Кайта келүү

Долбоор  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө»; 

- 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 2020-П-33/54-3-(НФКУ) «Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө». 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, депозиттерди тартууга лицензиясы бар микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын.  

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын ____- __________ 

№___________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо:  

1) төмөнкү мазмундагы 3-3-пункт менен толукталсын: 

«3-3. Токтотуп туруу мезгили - бул, кредиттик келишимге кол коюлгандан кийинки мезгил аралыгы, анын ичинде банк карыз алуучуга акча каражаттарын которбойт. Карыз алуучу ушул мезгил аралыгында кредит алуудан баш тартууга укуктуу.». 

2) 34-3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34-3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар сакталган шартта, банк обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу, ички саясатына жана жол-жоболоруна ылайык кредиттерди сунуштоого укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттин суммасы жөнөкөй электрондук кол коюу менен түзүлгөн келишим боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентте) жана мүмкүнчүлүгү кеңейтилген электрондук кол коюлган келишим боюнча 300 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентинде) ашпоого тийиш. 

Кредиттик келишимге электрондук кол тамга коюу жолу менен обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленет, бул мезгил аралыгында банк карыз алуучуга акча каражаттарын которо албайт: 

50 000 сомго чейинки кредиттер үчүн - 3 саат. 

50 000 сомдон 100 000 сомго чейинки кредиттер үчүн - 6 саат. 

100 000 сомдон жогору кредиттер үчүн - 24 саат. 

Мында, банк жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде кардардын обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредитти тариздөөгө тастыктоосун алуу үчүн контролдоп чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш. 

Аралыктан идентификацияланган кардарлар үчүн кредиттердин суммасы Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12\27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде белгиленген.». 

3) 36-пунктунун экинчи абзацындагы «мүмкүн» деген сөз «зарыл» деген сөзгө алмаштырылсын. 

4) Жобонун 1-тиркемеси: 

- төмөнкү мазмундагы 16-2-пункту менен толукталсын: 

«16-2. Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредит алган карыз алуучунун электрондук кредиттик таржымалында ушул Жобонун 34-3-пунктунун талаптарына ылайык кардар менен контролдоп чалуунун жазуусу сакталууга тийиш.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо: 

1) төмөнкү мазмундагы 3-3-пункту менен толукталсын: 

«3-3. Токтотуп туруу мезгили - бул, келишимге кол коюлгандан кийинки мезгил аралыгы, анын ичинде банк кардарга/өнөктөшкө акча каражаттарын которбойт. Ушул мезгил аралыгында, кардар/өнөктөш акча каражат алуудан баш тартууга укуктуу.». 

2) 38-3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38-3. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар сакталган шартта жана Банктын ички саясатына жана жол-жоболоруна ылайык, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоого укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишим боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) жана мүмкүнчүлүгү кеңейтилген электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 300 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) ашпоого тийиш.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу келишимге электрондук кол тамга коюу жолу менен берилүүчү, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленет, бул мезгил аралыгында банк кардарга/өнөктөшкө акча каражаттарын которо албайт: 

Кредиттик тобокелдикти камтыган 50 000 сомго чейинки активдер үчүн - 3 саат. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган 50 000 сомдон 100 000 сомго чейинки активдер үчүн - 6 саат. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган 100 000 сомдон жогору активдер үчүн - 24 саат. 

Мында, банк жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде кардардын/өнөктөштүн обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттик тобокелдикти камтыган активди тариздөөгө тастыктоосун алуу үчүн контролдоп чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш. 

Аралыктан идентификацияланган кардарлар үчүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин суммасы Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12\27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде аныкталган.». 

3) 39-пунктунун экинчи абзацындагы «мүмкүн» деген сөз «зарыл» деген сөзгө алмаштырылсын. 

4) Жобонун 1-тиркемеси: 

- төмөнкү мазмундагы 16-1-пункту менен толукталсын: 

«16-1. Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алган кардардын/өнөктөштүн электрондук таржымалында ушул Жобонун 38-3-пунктунун талаптарына ылайык кардар/өнөктөш менен контролдоп чалуунун жазуусу сакталууга тийиш.». 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

1) 5-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«- Токтотуп туруу мезгили - бул, кредиттик келишимге кол коюлгандан кийинки мезгил аралыгы, анын ичинде МФУ карыз алуучуга акча каражаттарын которбойт. Карыз алуучу ушул мезгил аралыгында кредит алуудан баш тартууга укуктуу.». 

2) 10-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10-1. МФУ Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта жана МФУнун ички саясатына жана жол-жоболоруна ылайык, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кредиттерди берүүгө укуктуу. 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү кредиттердин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 15 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) жана мүмкүнчүлүгү кеңейтилген, квалификацияланбаган электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 150 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) ашпоого тийиш. 

Кредиттик келишимге электрондук кол тамга коюу жолу менен обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленет, бул мезгил аралыгында МФУ карыз алуучуга акча каражаттарын которо албайт: 

15 000 сомго чейинки кредиттер үчүн - 3 саат. 

15 000 сомдон жогору кредиттер үчүн - 24 саат. 

Мында, МФУ жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде кардардын обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредитти тариздөөгө тастыктамасын алуу үчүн контролдоп чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш.». 

3) 38-пунктунун үчүнчү абзацындагы «мүмкүн» деген сөз «зарыл» деген сөзгө алмаштырылсын. 

4) Жобонун 1-тиркемеси: 

- төмөнкү редакциядагы 13-1-пункту менен толукталсын: 

«13-1. Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредит алган карыз алуучунун электрондук кредиттик таржымалында ушул Жобонун 10-1-пунктунун талаптарына ылайык кардар менен контролдоп чалуунун жазуусу сакталууга тийиш.». 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо» тартибинин:  

1) 1-тиркемесиндеги: 

- «Видеобайланышты колдонуу аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурундагы операциялар» деп аталган 5-таблицанын «Белгиленген чектөөлөр» тилкесинин 7-сабы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Операциянын максималдуу суммасы - 150 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде операциялардын суммасы - 300 эсептик көрсөткүч. 

Кредиттик акча каражаттары кардарларга минималдуу токтотуп туруу мезгили өткөндөн кийин жана контролдоп чалуу жол-жобосу жүргүзүлгөндөн кийин гана которулат.». 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 2020-П-33/54-3-(НФКУ) «Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо» тартибинин:  

1) 1-тиркемесиндеги: 

- «Видеобайланыш аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурундагы операциялар» деп аталган 3-таблицанын «Белгиленген чектөөлөр» тилкесинин 1-сабы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Операциянын максималдуу суммасы - 150 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде операциялардын суммасы - 300 эсептик көрсөткүч. 

«Кредиттик акча каражаттары кардарларга минималдуу токтотуп туруу мезгилинен өткөндөн кийин жана контролдоп чалуу жол-жобосу жүргүзүлгөндөн кийин гана которулат.». 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк (мындан ары Улуттук банк) Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) финансы-кредит уюмдарынын кардарларынын кредиттерди аралыктан тейлөө ыкмасы менен тариздетүүдө алдамчылык аракеттерине дуушарлануусун азайтуу максатында иштелип чыккан. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У. Жапаровдун 2022-жылдын 16-мартындагы 119-р тескемеси менен бекитилген 2022-2026-жылдарга финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясынын максаттарына жетишүү максатында, туруктуу негизде финансы-кредит уюмдарына обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 20-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 34-3-пунктунун 2-абзацына ылайык, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттин суммасы жөнөкөй электрондук кол коюу менен түзүлгөн келишим боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентте) жана мүмкүнчүлүгү кеңейтилген электрондук кол коюлган келишим боюнча 300 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентинде) ашпоого тийиш. 

Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибине» ылайык коммерциялык банктарга видеобайланыш аркылуу аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн кардарлар үчүн кредиттерди обочо туруп/аралыктан берүү мүмкүнчүлүгү берилген. Мында 15 000 сом өлчөмүндө лимит белгиленген. 

Бул лимиттер Улуттук банк тарабынан банктардын кредиттик тобокелдигинин деңгээлин төмөндөтүү, мында аларга адамдардын кеңири чөйрөсүнө, айрыкча өлкөнүн алыскы региондорунда жашаган адамдарга кредиттик каражаттардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн белгиленген. Улуттук банктын талаптарына ылайык, банктын кредиттик саясатында карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү боюнча методикалар да камтылууга тийиш. Бул максаттар үчүн банк ички кредиттик рейтинг системасын иштеп чыгышы мүмкүн. Тобокелдиктердин ички рейтинг системасы банк ишинин жүзөгө ашырылып жаткан түрлөрүнүн мүнөзүнө, өлчөмдөрүнө жана татаалдыгына ылайык келүүгө тийиш. 

Ички кредиттик рейтинг системасы карыз алуучунун келечектеги төлөө жөндөмдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү катары анын финансылык абалына комплекстүү баа берүүнү, ошондой эле карыз алуучулар жөнүндө маалыматтарды ачып көрсөтүүнү камтууга тийиш. 

Мында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында алдамчылык аракеттеринин активдүүлүгүнөн улам, жарандардын кызыкчылыгын коргоону, ошондой эле калктын Кыргыз Республикасынын банк системасына карата ишенимин сактоону камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө тийиш. 

Ушуга байланыштуу, алдамчылык аракеттеринин мүнөзүн эске алуу менен Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына токтотуп туруу мезгили түшүнүгү менен толуктоону жана аралыктан тейлөө ыкмасы менен берилүүчү кредиттер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгилөө сунушталат: 

- 50 000 сомго чейин кредиттер, токтотуп туруу мөөнөтү 3 саат; 

- 50 000 сомдон 100 000 сомго чейинки кредиттер, токтотуп туруу мөөнөтү 6 саат; 

- 100 000 сомдон жогору кредиттер, токтотуп туруу мөөнөтү 24 саат. 

Ал эми микрофинансылык уюмдарга:  

- 15 000 сомго чейинки кредиттер үчүн 3 саат. 

- 15 000 сомдон жогору кредиттер үчүн 24 саат. 

Финансы-кредит уюмдарына жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгилинин ичинде кардардын обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредитти тариздетүүгө тастыктоосун алуу үчүн контролдоп чалуу жол-жобосун жүргүзүү боюнча талаптарды кошумча белгилөө сунушталат. 

Мында, финансы-кредит уюмдары ички саясатында контролдоп чалууда суроолордун тизмесин өз алдынча аныктоого, ошондой эле кардардын электрондук таржымалында кардар менен контролдук чалуунун жазуусун сактоого тийиш. 

Эгерде финансы-кредит уюмдары жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгилинде кардардын кредитти тариздетүүгө карата тастыктамасын алуу үчүн контролдоп чалуу жол-жобосун өткөрбөсө, анда акча каражаттары кардарларга которулушу мүмкүн эмес. 

3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтомдун долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга тийиш. 

Бул бөлүк боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча толукталат. 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Токтомдун долбоорун кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт. 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат 

Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине карата ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктуна ылайык, сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн. 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтом долбооруна карата 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакция 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо  

3-3. Токтотуп туруу мезгили - бул, кредиттик келишимге кол коюлгандан кийинки мезгил аралыгы, анын ичинде банк карыз алуучуга акча каражаттарын которбойт. Карыз алуучу ушул мезгил аралыгында кредит алуудан баш тартууга укуктуу. 

34-3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоого карата минималдуу талаптар жөнүндө" жободо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар так сакталган шартта банк обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу, ички саясаттарга жана жол-жоболорго ылайык кредиттерди сунуштоого укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттин суммасы жөнөкөй электрондук кол коюу менен түзүлгөн келишим боюнча 200000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентте) жана мүмкүнчүлүгү кеңейтилген электрондук кол коюлган келишим боюнча 300000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентинде) ашпоого тийиш. 

Аралыктан идентификацияланган кардарлар үчүн кредиттердин суммалары Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12\27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде белгиленген. 

34-3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоого карата минималдуу талаптар жөнүндө" жободо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар так сакталган шартта банк обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу, ички саясаттарга жана жол-жоболорго ылайык кредиттерди сунуштоого укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттин суммасы жөнөкөй электрондук кол коюу менен түзүлгөн келишим боюнча 200000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентте) жана мүмкүнчүлүгү кеңейтилген электрондук кол коюлган келишим боюнча 300000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентинде) ашпоого тийиш. 

Кредиттик келишимге электрондук кол тамга коюу жолу менен обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленет, бул мезгил аралыгында банк карыз алуучуга акча каражаттарын которо албайт: 

50 000 сомго чейинки кредиттер үчүн - 3 саат. 

50 000 сомдон 100 000 сомго чейинки кредиттер үчүн - 6 саат. 

100 000 сомдон жогору кредиттер үчүн - 24 саат. 

Мында, банк жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде кардардын обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредитти тариздөөгө тастыктоосун алуу үчүн контролдоп чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш.  

Аралыктан идентификацияланган кардарлар үчүн кредиттердин суммалары Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12\27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде белгиленген. 

36. Эгерде, карыз алуучуга кредит берүү жөнүндө маселе оң жагына чечилген болсо, анда андан алынган документтер боюнча карыз алуучунун кредиттик таржымалы түзүлөт, андан ары ага ушул кредитке тиешелүү бардык документтер сыяктуу эле, келечекте ага ушундай кредит бериле турган болсо, ошол кредиттерге тиешелүү бардык документтер көктөлүүгө тийиш (карыз алуучунун кредиттик таржымалына карата минималдуу талаптар 1-тиркемеде келтирилген). Буга кошумча банк кредиттик таржымалды электрондук түрдө жүргүзүшү мүмкүн.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттер боюнча карыз алуучунун кредиттик таржымалы кагаз жүзүндөгү документтердин сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө маалымат базасында электрондук түрдө (электрондук маалымат каражаттарында) жүргүзүлүшү мүмкүн.  

Банкта кредиттик таржымалды, анын ичинде электрондук форматтагы кредиттик таржымалды түзүү, жүргүзүү, сактоо жана алардан пайдалануу жол-жоболору болууга тийиш, мында электрондук документтердин маалымат базаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынууга тийиш. 

36. Эгерде, карыз алуучуга кредит берүү жөнүндө маселе оң жагына чечилген болсо, анда андан алынган документтер боюнча карыз алуучунун кредиттик таржымалы түзүлөт, андан ары ага ушул кредитке тиешелүү бардык документтер сыяктуу эле, келечекте ага ушундай кредит бериле турган болсо, ошол кредиттерге тиешелүү бардык документтер көктөлүүгө тийиш (карыз алуучунун кредиттик таржымалына карата минималдуу талаптар 1-тиркемеде келтирилген). Буга кошумча банк кредиттик таржымалды электрондук түрдө жүргүзүшү мүмкүн.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттер боюнча карыз алуучунун кредиттик таржымалы кагаз жүзүндөгү документтердин сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө маалымат базасында электрондук түрдө (электрондук маалымат каражаттарында) жүргүзүлүшү зарыл.  

Банкта кредиттик таржымалды, анын ичинде электрондук форматтагы кредиттик таржымалды түзүү, жүргүзүү, сактоо жана алардан пайдалануу жол-жоболору болууга тийиш, мында электрондук документтердин маалымат базаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынууга тийиш. 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия 

алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме 

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат  

...... 

16-2. Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредит алган карыз алуучунун электрондук кредиттик таржымалында ушул Жобонун 34-3-пунктунун талаптарына ылайык кардар менен контролдоп чалуунун жазуусу сакталууга тийиш. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\13 токтому менен бекитилген Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО 

3-3. Токтотуп туруу мезгили - бул, келишимге кол коюлгандан кийинки мезгил аралыгы, анын ичинде банк кардарга/өнөктөшкө акча каражаттарын которбойт. Ушул мезгил аралыгында, кардар/өнөктөш акча каражат алуудан баш тартууга укуктуу. 

38-3. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар сакталган шартта жана Банктын ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоого укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишим боюнча 200000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) жана күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 300000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) ашпоого тийиш.  

Аралыктан идентификацияланган кардарлар үчүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин суммасы Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12\27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде аныкталган. 

38-3. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар сакталган шартта жана Банктын ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоого укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишим боюнча 200000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) жана күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 300000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) ашпоого тийиш.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу келишимге электрондук кол тамга коюу жолу менен берилүүчү, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленет, бул мезгил аралыгында банк кардарга/өнөктөшкө акча каражаттарын которо албайт: 

Кредиттик тобокелдикти камтыган 50 000 сомго чейинки активдер үчүн - 3 саат. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган 50 000 сомдон 100 000 сомго чейинки активдер үчүн - 6 саат. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган 100 000 сомдон жогору активдер үчүн - 24 саат. 

Мында, банк жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде кардардын/өнөктөштүн обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттик тобокелдикти камтыган активди тариздөөгө тастыктоосун алуу үчүн контролдоп чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш. 

Аралыктан идентификацияланган кардарлар үчүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин суммасы Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12\27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде аныкталган. 

39. Кардарга/өнөктөшкө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү маселеси алгылыктуу чечилген шартта, кардардан/өнөктөштөн алынган документтер боюнча анын таржымалы түзүлөт жана ага, келечекте мындай документтер бериле турган болсо, ушул өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активге тиешелүү документтер сыяктуу эле, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге тиешелүү бардык документтер да көктөлөт (кардардын/өнөктөштүн таржымалына карата минималдуу талаптар 1-тиркемеде келтирилген). Банк буга кошумча кардардын/өнөктөштүн таржымалын электрондук түрдө жүргүзүшү мүмкүн.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кардардын/өнөктөштүн таржымалы кагаз жүзүндөгү документтерди сактоо мөөнөтү сыяктуу эле мөөнөт аралыгында маалымат базасында электрондук түрдө (электрондук маалымат каражаттарында) жүргүзүлүшү мүмкүн.  

Банкта кардардын/өнөктөштүн таржымалын, ошондой эле электрондук форматтагы таржымалын түзүү, жүргүзүү тартиби, сактоо жана кирүү тартиби боюнча бекитилген жол-жоболор болууга тийиш, мында электрондук документтердин маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынуусу зарыл. 

39. Кардарга/өнөктөшкө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү маселеси алгылыктуу чечилген шартта, кардардан/өнөктөштөн алынган документтер боюнча анын таржымалы түзүлөт жана ага, келечекте мындай документтер бериле турган болсо, ушул өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активге тиешелүү документтер сыяктуу эле, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге тиешелүү бардык документтер да көктөлөт (кардардын/өнөктөштүн таржымалына карата минималдуу талаптар 1-тиркемеде келтирилген). Банк буга кошумча кардардын/өнөктөштүн таржымалын электрондук түрдө жүргүзүшү мүмкүн.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кардардын/өнөктөштүн таржымалы кагаз жүзүндөгү документтерди сактоо мөөнөтү сыяктуу эле мөөнөт аралыгында маалымат базасында электрондук түрдө (электрондук маалымат каражаттарында) жүргүзүлүшү зарыл.  

Банкта кардардын/өнөктөштүн таржымалын, ошондой эле электрондук форматтагы таржымалын түзүү, жүргүзүү тартиби, сактоо жана кирүү тартиби боюнча бекитилген жол-жоболор болууга тийиш, мында электрондук документтердин маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынуусу зарыл. 

Жобого карата 1-тиркеме  

Кардардын/өнөктөштүн досңесине карата  

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

I. Жалпы маалымат 

Жобого карата 1-тиркеме  

Кардардын/өнөктөштүн досңесине карата  

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

I. Жалпы маалымат 

16-1. Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алган кардардын/өнөктөштүн электрондук таржымалында ушул Жобонун 38-3-пунктунун талаптарына ылайык кардар/өнөктөш менен контролдоп чалуунун жазуусу сакталууга тийиш. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\14 токтому менен бекитилген Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО  

5. Ушул жобонун максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат: 

..... 

- Форс-мажордук жагдайлар - жаратылыш кырсыктарын (суу каптоо, жер титирөө, өрт жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), эпидемияларды, өзгөчө кырдаалдардын киргизилишин, массалык баш аламандыктарды, талап-тоноочулукту, аскердик аракеттер ж.б. сыяктуу окуяларды камтыган, бирок, чектелип калбаган жагдайлар. 

- Токтотуп туруу мезгили - бул, кредиттик келишимге кол коюлгандан кийинки мезгил аралыгы, анын ичинде МФУ карыз алуучуга акча каражаттарын которбойт. Карыз алуучу ушул мезгил аралыгында кредит алуудан баш тартууга укуктуу. 

10-1. МФУ Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 "Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта жана МФУнун ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кредиттерди берүүгө укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү кредиттердин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 15000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) жана күчөтүлгөн квалификацияланбаган электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 150000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) ашпоого тийиш. 

10-1. МФУ Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 "Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта жана МФУнун ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кредиттерди берүүгө укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү кредиттердин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 15000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) жана күчөтүлгөн квалификацияланбаган электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 150000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) ашпоого тийиш. 

Кредиттик келишимге электрондук кол тамга коюу жолу менен обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленет, бул мезгил аралыгында МФУ карыз алуучуга акча каражаттарын которо албайт: 

15 000 сомго чейинки кредиттер үчүн - 3 саат. 

15 000 сомдон жогору кредиттер үчүн - 24 саат. 

Мында, МФУ жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде кардардын обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредитти тариздөөгө тастыктамасын алуу үчүн контролдоп чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш. 

38. Карыз алуучунун кредиттик досьеге (ушул жобого карата 1-тиркеме) кардардан билдирме алынган учурдан тартып түзүлөт жана ага бул кредитке тиешелүү бардык документтер көктөлөт. Ошол карыз алуучуга берилген башка кредиттик продукт тиешелүү документтер башка досьеге көктөлөт. 

Кредиттик таржымалды тараптардын кол коюусун талап кылбаган, документтердин түп нускаларынан сканерден өткөрүлгөн версиялары түрүндө электрондук маалымат булактарында жана/же МФУ санарип маалыматтардын маалыматтык коопсуздугун, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык пайдалануу деңгээлдерин колдонуу, резервдик көчүрмөлөө шарттарын сактоо менен камсыз кылган шартта, электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө сактоого жол берилет.  

Аралыкта туруп/обочодон тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттер боюнча карыз алуучунун кредиттик таржымалы кагаз жүзүндөгү документтерди сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө маалымат базасында (электрондук маалымат булагында) электрондук түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында электрондук документтердин маалымат базасынан колдонуу мүмкүнчүлүгү мыйзам талаптарына ылайык камсыз кылынат. 

38. Карыз алуучунун кредиттик досьеге (ушул жобого карата 1-тиркеме) кардардан билдирме алынган учурдан тартып түзүлөт жана ага бул кредитке тиешелүү бардык документтер көктөлөт. Ошол карыз алуучуга берилген башка кредиттик продукт тиешелүү документтер башка досьеге көктөлөт. 

Кредиттик таржымалды тараптардын кол коюусун талап кылбаган, документтердин түп нускаларынан сканерден өткөрүлгөн версиялары түрүндө электрондук маалымат булактарында жана/же МФУ санарип маалыматтардын маалыматтык коопсуздугун, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык пайдалануу деңгээлдерин колдонуу, резервдик көчүрмөлөө шарттарын сактоо менен камсыз кылган шартта, электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө сактоого жол берилет.  

Аралыкта туруп/обочодон тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттер боюнча карыз алуучунун кредиттик таржымалы кагаз жүзүндөгү документтерди сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө маалымат базасында (электрондук маалымат булагында) электрондук түрдө жүргүзүлүшү зарыл. Мында электрондук документтердин маалымат базасынан колдонуу мүмкүнчүлүгү мыйзам талаптарына ылайык камсыз кылынат. 

"Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме  

Карыз алуучунун кредиттик таржымалына карата  

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР  

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат 

.... 

13-1. Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредит алган карыз алуучунун электрондук кредиттик таржымалында ушул Жобонун 10-1-пунктунун талаптарына ылайык кардар менен контролдоп чалуунун жазуусу сакталууга тийиш. 

4. 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА)  

Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо 

ТАРТИБИ 

Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо 

жана верификациялоо тартибине карата 

1-тиркеме 

5-таблица. Видеобайланышты колдонуу аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурундагы операциялар  

Электрондук капчыктар жана чектелген функционалдык банктык эсептер 

Операциянын түрү 

Белгиленген чектөөлөр 

Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө максатында которуулар (алуучу-резиденттердин пайдасына)  

Операциялардын максималдуу суммасы: 2000 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде которуулардын суммасы: 4000 эсептик көрсөткүч. Жогору тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдарга төлөмдөргө тыюу салынган 

Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө максатында которуулар (алуучу-резидент эместердин пайдасына)  

Операциянын максималдуу суммасы: 2000 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде которуулардын суммасы: 4000 эсептик көрсөткүч 

Жеке адамдар ортосунда которуулар (резиденттер ортосунда)  

Операциянын максималдуу суммасы: 1000 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде которуулардын суммасы: 2000 эсептик көрсөткүч. Төлөөчү да жана алуучу да кеминде кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча жеңилдетилген жол-жободон өтүүгө тийиш 

Жеке адамдар ортосунда которуулар (бир тарап резидент эмес)  

Операциянын максималдуу суммасы: 1000 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде которуулардын суммасы: 2000 эсептик көрсөткүч. Алуучу жана жөнөтүүчү жөнүндө маалымат белгиленет. Кыргыз Республикасынын резиденти кеминде кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча жеңилдетилген жол-жободон өтүүгө тийиш. Төлөм билдирүүсүнүн курамында төлөөчү жана алуучу жөнүндө маалыматтын берилиши камсыз кылынууга тийиш 

Мамлекеттик бюджеттин пайдасына которуулар  

Чектөөлөрсүз  

Нак акча алуу  

Операциянын максималдуу суммасы: 1000 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде операциялардын суммасы: 2000 эсептик көрсөткүч 

Кредит алуу  

Операциянын максималдуу суммасы: 150 эсептик көрсөткүч; Ай ичинде операциялардын суммасы: 300 эсептик көрсөткүч 

Электрондук акчалардын ордун жабуу/өздүк эсепке которуу  

Кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча стандарттык жол-жоболорду жүргүзүү менен ачылган Кыргыз Республикасынын резидентинин өздүк банктык эсебине акча каражаттарын чегерүү менен чектөөлөрсүз 

Жеке адамдын пайдасына юридикалык жактан же жеке ишкерден которуулар  

Мурда ишке ашырылган төлөмдү кайтарууга байланыштуу операциялардан тышкаркы башка учурларга тыюу салынган (мисалы, товардан же кызмат көрсөтүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу).  

Электрондук капчыкты/банктык эсепти толуктоо  

Максималдуу баланска карата лимиттин алкагында чектөөлөрсүз  

Кредиттик акча каражаттары кардарларга минималдуу токтотуп туруу мезгили өткөндөн кийин жана контролдоп чалуу жол-жобосу жүргүзүлгөндөн кийин гана которулат. 

Электрондук акчалардын ордун жабуу/өздүк эсепке которуу  

Кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча стандарттык жол-жоболорду жүргүзүү менен ачылган Кыргыз Республикасынын резидентинин өздүк банктык эсебине акча каражаттарын чегерүү менен чектөөлөрсүз 

Жеке адамдын пайдасына юридикалык жактан же жеке ишкерден которуулар  

Мурда ишке ашырылган төлөмдү кайтарууга байланыштуу операциялардан тышкаркы башка учурларга тыюу салынган (мисалы, товардан же кызмат көрсөтүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу).  

Электрондук капчыкты/банктык эсепти толуктоо  

Максималдуу баланска карата лимиттин алкагында чектөөлөрсүз  

5. 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 2020-П-33/54-3-(НФКУ) 

Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо 

ТАРТИБИ 

Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө  

режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибине карата 

1-тиркеме 

3-таблица. Видеобайланыш аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурундагы операциялар.  

Операциянын түрү 

Белгиленген чектөөлөр 

Кредит берүү  

Операциянын максималдуу суммасы: 150 эсептик көрсөткүч. Ай ичинде операциялардын суммасы: 300 эсептик көрсөткүч 

Нак акча берүү  

Кредиттин суммасына коюлган лимиттерге ылайык  

Электрондук капчыкты/банктык эсепти толуктоого арыздарды кабыл алуу (кредит боюнча алынган акчаны которуу)  

Кредиттик акча каражаттары кардарларга минималдуу токтотуп туруу мезгилинен өткөндөн кийин жана контролдоп чалуу жол-жобосу жүргүзүлгөндөн кийин гана которулат. 