-баракчасына каттоого тийиш. Карт ээсинен банкомат картты алып койгондугу жөнүндө билдирүү түшкөн учурда, эмитент/процессинг борбору карт ээси/МФК/МККнын кредиттик картынын колдонуучусу келишимдин шарттарына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык, карттын реквизиттерин стоп-баракчага киргизүү же картты кайтарып берүү тууралуу өтүнүч кат бергенге чейин убактылуу блокко коёт.»
24) 42-пунктта:
1) «эмитентке» деген сөздөн кийин «БФКУга» деген сөз алып салынсын;
2) «БФКУ» деген сөз «МФК/МКК» дегенге алмаштырылсын;
25) 43-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
43. Эмитент төмөнкү учурларда Карт ээси/МФК/МКК кредиттик картын пайдалануучунун алдында жоопкерчилик тартпайт:
- эгерде карт ээси/МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучу алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде каралган картты жана PIN-кодду пайдалануу эрежелерин жана жол-жоболорун бузууга жол берсе;
- карт ээси/МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучу тарабынан укукка жатпаган иш-аракеттерге жол берилген учурда.
Кандай болбосун талаш жагдайларда эмитент карт ээсинин/МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучунун талабы боюнча, төлөм системасынын процессинг борборун кошо алганда, карт ээсинин эсебинен акча каражаттарынын чыгарылгандыгынын укук ченемдүүлүгүн тастыктоо үчүн ишке ашырылган транзакциялар боюнча толук маалыматты сунуштоого тийиш.
Бул талап магнит тилкеси менен карт аркылуу ишке ашырылган операцияларга жана көп факторлуу аутентификация менен корголбогон электрондук коммерция боюнча операцияларга таркатылбайт.
26) 44-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
44. Улуттук банктан тиешелүү банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алган учурда гана эквайер банктык төлөм карттарынын эквайрингин жүзөгө ашырышы мүмкүн. Эквайер тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен системага катышуу жана ошол операцияны аткарууга уруксат алууга келишим түзүүгө тийиш.
27) 45-пункттагы «Банк» деген сөз «Эквайер» деген сөзгө алмаштырылсын;
28) 46-пункттагы «Банк» деген сөз «Эквайер» деген сөзгө алмаштырылсын;
29) 50-пункттагы «коммерциялык банктардын» деген сөз «эмитенттердин» деген сөзгө алмаштырылсын;
30) 52-пункттагы «банктын» деген сөз «эквайердин» деген сөзгө алмаштырылсын;
31) 53-пункттун жыйырманчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
32) 54-пункттагы «банк» деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү «эквайер» деген сөзгө алмаштырылсын;
33) Жобо төмөнкү мазмундагы 58-1-пункт менен толукталсын:
58-1. МФК/МКК тарабынан сунушталган эквайринг кызмат көрсөтүүлөрү боюнча акыркы өз ара эсептешүүлөр жана милдеттенмелерди эсепке алуу (кабыл алынган төлөмдөр боюнча ордун толтуруу) МФК/МККнын эсептешүү банкында ачылган банктык эсептери жана соода-тейлөө ишканаларынын тиешелүү банктык эсептери аркылуу же болбосо эквайринг кызматтарын сунуштоо жөнүндө келишимде каралган тартипте электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлөт.
34) Жобонун 96-пунктундагы «банктар» деген сөздөн кийин «жана МФК/МКК» деген сөздөр менен толукталсын;
35) Жобонун 97-пунктундагы «банктар» деген сөздөн кийин «жана МФК/МКК» деген сөздөр менен толукталсын;
36) Жобого карата 1-тиркемедеги:
«банктын толук аталышы» деген сөздөр «эмитенттин толук аталышы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
37) Жобого карата 2-тиркемедеги:
«банктын толук аталышы» деген сөздөр «эквайердин толук аталышы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
38) Жобого карата 3-тиркеменин
1) Жобого карата 3-тиркеменин Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестри жөнүндө отчет бөлүмүндө «банктын» деген сөздөр «эквайердин» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) Жобого карата 3-тиркеменин 12 пунктун үчүнчү абзацындагы "коммерциялык банктар "деген сөздөр " эквайер " деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын
23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун:
1) 8-пункту төмөнкү мазмундагы 7) пунктчасы менен толукталсын;
7) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен, овердрафтты эске албаганда, накталай эмес формада кредиттерди берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карттарын чыгаруу.»;
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бул операция лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган төлөм карталарынын, ошондой эле электрондук акчанын, эки өлчөмдүү штрих код (QR-код) символдорунун жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги.»;
3) Жобого карата 7-тиркеменин 1-пункту төмөнкү мазмундагы 6) пунктчасы менен толукталсын:
6) овердрафтты эске албаганда, кредитти накталай эмес формада берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын чыгаруу;
Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган төлөм карталарынын, ошондой эле электрондук акчанын, эки өлчөмдүү штрих код символдорунун
(QR-код) жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобонун:
1) 77-пункту төмөнкү мазмундагы г) пунктчасы менен толукталсын;
г) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен, овердрафтты эске албаганда, кредиттерди/каржылоону накталай эмес формада берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын (каржылоо карталарын) чыгаруу.
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бул операция лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган төлөм карталарынын, ошондой эле электрондук акчанын, эки өлчөмдүү штрих код (QR-код) символдорунун жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
1. Максаты жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору (мындан ары- токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 20-майындагы № 87 «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү жана накталай эмес формада кредиттерди берүү үчүн микрофинансы жана микрокредиттик компаниялар тарабынан «Элкарт» улуттук төлөм системасынын (мындан ары – «Элкарт» НПС) алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын чыгаруу тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган төлөм карталарынын, электрондук акчалардын, эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) символдорунун жана башка төлөм инструменттеринин эквайрингин аныктоо максатында иштелип чыккан.
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 20-майындагы №87 «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү алкагында токтом долбоору менен Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:
- овердрафтты кошпогондо, террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен, накталай эмес формада кредиттерди берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын чыгаруу;
- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган төлөм карталардын, электрондук акчалардын, эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) символдорунун жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги.
Мындан тышкары, токтом долбоорунда Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамына ылайык микрофинансы жана микрокредиттик компанияларга алдын ала чыгарылган кредиттик карталарды чыгарууга жана эквайрингди жүзөгө ашырууга укук берүүнү эске алуу менен пайдаланылуучу терминдерди жана аныктамаларды, айрым ченемдерди актуалдаштыруу сыяктуу техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралган.
3. Социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык кесепеттердин божомолдору
Долбоорду кабыл алуу бүтүндөй өлкө үчүн оң социалдык-экономикалык таасирин тийгизет, анткени микрофинансылык сектор өлкөнүн региондорунда көбүрөөк тартылган, бул накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүүгө жана секторду төлөм инструменттерин пайдаланууга жана өнүктүрүүгө тартууга, ошондой эле региондордо банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Токтом долбоору укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат
Токтом долбоору коомдук талкуулоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо
Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Бул токтом долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.
7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын
21-декабрындагы №2022-П-02/81-6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4-пунктчасына ылайык сунушталган өзгөртүүлөр юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүүгө багытталгандыктан, жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт.Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтом долбооруна карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
Колдонуудагы редакциясы |
Сунушталган редакция |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1.2015-жылдын 9 – декабрындагы №76/8 "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобо |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2. "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) банктык төлөм карттар эмиссиясы, эквайринги жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу тартиби, операцияларды жүргүзүү эрежелери, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар процессинги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн системаларга жана анын катышуучуларына карата Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Электрондук кол тамга жөнүндө", "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча укуктук актыларына ылайык алардын өзгөчөлүктөрүн жана атайын терминологиясын эске алуу менен жалпы талаптар аныкталган. |
2. "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) банктык төлөм карттар эмиссиясы, эквайринги жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу тартиби, операцияларды жүргүзүү эрежелери, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар процессинги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн системаларга жана анын катышуучуларына карата Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Электрондук кол тамга жөнүндө", "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча укуктук актыларына ылайык алардын өзгөчөлүктөрүн жана атайын терминологиясын эске алуу менен жалпы талаптар аныкталган. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2-глава. Терминдер жана аныктамалар |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
5. Бул жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулган: Автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалы (төлөм терминалы) - кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын дарегине нак жана нак эмес формадагы төлөмдөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, банктын кардарларынан/кардарларына, карт ээлеринен/ээлерине, сервистерди пайдалануучулардан/пайдалануучуларга нак акча каражаттарын кабыл алуу (cash-in)/берүү (cash-out) үчүн каралган терминал. Авторизациялык талап - эквайерден системада белгиленген эрежелерге ылайык транзакцияларды жүргүзүүгө уруксат алуу үчүн карттын эмитентине жөнөтүлгөн талап. Авторизация - эмитенттин карт ээсинин банктык төлөм карттарын пайдалануу менен операцияларды (транзакцияларды) жүргүзүүгө ыйгарым укугун же автордук укугун тастыктоо жол-жобосу, анын натыйжасында жогоруда аталган эмитенттин карттарды пайдалануу менен түзүлгөн эсептешүү документин аткарууга эмитенттин эквайер алдында милдеттенмеси келип чыгат. Авторизация автоматташтырылган (терминал аркылуу) жана добуш аркылуу (телефон байланышы менен) ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча эмитент жана эквайер бир эле жак болсо, анда ошол операцияны ишке ашырууга эмитенттин кардарга берген уруксаты авторизация болуп саналат. Аутентификация - сунушталган идентификатордун (PIN-код, сыр сөз ж.б.) мүнөздөмөлөрүн тактоо жана салыштырып текшерүү аркылуу пайдалануучунун инсандыгын тастыктоо жол-жобосу. Банктык төлөм карты (карт) - товарларды, кызматтарды сатып алууда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валютасында нак акча алууда, акча каражаттарын которууда, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка жабдуулар (аралыкта орнотулган жабдуулар) аркылуу электрондук акча түрүндө эсептешүү үчүн колдонулган төлөм каражаты. Банк күркөсү - аралыкта орнотулган жабдуу жайгаштырылган атайын курулма/жабдуу. Банктык эсеп - бул, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана банктык тажрыйбада колдонулган банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, кардарды тейлөөгө байланыштуу операцияларды чагылдыруу ыкмасы. Банкомат (ATM - Automated teller machine) - нак акча берүү жана/же кабыл алуу, ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматты алуу жана картты колдонуу же башка аралыктан тейлөө инструменттери менен башка операцияларды аткарууга каралган аппараттык-программалык комплекс. Байланышсыз төлөм - маалыматтарды байланышсыз берүү технологияларын (NFC (Near field communication ж.б.) колдонуу менен аралыкта орнотулган жабдуу менен карттан же башка аралыктан тейлөө инструментинен жакын арада маалыматты окуу аркылуу жүзөгө ашырылуучу транзакция. Виртуалдык карт - ээлик кылган адамды катыштырбастан электрондук түрдө чыгарылган атайын карт. Виртуалдык POS-терминал – бул POS-терминалды алмаштыруучу жана банктык төлөм карттарын жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин колдонуу менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөө операцияларын жүргүзүү үчүн банктын/төлөм уюмунун системасы менен өз ара аракеттенүүчү жана эквайердин аралыкта орнотулган жабдууларына тиешелүү веб-интерфейс. Виртуалдык POS-терминал ички ченемдик документтерге ылайык, банк/төлөм уюмунун тобокелдигинин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен банктык эсептерди толуктоо үчүн да колдонулушу мүмкүн. Банктык эсеп ээси - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсеп ачуу жөнүндө келишим түзгөн жеке адам/юридикалык жак/жеке ишкер. Дебеттик карт - банктык эсептеги өздүк каражаттардын жана/же банктык эсебинде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда эмитент тарабынан берилген кредиттин эсебинен операцияларды жүргүзүү үчүн каралган карт (овердрафт). Овердрафт кызматы дебеттик карттар боюнча гана көрсөтүлөт. Карт ээси - эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде карттарды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү укугуна ээ, анын ичинде эсеп ээси-юридикалык жак/жеке ишкер тарабынан ыйгарым укук чегерилген банктын кардары, жеке адам. Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (мындан ары - Процессинг борбору) - "ЭЛКАРТ" карттарын, ошондой эле башка системалардын, анын ичинде Процессинг борбору системасы менен интеграцияланган системалардын карттарын колдонуу аркылуу ишке ашырылган транзакциялардын процессинги/клиринги үчүн каралган Кыргыз Республикасынын "ЭЛКАРТ" улуттук төлөм системасынын аппараттык-программалык комплекси. Индент мөөр - карттын жеке таандыгын белгилөө ыкмасы, мында карттын бетине рельефсиз ар түрдүү символдор басылат, б.а. карттын бетиндеги символдор колго урунбайт. Карт-чек (чек) - транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналган жана анын ишке ашырылгандыгын тастыктаган, карттарды же аралыктан тейлөө инструменттерин колдонуу менен транзакцияларды ишке ашырууда аралыкта орнотулган жабдуу менен түзүлгөн кагаз жүзүндөгү жана/же электрондук түрдөгү документ. Алдамчылык тобокелдиктерине жол бербөө үчүн чекте карттын номери тууралуу толук маалымат болбоого тийиш. Ко-бейджингдик карт - эки төлөм системасынын алкагында чыгарылган карт. Ко-брендингдик карт - банк башка бир уюм/уюмдар менен бирге чыгарган карт. Кредиттик карт - банк кредиттик келишимдин шарттарына ылайык белгиленген лимиттин чегинде карт ээсине берген акча каражаттардын эсебинен алар боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлгөн операцияларды ишке ашыруу үчүн каралган карт. БФКУнун кредиттик карты - эмитент менен кредиттик келишимдин/каржылоо келишиминин шарттарына ылайык, өздүк берилүүчү кредиттер боюнча кредит берүү/ордун жабуу боюнча банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына/күбөлүгүнө ээ, банк аларды андан ары жайылтуу үчүн банк эмес финансы-кредит уюмдары (мындан ары - БФКУ) үчүн чыгарган алдын ала чыгарылган кредиттик карт. Локалдык төлөм системасы - Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган карттарды пайдалануу менен эсептешүү системасы. Локалдык системалардын карттары, катышуучулар менен система ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу тейлениши мүмкүн. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы (эл аралык төлөм системасы) - ошол системалардын операторлорунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык эмитирленген жана тейленген эл аралык карттарды пайдалануу менен эсептешүү системасы. Көп факторлуу аутентификация - өркүндөтүлгөн аутентификация, мында пайдалануучу тиешелүү маалыматты алуу үчүн бир нече идентификаторду көрсөтүүсү талап кылынган контролдоо ыкмасы. Мобилдик POS-терминал (mPOS) - транзакция жүргүзүүгө мүмкүндүк берген, смартфондор/планшеттик компьютерлер жана башка жабдуулар үчүн каралган түзүлүш жана/же программалык камсыздоо. Улуттук карт - улуттук төлөм системасынын оператору менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын кайсыл болбосун эмитенти-резиденти тарабынан чыгарылган "ЭЛКАРТ" төлөм системасынын карты. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр боюнча улуттук төлөм системасы - Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун аппараттык-программалык комплексинин базасында иштеген, "ЭЛКАРТ" улуттук төлөм системасынын карттарын пайдалануу менен операциялар боюнча эсептешүү системасы. Жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсеп - жеке белгилерин көрсөтүүсүз баалуу металлдарды эсепке алуу жана баалуу металлдарды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды ишке ашыруу үчүн банк тарабынан ачылган эсеп. Овердрафт - кыска мөөнөттүү кредит формасы, ал банк менен карт ээси ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган сумманын жана шарттардын чегинде, кардардын эсебиндеги суммадан ашкан өлчөмдө төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга кардарга мүмкүндүк берет. Улуттук төлөм системасынын оператору - "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коому ("БПБ" ЖАК). Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүү системасынын оператору - Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксаты бар, банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын ишин камсыз кылган жана катышуучулар менен системага катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, ага ылайык оператор жана системанын катышуучулары өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системасынын алкагында жүргүзүүгө милдеттенишет. Төлөм QR-коду боюнча төлөө – эки өлчөмдүү штрих код белгилерин (QR-код) окуу аркылуу банктын/төлөм системасынын мобилдик тиркемесин же болбосо башка жабдууларды колдонуу менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөө Аралыкта орнотулган (эквайринг) жабдуулар – терминалдар, банкоматтар, төлөм терминалдары жана тиркемелер, депозиттик машиналар, мобилдик түзүлүштөр жана банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө, QR-коддору боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча техникалык инфраструктураны/инструментти жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин түзгөн башка жабдуулар. Персонализация - банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган идентификациялык маалыматтарды картка жана/же микропроцессордун эс тутумуна жана/же карттын магниттик тилкесине киргизүү жол-жобосу. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн төлөм системасы (картты пайдалануу менен эсептешүү системасы) - картты пайдалануу менен эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, стандарттардын, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы. Төлөм системалары локалдык, улуттук жана эл аралык болуп бөлүнөт. БФКУнун картын пайдалануучу - БФКУ ага түзүлгөн келишимге жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, БФКУнун кредиттик карттарына акча каражаттарын (кредит/каржылоо) берген жана ордун жабууну кабыл алган кардар (жеке адам/юридикалык жак). Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу - сатып өткөрүлгөн товарлар, аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр үчүн кардардын акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер. Алдын ала чыгарылган карт - банктын/БФКУнун филиалында (БФКУнун кредиттик карттары) карттын бетинде карт ээсинин аты-жөнүн көрсөтүүсүз жана 3 (үч) жылдан ашпаган мөөнөткө, ошондой эле эсептен пайдалануу мүмкүндүгү берилген, белгилүү бир кардар үчүн ачылган жана акча которууларды алуу, аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу каражаттарды нак алуу, соода түйүндөрүндө нак эмес төлөө аркылуу сатып алуулар үчүн төлөө, интернет аркылуу операцияларды ушул Жобонун жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү үчүн каралган дароо чыгарылуучу карт. Алдын ала төлөнгөн карт - программалык-техникалык түзүлүштөр аркылуу электрондук акчаны товарларды/кызматтарды сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө жана нак акчага алмаштырууга мүмкүндүк берген төлөм инструменти. Карт, карт ээсинин электрондук акча эмитентине карата анын милдеттенмелери боюнча талап кылуу укугун күбөлөндүрөт. Процессинг - финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди камтыган лицензияланган иш. Процессинг борбору - процессингди жүзөгө ашырган юридикалык жак. Эсептешүү агенти - картты пайдалануу менен эсептешүү системасынын катышуучулары ортосунда акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылган уюм. Стоп-баракча - алар боюнча операциялардын бардык түрлөрү токтотулган же убактылуу токтотулган, блокировкаланган карттардын тизмеси. Терминал - бул карттан жана башка аралыктан тейлөө инструменттеринен маалыматтарды окуу аркылуу соода операцияларын жүргүзүүгө мүмкүндүк берген аппараттык-программалык комплекс. Терминал төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: POS-терминал; POS-терминал-ПВН; виртуалдуу POS-терминал, мобилдик POS-терминал жана ПВН-терминал. ПВН-терминал - бул карттардан жана башка аралыктан тейлөө инструменттеринен нак акча берүү, ички ченемдик документтерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо, банктын тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эсепке алуу менен, банктын бөлүмдөрүндө жана анын агенттеринде банктык эсептерин карт жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу толуктоо үчүн каралган терминал. Андан ары төлөмдү ишке ашыруу үчүн каралган ПВН-терминалы аркылуу акча алуу үчүн комиссия карт ээсине чегерилбөөгө тийиш. Соода-тейлөө ишканасы (ТСП) - бул юридикалык жак же жеке ишкер, ал эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык, өз товарлары/кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө, карт менен операция ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ түзүү менен акча каражаттарын берүү үчүн карттарды кабыл алат. Банктык карттардагы акча каражаттар коммерциялык банктар менен агенттик келишим түзүлгөн шартта жана Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча агенттин карт ээлерин жеңилдетилген шарттарда идентификациялоо жана верификациялоо боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруу жагында мыйзам талаптары сакталган шартта, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген лимиттерге ылайык гана берилиши мүмкүн. Транзакция - картты жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин пайдалануу менен ишке ашырылган операция (мисалы товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, акча каражаттарын которуу, валюталарды алмаштыруу же нак акча каражаттарын алуу), анын натыйжасында карт ээсинин эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы өзгөрөт. Картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары - эмитент, карт ээси, эквайер, соода-тейлөө ишканалары, процессинг борбору жана эсептешүү агенти. Чарджбек - кайтарылуучу же талап кылынуучу төлөм, эмитенттин төлөм системасынын эрежелерин бузуу менен ишке ашырылган транзакциялар боюнча төлөмдү ишке ашыруудан баш тартуу (транзакцияны териштирүү). Чарджбек регламентте белгиленген аткаруу мөөнөтү ичинде тиешелүү төлөм системасынын эрежелерине ылайык талап кылынган документтерди тариздөө менен талаш келип чыккан суммага эквайердин эсебин дебеттөө аркылуу ишке ашырылат. Эквайер - технологияларга жана тиешелүү төлөм системаларынын ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу авторизациялоо жана транзакцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган, аралыкта орнотулган жабдуулардын ээси болуп саналган банк, төлөм уюму, микрофинансылык компания, микрокредиттик компания. Эквайринг - соода-тейлөө ишканалары менен тиешелүү төлөм системаларынын эрежелерине ылайык товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү жөнүндө келишимдердин негизинде банктык төлөм карттарын жана башка төлөм инструменттерин/технологияларын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча аралыкта орнотулган жабдуулар тармагына ээлик кылууга жана тейлөөгө байланышкан иш. Төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган инструменттерге жараша, эквайринг төмөнкү негизги түрлөргө бөлүнөт: Соода эквайринги – түзүлгөн келишимдин негизинде, ар башка төлөм инструменттерин колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү үчүн POS-терминалдарды жана башка аралыкта жайгаштырылуучу жабдууларды орнотуу боюнча соода-тейлөө ишканалары үчүн эквайер тарабынан сунушталуучу кызмат.» Интернет-эквайринг – төлөм маалыматын өткөрүүнү камсыз кылган жана анын купуялуулугун сактаган атайын веб-интерфейс аркылуу электрондук соода платформаларында жана интернет-дүкөндөрүндө сатылуучу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм карттарын жана электрондук акчаны колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча эквайердин кызматы. Мобилдик эквайринг – мобилдик телефон же планшетти колдонуу менен мобилдик тиркеме жана атайын мобилдик POS-терминалы (mPOS-терминал) аркылуу төлөм карттарын пайдалануу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча эквайердин кызматы Эмбоссирлөө - картка рельефтик белгилер түрүндө маалыматтарды чагылдыруу. Карттарды эмиссиялоо - банк аларды андан ары таркатуу үчүн карттарды чыгаруу иши. Эмитент - технологияларга жана тиешелүү төлөм системасынын эрежелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карттарды чыгарган банк. CVV2-код (Card verification value) - интернет аркылуу төлөөдө жана башка операцияларды жүзөгө ашырууда карттын аныктыгын текшерүү үчүн каралган үч сандан турган код. PIN-код (Personal identification number) - операцияны аткаруу үчүн колдонуучунун аныктыгын тастыктоого мүмкүндүк берген жеке идентификациялык номер. POS-терминалы (Point of sale) - соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, ошондой эле карт жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу банк эсебин толуктоо үчүн каралган терминал. POS-терминал-ПВН - эки функцияны аткарган терминал: POS-терминал жана ПВН-терминал. |
5. Бул жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулган: Автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалы (төлөм терминалы) - кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын дарегине нак жана нак эмес формадагы төлөмдөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, банктын кардарларынан/кардарларына, карт ээлеринен/ээлерине, сервистерди пайдалануучулардан/пайдалануучуларга нак акча каражаттарын кабыл алуу (cash-in)/берүү (cash-out) үчүн каралган терминал. Авторизациялык талап - эквайерден системада белгиленген эрежелерге ылайык транзакцияларды жүргүзүүгө уруксат алуу үчүн карттын эмитентине жөнөтүлгөн талап. Авторизация - эмитенттин карт ээсинин банктык төлөм карттарын пайдалануу менен операцияларды (транзакцияларды) жүргүзүүгө ыйгарым укугун же автордук укугун тастыктоо жол-жобосу, анын натыйжасында жогоруда аталган эмитенттин карттарды пайдалануу менен түзүлгөн эсептешүү документин аткарууга эмитенттин эквайер алдында милдеттенмеси келип чыгат. Авторизация автоматташтырылган (терминал аркылуу) жана добуш аркылуу (телефон байланышы менен) ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча эмитент жана эквайер бир эле жак болсо, анда ошол операцияны ишке ашырууга эмитенттин кардарга берген уруксаты авторизация болуп саналат. Аутентификация - сунушталган идентификатордун (PIN-код, сыр сөз ж.б.) мүнөздөмөлөрүн тактоо жана салыштырып текшерүү аркылуу пайдалануучунун инсандыгын тастыктоо жол-жобосу. Банктык төлөм карты (карт) - товарларды, кызматтарды сатып алууда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валютасында нак акча алууда, акча каражаттарын которууда, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка жабдуулар (аралыкта орнотулган жабдуулар) аркылуу электрондук акча түрүндө эсептешүү үчүн колдонулган төлөм каражаты. Банк күркөсү - аралыкта орнотулган жабдуу жайгаштырылган атайын курулма/жабдуу. Банктык эсеп - бул, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана банктык тажрыйбада колдонулган банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, кардарды тейлөөгө байланыштуу операцияларды чагылдыруу ыкмасы. Банкомат (ATM - Automated teller machine) - нак акча берүү жана/же кабыл алуу, ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматты алуу жана картты колдонуу же башка аралыктан тейлөө инструменттери менен башка операцияларды аткарууга каралган аппараттык-программалык комплекс. Байланышсыз төлөм - маалыматтарды байланышсыз берүү технологияларын (NFC (Near field communication ж.б.) колдонуу менен аралыкта орнотулган жабдуу менен карттан же башка аралыктан тейлөө инструментинен жакын арада маалыматты окуу аркылуу жүзөгө ашырылуучу транзакция. Виртуалдык карт - ээлик кылган адамды катыштырбастан электрондук түрдө чыгарылган атайын карт. Виртуалдык POS-терминал – бул POS-терминалды алмаштыруучу жана банктык төлөм карттарын жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин колдонуу менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөө операцияларын жүргүзүү үчүн банктын/төлөм уюмунун системасы менен өз ара аракеттенүүчү жана эквайердин аралыкта орнотулган жабдууларына тиешелүү веб-интерфейс. Виртуалдык POS-терминал ички ченемдик документтерге ылайык, банк/төлөм уюмунун тобокелдигинин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен банктык эсептерди толуктоо үчүн да колдонулушу мүмкүн. Банктык эсеп ээси - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсеп ачуу жөнүндө келишим түзгөн жеке адам/юридикалык жак/жеке ишкер. Дебеттик карт - банктык эсептеги өздүк каражаттардын жана/же банктык эсебинде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда эмитент тарабынан берилген кредиттин эсебинен операцияларды жүргүзүү үчүн каралган карт (овердрафт). Овердрафт кызматы дебеттик карттар боюнча гана көрсөтүлөт. Карт ээси - эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде карттарды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү укугуна ээ, анын ичинде эсеп ээси-юридикалык жак/жеке ишкер тарабынан ыйгарым укук чегерилген жеке адам. Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (мындан ары - Процессинг борбору) - "ЭЛКАРТ" карттарын, ошондой эле башка системалардын, анын ичинде Процессинг борбору системасы менен интеграцияланган системалардын карттарын колдонуу аркылуу ишке ашырылган транзакциялардын процессинги/клиринги үчүн каралган Кыргыз Республикасынын "ЭЛКАРТ" улуттук төлөм системасынын аппараттык-программалык комплекси. Индент мөөр - карттын жеке таандыгын белгилөө ыкмасы, мында карттын бетине рельефсиз ар түрдүү символдор басылат, б.а. карттын бетиндеги символдор колго урунбайт. Карт-чек (чек) - транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналган жана анын ишке ашырылгандыгын тастыктаган, карттарды же аралыктан тейлөө инструменттерин колдонуу менен транзакцияларды ишке ашырууда аралыкта орнотулган жабдуу менен түзүлгөн кагаз жүзүндөгү жана/же электрондук түрдөгү документ. Алдамчылык тобокелдиктерине жол бербөө үчүн чекте карттын номери тууралуу толук маалымат болбоого тийиш. Ко-бейджингдик карт - эки төлөм системасынын алкагында чыгарылган карт. Ко-брендингдик карт - банк башка бир уюм/уюмдар менен бирге чыгарган карт. Кредиттик карт - банк кредиттик келишимдин шарттарына ылайык белгиленген лимиттин чегинде карт ээсине берген акча каражаттардын эсебинен алар боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлгөн операцияларды ишке ашыруу үчүн каралган карт. МФК/МККнын кредиттик карты – овердрафтты кошпогондо, террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен, кредиттерди накталай эмес формада, улуттук валютада берүү үчүн микрофинансылык уюм тарабынан чыгарылган, улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карты. Локалдык төлөм системасы - Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган карттарды пайдалануу менен эсептешүү системасы. Локалдык системалардын карттары, катышуучулар менен система ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу тейлениши мүмкүн. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы (эл аралык төлөм системасы) - ошол системалардын операторлорунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык эмитирленген жана тейленген эл аралык карттарды пайдалануу менен эсептешүү системасы. Көп факторлуу аутентификация - өркүндөтүлгөн аутентификация, мында пайдалануучу тиешелүү маалыматты алуу үчүн бир нече идентификаторду көрсөтүүсү талап кылынган контролдоо ыкмасы. Мобилдик POS-терминал (mPOS) - транзакция жүргүзүүгө мүмкүндүк берген, смартфондор/планшеттик компьютерлер жана башка жабдуулар үчүн каралган түзүлүш жана/же программалык камсыздоо. Улуттук карт - улуттук төлөм системасынын оператору менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын кайсыл болбосун эмитенти-резиденти тарабынан чыгарылган "ЭЛКАРТ" төлөм системасынын карты. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр боюнча улуттук төлөм системасы - Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун аппараттык-программалык комплексинин базасында иштеген, "ЭЛКАРТ" улуттук төлөм системасынын карттарын пайдалануу менен операциялар боюнча эсептешүү системасы. Жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсеп - жеке белгилерин көрсөтүүсүз баалуу металлдарды эсепке алуу жана баалуу металлдарды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды ишке ашыруу үчүн банк тарабынан ачылган эсеп. Овердрафт - кыска мөөнөттүү кредит формасы, ал банк менен карт ээси ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган сумманын жана шарттардын чегинде, кардардын эсебиндеги суммадан ашкан өлчөмдө төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга кардарга мүмкүндүк берет. Улуттук төлөм системасынын оператору - "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коому ("БПБ" ЖАК). Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүү системасынын оператору - Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксаты бар, банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын ишин камсыз кылган жана катышуучулар менен системага катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, ага ылайык оператор жана системанын катышуучулары өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системасынын алкагында жүргүзүүгө милдеттенишет. Төлөм QR-коду боюнча төлөө – эки өлчөмдүү штрих код белгилерин (QR-код) окуу аркылуу банктын/төлөм системасынын мобилдик тиркемесин же болбосо башка жабдууларды колдонуу менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөө Аралыкта орнотулган (эквайринг) жабдуулар – терминалдар, банкоматтар, төлөм терминалдары жана тиркемелер, депозиттик машиналар, мобилдик түзүлүштөр жана банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө, QR-коддору боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча техникалык инфраструктураны/инструментти жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин түзгөн башка жабдуулар. Персонализация - банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган идентификациялык маалыматтарды картка жана/же микропроцессордун эс тутумуна жана/же карттын магниттик тилкесине киргизүү жол-жобосу. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн төлөм системасы (картты пайдалануу менен эсептешүү системасы) - картты пайдалануу менен эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, стандарттардын, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы. Төлөм системалары локалдык, улуттук жана эл аралык болуп бөлүнөт. МФК/МККнын картын пайдалануучу - МФК/МКК ага түзүлгөн келишимге жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, МФК/МККнын кредиттик карттарына акча каражаттарын (кредит) берген жана ордун жабууну кабыл алган кардар (жеке адам/юридикалык жак). Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу - сатып өткөрүлгөн товарлар, аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр үчүн кардардын акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер. Алдын ала чыгарылган карт - банктын/МФК/МККнын филиалында (МФК/МККнын кредиттик карттары) карттын бетинде карт ээсинин аты-жөнүн көрсөтүүсүз жана 3 (үч) жылдан ашпаган мөөнөткө, ушул Жобонун жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү үчүн каралган дароо чыгарылуучу карт.
Алдын ала төлөнгөн карт - программалык-техникалык түзүлүштөр аркылуу электрондук акчаны товарларды/кызматтарды сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө жана нак акчага алмаштырууга мүмкүндүк берген төлөм инструменти. Карт, карт ээсинин электрондук акча эмитентине карата анын милдеттенмелери боюнча талап кылуу укугун күбөлөндүрөт. Процессинг - финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди камтыган лицензияланган иш. Процессинг борбору - процессингди жүзөгө ашырган юридикалык жак. Эсептешүү агенти - картты пайдалануу менен эсептешүү системасынын катышуучулары ортосунда акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылган уюм. Стоп-баракча - алар боюнча операциялардын бардык түрлөрү токтотулган же убактылуу токтотулган, блокировкаланган карттардын тизмеси. Терминал - бул карттан жана башка аралыктан тейлөө инструменттеринен маалыматтарды окуу аркылуу соода операцияларын жүргүзүүгө мүмкүндүк берген аппараттык-программалык комплекс. Терминал төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: POS-терминал; POS-терминал-ПВН; виртуалдуу POS-терминал, мобилдик POS-терминал жана ПВН-терминал. ПВН-терминал - бул карттардан жана башка аралыктан тейлөө инструменттеринен нак акча берүү, ички ченемдик документтерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо, банктын тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эсепке алуу менен, банктын бөлүмдөрүндө жана анын агенттеринде банктык эсептерин карт жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу толуктоо үчүн каралган терминал. Андан ары төлөмдү ишке ашыруу үчүн каралган ПВН-терминалы аркылуу акча алуу үчүн комиссия карт ээсине чегерилбөөгө тийиш. Соода-тейлөө ишканасы (ТСП) - бул юридикалык жак же жеке ишкер, ал эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык, өз товарлары/кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө, карт менен операция ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ түзүү менен акча каражаттарын берүү үчүн карттарды кабыл алат. Банктык карттардагы акча каражаттар коммерциялык банктар менен агенттик келишим түзүлгөн шартта жана Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча агенттин карт ээлерин жеңилдетилген шарттарда идентификациялоо жана верификациялоо боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруу жагында мыйзам талаптары сакталган шартта, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген лимиттерге ылайык гана берилиши мүмкүн. Транзакция - картты жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин пайдалануу менен ишке ашырылган операция (мисалы товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, акча каражаттарын которуу, валюталарды алмаштыруу же нак акча каражаттарын алуу), анын натыйжасында карт ээсинин эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы өзгөрөт. Картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары - эмитент, карт ээси, эквайер, соода-тейлөө ишканалары, процессинг борбору жана эсептешүү агенти. Чарджбек - кайтарылуучу же талап кылынуучу төлөм, эмитенттин төлөм системасынын эрежелерин бузуу менен ишке ашырылган транзакциялар боюнча төлөмдү ишке ашыруудан баш тартуу (транзакцияны териштирүү). Чарджбек регламентте белгиленген аткаруу мөөнөтү ичинде тиешелүү төлөм системасынын эрежелерине ылайык талап кылынган документтерди тариздөө менен талаш келип чыккан суммага эквайердин эсебин дебеттөө аркылуу ишке ашырылат. Эквайер - технологияларга жана тиешелүү төлөм системаларынын ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу авторизациялоо жана транзакцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган, аралыкта орнотулган жабдуулардын ээси болуп саналган банк, төлөм уюму, микрофинансылык компания, микрокредиттик компания. Эквайринг - соода-тейлөө ишканалары менен тиешелүү төлөм системаларынын эрежелерине ылайык товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү жөнүндө келишимдердин негизинде банктык төлөм карттарын жана башка төлөм инструменттерин/технологияларын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча аралыкта орнотулган жабдуулар тармагына ээлик кылууга жана тейлөөгө байланышкан иш. Төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган инструменттерге жараша, эквайринг төмөнкү негизги түрлөргө бөлүнөт: Соода эквайринги – түзүлгөн келишимдин негизинде, ар башка төлөм инструменттерин колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү үчүн POS-терминалдарды жана башка аралыкта жайгаштырылуучу жабдууларды орнотуу боюнча соода-тейлөө ишканалары үчүн эквайер тарабынан сунушталуучу кызмат.» Интернет-эквайринг – төлөм маалыматын өткөрүүнү камсыз кылган жана анын купуялуулугун сактаган атайын веб-интерфейс аркылуу электрондук соода платформаларында жана интернет-дүкөндөрүндө сатылуучу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм карттарын жана электрондук акчаны колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча эквайердин кызматы. Мобилдик эквайринг – мобилдик телефон же планшетти колдонуу менен мобилдик тиркеме жана атайын мобилдик POS-терминалы (mPOS-терминал) аркылуу төлөм карттарын пайдалануу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча эквайердин кызматы Эмбоссирлөө - картка рельефтик белгилер түрүндө маалыматтарды чагылдыруу. Карттарды эмиссиялоо - эмитент аларды андан ары таркатуу үчүн карттарды чыгаруу иши. Эмитент - технологияларга жана тиешелүү төлөм системасынын эрежелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карттарды чыгарган банк жэ МФК/МКК. CVV2-код (Card verification value) - интернет аркылуу төлөөдө жана башка операцияларды жүзөгө ашырууда карттын аныктыгын текшерүү үчүн каралган үч сандан турган код. PIN-код (Personal identification number) - операцияны аткаруу үчүн колдонуучунун аныктыгын тастыктоого мүмкүндүк берген жеке идентификациялык номер. POS-терминалы (Point of sale) - соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, ошондой эле карт жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу банк эсебин толуктоо үчүн каралган терминал. POS-терминал-ПВН - эки функцияны аткарган терминал: POS-терминал жана ПВН-терминал. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
3-глава. Карттарды пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүү тартиби |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
13. Карттын бетинде төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылууга тийиш: эмитенттин аталышы, карттын номери, карт ээсинин аты-жөнү, компаниянын аталышы (юридикалык жактардын/жеке ишкерлердин эсептерине байланыштырылган карт үчүн, эгерде колдонулса), картты колдонуу мөөнөтү, төлөм системасына таандыгы жана тиешелүү төлөм системасынын талаптарында каралган башка реквизиттер көрсөтүлүүгө тийиш. Бул пункттун талаптары банк ичиндеги бир эмитенттүү жабык системаларга жана виртуалдык карттарга таркатылбайт. Эгерде карт алдын ала чыгарылган карт болсо анда карт ээсин банк-эмитентте/БФКУда идентификациялоо учурунда, карт ээсинин аты-жөнү көрсөтүлбөшүнө жол берилет. Аралыкта орнотулган жабдуулар жана төлөм системасынын катышуучуларынын мобилдик тиркемелери аркылуу алдын ала чыгарылган карт аркылуу транзакцияларды жүргүзүү PIN-кодду, паролдорду же аутентификациялоонун башка ыкмаларын колдонуу менен жүзөгө ашырылат. Ошол эле учурда, эмитент алдын ала чыгарылган карт ээсине PIN-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына жана төлөө системасынын эрежелерине ылайык, бир кардарга тобокелдик даражасынын (деңгээлинин) критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. |
13. Карттын бетинде төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылууга тийиш: эмитенттин аталышы, карттын номери, карт ээсинин аты-жөнү, компаниянын аталышы (юридикалык жактардын/жеке ишкерлердин эсептерине байланыштырылган карт үчүн, эгерде колдонулса), картты колдонуу мөөнөтү, төлөм системасына таандыгы жана тиешелүү төлөм системасынын талаптарында каралган башка реквизиттер көрсөтүлүүгө тийиш. Бул пункттун талаптары банк ичиндеги бир эмитенттүү жабык системаларга жана виртуалдык карттарга таркатылбайт. Эгерде карт алдын ала чыгарылган карт болсо анда карт ээсин эмитент идентификациялоо учурунда, карт ээсинин аты-жөнү көрсөтүлбөшүнө жол берилет. Аралыкта орнотулган жабдуулар жана төлөм системасынын катышуучуларынын мобилдик тиркемелери аркылуу алдын ала чыгарылган карт аркылуу транзакцияларды жүргүзүү PIN-кодду, паролдорду же аутентификациялоонун башка ыкмаларын колдонуу менен жүзөгө ашырылат. Ошол эле учурда, эмитент алдын ала чыгарылган карт ээсине PIN-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына жана төлөө системасынын эрежелерине ылайык, бир кардарга тобокелдик даражасынын (деңгээлинин) критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
14. Карт ээсинин банк эсеби нак жана нак эмес акча каражаттары, ошондой эле эмитент жана эсеп ээси ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, эсеп ачуусуз акча которуу жана банктык операцияларды жүргүзүү аркылуу толтурулат. БФКУнун кредиттик картын эсеп ачуусуз акча которуу системасы боюнча толуктоого кредит боюнча карызды чогуу алганда карыздын суммасынан ашпаган суммада, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык кардарды талапка ылайык текшерүү чараларын колдонуу менен төлөө максатында гана уруксат берилет. БФКУнун кредиттик картын кредиттик келишимде каралгандан башка максаттарда толуктоого жол берилбейт. |
14. Карт ээсинин банк эсеби нак жана нак эмес акча каражаттары, ошондой эле эмитент жана эсеп ээси ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, эсеп ачуусуз акча которуу жана банктык операцияларды жүргүзүү аркылуу толтурулат. МФК/МККнын кредиттик картын эсеп ачуусуз акча которуу системасы боюнча ошондой эле МФК/МККлардын/банктардын кассалары, төлөм терминалдары, банкоматтар аркылуу жана башка ыкмалар менен толуктоого кредит боюнча карызды чогуу алганда карыздын суммасынан ашпаган суммада, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык кардарды талапка ылайык текшерүү чараларын колдонуу менен төлөө максатында гана уруксат берилет. МФК/МККнын кредиттик картын кредиттик келишимде каралгандан башка максаттарда толуктоого жол берилбейт. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
15. Карт ээси эмитент менен түзгөн келишимге ылайык карт аркылуу төмөнкүлөрдү ишке ашырууга укуктуу: - соода-тейлөө ишканаларында сатылып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө, интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүү; - банкоматтардан/ПВН-терминалдарында жана банктын агенттеринен нак акча каражаттарын алуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсебинен алуучунун эсебине (карттан картка же электрондук капчыкка) акча каражаттарын которуу; - акча которууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча которуу системалары аркылуу жүзөгө ашыруу; - төлөмдөрдү аралыктан тейлөө системалары аркылуу жүргүзүү; - банктардын кассасы, банктык кеңири чекене кызмат көрсөткөн агенттер, төлөм терминалдары, банкоматтар, акча которуу системалары жана электрондук капчыктар аркылуу картты толуктоо. |
15. Карт ээси эмитент менен түзгөн келишимге ылайык карт аркылуу төмөнкүлөрдү ишке ашырууга укуктуу: - соода-тейлөө ишканаларында сатылып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө, интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүү; - банкоматтардан/ПВН-терминалдарында жана банктын агенттеринен нак акча каражаттарын алуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсебинен алуучунун эсебине (карттан картка же электрондук капчыкка) акча каражаттарын которуу; - акча которууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча которуу системалары аркылуу жүзөгө ашыруу; - төлөмдөрдү аралыктан тейлөө системалары аркылуу жүргүзүү; - банктардын кассасы, банктык кеңири чекене кызмат көрсөткөн агенттер, төлөм терминалдары, банкоматтар, акча которуу системалары жана электрондук капчыктар аркылуу картты толуктоо. 15-2. МФК/МККнын кредиттик картасын пайдалануучу төмөнкү операцияларды гана жүзөгө ашырууга укуктуу:: - - - - соода-сервистик ишканалардан сатып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, Интернет-сатып алуулар үчүн акы төлөө; -чыгарылган кредиттик картага кредиттик лимиттин чегинде банкоматтар/терминалдар-НБП жана банктардын агенттеринен накталай акча каражаттарын алуу; - - МФК/МККлардын, банктардын кассалары, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштаган агенттер, төлөм терминалдары, банкоматтар, акча которуу системалары жана электрондук капчыктар аркылуу кредитти төлөө үчүн төлөм карталарын толуктоону жүргүзсүн. 15-3. МФК/МККнын кредиттик картасы аркылуу картаны пайдалануучу төмөнкү шарттарда картанын кредиттик лимитин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот: - карттар боюнча дебеттик (Чыгыш) операциялар белгиленген кредиттик лимиттин чегинде жүргүзүлүшү мүмкүн, - кредиттик (кириш) операциялар кредит боюнча утурумдук жана / же келечектеги төлөмдөрдү төлөө эсебинен гана жүргүзүлүшү мүмкүн; - кредит толук төлөнгөн учурда, ашыкча төлөнгөн сумма кардарга ашыкча төлөнгөн сумма келип чыккан учурдан тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде картаны пайдалануучунун тандоосу боюнча төмөнкү ыкмалардын бири менен төлөнүүгө (берилүүгө) тийиш: 1) МФКнын жана МККнын кассасы аркылуу накталай формада; 2) пайдалануучу тарабынан кредиттик келишимде көрсөтүлгөн банктык эсепке накталай эмес формада; 3) колдонуучунун электрондук капчыгына; 4) пайдалануучунун телефон номеринин өздүк эсебине (балансына) (10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммага гана). Мында картадагы оң калдыктарга контролдук жана жөнгө салуу МФК/МКК системасы тарабынан камсыз кылынууга тийиш. Кредиттин ордун жабуу МФК/МКК менен карыз алуучунун ортосунда накталай же накталай эмес формада түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык жүзөгө ашырылат. 15-4. МФК/МКК кредиттин максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүп, Улуттук банктын кредиттик каражаттарды пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде анализдөөлөрдү жүргүзөт. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
19. Жыйынтыктап эсептешүү жүргүзүлгөндөн кийин төлөм жаңылыш же санкциясыз катары таанылган учурда, төлөм системасында карт ээсине анын банктык эсебине акча каражаттарын милдеттүү түрдө кайтаруу жана мындай төлөмдөр боюнча талаш маселелерди андан ары жөнгө салуу боюнча өзүнчө жол-жобо жана БФКУнун кредиттик картын пайдаланган, банктык эсеби жок карт ээлерине, анын ичинде мобилдик тиркемелер жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча акча каражаттарын кайтаруу боюнча өзүнчө жол-жобо каралууга тийиш. Талаш маселени жөнгө салуу мезгилинде акча каражаттарынын талаш жараткан суммасы карт ээсинин банктык эсебинде жана БФКУнун эсептешүү (ссуда) эсебинде блокировкаланышы мүмкүн. Эмитент жана карт ээси, эмитент жана БФКУ жана БФКУнун кредиттик картын пайдалануучулар ортосунда талаш маселелерди чечүү шарттары, мындай операциялар боюнча айыптык санкциялар алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде, ошондой эле тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде белгиленүүгө тийиш. Карт ээси жана соода-тейлөө ишканалары ортосунда талаш маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат жана ал системанын эрежелеринин жана келишимдеринин негизинде жөнгө салуу бөлүгү болуп саналбайт. |
19. Жыйынтыктап эсептешүү жүргүзүлгөндөн кийин төлөм жаңылыш же санкциясыз катары таанылган учурда, төлөм системасында карт ээсине анын банктык эсебине акча каражаттарын милдеттүү түрдө кайтаруу жана мындай төлөмдөр боюнча талаш маселелерди андан ары жөнгө салуу боюнча өзүнчө жол-жобо жана МФК/МККнын кредиттик картын пайдаланган, банктык эсеби жок карт ээлерине, анын ичинде мобилдик тиркемелер жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча акча каражаттарын кайтаруу боюнча өзүнчө жол-жобо каралууга тийиш. Талаш маселени жөнгө салуу мезгилинде акча каражаттарынын талаш жараткан суммасы карт ээсинин банктык эсебинде жана МФК/МККнын эсептешүү (ссуда) эсебинде блокировкаланышы мүмкүн. Эмитент жана карт ээси, эмитент МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучулар ортосунда талаш маселелерди чечүү шарттары, мындай операциялар боюнча айыптык санкциялар алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде, ошондой эле тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде белгиленүүгө тийиш. Карт ээси жана соода-тейлөө ишканалары ортосунда талаш маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат жана ал системанын эрежелеринин жана келишимдеринин негизинде жөнгө салуу бөлүгү болуп саналбайт. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
4-глава. Эмитентке карата талаптар |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
21. Банк кардардардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана аларды кассалык тейлөө, ошондой эле кредиттик жана төлөм карттарын кошо алганда, төлөм документтерин чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо иштерин жүзөгө ашыруу укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген банктык лицензияга ээ болгон учурда гана эмитент болушу мүмкүн, бул учурда ал карттарды чыгарып, жайылтууну жүзөгө ашыра алат. Банк тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен системага катышуу келишимин түзүүгө жана ошол операцияны ишке ашырууга андан уруксат алууга тийиш (ички банктык бир эмитенттик системадан тышкары). |
21. Банк болуп саналган эмитент кардардардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана аларды кассалык тейлөө, ошондой эле кредиттик жана төлөм карттарын кошо алганда, төлөм документтерин чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо иштерин жүзөгө ашыруу укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген банктык лицензияга ээ болгон учурда гана эмитент болушу мүмкүн, бул учурда ал карттарды чыгарып, жайылтууну жүзөгө ашыра алат. МФК/МКК болуп саналган Эмитент Улуттук банк тарабынан микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларды лицензиялоо тартибине ылайык берилген лицензияда тиешелүү операциялар көрсөтүлгөн шартта гана МФК/МККнын кредиттик карталарын чыгарууну жана жайылтууну жүзөгө ашыра алат. Эмитент тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен системага катышуу келишимин түзүүгө жана ошол операцияны ишке ашырууга андан уруксат алууга тийиш (ички банктык бир эмитенттик системадан тышкары). МФК/МККнын кредиттик карттары улуттук төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишимге ылайык, банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөр боюнча улуттук төлөм системасынын алкагында гана чыгарылышы мүмкүн. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
22. Тиешелүү төлөм системасынын карттарынын эмиссиясын баштаган банк, белгиленген формада (ушул жобого карата биринчи тиркеме) ал тууралуу тиешелүү уруксаттын көчүрмөсүн жана төлөм системасы менен түзүлгөн келишимди кошо тиркөө менен Улуттук банкка карт эмиссиясы иш жүзүндө башталганга чейинки кеминде бир ай мурда билдирүүгө тийиш. Билдирмеде пландаштырылган карттар эмиссиясы, операциянын масштабы жана мүнөзү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Банк карт эмиссиясын токтоткон учурда Улуттук банкка, алар менен түзүлгөн келишим шарттарына ылайык операторго жана өз кардарларына белгиленген формада (ушул жобого карата 1-тиркеме) карт эмиссиясы айкын токтотулганга чейин кеминде бир ай мурда маалымдоого тийиш. |
22. Тиешелүү төлөм системасынын карттарынын эмиссиясын баштаган Эмитент, белгиленген формада (ушул жобого карата биринчи тиркеме) ал тууралуу тиешелүү уруксаттын көчүрмөсүн жана төлөм системасы менен түзүлгөн келишимди кошо тиркөө менен Улуттук банкка карт эмиссиясы иш жүзүндө башталганга чейинки кеминде бир ай мурда билдирүүгө тийиш. Билдирмеде пландаштырылган карттар эмиссиясы, операциянын масштабы жана мүнөзү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Эмитент карт эмиссиясын токтоткон учурда Улуттук банкка, алар менен түзүлгөн келишим шарттарына ылайык операторго жана өз кардарларына белгиленген формада (ушул жобого карата 1-тиркеме) карт эмиссиясы айкын токтотулганга чейин кеминде бир ай мурда маалымдоого тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
23. Банк эмитирленген карттардын түрлөрүн (локалдык, улуттук, эл аралык), ошол карттарды пайдалануу менен сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин жана аларды тиешелүү төлөм системасынын регламентинин жана иш тартибинин негизинде кардарларга сунуштоо шарттарын өз алдынча аныктайт. |
23. Эмитент, ушул Жободо каралган учурларды эске албаганда, эмитирленген карттардын түрлөрүн (локалдык, улуттук, эл аралык), ошол карттарды пайдалануу менен сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин жана аларды тиешелүү төлөм системасынын регламентинин жана иш тартибинин негизинде кардарларга сунуштоо шарттарын өз алдынча аныктайт. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
25. Банк төмөнкүдөй ар түрдүү эсептешүү схемаларына (программаларына) ээ карттарды чыгарышы мүмкүн: дебеттик, дебет-кредиттик, кредиттик, алдын ала чыгарылган, алдын ала төлөнгөн, ко-бейджингдик жана/же ко-брендингдик, жана ошондой эле виртуалдык. БФКУнун кредиттик карттары банк тарабынан ушул Жобонун 35-1-пунктуна ылайык чыгарылат. |
25. Банк төмөнкүдөй ар түрдүү эсептешүү схемаларына (программаларына) ээ карттарды чыгарышы мүмкүн: дебеттик, дебет-кредиттик, кредиттик, алдын ала чыгарылган, алдын ала төлөнгөн, ко-бейджингдик жана/же ко-брендингдик, жана ошондой эле виртуалдык. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
27. Карттарды чыгарган банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоого милдеттүү. |
27. Карттарды чыгарган эмитент террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоого милдеттүү. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
28. Банк карт ээлерине эсепке алуунун шарттуу бирдиктери менен (литр, килограмм, даана ж.б.) операцияларды жүзөгө ашыруу аркылуу ар кандай финансылык эмес программаларга же айрым бир кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо менен аларды эсепке алуу системаларына (жеңилдиктер, бонустар ж.б. кызмат көрсөтүүлөр) катышууга өбөлгө түзгөн карттарды чыгарышы мүмкүн. Бул финансылык эмес программалар эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үчүнчү жактардын катышуусунда ишке ашырылышы мүмкүн. |
28. Банк карт ээлерине эсепке алуунун шарттуу бирдиктери менен (литр, килограмм, даана ж.б.) операцияларды жүзөгө ашыруу аркылуу ар кандай финансылык эмес программаларга же айрым бир кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо менен аларды эсепке алуу системаларына (жеңилдиктер, бонустар ж.б. кызмат көрсөтүүлөр) катышууга өбөлгө түзгөн карттарды чыгарышы мүмкүн. Бул финансылык эмес программалар эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үчүнчү жактардын катышуусунда ишке ашырылышы мүмкүн. 28-1. МФК/МККнын кредиттик карты анда кредиттик лимит белгиленген учурга чейин активдүү болбоого тийиш. 28-2. МФК/МККнын кредиттик картынын балансы, белгиленген кредиттик лимиттин алкагында картты пайдалануучу тарабынан чыгыштоо операцияларын жүргүзүүдө терс баланстын келип чыгышы менен шарттуу түрдө нөлгө барабар болууга тийиш. 28-3. Бир карт боюнча кредиттик лимиттин өлчөмү 2000 (эки миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. 28-4. МФК/МКК кардарга кредитти накталай эмес формада алуу үчүн бир гана кредиттик карт берүүгө укуктуу. Кредиттик карты башка насыяны накталай эмес түрдө берүү үчүн, мурун берилген кредит толугу менен төлөнгөндөн кийин гана колдонсо болот. 28-5. Кредиттик карт боюнча операцияларды МФК/МКК Улуттук банктын микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, өзүнүн автоматташтырылган системасында эсепке алат. 28-6. МФК/МКК кредиттик карт аркылуу берилген кредиттик каражаттардын жалпы суммасынын МФК/МККнын коммерциялык банктагы эсебиндеги өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн каралган каражаттардын суммасынан ашып кетишине жол бербөө үчүн тиешелүү мониторингди камсыз кылууга тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
5-глава. Банктык төлөм карттарды эмиссиялоо тартиби |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
29. Эмитент картты чыгарып, эсеп ээсинин тиешелүү өтүнүч катынын жана эсеп ээси менен түзүлгөн банктык эсеп келишиминин негизинде карт ээсине картты берет. Банктык төлөм карты эмитенттин менчиги болуп саналат жана ал карт ээсине келишимдин шарттарына ылайык пайдаланууга берилет, картты колдонуу мөөнөтү аяктаганда же кардардын банктык эсеби жабылган шартта карт эмитент тарабынан блокировкаланат/алынат. Картты берүүдө банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды идентификациялоо жана верификациялоону жүргүзөт. Карт ээсине PIN-кодду, виртуалдык картты берүү (карттын, PIN-коддун реквизиттери жана башка маалыматтар) коопсуздук чараларын сактоо учурунда эмитенттин ички ченемдик документтеринде жана төлөм системасынын эрежелеринде белгиленет. Банк тарабынан БФКУ үчүн чыгарылган кредиттик карттар эмитенттин менчиги болуп саналат, бул банк менен БФКУ ортосунда түзүлгөн келишимде каралууга тийиш. Карттарды андан ары пайдалануу үчүн кардарларга берүү жана колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин же тейленбей калган учурда колдонуудан чыгаруу процесси БФКУ тарабынан жүзөгө ашырылат. |
29. Эмитент картты чыгарып, эсеп ээсинин тиешелүү өтүнүч катынын жана эсеп ээси менен түзүлгөн банктык эсеп келишиминин негизинде карт ээсине картты берет. Банктык төлөм карты эмитенттин менчиги болуп саналат жана ал карт ээсине келишимдин шарттарына ылайык пайдаланууга берилет, картты колдонуу мөөнөтү аяктаганда же кардардын банктык эсеби жабылган шартта карт эмитент тарабынан блокировкаланат/алынат. Картты берүүдө банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды идентификациялоо жана верификациялоону жүргүзөт. Карт ээсине PIN-кодду, виртуалдык картты берүү (карттын, PIN-коддун реквизиттери жана башка маалыматтар) коопсуздук чараларын сактоо учурунда эмитенттин ички ченемдик документтеринде жана төлөм системасынын эрежелеринде белгиленет. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
31. Келишим түзүүдө жана банктык эсеп ачууда эмитент, БФКУ аларды террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына ылайык идентификациялаган БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуларды эске албаганда, карт ээлерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген "Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун 1-тиркемесинде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун 1-тиркемесинде белгиленген "өз кардарыңды бил" саясатынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү. БФКУнун кардарынын идентификациялоо маалыматтары анын кредиттик картынын номерине байланыштырылууга тийиш. 31-1. Эмитент БФКУ үчүн карттарды чыгарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Кардарды талапка ылайык текшерүү тартиби жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) токтому менен бекитилген "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жоболорго ылайык, БФКУ менен анын кардарларын талапка ылайык текшерүү жана үчүнчү тараптарга ишеним артуу боюнча келишим түзүүгө тийиш. |
31. Келишим түзүүдө жана банктык эсеп ачууда эмитент, карт ээлерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун 1-тиркемесинде белгиленген «өз кардарыңды бил» саясатынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун 1-тиркемесинин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү.
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
32. Эмитент жана БФКУ картты берүү жөнүндө өтүнүч катка кол койгонго жана келишим түзгөнгө чейин карт ээсин/БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуну төмөнкүлөр менен тааныштырууга милдеттүү: - келишим шарттары менен; - картты коопсуз пайдалануу эрежелери менен; - сунушталган кызматтар үчүн тарифтер менен; - карт ээси анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы менен; - ар бир ишке ашырылган транзакция жөнүндө маалымат алуу, кардардын эсебинен санкциясыз пайдаланууга жол бербөө максатында карттарды блокировкалоо ыкмалары менен; - иш убактысынан тышкары жана дем алыш күндөрү (майрам күндөрү) банк жана БФКУ менен байланышуусу үчүн байланыш маалыматтары менен; - БФКУнун кредиттик карттарына акча каражаттарын чегерүү мөөнөтү жана пайыздарды эсептөө учуру жөнүндө (акча каражаттары түшкөн күндөн тартып/карттан акча каражаттарын чыгарган күндөн тартып/товарларды же кызматтарды сатып алууга багытталган акча каражаттарын которгон күндөн тартып); - кредит дем алыш же майрам күндөрү нак эмес формада төлөнө турган болсо, кредитти төлөө тартиби менен; - карт жоголгон учурда, банктын/БФКУнун кассасынан акча каражаттарын берүү тартиби менен. Банктын/БФКУнун кардары кат жүзүндө же аралыктан банктык тейлөөнү колдонуу менен көрсөтүлгөн маалыматты алгандыгын тастыктайт. Картты коопсуз пайдалануу эрежелери келишимде каралууга же ага кошо тиркелүүгө тийиш. |
32. Эмитент картты берүү жөнүндө өтүнүч катка кол койгонго жана келишим түзгөнгө чейин карт ээсин/кредиттик карттарды пайдалануучуну төмөнкүлөр менен тааныштырууга милдеттүү: - келишим шарттары менен; - картты коопсуз пайдалануу эрежелери менен; - сунушталган кызматтар үчүн тарифтер менен; - карт ээси МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучуну эске албаганда, анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы менен; - ар бир ишке ашырылган транзакция жөнүндө маалымат алуу, кардардын эсебине санкциясыз кирүүгө жол бербөө максатында карттарды блокировкалоо ыкмалары менен; - иш убактысынан тышкары жана дем алыш күндөрү (майрам күндөрү) картты чыгарган эмитент менен байланышуу үчүн байланыш маалыматтары менен; - кредиттик карттарына, анын ичинде МФКнын/МККнын кредиттик карттарына акча каражаттарын чегерүү мөөнөтү жана пайыздарды чегерүү учуру менен (акча каражаттары түшкөн күндөн тартып/карттан акча каражаттарын чыгарган күндөн тартып/товарларды же кызматтарды сатып алууга багытталган акча каражаттарын которгон күндөн тартып); - кредит дем алыш же майрам күндөрү нак эмес формада төлөнө турган болсо, кредитти төлөө тартиби менен; - карт жоголгон учурда, банктын/МФКнын/МККнын кассасынан акча каражаттарын берүү тартиби менен. Банктын/МФКнын/МККнын кардары жазуу жүзүндө же аралыктан банктык тейлөөнү колдонуу менен көрсөтүлгөн маалыматты алгандыгын тастыктайт. Картты коопсуз пайдалануу эрежелери келишимде каралууга же ага кошо тиркелүүгө тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
33. Картты берүү учурунда карттар боюнча сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй милдеттүү шарттары банктык эсеп келишиминде чагылдырылат: 1) эсеп ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтери) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн эсеп ээсинин башка маалыматтары; 2) карт ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтин маалыматтарын) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн карт ээсинин башка маалыматтары; 3) карт ээсинин жана эмитенттин карт менен ишке ашырылган операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 4) карт ээси төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдөрдүн түрү жана өлчөмү, ошондой эле кардарларды тарифтердин, карттын колдонуу мөөнөтүнүн өзгөрүшү же картты пайдалануунун башка шарттары, жаңы продукттар жана башка маалымат тууралуу маалымдоо тартиби; 4-1) карта ээси анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы, ошондой эле конвертациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө кардарларга алмашуу курсу жөнүндө маалымдоо тартиби; 5) эмитент тарабынан акча каражаттарынын жылышы жана банк эсебиндеги калдыктар жөнүндө көчүрмөлөрдү берүү ыкмасы жана мөөнөтү жөнүндө; 6) карт ээси тарабынан коопсуздуктун сакталышы боюнча негизги талаптар (PIN-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголуп же уурдалып кеткен учурда карт ээсинин көргөн аракеттери); 7) карттын жоголушу, уурдалып кетиши же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан алардын пайдаланышы жөнүндө эмитентке маалымдоо жол-жобосу; 8) карттар жоголуп, уурдалып же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан санкциясыз операцияларды кошо алганда пайдаланылган учурда жоопкерчиликтерди тараптар ортосунда бөлүштүрүү; 9) эмитент тарабынан карттын блокировкаланышы жана аны алып коюу шарттары; 10) коопсуздук жол-жоболорун же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берген учурда тобокелдиктердин жана жоопкерчиликтердин тараптар ортосунда бөлүштүрүлүшү; 11) талаш маселелерди/ даттанууларды кароо тартиби; 12) келишимди токтотуу жана картты жокко чыгаруу тартиби. Эмитент карт ээсине PIN-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына жана төлөө системасынын эрежелерине ылайык, бир кардарга тобокелдик даражасынын (деңгээлинин) критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Мында, бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. Эмитент жогорку деңгээлдеги тобокелдик менен операциялардын болушу тууралуу карт ээлерине маалымдоого тийиш, системанын эрежелерине ылайык алар боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү мүмкүн эмес жана/же дооматтарды кароо иши каралган эмес. Мындай операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү блокко түшүрүлүүгө жана карт ээсинин талабы жана макулдугу боюнча гана берилүүгө тийиш. Карт продукттарын бөлүштүрүү жана кеңири жайылтуу максатында, карттын өзүндө билдирүү болгон шартта жогорку деңгээлдеги тобокелдикти камтыган операцияларга берилген көрсөткүчтөр боюнча туташтыруу жана карт ээсине билдиргенде жана макулдугу менен виртуалдык карттарды чыгарууга жол берилет. Мындай карттарды утурумдук төлөөлөрдүн (эмгек акы долбоорлору, пенсиялар, жөлөк пулдар, депозит төлөө ж.б.у.с.) алкагында колдонууга болбойт. Келишимде кошумча шарттар да каралышы мүмкүн. |
33. Банк тарабынан Картты берүү учурунда карттар боюнча сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй милдеттүү шарттары банктык эсеп келишиминде чагылдырылат: 1) эсеп ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтери) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн эсеп ээсинин башка маалыматтары; 2) карт ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтин маалыматтарын) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн карт ээсинин башка маалыматтары; 3) карт ээсинин жана эмитенттин карт менен ишке ашырылган операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 4) карт ээси төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдөрдүн түрү жана өлчөмү, ошондой эле кардарларды тарифтердин, карттын колдонуу мөөнөтүнүн өзгөрүшү же картты пайдалануунун башка шарттары, жаңы продукттар жана башка маалымат тууралуу маалымдоо тартиби; 4-1) карта ээси анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы, ошондой эле конвертациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө кардарларга алмашуу курсу жөнүндө маалымдоо тартиби; 5) эмитент тарабынан акча каражаттарынын жылышы жана банк эсебиндеги калдыктар жөнүндө көчүрмөлөрдү берүү ыкмасы жана мөөнөтү жөнүндө; 6) карт ээси тарабынан коопсуздуктун сакталышы боюнча негизги талаптар (PIN-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголуп же уурдалып кеткен учурда карт ээсинин көргөн аракеттери); 7) карттын жоголушу, уурдалып кетиши же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан алардын пайдаланышы жөнүндө эмитентке маалымдоо жол-жобосу; 8) карттар жоголуп, уурдалып же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан санкциясыз операцияларды кошо алганда пайдаланылган учурда жоопкерчиликтерди тараптар ортосунда бөлүштүрүү; 9) эмитент тарабынан карттын блокировкаланышы жана аны алып коюу шарттары; 10) коопсуздук жол-жоболорун же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берген учурда тобокелдиктердин жана жоопкерчиликтердин тараптар ортосунда бөлүштүрүлүшү; 11) талаш маселелерди/ даттанууларды кароо тартиби; 12) келишимди токтотуу жана картты жокко чыгаруу тартиби. Эмитент карт ээсине PIN-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына жана төлөө системасынын эрежелерине ылайык, бир кардарга тобокелдик даражасынын (деңгээлинин) критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Мында, бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. Эмитент жогорку деңгээлдеги тобокелдик менен операциялардын болушу тууралуу карт ээлерине маалымдоого тийиш, системанын эрежелерине ылайык алар боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү мүмкүн эмес жана/же дооматтарды кароо иши каралган эмес. Мындай операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү блокко түшүрүлүүгө жана карт ээсинин талабы жана макулдугу боюнча гана берилүүгө тийиш. Карт продукттарын бөлүштүрүү жана кеңири жайылтуу максатында, карттын өзүндө билдирүү болгон шартта жогорку деңгээлдеги тобокелдикти камтыган операцияларга берилген көрсөткүчтөр боюнча туташтыруу жана карт ээсине билдиргенде жана макулдугу менен виртуалдык карттарды чыгарууга жол берилет. Мындай карттарды утурумдук төлөөлөрдүн (эмгек акы долбоорлору, пенсиялар, жөлөк пулдар, депозит төлөө ж.б.у.с.) алкагында колдонууга болбойт. Келишимде кошумча шарттар да каралышы мүмкүн. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
33-1. БФКУнун кредиттик карттарын берүүдө карттар боюнча кызматтарды сунуштоого тиешелүү төмөнкү милдеттүү шарттар БФКУнун картын пайдалануучу менен түзүлгөн келишимде чагылдырылууга тийиш: 1) БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу жөнүндө жеке маалыматтар (аты-жөнү, паспорттук маалыматтар (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документте көрсөтүлгөн маалыматтар); 2) БФКУнун өз кардарлары алдында БФКУнун кредиттик карты менен операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги; 3) БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдүн түрлөрү жана өлчөмү, ошондой эле тарифтердин өзгөртүлүшү, картты колдонуу мөөнөтү же картты пайдалануунун башка шарттары, жаңы продукттар жөнүндө маалымдоо тартиби жана башка маалымат; 3-1) карта ээси анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы, ошондой эле конвертациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө кардарларга алмашуу курсу жөнүндө маалымдоо тартиби; 4) картты пайдалануучулардын коопсуздугун сактоо боюнча негизги талаптар (PIN-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголгон же уурдалган учурдагы иш-аракеттер); 5) БФКУга карт жоголгондугу, уурдалгандыгы же ыйгарым укугу жок адам тарабынан пайдаланылгандыгы тууралуу фактыны маалымдоо жол-жобосу; 6) карт жоголгон, уурдалган же ыйгарым укугу жок адам тарабынан пайдаланылган, анын ичинде санкциясыз операцияларына жол берилген учурларда жоопкерчиликти тараптар ортосунда бөлүштүрүү; 7) БФКУнун картын блокировкалоо жана колдонуудан чыгаруу шарттары; 8) коопсуздук жол-жоболорун же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берилген учурларда тараптар ортосунда тобокелдиктерди жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү; 9) талаш маселелерди/даттанууларды кароо тартиби; 10) келишимди токтотуу жана БФКУнун кредиттик картын жокко чыгаруу тартиби; 11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча шарттар. |
33-1. МФК/МККнын кредиттик карттарын берүүдө карттар боюнча кызматтарды сунуштоого тиешелүү төмөнкү милдеттүү шарттар МФК/МККнун картын пайдалануучу менен түзүлгөн келишимде чагылдырылууга тийиш: 1) МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучу жөнүндө жеке маалыматтар (аты-жөнү, паспорттук маалыматтар (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документте көрсөтүлгөн маалыматтар); 2) МФК/МККнун өз кардарлары алдында МФК/МККнын кредиттик карты менен операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги; 3) МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучу төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдүн түрлөрү жана өлчөмү, ошондой эле тарифтердин өзгөртүлүшү, картты колдонуу мөөнөтү же картты пайдалануунун башка шарттары, жаңы продукттар жөнүндө маалымдоо тартиби жана башка маалымат;
4) картты пайдалануучулардын коопсуздугун сактоо боюнча негизги талаптар (PIN-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголгон же уурдалган учурдагы иш-аракеттер); 5) МФК/МККга карт жоголгондугу, уурдалгандыгы же ыйгарым укугу жок адам тарабынан пайдаланылгандыгы тууралуу фактыны маалымдоо жол-жобосу; 6) карт жоголгон, уурдалган же ыйгарым укугу жок адам тарабынан пайдаланылган, анын ичинде санкциясыз операцияларына жол берилген учурларда жоопкерчиликти тараптар ортосунда бөлүштүрүү; 7) МФК/МККнын картын блокировкалоо жана колдонуудан чыгаруу шарттары; 8) коопсуздук жол-жоболорун же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берилген учурларда тараптар ортосунда тобокелдиктерди жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү; 9) талаш маселелерди/даттанууларды кароо тартиби; 10) келишимди токтотуу жана МФК/МККнын кредиттик картын жокко чыгаруу тартиби; 11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча шарттар. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
35-1. БФКУнун кредиттик картын берүүдө, акча каражаттары (кредит) БФКУнун кредиттик карттарын эмиссиялоо жана жайылтуу боюнча келишим шарттарына ылайык, тейлөөчү банк тарабынан анда ачылган БФКУнун эсептешүү (ссуда боюнча) эсебинен каражаттарды дебеттөө аркылуу берилет. БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун банктык эсебине акча каражаттарын чегерүүнү пайдалануусуз, БФКУнун кредиттик картына кредиттин түшкөндүгүнүн тастыктамасы катары макулдук берилген кредит суммасына БФКУ кредиттик лимитти ачуу саналат. Кредитти чегерүү, кредиттик лимитти ачуу жана ордун жабуу тартиби/мөөнөтү БФКУ менен анын кардарынын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык ишке ашырылат. PIN-кодду, паролдорду же башка аутентификациялоо ыкмаларын пайдалануу менен төлөм системаларынын катышуучуларынын аралыкта орнотулган жабдуулар жана мобилдик тиркемелер аркылуу БФКУнун кредиттик карттары менен транзакцияларды жүргүзүү. БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучу төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү алынган кредиттин/каржылоонун максаттуу багытына ылайык жүргүзүүгө укуктуу. |
35-1. МФК/МККнын кредиттик картын берүүдө, акча каражаттары (кредит) МФК/МККнын кредиттик карттарын эмиссиялоо жана жайылтуу боюнча келишим шарттарына ылайык, эсептешүү банкта ачылган МФК/МККнын эсептешүү (ссуда боюнча) эсебинен каражаттарды дебеттөө аркылуу берилет. МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучунун банктык эсебине акча каражаттарын чегерүүнү пайдалануусуз, МФК/МККнын кредиттик картына кредиттин түшкөндүгүнүн тастыктамасы катары макулдук берилген кредит суммасына МФК/МККнын кредиттик лимитти ачуусу саналат. Кредитти чегерүү, кредиттик лимитти ачуу жана ордун жабуу тартиби/мөөнөтү МФК/МКК менен анын кардарынын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык ишке ашырылат. Транзакцияларды аралыкта орнотулган жабдуулар жана төлөм системаларынын катышуучуларынын мобилдик тиркемелери аркылуу МФУнун кредиттик картын пайдалануу менен өткөрүү PIN-кодду, паролдорду же аутентификациялоонун башка ыкмаларын колдонуу менен жүзөгө ашырылат. МФК/МККнын кредиттик карттарын пайдалануучу төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү алынган кредиттин/каржылоонун максаттуу багытына ылайык жүргүзүүгө укуктуу |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
6-глава. Блокировкалоо, стоп-баракчага киргизүү жана карттарды алып коюу |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
40. Эмитент төмөнкү учурларда картты тейлөөнү токтотушу, блокировкалашы же алып коюуга укуктуу: 1) карт ээси келишимде каралган өз милдеттенмелерин аткарбаса же БФКУ келишимде каралган карттарды чыгаруу жана аларды андан ары жайылтуу шарттарын сактабаса; 2) картты пайдалануу эрежелерин бузууга жол берсе; 3) картты колдонуу мөөнөтү аяктаса; 4) банктык эсепти ачуу жөнүндө келишим токтотулса; 5) төлөм системаларынын эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык. Картты тейлөө бир тараптуу негизде токтотулган учурда эмитент/БФКУ ал тууралуу келишимде каралган тартипте карт ээсине/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучуга маалымдоого тийиш. |
40. Эмитент төмөнкү учурларда картты тейлөөнү токтотушу, блокировкалашы же алып коюуга укуктуу: 1) Карт ээси/МФК/МККнын карт ээси келишимде каралган милдеттенмелерин аткарбаса; 2) картты пайдалануу эрежелерин бузууга жол берсе; 3) картты колдонуу мөөнөтү аяктаса; 4) банктык эсепти ачуу жөнүндө келишим токтотулса; 5) төлөм системаларынын эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык. Картты тейлөө бир тараптуу негизде токтотулган учурда, эмитент бул тууралуу келишимде каралган тартипте карт ээсине/МФК/МККнын кредиттик картты пайдалануучуга маалымдоого тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
41. Эмитент/БФКУ (БФКУнун кредиттик карты болсо) карттын реквизиттерин карт ээсинен аны жоготуп койгондугу, уурдалып кеткендиги же картты санкциясыз пайдалануу учурлары тууралуу өтүнүч кат келип түшкөн шартта, системанын стоп баракчасына каттоого тийиш. Карт ээси банкомат тарабынан картты алуу жөнүндө билдирүү алган учурда, эмитент/процессинг борбору карт ээси/БФКУнун кредиттик картынын колдонуучусу келишимдин шарттарына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык карттын реквизиттерин стоп баракчага киргизгенге же картты кайтарып берүү тууралуу өтүнүч кат бергенге чейин убактылуу блокко коёт. |
41. Эмитент карттын реквизиттерин карт ээсинен аны жоготуп койгондугу, уурдалып кеткендиги же санкциясыз пайдалануу учурлары тууралуу билдирүү же өтүнүч кат келип түшкөн шартта, системанын стоп-баракчасына каттоого тийиш. Карт ээсинен банкомат картты алып койгондугу жөнүндө билдирүү түшкөн учурда, эмитент/процессинг борбору карт ээси/МФК/МККнын кредиттик картынын колдонуучусу келишимдин шарттарына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык, карттын реквизиттерин стоп-баракчага киргизүү же картты кайтарып берүү тууралуу өтүнүч кат бергенге чейин убактылуу блокко коёт. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
42. Эмитентке/БФКУга билдирүү жана карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун карттын жоголгондугу, уурдалгандыгы жана санкциясыз пайдаланылгандыгы тууралуу өтүнүч кат берүү мөөнөттөрү жана ыкмалары келишим шарттарында белгиленет. Өтүнүч каттын өз убагында берилишине карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу жоопкерчиликтүү болуп саналат. Бул өтүнүч кат берилген учурдан тартып, жоголгон же уурдалган картты пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. |
42. Эмитентке/МФК/МККга билдирүү жана карт ээси/МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучунун карттын жоголгондугу, уурдалгандыгы жана санкциясыз пайдаланылгандыгы тууралуу өтүнүч кат берүү мөөнөттөрү жана ыкмалары келишим шарттарында белгиленет. Өтүнүч каттын өз убагында берилишине карт ээси/МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучу жоопкерчиликтүү болуп саналат. Бул өтүнүч кат берилген учурдан тартып, жоголгон же уурдалган картты пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
43. Эмитент төмөнкү учурларда карт ээлери жана БФКУ алдында жоопкерчилик тартпайт: - эгерде карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде каралган картты жана PIN-кодду пайдалануу эрежелерин жана жол-жоболорун бузууга жол берсе; - карт ээси/БФКУ/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу тарабынан укукка жатпаган иш-аракеттерге жол берилген учурда. Кандай болбосун талаш жагдайларда эмитент карт ээсинин талабы боюнча, төлөм системасынын процессинг борборун кошо алганда, карт ээсинин эсебинен акча каражаттарынын чыгарылгандыгынын укук ченемдүүлүгүн тастыктоо үчүн ишке ашырылган транзакциялар боюнча толук маалыматты сунуштоого тийиш. БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу менен талаш жагдайлар келип чыккан учурда БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун талабы боюнча банк-эмитент БФКУнун макулдугу боюнча өз кардарына, анын ичинде төлөм системасынын процессинг борборунан ошол карт аркылуу ишке ашырылган транзакциялар боюнча толук маалыматты сунуштоого тийиш. Бул талап магнит тилкеси менен карт аркылуу ишке ашырылган операцияларга жана көп факторлуу аутентификация менен корголбогон электрондук коммерция боюнча операцияларга таркатылбайт. |
43. Эмитент төмөнкү учурларда Карт ээси/МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучунун алдында жоопкерчилик тартпайт: - эгерде карт ээси/МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучу алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде каралган картты жана PIN-кодду пайдалануу эрежелерин жана жол-жоболорун бузууга жол берсе; - карт ээси/МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучу тарабынан укукка жатпаган иш-аракеттерге жол берилген учурда. Кандай болбосун талаш жагдайларда эмитент карт ээсинин/ МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучунун талабы боюнча, төлөм системасынын процессинг борборун кошо алганда, карт ээсинин эсебинен акча каражаттарынын чыгарылгандыгынын укук ченемдүүлүгүн тастыктоо үчүн ишке ашырылган транзакциялар боюнча толук маалыматты сунуштоого тийиш.
Бул талап магнит тилкеси менен карт аркылуу ишке ашырылган операцияларга жана көп факторлуу аутентификация менен корголбогон электрондук коммерция боюнча операцияларга таркатылбайт. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
7-глава. Эквайерге карата талаптар |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
44. Банк Улуттук банктан операцияларды жүргүзүүгө лицензия алган учурда гана эквайер катары банктык төлөм карттардын эквайрингин жүзөгө ашырышы мүмкүн. Банк тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен ага катышуу жана ошол операцияны аткарууга андан уруксат алууга келишим түзүүгө тийиш. |
44. Улуттук банктан тиешелүү банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алган учурда гана эквайер банктык төлөм карттарынын эквайрингин жүзөгө ашырышы мүмкүн. Эквайер тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен системага катышуу жана ошол операцияны аткарууга уруксат алууга келишим түзүүгө тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
45. Тиешелүү системанын картынын эквайрингин баштаган банк ал тууралуу белгиленген формада (ушул жобого карата 2-тиркеме) системадан уруксатты, система менен түзүлгөн тиешелүү келишимдин жана соода-тейлөө түйүндөр менен типтүү келишимдердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен эквайрингди иш жүзүндө баштаганга чейинки бир айдан кем эмес мөөнөттө Улуттук банкка билдирүүгө тийиш. Карттардын эквайрингин токтоткон учурда, Банк ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына белгиленген формада (ушул жобого карата 2-тиркеме) эквайрингди иш жүзүндө токтотконго чейинки бир айдан кем эмес мөөнөттө маалымдоого тийиш. |
45. Тиешелүү системанын картынын эквайрингин баштаган эквайер ал тууралуу белгиленген формада (ушул жобого карата 2-тиркеме) системадан уруксатты, система менен түзүлгөн тиешелүү келишимдин жана соода-тейлөө түйүндөр менен типтүү келишимдердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен эквайрингди иш жүзүндө баштаганга чейинки бир айдан кем эмес мөөнөттө Улуттук банкка билдирүүгө тийиш. Карттардын эквайрингин токтоткон учурда, Эквайер ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына белгиленген формада (ушул жобого карата 2-тиркеме) эквайрингди иш жүзүндө токтотконго чейинки бир айдан кем эмес мөөнөттө маалымдоого тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
46. Тиешелүү системанын картынын эквайрингин баштаган жана тейлөөгө алган банк төлөм системасы тарабынан колдонулган стандарттарга жана талаптарга ылайык банкоматтардын жана/же терминалдардын өздүк түйүнүн жана башка аралыктан тейлөө жабдууларын орнотуу менен ошол түйүндөрдө системанын бардык карт ээлеринин карттары боюнча операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылып алат. |
46. Тиешелүү системанын картынын эквайрингин баштаган жана тейлөөгө алган эквайер төлөм системасы тарабынан колдонулган стандарттарга жана талаптарга ылайык банкоматтардын жана/же POS- терминалдардын өздүк түйүнүн жана башка аралыктан тейлөө жабдууларын орнотуу менен ошол түйүндөрдө системанын бардык карт ээлеринин карттары боюнча операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылып алат. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
50. Эквайер, тиешелүү системалардын регламентинде жана иш тартибинде башкасы каралбаса, башка коммерциялык банктардын карттарын аралыкта орнотулган жабдуулар түйүнүндө кабыл алып, аны тейлөөсү үчүн кошумча комиссия (surcharge) белгилебеши мүмкүн. Транзакция ишке ашырылганга чейин кошумча комиссия (surcharge) алына тургандыгы тууралуу карт ээсине маалымдалууга жана ал аны жүргүзүүдөн баш тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Эквайер өз түйүнүндө улуттук карттарды кабыл алгандыгы жана тейлегендиги үчүн кошумча комиссия (surcharge) белгилөөгө укугу жок, бул карт ээсинин эмитент менен түзүлгөн келишимде жана улуттук төлөм системасынын эрежелеринде каралган. |
50. Эквайер, тиешелүү системалардын регламентинде жана иш тартибинде башкасы каралбаса, башка эмитенттин карттарын аралыкта орнотулган жабдуулар түйүнүндө кабыл алып, аны тейлөөсү үчүн кошумча комиссия (surcharge) белгилебеши мүмкүн. Транзакция ишке ашырылганга чейин кошумча комиссия (surcharge) алына тургандыгы тууралуу карт ээсине маалымдалууга жана ал аны жүргүзүүдөн баш тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Эквайер өз түйүнүндө улуттук карттарды кабыл алгандыгы жана тейлегендиги үчүн кошумча комиссия (surcharge) белгилөөгө укугу жок, бул карт ээсинин эмитент менен түзүлгөн келишимде жана улуттук төлөм системасынын эрежелеринде каралган. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
52. Эквайер аралыкта орнотулган жабдууга төмөнкү маалыматтарды жайгаштырууга тийиш: банктын аталышы, төлөм системасынын, тейлөөгө кабыл алынган карттардын аталышы, түз байланыш телефону жана башка маалыматтар. |
52. Эквайер аралыкта орнотулган жабдууга төмөнкү маалыматтарды жайгаштырууга тийиш: эквайердин аталышы, төлөм системасынын, тейлөөгө кабыл алынган карттардын аталышы, түз байланыш телефону жана башка маалыматтар. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
53. Соода-тейлөө ишканасында аралыкта жайгаштырылуучу жабдууларды орнотуу үчүн эквайер ошол ишкана менен терминалды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсеп ачуу жөнүндө жана тиешелүү системанын карттарын кабыл алуу жана тейлөө укугуна келишим түзүүгө тийиш. Эквайер менен соода-тейлөө ишканасы ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: - соода-тейлөө ишканасынын аталышы жана анын юридикалык дареги; - соода-тейлөө ишканасынын жана эквайердин карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча укуктары жана милдеттери; - соода-тейлөө ишканасы тарабынан милдеттүү түрдө тейлөөгө кабыл алынуучу карттардын түрлөрү; - соода-тейлөө ишканасынын картты же QR-кодду колдонуу менен төлөө учурунда, товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө кошумча комиссиялык төлөм же кыйла жогорку баа (үстөк баа) белгилөөсүнө тыюу салуу; - комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү; - POS-терминалды пайдаланууда соода-тейлөө ишканасы тарабынан коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча негизги талаптар; - соода-тейлөө ишканасынын ишинин түрү жана келишимде көрсөтүлгөн ишине шайкеш иш алып баруу тууралуу милдеттенмелери. Эгерде соода-тейлөө ишканасынын иши лицензияланууга тийиш болсо, эквайер соода-тейлөө ишканасынын иштин бул түрүн жүргүзүү үчүн колдонуудагы лицензиясын талап кылуусу зарыл; - соода-тейлөө ишканасы тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы жөнүндө талаптар, эгерде соода-тейлөө ишканасы финансылык мекеме болуп саналса же Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык финансылык эмес категориядагы жактарга кирсе; - мыйзамдарда тыюу салынган операциялар үчүн төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө талаптар; - соода-тейлөө ишканасы картаны төлөө каражаты катары кабыл алуу учурунда коопсуздукту сактоосу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизги талаптар (авторизациялоо, карт ээсин идентификациялоо, карт ээсинин транзакцияны ишке ашырууда PIN-кодду милдеттүү түрдө пайдалануусу же 3D Secure функционалын колдоо (эгерде тиешелүү төлөм системасынын эрежелеринде башкасы каралбаса), лимиттер жана башка талаптар); - тиешелүү система тарабынан четке кагылган, ишке ашырылган операциялар боюнча суммаларды кайтарып берүү тартиби; - карта боюнча сатылып алынган товарларды кайтарып берүүдө ошол товардын наркынын ордун толтуруп берүү жол-жобосу; - соода-тейлөө ишканаларында карттарды тейлөө сапатына, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлине, терминалдарды күтүү шарттарына жана алардын иштешине, чектердин сакталышына келишим чегинде текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби; - уурдалган/жоголгон карттар менен ишке ашырылган операциялар аныкталган же соода-тейлөө ишканасынын санкциясыз транзакцияларды жүргүзгөндүгү катталган учурда карт ээси менен өз ара иш алып баруу тартиби; - санкциясыз операциялар жүргүзүлгөн, коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берилген учурда, тараптар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана ар бир катышуучуга белгиленүүчү айыптык санкциялар; - талаш маселелерди кароо тартиби; - келишимди токтотуу тартиби; - транзакцияны ушул жобого ылайык жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери боюнча талап. Келишимде башка кошумча шарттар каралышы мүмкүн. Тиешелүү системанын карттарын тейлөө жана кабыл алуу эрежелери келишимге киргизилиши мүмкүн же болбосо алар кошумча тиркелет. |
53. Соода-тейлөө ишканасында аралыкта жайгаштырылуучу жабдууларды орнотуу үчүн эквайер ошол ишкана менен терминалды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсеп ачуу жөнүндө жана тиешелүү системанын карттарын кабыл алуу жана тейлөө укугуна келишим түзүүгө тийиш. Эквайер менен соода-тейлөө ишканасы ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: - соода-тейлөө ишканасынын аталышы жана анын юридикалык дареги; - соода-тейлөө ишканасынын жана эквайердин карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча укуктары жана милдеттери; - соода-тейлөө ишканасы тарабынан милдеттүү түрдө тейлөөгө кабыл алынуучу карттардын түрлөрү; - соода-тейлөө ишканасынын картты же QR-кодду колдонуу менен төлөө учурунда, товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө кошумча комиссиялык төлөм же кыйла жогорку баа (үстөк баа) белгилөөсүнө тыюу салуу; - комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү; - POS-терминалды пайдаланууда соода-тейлөө ишканасы тарабынан коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча негизги талаптар; - соода-тейлөө ишканасынын ишинин түрү жана келишимде көрсөтүлгөн ишине шайкеш иш алып баруу тууралуу милдеттенмелери. Эгерде соода-тейлөө ишканасынын иши лицензияланууга тийиш болсо, эквайер соода-тейлөө ишканасынын иштин бул түрүн жүргүзүү үчүн колдонуудагы лицензиясын талап кылуусу зарыл; - соода-тейлөө ишканасы тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы жөнүндө талаптар, эгерде соода-тейлөө ишканасы финансылык мекеме болуп саналса же Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык финансылык эмес категориядагы жактарга кирсе; - мыйзамдарда тыюу салынган операциялар үчүн төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө талаптар; - соода-тейлөө ишканасы картаны төлөө каражаты катары кабыл алуу учурунда коопсуздукту сактоосу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизги талаптар (авторизациялоо, карт ээсин идентификациялоо, карт ээсинин транзакцияны ишке ашырууда PIN-кодду милдеттүү түрдө пайдалануусу же 3D Secure функционалын колдоо (эгерде тиешелүү төлөм системасынын эрежелеринде башкасы каралбаса), лимиттер жана башка талаптар); - тиешелүү система тарабынан четке кагылган, ишке ашырылган операциялар боюнча суммаларды кайтарып берүү тартиби; - карта боюнча сатылып алынган товарларды кайтарып берүүдө ошол товардын наркынын ордун толтуруп берүү жол-жобосу; - соода-тейлөө ишканаларында карттарды тейлөө сапатына, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлине, терминалдарды күтүү шарттарына жана алардын иштешине, чектердин сакталышына келишим чегинде текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби; - уурдалган/жоголгон карттар менен ишке ашырылган операциялар аныкталган же соода-тейлөө ишканасынын санкциясыз транзакцияларды жүргүзгөндүгү катталган учурда карт ээси менен өз ара иш алып баруу тартиби; - санкциясыз операциялар жүргүзүлгөн, коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берилген учурда, тараптар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана ар бир катышуучуга белгиленүүчү айыптык санкциялар; - талаш маселелерди кароо тартиби; - келишимди токтотуу тартиби; - транзакцияны ушул жобого ылайык жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери боюнча талап. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
8-глава. Эквайрингге карата талаптар |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
54. Соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүүдө банк бир операция суммасынын лимитин белгилөөгө тийиш, андан ашкан учурда соода-тейлөө ишканасы карта ээсин тастыктаган документти (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, паспортунун түп нускасы/инсандыгын тастыктаган башка документтин түп нускасын кагаз жүзүндө же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматта) талап кылуусу зарыл. Инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар милдеттүү түрдө чекте чагылдырылат. Соода-тейлөө ишканасы менен келишимге банк карта ээлери тарабынан ишке ашырылган шектүү аракеттердин белгилери жана/же тизмелери менен картаны сүрөттөгөн жана төлөм системасынан тиешелүү билдирүүлөрдү алган учурда соода-тейлөө ишканалары кабыл ала турган зарыл чаралар камтылган нускоону (эрежелерди) киргизүүгө тийиш. Мында банк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин жөнгө салган мыйзамдарга, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу төлөм системаларынын операторлорунун сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянуусу зарыл. |
54. Соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүүдө эквайер бир операция суммасынын лимитин белгилөөгө тийиш, андан ашкан учурда соода-тейлөө ишканасы карта ээсин тастыктаган документти (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, паспортунун түп нускасы/инсандыгын тастыктаган башка документтин түп нускасын кагаз жүзүндө же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматта) талап кылуусу зарыл. Инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар милдеттүү түрдө чекте чагылдырылат. Соода-тейлөө ишканасы менен келишимге эквайер карта ээлери тарабынан ишке ашырылган шектүү аракеттердин белгилери жана/же тизмелери менен картаны сүрөттөгөн жана төлөм системасынан тиешелүү билдирүүлөрдү алган учурда соода-тейлөө ишканалары кабыл ала турган зарыл чаралар камтылган нускоону (эрежелерди) киргизүүгө тийиш. Мында банк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин жөнгө салган мыйзамдарга, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу төлөм системаларынын операторлорунун сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянуусу зарыл. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
58-1. МФК/МКК тарабынан сунушталган эквайринг кызмат көрсөтүүлөрү боюнча акыркы өз ара эсептешүүлөр жана милдеттенмелерди эсепке алуу (кабыл алынган төлөмдөр боюнча ордун толтуруу) МФК/МККнын эсептешүү банкында ачылган банктык эсептери жана соода-тейлөө ишканаларынын тиешелүү банктык эсептери аркылуу же болбосо эквайринг кызматтарын сунуштоо жөнүндө келишимде каралган тартипте электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлөт. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
12-глава. Корутунду жоболор |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
96. Карттардын эмиссиясы жана/же эквайринги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банктар, тиешелүү келишим шарттарынын, транзакцияларды өткөрүү коопсуздугунун жана карттарды пайдалануу эрежелеринин кардарлар тарабынан сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. |
96. Карттардын эмиссиясы жана/же эквайринги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банктар жана МФК/МКК, тиешелүү келишим шарттарынын, транзакцияларды өткөрүү коопсуздугунун жана карттарды пайдалануу эрежелеринин кардарлар тарабынан сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
97. Карттардын эмиссиясы жана эквайринги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банктар, карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларга тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде белгиленген параметрлер боюнча мониторингди жүзөгө ашырууга, ошондой эле туура эмес жана укукка жатпаган операцияларды токтотууга жана/же аларга бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш. Банктар бул функцияларды келишимдик мамилелерде белгиленген шарттарга ылайык, башка процессинг борборлоруна өткөрүп берүүгө укуктуу. |
97. Карттардын эмиссиясы жана эквайринги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банктар жана МФК/МКК, карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларга тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде белгиленген параметрлер боюнча мониторингди жүзөгө ашырууга, ошондой эле туура эмес жана укукка жатпаган операцияларды токтотууга жана/же аларга бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш. Банктар бул функцияларды келишимдик мамилелерде белгиленген шарттарга ылайык, башка процессинг борборлоруна өткөрүп берүүгө укуктуу. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Банктык төлөм карттар эмиссиясынын башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө БИЛДИРМЕ (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) Ушул аркылуу _____________________________________________________________________ (банктын толук аталышы) _________________________________________________________________________________ ушул билдирмеге кошо тиркелген ____________________________________________________ (банктык төлөм карттар системасынын аталышы жана карттын түрү) ________________________ келишимине жана төлөм системасынын расмий уруксатына ылайык ________________________________________ банктык төлөм карттарын чыгаруу башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө билдирет. Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү) Кол тамганын чечмелениши |
Банктык төлөм карттар эмиссиясынын башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө БИЛДИРМЕ (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) Ушул аркылуу _____________________________________________________________________ (Эмитенттин толук аталышы) _________________________________________________________________________________ ушул билдирмеге кошо тиркелген ____________________________________________________ (банктык төлөм карттар системасынын аталышы жана карттын түрү) ________________________ келишимине жана төлөм системасынын расмий уруксатына ылайык ________________________________________ банктык төлөм карттарын чыгаруу башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө билдирет. Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү) Кол тамганын чечмелениши |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Банктык төлөм карттардын эквайринги башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө БИЛДИРМЕ (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС), 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) Ушул аркылуу.____________________________________________________________________ (банктын толук аталышы) ________________________________________________________________________________ ушул билдирмеге кошо тиркелген ___________________________________________________ (банктык төлөм карттар системасынын аталышы жана карттын түрү) _____________________ келишимине жана төлөм системасынын расмий уруксатына ылайык _____________________________________ Банктык төлөм карттардын эквайринги башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө билдирет. Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү) Кол тамганын чечмелениши |
Банктык төлөм карттардын эквайринги башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө БИЛДИРМЕ (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС), 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) Ушул аркылуу.____________________________________________________________________ (Эквайердин толук аталышы) ________________________________________________________________________________ ушул билдирмеге кошо тиркелген ___________________________________________________ (банктык төлөм карттар системасынын аталышы жана карттын түрү) _____________________ келишимине жана төлөм системасынын расмий уруксатына ылайык _____________________________________ Банктык төлөм карттардын эквайринги башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө билдирет. Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү) Кол тамганын чечмелениши |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестри жөнүндө ОТЧЕТ (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-14/56-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) Банктын аталышы: _________________________________________ Банктын ИНН: _____________________________________________ Банктын ОКПО: ____________________________________________ 20__-жылдын "___" __________ карата абал боюнча
Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү)
Кол тамгасынын чечмелениши Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестри боюнча отчетту толтуруу ЭРЕЖЕСИ 1. Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестринде алардын так жайгашкан ордун жана ошол жабдуу тууралуу кыскача маалыматты көрсөтүү менен төлөм карты аркылуу, ошондой эле төлөм картын пайдалануусуз (төлөм терминалдарын) кардардын банктык эсебинен аралыктан пайдалануусун камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдуулар жөнүндө маалымат чагылдырылат. 2. "Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун түрү" деген 2-тилкеде жабдуунун түрү көрсөтүлөт: POS-терминал-соода-тейлөө ишканалары, POS-терминал-нак акча берүүчү пункту, cash-in-терминал, cash out банкомат, cash out + cash-in банкомат, виртуалдуу POS-терминал, mPOS жана башка аралыкта жайгаштырылган жабдуу. 3. "Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун ID" деген 3-тилкеде банктардын катталган номерлерине ылайык жабдуулардын идентификациялык номерлери көрсөтүлөт. 4. "Жайгашкан орду" деген 4-тилкеде жабдуу жайгашкан жердин аталышы көрсөтүлөт (соода-тейлөө ишканалары, уюм, ж.б.). Виртуалдуу POS-терминалдар (V-POS) үчүн веб-дареги көрсөтүлөт. 5. "Областы" деген 5-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын областынын аталышы көрсөтүлөт. 6. "Району" деген 6-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын районунун аталышы көрсөтүлөт. 7. "Айыл аймагы" деген 7-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын районунун айыл аймагынын аталышы көрсөтүлөт. 8. "Шаар/шаар тибиндеги кыштак/айыл" деген 8-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" маалымдамасына ылайык шаардын, райондук борборлордун, шаар тибиндеги кыштактын, айылдын аталышы көрсөтүлөт. 9. "Көчөсү" деген 9-тилкеде көчөнүн аталышы көрсөтүлөт. Эгерде жабдуулар белгилүү бир дареги жок жерлерде орнотулса (көчөнүн аталышы, №), "Жайгашкан орду" деген 4-тилкеде кеңири маалымат, б.а. уюмдун, анын түзүмдүк бөлүмүнүн, ж.б. аталышы көрсөтүлөт. 10. "Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар менен тейлеген төлөм системасынын аталышы" деген 10-тилкеде ошол жабдуу аркылуу тейлеген төлөм системасынын аталышы көрсөтүлөт (Элкарт, VISA, MasterCard, UnionPay, ж.б.). 11. "Валютасы" деген 11-тилкеде ошол жабдуу аркылуу берилүүчү же кабыл алынуучу валютанын коду (KGS, USD, EUR ж.б.) көрсөтүлөт. 12. "Пайдалануу мезгил аралыгы" деген 12-тилкеде ошол жабдуудан пайдалануу убактысы/мезгил аралыгы көрсөтүлөт. Отчетко киргизилген өзгөртүүлөр (банктык жабдууну орнотуу/алып салуу жана ордун которуу) боюнча маалымат чагылдырылган коштомо кат тиркелүүгө тийиш Отчеттор/билдирүүлөр Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө сунушталууга тийиш. Коммерциялык банктар ушул Жобонун бардык шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы, ошондой эле өз учурунда жана так маалыматтын сунушталышы үчүн жоопкерчилик тартат. |
Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестри жөнүндө ОТЧЕТ (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-14/56-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) Эквайердин аталышы: _________________________________________ Эквайердин ИНН: _____________________________________________ Эквайердин ОКПО: ____________________________________________ 20__-жылдын "___" __________ карата абал боюнча
Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү)
Кол тамгасынын чечмелениши Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестри боюнча отчетту толтуруу ЭРЕЖЕСИ 1. Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестринде алардын так жайгашкан ордун жана ошол жабдуу тууралуу кыскача маалыматты көрсөтүү менен төлөм карты аркылуу, ошондой эле төлөм картын пайдалануусуз (төлөм терминалдарын) кардардын банктык эсебинен аралыктан пайдалануусун камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдуулар жөнүндө маалымат чагылдырылат. 2. "Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун түрү" деген 2-тилкеде жабдуунун түрү көрсөтүлөт: POS-терминал-соода-тейлөө ишканалары, POS-терминал-нак акча берүүчү пункту, cash-in-терминал, cash out банкомат, cash out + cash-in банкомат, виртуалдуу POS-терминал, mPOS жана башка аралыкта жайгаштырылган жабдуу. 3. "Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун ID" деген 3-тилкеде банктардын катталган номерлерине ылайык жабдуулардын идентификациялык номерлери көрсөтүлөт. 4. "Жайгашкан орду" деген 4-тилкеде жабдуу жайгашкан жердин аталышы көрсөтүлөт (соода-тейлөө ишканалары, уюм, ж.б.). Виртуалдуу POS-терминалдар (V-POS) үчүн веб-дареги көрсөтүлөт. 5. "Областы" деген 5-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын областынын аталышы көрсөтүлөт. 6. "Району" деген 6-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын районунун аталышы көрсөтүлөт. 7. "Айыл аймагы" деген 7-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын районунун айыл аймагынын аталышы көрсөтүлөт. 8. "Шаар/шаар тибиндеги кыштак/айыл" деген 8-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" маалымдамасына ылайык шаардын, райондук борборлордун, шаар тибиндеги кыштактын, айылдын аталышы көрсөтүлөт. 9. "Көчөсү" деген 9-тилкеде көчөнүн аталышы көрсөтүлөт. Эгерде жабдуулар белгилүү бир дареги жок жерлерде орнотулса (көчөнүн аталышы, №), "Жайгашкан орду" деген 4-тилкеде кеңири маалымат, б.а. уюмдун, анын түзүмдүк бөлүмүнүн, ж.б. аталышы көрсөтүлөт. 10. "Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар менен тейлеген төлөм системасынын аталышы" деген 10-тилкеде ошол жабдуу аркылуу тейлеген төлөм системасынын аталышы көрсөтүлөт (Элкарт, VISA, MasterCard, UnionPay, ж.б.). 11. "Валютасы" деген 11-тилкеде ошол жабдуу аркылуу берилүүчү же кабыл алынуучу валютанын коду (KGS, USD, EUR ж.б.) көрсөтүлөт. 12. "Пайдалануу мезгил аралыгы" деген 12-тилкеде ошол жабдуудан пайдалануу убактысы/мезгил аралыгы көрсөтүлөт. Отчетко киргизилген өзгөртүүлөр (банктык жабдууну орнотуу/алып салуу жана ордун которуу) боюнча маалымат чагылдырылган коштомо кат тиркелүүгө тийиш Отчеттор/билдирүүлөр Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө сунушталууга тийиш. Эквайер ушул Жобонун бардык шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы, ошондой эле өз учурунда жана так маалыматтын сунушталышы үчүн жоопкерчилик тартат. |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2015 жылдын 23 декабрындагы №78/26 Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө жобо |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
8. МФК Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, жана бул операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банктык операцияларды жүзөгө ашырышы мүмкүн: 1) камсыздалган жана камсыздандырылбаган микрокредиттерди берүүнү; 2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында, кайтарымдуулук шартында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алууну; 3) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрүндө аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу (факторинг); 4) МФКда кардарларга эсеп ачуусуз - банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууну; 5) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну (кошумча лицензия болгон шартта/лицензияда көрсөтүлгөн учурда); 6) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн ченеминен ашпаган өлчөмдө гарантия берүүнү. |
8. МФК Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, жана бул операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банктык операцияларды жүзөгө ашырышы мүмкүн: 1) камсыздалган жана камсыздандырылбаган микрокредиттерди берүүнү; 2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында, кайтарымдуулук шартында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алууну; 3) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрүндө аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу (факторинг); 4) МФКда кардарларга эсеп ачуусуз - банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууну; 5) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну (кошумча лицензия болгон шартта/лицензияда көрсөтүлгөн учурда); 6) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн ченеминен ашпаган өлчөмдө гарантия берүүнү. 7) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен, овердрафтты эске албаганда, накталай эмес формада кредиттерди берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карттарын чыгаруу.»; Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бул операция лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган төлөм карталарынын, ошондой эле электрондук акчанын, эки өлчөмдүү штрих код (QR-код) символдорунун жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги.» |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
"Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 7-тиркеме КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ Микрофинансылык компаниянын айрым банк операцияларын улуттук валютада жүргүзүү укугуна № ________ ЛИЦЕНЗИЯ 20___-жылдын "____" _____________ (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) "___________________________________" (толук аталышы) микрофинансылык компаниясы Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү, иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калкты социалдык жактан мобилизациялоо үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо максатында түзүлгөн, МФКнын юридикалык дареги: ___________________________________________________________ Кыскартылган аталышы: ____________________________________ 1. Бул лицензия төмөнкү айрым банк операцияларын жүзөгө ашырууга уруксат берет: 1) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү; 2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында кабыл алуу; 3) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрүндө аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу (факторинг); 4) банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу - микрофинансылык компанияда кардарларга эсептерди ачуусуз эле; 5) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы ченеминен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү.
2. Айрым банк операцияларын жүргүзүүгө чектөө баракчалары бул лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат. Лицензия кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун берет. Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыккан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт.
Мөөр
Айрым банктык операцияларды улуттук валютада жүргүзүү укугуна 20___-жылдын "____" __________ берилген № _______ лицензияга карата 20___-жылдын "___" ______________ № ______ ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ "____________________________________________" микрофинансылык компаниясы (толук аталышы)
Мөөр
|
"Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 7-тиркеме КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ Микрофинансылык компаниянын айрым банк операцияларын улуттук валютада жүргүзүү укугуна № ________ ЛИЦЕНЗИЯ 20___-жылдын "____" _____________ (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) "___________________________________" (толук аталышы) микрофинансылык компаниясы Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү, иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калкты социалдык жактан мобилизациялоо үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо максатында түзүлгөн, МФКнын юридикалык дареги: ___________________________________________________________ Кыскартылган аталышы: ____________________________________ 1. Бул лицензия төмөнкү айрым банк операцияларын жүзөгө ашырууга уруксат берет: 1) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү; 2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында кабыл алуу; 3) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрүндө аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу (факторинг); 4) банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу - микрофинансылык компанияда кардарларга эсептерди ачуусуз эле; 5) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы ченеминен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү. 6) овердрафтты эске албаганда, кредитти накталай эмес формада берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын чыгаруу; Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган төлөм карталарынын, ошондой эле электрондук акчанын, эки өлчөмдүү штрих код символдорунун (QR-код) жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги. 2. Айрым банк операцияларын жүргүзүүгө чектөө баракчалары бул лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат. Лицензия кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун берет. Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыккан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт.
Мөөр
Айрым банктык операцияларды улуттук валютада жүргүзүү укугуна 20___-жылдын "____" __________ берилген № _______ лицензияга карата 20___-жылдын "___" ______________ № ______ ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ "____________________________________________" микрофинансылык компаниясы (толук аталышы)
Мөөр
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2015 жылдын 9 декабрындагы № 76/9 Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө жобо |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
77. МККнын кошумча банктык операциялары. 1) Эгерде бул операциялар МККга берилген лицензияда көрсөтүлгөн болсо, ал төмөнкү банк операцияларды кошумча жүзөгө ашыра алат: а) үчүнчү жактардан милдеттенмелерин акчалай түрүндө аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу (факторинг); б) банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр - микрокредиттик компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле; в) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу жана сатуу. |
77. МККнын кошумча банктык операциялары. 1) Эгерде бул операциялар МККга берилген лицензияда көрсөтүлгөн болсо, ал төмөнкү банк операцияларды кошумча жүзөгө ашыра алат: а) үчүнчү жактардан милдеттенмелерин акчалай түрүндө аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу (факторинг); б) банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр - микрокредиттик компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле; в) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу жана сатуу. г) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен, овердрафтты эске албаганда, кредиттерди/каржылоону накталай эмес формада берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карталарын (каржылоо карталарын) чыгаруу. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бул операция лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган төлөм карталарынын, ошондой эле электрондук акчанын, эки өлчөмдүү штрих код (QR-код) символдорунун жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги. |