Долбоор
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын
15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизилсин (кошо тиркелет).
2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансалык уюмдарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК жана «Кепилдик Фонду» ААКты тааныштырсын.
5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын __-____________
№ ________________________
токтомуна карата
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын
15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 19-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы, жетинчи, сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«Эгерде эл аралык аудитордук уюмдар тармагынын курамында болгон аудитордук уюмда коммерциялык банктарда аудит жүргүзүү тажрыйбасы жок болсо, анда мындай аудитордук уюм төмөнкү кошумча критерийлерге ылайык келген учурда, аудит жүргүзүү үчүн банк тарабынан тартылышы мүмкүн:
- банктын финансылык инструменттеринин наркына жана финансылык инструменттер боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларга резерв түзүүнүн шайкештигине баа берүү жана наркынын түшүүсүнөн улам келип чыккан башка чыгымдарды таануу тажрыйбасы болууга;
- тажрыйбасы жана квалификациясы ушул Жобонун 20 жана 21-пункттарындагы талаптарга ылайык келген штаттык аудиторлору болууга;
- бүтүндөй эл аралык аудитордук уюмдар тармагынын алкагында борборлоштурулган негизде сапатты контролдоо саясаты же программасы болууга тийиш.».
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА)
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
Колдонуудагы редакция |
Сунушталган редакция |
1. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо |
|
3. Банктын тышкы аудиторуна коюлган талаптар |
|
19. Тышкы аудитордун көз карандысыздыгына шектенүүнү жараткан тастыктоолор орун алса, анын ичинде аудитордук уюм же анын кайсыл болбосун аудиторунун бири банк мыйзамдарына ылайык негизинен банк менен байланыштуу жак болуп саналса, банк ошол аудитордук уюмду тышкы аудитору катары ишке тартууга тийиш эмес. Банкка же банктык топко аудит жүргүзүү үчүн тандалган аудитордук уюм төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: - Кыргыз Республикасынын аймагындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген, ошондой эле кеминде үч жылдык аудитордук иш тажрыйбасына ээ болууга; - банктан көз карандысыз болууга; - аудиттин эл аралык стандарттарына жана финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына, ошондой эле ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарына ылайык, коммерциялык банктарга жана финансы-кредит уюмдарына мекемелерге аудит жүргүзүү тажрыйбасына ээ болууга; - алдыга коюлган милдеттердин сапаттуу жана өз убагында аткарылышына жетишерлик санда штаттык же ишке тартылган аудиторлордун болуусу. |
19. Тышкы аудитордун көз карандысыздыгына шектенүүнү жараткан тастыктоолор орун алса, анын ичинде аудитордук уюм же анын кайсыл болбосун аудиторунун бири банк мыйзамдарына ылайык негизинен банк менен байланыштуу жак болуп саналса, банк ошол аудитордук уюмду тышкы аудитору катары ишке тартууга тийиш эмес. Банкка же банктык топко аудит жүргүзүү үчүн тандалган аудитордук уюм төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: - Кыргыз Республикасынын аймагындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген, ошондой эле кеминде үч жылдык аудитордук иш тажрыйбасына ээ болууга; - банктан көз карандысыз болууга; - аудиттин эл аралык стандарттарына жана финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына, ошондой эле ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарына ылайык, коммерциялык банктарга жана финансы-кредит уюмдарына мекемелерге аудит жүргүзүү тажрыйбасына ээ болууга; - алдыга коюлган милдеттердин сапаттуу жана өз убагында аткарылышына жетишерлик санда штаттык же ишке тартылган аудиторлордун болуусу. Эгерде эл аралык аудитордук уюмдар тармагынын курамында болгон аудитордук уюмда коммерциялык банктарда аудит жүргүзүү тажрыйбасы жок болсо, анда мындай аудитордук уюм төмөнкү кошумча критерийлерге ылайык келген учурда, аудит жүргүзүү үчүн банк тарабынан тартылышы мүмкүн: - банктын финансылык инструменттеринин наркына жана финансылык инструменттер боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларга резерв түзүүнүн шайкештигине баа берүү жана наркынын түшүүсүнөн улам келип чыккан башка чыгымдарды таануу тажрыйбасы болууга; - тажрыйбасы жана квалификациясы ушул Жобонун 20 жана 21-пункттарындагы талаптарга ылайык келген штаттык аудиторлору болууга; - бүтүндөй эл аралык аудитордук уюмдар тармагынын алкагында борборлоштурулган негизде сапатты контролдоо саясаты же программасы болууга тийиш. |
20. Финансылык отчетту аудитордук текшерүүнүн жетекчиси Кыргыз Республикасынын аймагындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилүүгө жана төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: - аудит боюнча мыйзам талаптарына же эл аралык квалификацияга ылайык квалификацияга; - коммерциялык банктарга жана финансы-кредит мекемелерине аудит жүргүзүүнүн кеминде үч жылдык тажрыйбасына; - аудиттин эл аралык стандарттарына жана финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык финансы-кредит уюмдарына аудит жүргүзүү тажрыйбасына; - банктык иш жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары жагында билиминин болушу; - ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банктын ишине аудитордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн - ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырган банктарда жана финансы-кредит уюмдарына аудит жүргүзүү боюнча AAOFI стандарттарын билиши жана ушул багытта үч жылдык иш тажрыйбасынын болушу.
21. Маалымат коопсуздугуна тышкы аудит жүргүзүүнүн жетекчиси маалымат коопсуздугуна тышкы аудит жүргүзүү үчүн төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: - квалификациялык сертификаттарга (CISA, CISM, CISSP ж.б.); - финансы-кредит уюмдарындагы маалымат системасына жана/же маалымат коопсуздугуна аудит жүргүзүү тажрыйбасына. |
20. Финансылык отчетту аудитордук текшерүүнүн жетекчиси Кыргыз Республикасынын аймагындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилүүгө жана төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: - аудит боюнча мыйзам талаптарына же эл аралык квалификацияга ылайык квалификацияга; - коммерциялык банктарга жана финансы-кредит мекемелерине аудит жүргүзүүнүн кеминде үч жылдык тажрыйбасына; - аудиттин эл аралык стандарттарына жана финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык финансы-кредит уюмдарына аудит жүргүзүү тажрыйбасына; - банктык иш жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары жагында билиминин болушу; - ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банктын ишине аудитордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн - ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырган банктарда жана финансы-кредит уюмдарына аудит жүргүзүү боюнча AAOFI стандарттарын билиши жана ушул багытта үч жылдык иш тажрыйбасынын болушу.
21. Маалымат коопсуздугуна тышкы аудит жүргүзүүнүн жетекчиси маалымат коопсуздугуна тышкы аудит жүргүзүү үчүн төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: - квалификациялык сертификаттарга (CISA, CISM, CISSP ж.б.); - финансы-кредит уюмдарындагы маалымат системасына жана/же маалымат коопсуздугуна аудит жүргүзүү тажрыйбасына. |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата
МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары – токтом долбоору) банктарга аудитордук уюмдарды кеңири тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында иштелип чыкты.
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Токтом долбоорунда банктарда тышкы аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмду тандоо боюнча талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын
15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун колдонуудагы редакциясында, банктын же банктык топтун ишине аудит жүргүзүү үчүн тандалып алынган аудитордук уюм коммерциялык банктарда жана финансы-кредит уюмдарында эл аралык аудит жүргүзүү стандарттарына жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык, ошондой эле Ислам финансы институттарынын бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарга ылайык аудит жүргүзүү тажрыйбасына ээ болууга тийиш.
Бул талаптар эл аралык аудитордук уюмдар тармагынын курамындагы жаңы аудитордук уюмдардын банктарда аудит жүргүзүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Ушуга байланыштуу токтом долбоорунда эл аралык аудитордук уюмдарга карата төмөнкүлөргө тиешелүү кошумча талаптарды белгилөө сунушталат:
1) банктын финансылык инструменттеринин наркына жана финансылык инструменттер боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларга резерв түзүүнүн шайкештигине баа берүү жана наркынын түшүүсүнөн улам келип чыккан башка чыгымдарды таануу.
Финансылык инструменттерди, анын ичинде адилет нарк боюнча бааланууга тийиш болгон инструменттерди баалоо татаал милдет болушу мүмкүн. Бул, айрыкча, банктарда татаал жана ликвиддүү эмес финансылык инструменттер болгон учурда байкалат. Банктар көп учурда мындай продукттарды буга чейин орун алган жана болжолдуу маалыматтарга негизденүү менен татаал ички моделдерди пайдалануу менен баалашат. Жүргүзүлгөн баалоолордун тууралыгын тастыктаган жетиштүү объективдүү аудитордук далилдерди алуу көп учурда кыйынчылыктарды жаратат.
Мындан тышкары, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары, атап айтканда, финансылык инструменттер негизинен татаал болуп саналат жана алар ар башкача чечмеленип келет. Адатта, бул факторлор аталган чөйрөдө олуттуу бурмалоо тобокелдиктерин жогорулатат.
Мындан тышкары, активдер боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларга резерв түзүү, адатта, банктын финансылык отчету үчүн маанилүү болуп саналат жана бурмалоолорго жол берүү ыктымалдыгы да жогорулайт. Себеби, банктын жетекчилиги резервдерди төмөндөтүү менен кирешенин жана капиталдын деңгээлин жогорулатууга умтулат. Активдер боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларга резерв түзүү үчүн финансылык инструменттер экономикалык пайда алып келер-келбесин жана баа төмөндөгөн учурда потенциалдуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн зарыл болгон резерв көлөмүн аныктоо үчүн эксперттик корутунду талап кылынат.
2) аудитордук компаниялардын контролдоо сапаты.
Эң эле ири эл аралык аудитордук фирмалар дүйнө жүзү боюнча иш алып барат, бирок алардын көпчүлүгү учурда глобалдуу деңгээлде башкарылбайт. Башкы кеңсе же глобалдуу жетекчилик ар кайсы өлкөлөрдөгү мүчө болуп саналган фирмаларга таасирин тийгизиши мүмкүн, бирок алардын түздөн-түз башкаруу мүмкүнчүлүгү жок. Дүйнөлүк тармактык фирмалардын түзүмү улуттук жөнгө салуудан жана аудитордук фирмаларга тиешелүү мыйзамдардан көз каранды.
3) аудитордук уюмдун кызматкерлерине карата квалификациялык талаптарды.
Токтом долбоорунда сунушталып жаткан аудитордук уюмдарды тандоо боюнча кошумча критерийлер банктарда жүргүзүлүп жаткан аудит жүргүзүү сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондой эле коммерциялык банктардын ишинде ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган.
3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо
Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгы түздөн-түз козголгон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.
5. Долбоордун мыйзам талаптарына дал келүүсүн талдоо
Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт.
7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат
Кароого сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын
21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жүргүзүлгөн.
АНАЛИТИКАЛЫК КАТ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
|
|
БЕКИТЕМ |
|
|
____________________________ (кызмат орду) |
|
|
____________________________ (кол тамгасы) |
|
|
2024 -жылдын ___- ______ |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
токтом долбоорунун
ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО
Иштеп чыгуу үчүн негиз: Улуттук банктын 2022-жылдын 24-октябрындагы № 2022-Пр-121/225-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын банктык жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу.
Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөтү: |
______________ ________________ (башталышы) (аякташы) |
Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: Ипасова Н.А., 31-28-81, nipasova@nbkr.kg
|
|
I. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер
1. Проблема тууралуу маалымат
Акыркы жылдары ири тышкы аудитордук фирмалардын ишинде өзгөрүүлөр болду. Аудиттин үзгүлтүккө учуроо коркунучу, ири аудитордук фирмалардын глобалдуу кеңири тарашы, бухгалтердик эсептин сыяктуу эле, финансылык инструменттердин стандарттарынын татаалдашы, ошондой эле учурдагы рыноктук кризистин натыйжасында күч алган адилет наркты баалоо процесстерине байланыштуу проблемалар банктык көзөмөл органдарынын коммерциялык банктарда аудит жүргүзүү сапатын жогорулатуу муктаждыгын күчөттү.
Банктык көзөмөл органдарынын аудит сапатына ишенимдүү болуу зарылдыгы натыйжалуу банктык көзөмөлдүн негизги факторлорунун бири бойдон калууда. Аудитордук уюмдарга жана банктарда аудит жүргүзүүгө карата талаптарды белгилөө аудит сапатын жогорулатууга багытталган.
Мындан тышкары, акыркы жылдары банктык көзөмөл органдары тышкы аудиторлордун ишине көбүрөөк ишене башташты. Ошол эле учурда, бул продукттарды жана ага байланыштуу кирешелерди таануу, баалоо тартибин аныктаган банктык продукттар жана бухгалтердик эсеп стандарттары татаалдашууда. Учурдагы рыноктук таасирлер тышкы аудиторлордун аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ушул стандарттарды чечмелөө мүмкүнчүлүгүн андан да начарлатты.
Мындан тышкары, аудиттин сапатын камсыз кылууга көзөмөл органынын катышуусу банктардын туруктуулугун сактоого жана банк жана финансы секторунда ачык-айкындуулукту жогорулатууга багытталган.
Кесипкөй аудиторлордун көз карашы боюнча, аудиттин сапатына зарыл далилдер жана объективдүү ой жүгүртүүлөр менен коштолуп, финансылык отчеттуулук боюнча талаптагыдай көз карандысыз кесиптик корутунду даярдоо аркылуу жетишилет. Бул максатка жетүү үчүн аудитор аудитти жүргүзүү боюнча талаптарды гана эмес, чынчылдыкты, объективдүүлүктү, компетенттүүлүктү жана талап кылынган текшерүүнү, купуялуулукту жана кесиптик ишти камсыз кылган этика эрежелери да сакталышы керек.
Банктын жетекчилиги финансылык отчеттуулуктун даярдалышы жана сапаты, баа берүүнү жүргүзүү жана тобокелдиктер тууралуу маалыматты ачык көрсөтүү, ошондой эле ички контролдуктун тиешелүү механизмдеринин натыйжалуулугу үчүн негизги жоопкерчилик тартат. Ошол эле учурда, кылдаттык менен аудит жүргүзүү банктарга, финансылык системаларга жана көзөмөл органдарына бир катар артыкчылыктарды берет. Дүйнө жүзү боюнча таанылган, жогору сапаттагы аудит жана этика стандарттарына ылайык жүргүзүлгөн тышкы аудиттер бухгалтердик эсеп стандарттарын талапка ылайык колдонууга киргизүү үчүн чечүүчү мааниге ээ. Алар рынок үчүн финансылык отчеттордун ишенимдүүлүгүн, ачыктыгын жана пайдалуулугун камсыз кылууга жардам берет. Бул рыноктун ишенимдүүлүгүн жана банктык көзөмөл органдары таянган маалыматтын сапатын жогорулатат.
Кылдат аудит банктардагы финансылык отчеттуулук жана тобокелдиктерди башкарууга байланыштуу ички контролдуктун кемчиликтерин аныктоого жана оңдоо чараларын күчөтүүгө жардам берет, бул өз кезегинде, көзөмөл органдарынын ишенимдүү банк системасын камсыз кылуу аракеттерин толуктайт.
Аудиттин сапатын жогорулатуу үчүн көзөмөл органы аудит жүргүзүү жана аудитордук уюмдарды тандоо талаптарын белгилейт.
2. Проблеманын масштабы
Каралып жаткан маселенин алкагында коммерциялык банктардын аудитордук уюмдарды тандоо боюнча, ошондой эле аудитордук уюмдардын банктарда аудит жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү иши козголгон.
3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу
Финансылык отчеттуулук банктын акционерлери жана аманатчылары үчүн негизги маалымат булагы болуп саналат жана аны даярдоо үчүн жоопкерчилик банктын жетекчилигине жүктөлөт. Тышкы аудитордун жоопкерчилиги - бул финансылык отчеттогу суммалар жана ачыкка чыгаруулар боюнча олуттуу бурмалоолорго жол берилбегендигине жана аларда банктын финансылык абалы жана ишинин натыйжалары жөнүндө анык көз караш чагылдырылгандыгына ишенимдүү далилдерди алуу.
Банкты көз карандысыз текшерүү банктын акционерлери жана аманатчылары үчүн маанилүү, бирок бул маалыматты алар гана колдонушпайт. Мисалы, рыноктун катышуучулары финансылык отчеттуулукту кредиттик жана инвестициялык тобокелдиктерди баалоо үчүн колдонушат; салык органдары финансылык отчеттуулукту салык декларацияларынын тактыгын текшерүү үчүн колдонушат; ал эми коомчулук финансылык отчеттуулукту кайсы банк менен кызматташуу зарыл экендигин чечүү үчүн колдоно алат.
Бул процессте тышкы аудиторлор рыноктун компаниялардын финансылык отчеттуулугуна ишенимин бекемдөөдө маанилүү ролду ойношот. Бул банк секторунда өзгөчө маанилүү, анткени банктар экономиканын реалдуу секторун кредиттөө булагы катары маанилүү ролду ойношот. Жогору сапаттагы тышкы аудитордук текшерүүлөр да натыйжалуу банктык көзөмөлдүн маанилүү элементи болуп саналат. Банктык продукттардын жана ишкердик түрлөрүнүн көбүндө бухгалтердик эсепке алуу үчүн баалоо көрсөткүчтөрүн колдонуу талап кылынгандыктан, тышкы банк аудиттеринин сапатын камсыз кылуу барган сайын көйгөйлүү болуп баратат.
Тышкы банктык аудиттин сапатын жогорулатуу жана көзөмөл органдары менен аудиторлордун ортосундагы мамилени тактоо үчүн Банктык көзөмөл боюнча Базель комитети бир катар принциптерди жана талаптарды иштеп чыккан.
Алсак, Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин натыйжалуу банктык көзөмөлдөө боюнча негизги принциптеринин 27-принцибине ылайык, мыйзамдарда же жөнгө салуучу эрежелерде көзөмөл органы банктарда тышкы аудит чектерин жана мындай текшерүүлөрдү жүргүзүүдө таянуу үчүн стандарттарды белгилөөгө укуктуу экендиги белгиленет. Көзөмөл органы тышкы аудитти пландаштырууда жана жүргүзүүдө тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы талап кылат.
Көзөмөлдөө боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдө же аудиттин жергиликтүү стандарттарында кредит портфели, келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларга резервдер, иштетилбей турган активдер, активдерди баалоо, баалуу кагаздар менен соода жана башка ишкердик түрлөрү, туунду инструменттер, активдерди секьюритизациялоо, консолидациялоо жана башка финансылык инструменттер сыяктуу тармактарда аудит жүргүзүлгөндүгүн, ошондой эле финансылык отчеттуулукту ички контролдоо шайкештигин аныктайт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 62-беренесине ылайык, аудитордук уюмдарга жана аудиторлорго карата талаптарды кошо алганда, Улуттук банктын көзөмөлүндө турган банктарда жана башка жактарда тышкы аудитке карата талаптар Улуттук банк тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын
15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун колдонуудагы редакциясында, банктын же банктык топтун ишине аудит жүргүзүү үчүн тандалып алынган аудитордук уюм коммерциялык банктарда жана финансы-кредит уюмдарында эл аралык аудит жүргүзүү стандарттарына жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык, ошондой эле Ислам финансы институттарынын бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарга ылайык аудит жүргүзүү тажрыйбасына ээ болууга тийиш.
Бул талаптар эл аралык аудитордук уюмдар тармагынын курамындагы жаңы аудитордук уюмдардын банктарда аудит жүргүзүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Ушуга байланыштуу Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын
15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунда эл аралык аудитордук уюмдарга карата төмөнкүлөргө тиешелүү кошумча талаптарды белгилөө сунушталат:
1) банктын финансылык инструменттеринин наркына жана финансылык инструменттер боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларга резерв түзүүнүн шайкештигине баа берүү жана наркынын түшүүсүнөн улам келип чыккан башка чыгымдарды таануу.
Финансылык инструменттерди, анын ичинде адилет нарк боюнча бааланууга тийиш болгон инструменттерди баалоо татаал милдет болушу мүмкүн. Бул, айрыкча, банктарда татаал жана ликвиддүү эмес финансылык инструменттер болгон учурда байкалат. Банктар көп учурда мындай продукттарды буга чейин орун алган жана болжолдуу маалыматтарга негизденүү менен татаал ички моделдерди пайдалануу менен баалашат. Жүргүзүлгөн баалоолордун тууралыгын тастыктаган жетиштүү объективдүү аудитордук далилдерди алуу көп учурда кыйынчылыктарды жаратат.
Мындан тышкары, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары, атап айтканда, финансылык инструменттер негизинен татаал болуп саналат жана алар ар башкача чечмеленип келет. Адатта, бул факторлор финансалык отчетторду олуттуу бурмалоо тобокелдиктерин жогорулатат.
Мындан тышкары, активдер боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларга резерв түзүү, адатта, банктын финансылык отчету үчүн маанилүү болуп саналат жана бурмалоолорго жол берүү ыктымалдыгы да жогорулайт. Себеби, банктын жетекчилиги резервдерди төмөндөтүү менен кирешенин жана капиталдын деңгээлин жогорулатууга умтулат. Активдер боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларга резерв түзүү үчүн финансылык инструменттер экономикалык пайда алып келер-келбесин жана баа төмөндөгөн учурда потенциалдуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн зарыл болгон резерв көлөмүн аныктоо үчүн эксперттик корутунду талап кылынат.
2) аудитордук компаниялардын контролдоо сапаты.
Эң эле ири эл аралык аудитордук фирмалар дүйнө жүзү боюнча иш алып барат, бирок алардын көпчүлүгү учурда глобалдуу деңгээлде башкарылбайт. Башкы кеңсе же глобалдуу жетекчилик ар кайсы өлкөлөрдөгү мүчө болуп саналган фирмаларга таасирин тийгизиши мүмкүн, бирок алардын түздөн-түз башкаруу мүмкүнчүлүгү жок. Дүйнөлүк тармактык фирмалардын түзүмү улуттук жөнгө салуудан жана аудитордук фирмаларга тиешелүү мыйзамдардан көз каранды.
3) аудитордук уюмдун кызматкерлерине карата квалификациялык талаптарды.
Токтом долбоорунда сунушталып жаткан аудитордук уюмдарды тандоо боюнча кошумча критерийлер банктарда жүргүзүлүп жаткан аудит жүргүзүү сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондой эле коммерциялык банктардын ишинде ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган.
4. Эл аралык тажрыйба
Банктык көзөмөл боюнча Базель комитети тышкы аудиттин сапаты жана банктык көзөмөл жөнүндө отчет жарыялады (мындан ары – документ). Бул документте банктарда аудитти сапаттуу жүргүзүүнүн, айрыкча аудитордук текшерүүлөргө ишенимдин жогорулашына байланыштуу маанилүүлүгү жана талапка ылайык аудит жүргүзүү рынокто кескин өзгөрүүлөр орун алган учурларда рынокко карата ишенимди бекемдеши мүмкүндүгү белгиленген.
Документте ошондой эле банктык аудит белгилүү бир адистикке гана багытталгандыгын жана банктык продукттардын артышына жана ошол инструменттер боюнча бухгалтердик эсеп жана аудит эрежелери өзгөргөндүгүнө жараша алар татаалдашы мүмкүндүгү белгиленген. Дүйнөдөгү көпчүлүк банк активдерине аудит жүргүзүлүп турат жана банктык көзөмөл органдары көзөмөлдөө процесстерин толуктоо үчүн жогорку сапаттагы аудиттерге көбүрөөк таянышат.
Аталган документте белгиленгендей, Базель комитети тышкы аудитордук фирмаларга түздөн-түз таасирин тийгизген топторго туруктуу негизде колдоо көрсөтүү жана аудиттин натыйжалуу колдонмолорун, тажрыйбаларын жана стандарттарын илгерилетүү аркылуу аудиттин сапатын жогорулатуу боюнча учурдагы аракеттерин өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Анда ошондой эле эл аралык аудитордук компаниялардын тармагынын түзүмүнүн жана финансылык абалынын ачык-айкындуулугун жогорулатууга чакырат.
Россия Федерациясы. Россия Федерациясынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык, кредиттик уюмдун жылдык бухгалтердик (финансылык) отчету, банктык топтун жылдык консолидацияланган финансылык отчету, банктык холдингдин жылдык консолидацияланган финансылык отчету милдеттүү түрдө аудиттен өтүүгө тийиш, ошондой эле аталган мыйзамда аудитордук корутундуга карата талаптар да белгиленген.
Алсак, 2008-жылдын 30-декабрындагы №307-ФЗ «Аудитордук иш жөнүндө» федералдык мыйзамда каралгандардан тышкары, Россия Федерациясынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 42-беренесине ылайык, кредиттик уюмдун жылдык бухгалтердик (финансылык) отчету жөнүндө аудитордук корутундуда, банктык топтун жылдык консолидацияланган финансылык отчетунда аудитордук уюмду текшерүүнүн жыйынтыгы камтылууга тийиш:
1) отчеттук күнгө карата абал боюнча кредиттик уюм, банктык топ Россия банкы тарабынан белгиленген милдеттүү ченемдерди аткарышы. Мында, аудитордук уюмга Россия банкы тарабынан берилген уруксаттын негизинде кредиттик уюм, банктык топтун башкы кредиттик уюму көрсөтүлгөн милдеттүү ченемдерди эсептөө үчүн колдонгон тобокелдиктерди башкаруу методикасына жана тобокелдиктерди сандык баалоо моделдерине баа берүүгө жол берилбейт;
2) кредиттик уюмда, банктык топто ички контролдук жана тобокелдиктерди башкаруу системаларынын уюштурулушу Россия банкы тарабынан мындай системалар үчүн талап кылынган төмөнкү талаптарга ылайык келиши:
- тобокелдиктерди башкаруу бөлүмдөрүнүн баш ийүүсү;
- кредиттик уюмда ыйгарым укуктуу башкаруу органдары тарабынан бекитилген кредиттик уюм үчүн маанилүү тобокелдиктерди аныктоо, кредиттик уюм үчүн олуттуу тобокелдиктерди башкаруу, стресс-тесттерди жүргүзүү, кредиттик уюм үчүн маанилүү тобокелдиктер жана капитал боюнча отчеттуулук системасынын болушу;
- кредиттик уюм үчүн маанилүү тобокелдиктерди тескөө жана алардын натыйжалуулугуна баа берүү ыкмаларын кредиттик уюмда колдонуунун ырааттуулугу;
- кредиттик уюмдун директорлор кеңеши жана башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кредиттик уюмдун ички документтеринде белгиленген тобокелдиктердин чектүү маанилеринин жана өздүк каражаттардын (капиталдын) жетиштүүлүгүнүн, кредиттик уюмда колдонулуучу тобокелдиктерди башкаруу жол-жоболорунун натыйжалуулугун жана кредиттик уюмда алардын ырааттуу колдонулгандыгын контролдоо.
Өз кезегинде, Россия Федерациясынын №307-ФЗ «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамына ылайык, аудитордук иш аудитордук иштин стандарттарына ылайык, ошондой эле аудиторлордун өзүн-өзү жөнгө салуучу уюму, Россия банкы тарабынан белгиленген башка талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат. Мында, Россия банкы тарабынан аудитордук уюмдарга карата кредиттик уюмдарды тандоо талаптары белгиленген эмес.
Казакстан Республикасы. Казакстан Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 57-беренесине ылайык, аудит жүргүзүү же башка маалыматтарга аудит жүргүзүү үчүн банк, банк анда ири катышуучу болуп саналган уюм, банктык холдинг аудитордук уюмдарга карата белгиленген минималдуу талаптарга жооп берген аудитордук уюмду ишке тартат, алар борбордук аткаруу органы тарабынан иштелип чыккан, ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аудитордук иш жаатында жөнгө салууну жана аудитордук иш жаатында жана кесиптик уюмдардын ишин мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруучу органдар финансылык уюмдарда милдеттүү түрдө аудит жүргүзүшөт.
Банк, банк анда ири катышуучу болуп саналган уюм, банктык холдинг аудит же башка маалыматтарга аудит жүргүзүү келишимин түзгөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга аудитордук уюмду тандоо жөнүндө билдирет. Башка маалыматтарга аудит жүргүзүүдө банк ыйгарым укуктуу органга башка маалыматтарды аудитордук эмес уюм аудиттен башка ыкмада текшерүүсү жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
Банктын өтүнүчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан 5 (беш) жумуш күнү ичинде каралат.
Көрсөтүлгөн статьяда белгиленген башка маалыматтарга аудит жүргүзүү тартибине карата талаптар аудиттен башка ыкмада башка маалыматтарды текшерүү тартибине жайылтылат.
Ыйгарым укуктуу орган аудитордук уюм аудитордук отчетту жана (же) башка маалыматтарга аудит жүргүзүү боюнча аудитордук корутундуну чыгарганга чейин купуялуулукту сактоо талаптарын эске алуу менен аудитордук уюмга ушул берененин 1-1-пунктунун биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды текшерүү жыйынтыгы боюнча маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле банктын, банк анда ири катышуучу болуп саналган уюмдун, банктык холдингдин ишине байланыштуу маалыматтарды, анын ичинде ыйгарым укуктуу органдын жүйөлүү чечимине негизделген башка маалыматтарды, анын ичинде банктык жана (же) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды ушул берененин 1-1-пунктунун биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын макулдугун алуусуз сунуштоого укуктуу.
Алсак, Казакстан Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 29-октябрындагы № 245 «Башка маалыматтарга аудиттин алкагында текшерилүүгө тийиш болгон маселелердин тизмесин, Аудитордук уюмдун башка маалыматтарга жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча аудитордук корутундусунун мазмунуна, мөөнөттөрүнө карата талаптарды, Башка маалыматтарга аудит жүргүзүү үчүн ишке тартылган аудитордук уюмдун курамындагы аудиторлорго карата талаптарды белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, башка маалыматтарга төмөнкү маселелер кирет:
1) тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдук системасына баа берүү;
2) стратегияны жана бизнес-моделди, корпоративдик башкаруу системасын баалоо;
3) маалыматтык технологиялардын тобокелдиктерин башкаруу системасын, маалыматтык коопсуздук системасынын натыйжалуулугун баалоо;
4) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички контролдук системасынын натыйжалуулугуна баа берүү.
Бул токтомдо башка маалыматтарга аудит жүргүзүү үчүн ишке тартылган аудитордук уюмдун курамына карата талаптар белгиленген.
II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат
5. Жөнгө салуу максаты
5.1. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты аудит жүргүзүү сапатын, ошондой эле банктардын ишиндеги ачык-айкындуулукту жогорулатуу саналат.
6. Сунушталган жөнгө салуу
Сунушталган жөнгө салуу - Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына аудитордук уюмду тандоо талаптарын белгилөө жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Токтом долбоорун кабыл алуу сунушталган критерийлерге жооп берген аудитордук уюмдар коммерциялык банктарда аудит жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо
7.1. Жөнгө салуунун бул түрүнөн күтүлүп жаткан натыйжалуулук аудит жүргүзүү сапатын жана банктардын финансылык отчеттуулугунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.
7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлгөн таасирлер:
1) экономикага таасири: токтом долбоору эл аралык аудитордук уюмдардын банктарда аудит жүргүзүүсүнө катышуусуна багытталган, ушуга байланыштуу сунушталган жөнгө салуу бүтүндөй банк секторуна оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө;
2) социалдык чөйрөгө таасири: жөнгө салуу ченемдери жарыяланган финансылык отчеттордун ачык-айкындуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган.
7.3. Кызыкдар тараптардын негизги топтору - жөнгө салуу адресаттарына карата күтүлүп жаткан таасир: токтом долбоорунда аудитордук уюмдарды тандоого карата талаптар каралгандыгын эске алсак, банктарда финансы-кредит уюмдарда аудит жүргүзүү тажрыйбасы бар аудитордук уюмдарды тандоо мүмкүнчүлүгү болот.
8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо
Сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү эл аралык тармактын катышуучулары болгон аудитордук уюмдарга банктардын ишине аудит жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө багытталган. Өз кезегинде, көптөгөн эл аралык уюмдар борбордон ажыратылган саясатка жана түзүмгө ээ. Ушуга байланыштуу, токтом долбоорунда банктарда аудит жүргүзүү сапатын жогорулатуу үчүн эл аралык тармактагы аудитордук уюмдарга кошумча критерийлерди белгилөө сунушталат.
9. Атаандаштыкка таасирин баалоо
Токтом долбоорун кабыл алуу атаандаштыкка түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени токтом долбоорунда айрым чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн белгилүү бир жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес.
10. Кызыкдар тараптардын пикири
Жөнгө салуучу таасирди талдоо үчүн жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө тышкы аудитке карата талаптар маселеси боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн. Мында жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан сунуштар жана сын-пикирлер берилген эмес.
11. Сунушталган жөнгө салууну тандоонун негиздемеси
Жогоруда белгиленгендердин негизинде токтом долбоору кабыл алууга сунушталууга тийиш, анткени ал төмөнкү аспектилердин ишке ашырылышын камсыз кылат:
- коммерциялык банктарда аудит жүргүзүү сапатын жогорулатат;
- коммерциялык банктардын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатат;
- эл аралык аудитордук уюмдар тармагындагы жаңы аудитордук уюмдарга банктарда аудит жүргүзүү ишине катышууга мүмкүнчүлүк берилет.
12. Тиркеме
- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө буйрук.