Долбоор
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын 5.6-пунктун ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн андан ары арттыруу, калк үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу»;
- 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу».
2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
4. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Башкарманын мүчөлөрү: М. Аттокуров
М. Жакыпов
У. Жамалидинов
К. Куленбеков
Р. Сейткасымова
К. ТемировКыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын ___ - _________
№______________________
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо:
- төмөнкү мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
- «10-1. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар тарабынан мобилдик тиркемелерди жана интернет-банкингди колдонуу менен улуттук валютада жүргүзүлгөн акча которуулары үчүн пайдалануучу-жеке адамдан комиссиялык сый акы алууга жол берилбейт.».
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын
9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобо:
- төмөнкү мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
«14-1. Мобилдик тиркемелерди жана интернет-банкингди пайдалануу менен акча каражаттарын улуттук валютада картадан картага, банктык эсепке же электрондук капчыкка, анын ичинде башка банкта чыгарылган/ачылган картага, банктык эсепке же электрондук капчыкка акча которууларды жүзөгө ашырууда карт ээси-жеке жактан комиссиялык сый акы алууга жол берилбейт.».
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын
11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелеринин:
- 6-1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Улуттук валютадагы акча каражаттарын картадан же электрондук капчыктан картага же электрондук капчыкка, анын ичинде башка эмитенттердин картасына же электрондук капчыгына которууда карта/электрондук акча ээсинен-жеке адамдан комиссиялык сый акы алууга жол берилбейт.».
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын
20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобо:
- төмөнкү мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
«9-1. Идентификацияланган электрондук капчыктан башка идентификацияланган электрондук капчыкка, анын ичинде электрондук акчалардын башка системаларынын алкагында жана улуттук валютадагы банктык төлөм карталарына электрондук акчаны которууда электрондук капчыктын ээсинен-жеке адамдан комиссиялык сый акы алууга жол берилбейт.».
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата
МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк (мындан ары – Улуттук банк) Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору (мындан ары – токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын 5.6-пунктун ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн андан ары көбөйтүү, калк үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан жана коммерциялык банктар тарабынан банктык эсептерди, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын ичинде улуттук валютада акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча мобилдик тиркемелер аркылуу кызмат көрсөткөндүгү үчүн комиссиялык сый акы алууларды жөнгө салууга багытталган:
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Республикада накталай жана накталай эмес төлөмдөрдүн деңгээлинин ортосундагы оптималдуу катышын, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы менен 2003-жылдан тартып накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программа баскыч-баскычы менен ишке ашырылууда. Өлкөдө накталай акча жүгүртүүнү кыскартуу багытында көрүлгөн аракеттерге карабай, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн деңгээли төмөн бойдон калууда. Ошентип, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн мындан ары көбөйтүү, инновациялык жана санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууну өнүктүрүү жана кеңейтүү, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугуна жетишүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 737/67-7 токтому менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программа бекитилген.
Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, накталай эмес төлөм системасын кеңейтүү улуттук экономиканын жана өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун өнүктүрүү факторлорунун бири катары эсептелет жана финансылык операциялардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууда, мамлекеттик бюджетти көбөйтүүдө, коррупцияны алдын алууда жана адам факторунун таасирин азайтууда өтө маанилүү ролду ойнойт. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы көпчүлүк өлкөлөр сыяктуу эле накталай төлөмдөрдөн накталай эмес төлөмдөрдүн ыңгайлуу, арзан жана натыйжалуу ыкмаларына акырындык менен өтүп жатат. Натыйжада, электрондук акча, QR-төлөмдөр, төлөм карталары жигердүү өнүгүп жатат, көпчүлүк коммерциялык банктар жана төлөм уюмдарынын агенттери уюлдук телефондор аркылуу төлөм кызматтарын көрсөтүү үчүн тиркемелерди иштеп чыгышты. Буга байланыштуу карта ээлеринин жана мобилдик тиркемени колдонуучулардын саны күн сайын өсүүдө.
Мындан тышкары, өлкө жетекчилиги тарабынан финансылык операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, мамлекеттик бюджеттин кирешелерин көбөйтүү, коррупциянын алдын алуу жана адам факторунун таасирин азайтуу үчүн чаралар көрүлүп, өлкөнүн эл аралык рейтингин жогорулатуу жана чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.
Белгилей кетсек, учурда накталай эмес төлөмдөрдү ишке ашыруу саясаты жүргүзүлүүдө жана банктар банк кассалары аркылуу кардарларды тейлөөнү минималдаштырууга жана кезек күтүүнү кыскартууга аракет кылып жатышат. Ушуга байланыштуу көптөгөн банктардын баа саясаты аралыктан тейлөө формаларына карата кыйла ийкемдүү. Кээ бир банктык кызмат көрсөтүүлөр, өзгөчө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн нөлдүк комиссия менен көрсөтүлөт, ал эми ошол эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык төлөмдөр банктын кассасы аркылуу накталай акча менен төлөнсө, жогору коюлушу мүмкүн. Ага карабастан жарандардан банктын комиссиялык төлөмдөрүнө байланыштуу кайрылуулар түшүүдө.
Өз кезегинде банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер банк өзү түздөн-түз тарткан (эмгек акы, электр энергиясы ж.б.) чыгымдардын эсебинен гана эмес, ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүүдө процесстин катышуучулары белгилеген тарифтердин эсебинен да түзүлөт, мисалы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфосистемс» МИ, ошондой эле ишкананын ички саясатына, рыноктогу кырдаалга ылайык тарифтерди белгилешкен төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары – «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, PAY24 жана башкалар. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, салык төлөмдөрү үчүн төлөөдө "Инфосистемс" МИнин тарифи ар бир жүргүзүлгөн төлөм үчүн 5 сомду түзөт. Мисалы, мамлекеттик банктар салык төлөмдөрү боюнча тарифти нөлгө түшүрүштү, анткени бул мамлекеттик долбоор. Бирок мында банк чыгым тартат, анткени ар бир төлөмдөн чыгаша маалыматтык сервис гана көрсөткөн "Инфосистема" МИнин пайдасына 5 сомду түзөт. Ошол эле учурда банктардын мындай компанияларды тандоо мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, "Инфосистемс" МИ менен кызматташууга аргасыз болушарын эске алуу керек. Ошентип, тарифтер төлөмдүн түрүнө жана суммасына жараша өзгөрүлүп турат.
Жогоруда белгиленгендей, накталай эмес төлөмдөрдүн өнүгүшү менен банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери боюнча жарандардын кайрылууларынын саны да өсүүдө. Накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп калк үчүн банк продукттарынын жеткиликтүүлүгү саналат. Жеткиликтүүлүк банк кеңселерине барбай туруп эсептеги каражаттарды башкаруу, банктык тиркемелерди колдонуунун жөнөкөйлүгү, жагымдуу комиссиялык төлөмдөр же транзакцияларды жүргүзүүдө комиссиялардын алынбашы, кызыктуу интерфейс, колдонуунун жөнөкөйлүгү, ар кандай кызматтардын жана төлөм опцияларынын түрүнүн көптүгү, бир төлөм системасынан экинчисине акча которуу мүмкүнчүлүгү (өз ара аракеттенүү) ж.б. мүмкүнчүлүгүн камтыйт.
Бүгүнкү күндө төмөндөгүлөр байкалууда. Кардарларга ыңгайлуу болушу үчүн банктар жана төлөм уюмдары (төлөм кызматтарын сунуштоочулар) тиркемелер аркылуу эсептерди жана электрондук акчаны аралыктан башкаруу мүмкүнчүлүгү бар продукттарын сунушташат (банктык төлөм карталары жана электрондук капчыктар сыяктуу инструменттерди, ошондой эле абоненттин жеке эсептерин мобилдик байланыш операторлору менен байланыштыруу мүмкүнчүлүгү менен). Алгач продуктту ишке киргизүү баскычында, тиркеме аркылуу сунушталган бардык кызматтар акысыз жана ар кандай лоялдуулук программаларын камтыйт. Кардарлардын керектүү базасы калыптангандыгына жараша, кызмат көрсөтүүчүлөр жыйымдарды киргизет, бул продуктка суроо-талап жана кардарлардын активдүүлүгү төмөндөшүнө, ошондой эле кардарлардын шарттары кыйла ыңгайлуу атаандаштарга өтүп кетүүсүнө түрткү берет. Мисалы, “Элкарт” картасын колдонуу менен өлкө ичинде банктар ортосунда которуулар 0 сомдон 150 сомго чейин, улуттук валютадагы VISA картасы боюнча 0 сомдон 250 сомго чейин/1%; чет өлкө валютасында 0,1%дан 1%га чейин айырмаланат.
Ушуга байланыштуу, мобилдик тиркемелер аркылуу калкка сунушталган инновациялык банктык кызматтарды жайылтуу, ошондой эле калк үчүн мындай кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, токтом долбоору аркылуу банктык эсептерди, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын ичинде мобилдик тиркемелер аркылуу кызмат көрсөтүү үчүн улуттук валютада акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча комиссиялык төлөмдөрдү алууга тыюу салуу сунушталат.
3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо
Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.
Коммерциялык банктар жана төлөм уюмдарына операциялык иштен түшкөн киреше азайышы мүмкүн. Ошондой эле сунушталып жаткан жөнгө салуу башка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн, анткени банктар коммерциялык түзүм катары бул кызматтын чыгымдарын башка операциялардын алкагында кардарларга жүктөшү мүмкүн. Ошол эле учурда экономикалык максатка ылайыксыз болгондуктан, банктар операциялардын тизмесинен мобилдик тиркемелер аркылуу акча которууларды алып салуу тобокелдиги бар.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат
Токтом долбоору боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат.
5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо
Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу кошумча финансылык каржылоону талап кылбайт.
7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо тууралуу маалымат
Улуттук банк тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык, токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн.
Төлөм системалары башкармалыгынын
начальниги Э.Ч. Абдраимов
МАКУЛДАШЫЛДЫ
Төраганын орун басары М.Ш. Аттокуров
АНАЛИТИКАЛЫК КАТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
БЕКИТЕМ
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын төрагасы
Тургунбаев М.Ж.
____________________
2024-ж. ____- ____________
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун
ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО
Иштеп чыгуу үчүн негиздеме: Улуттук банктын 2024-жылдын
1-февралындагы № 2024-Пр-141/20-О буйругу
Жөнгө салуучу таасирин
талдоо мөөнөттөрү: 2024-ж. 15-июлу 2024-ж.____-_______
(башталышы) (аякташы)
Жумушчу топтун жетекчиси:
Э.Ч. Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги |
____________________ |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
М.Ш. Акулуева, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги |
____________________ |
А.Т. Сыргатаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси |
____________________ |
А.К. Джакубова, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси (жумушчу топтун катчысы) |
____________________ |
Н.А. Бугубаева, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары бөлүмүнүн начальниги |
____________________ |
Н.Е. Байжигитова, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын чекене төлөмдөрдү иштеп чыгуу бөлүмүнүн начальниги |
____________________ |
Б.К. Куванычбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын санарип банк операцияларын өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы инспектору |
____________________ |
Т. Бактыбек уулу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн юристи |
____________________ |
А.Т. Хамзеева, «М Булак» Микрокредиттик компаниясы» ЖЧКнын Операциялык бөлүмүнүн жетекчиси |
____________________ |
И.В. Павлов, «Керемет Банк» ААКтын Төлөм сервистери башкармалыгынын начальниги |
____________________ |
Н.З. Турсунбаев, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын Аралыктан банктык тейлөө башкармалыгынын начальниги |
____________________ |
К.Т. Жусупбаева, «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын Карталар бизнеси башкармалыгынын начальниги |
____________________ |
А.Т. Красножонова, «ФИНКА Банкы» ЖАКтын Башкармасынын төрагасынын орун басары (операциялар боюнча директору) |
____________________ |
А.Л. Безуглов, «ПЭЙ 24» ЖЧКнын Башкармасынын төрагасынын орун басары |
____________________ |
А.Э. Абдывасиев, «ПЭЙ 24» ЖЧКнын юристи |
____________________ |
Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат:
Сыргатаев А.Т., 66-90-99, asyrgataev@nbkr.kg
I. ПРОБЛЕМАЛАР ЖАНА ЖӨНГӨ САЛУУНУ ӨЗГӨРТҮҮ ҮЧҮН НЕГИЗДЕР
1. Проблема тууралуу маалымат
Өлкөдө накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн деңгээлинин оптималдуу катышын, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөктөшүүсү менен 2003-жылдан тартып Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программа баскыч-баскычы менен ишке ашырылууда. Өлкөдө накталай акча жүгүртүүнү кыскартуу багытында жыйырма жылдан бери жүргүзүлүп жаткан аракеттерге карабастан, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн деңгээли төмөн бойдон калууда. Ошондуктан, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн мындан ары көбөйтүү, инновациялык жана санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууну өнүктүрүү жана кеңейтүү, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугуна жетишүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 737/67-7 токтому менен 2023-2027-жылдарга каралган Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программа бекитилген. Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, накталай эмес төлөм системасын кеңейтүү улуттук экономиканын жана өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун өнүктүрүүнүн факторлорунун бири катары эсептелет жана финансылык операциялардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууда, мамлекеттик бюджетти байытууда, коррупцияны алдын алууда жана адам факторунун таасирин азайтууда өтө маанилүү ролду ойнойт. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы көпчүлүк өлкөлөр сыяктуу эле, накталай төлөмдөрдөн накталай эмес төлөмдөрдүн ыңгайлуу, арзан жана натыйжалуу ыкмаларына акырындык менен өтүп жатат. Электрондук акча, QR-төлөмдөр, төлөм карталары жигердүү өнүгүп жатат, көпчүлүк коммерциялык банктар жана төлөм уюмдарынын агенттери уюлдук телефондор аркылуу төлөм кызматтарын көрсөтүү үчүн тиркемелерди иштеп чыгышты. Буга байланыштуу карта ээлеринин жана мобилдик тиркемени колдонуучулардын саны күн сайын өсүүдө.
Мындан тышкары, өлкө жетекчилиги тарабынан финансылык операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, мамлекеттик бюджетти көбөйтүү, коррупцияны алдын алуу жана адам факторунун таасирин азайтуу үчүн чаралар көрүлүп, өлкөнүн эл аралык рейтингин жогорулатуу жана чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Алсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдын 16-декабрындагы «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө» токтому кабыл алынган. Ошентип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөдө накталай эмес төлөм каражаттарын колдонуу бул процессти кыйла жеңилдетет жана ыңгайлуу кылат. Маалыматка ылайык, 400дөн ашык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес түрдө төлөө мүмкүнчүлүгүн сунушташат, ошол эле учурда 300гө жакын мекеме бир катар себептерден улам өздөрүнүн кассалары аркылуу накталай төлөмдөрдү кабыл алууну улантууда, алардын бири банктык комиссиялардын жогору болушу жана төлөө мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу эсептелет.
Мында белгилей кетүүчү нерсе, азыркы учурда төлөмдөрдү накталай эмес түрдө жүргүзүү саясаты ишке ашырылып жатат, ошондой эле банктар кардарларды касса аркылуу тейлөөнү жана кезекке турууну азайтууга аракет кылышууда. Ушуга байланыштуу көпчүлүк банктардын баа саясаты аралыктан тейлөө түрүнө караганда кыйла ыңгайлуу. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн олуттуу бөлүгү, өзгөчө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар нөл пайыз менен сунушталууда, ошол эле учурда эгерде кызмат көрсөтүүлөр үчүн банктын кассасы накталай түрдө төлөнсө, ошол эле тейлөөлөр үчүн комиссиялык төлөмдөр жогору болушу мүмкүн.
Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер банк өзү түздөн-түз тарткан чыгымдардын эсебинен гана эмес (эмгек акыга, э/энергияга чыгымдар ж.б.), ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүүдө процесстин катышуучулары белгилеген тарифтердин эсебинен түзүлөт, мисалы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфосистемс» МИ, ошондой эле төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары - «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, PAY24 жана башкалар ишкананын ички саясатына ылайык, ошондой эле рыноктогу кырдаалга жараша тарифтерди белгилешет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүдө «Инфосистемс» МИнин салык төлөмдөрү, тарифи ар бир жүргүзүлгөн төлөм үчүн 5 сомду түзөт. Мисалы, салык төлөмдөрү боюнча мамлекеттик банктар мамлекеттик долбоор болгондуктан тарифти нөлгө түшүрүштү. Бирок мында банк чыгым тартат, анткени ар бир төлөмдөн чыгаша маалыматтык сервисди гана көрсөткөн «Инфосистемс» МИнин пайдасына 5 сомду түзөт. Ошол эле учурда банктар мындай башка компанияны тандоо мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, «Инфосистемс» МИ менен кызматташууга аргасыз болушарын эске алуу зарыл.
Ошентип, тарифтер төлөмдүн түрүнө жана суммасына жараша өзгөрүлүп турат.
Накталай эмес төлөмдөрдүн өнүгүшү менен бирге жарандардын банктык кызматтар үчүн тарифтер боюнча кайрылууларынын саны да өсүүдө. Калк үчүн банктык продукттардын жеткиликтүүлүгү накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналат. Жеткиликтүүлүк өзүндө эсептеги акча каражаттарын банктардын офистерине баруусуз тескөө мүмкүнчүлүгүн, банктык тиркемелерди колдонуунун ыңгайлуулугун, алгылыктуу комиссиялык төлөмдөрдүн же операцияларды жүргүзүүдө комиссиялык төлөмдөрдүн жоктугун, кызыктуу интерфейсти, колдонуунун жеңилдигин, ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдүн толуктугун жана төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн, бир төлөм системасынан башкасына акча которуу мүмкүнчүлүгүн (интероперабелдүүлүк) ж.б. камтыйт.
Бүгүнкү күндө төмөнкүлөр байкалууда. Банктар жана төлөм уюмдары (төлөм кызматтарын көрсөтүүчүлөр) кардарларга ыңгайлуу болушу үчүн эсепти жана электрондук акчаны тиркемелер аркылуу аралыктан башкаруу мүмкүнчүлүгү бар продукттарды сунуштоодо (банктык төлөм карталары жана электрондук капчыктар сыяктуу инструменттерди, ошондой эле абоненттин уюлдук байланыш операторлорундагы өздүк эсептерин байланыштыруу мүмкүндүгү менен). Алгач, продуктту ишке киргизүү баскычында, тиркемеде сунушталган бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт жана ар кандай лоялдуулук программаларын камтыйт. Керектүү кардарлар базасы түзүлгөн учурда, кызматтарды сунуштоочулар комиссияларды киргизишет, бул продукт анча кызыктырбай тургандыгына жана кардарлардын активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө, ошондой эле кардарлары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөн атаандаштарына өтүп кетүүсүн шарттайт. Мисалы, «Элкарт» картасы боюнча өлкө ичинде банктар ортосунда которуулар 0 сомдон 150 сомго чейин, ал эми VISA картасы боюнча улуттук валютада 0 сомдон 250 сомго чейин/1%; чет өлкө валютасында 0,1% - 1% чейин өзгөрүлүп турат.
Төмөндө банктардын айрым мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтери боюнча салыштырма таблица келтирилген (тарифтер боюнча кененирээк маалымат тиркелет).
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы |
Айрым мамлекеттик/коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө банктардын тарифтери |
||||
Банк 1 |
Банк 2 |
Банк 3 |
Банк 4 |
Банк 5 |
|
Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр |
|||||
Тазалык |
5 сом |
0 сом |
0 сом |
0 сомдон жогору |
5 сом |
Жарык үчүн |
5 сом |
0 сом |
0 сом |
0 сом |
0 сом |
Газ үчүн |
0 сом |
0 сом |
0 сом |
0 сом |
0 сом |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр |
|||||
Төлөө коду боюнча салыктар |
0 сом |
20 сом |
15 сом |
15 сом |
5 сом |
Жол кыймылынын эрежесин бузууга айып пулдар |
0 сом |
0 сом |
15 сом |
15 сом |
1 сом |
Эл.патент |
0 сом |
20 сом |
15 сом |
15 сом |
1 сом |
Билим берүү |
|||||
ЖОЖ |
10-20 сом |
20 сом |
20 сом |
1-4 сом (2 сом ар бир 1000 сомго) |
10 сом |
Мектепке чейинки билим берүү мекемеси |
0-5 сом |
0-20 сом |
20 сом |
1-4 сом (2 сом ар бир 1000 сомго) |
10 сом |
2. Маселенин масштабы
Калктын банктык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү боюнча каралган проблемалар масштабы банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдөн баштап, коммерциялык банктардын жана төлөм уюмдарынын өздөрүнө, ошондой эле мамлекеттик ишканаларды кошо алганда, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге чейин көптөгөн тараптарга таасирин тийгизет.
Банктык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу бир катар стратегиялык документтерде камтылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин
2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын 5.6-пунктунда банк секторун андан ары өнүктүрүү үчүн калкка жана чарбакер субъекттерге финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну улантуу зарыл экендиги белгиленген. Иш банк системасынын финансылык ортомчулугунун деңгээлин жогорулатууга, санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүгө, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө жана калктын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатууга багытталат.
Мындан тышкары, калк үчүн төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программада төлөм системасынын катышуучулары көрсөткөн кызматтарды алууда жеке жана юридикалык жактардын чыгымдарын минималдаштыруу, ошондой эле бул кызматтарды көрсөтүүдө алардын операциялык чыгымдарын азайтуу үчүн шарттарды түзүү боюнча № 11 иш-чара каралган. Аны ишке ашыруу үчүн улуттук төлөм системасынын операторунун, төлөм системасынын катышуучуларынын тарифтик саясатын өркүндөтүү зарыл. Чекене банктык продукттар боюнча тарифтерди калктын эмгек акысы төмөн категорияларын, ошондой эле социалдык төлөөлөрдү, пенсияларды жана жөлөк пулдарды алган адамдарды эске алуу менен белгилөө.
Ошондой эле 2022-2025-жылдарга банк секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын алкагында (3.3-пункт) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана финансылык инклюзивдүүлүк боюнча улуттук милдеттерди чечүү жолу менен Кыргыз Республикасында финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын ишке ашырууга катышуу каралган.
2024-жылдын 23-июлуна карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында 22 банк жана 38 төлөм уюму иштейт. Сунуштоочулардын бул санынын ичинен, дээрлик бардык банктар тиркемелер аркылуу эсептерге жана операцияларды жүргүзүүгө аралыктан жеткиликтүү болуу кызматтарын сунушташат, ошондой эле болжол менен 4 төлөм уюму өздөрүнүн соода белгиси менен электрондук акчаларды чыгарышат.
Мындан тышкары, төлөм уюмдары тарабынан товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын өз кардарларына (абоненттерине) мурда төлөнгөн аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөө каражаттарын же алардын бөлүктөрүн кайтарып берүүсүнүн эсебинен төлөмдөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү жүзөгө ашырылып жаткан катталган мобилдик тиркемелердин (МПА) жалпы саны 7 147 635 МПАны түзөт, анын ичинен 2 286 699 - идентификацияланган жана верификацияланган МПАнын пайдалануучулары.
3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, маселени чечүүнүн актуалдуулугу
Улуттук банк, төлөм системасынын катышуучулары, мамлекеттик органдар тарабынан нак эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар төмөнкү көрсөткүчтөргө алып келди:
Жылы |
Накталай эмес эсептешүүлөрдүн пайыздык катышындагы үлүшү |
2018 |
45,12 |
2019 |
47,18 |
2020 |
43,32 |
2021 |
50,69 |
2022 |
47,41 |
2023 |
52,15 |
2024-ж. I чей. |
53,46 |
Таблицадан көрүнүп тургандай, жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн жарымы накталай эмес түрдө жүргүзүлөт. Өсүш арымы орточо. Мобилдик тиркемелерди колдонуунун ыңгайлуулугу рейтингин жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн өлкө ичинде Р2Р-которуу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн комиссиясын жокко чыгаруу, ошондой эле калк тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес төлөм жүргүзүүдө комиссияны жокко чыгаруу сунушталат.
Банктык кызмат көрсөтүүлөргө комиссияларды жокко чыгаруу дүйнөлүк санариптештирүүнүн фонунда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүнүн байкалаарлык көбөйүшүнө алып келет, бул өз кезегинде өлкөнүн экономикасы үчүн оң таасирин тийгизет:
- көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу;
- банкнотторду басып чыгарууга жана ташууга кеткен чыгымдарды азайтуу: нак акча каражаттарын берүү функциясы бар банкоматтар, кичи терминалдар сыяктуу перифериялык түзүлүштөрдү орнотууга банктардын сарптоолору;
- банктардын ликвиддүүлүгүн жогорулатуу;
- кызмат көрсөтүүчүлөрдүн кардарлар базасын көбөйтүү;
- ж.б.
4. Эл аралык тажрыйба
Россия Федерациясынын «Россия Федерациясынын Борбордук банкы (Россия банкы) жөнүндө» Федералдык мыйзамына ылайык, Директорлор кеңешинин чечиминин негизинде Россия Федерациясынын Борбордук банкы кредиттик уюмдар жана (же) микрофинансылык уюмдар үчүн кредиттик уюмдар тарабынан өз кардарларынан алынуучу акынын өлчөмүнүн максималдуу маанилерин белгилөөгө укуктуу.
Казакстан Республикасынын «Казакстан Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык (1-бөлүк, 39-берене. Чендер жана тарифтер) сый акылардын жана комиссиялардын чендери, ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтер Казакстан Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган банктар, уюмдар тарабынан өз алдынча белгиленет.
Беларусь Республикасынын Банк кодексине ылайык (203-берене. Банктын жана банк эмес финансы-кредит уюмунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн сый акы (төлөм)) төмөнкүлөрдөн сый акы (төлөм) алынбайт:
- мамлекеттик органдарды, бюджеттен каржылануучу уюмдарды, башка юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди бюджеттик каражаттарды жайгаштыруу үчүн алар тарабынан ачылган учурдагы (эсептешүү) банктык эсептер боюнча тейлөө үчүн;
- салыктарды, жыйымдарды (алымдарды), туумдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге, мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддорго которууга эсеп ээсинин төлөм тапшырмаларын аткаргандыгы үчүн;
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге, мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддорго салыктарды, жыйымдарды (алымдарды), туумдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү өндүрүү жөнүндө төлөм талаптарын аткаргандыгы үчүн;
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге, Беларусь Республикасынын мамлекеттик бюджеттен тышкаркы калкты социалдык коргоо фондуна салык, жыйым (алым) жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө жеке жактардан накталай акча каражаттарын кабыл алуу үчүн;
- бюджеттик каражаттарды пайдалануу менен банктар аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн;
- мыйзам актыларында каралган башка учурларда колдонулат.
Өзбекстан Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 9-мартындагы № ПП-88 «Калк тарабынан төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн кошумча ыңгайлуулуктарды түзүү жөнүндө» токтомуна ылайык (тиркелет), 2023-жылдын 1-майынан тартып төлөм кызматтары үчүн комиссиялык төлөмдөр (тиркемеде келтирилген), ошондой эле бюджеттик жана корпоративдик буйрутмачы болуп саналган бенефициарлары төлөөчүдөн-жеке адамдан эмес, төлөмдүн формасына карабастан төлөмдүн суммасынан чыгарып салуу жолу менен өндүрүлө турган тартип белгиленген.
Комиссиялык төлөмдөрдүн (жыйымдардын) өлчөмү төлөм суммасынын 1 (бир) пайызына чейин белгиленген, бирок алардын жалпы суммасы Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкы тарабынан белгиленген чектик өлчөмдөн ашпоого тийиш.
Өзбекстан Республикасынын Борбордук банк Башкармасынын 2023-жылдын
25-апрелиндеги «Бюджеттик жана корпоративдик буйрутмачы болуп саналган бенефициарлары болуп саналган төлөмдөрдү жүргүзүүдө төлөнүүчү комиссиялык төлөмдөрдүн (жыйымдардын) чектик өлчөмүн белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, 2023-жылдын 1-майынан тартып чектик өлчөм (жыйымдар) базалык эсептик чоңдуктун (мындан ары-БЭЧ) 20% өлчөмүндө белгиленген, бул 68 миң сумду түзөт.
2024-жылдын 20-июлуна карата абал боюнча: 68 миң сум = 462,4 сом.
II. СУНУШТАЛГАН ЖӨНГӨ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Долбоордо кардарлар - жеке адамдар ортосунда акча каражаттарын которуу үчүн кызмат көрсөтүүчүлөрдүн комиссияларын жокко чыгаруу, ошондой эле калк тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү накталай эмес төлөөдө комиссияларды жокко чыгаруу болжолдонууда.
5. Жөнгө салуунун максаты
Технологиянын өнүгүшү жана акча которуу үчүн мобилдик тиркемелерди колдонуунун көбөйүшү, тактап айтканда, банктардын кардарлары тарабынан банктык эсептерди/электрондук капчыктарды толуктоонун көбөйгөндүгүнө байланыштуу, кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана адилеттүүлүгүн камсыз кылуу үчүн тарифтерди жөнгө салуу зарылчылыгы келип чыгат. Мында кардарлар эсеп ачуу, коштоо жана алуу менен байланышкан чоң чыгымдарга дуушар болушат. Эсептерде сакталган өздүк акча каражаттарын пайдаланууга кош чыгашалар накталай эмес төлөмдөрдүн көбөйүшүнүн үлүшүнө жана акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу бөлүгүндө мамлекет тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чараларга терс таасирин тийгизет.
Мобилдик тиркемелер башка төлөм инструменттери менен катар активдүү өнүгүп жаткандыктан, кыйла ыңгайлуу жана жеткиликтүү инструмент катары калктын, анын ичинде региондордо да жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү үчүн баштапкы баскычта тиешелүү токтом долбоорун кабыл алуу жолу менен комиссиялардын маанисинин максималдуу деңгээлин белгилөө сунуш кылынат.
6. Сунушталган жөнгө салуу
Сунушталып жаткан жобо банктык эсептерди, банктык төлөм карталарын жана электрондук акчаларды колдонуу менен мобилдик тиркемелер аркылуу улуттук валютада акча которуу кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн комиссиялык жыйымдарды алууга тыюу салууну камтыйт.
7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо
7.1. Бүгүнкү күндө дээрлик ар бир коммерциялык банкта, ошондой эле төлөм уюмдарынын айрым агенттеринде кардарларга акча каражаттарын аралыктан башкарууга, анын ичинде акча которууларды жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген мобилдик тиркемелер бар. Бирок жогорулатылган тарифтерди эске алсак, тактап айтканда, мобилдик тиркемелер аркылуу акча которуулар бөлүгүн, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга накталай эмес формада акы төлөө боюнча тарифтердин айрымдарын жөнгө салуу сунушталат. Бул финансы системасына ишенимди жогорулатууга жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарларына колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Комиссия жокко чыгарылгандан кийин кардарлардын агып кетиши жана иштелип чыккан базанын сакталышы күтүлүүдө.
7.2. Күтүлгөн экономикалык, социалдык жана экологиялык таасирлер:
1) экономикага таасири - алгылыктуу, анткени накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү көбөйөт жана ушундан улам көмүскө акча жүгүртүү төмөндөйт;
2) социалдык чөйрөгө таасири - алгылыктуу, анткени кардарлар акча каражаттарын комиссиясыз которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, бул мобилдик тиркемелерди колдонууга кызыгуунун жогорулашынан улам калктын финансылык сабаттуулугуна да таасирин тийгизет;
3) экологияга таасири – сунушталып жаткан жөнгө салуу экологияга эч кандай таасирин тийгизбейт (тике таасири күтүлбөйт).
7.3. Кызыкдар тараптар – жөнгө салуу адресаттарынын негизги топторуна күтүлүп жаткан таасир:
1) мамлекеттик органдар – алгылыктуу, анткени накталай эмес төлөмдөрдүн көбөйүшү жана тиешелүү түрдө көмүскө акча жүгүртүүнүн кыскарышы күтүлөт.
2) ишкерлер:
2.1) банктар жана төлөм уюмдары - операциялык ишмердүүлүктөн түшкөн кирешенин азайышы. Сунушталып жаткан жөнгө салуу башка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн, анткени банктар коммерциялык түзүм катары бул кызматтын чыгымдарын башка операциялардын алкагында кардарларга өткөрүп беришет. Ошол эле учурда, экономикалык максатка ылайыктуулугунун жоктугунан улам банктар мобилдик тиркемелердин ичиндеги акча которууларды транзакциялардын тизмесинен алып салышы мүмкүн деген тобокелдиктер бар;
3) калк – алгылыктуу, анткени акча которуунун жана аралыктан көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн төлөөнүн пайдалуу жолдорун жана мүмкүнчүлүктөрүн издөө зарылдыгы жок.
8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоо
Башка транзакциялардан түшкөн чыгымдардын ордун толтуруу тобокелдиги акыры башка кызматтар аркылуу кардарларга өтөт.
Тобокелдиктерди баалоо:
- тобокелдик бар. Банктардын жана төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелер аркылуу кызматтарды көрсөтүүдө кеткен чыгымдарды тартуу үчүн нааразычылыгы. Бул багыт кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана төлөм карталарын пайдалануу системасы үчүн анча жагымдуу болбой калышы мүмкүн, анын натыйжасында төлөм кызматтарын сунуштоочулар бул багытты өнүктүрүүнү токтотушу мүмкүн.
Мындан тышкары, төмөнкү тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүн:
- көзөмөлгө алынган уюмдар жана эл аралык төлөм системалары алардын баа саясатын мыйзам деңгээлинде жөнгө салууну четке кагуусу жана нааразычылыгы, натыйжада тиешелүү ченемдик укуктук актыларды талкуулоо жана кабыл алуу процессин кечеңдетиши мүмкүн;
- экономикалык себептерден улам кызыкдар болбогондуктан коммерциялык банктардын, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуучу программалык агенттердин санынын кыскарышы;
- сарптоолорду жана альтерантивалуу чыгымдардын ордун жабуу максатында коммерциялык банктардагы башка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди жогорулатуу.
Сунушталган жеӊилдетүү чаралары:
- кардарлар базасын көбөйтүү жана тиркеме аркылуу көрсөтүлүүчү башка кызматтардын эсебинен чыгашалардын ордун жабуу.
9. Атаандаштыкка таасирин баалоо
Сунушталып жаткан жөнгө салуу атаандаштыкка таасирин тийгизбейт, анткени долбоордо обочо туруп көрсөтүлгөн рыноктогу мүмкүн болуучу которуулардын бардык түрлөрү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес формада төлөөлөргө тиешелүү маселелер козголгон.
10. Кызыкдар тараптардын пикирлери
Долбоор коомдук талкууга сунушталат жана пикирлер коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча каралат.
11. Сунушталган жөнгө салууну тандоонун негиздемеси
Бул чечим тиркемелердин ыңгайлуулугу жана накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү маселесин чечүүнүн альтернативалуу ыкмасы болуп саналгандыктан, кардарлар базасын сактап калуу максатында комиссиялык жыйымдарды минималдуу деңгээлде кармап туруу сунушталат.
Сунушталган жөнгө салууну колдоо үчүн негизги аргументтерди келтирүү
Накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүү жана тиркемелердин ыңгайлуулугун арттыруу максатында долбоорду кабыл алуу сунушталат.
12. Тиркеме
Аналитикалык катка Улуттук банктын 2024-жылдын 1-февралындагы
№ 2024-Пр-141/20-О буйругу тиркелет.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
Колдонуудагы редакция |
Сунушталган редакция |
«Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо |
|
- |
10-1. Кызмат көрсөтүүчү тарабынан жеке колдонуучудан улуттук валютадагы мобилдик тиркемелерди жана интернет-банкингди колдонуу менен ишке ашырган акча которуулары үчүн комиссиялык сый акы алууга жол берилбейт. |
«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө» жобо |
|
|
14-1. Мобилдик тиркемелерди жана интернет-банкингди пайдалануу менен акча каражаттарын улуттук валютада картадан картага, банктык эсепке же электрондук капчыкка, анын ичинде башка банкта чыгарылган/ачылган картага, банктык эсепке же электрондук капчыкка акча которууларды жүзөгө ашырууда карт ээси-жеке жактан комиссиялык сый акы алууга жол берилбейт. |
«Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелери |
|
6.1. Чарба жүргүзүүчү субъекттерге (соода-тейлөө ишканасы) QR-коддорду пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акы жана тарифтер төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленет жана өз ара иш алып баруу оператору менен макулдашуу (жактыруу) талап кылынбайт; |
6.1. Чарба жүргүзүүчү субъекттерге (соода-тейлөө ишканасы) QR-коддорду пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акы жана тарифтер төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленет жана өз ара иш алып баруу оператору менен макулдашуу (жактыруу) талап кылынбайт; Улуттук валютадагы акча каражаттарын картадан же электрондук капчыктан картка же электрондук капчыкка, анын ичинде башка эмитенттерден которууларды жүзөгө ашырууда карт/электрондук акча кармоочудан-жеке адамдан комиссиялык сый акы алууга жол берилбейт. |
«Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө» жобо |
|
- |
9-1. Идентификацияланган электрондук капчыктан башка идентификацияланган электрондук капчыкка, анын ичинде электрондук акчалардын башка системаларынын алкагында жана улуттук валютадагы банктык төлөм карталарына электрондук акчаны которууну жүзөгө ашырууда электрондук капчыкты кармоочудан-жеке жактан комиссиялык сый акы алууга жол берилбейт. |