Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин.  

 

2. Токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактардын бирикмесин, «KG төлөм тутумдарынын операторлор ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында катталган банктык төлөм карталарынын процессингин жүзөгө ашырган төлөм системасынын операторлорун жана банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын операторлорун тааныштырсын. 

 

5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын _________________ 

______________________________токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

- 73-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«73. Эл аралык карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар процессинги, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан ошол системалардын регламентине, иш тартибине жана келишимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.»; 

- төмөнкү мазмундагы 73-1, 73-2 жана 73-3-пункттар менен толукталсын: 

«73-1. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган эл аралык карттар боюнча транзакциялар процессингин жүзөгө ашырган процессинг борборлору эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүү системаларынын тынымсыз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн улуттук төлөм системасынын операторунун процессинг борборуна туташуусун (интеграция) камсыз кылууга милдеттүү

73-2. Улуттук төлөм системасынын оператору ушул Жобонун 73-1-пунктунун талаптарына ылайык туташкан (интеграция) бардык катышуучулар ачык жана бирдей пайдалануусун камсыз кылган эрежелердин, тарифтердин жана шарттардын колдонулушун камсыздоого милдеттүү

73-3. Процессинг борборлорунун өз ара иши, эл аралык төлөм системаларынын карта ээлерине соода-тейлөө ишканаларында төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн үзгүлтүксүз негизде пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүгө жана эл аралык төлөм системасынын ишинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүү жагында штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган учурларда альтернативалуу маалыматтарды өткөрүү каналдарын жана/же резервдик каражаттарды колдонуу аркылуу Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында орнотулган аралыктан тейлөө жабдууларынан улуттук валютада накталай акча каражаттарын алууну камсыз кылууга тийиш.»; 

- 83-2-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Процессинг борбору жана банктык төлөм карттарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар процессингин жүзөгө ашыруу үчүн каралган анын аппараттык-программалык комплекси Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашууга тийиш.»; 

- 83-3-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 83-4-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«83-4. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөм системасынын оператору тарабынан жүзөгө ашырылат жана жыйынтык таза позицияларды эсептөө системанын регламентине жана иш тартибине ылайык банктар аралык Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында жүзөгө ашырылат. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча жыйынтыктап эсептешүү Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат.»; 

-83-5-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 10-майындагы № 83 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамына ылайык келтирүүнүн алкагында эл аралык төлөм системаларынын карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, эл аралык төлөм системаларынын карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу максатында, 2024-жылдын 10-майында «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн төлөм системаларынын ишине карата айрым талаптар каралган 20-беренеге өзгөртүүлөр киргизилген. 

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган (эмиссияланган) ар кандай төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютада ишке ашырылган төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды (ички мамлекеттик төлөмдөр) чогултууга, иштеп чыгууга, сактоого карата талаптарды белгилейт. Мындан тышкары, кабыл алынган Мыйзамда процессинг борборлору Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашып, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда, аларды улуттук төлөм системасынын операторунун процессинг борборуна бириктирүү (интеграциялоо) аркылуу эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын тынымсыз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга тийиш экендиги белгиленген. 

Ушуга байланыштуу, токтом долбоорунда Улуттук банк Башкармасынын 2015жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого (мындан ары Жобо), тактап айтканда «Процессингге жана процессинг борборуна карата жалпы талаптар, жыйынтыктоочу эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби» деген 10-главага жана «Процессингге жана ички мамлекеттик төлөмдөрдү жана акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибине карата талаптар» деген 10-1 главага төмөнкү талаптарды камтыган тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат: 

- улуттук төлөм системасынын операторунун процессинг борборуна туташтыруу (интеграция) аркылуу эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын тынымсыз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу; 

- улуттук төлөм системасынын операторуна туташкан (интеграция) бардык катышуучулар ачык жана бирдей пайдалануусун камсыз кылуу; 

- эл аралык төлөм системаларынын карта ээлерине соода-тейлөө ишканаларында төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн үзгүлтүксүз негизде пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүгө жана эл аралык төлөм системасынын ишинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүү жагында штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган учурларда альтернативалуу маалыматтарды өткөрүү каналдарын жана/же резервдик каражаттарды колдонуу аркылуу Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында орнотулган аралыктан тейлөө жабдууларынан улуттук валютада накталай акча каражаттарын алууну камсыз кылуу; 

- процессинг борборлорунун аппараттык-программалык комплекси Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашууга тийиш. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу терс социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык же коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Токтом долбоору боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каражат бөлүү каралган эмес. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4 жана 6-пунктчаларына ылайык, кароого сунуштаган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө талап кылынбайт, анткени сунушталып жаткан өзгөртүүлөр мыйзамдуу күчү жогору турган ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүүгө багытталган. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө» жобо 

73. Эл аралык карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакцияларды процессинг ички төлөмдөрдү кошпогондо, эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан ушул системалардын ченемдерине, иштөө тартибине жана келишимдерине ылайык жүзөгө ашырылат. 

73. Эл аралык карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакцияларды процессинг, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан ушул системалардын ченемдерине, иштөө тартибине жана келишимдерине ылайык жүзөгө ашырылат. 

 

73-1. Эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануучу эсептешүү системаларынын тынымсыз жана үзгүлтүксүз иштеши үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган эл аралык карттар боюнча транзакцияларды иштеп чыгуучу процессинг борборлору улуттук төлөм системасынын операторунун процессинг борбору менен бириктирүүнү (интеграциялоону) камсыз кылууга милдеттүү.. 

73-2. Улуттук төлөм системасынын оператору ушул Жобонун 73-1-пунктунун талаптарына ылайык биригүүнү (интеграциялоону) жүзөгө ашыруучу бардык катышуучулар үчүн ачык жана бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылган эрежелерди, тарифтерди жана шарттарды колдонууну камсыз кылууга милдеттүү

73-3. Процессингдик борборлордун өз ара аракеттенүүсү эл аралык төлөм системаларынын карт ээлерине банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасынын иштешинде өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда, улуттук валютада жүзөгө ашырылуучу, соода-сервистик ишканаларда төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө жана/же резервдик каражаттарга улуттук валютада жүзөгө ашырылуучу нак акча каражаттарын алууга үзгүлтүксүз жетүүнү камсыз кылууга тийиш. 

83-2. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган банктык төлөм карттарын пайдалануу менен улуттук валютада жүзөгө ашырылган төлөмдөр (операциялар) жөнүндө финансылык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы/уруксаты бар процессинг борбору тарабынан жүзөгө ашырылат. 

83-2. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган банктык төлөм карттарын пайдалануу менен улуттук валютада жүзөгө ашырылган төлөмдөр (операциялар) жөнүндө финансылык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы/уруксаты бар процессинг борбору тарабынан жүзөгө ашырылат. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакцияларды процессинг жүргүзүү үчүн арналган процессинг борбору жана анын аппараттык-программалык комплекси Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашууга тийиш. 

83-3. Эмитенттерден, эквайерлерден жана төлөм системасынын операторлорунан ички төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн карттарды пайдалануучу авторизациялоо суроо-талаптары/жооптору улуттук төлөм системасынын оператору аркылуу өтүүгө тийиш жана банктык төлөм карталарын пайдалануу менен тиешелүү төлөм системаларына берилиши мүмкүн. 

Күчүн жоготкон катары таанылды 

83-4. Ички төлөмдөр боюнча клиринг улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан ишке ашырылат, ал эми акыркы таза позицияларды эсептөө системанын ченемдик укуктук актыларына жана иштөө жол-жоболоруна ылайык реалдуу убакыт режиминде банктар аралык гросстук эсептешүү системасында жүзөгө ашырылат. Ички төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүү Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат. 

Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөм эсептешүү системасынын оператору тарабынан жүзөгө ашырылат жана акыркы таза позицияларды эсептөө системанын ченемдерине жана иштөө тартибине ылайык реалдуу убакыт режиминде банктар аралык гросстук эсептешүү системасында жүзөгө ашырылат. Ички төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүү Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат. 

83-5. Ички төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби, катышуучулардын жана банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүү системаларынын өз ара аракеттенүүсү, улуттук төлөм системасынын оператору, Улуттук банк, тараптардын укуктары жана милдеттери тиешелүү келишимде/келишимдерде белгиленет. 

Күчүн жоготкон катары таанылды