Долбоор
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө»;
- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»;
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
- 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»;
- 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу».
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин
3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, кредиттик союздарды, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын.
5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын ___ - _________
№______________________
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын
19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелеринин:
- 7.8.2-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«3) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтин болушу (өтүнүч ээсинин киреше алып келүүчү активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалым кат, патент, же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечими, же күбөлүк ж.б.), ошондой эле микрокредиттик агенттиктин кредиттик саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, кредит менен иш алып барган жооптуу адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталган өтүнүч ээсинин төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү;».
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын
23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобонун:
- 5.1-пунктунун 5.1.6-пунктчасынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«5.1.6. Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды жана эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафттарды эске албаганда, өз катышуучусуна чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин бере албайт.»;
- Жобого карата 1-тиркеменин I бөлүмүнүн 7-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин көчүрмөсү (болгон болсо).».
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын
30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 25-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу – ишкердикти күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо).»;
- 34-2-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«34-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды, ошондой эле эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафтты жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасында төлөм карталарына кредиттик лимиттерди эске албаганда, карыз алуучуларга-жеке адамдарга чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин бере албайт.»;
- Жобого карата 1-тиркеменин 8-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу – ишкердикти күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо).».
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын
31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоонун:
- 41-пунктунун 1-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин (күбөлүктүн) көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документтин (патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин) көчүрмөсүн.».
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын
25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 29-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги тууралуу документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында каржылоо берилген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик органдардан алынган каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш - күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде ишкердик иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо).»;
- 38-2-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«38-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режим менен соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматынын органынын чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды, ошондой эле эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафтты жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасында төлөм карталарына кредиттик лимиттерди эске албаганда, кардарга - жеке адамга ипотекага (мурабаха жана истиснаа ж.б. келишими боюнча турак жайды сатып алуу/куруу) жана керектөө максаттарына чет өлкө валютасында каржылоо бере албайт.».
Жобого карата 1-тиркеменин 9-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги тууралуу документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында өзүндө кредиттик тобокелдик камтылган активдер берилген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик органдардан алынган каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш - күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде ишкердик иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо).»;
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын
25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 28-1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«28-1. МФУ, күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, кардарга - жеке адамга ипотекага (мурабаха, ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алуу/куруу) жана керектөө максаттарына чет өлкө валютасында каржылоо бере албайт.»;
- Жобого карата 1-тиркеменин 2-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«3) патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин көчүрмөсү (бар болсо).».
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын
23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобонун:
- 27-1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды жана эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафттарды эске албаганда, кардарга - жеке адамга ипотекага (мурабаха, ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алуу/куруу) жана керектөө максаттарына чет өлкө валютасында каржылоо бере албайт.»;
- Жобого карата 1-тиркеменин 7-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин көчүрмөсү (бар болсо).».
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын
13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:
- 40-пунктунун 1-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин (күбөлүктүн) көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документтин (патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин) көчүрмөсүн.».
9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын
2-июнундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоонун:
- Нускоого карата 1-тиркемедеги «Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин компенсацияланууга тийиш болгон жайгаштырылган аманаттары (депозиттер) жөнүндө маалымат» таблицасынын 4-1-тилкесинин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Күбөлүктүн/патенттин/өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин №»;
- 2-тиркеменин 2-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон (күбөлүктүн) өткөндүгүн тастыктаган документтин реквизиттери же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтпөстөн (патент же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечими) ишкердик жүргүзүү фактысын тастыктаган документтин реквизиттери;».
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына
Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата
МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдети
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары – токтом долбоору) өзгөчө режимдеги соода аймагында салыктын негизинде иш жүргүзгөн жеке жактарды салыктык каттоонун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен салык мыйзамдарынын айрым ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 416-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык (мындан ары – Салык кодекси) тартып соода ишин жүзөгө ашырган жеке жак 2024-жылдын 1-июлунан патенттин негизинде салык төлөө режимин колдонуу укугуна ээ эмес.
Мында Салык кодексинин 110-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салыктын негизинде ишти жүзөгө ашырып жаткан жеке жакты салыктык каттоо жеке ишкер катары кошумча мамлекеттик каттоону талап кылбайт.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 12-мартындагы № 67 буйругу менен өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу/колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечиминин формасы бекитилген.
Өзгөчө режимдеги соода аймагында салыктын негизинде иш жүргүзгөн жеке жак көрсөтүлгөн документти эсеп ачууда же кредит/каржылоо алууда финансы-кредит уюмдарына берүүгө укуктуу.
Ошентип, токтом долбоору жеке ишкерлер тарабынан финансы-кредит уюмдарында тейлөө колдонулуучу документтердин тизмесин кеңейтүүгө багытталган.
Токтомдун долбооруна ылайык, өзгөртүүлөр банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуучу Улуттук банктын 9 ченемдик укуктук актыларына киргизилүүдө.
3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо
Аталган токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси болгон, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуулоого жана жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөгө алынат. Ушуга байланыштуу токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылат.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишин талдоо
Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт.
7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4-пунктчасынын, юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү жагындагы жоболоруна ылайык, сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн эмес.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
Азыркы мезгилдеги редакция |
Сунушталган редакция |
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери |
|
7. Микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишин жөнгө салуу |
|
7.8.2. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренесинин максаттарын эске алуу менен МКАнын ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна ушул эрежелердин 7.8.1-пунктчасында белгиленген микрокредиттин максималдуу өлчөмүнөн жогору өлчөмдө берилүүчү микрокредитти жана лизингди төмөнкү максаттарга МКАнын өздүк капиталынын (капиталдын баланстык наркы) 2 пайызынан ашпаган өлчөмдө сунуштоого жол берилет: а) бизнести (ишкердик ишин уюштуруу үчүн негизги жана жүгүртүү каражаттарын сатып алуу) же жаңы ишкердик багытын түзүү; б) төмөнкү маселелердин бири аткарылган учурда, иштеп жаткан бизнести/ишкердикти кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө: - технологияны жаңыртууга багытталган жаңы технологияларды ишке киргизүү, инновациялык жабдууларды жана техниканы ишке киргизүү; - бизнес-процесстерди автоматташтыруу; - кошумча жумуш орундарын түзүү; - өндүрүштүн масштабын кеңейтүү. Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн микрокредиттерди жана лизингдерди берүүдө микрокредиттик агенттик төмөнкү шарттарды аткарууга тийиш: 1) микрокредиттик агенттикте продукттун белгилүү бир түрүн жана сунушталып жаткан каржылоонун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү тартибин аныктоо менен микрокаржылоо максаттарына жана милдеттерине ылайык иштелип чыккан каржылоо саясатынын болушу; 2) Кредиттик маалымат бюросунан өтүнүч ээсинин кредиттик таржымалы, анын ичинде өтүнүч ээси тарабынан буга чейин алынган, бирок мөөнөтүндө төлөнбөгөн, ошондой эле өтүнүч ээсинин кайсы бир башка кредиттер боюнча кепилдик берүүчү катары катышкандыгы же катышпагандыгы тууралуу маалыматтын болушу; 3) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтин болушу (өтүнүч ээсинин киреше алып келүүчү активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент, күбөлүк ж.б.), ошондой эле өтүнүч ээсинин төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берилип, ал микрокредиттик агенттиктин кредиттик саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, жооптуу кредит менен иш алып барган адисинин же кызматкеринин корутундусу менен тастыкталышы зарыл; 4) өтүнүч ээси кредит алууга бизнес-планды сунуштоого тийиш, бул бизнес-планда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолор менен бирге кредитти пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш. Мында, МКАнын кредит портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин үлүшү 70 же андан көп пайызды ээлесе, анда 7.8.1-пунктта көрсөтүлгөн чектөөлөр бул МКАга таркатылбайт. Эгерде МКАнын кредит портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин үлүшү 70 пайыздан азды түзсө, 100 миң сомго чейинки өлчөмдөгү микрокредиттер МКАнын жалпы кредит портфелинин 20 же андан көбүрөөк пайызын түзүүгө тийиш. |
7.8.2. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренесинин максаттарын эске алуу менен МКАнын ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна ушул эрежелердин 7.8.1-пунктчасында белгиленген микрокредиттин максималдуу өлчөмүнөн жогору өлчөмдө берилүүчү микрокредитти жана лизингди төмөнкү максаттарга МКАнын өздүк капиталынын (капиталдын баланстык наркы) 2 пайызынан ашпаган өлчөмдө сунуштоого жол берилет: а) бизнести (ишкердик ишин уюштуруу үчүн негизги жана жүгүртүү каражаттарын сатып алуу) же жаңы ишкердик багытын түзүү; б) төмөнкү маселелердин бири аткарылган учурда, иштеп жаткан бизнести/ишкердикти кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө: - технологияны жаңыртууга багытталган жаңы технологияларды ишке киргизүү, инновациялык жабдууларды жана техниканы ишке киргизүү; - бизнес-процесстерди автоматташтыруу; - кошумча жумуш орундарын түзүү; - өндүрүштүн масштабын кеңейтүү. Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн микрокредиттерди жана лизингдерди берүүдө микрокредиттик агенттик төмөнкү шарттарды аткарууга тийиш: 1) микрокредиттик агенттикте продукттун белгилүү бир түрүн жана сунушталып жаткан каржылоонун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү тартибин аныктоо менен микрокаржылоо максаттарына жана милдеттерине ылайык иштелип чыккан каржылоо саясатынын болушу; 2) Кредиттик маалымат бюросунан өтүнүч ээсинин кредиттик таржымалы, анын ичинде өтүнүч ээси тарабынан буга чейин алынган, бирок мөөнөтүндө төлөнбөгөн, ошондой эле өтүнүч ээсинин кайсы бир башка кредиттер боюнча кепилдик берүүчү катары катышкандыгы же катышпагандыгы тууралуу маалыматтын болушу; 3) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтин болушу (өтүнүч ээсинин киреше алып келүүчү активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалым кат, патент, же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечими, же күбөлүк ж.б.), ошондой эле микрокредиттик агенттиктин кредиттик саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, кредит менен иш алып барган жооптуу адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталган өтүнүч ээсинин төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү; 4) өтүнүч ээси кредит алууга бизнес-планды сунуштоого тийиш, бул бизнес-планда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолор менен бирге кредитти пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш. Мында, МКАнын кредит портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин үлүшү 70 же андан көп пайызды ээлесе, анда 7.8.1-пунктта көрсөтүлгөн чектөөлөр бул МКАга таркатылбайт. Эгерде МКАнын кредит портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин үлүшү 70 пайыздан азды түзсө, 100 миң сомго чейинки өлчөмдөгү микрокредиттер МКАнын жалпы кредит портфелинин 20 же андан көбүрөөк пайызын түзүүгө тийиш. |
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобо |
|
5. Кредиттик союздун кредиттерди берүү боюнча ишин уюштуруу |
|
5.1.6. Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды жана эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча тейленген овердрафттарды эске албаганда, өз катышуучусуна чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин сунуштай албайт. Ушул кредиттер боюнча төлөмдөрдү, кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. |
5.1.6. Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды жана эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафттарды эске албаганда, өз катышуучусуна чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин бере албайт.. |
Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого 1-тиркеме |
|
I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат |
|
7. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүргүзгөн катышуучудан (жеке адамдан) жогоруда келтирилген документтерден тышкары төмөнкүлөр талап кылынат: - абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 14-августундагы № 2024-П-12/36-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту); - патенттин көчүрмөсү (болгон болсо). |
7. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүргүзгөн катышуучудан (жеке адамдан) жогоруда келтирилген документтерден тышкары төмөнкүлөр талап кылынат: - абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 14-августундагы № 2024-П-12/36-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту); - патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин көчүрмөсү (болгон болсо). |
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо |
|
4. Банктык кредиттерди берүү боюнча банктын ишин уюштуруу |
|
4.1. Кредит алууга билдирмелерди анализдөө |
|
25. Кредитти сунуштоо максатка ылайыктуу экендигин аныктоо, ошондой эле карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн банк карыз алуучудан төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш (кагаз түрүндө же электрондук формада): - карыз алуучу тууралуу негизги маалыматтарды (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо - негизги ишкердик түрү, жүгүртүү каражаттарынын болжолдуу өлчөмү), валюталар боюнча киреше (пайда) түзүмүн (чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча), кредитти төлөө планын, негизги бизнес-өнөктөштөр ж.б.; - нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же мыйзам актыларына ылайык көчүрмөлөрдү нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн эмес болгон шартта юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин колтамгасы менен тастыкталган уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо); - карыз алуучунун (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде карыз алуучу - юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл; - (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомуна ылайык күчүн жоготту) - жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген жеке адамдарды-айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган Өкмөттүн программаларынын алкагында кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу - ишкердикти күбөлүктүн же патенттин негизинде жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо).
Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө патенттин (көчүрмөсүнүн) же электрондук патенттин аныктыгын (көчүрмөсү) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. Эскертүү: QR-код - уюлдук түзүлүштөр аркылуу окуу үчүн атайын түзүлгөн, патент жөнүндө маалымат камтылган матрица код (эки ченемдүү штрих код); - өзүндө кредит алуу максатын, карыз алуучунун каражаттарынын болжолдуу жылышын (жыл ичинде пайда алуу көлөмүн), валюталар боюнча төлөө булактарын, кредитти төлөө мөөнөттөрүн жана планын камтыган (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо жана кредиттин суммасы 3500000 сомду түзгөн болсо, жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген кредиттерди эске албаганда) бизнес-план. Мында банк кредиттик тобокелдикти кыскартуу максатында, инвестициялык кредиттер, сезондук кредиттер, ири кредиттер жана карыз алуучунун ишкердигине кылдат баа берүүнү талап кылган башка кредиттер боюнча бизнес-планга карата кошумча талаптарды белгилөөгө тийиш; - күрөөгө коюлган мүлк описин, ээлик кылуу укугун (эгерде күрөө кыймылдуу/кыймылсыз мүлк болсо) жана пайдалануу укугун тастыктаган документтерди, ошондой эле банктын ички документтерине ылайык башка документтерди;
- гарантты (кепилдик берүүчүнү) көрсөтүү менен гарантияларды (кепилдиктерди), гарантиялардын (кепилдиктердин) суммасын ж. б. (эгерде банк гарантияны (кепилдикти), ошондой эле гаранттын финансылык отчетун (эгерде гарант юридикалык жак болсо) берүүнү талап кылса, буга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан гарант (кепилдик берүүчү) кошулбайт; - инсандыгын тастыктаган документти (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо); - акыркы 3-12 ай ичинде (мында банк эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгилди өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы жөнүндө маалымкат же карыз алуучунун кирешелери/төлөөгө жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо); - банкка зарыл болгон башка документтер, анын ичинде банктын каалоосу боюнча карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн документтер (контракттар, келишимдер, сунуштама каттар, мамлекеттик реестрлерден көчүрмөлөр ж.б.), алар электрондук документ түрүндө же кагаз түрүндө сунушталышы мүмкүн. Банкта маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу боюнча талаптар камтылган, кардарлар маалыматы менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо болууга тийиш. Маалымат топтоодо жана кардарлар менен маектешүүдө банк кызматкерлери ал маалымат мыйзам талаптарына ылайык кандай учурларда колдонулушу мүмкүндүгүн кардарларга так түшүндүрүүгө тийиш. Кардардын (кардарлардын) сүрөттөрүн же видео жаздырууларды, аудиожаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардан (кардарлардан) макулдук алуу зарыл. |
25. Кредитти сунуштоо максатка ылайыктуу экендигин аныктоо, ошондой эле карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн банк карыз алуучудан төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш (кагаз түрүндө же электрондук формада): - карыз алуучу тууралуу негизги маалыматтарды (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо - негизги ишкердик түрү, жүгүртүү каражаттарынын болжолдуу өлчөмү), валюталар боюнча киреше (пайда) түзүмүн (чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча), кредитти төлөө планын, негизги бизнес-өнөктөштөр ж.б.; - нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же мыйзам актыларына ылайык көчүрмөлөрдү нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн эмес болгон шартта юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин колтамгасы менен тастыкталган уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо); - карыз алуучунун (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде карыз алуучу - юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл; - (абзац Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомуна ылайык күчүн жоготту) - жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу – ишкердикти күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо). Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө патенттин (көчүрмөсүнүн) же электрондук патенттин аныктыгын (көчүрмөсү) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. Эскертүү: QR-код – уюлдук түзүлүштөр аркылуу окуу үчүн атайын түзүлгөн, патент жөнүндө маалымат камтылган матрица код (эки ченемдүү штрих код); - өзүндө кредит алуу максатын, карыз алуучунун каражаттарынын болжолдуу жылышын (жыл ичинде пайда алуу көлөмүн), валюталар боюнча төлөө булактарын, кредитти төлөө мөөнөттөрүн жана планын камтыган (эгерде карыз алуучу – юридикалык жак болсо жана кредиттин суммасы 3500000 сомду түзгөн болсо, жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген кредиттерди эске албаганда) бизнес-план. Мында банк кредиттик тобокелдикти кыскартуу максатында, инвестициялык кредиттер, сезондук кредиттер, ири кредиттер жана карыз алуучунун ишкердигине кылдат баа берүүнү талап кылган башка кредиттер боюнча бизнес-планга карата кошумча талаптарды белгилөөгө тийиш; - күрөөгө коюлган мүлк описин, ээлик кылуу укугун (эгерде күрөө кыймылдуу/кыймылсыз мүлк болсо) жана пайдалануу укугун тастыктаган документтерди, ошондой эле банктын ички документтерине ылайык башка документтерди; - гарантты (кепилдик берүүчүнү) көрсөтүү менен гарантияларды (кепилдиктерди), гарантиялардын (кепилдиктердин) суммасын ж. б. (эгерде банк гарантияны (кепилдикти), ошондой эле гаранттын финансылык отчетун (эгерде гарант юридикалык жак болсо) берүүнү талап кылса, буга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан гарант (кепилдик берүүчү) кошулбайт; - инсандыгын тастыктаган документти (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо); - акыркы 3-12 ай ичинде (мында банк эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгилди өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы жөнүндө маалымкат же карыз алуучунун кирешелери/төлөөгө жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо); - банкка зарыл болгон башка документтер, анын ичинде банктын каалоосу боюнча карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн документтер (контракттар, келишимдер, сунуштама каттар, мамлекеттик реестрлерден көчүрмөлөр ж.б.), алар электрондук документ түрүндө же кагаз түрүндө сунушталышы мүмкүн. Банкта маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу боюнча талаптар камтылган, кардарлар маалыматы менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо болууга тийиш. Маалымат топтоодо жана кардарлар менен маектешүүдө банк кызматкерлери ал маалымат мыйзам талаптарына ылайык кандай учурларда колдонулушу мүмкүндүгүн кардарларга так түшүндүрүүгө тийиш. Кардардын (кардарлардын) сүрөттөрүн же видео жаздырууларды, аудиожаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардан (кардарлардан) макулдук алуу зарыл. |
34-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, карыз алуучуларга-жеке адамдарга чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин, ошондой эле эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафтты бере албайт жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасында төлөм карттарына кредиттик лимиттерди белгилей албайт. Ошол кредиттер боюнча төлөмдөрдү кредиттик келишим валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. |
34-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды, ошондой эле эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафтты жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасында төлөм карталарына кредиттик лимиттерди эске албаганда, карыз алуучуларга-жеке адамдарга чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин бере албайт. Ошол кредиттер боюнча төлөмдөрдү кредиттик келишим валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. |
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме |
|
I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат |
|
8. Мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо), мында жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же мал жандыгы бар экендигин тастыктаган документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит алган айыл чарба өндүрүүчү-жеке адамдар, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүн программаларынын алкагында кредит алган жеке адамдар кирбейт. Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө (көчүрмөсү) же электрондук документ формасында алынган электрондук патенттин аныктыгын (тастыктоо фактысын кагаз түрүндө же электрондук форматта сактоо зарыл) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. Банк кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш. |
8. Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу – ишкердикти күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо). Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө (көчүрмөсү) же электрондук документ формасында алынган электрондук патенттин аныктыгын (тастыктоо фактысын кагаз түрүндө же электрондук форматта сактоо зарыл) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. Банк кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш. |
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоо |
|
5-глава. Банктык банктык банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсептерди ачуу тартиби |
|
41. Жеке ишкерлер, ушул Нускоонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары банкка кошумча төмөнкү документтерди (кагаз түрүндө же электрондук документ формасында) берүүгө тийиш: 1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин (күбөлүктүн) көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документтин (патенттин) көчүрмөсүн. Жеке ишкердин электрондук патенти болсо банк кызматкери мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу электрондук патенттеги QR-кодду сканерден өткөрүү менен кагаз түрүндөгү же электрондук документ формасындагы электрондук патенттин аныктыгын текшерүүгө же патенттеги маалыматты Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. Эскертүү: QR-код - мобилдик түзүлүштөр аркылуу таануу үчүн атайын түзүлгөн, анда патент жөнүндө маалымат камтылган матрица түрүндө код (кош өлчөмдүү штрихкод); 2) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 8-декабрындагы № 2023-П-12/76-1-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 3) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 23-мартындагы № 2022-П-12/17-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер сунушталгандыгын текшерүүгө жана аларды тастыктоого тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди тастыктоо фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш. |
41. Жеке ишкерлер, ушул Нускоонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары банкка кошумча төмөнкү документтерди (кагаз түрүндө же электрондук документ формасында) берүүгө тийиш: 1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин (күбөлүктүн) көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документтин (патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин) көчүрмөсүн. Жеке ишкердин электрондук патенти болсо банк кызматкери мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу электрондук патенттеги QR-кодду сканерден өткөрүү менен кагаз түрүндөгү же электрондук документ формасындагы электрондук патенттин аныктыгын текшерүүгө же патенттеги маалыматты Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. Эскертүү: QR-код – мобилдик түзүлүштөр аркылуу таануу үчүн атайын түзүлгөн, анда патент жөнүндө маалымат камтылган матрица түрүндө код (кош өлчөмдүү штрихкод); 2) (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 8-декабрындагы № 2023-П-12/76-1-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 3) (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 23-мартындагы № 2022-П-12/17-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер сунушталгандыгын текшерүүгө жана аларды тастыктоого тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди тастыктоо фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш. |
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо |
|
5-глава Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоо боюнча ишти уюштуруу § 1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга берилген билдирмеге талдап-иликтөөлөр |
|
29. Белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүн жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн банк кардардан/өнөктөштөн төмөнкү документтерди кагаз түрүндө же электрондук формада талап кылууга тийиш: - кардар/өнөктөш жөнүндө негизги маалыматтар (кардар/өнөктөш - юридикалык жак - иштин негизги түрү, жүгүртүү каражаттарынын болжолдуу өлчөмү), валюталар боюнча кирешелер (түшкөн акчанын) түзүмү, каржылоонун ордун жабуу планы, негизги бизнес-өнөктөштөр жана башкалар чагылдырылууга тийиш болгон толтурулган анкета/билдирме; - нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же юридикалык жактын мөөрү басылган же болбосо мыйзам талабына ылайык мындай көчүрмөлөрдү нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн болбогон шартта, жетекчинин кол тамгасы коюлган уюштуруу документтеринин көчүрмөсү (эгерде кардар/өнөктөш юридикалык жак болсо); - кардардын/өнөктөштүн (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл; - жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги тууралуу документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында каржылоо берилген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик органдардан алынган каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш - күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо). Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө патенттин (көчүрмөсүнүн) же электрондук патенттин аныктыгын (көчүрмөсү) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. Эскертүү: QR-код - мобилдик түзүлүштөр аркылуу таануу үчүн атайын түзүлгөн патент жөнүндө маалыматты камтыган матрица түрүндө код (кош өлчөмдүү штрихкод); - каржылоодон пайдалануу максатын, кардардын/өнөктөштүн акча каражаттарынын болжолдуу өлчөмүн, валюталар боюнча төлөө булактарын, каржылоонун ордун жабуу боюнча иш-чаралар планын, мөөнөттөрүн камтыган бизнес-план (эгерде кардар - юридикалык жак болсо жана каржылоо суммасы 3500000 сомдон көп болсо, жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген кредиттерди эске албаганда). Мында банк, кредиттик тобокелдикти кыскартуу максатында, инвестициялык каржылоо сезондук мүнөзгө ээ, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча, олуттуу өлчөмдө каржылоо жана кардардын/өнөктөштүн бизнесине кылдат баа берүүнү талап кылган, каржылоонун башка түрлөрү боюнча бизнес-планга кошумча талаптарды белгилөөгө тийиш; - рыноктук наркын, баа берүү күнүн, ким тарабынан баа берилгендигин, каттоодон өткөндүгүнүн далилдерин, күрөөнүн жайгашкан ордун, ээлик кылууну тастыктаган (эгерде кыймылдуу/кыймылсыз мүлк күрөө болуп саналса) документтерди жана банктын ички документтерине ылайык, башка документтерди көрсөтүү менен күрөөгө коюлган мүлктүн описин (болгон болсо); - гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчетторун (эгерде гарантия кредит боюнча бирден бир гана камсыздоо болуп саналса жана гарант - юридикалык жак болсо) көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер); - ким экендигин тастыктаган документти (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо); - акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы тууралуу маалымкатты же киреше/төлөөгө жөндөмдүүлүгү тууралуу маалыматтарды тастыктаган башка документтерди (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо). Банк жогоруда белгиленген документтерден тышкары банкка зарыл болгон башка документтерди, анын ичинде кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн талап кылынган башка документтерди (контракттар, келишимдер, сунуштама каттар ж.б.у.с.) да талап кыла алат, алар электрондук документ формасында же кагаз түрүндө сунушталышын мүмкүн. Банкта кардардын/өнөктөштүн маалыматы менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо болууга жана анда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылган талаптар каралууга тийиш. Банк кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардарлар/өнөктөштөр менен маектешүүдө ал маалымат мыйзам талаптарына ылайык кандай учурларда колдонулушу мүмкүн экендигин кардарларга так түшүндүрүп берүүлөрү тийиш. Кардарлардын/өнөктөштөрдүн сүрөттөрүн же видео жаздырууларды, аудио жаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка максаттарда пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, кардарлардын/ өнөктөштөрдүн макулдугун алуу зарыл.
|
29. Белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүн жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн банк кардардан/өнөктөштөн төмөнкү документтерди кагаз түрүндө же электрондук формада талап кылууга тийиш: - кардар/өнөктөш жөнүндө негизги маалыматтар (кардар/өнөктөш - юридикалык жак - иштин негизги түрү, жүгүртүү каражаттарынын болжолдуу өлчөмү), валюталар боюнча кирешелер (түшкөн акчанын) түзүмү, каржылоонун ордун жабуу планы, негизги бизнес-өнөктөштөр жана башкалар чагылдырылууга тийиш болгон толтурулган анкета/билдирме; - нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же юридикалык жактын мөөрү басылган же болбосо мыйзам талабына ылайык мындай көчүрмөлөрдү нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн болбогон шартта, жетекчинин кол тамгасы коюлган уюштуруу документтеринин көчүрмөсү (эгерде кардар/өнөктөш юридикалык жак болсо); - кардардын/өнөктөштүн (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде кардар/өнөктөш – юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл; - жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги тууралуу документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында каржылоо берилген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик органдардан алынган каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш - күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде ишкердик иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо). Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө патенттин (көчүрмөсүнүн) же электрондук патенттин аныктыгын (көчүрмөсү) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. Эскертүү: QR-код – мобилдик түзүлүштөр аркылуу таануу үчүн атайын түзүлгөн патент жөнүндө маалыматты камтыган матрица түрүндө код (кош өлчөмдүү штрихкод); - каржылоодон пайдалануу максатын, кардардын/өнөктөштүн акча каражаттарынын болжолдуу өлчөмүн, валюталар боюнча төлөө булактарын, каржылоонун ордун жабуу боюнча иш-чаралар планын, мөөнөттөрүн камтыган бизнес-план (эгерде кардар - юридикалык жак болсо жана каржылоо суммасы 3500000 сомдон көп болсо, жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген кредиттерди эске албаганда). Мында банк, кредиттик тобокелдикти кыскартуу максатында, инвестициялык каржылоо сезондук мүнөзгө ээ, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча, олуттуу өлчөмдө каржылоо жана кардардын/өнөктөштүн бизнесине кылдат баа берүүнү талап кылган, каржылоонун башка түрлөрү боюнча бизнес-планга кошумча талаптарды белгилөөгө тийиш; - рыноктук наркын, баа берүү күнүн, ким тарабынан баа берилгендигин, каттоодон өткөндүгүнүн далилдерин, күрөөнүн жайгашкан ордун, ээлик кылууну тастыктаган (эгерде кыймылдуу/кыймылсыз мүлк күрөө болуп саналса) документтерди жана банктын ички документтерине ылайык, башка документтерди көрсөтүү менен күрөөгө коюлган мүлктүн описин (болгон болсо); - гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчетторун (эгерде гарантия кредит боюнча бирден бир гана камсыздоо болуп саналса жана гарант – юридикалык жак болсо) көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер); - ким экендигин тастыктаган документти (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо); - акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы тууралуу маалымкатты же киреше/төлөөгө жөндөмдүүлүгү тууралуу маалыматтарды тастыктаган башка документтерди (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо). Банк жогоруда белгиленген документтерден тышкары банкка зарыл болгон башка документтерди, анын ичинде кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн талап кылынган башка документтерди (контракттар, келишимдер, сунуштама каттар ж.б.у.с.) да талап кыла алат, алар электрондук документ формасында же кагаз түрүндө сунушталышын мүмкүн. Банкта кардардын/өнөктөштүн маалыматы менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо болууга жана анда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылган талаптар каралууга тийиш. Банк кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардарлар/өнөктөштөр менен маектешүүдө ал маалымат мыйзам талаптарына ылайык кандай учурларда колдонулушу мүмкүн экендигин кардарларга так түшүндүрүп берүүлөрү тийиш. Кардарлардын/өнөктөштөрдүн сүрөттөрүн же видео жаздырууларды, аудио жаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка максаттарда пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, кардарлардын/ өнөктөштөрдүн макулдугун алуу зарыл. |
38-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, карыз алуучуларга-жеке адамдарга чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин, ошондой эле эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафтты бере албайт жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасында төлөм карттарына каржылоо лимиттерин белгилей албайт. Мында, эгерде депозит да каржылоо валютасында болсо, анда ал кредит суммасынын кеминде 100% ордун, ал эми эгерде депозит каржылоо валютасынан башка валютада болсо - сом эквивалентинде анын кеминде 120% ордун жабууга тийиш. Ошол кредиттер боюнча төлөмдөрдү кредиттик келишим валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, каржылоо келишиминин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. |
38-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режим менен соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматынын органынын чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды, ошондой эле эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафтты жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасында төлөм карталарына кредиттик лимиттерди эске албаганда, кардарга - жеке адамга ипотекага (мурабаха жана истиснаа ж.б. келишими боюнча турак жайды сатып алуу/куруу) жана керектөө максаттарына чет өлкө валютасында каржылоо бере албайт. Мында, эгерде депозит каржылоо сыяктуу эле валютада болсо, анда ал каржылоо суммасын 100% дан кем эмес, ал эми каржылоо валютасынан айырмаланган валютадагы депозитти сом эквивалентинде 120% дан кем эмес жабууга тийиш. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, каржылоо келишиминин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. |
Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 1-тиркеме |
|
9. Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги тууралуу документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында кредиттик тобокелдикти камтыган активдер берилген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик органдардан алынган каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо). Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган электрондук патенттин аныктыгын (тастыктоо фактысын кагаз түрүндө же электрондук форматта сактоо зарыл) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. Банк кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш. |
9. Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги тууралуу документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында өзүндө кредиттик тобокелдик камтылган активдер берилген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик органдардан алынган каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш - күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде ишкердик иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо). Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган электрондук патенттин аныктыгын (тастыктоо фактысын кагаз түрүндө же электрондук форматта сактоо зарыл) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. Банк кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш. |
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо |
|
5. Кардарлардын укуктары |
|
28-1. МФУ, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, ипотеканы (мурабаха, ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алууга/курууга) жана кардарга/жеке адамга чет өлкө валютасында керектөө максаттарына каржылоону сунуштай албайт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. |
28-1. МФУ, күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, кардарга - жеке адамга ипотекага (мурабаха, ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алуу/куруу) жана керектөө максаттарына чет өлкө валютасында каржылоо бере албайт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. |
«Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме Карыз алуучунун кредиттик таржымалына карата МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат |
|
2. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдан жогоруда белгиленгендерден тышкары, төмөнкү документтер талап кылынат: 1) КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 14-августундагы № 2024-П-12/36-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту); 2) салык органынан, социалдык органдан маалымкат (болгон болсо); 3) патенттин көчүрмөсү (болгон болсо). |
2. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдан жогоруда белгиленгендерден тышкары, төмөнкү документтер талап кылынат: 1) КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 14-августундагы № 2024-П-12/36-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту); 2) салык органынан, социалдык органдан маалымкат (болгон болсо); 3) патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин көчүрмөсү (болгон болсо). |
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобо |
|
5-глава. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоо боюнча кредиттик союздун ишин уюштуруу §1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга берилген билдирмелерге талдап-иликтөөлөр |
|
27-1. Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, ипотеканы (мурабаха, ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алууга/курууга) жана кардарга/жеке адамга чет өлкө валютасында керектөө максаттарына каржылоону сунуштай албайт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, каржылоо келишиминин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. |
27-1. Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды жана эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафттарды эске албаганда, кардарга - жеке адамга ипотекага (мурабаха, ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алуу/куруу) жана керектөө максаттарына чет өлкө валютасында каржылоо бере албайт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, каржылоо келишиминин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. |
«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме |
|
7. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган кардар (жеке адам) жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары төмөнкүлөрдү сунуштоого тийиш: - КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 14-августундагы № 2024-П-12/36-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту); - патенттин көчүрмөсү (эгерде болгон болсо). |
7. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган кардар (жеке адам) жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары төмөнкүлөрдү сунуштоого тийиш: - КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 14-августундагы № 2024-П-12/36-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту); - патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин көчүрмөсү (болгон болсо). |
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоо |
|
5-глава. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсептерди ачуу тартиби |
|
40. Жеке ишкерлер, ушул Нускоонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары банкка кагаз түрүндө же электрондук формада төмөнкү документтерди кошумча берүүгө тийиш: 1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин (күбөлүктүн) көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документтин (патенттин) көчүрмөсүн. Жеке ишкердин электрондук патенти болсо банк кызматкери мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу электрондук патенттеги QR-кодду сканерден өткөрүү менен кагаз түрүндөгү же электрондук документ формасындагы электрондук патенттин аныктыгын текшерүүгө же патенттеги маалыматты Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. Эскертүү: QR-код - мобилдик түзүлүштөр аркылуу таануу үчүн атайын түзүлгөн, анда патент жөнүндө маалымат камтылган матрица түрүндө код (кош өлчөмдүү штрихкод); 2) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы N 2023-П-12/80-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 3) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 23-мартындагы № 2022-П-12/17-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер сунушталгандыгын текшерүүгө жана аларды тастыктоого тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди тастыктоо фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш. |
40. Жеке ишкерлер, ушул Нускоонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары банкка кагаз түрүндө же электрондук формада төмөнкү документтерди кошумча берүүгө тийиш: 1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин (күбөлүктүн) көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документтин (патенттин же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин) көчүрмөсүн. Жеке ишкердин электрондук патенти болсо банк кызматкери мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу электрондук патенттеги QR-кодду сканерден өткөрүү менен кагаз түрүндөгү же электрондук документ формасындагы электрондук патенттин аныктыгын текшерүүгө же патенттеги маалыматты Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. Эскертүү: QR-код – мобилдик түзүлүштөр аркылуу таануу үчүн атайын түзүлгөн, анда патент жөнүндө маалымат камтылган матрица түрүндө код (кош өлчөмдүү штрихкод); 2) (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы № 2023-П-12/80-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 3) (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 23-мартындагы № 2022-П-12/17-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер сунушталгандыгын текшерүүгө жана аларды тастыктоого тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди тастыктоо фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш. |
9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоо |
|
Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоого карата 1-тиркеме |
|
Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин ________________________________________________ (банктын аталышы) компенсацияланууга тийиш болгон жайгаштырылган аманаттары (депозиттер) жөнүндө МААЛЫМАТ |
Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин ________________________________________________ (банктын аталышы) компенсацияланууга тийиш болгон жайгаштырылган аманаттары (депозиттер) жөнүндө МААЛЫМАТ |
Күбөлүктүн/патенттин № |
Күбөлүктүн/патенттин/ өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин № |
Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоого карата 2-тиркеме |
|
«Жеке адамдардын банкта, турак жай-сактык кредиттик компаниясында, микрофинансылык компанияда жайгаштырылган аманаттары (депозиттери) жана жеке ишкерлердин банкта, турак жай-сактык кредиттик компаниясында, микрофинансылык компанияда жайгаштырылган аманаттары жөнүндө маалыматтар» таблицаларын толтуруу ТАРТИБИ |
|
2. Аманатчы жөнүндө толук маалымат төмөнкү маалыматтарды камтууга жана тиешелүүлүгүнө жараша, 2, 3, 4, 5, 6, 7-графаларда чагылдырылууга тийиш: - инсандыгын тастыктоочу документке ылайык аманатчынын, электрондук акча ээсинин толук аты-жөнү; - инсандыгын тастыктаган документтин реквизиттери, анын ичинде документтин номери жана берилген датасы жана ким тарабынан берилгендиги; - ИНН (бар болсо, жок болгон учурда толтурулбайт); - ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон (күбөлүктүн) өткөндүгүн тастыктаган документтин реквизиттери же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өткөрбөй (патент) ишкердик жүргүзүү фактысын ырастоочу документтин реквизиттери;
- аманатчынын, электрондук акча ээсинин жашаган (катталган) жеринин же убактылуу жашап турган жеринин толук дареги, телефону, факс номерлери, электрондук почтасынын дареги. |
2. Аманатчы жөнүндө толук маалымат төмөнкү маалыматтарды камтууга жана тиешелүүлүгүнө жараша, 2, 3, 4, 5, 6, 7-графаларда чагылдырылууга тийиш: - инсандыгын тастыктоочу документке ылайык аманатчынын, электрондук акча ээсинин толук аты-жөнү; - инсандыгын тастыктаган документтин реквизиттери, анын ичинде документтин номери жана берилген датасы жана ким тарабынан берилгендиги; - ИНН (бар болсо, жок болгон учурда толтурулбайт); - ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон (күбөлүктүн) өткөндүгүн тастыктаган документтин реквизиттери же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтпөстөн (патент же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечими) ишкердик жүргүзүү фактысын тастыктаган документтин реквизиттери; - аманатчынын, электрондук акча ээсинин жашаган (катталган) жеринин же убактылуу жашап турган жеринин толук дареги, телефону, факс номерлери, электрондук почтасынын дареги. |