Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин (кошо тиркелет): 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелеринин: 

12-пунктунун үчүнчү абзацындагы «кеминде 2 жылдан бери жүзөгө ашыруусу» деген сөздөрдөн кийин төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«. Бул талап коммерциялык банктардын ишине таркатылбайт». 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага М. Тургунбаев 

Башкарманын мүчөлөрү:

М. Аттокуров 

М. Жакыпов 

У. Жамалидинов 

К. Куленбеков 

Р. Сейткасымова 

К. Темиров 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»  

токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) инновациялык төлөө ыкмаларын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

2023-2027-жылдарга накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программанын (мындан ары Мамлекеттик программа) артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат: 

- QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды илгерилетүү жана жайылтуу; 

- региондордо калктын инновациялык технологияларды (анын ичинде банктык төлөм карталарын, электрондук капчыктарды, QR-коддорду, мобилдик банкингди ж.б.) колдонуу менен коммерциялык банктардагы эсептери аркылуу жүргүзүлгөн үзгүлтүксүз төлөмдөрүнүн көлөмүн көбөйтүү

- эсептешүүлөрдү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында накталай эмес формада жүргүзүү үчүн банктык төлөм карталарын, электрондук капчыктарды, QR-коддорду жана башка инновациялык технологияларды тейлөө тармагынын инфраструктурасын кеңейтүү

- жана QR-коддорду колдонууга байланыштуу башка милдеттер. 

2023-2027-жылдарга төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын алкагында QR-коддорду өнүктүрүү аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү милдети да белгиленген. 

Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү процессинин негизги катышуучуларынын бири болуп, өз ара иш алып баруу оператору - төлөм системасынын оператору саналат, ал ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ, төлөм системасынын катышуучулары менен техникалык өз ара иш алып барууну жана QR-кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн клиринг файлдарынын түзүлүшүн камсыз кылат. Өз ара иш алып баруу оператору болуу үчүн төлөм системасынын оператору катары кеминде эки жыл иштөө керек. Өз кезегинде, «Банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык, ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү банктык операция болуп саналат. Ошентип, төлөм системасынын операторлору сыяктуу эле, коммерциялык банктар да өз ара иш алып баруу оператору катары иш алып барышат. Ошол эле учурда банк ишинин алкагында коммерциялык банктарга коюлган талаптар, анын ичинде ар кандай экономикалык ченемдер бир кыйла жогору. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына ылайык төлөм системаларынын операторлору террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүчү субъекттерге кирбейт. 

Учурда 21 коммерциялык банк жана 38 төлөм системасынын оператору иштеп жатканына карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында өз ара иш алып баруу операторлору болуп, Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн эки уюм «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК (2015-жылы лицензия берилген) жана «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК» (2017-жылы уруксат берилген) саналат. 2024-жылдын 1-июлуна карата абал боюнча өлкө аймагында банктар жана төлөм уюмдары тарабынан соода -тейлөө ишканаларында 59 365тен ашык QR-код орнотулган, ошол эле учурда, айрыкча региондордо көпчүлүк соода-тейлөө ишканаларында орнотула элек. 

Ушуга байланыштуу, инновациялык төлөө ыкмаларын өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында, жана ошондой эле ошондой эле республиканын алыскы аймактарында аларды колдонууну кеңейтүү, коммерциялык банктарга алар уруксат алган учурдан тартып өз ара иш алып баруу оператору катары каттоодон өтүү жана операциялардын ушул түрүн банк лицензиясында уруксат берилген операциялардын тизмесинде көрсөтүү мүмкүнчүлүгү сунушталууда.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Токтом долбоору боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. 

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу кошумча финансылык каржылоону талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо тууралуу маалымат 

Бул токтом долбоору жаңы жөнгө салуу чараларын киргизбестен, коммерциялык банктарга накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берерин эске алуу менен, жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү талап кылынбайт

 

Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

Учурдагы редакция 

Сунушталуучу редакция 

2-глава. Өз ара иш алып баруу оператору  

12. Өз ара иш алып баруу оператору төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Улуттук банктын лицензиясына ээ болууга;  

- ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо (процессинг, клиринг) ишин кеминде 2 жылдан бери жүзөгө ашыруусу;  

- акыркы 12 ай ичинде ага карата Улуттук банк тарабынан эч кандай таасир этүү чаралары (айыптар, төлөмдөрдү кабыл алууга чектөөлөр жана/же лицензиянын алкагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр, лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу, лицензияны кайтарып алуу түрүндө) көрүлбөгөн болууга;  

- QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн жана клиринг файлдарды өз убагында түзүүсүн камсыз кылуу;  

- өз ара иш алып баруу операторунун системасы "Элкарт" улуттук төлөм системасынын операторунун системасына туташтырылууга тийиш; 

- өз ара иш алып баруу операторунун системасы Улуттук банктын Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына туташтырылууга тийиш;  

- QR-кодду генерациялоо системасы Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелерге карата 1-тиркеменин талаптарына ылайык келүүгө тийиш 

 

13. Төлөм системасынын оператору тиешелүү ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан өз ара иш алып баруу операторунун функцияларын жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде ушул Эреженин 12-пунктунун талаптарына шайкеш келээри жөнүндө чек-баракчаны кошо тиркөө менен милдеттүү түрдө кат жүзүндө Улуттук банкка билдирет.  

2-глава. Өз ара иш алып баруу оператору  

12. Өз ара иш алып баруу оператору төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Улуттук банктын лицензиясына ээ болууга;  

- ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо (процессинг, клиринг) ишин кеминде 2 жылдан бери жүзөгө ашыруусу. Бул талап коммерциялык банктардын ишине таркатылбайт

- акыркы 12 ай ичинде ага карата Улуттук банк тарабынан эч кандай таасир этүү чаралары (айыптар, төлөмдөрдү кабыл алууга чектөөлөр жана/же лицензиянын алкагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр, лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу, лицензияны кайтарып алуу түрүндө) көрүлбөгөн болууга;  

- QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн жана клиринг файлдарды өз убагында түзүүсүн камсыз кылуу;  

- өз ара иш алып баруу операторунун системасы «Элкарт» улуттук төлөм системасынын операторунун системасына туташтырылууга тийиш; 

- өз ара иш алып баруу операторунун системасы Улуттук банктын Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына туташтырылууга тийиш;  

- QR-кодду генерациялоо системасы Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелерге карата 1-тиркеменин талаптарына ылайык келүүгө тийиш 

 

13. Төлөм системасынын оператору тиешелүү ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан өз ара иш алып баруу операторунун функцияларын жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде ушул Эреженин 12-пунктунун талаптарына шайкеш келээри жөнүндө чек-баракчаны кошо тиркөө менен милдеттүү түрдө кат жүзүндө Улуттук банкка билдирет.