Кайта келүү

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына күрөөлүк коэффициент, айыптык санкциялардын (үстөк айыптын) өлчөмү жана банктардын капиталынын жетиштүүлүгү  

(шайкештиги) маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу»; 

- 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу»; 

2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө». 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонд» ААКты, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын. 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын ___ - _________  

№______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына күрөөлүк коэффициент, айыптык санкциялардын (үстөк айыптын) өлчөмү жана банктардын капиталынын жетиштүүлүгү  

(шайкештиги) маселелери боюнча өзгөртүүлөр  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:  

- 4-главасы төмөнкү мазмундагы 4.2.5-пункт менен толукталсын: 

«4.2.5. Банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен улуттук экономиканын субъекттерине, анын ичинде өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында берилген, гарантия/кепилдик менен камсыздалган, кредит боюнча 0дөн 2,5% га чейинки өлчөмдө (улуттук валютада) РППУ түзүүгө укуктуу.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу»; 

- токтомдун 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясаты жана негизги принциптери (кошо тиркелет) бекитилсин.»; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо саясаты жана негизги принциптеринин: 

- расмий тилдеги 1.3-пунктундагы «, а также Государственным банком развития Кыргызской Республики» деген сөздөр алынып салынсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобонун: 

- 1.1- пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Комитет туруктуу иштеп турган коллегиалдуу орган болуп саналат, ага ушул Жобонун 2.1, 2.1-1 жана 2.2-пункттарына ылайык коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар), банк эмес финансы-кредит уюмдарынын: микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын, турак жай-сактык кредиттик компанияларынын, кепилдик фонддордун, кредиттик бюролордун, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - БФКУ) ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу жагында компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алууга Улуттук банк Башкармасы тарабынан ыйгарым укук берилген.». 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 9-пунктунун үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк кредит берүүдө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзам талаптарынын аткарылышын, анын ичинде төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:  

- карыз алуучу кредитор алдында милдеттенмелерин аткарбаган учурда карыз алуучунун күрөөлүк мүлкүн соттук тартипте гана алып коюу;  

- карыз алуучунун кредитор алдында акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо кредитти колдонуунун бүтүндөй мезгили ичинде эсептелген үстөк айыптын (айып пул, туум) өлчөмү «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген мааниден ашпоого тийиш.»; 

- 25-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- гарантты (кепилдик берүүчүнү) көрсөтүү менен гарантияларды (кепилдиктерди), гарантиялардын (кепилдиктердин) суммасын ж. б. (эгерде банк гарантияны (кепилдикти), ошондой эле гаранттын финансылык отчетун (эгерде гарант юридикалык жак болсо) берүүнү талап кылса, буга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан гарант (кепилдик берүүчү) кошулбайт»; 

- 30-пунктунун 5-пунктчасынын экинчи абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен улуттук экономиканын субъекттерине, анын ичинде өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында берилген гарантия/кепилдик боюнча кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлбөшү мүмкүн.»; 

- 42-пунктунун он үчүнчү абзацындагы «20» деген сан «10» дегенге алмаштырылсын; 

- 55-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«55. Күрөө жөнүндө келишимде эң аз дегенде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:  

- күрөө предмети жана анын күрөөлүк наркы (күрөө коэффициентин эске алуу жана көрсөтүү менен); 

- күрөө менен камсыз болгон милдеттенмелердин өлчөмү жана аткаруу мөөнөтү;  

- күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кимисинде экендигин көрсөтүү;  

- карыз алуучу тарабынан кредит кайтарылбай калган учурда күрөөнү банктын менчигине өткөрүүнүн шарттары жана тартиби;  

- башка талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөөгө карата тараптардын милдеттери.  

Күрөө токтотулгандан кийин күрөө кармоочу күрөөнү токтотуу жөнүндө билдирме түзүүгө, эгерде күрөө предмети каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болсо, ошол билдирмени мамлекеттик күрөөнү каттоо органында/органдарында каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.»; 

- 61-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«61. Бланктык кредиттерди берүү кеңири таралган тажрыйба болбоосу зарыл. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 50% өлчөмүнөн ашпоого тийиш (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 50% ашпаган өлчөмдө). Бланктык кредиттерди берүү учурунда банк карыз алуучунун сапаттуу финансылык отчетунан жана бланктык кредиттер берилгенге чейинки узак убакыт ичинде (алардын узактыгы кеминде 12 айды түзүүгө тийиш болгон, 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредиттерди эске албаганда, кеминде эки жыл) карыз алуучу менен иш алып баруунун кредиттик таржымалынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.»; 

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бланктык кредиттер эсебинен чыгарылган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү алардын таза суммардык капиталынын 20% ашпоого (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 20% ашпоого) тийиш.»; 

- 63-1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« - суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын бир пайызынан ашкан) кредиттер жана банк ири тобокелдикти камтыган кредит катары аныктаган кредиттер үчүн жарым жылда кеминде бир жолу; »;  

- 76-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«76. Ушул иш-чаралар менен бирдикте, карыз алуучулардын өздөрү менен андан ары төмөнкү шарттарда жүзөгө ашырылуучу туруктуу иш жүргүзүү зарыл: 

- карыз алуучуга кредиттик келишимдин шарттарынын сакталбагандыгы жөнүндө, бузуулардын себептерин (кечиктирилген күндөрдүн саны жана башка), ошондой эле келишимдин шарттарынын бузулушуна байланыштуу мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү көрсөтүү менен кат жүзүндө/электрондук билдирүүнү жөнөтүү. Мында, ар бир кат жүзүндөгү / электрондук билдирме карыз алуучунун кредиттик таржымалында тийиш. 

Эгерде келишимде каралган болсо, банк эмгек акы долбоорлорунун, овердрафттардын алкагында берилген кредиттер боюнча, иш берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтө алат; 

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

- карыз алуучуну банкка чакыруу; 

- эгерде кредиттик келишимде каралган болсо, зарыл болгон учурда, нысапсыз карыз алуучу жөнүндө маалыматты мезгилдүү басма сөздө жарыялоо ж. б.»; 

- 79-пунктунун: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% ашкан (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 1% ашкан) ар бир «проблемалуу» кредит боюнча аткарылган иш тууралуу отчет, андан ары тиешелүү аракеттерди көрүү сунушу менен. Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, ар бир проблемалуу кредит боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш:»; 

алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% жетпеген (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 1% жетпеген) проблемалуу кредиттер боюнча отчеттун түзүмүн банк өз алдынча аныктайт. Мында отчеттун түзүмү банктын проблемалуу кредиттер менен иш алып баруу боюнча ички документтеринде жөнгө салынууга же болбосо анын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен бекитилүүгө тийиш.»; 

- 1-тиркеменин 25- пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- күрөөнүн рыноктук (адилет) жана жоюу наркы (күрөө коэффициентин эске алуу жана көрсөтүү менен);»;  

- 2-тиркеменин 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Гарантиялык каттын түп нускасы мамлекеттик тилде таризделүүгө тийиш жана зарыл болгон учурда расмий тилде жана/же чет тилде ага мамлекеттик тилдеги котормосу тиркелиши керек.»; 

- 4-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук  

банкынан лицензия алышкан 

коммерциялык банктарда жана  

башка финансы-кредит уюмдарында 

кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча  

минималдуу талаптар жөнүндө»  

жобого карата 4-тиркеме 

Кардарлардын кредит алууга билдирмелерин каттоо 

ЖУРНАЛЫ 

№  

Билдирме берилген күн 

Кардардын аты-жөнү  

Суралып жаткан сумма  

Максаттуу багытталышы  

Мөөнөтү 

Болжолдонгон күрөөлүк камсыздоо 

Күрөөнү баалоо наркы 

Күрөөнү жабуу коэффициенти 

Статусу (жактырылды/баш тартылды)  

Төлөө булагы (бизнесинин түрү)  

Баш тартылган шартта: анын себеби/ жактырылган шартта: суммасы, мөөнөтү  

Баш тартылгандыгы бекитилген/билдирилген күн  

Кредиттик эксперттин кол тамгасы 

1  

2  

3  

4  

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибинин:  

- 12-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Мында кыймылсыз мүлк боюнча күрөөлүк коэффициенти кредит берилген учурга карата күрөөлүк камсыздоонун наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө азайтылышы тийиш.»; 

- 16-пунктунун: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- ушул Тартиптин 12-пунктунун талаптарын эске алуу менен күрөөнүн түрлөрү жана күрөөнүн түрлөрү боюнча чектөөлөр;»; 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- ушул Тартиптин 12-пунктунун талаптарын эске алуу менен күрөө менен жабуу коэффициентинин мааниси;»; 

- 21-1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- мүлктүн күтүлүп жаткан же белгиленген алдын ала бааланган рыноктук наркы, же кредиттин суммасы же болбосо ушул Тартиптин 12-пунктунун талаптарын эске алуу менен белгиленүүгө тийиш болгон, күрөө менен ордун жабуу коэффициенти тууралуу ички баалоочуга/баалоочуга/баалоочу уюмга маалымдоого;». 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоонун:  

- преамбуласынын биринчи абзацынын биринчи жана экинчи сүйлөмдөрү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Нускоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын, адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКтын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, кредиттик союздардын, ошондой эле турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (мындан ары - банктар) жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын (мындан ары - кардарлар) банктык эсептери, банктык аманаттары (депозиттер) боюнча эсептерин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби аныкталат. Нускоонун талаптары Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесине ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин талабына ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган кредиттик союздарга таркатылат.». 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө» нускоонун: 

- 31-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Текшерүү тобунун жетекчиси тарабынан текшерүү аяктагандан кийинки 30 (отуз) жумуш күнү ичинде тыянактарды жана текшерүү жыйынтыгын талкуулоо үчүн банк жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушуу уюштурулууга тийиш. Мында жыйынтыктоочу жолугушуу, зарылчылыгына жараша бир нече баскычтарда (бирок жыйынтыктоочу жологушуу үчүн белгиленген мөөнөт ичинде үч жолудан ашык эмес) өткөрүлүшү мүмкүн. Жолугушууда текшерүүнүн жүрүшүндө ишке тартылган бардык инспекторлор, ошондой эле зарылчылыгына жараша көзөмөл блогунун тиешелүү бөлүмүнүн (бөлүмдөрүнүн) начальниги (начальниктери) катышууга тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта, жыйынтыктоочу жолугушууга Улуттук банктын төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Башкарманын мүчөсү катышуусу мүмкүн.». 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун:  

- 6-пунктунун «а» пунктчасынын сегизинчи абзацындагы «2024-жылдын 1-январынан тартып» деген сөздөр жана сандар «2024-жылдын 1-июлунан тартып» деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын; 

- 25-пунктунун: 

4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы «г» пунктчасы менен толукталсын: 

«г) соодага, коммерциялык кредиттерге, керектөө кредиттерине 18 пайыздан ашпаган чен боюнча берилген улуттук валютадагы кредиттер»; 

7-пунктчанын экинчи абзацындагы «30» саны «27» санына алмаштырылсын. 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына күрөөлүк коэффициент, айыптык санкциялардын (үстөк айыптын) өлчөмү жана банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына күрөөлүк коэффициент, айыптык санкциялардын (үстөк айыптын) өлчөмү жана банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) карыз алуучулардын жана күрөө коюучулардын укуктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1381-VII токтомун аткаруу, ошондой эле коммерциялык банктардын кредиттери боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү максатында иштелип чыккан. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Азыркы учурда кредит берүүдө күрөөлүк камсыздоону баалоо «Баалоо иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансы кредит уюмунун баалоочусу, көз карандысыз адис - баалоочу же баалоочу уюм тарабынан жүргүзүлөт, алар Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилген баалоо ишин жүзөгө ашырууга квалификациялык сертификатка ээ болууга, ошондой эле мыйзам талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

Баалоочу (көз карандысыз адис-баалоочу) - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилген, баалоо ишин жүзөгө ашырууга квалификациялык сертификаты бар жеке адам; 

Баалоочу уюм-мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоодон өткөн, ишинин негизги түрү болуп, баалоо иши саналган жана штатында квалификациялык сертификаты бар экиден кем эмес баалоочусу болгон юридикалык жак; 

Мында мүлктү өндүрүп алуу учуруна карата күрөөгө коюлган мүлктү баалоо мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү сертификаты бар көз карандысыз баалоочу-адистер тарабынан гана аныкталат. 

Күрөөлүк камсыздоонун наркына баа берилип жана аныкталгандан кийин, финансы-кредиттик уюмунун (мындан ары - ФКУ) кредиттөө тармагына жараша кредиттин кайтарымдуулук тобокелдиктерин эске алуу менен, карыз алуучуга жүргүзүлгөн толук талдоонун, кредиттин суралып жаткан суммасына жараша, ошондой эле күрөөлүк коэффициенттин колдонулушун эске алуу менен берилип жаткан кредиттин суммасын аныктайт. 

Күрөөлүк коэффициент - бул, кредитти камсыздоого кабыл алынган күрөө предметинин рыноктук наркын төмөндөтүү коэффициенти, анда ФКУнун өндүрүп алууга жана мүлктү сатып өткөрүүгө мүмкүн болгон сарптоолору, ошондой эле анын болжолдуу наркы эске алынат. 

Азыркы учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында күрөөлүк коэффициент боюнча талаптар коюлбагандыгын белгилей кетүү зарыл. ФКУ күрөөгө баа берүүнү жана кредит берүү учурунда бардык тобокелдиктерге талдоолорду эске алуу менен күрөөлүк коэффициентти өз алдынча белгилейт. 

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн ФКУнун кредиттик продукттарын алуудагы негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп, күрөөгө коюу саналаарын эске алганда, ФКУнун төмөнкү күрөөлүк коэффициентин белгилөөгө байланыштуу дагы бир көйгөй келип чыгат. Ушуга байланыштуу, банктык продукттарды керектөөчүлөрдүн жана күрөө коюучулардын укуктарын коргоо максатында, токтом долбоорунда күрөө предметинин наркын 50 пайыздан төмөн эмес баалоо боюнча ФКУга карата талаптарды, башкача айтканда, минималдуу чек белгилөө сунушталат, ФКУ күрөөлүк коэффициентти мындан төмөн белгилөөбөгө тийиш. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыз боюнча чегерилген үстөк айыптын (туумдун, айып пулдун) максималдуу суммасы Улуттук банк белгилеген мааниден ашпоого тийиш. Ушуга байланыштуу, токтом долбоорунда мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыз боюнча чегерилген үстөк айыптын (туумдун, айып пулдун) өлчөмүн 20% дан 10% га төмөндөтүү каралган. Бул чара, кредитти төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон карыз алуучулардын карыздык милдеттенмесин азайтуу үчүн зарыл. 

Токтом долбоору ошондой эле коммерциялык банктардын жаңыдан берилген кредиттери боюнча, анын ичинде керектөө кредиттери, соодага жана коммерциялык максаттарга берилген кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү камтыйт. Сунушталган өзгөртүүлөр коммерциялык банктардын кредиттик портфелине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча иштелип чыкты. Токтом долбоору менен төмөнкүлөр сунушталат: 

1) жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге улуттук валютада жаңыдан берилген кредиттер боюнча номиналдуу жылдык пайыздык чендин өлчөмүн 30% дан 27% га чейин төмөндөтүү, мында кредиттик тобокелдик деңгээли 200% өлчөмүндө белгиленген; 

2) соодага жана коммерциялык операцияларга берилген кредиттер жана 18% дан ашпаган чен менен берилген улуттук валютадагы керектөө кредиттери боюнча кредиттик тобокелдик деңгээлин 50% га чейин төмөндөтүү

Мындан тышкары, улуттук экономиканын субъекттерин өнүктүрүү шарттарын түзүү жана өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиги менен камсыз кылынган кредиттерди классификациялоо маселелерин камтыйт. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтому менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибине ылайык, улуттук экономиканын субъекттерине колдоо көрсөтүү жолу менен өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган кризиске каршы чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы финансы-кредиттик фонд тарабынан улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү каралган. 

Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынгандыгын эске алуу менен, токтом долбоорунда Министрлер Кабинетинин кепилдиги менен камсыз кылынган кредиттерди классификациялоо боюнча өзүнчө талаптарды белгилөө сунушталат. Тобокелдиктерге жараша банктар 0 пайыздан 2,5 пайызга чейинки резервдерди түзүүгө укуктуу. Бул өзгөртүүлөр улуттук экономиканы камсыз кылууга өбөлгө түзгөн, анын ичинде өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого, колдоо көрсөтүүгө багытталган. 

Мындан тышкары, токтом долбоорунда коммерциялык банкты текшерүү жетекчисинин банкты текшерүү учурунда текшерилип жаткан банктын жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушуусун өткөрүү мезгилин конкреттештирүү сунушталат. 

Токтом долбооруна ылайык, өзгөртүүлөр банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуучу Улуттук банктын 8 ченемдик укуктук актыларына киргизилүүдө

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Аталган токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси болгон, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуудан өтүүгө тийиш. 

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылат.  

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишин талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт.  

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына» ылайык, сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлдү.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына күрөөлүк коэффициент, айыптык санкциялардын (үстөк айыптын) өлчөмү жана банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Азыркы мезгилдеги редакция 

Сунушталган редакция 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга  

резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобо 

4. Классификацияланбаган активдер 

4.1. Нормалдуу активдер  

…  

Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда белгиленген талаптарга жооп берсе, банктар улуттук валютадагы кредиттерди «нормалдуу активдер» катары классификациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.  

..... 

4.2. Канааттандыраарлык активдер  

4.2.1. Канааттандыраарлык актив - бул, кардар тарабынан өз милдеттенмелерин аткарууга жетиштүү зарыл болгон акча каражаты генерирленген, ошондой эле учурдагы абалга карата нормалдуу банк тажрыйбасынан жогору турган, кредиттик тобокелдик менен байланышы жок актив.  

4.2.2. Эгерде, төмөндө келтирилгендер орун алса, актив канааттандыраарлык болуп саналат:  

- карызды тейлөө үчүн жетиштүү акча каражаттарынын агылып келүүсүн генерирлөө;  

- кардардын финансылык абалы канааттандыраарлык болсо;  

- кардардын ишканасы туруктуу, жакшы капиталдаштырылган болсо;  

- карыздын ордун жабуу өз учурунда жүргүзүлсө;  

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 30-пунктунун талаптарына ылайык келген, андан өндүрүп алууга боло турган мүлктүк камсыздоо жана/же гарантия/кепилдик болсо;  

- кардардын маанилүү жана жакшы кредиттик тарыхы болсо (мөөнөтүндө төлөөлөрдү жүргүзүп турган болсо, өзүнүн бардык милдеттенмелерин өз учурунда аткарган болсо ж.б.);  

- эгерде ал кредит мурда «классификацияланган кредиттер» категориясында каралбаган болсо, кредит валютасын чет өлкө валютасынан улуттук валютага которуу аркылуу кредит боюнча келишимдин баштапкы шарттарын өзгөртүү.  

4.2.3. Эгерде карыз алуучунун чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кредитти 5 пайыз өлчөмүндө РППУ түзүү менен эң аз дегенде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш.  

Эскертүү: Евразия экономикалык бирлигине кирген мүчө мамлекеттердин тизмеси: http://www.eaeunion.org/.  

4.2.4. Эгерде кредит берүү учурунда эффективдүү пайыздык чен Улуттук банк тарабынан жарыяланган, чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болсо, банк карыз алуучунун кирешесинин түзүмүнө карабастан, чет өлкө валютасында берилген кредит боюнча (Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен берилген кредиттерди эске албаганда) 1% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды түзүшү мүмкүн.  

Эскертүү: Чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен тууралуу маалымат Улуттук банктын: www.nbkr.kg расмий сайтында жайгаштырылган.  

4.2.5. Өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен берилген гарантия/кепилдик менен камсыздалган улуттук экономиканын субъекттерине колдоо көрсөтүү жолу менен берилген кредит боюнча 0дөн 2,5% га чейинки өлчөмдө (улуттук валютада) РППУну түзүүгө укуктуу. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Башкармысынын 2005-жылдын 5-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу» токтому 

Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптеринин долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү» Мыйзамынын 7-статьясына, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү» Мыйзамынын 7-статьясынын 4-пункттуна таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптери (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Токтом күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 27-декабрында 163-02 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 23-ноябрындагы № 45/12 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун монополияга каршы жөнгө салуунун негизги принциптери тууралуу» Жобо жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Эсептешүү-Сактык компаниясы» ААКсын, КАФКны жана Финансы компаниясын тааныштырсын. 

6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыялангандыгы) тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдалсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, айым Г.М. Омурзаковага ыйгарылсын. 

Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптеринин долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү» Мыйзамынын 7-статьясына, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү» Мыйзамынын 7-статьясынын 4-пункттуна таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптери (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Токтом күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 27-декабрында 163-02 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 23-ноябрындагы № 45/12 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун монополияга каршы жөнгө салуунун негизги принциптери тууралуу» Жобо жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Эсептешүү-Сактык компаниясы» ААКсын, КАФКны жана Финансы компаниясын тааныштырсын. 

6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыялангандыгы) тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдалсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, айым Г.М. Омурзаковага ыйгарылсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү» жобо 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары - Комитет) Улуттук банк Башкармасынын чечими менен түзүлөт. Комитет туруктуу иштеп турган коллегиалдуу орган болуп саналат, ага ушул Жобонун 2.1, 2.1-1 жана 2.2-пункттарына ылайык коммерциялык банктардын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары - банктар), банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын: микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын, турак жай-сактык кредиттик компанияларынын, кепилдик фонддордун, насыялык бюролордун, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - БФКУ) ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу жагында компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алууга Улуттук банк Башкармасы тарабынан ыйгарым укук берилген.  

Төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарга жана алмашуу бюролорунун ишине тийешелүү маселелерди кароого алып алар боюнча чечим кабыл алуу Комитеттин компетенциясына кирбейт.  

1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары - Комитет) Улуттук банк Башкармасынын чечими менен түзүлөт. Комитет туруктуу иштеп турган коллегиалдуу орган болуп саналат, ага ушул Жобонун 2.1, 2.1-1 жана 2.2-пункттарына ылайык коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар), банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын: микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын, турак жай-сактык кредиттик компанияларынын, кепилдик фонддордун, насыялык бюролордун, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - БФКУ) ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу жагында компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алууга Улуттук банк Башкармасы тарабынан ыйгарым укук берилген.  

Төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарга жана алмашуу бюролорунун ишине тийешелүү маселелерди кароого алып алар боюнча чечим кабыл алуу Комитеттин компетенциясына кирбейт.  

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо 

2. Банктын кредиттик саясаты жана кредиттик стратегиясы 

9. Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары жана Улуттук банктын ченемдик актылары менен белгиленген ченемдик талаптардын чегинде, банк келечектеги карыз алуучулардын чөйрөсүн, кредиттердин түрүн өз алдынча аныктайт, кредиттик портфелди түптөйт жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды камтыган пайыздык чендерди белгилейт.  

Мында, банктын ички документтеринде карыз алуучу - юридикалык жактын ишмердүүлүгүнө ал анык иш алып баруусун, атап айтканда рынокто белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруусун жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосун баалоо жол-жобосу камтылууга тийиш.  

Сунушталуучу кредиттер боюнча пайыздык чендер Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Мыйзамына ылайык эсептелген чектүү жол берилген пайыз өлчөмүнөн ашкан учурда банк жогоруда аталган Мыйзамдын талаптарын, анын ичинде төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:  

- карыз алуучу кредитор алдында милдеттенмелерин аткарбаган учурда карыз алуучунун күрөөлүк мүлкүн соттук тартипте гана өндүрүүнү жүргүзүүгө;  

- карыз алуучунун кредитор алдында акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо бүтүндөй кредитти же насыяны колдонуу мезгил ичинде эсептелген кошумча төлөмдүн (айыптык төлөм, туум) өлчөмү сунушталган кредит суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.  

9. Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары жана Улуттук банктын ченемдик актылары менен белгиленген ченемдик талаптардын чегинде, банк келечектеги карыз алуучулардын чөйрөсүн, кредиттердин түрүн өз алдынча аныктайт, кредиттик портфелди түптөйт жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды камтыган пайыздык чендерди белгилейт.  

Мында, банктын ички документтеринде карыз алуучу - юридикалык жактын ишмердүүлүгүнө ал анык иш алып баруусун, атап айтканда рынокто белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруусун жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосун баалоо жол-жобосу камтылууга тийиш.  

Банк кредит берүүдө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Мыйзамынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга тийиш, анын ичинде:  

- карыз алуучу кредитор алдында милдеттенмелерин аткарбаган учурда карыз алуучунун күрөөлүк мүлкүн соттук тартипте гана өндүрүүнү жүргүзүүгө;  

- карыз алуучунун кредитор алдында акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо бүтүндөй кредитти же насыяны колдонуу мезгил ичинде эсептелген кошумча төлөмдүн (айыптык төлөм, туум) өлчөмү «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мааниден ашпоого тийиш. 

4. Банктык кредиттерди берүү боюнча банктын ишин уюштуруу 

25. Кредитти сунуштоо максатка ылайыктуу экендигин аныктоо, ошондой эле карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн банк карыз алуучудан төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш (кагаз түрүндө же электрондук формада): 

… 

- гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчетторун (эгерде гарант - юридикалык жак болсо) көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер);  

- инсандыгын тастыктаган документти (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо);  

- акыркы 3-12 ай ичинде (мында банк эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгилди өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы жөнүндө маалымкат же карыз алуучунун кирешелери/төлөөгө жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо);  

- банкка зарыл болгон башка документтер, анын ичинде банктын каалоосу боюнча карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн документтер (контракттар, келишимдер, сунуштама каттар, мамлекеттик реестрлерден көчүрмөлөр ж.б.), алар электрондук документ түрүндө же кагаз түрүндө сунушталышы мүмкүн.  

Банкта маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу боюнча талаптар камтылган, кардарлар маалыматы менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо болууга тийиш. Маалымат топтоодо жана кардарлар менен маектешүүдө банк кызматкерлери ал маалымат мыйзам талаптарына ылайык кандай учурларда колдонулушу мүмкүндүгүн кардарларга так түшүндүрүүгө тийиш.  

Кардардын (кардарлардын) сүрөттөрүн же видео жаздырууларды, аудиожаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардан (кардарлардан) макулдук алуу зарыл. 

25. Кредитти сунуштоо максатка ылайыктуу экендигин аныктоо, ошондой эле карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн банк карыз алуучудан төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш (кагаз түрүндө же электрондук формада): 

… 

- гарантты (кепилдикти) көрсөтүү менен гарантияларды (кепилдиктерди), гарантиялардын (кепилдиктердин) суммасын ж. б. (эгерде банк гарантияны (кепилдикти) берүүнү талап кылса, ошондой эле гаранттын финансылык отчетун (эгерде гарант юридикалык жак болсо), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан гарантты (кепилдикти) кошпогондо, ал боюнча банк бюджеттин кирешелерине жана чыгашаларына болжолдуу талдоо жүргүзүүгө тийиш;  

- инсандыгын тастыктаган документти (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо);  

- акыркы 3-12 ай ичинде (мында банк эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгилди өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы жөнүндө маалымкат же карыз алуучунун кирешелери/төлөөгө жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо);  

- банкка зарыл болгон башка документтер, анын ичинде банктын каалоосу боюнча карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн документтер (контракттар, келишимдер, сунуштама каттар, мамлекеттик реестрлерден көчүрмөлөр ж.б.), алар электрондук документ түрүндө же кагаз түрүндө сунушталышы мүмкүн.  

Банкта маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу боюнча талаптар камтылган, кардарлар маалыматы менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо болууга тийиш. Маалымат топтоодо жана кардарлар менен маектешүүдө банк кызматкерлери ал маалымат мыйзам талаптарына ылайык кандай учурларда колдонулушу мүмкүндүгүн кардарларга так түшүндүрүүгө тийиш.  

Кардардын (кардарлардын) сүрөттөрүн же видео жаздырууларды, аудиожаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардан (кардарлардан) макулдук алуу зарыл. 

30. Бүтүндөй алганда, кредит алууга билдирмени талдап-иликтөө жүргүзүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын саясатына жана төмөнкү негизги факторлорго негизделүүгө тийиш:  

1) каражаттарды карызга алуу укугу. Банк, карыз алуучунун кредит алууга жана кредиттик келишимге кол коюуга укуктуу экендигине ынанууга тийиш;  

… 

5) гарантия/кепилдик.  

Кредитти гарантия/кепилдик түрүндө камсыздоодо мындай кредитти сунуштоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн банк карыз алуучунун өзүнө жүргүзүлгөндөй эле формада гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт. Банк ушул жобонун талаптарына ылайык, карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн кандай документтерди талап кылса, ошодой эле гаранттан/кепилдик берүүчүдөн зарыл документтерди талап кылууга, анын кесипкөйлүк аброюн, жоопкерчилигин жана өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин иликтөөгө тийиш. Мында, бул шарттын сакталбашы мындай кредиттердин гарантия/кепилдик берүү менен камсыздалган бөлүгүн бланктык катары таанылышына алып келет.  

Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын кредит алууга билдирмесин кароодо кредит боюнча иш алып барган адис бирге жашаган жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлө мүчөлөрү бир кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары болбоосуна көңүл бурууга тийиш.  

30. Бүтүндөй алганда, кредит алууга билдирмени талдап-иликтөө жүргүзүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын саясатына жана төмөнкү негизги факторлорго негизделүүгө тийиш:  

1) каражаттарды карызга алуу укугу. Банк, карыз алуучунун кредит алууга жана кредиттик келишимге кол коюуга укуктуу экендигине ынанууга тийиш;  

… 

5) гарантия/кепилдик.  

Кредитти гарантия/кепилдик түрүндө камсыздоодо мындай кредитти сунуштоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн банк карыз алуучунун өзүнө жүргүзүлгөндөй эле формада гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт. Банк ушул жобонун талаптарына ылайык, карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн кандай документтерди талап кылса, ошодой эле гаранттан/кепилдик берүүчүдөн зарыл документтерди талап кылууга, анын кесипкөйлүк аброюн, жоопкерчилигин жана өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин иликтөөгө тийиш. Мында, бул шарттын сакталбашы мындай кредиттердин гарантия/кепилдик берүү менен камсыздалган бөлүгүн бланктык катары таанылышына алып келет.  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган улуттук экономиканын субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында берилген гарантия/кепилдик боюнча төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлбөшү мүмкүн. 

42. Банк тарабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулугун түзүүгө;  

- кредит берүү негизги кызмат көрсөтүүлөр боюнча өз алдынча жана көз карандысыз болууга;  

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбөөгө.  

Банкка бир же ошол эле операцияны ишке ашыруу үчүн пайыз жана комиссиялык төлөм алуусуна жол берилбейт.  

Банк кардардан кошумча төлөмдөрдү (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды кардар кредиттик келишимде жана/же башка келишимдерде каралган өз милдеттенмелерин аткарбай койгон/талапка ылайык аткарбаган учурларда гана алышы мүмкүн.  

Банк кардарларынын чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги жана айыптык санкциялар банк менен карыз алуучу ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал 6-тиркемеге ылайык таблица түрүндө түзүлөт.  

Кредиттик келишимге 6-тиркемеде белгиленгендерден тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, анын ичинде айыптык санкцияларды, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөөнүн негизинде сунушталуучу башка кызматтарды киргизүүгө тыюу салынат.  

Банк кардарды тизмек менен тааныштырууга тийиш, зарыл учурларда кардарга кредитти, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, туумду, айыптык төлөмдү эсептөө тартиби, анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен кредит алуу/ордун жабуу тартиби жөнүндө, ошондой эле эгерде кредит чет өлкө валютасында алынса, ал эми киреше (же анын бөлүгү) улуттук валютада алына турган болсо, чет өлкө валютасынын алмашуу курсу өскөн шартта келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер, андан улам төлөөгө жөндөмсүздүк тууралуу түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле кардардан кол тамгасы менен тастыкталган макулдугун алууга тийиш.  

Кредиттин негизги суммасы боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилсе жана/же кредиттин негизги суммасы боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилсе кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) мөөнөтү кечиктирилген суммага жана айкын мөөнөтүнө жараша эсептелет.  

Банк, кредиттик келишимге жана банктын ички жол-жоболоруна ылайык, банк кардарынын кредитти сунуштоого, пайдаланууга жана кайтарууга байланыштуу бардык чыгашаларын көрсөтүүгө тийиш. Банк кардарга маалым болушу үчүн чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүн эскертүү менен келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтерин көрсөтүү менен алардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгашалар наркын (камсыздандыруу, нотариус кызматтары, ж.б. үчүн төлөөлөр) чагылдырат.  

Мындан тышкары, кредиттик келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жак түзүүсүз жеке ишкердин кредити боюнча күрөө предметинен өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөткөндөн күндөн тартып, 15 күн аяктаганга чейин кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) чегерүүнү токтотуу боюнча банктын милдети, мында кредиттин бүтүндөй мезгили үчүн чегерилген кошумча төлөмдүн (айыптык төлөм, туум) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш;  

- кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин башка финансы-кредит уюмдарындагы кредиттери, анын ичинде жолдошунун/жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын кредиттери, ошондой эле ал кредиттер боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө маалыматты жарым жылда кеминде 1 жолу сунуштоо милдети;  

- аны башка финансы-кредит уюмуна сунуштоо үчүн карыз алуучунун талабы боюнча үч жумуш күнү ичинде карыз алуучу кредит алгандыгы жана ал кредит боюнча милдеттенмелерин так аткаргандыгы тууралуу маалыматты, ошондой эле карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты сунуштоо милдети (эсебинин, чегинин, балансынын көчүрмөсү, кредит боюнча төлөмдөрдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалыматты);  

- эгерде күрөө предмети коом үчүн маанилүү тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болсо же ал жеке адамга менчик укугунда таандык болгон бирден бир турак жай болуп саналса, күрөө предметинен өндүрүүнү сот аркылуу гана жүргүзүү

42. Банк тарабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулугун түзүүгө;  

- кредит берүү негизги кызмат көрсөтүүлөр боюнча өз алдынча жана көз карандысыз болууга;  

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбөөгө.  

Банкка бир же ошол эле операцияны ишке ашыруу үчүн пайыз жана комиссиялык төлөм алуусуна жол берилбейт.  

Банк кардардан кошумча төлөмдөрдү (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды кардар кредиттик келишимде жана/же башка келишимдерде каралган өз милдеттенмелерин аткарбай койгон/талапка ылайык аткарбаган учурларда гана алышы мүмкүн.  

Банк кардарларынын чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги жана айыптык санкциялар банк менен карыз алуучу ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал 6-тиркемеге ылайык таблица түрүндө түзүлөт.  

Кредиттик келишимге 6-тиркемеде белгиленгендерден тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, анын ичинде айыптык санкцияларды, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөөнүн негизинде сунушталуучу башка кызматтарды киргизүүгө тыюу салынат.  

Банк кардарды тизмек менен тааныштырууга тийиш, зарыл учурларда кардарга кредитти, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, туумду, айыптык төлөмдү эсептөө тартиби, анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен кредит алуу/ордун жабуу тартиби жөнүндө, ошондой эле эгерде кредит чет өлкө валютасында алынса, ал эми киреше (же анын бөлүгү) улуттук валютада алына турган болсо, чет өлкө валютасынын алмашуу курсу өскөн шартта келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер, андан улам төлөөгө жөндөмсүздүк тууралуу түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле кардардан кол тамгасы менен тастыкталган макулдугун алууга тийиш.  

Кредиттин негизги суммасы боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилсе жана/же кредиттин негизги суммасы боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилсе кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) мөөнөтү кечиктирилген суммага жана айкын мөөнөтүнө жараша эсептелет.  

Банк, кредиттик келишимге жана банктын ички жол-жоболоруна ылайык, банк кардарынын кредитти сунуштоого, пайдаланууга жана кайтарууга байланыштуу бардык чыгашаларын көрсөтүүгө тийиш. Банк кардарга маалым болушу үчүн чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүн эскертүү менен келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтерин көрсөтүү менен алардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгашалар наркын (камсыздандыруу, нотариус кызматтары, ж.б. үчүн төлөөлөр) чагылдырат.  

Мындан тышкары, кредиттик келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жак түзүүсүз жеке ишкердин кредити боюнча күрөө предметинен өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөткөндөн күндөн тартып, 15 күн аяктаганга чейин кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) чегерүүнү токтотуу боюнча банктын милдети, мында кредиттин бүтүндөй мезгили үчүн чегерилген кошумча төлөмдүн (айыптык төлөм, туум) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш;  

- кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин башка финансы-кредит уюмдарындагы кредиттери, анын ичинде жолдошунун/жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын кредиттери, ошондой эле ал кредиттер боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө маалыматты жарым жылда кеминде 1 жолу сунуштоо милдети;  

- аны башка финансы-кредит уюмуна сунуштоо үчүн карыз алуучунун талабы боюнча үч жумуш күнү ичинде карыз алуучу кредит алгандыгы жана ал кредит боюнча милдеттенмелерин так аткаргандыгы тууралуу маалыматты, ошондой эле карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты сунуштоо милдети (эсебинин, чегинин, балансынын көчүрмөсү, кредит боюнча төлөмдөрдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалыматты);  

- эгерде күрөө предмети коом үчүн маанилүү тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болсо же ал жеке адамга менчик укугунда таандык болгон бирден бир турак жай болуп саналса, күрөө предметинен өндүрүүнү сот аркылуу гана жүргүзүү

4.3. Кредиттин кайтарылышын камсыз кылуу 

55. Күрөө жөнүндө келишимде эң аз дегенде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:  

- күрөө предмети жана анын күрөөлүк наркы (күрөө коэффициентин эске алуу менен);  

- күрөө менен камсыз болуучу милдеттенмелердин өлчөмү жана аткаруу мөөнөтү;  

- күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кимисинде экендигине көрсөтмө;  

- карыз алуучу тарабынан кредит кайтарылбай калган учурда күрөөнү банктын менчигине өткөрүүнүн шарттары жана тартиби;  

- башка талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөөгө карата тараптардын милдеттери.  

Күрөө токтотулгандан кийин күрөө кармоочу күрөөнү токтотуу жөнүндө билдирме түзүүгө, эгерде күрөө предмети каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болсо, ошол билдирмени мамлекеттик күрөөнү каттоо органында/органдарында каттоодон өткөрүүгө милдеттүү

55. Күрөө жөнүндө келишимде эң аз дегенде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:  

- күрөө предмети жана анын күрөөлүк наркы (күрөө коэффициентин эске алуу жана көрсөтүү менен);  

- күрөө менен камсыз болуучу милдеттенмелердин өлчөмү жана аткаруу мөөнөтү;  

- күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кимисинде экендигине көрсөтмө;  

- карыз алуучу тарабынан кредит кайтарылбай калган учурда күрөөнү банктын менчигине өткөрүүнүн шарттары жана тартиби;  

- башка талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөөгө карата тараптардын милдеттери.  

Күрөө токтотулгандан кийин күрөө кармоочу күрөөнү токтотуу жөнүндө билдирме түзүүгө, эгерде күрөө предмети каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болсо, ошол билдирмени мамлекеттик күрөөнү каттоо органында/органдарында каттоодон өткөрүүгө милдеттүү

61. Бланктык кредиттерди берүү кеңири таралган тажрыйба болбоосу зарыл. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 50% өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Бланктык кредиттерди берүү учурунда банк карыз алуучунун сапаттуу финансылык отчетунан жана бланктык кредиттер берилгенге чейинки узак убакыт ичинде (алардын узактыгы кеминде 12 айды түзгөн, 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредиттерди эске албаганда, кеминде эки жыл) карыз алуучу менен иш алып баруунун кредиттик таржымалынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

Эскертүү: бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген, күрөө менен камсыздалбаган жана Улуттук банк Башкармасынын аталган токтомунун талаптарына жооп бербеген бардык кредиттер да кирүүгө тийиш.  

250000 сомго жетпеген же ага барабар сумманы түзгөн, аннуитеттик төлөө графиги белгиленген жана төлөө мөөнөтү 36 айдан ашпаган кредиттер, керектөө кредиттери боюнча орточо салмактанган пайыздык чендин маанисинен ашпаган кредиттер, ал ай сайын Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланган кредиттер бланктык кредиттерге кирбейт.  

Мында жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген кредиттердин суммасы карыз алуучунун жылдык таза кирешесинен (карыз алуучунун бардык кирешелери жана чыгашалары) ашпоого тийиш.  

Бланктык кредиттер эсебинен чыгарылган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү алардын таза суммардык капиталынын 20% ашпоого тийиш. 

61. Бланктык кредиттерди берүү кеңири таралган тажрыйба болбоосу зарыл. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 50% өлчөмүнөн ашпоого тийиш өөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 50% ашпаган өлчөмдө). Бланктык кредиттерди берүү учурунда банк карыз алуучунун сапаттуу финансылык отчетунан жана бланктык кредиттер берилгенге чейинки узак убакыт ичинде (алардын узактыгы кеминде 12 айды түзгөн, 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредиттерди эске албаганда, кеминде эки жыл) карыз алуучу менен иш алып баруунун кредиттик таржымалынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

Эскертүү: бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген, күрөө менен камсыздалбаган жана Улуттук банк Башкармасынын аталган токтомунун талаптарына жооп бербеген бардык кредиттер да кирүүгө тийиш.  

250000 сомго жетпеген же ага барабар сумманы түзгөн, аннуитеттик төлөө графиги белгиленген жана төлөө мөөнөтү 36 айдан ашпаган кредиттер, керектөө кредиттери боюнча орточо салмактанган пайыздык чендин маанисинен ашпаган кредиттер, ал ай сайын Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланган кредиттер бланктык кредиттерге кирбейт.  

Мында жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген кредиттердин суммасы карыз алуучунун жылдык таза кирешесинен (карыз алуучунун бардык кирешелери жана чыгашалары) ашпоого тийиш.  

Бланктык кредиттер эсебинен чыгарылган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү алардын таза суммардык капиталынын 20% ашпоого тийиш. 

Бланктык кредиттер эсебинен чыгарылган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү алардын таза суммардык капиталынын 20% ашпоого тийиш өөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 20% ашпоого тийиш)

5. Кредиттик мониторинг 

63-1. Банк мезгил-мезгили менен колдонуудагы кредиттерге мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Кредитке мониторинг жүргүзүү аралыгы (анын ичинде жеринде барып) банк тарабынан өз алдынча кредиттин суммасына жана түрүнө, ошондой эле анын классификациялоо категориясына ылайык белгиленет. Мында банк төмөнкү учурларда жеринде барып мониторинг жүргүзүүгө тийиш:  

- суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан кредиттер жана банк ири тобокелдикти камтыган кредит катары аныктаган кредиттер үчүн жарым жылда кеминде бир жолу;  

- 250000 сомго чейинки кредиттерди кошпогондо, калган кредиттер үчүн жылына кеминде бир жолу. 250000 сомго чейинки кредиттерге кредит боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдап-иликтөөнү болжолдогон төлөм мониторинги жүргүзүлөт.  

Мындан тышкары, банк кредиттик камсыздоонун пайдаланылышын жана анын абалын тиешелүү деңгээлде контролдоону белгилөөгө тийиш, атап айтканда, банк сунушталган камсыздоонун сапаты начарлап кетпегендигин, белгилүү бир жагдайлар анын наркынын төмөндөшүнө, гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалынын начарлашына алып келбегендигин жана карыз алуучу кредиттик милдеттенмесин аткарбаган учурда банктын камсыздоону сатып өткөрүүгө жана гаранттан/кепилдик берүүчүдөн карызды өндүрүп алууга жөндөмдүүлүгүн аныктоого тийиш.  

Келерки мезгил ичинде төлөнүүчү кредиттерге (орто жана узак мөөнөттүү кредиттер боюнча - келерки 12 айга) жүргүзүлгөн мониторинг боюнча отчетто, карыз алуучунун күтүлүп жаткан киреше (пайда) көлөмүнүн өзгөрүүсү (чет өлкө валютасындагы кредиттер үчүн), анын ишкердигине тиешелүү өзгөрүүлөр, кредиттин статусу, кредиттик келишим шарттарынын сакталышы, ал эми күрөөгө мониторинг жүргүзүлгөн шартта - анын абалы, анын сакталышын камсыздоо, ошондой эле кардардын кредитти өз учурунда төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында башка жагдайлар жана факторлор чагылдырылууга тийиш.  

63-1. Банк мезгил-мезгили менен колдонуудагы кредиттерге мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Кредитке мониторинг жүргүзүү аралыгы (анын ичинде жеринде барып) банк тарабынан өз алдынча кредиттин суммасына жана түрүнө, ошондой эле анын классификациялоо категориясына ылайык белгиленет. Мында банк төмөнкү учурларда жеринде барып мониторинг жүргүзүүгө тийиш:  

- суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын бир пайызынан ашкан) кредиттер жана банк ири тобокелдикти камтыган кредит катары аныктаган кредиттер үчүн жарым жылда кеминде бир жолу;  

- 250000 сомго чейинки кредиттерди кошпогондо, калган кредиттер үчүн жылына кеминде бир жолу. 250000 сомго чейинки кредиттерге кредит боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдап-иликтөөнү болжолдогон төлөм мониторинги жүргүзүлөт.  

Мындан тышкары, банк кредиттик камсыздоонун пайдаланылышын жана анын абалын тиешелүү деңгээлде контролдоону белгилөөгө тийиш, атап айтканда, банк сунушталган камсыздоонун сапаты начарлап кетпегендигин, белгилүү бир жагдайлар анын наркынын төмөндөшүнө, гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалынын начарлашына алып келбегендигин жана карыз алуучу кредиттик милдеттенмесин аткарбаган учурда банктын камсыздоону сатып өткөрүүгө жана гаранттан/кепилдик берүүчүдөн карызды өндүрүп алууга жөндөмдүүлүгүн аныктоого тийиш.  

Келерки мезгил ичинде төлөнүүчү кредиттерге (орто жана узак мөөнөттүү кредиттер боюнча - келерки 12 айга) жүргүзүлгөн мониторинг боюнча отчетто, карыз алуучунун күтүлүп жаткан киреше (пайда) көлөмүнүн өзгөрүүсү (чет өлкө валютасындагы кредиттер үчүн), анын ишкердигине тиешелүү өзгөрүүлөр, кредиттин статусу, кредиттик келишим шарттарынын сакталышы, ал эми күрөөгө мониторинг жүргүзүлгөн шартта - анын абалы, анын сакталышын камсыздоо, ошондой эле кардардын кредитти өз учурунда төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында башка жагдайлар жана факторлор чагылдырылууга тийиш.  

6. «Проблемалуу» кредиттер менен иш алып баруу 

76. Ушул иш-чаралар менен бирдикте, карыз алуучулардын өздөрү менен андан ары төмөндөгүдөй шарттарда жүзөгө ашырылуучу ишти дайыма жүргүзүү зарыл:  

- карыз алуучу кредиттик келишимди бузгандыгы, кредиттин төлөө мөөнөтүнүн өтүп кеткендиги жана андан улам келип чыгышы мүмкүн болгон проблемалар жөнүндө билдирүү;  

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;  

- банкка карыз алуучуну чакыруу;  

- эгерде бул кредиттик келишимде каралган болсо, зарылчылыкка жараша, кайдыгер караган карызгер жөнүндө маалыматты мезгилдүү басма сөздө жарыялоо ж.б. 

76. Ушул иш-чаралар менен бирдикте, карыз алуучулардын өздөрү менен андан ары төмөндөгүдөй шарттарда жүзөгө ашырылуучу ишти дайыма жүргүзүү зарыл: 

- карыз алуучуга кредиттик келишимдин шарттарынын сакталбагандыгы жөнүндө, бузуулардын себептерин (кечиктирилген күндөрдүн саны жана башка). Ошондой эле келишимдин шарттарынын бузулушуна байланыштуу мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү көрсөтүү менен кат жүзүндө/электрондук билдирүүнү жөнөтүү. Мында, ар бир кат жүзүндөгү / электрондук билдирме карыз алуучунун кредиттик досьесинде чагылдырылууга тийиш

- сүйлөшүүлөрду жүргүзүү

- карыз алуучуну банкка чакыруу; 

- эгерде кредиттик келишимде каралган болсо, зарыл болгон учурда, ак ниетсиз карыз алуучу жөнүндө маалыматты мезгилдүү басма сөздө жарыялоо ж. б. 

79. Банктын проблемалуу кредиттер менен иш алып барууга жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси Кредиттик комитеттин жана проблемалуу кредиттер боюнча чечим чыгарууга ыйгарым укуктуу башка коллегиалдуу органдын (болгон болсо) кароосуна чейрек сайын төмөнкүлөрдү сунуштап турууга тийиш:  

1) проблемалуу кредиттер боюнча жыйынтык отчетту;  

2) банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% ашкан ар бир «проблемалуу» кредит боюнча аткарылган иш тууралуу ырааттуу отчетту, андан ары тиешелүү аракеттерди көрүү сунушу менен. Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, ар бир проблемалуу кредит боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш:  

- жүргүзүлгөн иш (жолугушуу, телефон аркылуу сүйлөшүү ж.б.), аткарылган иш жыйынтыгы;  

- жакынкы ай ичинде кредитти кайтарып алууга андан аркы иш планы жана күтүлүп жаткан натыйжалар.  

Таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% жетпеген проблемалуу кредиттер боюнча отчеттун түзүмүн банк өз алдынча аныктайт. Мында отчеттун түзүмү банктын проблемалуу кредиттер менен иш алып баруу боюнча ички документтеринде жөнгө салынууга же болбосо анын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен бекитилүүгө тийиш.  

Отчеттордун көчүрмөлөрү банк Башкармасына жана Директорлор кеңешине жөнөтүлөт. 

79. Банктын проблемалуу кредиттер менен иш алып барууга жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси Кредиттик комитеттин жана проблемалуу кредиттер боюнча чечим чыгарууга ыйгарым укуктуу башка коллегиалдуу органдын (болгон болсо) кароосуна чейрек сайын төмөнкүлөрдү сунуштап турууга тийиш:  

1) проблемалуу кредиттер боюнча жыйынтык отчетту; 

2) банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% ашкан (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 1% ашкан) ар бир «проблемалуу» кредит боюнча аткарылган иш тууралуу ырааттуу отчетту, андан ары тиешелүү аракеттерди көрүү сунушу менен. Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, ар бир проблемалуу кредит боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш: 

- жүргүзүлгөн иш (жолугушуу, телефон аркылуу сүйлөшүү ж.б.), аткарылган иш жыйынтыгы;  

- жакынкы ай ичинде кредитти кайтарып алууга андан аркы иш планы жана күтүлүп жаткан натыйжалар. 

Таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% жетпеген өөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 1% жетпеген) проблемалуу кредиттер боюнча отчеттун түзүмүн банк өз алдынча аныктайт. Мында отчеттун түзүмү банктын проблемалуу кредиттер менен иш алып баруу боюнча ички документтеринде жөнгө салынууга же болбосо анын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен бекитилүүгө тийиш. 

Отчеттордун көчүрмөлөрү банк Башкармасына жана Директорлор кеңешине жөнөтүлөт. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 1-тиркеме 

II. Күрөө боюнча документациялар 

25. Күрөөлөрдү иликтөө актысы, анда төмөндөгүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- күрөө иликтенген күн;  

- күрөөнүн түрү;  

- күрөөгө баа берилген күн;  

- баа берүү ыкмасы;  

- күрөөнүн жайгашкан жери;  

- күрөөнүн абалы жана аны күтүүнүн шарттары;  

- күрөөнүн рыноктук (адилет) жана жоюу наркы (зарыл болгон учурда белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен);  

- күрөөнү мезгилдүү иликтөө графиги. 

25. Күрөөлөрдү иликтөө актысы, анда төмөндөгүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- күрөө иликтенген күн;  

- күрөөнүн түрү;  

- күрөөгө баа берилген күн;  

- баа берүү ыкмасы;  

- күрөөнүн жайгашкан жери;  

- күрөөнүн абалы жана аны күтүүнүн шарттары;  

- күрөөнүн рыноктук (адилет) жана жоюу наркыүрөө коэффициентин эске алуу жана көрсөтүү менен)

- күрөөнү мезгилдүү иликтөө графиги. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 2-тиркеме 

Азыркы мезгилдеги редакция: 

Гарантиялык каттарды берүү боюнча минималдуу  

ТАЛАПТАР 

Банктын кредиттик саясатында гарантиялык каттарды берүүгө тиешелүү бардык негизги жоболор аныкталууга тийиш:  

1. Банктын гарантиялык катты берүүсү жөнүндө маселе Кредиттик комитеттин отурумунда каралууга тийиш. Гарантиялык катты берүү Кредиттик комитеттин тиешелүү чечими бар болгон учурда гана жарактуу деп эсептелинет.  

2. Банктын жана анын филиалдарынын кызмат адамдарынын гарантиялык каттарга кол коюуга жана эсепке алууга ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так бөлүштүрүү.   

3. Гарантиялык каттын түп нускасы мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде таризделүүгө тийиш. Ошондой эле гарантиялык кат ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө көрсөтүлгөн шарттар сакталган учурда, чет тилде да кошумча таризделиши мүмкүн.  

4. Гарантиялык кат номер коюлган фирмалык бланкта тариздетилүүгө, банктын же филиалдын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын колтамгалары коюлууга, ошондой эле банктын тегерек мөөрү менен тастыкталууга тийиш.  

5. Банктын гарантиялык каты гарантиялык каттарды каттоо журналында (же банктын чыгыш корреспонденциялар журналында) катталууга тийиш.  

6. Гарантиялык каттарды бухгалтердик эсепке алуу бухгалтердик эсепке алуунун стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.  

7. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

8. Жалган гарантиялар бети ачылганда банк, укук коргоо органдарына алар жөнүндө билдирүүгө, ал эми жокко чыгарылган гарантиялар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого тийиш.  

   (*) Мөөнөттүү депозиттерди тарткан, микрофинансылык компанияларды эске албаганда.  

Сунушталган редакция: 

Гарантиялык каттарды берүү боюнча минималдуу  

ТАЛАПТАР 

Банктын кредиттик саясатында гарантиялык каттарды берүүгө тиешелүү бардык негизги жоболор аныкталууга тийиш:  

1. Банктын гарантиялык катты берүүсү жөнүндө маселе Кредиттик комитеттин отурумунда каралууга тийиш. Гарантиялык катты берүү Кредиттик комитеттин тиешелүү чечими бар болгон учурда гана жарактуу деп эсептелинет.  

2. Банктын жана анын филиалдарынын кызмат адамдарынын гарантиялык каттарга кол коюуга жана эсепке алууга ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так бөлүштүрүү.   

3. Гарантиялык каттын түп нускасы мамлекеттик тилде таризделүүгө тийиш жана зарыл болгон учурда расмий тилде жана/же чет тилде ага мамлекеттик тилдеги котормосу тиркелиши керек

4. Гарантиялык кат номер коюлган фирмалык бланкта тариздетилүүгө, банктын же филиалдын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын колтамгалары коюлууга, ошондой эле банктын тегерек мөөрү менен тастыкталууга тийиш.  

5. Банктын гарантиялык каты гарантиялык каттарды каттоо журналында (же банктын чыгыш корреспонденциялар журналында) катталууга тийиш.  

6. Гарантиялык каттарды бухгалтердик эсепке алуу бухгалтердик эсепке алуунун стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.  

7. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

8. Жалган гарантиялар бети ачылганда банк, укук коргоо органдарына алар жөнүндө билдирүүгө, ал эми жокко чыгарылган гарантиялар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого тийиш.  

   (*) Мөөнөттүү депозиттерди тарткан, микрофинансылык компанияларды эске албаганда.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 4-тиркеме 

Азыркы мезгилдеги редакция: 

«Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынан лицензия 

алышкан коммерциялык банктарда  

 жана башка финансы-кредит 

уюмдарында кредиттик  

 тобокелдикти тескөө 

боюнча минималдуу талаптар жөнүндө»  

 жобого карата  4-тиркеме 

Кардарлардын кредит алууга билдирмелерин каттоо  

ЖУРНАЛЫ  

№  

Билдирме берилген күн  

Кардардын аты-жөнү  

Суралып жаткан сумма  

Максаттуу багытталышы  

Мөөнөтү  

Болжолдонгон күрөөлүк камсыздоо  

Статусу (жактырылды/баш тартылды)  

Төлөө булагы (бизнесинин түрү)  

Баш тартылган шартта: анын себеби/ жактырылган шартта: сууммасы, мөөнөтү  

Баш тартылгандыгы бекитилген/билдирилген күн  

Кредиттик эксперттин кол тамгасы  

1  

2  

3  

4  

Сунушталган редакция: 

«Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынан лицензия 

алышкан коммерциялык банктарда  

 жана башка финансы-кредит 

уюмдарында кредиттик  

 тобокелдикти тескөө 

боюнча минималдуу талаптар жөнүндө»  

 жобого карата  4-тиркеме 

№  

Билдирме берилген күн 

Кардардын аты-жөнү  

Суралып жаткан сумма  

Максаттуу багытталышы  

Мөөнөтү 

Болжолдонгон күрөөлүк камсыздоо 

Күрөөнү баалоо наркы 

Күрөөнү жабуу коэффициенти 

атусу (жактырылды/баш тартылды)  

Төлөө булагы (бизнесинин түрү)  

Баш тартылган шартта: анын себеби/ жактырылган шартта: сууммасы, мөөнөтү  

Баш тартылгандыгы бекитилген/билдирилген күн  

Кредиттик эксперттин кол тамгасы 

1  

2  

3  

4  

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартиби 

2. Күрөө предметине карата талаптар 

12. Отчеттогу маалыматтар, берилип жаткан кредиттин мүмкүн болуучу суммасын белгилөөдө эске алынууга тийиш. Берилген кредиттин суммасы банктын ички документтеринде жөнгө салынган күрөө менен ордун жабуу коэффициентинин жана күрөө коэффициентинин өлчөмүн эске алуу менен аныкталууга тийиш. 

Мында кыймылсыз мүлк боюнча күрөө коэффициенти кредит берилген учурга карата күрөөлүк камсыздоонун наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө азайтылышы тийиш. 

16. Күрөөлүк камсыздоо боюнча банктын/ФКУдин ички документтери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алынган коммерциялык банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобкокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарына жооп берүү менен эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

- күрөөнү кредиттин камсыздоосу катары кабыл алуу шарттары жана талаптары;  

- күрөөнүн түрлөрү жана күрөөнүн түрлөрүнө карата чектөөлөр;  

- күрөөгө баа берүү ыкмалары;  

- баалоочуну/баалоочу уюмду тартуу;  

- кредиттин суммасы менен күрөөнүн адилет наркынын сандык катышы;  

- күрөө менен ордун жабуу коэффициентинин өлчөмү;  

- күрөөнүн түрүнө, анын ликвиддүүлүгүнө жана башка өзгөчөлүгүнө жараша күрөө коэффициентинин маанисин колдонуу критерийлери;  

- күрөөлүк мүлктү алмаштыруу тартиби жана шарттары;  

- күрөөгө мониторинг жүргүзүү;  

- коом үчүн маанилүү тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болгон же жеке адамга менчик укугунда таандык болгон бирден бир турак жай болуп саналган күрөө предметинен мыйзам талаптарына ылайык өндүрүүнү жүргүзүүнү эске алуу менен күрөөгө коюлган мүлктү алуу жана сатып өткөрүү тартиби. 

16. Күрөөлүк камсыздоо боюнча банктын/ФКУдин ички документтери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алынган коммерциялык банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобкокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарына жооп берүү менен эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

- күрөөнү кредиттин камсыздоосу катары кабыл алуу шарттары жана талаптары;  

- ушул Тартиптин 12-пунктунун талаптарын эске алуу менен күрөөнүн түрлөрү жана күрөөнүн түрлөрү боюнча чектөөлөр;  

- күрөөгө баа берүү ыкмалары;  

- баалоочуну/баалоочу уюмду тартуу;  

- кредиттин суммасы менен күрөөнүн адилет наркынын сандык катышы;  

- ушул Тартиптин 12-пунктунун талаптарын эске алуу менен күрөө менен жабуу коэффициентинин мааниси;  

- күрөөнүн түрүнө, анын ликвиддүүлүгүнө жана башка өзгөчөлүгүнө жараша күрөө коэффициентинин маанисин колдонуу критерийлери;  

- күрөөлүк мүлктү алмаштыруу тартиби жана шарттары;  

- күрөөгө мониторинг жүргүзүү;  

- коом үчүн маанилүү тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болгон же жеке адамга менчик укугунда таандык болгон бирден бир турак жай болуп саналган күрөө предметинен мыйзам талаптарына ылайык өндүрүүнү жүргүзүүнү эске алуу менен күрөөгө коюлган мүлктү алуу жана сатып өткөрүү тартиби. 

3. Күрөөнү баалоо 

21-1. Банктын ички документтеринде мүлктү күрөө катары кабыл алууда банктын баалоочу кызматкеринин (ички баа берүү) сыяктуу эле, ишке тартылган баалоочунун/баалоочу уюмдун да банктын мүлкүн баалоо функциясынын көз карандысыздыгына коркунуч жараткан аракеттерге банк тарабынан жол берилбей тургандыгын камсыздаган талаптар каралууга тийиш, анын ичинде:  

- мүлктүн күтүлүп жаткан же белгиленген алдын ала бааланган рыноктук наркы, же кредиттин суммасы же болбосо күрөө менен ордун жабуунун максаттуу коэффициенти тууралуу ички баалоочуга/баалоочуга/баалоочу уюмга маалымдоого;  

- кредитти же баалоо жүргүзүүнү бекитүү үчүн менчиктин минималдуу рыноктук наркы боюнча талапты көрсөтүүгө;  

- менчик белгилүү бир суммага бааланбагандыктан, баалоочуга/баалоочу уюмга сый акыны төлөөдөн баш тартууга;  

- ички баалоочунун/баалоочунун/баалоочу уюмдун кызматын учурда же келечекте пайдалануу ички баалоочунун/баалоочунун/баалоочу уюмдун мүлктү баалаган суммадан көз карандылыгына жол берүүгө;  

- мүлктү баалоочу кызматкерге эмгек келишимин токтотууга чейин бир нече тартип жазасын колдонуу, же баалоочу/баалоочу уюм тарабынан аныкталган рыноктук нарк банктын ички документтерине ылайык мүлктү күрөөгө кабыл алуу үчүн белгиленген чектүү мааниге дал келбегендигине байланыштуу, баалоочу менен келечекте кызматташуудан баш тартууга.  

Эгерде банктын ыйгарым укуктуу кызматкери/баалоочу/баалоочу уюм тарабынан аныкталган күрөөгө кабыл алынуучу мүлктүн рыноктук наркы Кредиттик комитет же кайсы болбосун башка ыйгарым укуктуу орган тарабынан кайра баалоого жөнөтүлсө, мындай чечим кабыл алган жактарды/жакты так көрсөтүү менен кайра баалоонун зарылдыгы боюнча кат түрүндө түшүндүрмөлөр берилип, жогорку башкаруу органына тааныштырылууга тийиш.  

Күрөөгө кабыл алынуучу мүлктү баалоо жана анын рыноктук жана күрөөлүк наркын аныктоочу эрежелерден жана жол-жоболордон кандай болбосун четтөө жагдайы талаптагыдай документтештирилүүгө жана күрөөгө кабыл алынуучу мүлктү баалоо боюнча жоопкерчиликтүү банктын бөлүмүнүн жетекчилерине сунушталууга тийиш. 

21-1. Банктын ички документтеринде мүлктү күрөө катары кабыл алууда банктын баалоочу кызматкеринин (ички баа берүү) сыяктуу эле, ишке тартылган баалоочунун/баалоочу уюмдун да банктын мүлкүн баалоо функциясынын көз карандысыздыгына коркунуч жараткан аракеттерге банк тарабынан жол берилбей тургандыгын камсыздаган талаптар каралууга тийиш, анын ичинде:  

- ушул Тартиптин 12-пунктунун талаптарын эске алуу менен мүлктүн күтүлүп жаткан же белгиленген алдын ала бааланган рыноктук наркы, же кредиттин суммасы же болбосо күрөө менен ордун жабуунун максаттуу коэффициенти тууралуу ички баалоочуга/баалоочуга/баалоочу уюмга маалымдоого;  

- кредитти же баалоо жүргүзүүнү бекитүү үчүн менчиктин минималдуу рыноктук наркы боюнча талапты көрсөтүүгө;  

- менчик белгилүү бир суммага бааланбагандыктан, баалоочуга/баалоочу уюмга сый акыны төлөөдөн баш тартууга;  

- ички баалоочунун/баалоочунун/баалоочу уюмдун кызматын учурда же келечекте пайдалануу ички баалоочунун/баалоочунун/баалоочу уюмдун мүлктү баалаган суммадан көз карандылыгына жол берүүгө;  

- мүлктү баалоочу кызматкерге эмгек келишимин токтотууга чейин бир нече тартип жазасын колдонуу, же баалоочу/баалоочу уюм тарабынан аныкталган рыноктук нарк банктын ички документтерине ылайык мүлктү күрөөгө кабыл алуу үчүн белгиленген чектүү мааниге дал келбегендигине байланыштуу, баалоочу менен келечекте кызматташуудан баш тартууга.  

Эгерде банктын ыйгарым укуктуу кызматкери/баалоочу/баалоочу уюм тарабынан аныкталган күрөөгө кабыл алынуучу мүлктүн рыноктук наркы Кредиттик комитет же кайсы болбосун башка ыйгарым укуктуу орган тарабынан кайра баалоого жөнөтүлсө, мындай чечим кабыл алган жактарды/жакты так көрсөтүү менен кайра баалоонун зарылдыгы боюнча кат түрүндө түшүндүрмөлөр берилип, жогорку башкаруу органына тааныштырылууга тийиш.  

Күрөөгө кабыл алынуучу мүлктү баалоо жана анын рыноктук жана күрөөлүк наркын аныктоочу эрежелерден жана жол-жоболордон кандай болбосун четтөө жагдайы талаптагыдай документтештирилүүгө жана күрөөгө кабыл алынуучу мүлктү баалоо боюнча жоопкерчиликтүү банктын бөлүмүнүн жетекчилерине сунушталууга тийиш. 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоо 

Преамбула 

Нускоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын, адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, кредиттик союздардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (мындан ары - банктар) жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын (мындан ары - кардарлар) банктык эсептери, банктык аманаттары (депозиттер) боюнча эсептерин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби аныкталат. Нускоонун талаптары Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» Мыйзамынын 16-беренесине ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин талабына ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган кредиттик союздарга, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат. Нускоонун талаптары турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен турак жай-сактык кредиттик компанияларга дагы таркатылат.  

Банктык эсептер, банктык банктык аманат (депозит) эсептер менен иштөө шарттарына жана алар боюнча операцияларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптарды белгилөө, ушул Нускоонун максатынан болуп саналат. 

Нускоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын, адистештирилген финансы-кредит мекемеси - «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, кредиттик союздардын, ошондой эле турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (мындан ары - банктар) жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын (мындан ары - кардарлар) банктык эсептери, банктык аманаттары (депозиттер) боюнча эсептерин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби аныкталат. Нускоонун талаптары Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» Мыйзамынын 16-беренесине ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин талабына ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган кредиттик союздарга таркатылат. 

Банктык эсептер, банктык банктык аманат (депозит) эсептер менен иштөө шарттарына жана алар боюнча операцияларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптарды белгилөө, ушул Нускоонун максатынан болуп саналат. 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы  

№ 2018-П-12/24-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө» Нускоо 

6-глава. Банктын аткаруучу жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушуу 

31. Текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү аяктагандан кийинки 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде тыянактарды жана текшерүү жыйынтыгын талкуулоо үчүн банк жетекчилиги менен жыйынтык жолугушуу уюштурулууга тийиш. Мында жыйынтык жолугушуу, зарыл болгон шартта, бир нече баскычтарда (бирок үч жолудан көп эмес) өткөрүлүшү мүмкүн. Жолугушууда текшерүүнүн жүрүшүндө ишке тартылган бардык инспекторлор, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта көзөмөл блогунун тиешелүү бөлүмүнүн (бөлүмдөрүнүн) начальниги (начальниктери) катышууга тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта, жыйынтык жолугушууга Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Башкарманын мүчөсү катышуусу мүмкүн. 

Жыйынтык жолугушуу банк жетекчилигине банктык көзөмөл органында кооптонууну жараткан маселелер боюнча жагдай, орун алган проблемалар боюнча түшүндүрмө алууга жана такташтырууга, ошондой эле текшерүүнү жүзөгө ашырган инспекторлорго суроолорду берүүгө мүмкүндүк берет. 

Жыйынтык жолугушуу өткөргөнгө чейин банк, алдын ала жолугушуу учурунда текшерүүчүлөр тобунун текшерилген чөйрөгө тиешелүү тигил же бул маселелери боюнча маалыматтарына карата өз комментарийлерин же түшүндүрмөлөрүн жазуу түрүндө жетекчиге же текшерүү тобуна сунуштоого укуктуу, мындай комментарийлер/түшүндүрмөлөр текшерүү жыйынтыгы жөнүндө отчетто эске алынышы мүмкүн. 

Комментарийлер/түшүндүрмөлөр алдын ала жолугушууда, зарылчылыкка жараша тастыктоочу документтер менен бирге, Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбей берилүүгө тийиш. 

31. Текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү аяктагандан кийинки 30 (отуз) жумуш күнү ичинде тыянактарды жана текшерүү жыйынтыгын талкуулоо үчүн банк жетекчилиги менен жыйынтык жолугушуу уюштурулууга тийиш. Мында жыйынтык жолугушуу, зарыл болгон шартта, бир нече баскычтарда (бирок жыйынтык жологушуу учун белгиленген мөөнөттүн ичинде уч жолудан ашык эмес үч жолудан көп эмес) өткөрүлүшү мүмкүн. Жолугушууда текшерүүнүн жүрүшүндө ишке тартылган бардык инспекторлор, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта көзөмөл блогунун тиешелүү бөлүмүнүн (бөлүмдөрүнүн) начальниги (начальниктери) катышууга тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта, жыйынтык жолугушууга Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Башкарманын мүчөсү катышуусу мүмкүн. 

Жыйынтык жолугушуу банк жетекчилигине банктык көзөмөл органында кооптонууну жараткан маселелер боюнча жагдай, орун алган проблемалар боюнча түшүндүрмө алууга жана такташтырууга, ошондой эле текшерүүнү жүзөгө ашырган инспекторлорго суроолорду берүүгө мүмкүндүк берет. 

Жыйынтык жолугушуу өткөргөнгө чейин банк, алдын ала жолугушуу учурунда текшерүүчүлөр тобунун текшерилген чөйрөгө тиешелүү тигил же бул маселелери боюнча маалыматтарына карата өз комментарийлерин же түшүндүрмөлөрүн жазуу түрүндө жетекчиге же текшерүү тобуна сунуштоого укуктуу, мындай комментарийлер/түшүндүрмөлөр текшерүү жыйынтыгы жөнүндө отчетто эске алынышы мүмкүн. 

Комментарийлер/түшүндүрмөлөр алдын ала жолугушууда, зарылчылыкка жараша тастыктоочу документтер менен бирге, Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбей берилүүгө тийиш. 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги)  

стандарттарын аныктоо боюнча нускоо 

2-глава. Капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттары 

6. Тобокелдик деңгээли боюнча баланстык активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди салмактоого негизденген капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенттери:  

а) суммардык капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенти (К2.1) төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

К2.1 = (ЧСК / (ЧРА + П * Кор)) * 100%,  

мында:  

ЧСК - таза суммардык капитал, ал Биринчи деңгээлдеги капиталдын жана Экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасы катары аныкталат;  

ЧРА - потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган атайы камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча салмактанган баланстык активдердин жана баланстан тышкары милдеттенмелердин суммасы;  

П - коммерциялык банктар үчүн (суммардык капиталдын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициентине тескери сан) - 8,33 (100%:12%), системалуу мааниге ээ банктар үчүн белгиленген көрсөткүч:  

- 8,00 (100% : 12,5%) 2023-жылдын 1-январынан тартып;  

- 7,14 (100% : 14%) 2024-жылдын 1-январынан тартып;  

Кор - операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капитал өлчөмү. Базалык индикативдик ыкманы пайдалануу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капитал Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-1-(НПА) токтому менен бекитилген Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибине ылайык эсептелет.  

.... 

б) Биринчи деңгээлдеги капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенти (К2.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

- 7,14 (100% : 14%) 2024-жылдын 1-июлунан тартып;  

4-глава. Баланстык активдерге тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү 

25. Кредиттик тобокелдик деңгээлине, ошондой эле айрым өнөктөштөр/контрагенттердин түрүнө жараша баланстык активдер төмөнкү категорияларга бөлүнөт:   

1) 1-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 0%):   

а) Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБге жана Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин жана Standard & Poor's рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ мамлекеттердин банкноттору жана монеталары.   

Эскертүү: Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (мындан ары - Уюм). Аталган Уюмга мүчө мамлекеттердин тизмеси www.oecd.org. расмий сайтында жайгаштырылган.   

... 

4) 4-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 50%):  

а) жеке адамдарга бир үй-бүлөгө турак жай сатып алуу же куруу үчүн берилген жана ушул турак жай боюнча биринчи күрөө менен гарантияланган кредиттер. Аталган категорияга бул үйдө же квартирада жашоого ниеттенген, б.а. турак жайды (же анын бөлүгүн) башка максаттарда (сатуу, ижарага берүү ж.б.) пайдаланбай турган жактарга берилген ссудалар гана кирет.  

Эгерде бул кредиттерди төлөө мөөнөтү 30 күндөн ашык мөөнөткө өткөрүлүп жиберилсе жана/же реструктуризацияланган болсо, анда алар кредиттик тобокелдиктин 100% деңгээлиндеги 5-категорияда көрсөтүлөт.  

б) Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларды эске албаганда, өлчөнгөн куйма түрүндө алтын жана башка сертификатталган баалуу металлдар;  

в) коммерциялык банктар тарабынан мамлекеттик программалар, анын ичинде банктардын өз каражаттарынын эсебинен айыл чарбасын жана экспортко багыт алган жана импортту алмаштыруу жагында иш алып барган ишканаларды каржылоого байланыштуу, ошондой эле республиканын экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка мамлекеттик программалар боюнча берилген кредиттер.  

Эгерде бул кредиттердин мөөнөтү 90 күндөн ашык өткөрүлүп жиберилсе жана/же кайталап реструктуризацияланган болсо, анда алар 100% кредиттик тобокелдик деңгээлине ээ 5-категорияда көрсөтүлөт.  

Эскертүү: мамлекеттик программаларга республикалык бюджеттен жарым-жартылай/толугу менен каржыланган же республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пайыздык чендерди субсидиялоо аркылуу, анын ичинде мамлекет тарабынан түзүлгөн уюмдар менен биргеликте каржылоо; эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) долбоорлорду жүзөгө ашыруунун алкагында программалар. 

... 

5) 5-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 100%):   

а) 1-категорияга кирбеген банкноттор жана монеталар;   

б) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптар (бул мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар);   

в) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;   

г) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктердин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин отчет берүүчү банкка аффилирленген уюм болуп саналган банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар;   

д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар;   

е) коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана 4-категорияда көрсөтүлгөндөн тышкары башка кредиттер;   

ж) банктын негизги каражаттары жана башка менчиги;   

з) инвестициялар жана ушул Нускоонун 21-пунктунун 3-пунктчасында каралган эсептеп алып салууларды минуска чыгаруу менен финансылык катышуу;   

и) 1, 2, 3, 4, 6 жана 7-категорияларга кирбеген башка активдер;   

6) 6-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 150%):   

- ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин валютасындагы кредиттерди кошпогондо, ошондой эле 4-категорияда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары чет өлкө валютасында коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана башка кредиттер;   

7) 7-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 200%):   

- жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге улуттук валютада кредит берүү учурунда номиналдык жылдык чени 30% же андан ашык болгон кредиттер.   

г) соодага, коммерциялык кредиттерге, керектөө кредиттерине 18 пайыздан ашпаган чен боюнча берилген улуттук валютадагы кредиттер; 

5) 5-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 100%):  

а) 1-категорияга кирбеген банкноттор жана монеталар;  

б) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптар (бул мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар);  

в) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болбогон мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;  

г) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктердин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин отчет берүүчү банкка аффилирленген уюм болуп саналган банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар;  

д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан берилген «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү, суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына талаптар;  

е) коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана 4-категорияда көрсөтүлгөндөн тышкары башка кредиттер;  

ж) банктын негизги каражаттары жана башка менчиги;  

з) инвестициялар жана ушул Нускоонун 21-пунктунун 3-пунктчасында каралган эсептеп алып салууларды минуска чыгаруу менен финансылык катышуу;  

и) 1, 2, 3, 4, 6 жана 7-категорияларга кирбеген башка активдер;  

6) 6-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 150%):   

- ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин валютасындагы кредиттерди кошпогондо, ошондой эле 4-категорияда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары чет өлкө валютасында коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана башка кредиттер;   

7) 7-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 200%):   

- жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге улуттук валютада кредит берүү учурунда номиналдык жылдык чени 27% же андан ашык болгон кредиттер.   

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

I. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

1. Проблема тууралуу маалымат 

1-көйгөй 

Банк системасы иштеп келе жаткан мезгил ичинде кредиттөө тобокелдиктерин азайтуу, тагыраак айтканда, банктык тобокелдиктерди тескөө системасын өркүндөтүүгө байланышкан маселелерди чечүү банк секторунун актуалдуу проблемаларынын бири бойдон калууда. Банктык тобокелдиктерди тескөө системасынын негизги жоболору кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөттүүлүк, камсыздоо, натыйжалуулук, максаттуу пайдалануу жана башка сыяктуу кредиттөөнүн башкы принциптеринде чагылдырылган. 

Бүгүнкү күндө финансы-кредит уюмдары (мындан ары - ФКУ) кредиттөөгө, гарантияларды жана аккредитивдерди берүүгө байланыштуу операцияларды жүзөгө ашырууда, негизинен, күрөөлүк камсыздоону талап кылган механизмдерге жана тартиптерге басым коюшат. Кайсы болбосун ФКУ берилген кредитти өз убагында кайтарып алууга жана финансылык жоготуулардан коргоого түздөн-түз кызыкдар. Ушуга байланыштуу, кредиттик тобокелдикти минималдаштыруу максатында, ФКУ күрөөлүк камсыздоонун ар кандай ыкмаларын талап кылууда. Ар кандай кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде ар кандай товарлар, негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, курулуштар, имараттар, курулмалар, анын ичинде курулушу бүтө элек жабдуулар, товардык-материалдык запастар, даяр продукция, эч кандай чектөөсүз баалуу металлдар, бак-дарактар, материалдык объекттер жана руханий маданияттын предметтери, накталай акча каражаттары (улуттук, ошондой эле чет өлкө валютасында), кредиттик-акча инструменттери жана алардын туундулары, баалуу кагаздар жана жарандык жүгүртүүдөн алынбаган башка мүлк күрөөнүн предмети болушу мүмкүн. 

Күрөөдөн тышкары, милдеттенмелер гарантия, кепилдик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыкмалар аркылуу камсыз кылуу менен аткарылышы мүмкүн. 

Күрөөлүк камсыздоо ФКУнун акча каражаттарын кайтарып алуунун негизги кепилдиги болуп саналаарын белгилей кетүү зарыл. 

Көбүнчө ири суммадагы кредит алуу үчүн күрөө келишимин түзүү талап кылынат. Эгерде банк чакан керектөө кредитин күрөөсүз эле бере алса, ири суммадагы кредитти узак мөөнөткө берүүдө, кайтарылбай калуу тобокелдиги бир нече эсе жогорулайт. Автокредит, ипотека жана башка ири кредиттерди тариздөөдө күрөөнү тариздөө милдеттүү болуп саналат. 

Азыркы учурда кредит берүүдө күрөөлүк камсыздоону баалоо «Баалоо иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансы-кредит уюмунун баалоочусу (көз карандысыз баалоочу адис) же баалоочу уюм тарабынан жүргүзүлөт, алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилген баалоо ишин жүзөгө ашырууга, квалификациялык сертификатка ээ болууга, ошондой эле мыйзам талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

Ал эми мүлктү өндүрүп алуу учурунда күрөөгө коюлган мүлк Мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү сертификаты бар, көз карандысыз баалоочу адистер тарабынан гана бааланат. 

Күрөөлүк камсыздоонун наркы бааланган жана аныкталгандан кийин, ФКУ кредиттөө тармагына жараша кредиттин кайтарымдуулук тобокелдигин эске алуу менен, карыз алуучуга жүргүзүлгөн талдоого, кредиттин суралып жаткан суммасына жараша, ошондой эле күрөөлүк коэффициенттин колдонулушун эске алуу менен берилип жаткан кредиттин суммасын аныктайт. 

Күрөөлүк коэффициент - бул, кредитти камсыздоого кабыл алынган күрөө предметинин рыноктук наркын төмөндөтүү коэффициенти, анда ФКУнун өндүрүп алууга жана мүлктү сатып өткөрүүгө мүмкүн болгон сарптоолору, ошондой эле анын болжолдуу наркы эске алынат. 

Азыркы учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында күрөөлүк коэффициент боюнча талаптар каралбагандыгын белгилей кетүү зарыл. ФКУ күрөөгө баа берүүнү жана кредит берүү учурунда бардык тобокелдиктерге талдап-иликтөөлөрдү эске алуу менен күрөө коэффициентин өз алдынча белгилейт. 

Күрөө коэффициентин төмөндөтүүнүн максималдуу өлчөмүн белгилөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы №1381-VII токтому негиз болуп эсептелет. Токтомго ылайык, Улуттук банкка күрөө предметинин наркын рыноктук наркынын 50 пайызынан төмөн эмес баалоо боюнча финансы-кредит уюмдарына карата талаптарды белгилөөчү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле кредит боюнча чегерилген айыптардын жана туумдардын максималдуу өлчөмүн төмөндөтүү тапшырмасы берилген. 

ФКУнун кредиттик продукттарын пайдаланууда негизги проблемалардын бири болуп күрөө берүү санала тургандыгын эске алуу менен, ФКУнун төмөн күрөөлүк коэффициентти белгилөө маселеси дагы келип чыгат, ушуга байланыштуу банк продукттарын керектөөчүлөрдүн жана күрөө коюучулардын укуктарын коргоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына күрөөлүк коэффициент, айыптык санкциялардын (үстөк айыптын) өлчөмү жана банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары - токтом долбоору) менен ФКУга карата күрөөлүк коэффициенттин минималдуу өлчөмүн белгилөө каралган. ФКУ белгиленген коэффициенттен төмөн белгилей албайт.  

Мындан тышкары, токтом долбоорунда мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыз боюнча чегерилген үстөк айыптын (туумдун, айып пулдун) өлчөмүн 20%дан 10%га чейин төмөндөтүү каралган. Бул чара, кредитти төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон ФКУнун карыз алуучуларынын карыздык милдеттенмелерин азайтуу үчүн зарыл болуп эсептелет. 

Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыз боюнча чегерилген үстөк айыптын (туумдун, айып пулдун) максималдуу суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпоого тийиш. 

Ошону менен бирге токтом долбоорунда өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган кредиттерди классификациялоо маселелери камтылат, бул кредиттер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) чечими менен улуттук экономиканын субъекттерине берилген кепилдик камсыздоо болуп саналат.  

2-көйгөй 

Ошондой эле токтом долбоору кредиттер боюнча, атап айтканда, керектөө кредиттери, соода жана коммерциялык максаттар үчүн берилген кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө багытталган. 

Бүгүнкү күндө мыйзам талаптарына ылайык, пайыздык чендер финансы-кредит уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет. Ушуга байланыштуу, ошондой эле Улуттук банктын кредиттер боюнча пайыздык чендердин өлчөмүн түздөн-түз жөнгө салууга жана белгилөөгө мыйзамдуу укугу жоктугун эске алуу менен, пайыздык чендерди төмөндөтүү үчүн Улуттук банк тарабынан пайыздык чендерди төмөндөтүүгө таасир этүүчү кыйыр механизмдер кабыл алынган. 

2024-жылдын 1-мартына карата абал боюнча банк системасынын кардарларына кредиттердин суммасы 259 121,8 млн сомду, орточо алынган пайыздык чен жылдык 15,89% деңгээлин түздү. 12 ай ичинде (2023-жылдын февралынан 2024-жылдын февралына чейин) пайыздык чен 0,79 пайыздык пунктка жогорулаган. Кредиттин орточо суммасы 228 миң сомду түздү

Берилген сумма боюнча кредиттердин негизги үлүшү соодага туура келет 28,6 % же 74 003,1 млн сом, керектөө кредиттери 22,1% же 57 356,8 млн сом жана айыл чарбасы 16,1% же 41 559,4 млн сом. 

Кредиттердин саны боюнча салыштырма салмагы керектөө кредиттерине 76% жана айыл чарба кредиттерине - 16% туура келет, кредиттин орточо суммасы тиешелүүлүгүнө жараша, 66 миң сомду түзөт (тармактар арасында эң аз көрсөткүч). 

Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендин төмөндөшүнө банк системасынын кредит портфелиндеги керектөө кредиттери, соодага жана коммерциялык операцияларга кредиттер төмөнкү себептер боюнча чоң потенциалга ээ:  

Керектөө кредиттери

- кредит портфелиндеги сумма боюнча олуттуу үлүштү түзүп (22,1%), айкын өсүү тенденциясы катталган: акыркы 12 айда (2023-жылдын февраль айынан 2024-жылдын февраль айына чейин) үлүштүн өсүшү 5,5% түздү (тармактар боюнча эң жогорку көрсөткүч). Өсүш арымы сакталса, мындай кредиттердин үлүшү 12 айдан кийин 29,5% түзүшү мүмкүн; 

- кредиттердин саны боюнча басымдуу үлүшү - 76%; 

- жогорку максималдуу пайыздык чендер, бул төмөндөтүү үчүн олуттуу потенциалды камсыз кылат. Бул аз суммада кредит алган карыз алуучулардын көпчүлүгүнө таасирин тийгизет. 2024-жылдын 1-мартына карата керектөө кредиттери боюнча эң жогорку пайыздык чен - 60% түздү

Маалымат катары: 18% жана андан жогорку пайыздык чен боюнча берилген керектөө кредиттеринин саны 676,9 миң кредитти түздү

Соодага жана коммерциялык операцияларга берилген кредиттер: 

- кредит портфелиндеги сумма боюнча басымдуу үлүшүнүн (28,6%) айкын өсүш тенденциясы катталган: акыркы 12 айда (2023-жылдын февраль айынан - 2024-жылдын февраль айына чейин) үлүштүн өсүшү 0,8%ды түздү. Өсүш арымы сакталып турса, мындай кредиттердин үлүшү 12 айдан кийин 29,2% түзүшү мүмкүн; 

- кредиттердин саны боюнча олуттуу үлүшү 3,9% (тармактар боюнча үчүнчү орун); 

- жогорку максималдуу пайыздык чендер, бул төмөндөтүү үчүн олуттуу потенциалды камсыз кылат. Бул аз суммада кредит алган карыз алуучулардын көпчүлүгүнө таасирин тийгизет. 2024-жылдын 1-мартына карата соодага жана коммерциялык операцияларга берилген кредиттер кредиттери боюнча эң жогорку чен 47,5%ды түздү

Маалымат катары: соодага жана коммерциялык максаттарга 18% жана андан жогору чен боюнча берилген кредиттердин саны 25,8 миң кредитти түздү

Мындан тышкары, керектөө кредиттеринин, анын ичинде онлайн-кредиттердин үлүшү өсүшүн эске алуу менен, таасирдүү чаралар көрүлбөсө, кредит портфелинин түзүмү кыйла кымбат керектөө кредиттери жагына өзгөрүшү эсебинен бүтүндөй банк системасындагы кредит портфели боюнча орточо алынган чендин өсүшү улантылат. 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, токтом долбоорунда төмөнкүлөр сунушталат: 

1) жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге улуттук валютада берилген, кредиттик тобокелдик деңгээли 200% өлчөмүндө белгиленген кредиттер боюнча максималдуу номиналдык жылдык пайыздык ченди 30% дан 27% га чейин төмөндөтүү

2) 18%дан ашпаган чен боюнча улуттук валютада соодага жана коммерциялык операцияларга берилген кредиттер жана керектөө кредиттери боюнча кредиттик тобокелдик деңгээлин 50%га чейин төмөндөтүү

3-көйгөй 

Инспектор банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда коммерциялык банктарга комплекстүү жана максаттуу текшерүүлөрдү жүргүзөт. Текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү аяктагандан кийинки 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде тыянактарды жана текшерүү жыйынтыгын талкуулоо үчүн банк жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушууну уюштурууга тийиш. Мында жыйынтык жолугушуу, зарыл болгон шартта, бир нече баскычтарда (бирок үч жолудан көп эмес) өткөрүлүшү мүмкүн.  

Инспекторлор укук колдонууда жыйынтыктоочу жолугушууну өткөрүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн, тактап айтканда, жолугушуунун үч этабын өткөрүүгө уруксат берилген убакыт белгиленген эмес. Ушуга байланыштуу жыйынтыктоочу жолугушууну өткөрүү убактысынын жалпы мезгилин ушул мезгилдин ичинде үч жолудан көп эмес өткөрүүнү эске алуу менен тактоо сунушталат. 

2. Проблеманын масштабы 

1-көйгөй 

Каралып жаткан маселенин масштабы, атап айтканда, күрөөлүк коэффициентти белгилөөдө жана мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыз боюнча үстөк айыпты (туумдарды, айыптарды) чегерүүдө ФКУнун ишине таасирин тийгизет. 

Азыркы учурда күрөөлүк коэффициент боюнча талаптар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген эмес. ФКУ күрөөлүк коэффициентин өз алдынча белгилейт, күрөөнү баалайт жана кредит берүүдөгү бардык тобокелдиктерге талдоо жүргүзөт. 

Бирок, азыркы учурда жогорку күрөөлүк коэффициенттин белгиленишине байланыштуу, кредиттин жетиштүү өлчөмүн алууда кыйынчылыктар пайда болууда, б.а. ФКУ берилип жаткан кредиттин суммасын азайтууда, бул өз кезегинде кредиттик продуктулардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыз боюнча чегерилген үстөк айыптын (туумдун, айып пулдун) максималдуу суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпоого тийиш экендигин эске алып, токтом долбоорунда мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыз боюнча эсептелген үстөк айыпты (туумдар, айып пулдарды) 20%дан 10%га чейин төмөндөтүү каралган. Бул чара, кредитти төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон ФКУ карыз алуучуларынын карыздык милдеттенмесин төмөндөтүү үчүн зарыл. 

Ошону менен бирге токтом долбоорунда өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган кредиттерди классификациялоо боюнча талаптарды жеңилдетүү маселелери камтылат, бул кредиттер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен улуттук экономиканын субъекттерине берилген кепилдик камсыздоо болуп саналат.  

2- көйгөй 

Кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү маселеси боюнча, ушул аналитикалык каттын алкагында каралып жаткан проблема коммерциялык банктардын ишине таасирин тийгизет. 

Токтомдун долбоору Улуттук банктын кредиттер боюнча пайыздык чендин маанисин түз жөнгө салууга жана белгилөөгө мыйзам чегинде укугу жок болгондуктан, коммерциялык банктардын кредиттик саясатына кыйыр таасир көрсөтүү жолу менен пайыздык чендерди төмөндөтүүгө багытталган. 

3- көйгөй  

Практикада укук колдонууда көйгөйлөрдүн келип чыгышын эске алуу менен ченемдик укуктук актылардын талаптарын дайыма өркүндөтүү зарылдыгы дайыма актуалдуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу коммерциялык банктарга банктык көзөмөлдү сапаттуу жүзөгө ашырууну жүзөгө ашыруу максатында ченемдик укуктук актылардын ченемдери актуалдаштырууну талап кылат. 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

1-көйгөй 

Кредиттерди берүүдө камсыздоонун ар кандай формалары, түрлөрү жана ыкмалары колдонулушу мүмкүн. 

Карыз алуучулардын милдеттенмелерин камсыздоо ар кандай белгилери боюнча классификацияланат: 

1. Мүлктүн формасы. Мүлктүк формага кредиттерди камсыздоонун төмөнкү түрлөрү кириши мүмкүн: 

- кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөө

- кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөө - бул мүлк, эреже катары, карыз алуучунун пайдалануусунда калат - автотранспорт, жүгүртүүдөгү товарлар, турмуш-тиричилик техникасы ж. б.; 

- заклад - бул банкка сактоого өткөрүлүп берилүүчү мүлк - баалуу металлдар, баалуу кагаздар, депозиттин күрөөсү ж. б.; 

2. Мүлктүк эмес форма. Кредит боюнча камсыз кылуунун мүлктүк эмес формасына кредиттерди камсыз кылуунун төмөнкүдөй түрлөрү киргизилиши мүмкүн:: 

- гарантия; 

- кепилдик. 

Суралган кредиттин суммасынын негизинде, ички лимиттерди эске алуу менен, банктар аларды камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилешет. Улуттук банк тарабынан камсыздоонун өлчөмү боюнча милдеттүү талаптар белгиленген эмес. 

Төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган тиешелүү документтерди берүүдөн тышкары, кардар өз милдеттенмелерин аткаруусунун кепилдиги катары күрөөнү берүүгө тийиш. Көпчүлүк учурларда күрөө катары кыймылсыз мүлк, заклад, кепилдиктер ж.б. берилет. 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында кредиттерди берүүдөгү камсыздоо катары алынышы мүмкүн болгон күрөөнүн ликвиддүүлүк коэффициентине карата кандайдыр бир талаптар белгиленген эмес. Улуттук банк кредиттерди берүүдө күрөөлүк камсыздоонун болушун талап кылбайт, банктар белгиленген экономикалык ченемдердин чегинде камсыздоосуз кредиттерди берүүгө укуктуу. Имарат же турак жай же башка кыймылсыз мүлк гана күрөө катары алынышы керектиги боюнча талаптар белгиленген эмес, ошондой эле берилип жаткан кредиттин суммасына карата камсыздоонун зарыл болгон минималдуу пайызы боюнча талаптар жок. 

Күрөө менен ордун жабуу боюнча ченем, ага ылайык күрөө активдин негизги суммасын жана келишимге ылайык активдин негизги суммасынын жана номиналдык пайыздык чендин жылдык маанидеги көбөйтүндүсү катары эсептелген пайыздык чендин суммасын толук көлөмдө жабууга тийиш, ошондой эле активдерди классификациялоого жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү резервди түзүүгө гана тиешелүү экендигин белгилей кетүү зарыл. 

Ошентип, Улуттук банктын ченемдик актыларында берилген кредиттерди камсыз кылуу үчүн күрөөнүн белгилүү бир түрлөрүн жана алардын көлөмүн талап кылуу боюнча маселелер жөнгө салынбайт. 

Жогоруда баяндалгандардан тышкары, Улуттук банктын талаптарына ылайык күрөө менен жабуу коэффициентинин мааниси, күрөөнүн түрүнө, анын ликвиддүүлүгүнө жана күрөөнүн башка мүнөздөмөлөрүнө жараша күрөөлүк коэффициентти колдонуу критерийлери банктын/ФКУнун ички документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш. 

Мында, Улуттук банктын талаптарында, кредит берүү чечимин кабыл алууда күрөөнүн наркы карыз алуучунун банктын/ФКУнун алдындагы милдеттенмелеринин ордун жабууга тийиш экендигин эске алуу зарыл экендиги каралган. Ошондой эле күрөөлүк коэффициент күрөөнүн баасы келечекте түшүүсү мүмкүндүгүн эске алуу менен банк тарабынан бааланууга жана коюлууга тийиш экендиги белгиленген. Мындан тышкары, күрөөлүк коэффициент жана күрөөнүн ордун жабуу коэффициенти да күрөөнү сатылышына жараша өлчөмдө белгилениши зарыл. 

Азыркы учурда ФКУ күрөөлүк коэффициентти өз алдынча белгилейт, анын өлчөмү күрөөнүн түрүнө, жайгашкан жерине, пайдаланууга берилген жылына жана башкаларга жараша белгиленет. Негизинен, анчалык рентабелдүү эмес күрөөлөр үчүн күрөөлүк коэффициент төмөн болот.  

ФКУдан алынган маалыматтарга ылайык (15 коммерциялык банктан жана 69 банк эмес финансы-кредит уюмдарынан келип түшкөн маалымат) күрөөлүк коэффициентинин мааниси (кредитти камсыздоого кабыл алынган күрөө предметинин рыноктук наркын төмөндөтүү) 0,3% дан 0,7% га чейин белгиленген, б.а. ФКУ күрөөсүнүн баасы төмөндөтүү коэффициенти менен 30%дан 70%га чейин бааланат. 

Ар бир ФКУда күрөөлүк коэффициенттин ар башка маанилери белгиленгендигин эске алуу менен, коэффициенттин максималдуу өлчөмүн аныктоо максатында, токтом долбоорунда ФКУ күрөөлүк коэффициентти белгилей ала турган талапты белгилөө сунушталууда, анын мааниси 50% дан төмөн болбоого тийиш. 

Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык, мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыз боюнча чегерилген үстөк айыптын (туумдун, айып пулдун) максималдуу суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпоого тийиш.  

Ушуга байланыштуу, азыркы учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, кредиттин колдонулган бүткүл мезгил ичинде чегерилген үстөк айыптын (айып пул, туум) максималдуу өлчөмү белгиленген, ал берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

Кредитти төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон ФКУ карыз алуучуларынын карыздык милдеттенмелерин азайтуу максатында, токтом долбоорунда мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыз боюнча чегерилген үстөк айыптын (туумдун, айып пулдун) өлчөмүн азайтуу маселелери камтылат, анын өлчөмү 20%дан 10%га чейин төмөндөйт. 

2-көйгөй 

Долбоордо сунушталган өзгөртүүлөр коммерциялык банктардын кредиттери боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө багытталган, алар Кыргыз Республикасында 2022-2025-жылдарга каралган банк системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча стратегиялык документтин максаттарын аткаруунун маанилүү аспекти болуп саналат. 

Кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө багытталган стратегия банк секторун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат. 

Кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо санариптик технологияларды пайдалануу себеп болгон. Санариптик технологияларды колдонуу аркылуу кредиттөө мүмкүнчүлүгү процессти бир кыйла тездетет, кредиторлордун жана карыз алуучулардын чыгымдарын кыскартат, бул өз кезегинде банктарга аралыктан берилген кредиттер боюнча чендерди төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. 

Мындан тышкары, пайыздык чендерди төмөндөтүүнүн маанилүү булагы болуп, банктардын капиталдык базасы боюнча ресурстары саналат. Улуттук банк тарабынан коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле банк системасынын финансылык туруктуулугун жана банктык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капиталдык базаны колдоо максатында этап-этабы менен коммерциялык банктардын капиталын көбөйтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө

3-көйгөй 

Долбоордо сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Улуттук банктын инспекторлорунун банктык көзөмөлдүктүн ар башка этаптарын жүргүзүү мөөнөттөрүнө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын так белгиленген ченемдерине таянуусуна багытталган, бул коммерциялык банктар үчүн да тактыкты камсыз кылат. 

4. Эл аралык тажрыйба 

Рыноктук мамилелер ФКУга тобокелдиктерди тескөөнүн натыйжалуу системасын түзүү зарылдыгын талап кылат, бул ар башка экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрдү так болжолдоонун үзгүлтүксүз аракеттеринен көрүнүп турат. Ушул өңүттөн алганда, күрөө жана анын наркы олуттуу ролду ойнойт, анткени алар кредиттөө процессинде банкта пайда болгон кредиттик тобокелдиктерди диверсификациялоонун жана хеджирлөөнүн эң ишенимдүү инструменттеринин бири. 

Дүйнөлүк тажрыйбада тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн, эреже катары, карыз алуучулардын карыздык милдеттенмелеринин көрсөткүчтөрүнө (ПДН) жана кредит боюнча карыздын күрөө наркына карата катышына («кредит/күрөө», LTV көрсөткүчү) негизделген жөнгө салуу колдонулат. Көптөгөн өлкөлөр бир эле учурда эки индикаторду колдонушат. 

Гонконгдо LTV көрсөткүчү 1991-жылдан, Сингапурда 1996-жылдан, Корея республикасында 2002-жылдан тартып чектелет. Бул өлкөлөрдө лимиттер консервативдик деңгээлде белгиленет (мисалы, Кореяда жана Гонконгдо, кредиттин айрым түрлөрү үчүн максималдуу LTV 30% гана түзөт) жана көбүнчө кредиттин мөөнөтүнө жараша, карыз алуучунун жашына, кыймылсыз мүлктү каттоо аймагына жана ал мүлктүн кандай экендигине жараша айырмаланат (экинчи жана кийинки кыймылсыз мүлктү сатып алган адамдар үчүн кыйла катаал деңгээлде чектелген). Израилде 2012-жылдан бери 70% деңгээли менен чектелген. Биринчи кыймылсыз мүлктү сатып алуу үчүн ипотека (LTV максималдуу өлчөмү 75%), ошондой эле мүлктү инвестициялык сатып алуу (LTV максималдуу өлчөмү 50%) өзгөчө учурларга кирет. Европа өлкөлөрүндө мурунтан эле LTV жогорку көрсөткүчү менен кредиттөөгө уруксат берилген (анын ичинде 100%дан жогору), тобокелдиктерди акырындык менен азайтуу үчүн карыздын минималдуу амортизациясына карата талаптар колдонулат (карыздын негизги бөлүгүн пайыздар менен бирге төлөө). 

Швецияда LTV чектөөсү 2010-жылдан бери колдонулат, ал эми 2017-жылдын май айынан бери 85% деңгээлинде белгиленген. 10 жылдан бери жаңы ипотека кредиттерин амортизациялоо талабы да каралган. LTV көрсөткүчүнүн деңгээлине жараша, жаңы кредиттин жалпы суммасы жыл сайын кредиттин суммасынан кеминде 1% же 2% барабар суммага амортизацияланууга тийиш. Норвегияда LTV көрсөткүчүнүн максималдуу коэффициенти 85%ды түзөт (жана Ослодогу экинчи турак жай үчүн 60% дан ашык эмес), 60%дан жогору болгон ипотека жылына 2,5%дан кем эмес амортизацияланууга тийиш. Словакия, Чехия жана Жаңы Зеландия белгилүү өлчөмдөгү LTV менен берилген кредиттердин көлөмүн чектейт. Словакияда 90% деңгээлинде максималдуу LTV менен жаңыдан берилген кредиттердин үлүшү 80ден 90% га чейин этап-этабы менен азайтылат. 2018-жылдын III чейрегинен тартып банктын мындай кредиттерди берүү үлүшү 35%дан ашпоого тийиш, 2019-жылдын 1-июлунан тартып - 20%. Чехияда LTV көрсөткүчүнүн максималдуу жол берилген өлчөмү 2017-жылдын 1-апрелинен тартып 90%ды түзөт, мында LTV менен 80-90% өлчөмүндөгү кредиттер берилген ипотекалык кредиттердин жалпы көлөмүнүн 15%ынан көп эмес болушу мүмкүн. Жаңы Зеландияда 80% дан ашык көрсөткүч менен жаңыдан берилген ипотекалык кредиттердин жол берилген максималдуу үлүшү 15%ды түзөт (2018-ж. 1-январына чейин - 10%). 

Казакстан Республикасы 

Казакстан Республикасынын Жарандык кодексинин талаптарына ылайык, ипотека, заклад, укук күрөөсү (Казакстан Республикасынын Жарандык кодексинин 303-беренеси) күрөөнүн негизги түрлөрү болуп саналат. Мында, күрөөнүн түрлөрү катары жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсү (КР Жарандык кодексинин 1-беренесинин 327-пункту) жана бекем күрөө (2-берене 303-пункт) да бар. 

Казакстан Республикасынын Жарандык кодексинин 307-беренесине ылайык, Күрөө жөнүндө келишимде күрөө предмети жана анын баасы, күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин маңызы, өлчөмү жана аткаруу мөөнөтү милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Эреже катары, баалоо банктын тандоосу боюнча жеке көз карандысыз баалоо уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алууда баалоо сот аткаруучулардын талабы боюнча, ал эми соттон тышкаркы тартипте тоорукту уюштуруучунун демилгеси боюнча соттук сатууда көз карандысыз баалоочу уюмдар тарабынан да жүргүзүлөт. 

Казакстан Республикасынын «Казакстан Республикасындагы баалоо иши жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Казакстан Республикасынын мыйзам актыларына ылайык милдеттүү баалоо төмөнкүлөр үчүн жүргүзүлөт: 

1) Казакстан Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык мүлккө салык салуу; 

2) мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, ишенимдүү башкарууга же болбосо ижарага (кийин сатып алуу менен ижарага) берүү

Ушул пунктчанын нормалары Казакстан Республикасынын Улуттук банкына бекитилип берилген мүлктү Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын туунду уюмдарына ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү же ижарага берүү учурларына жайылтылбайт; 

3) ипотекалык кредиттөө: ипотекалык кредит берүүдө, ошондой эле күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүү зарыл болгондо; 

4) мамлекеттик муктаждыктар үчүн мүлктү сатып алуу жана алып коюу; 

5) карызгер же өндүрүп алуучу сот аткаруучу тарабынан жүргүзүлгөн баалоого каршы болгондо, карызгердин мүлкүнүн наркын аныктоо; 

6) мамлекеттик менчикке түшкөн мүлктүн наркын аныктоо; 

7) Казакстан Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда. 

Казакстан Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы №188 токтому менен бекитилген Экинчи деңгээлдеги банктар, резидент эмес банктардын филиалдары үчүн тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдоо системасын түзүү эрежелеринде (мындан ары - Эрежелер) кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар белгиленген. 

Эреженин 20-пунктунда банкта күрөө кызматынын функциясын аткаруучу бөлүмдү милдеттүү түрдө түзүү талабы белгиленген. 

Эреженин 42-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, кредиттик тобокелдикти тескөө системасынын алкагында банк күрөөлүк камсыздоого карата төмөнкүлөрдү аныктаган ички тартипти иштеп чыгууга тийиш: 

1) банктын айрым продукттары, анын ичинде карыз алуучуну кредиттөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн күрөөнүн түрлөрү жана алардын алгылыктуулугунун критерийлери; 

2) күрөөнүн түрүнө жана банк продуктусунун түрүнө жараша күрөөнүн түзүмүнө карата талаптар; 

3) банктын продуктуларынын түрүнө жана кредит портфелинин түзүмүнө жараша күрөөнүн түрлөрү боюнча лимиттер; 

4) ликвиддүү жана жогорку ликвиддүү күрөөнү аныктоо; 

5) камсыздоонун жалпы түзүмүндөгү ликвиддүү күрөөнүн үлүшү, зайымдын суммасынын күрөөнүн наркына карата катышын мүнөздөөчү коэффициент (баалоочу жана күрөө кызматынын бөлүмүнүн кызматкерлеринин күрөөнү баалоосунун эң төмөнкү наркы (экөө тең болсо) же болбосо болгон баа); 

6) камсыздоонун жалпы түзүмүндөгү жогорку ликвиддүү күрөөнүн үлүшү, зайымдын суммасынын күрөөнүн наркына карата катышын мүнөздөөчү коэффициент (баалоочу жана күрөө кызматынын бөлүмүнүн кызматкерлеринин күрөөнү баалоосунун эң төмөнкү наркы (экөө тең болсо)же болбосо болгон баа); 

7) күрөөнү кабыл алуунун жана зайым берүүнүн алкагында күрөөнү карап чыгууну жүргүзүүгө карата талаптар; 

8) күрөөнүн түрүнө жараша талаптарды белгилөө менен күрөөлүк камсыздоого мониторинг жүргүзүү жана аны менен иштөө тартиби; 

9) күрөөлүк мүлктү кайра баалоого карата талаптар; 

10) күрөөлөрдүн юридикалык күчүн камсыз кылуучу жол-жоболор, анын ичинде күрөөнүн түрүнө жана банктын продуктусунун түрүнө жараша күрөөнү каттоого карата талаптар; 

11) күрөөлүк камсыздоонун ар башка параметрлерине жана ликвиддүүлүгүнө жараша баалоочу тарабынан аныкталган күрөөнүн наркына карата дисконтторду белгилөө

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тартып Казакстан Республикасынын финансы-кредит уюмдары Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (IFRS) «Финансылык инструменттер» деп аталган 9-стандартына ылайык, тобокелдиктерди, баалап жаткандыгын (мындан ары ФОЭСтин 9-стандарты) белгилеп кетүү зарыл. Бул финансылык инструменттердин баасынын түшүүсүнүн - күтүлүп жаткан кредиттик чыгымдардын жаңы модели. ФОЭСтин 9-стандартына ылайык, финансылык инструмент боюнча баанын түшүүсү баштапкы таанууда эсепке алынат жана аны баланстан чыгарганга чейин таанылат. Кредиттик чыгымдарды пландаштыруунун бул модели финансылык инструменттер боюнча кредиттик тобокелдикке көз салуу жана аныктоо болуп саналат, ошондуктан ФКУнун ыкмаларына баа берүүлөрдү, божомолдорду аныктоону талап кылат. Күтүлүп жаткан кредиттик чыгымдардын модели амортизацияланган нарк боюнча баалануучу жана башка жыйынды кирешелер аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык инструменттерге, башкача айтканда, пайыздык киреше алып келүүчү активдерге карата колдонулат. 

Россия Федерациясы: 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 23-главасы күрөө, күрөө коюучу жана күрөө кармоочу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу негизги талаптарды жана ченемдерди аныктайт. 

Россия Федерациясынын Граждандык кодексин 340-беренесине ылайык, күрөө предметинин наркы мыйзамда башкача каралбаса, тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат. 

Эгерде мыйзамда же келишимде башкача белгиленбесе, күрөө келишими түзүлгөндөн кийин күрөө предметинин рыноктук наркынын өзгөрүшү же мыйзамга ылайык күрөө келип чыгышы күрөөнү өзгөртүү же токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт. Жарандын керектөөчү же ипотекалык кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенмесин камсыз кылган күрөө предметинин рыноктук наркынын андан ары төмөндөшүнө, күрөөнү башка мүлккө жайылтууга, кредитти мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүгө же күрөө берүүчү үчүн жагымсыз башка кесепеттерге байланыштуу келишим шарттары жокко эсе. 

Эгерде мыйзамда, тараптардын макулдашуусунда же күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алуу жөнүндө соттун чечиминде башкача белгиленбесе, күрөө предметинин тараптар менен макулдашылган наркы (баштапкы сатуу баасы) күрөөнүн эсебинен өндүрүп алууда, күрөөнү сатуу баасы деп таанылат. 

Россия Федерациясынын «Күрөө жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, күрөө предмети Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык күрөө коюучу тарабынан ээлигинен ажыратылышы мүмкүн болгон кайсы болбосун мүлк болушу мүмкүн. 

Эгерде мыйзамда же келишимде башкача белгиленбесе, буюмдарга карата күрөө укугунда аларга тиешелүү буюмдар жана анын ажырагыс бөлүктөрү камтылат. Буюмга карата күрөө укугунда мыйзамда же келишимде каралган учурларда, чекте жана тартипте гана бөлүнүүчү бөлүктөрү камтылышы мүмкүн.  

Келишимде же мыйзамда күрөөнү келечекте күрөө коюучу сатып ала турган буюмдарга жайылтуу каралышы мүмкүн. 

Россия Федерациясынын «Россия Федерациясындагы баалоо иши жөнүндө» Федералдык мыйзамынын 4-беренесине ылайык (Мындан ары - Мыйзам), баалоо ишинин субъекттери деп баалоочулардын өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарынын биринин мүчөсү болуп саналган жана Мыйзам талаптарына ылайык өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырган жеке жактар таанылат (мындан ары-баалоочулар). 

Баалоочу баалоо ишин жеке практикада жүргүзүү менен өз алдынча, ошондой эле баалоочу менен юридикалык жактын ортосундагы эмгек келишиминин негизинде жүргүзө алат, алар Мыйзамдын 15.1-беренесинде белгиленген шарттарга жооп бериши зарыл. 

Мыйзамдын 24.13-беренесине ылайык, мамлекеттик кадастрдык баалоо кыймылсыз мүлктүн мамлекеттик кадастрында эсепке алынган кыймылсыз мүлк объекттерине карата жүргүзүлөт. 

Россия Банкынын 2015-жылдын 6-августундагы № 483-П «Ички рейтингдердин негизинде кредиттик тобокелдиктин өлчөмүн эсептөө тартиби жөнүндө» жобосу (мындан ары-Жобо), тобокелдиктерди, анын ичинде кредиттик тобокелдикти тескөө системасына карата талаптарды белгилейт. 

Жобонун 16.10-пунктуна ылайык, кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу түрүндө алынган камсыздоо учурдагы адилет наркы боюнча бааланат. Күрөө катары алынган кыймылсыз мүлктүн учурдагы адилет наркы банктын ички эсебинде чагылдырылууга тийиш. 

Мында Жобонун 16.13-пунктуна ылайык, ички рейтингдердин негизиндеги ыкма боюнча таанылуучу кошумча камсыздоо төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн маанилерди эске алуу менен дефолтто жоготуулардын деңгээлинин көрсөткүчүнүн маанисин эсептөөдө эске алынат. 

Камсыздоонун түрү 

Дефолт учурундагы жоготуу деңгээлинин минималдуу мааниси, % 

Минималдуу талап кылынган камсыздоо деңгээли (С*), % 

Ашыкча камсыздоонун талап кылынган деңгээли 

Дебитордук карыз 

35 

125 

Турак эмес фонддун турак жайлары жана кыймылсыз мүлк объекттери 

35 

30 

140 

Камсыздоонун башка түрлөрү 

40 

30 

140 

Беларусь Республикасы 

Беларусь Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 29-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген «Кредит түрүндө акча каражаттарын берүү жана аларды кайтаруу (төлөө) тартиби жөнүндө» нускоо (мындан ары- Нускоо). 

Бул Нускоодо кредиттөө шарттары чагылдырылган форма бекитилген, мисалы: 

1) кредиттин суммасы (кредиттин жалпы суммасынын максималдуу өлчөмү (лимити) жана (же) кредит боюнча бир жолку карыздын чектүү өлчөмү), валюта; 

2) кредитти берүү жана кайтаруу (төлөө) ыкмаларын кошо алганда, кредитти берүү мөөнөтү жана тартиби (кредиттик келишим боюнча төлөмдөрдүн саны, өлчөмү жана мезгил аралыгы (мөөнөттөрү) же бул төлөмдөрдү аныктоо тартиби); 

3) кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздардын өлчөмү, алардын өлчөмүн аныктоо тартиби; 

4) кредитти мөөнөтүнөн мурда кайтаруу (төлөө) мүмкүнчүлүгү жана шарттары; 

5) кредитти кайтарып берүүөлөө) ыкмалары, анын ичинде кредит алуучунун кредиттик келишим боюнча сый акы албастан төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу ыкмасы; 

6) арыз ээсинин (кредит алуучунун) башка келишимдерди түзүү милдети; 

7) кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу ыкмалары жана мындай камсыздоого карата милдеттүү талаптар; 

8) кредит пайдаланылышы мүмкүн болгон максаттар; 

9) кредиттик келишимдин шарттарын аткарбагандыгы (талаптагыдай аткарбагандыгы) үчүн кредит алуучунун жоопкерчилиги, үстөк айыптын (айып пул, туум) өлчөмү же аларды аныктоо тартиби; 

10) банк жана (же) үчүнчү жактар тарабынан кредиттик келишимде каралган кошумча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы, ошондой эле арыз берүүчүнүн (кредит алуучунун) мындай кызмат көрсөтүүлөрдү алууга макулдугу; 

11) кредит берүүнүн жана кайтаруунун (төлөөнүн), ошондой эле аны пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөөнүн башка шарттары. 

Пайыздык чендерди төмөндөтүү маселелери боюнча эл аралык тажрыйба 

Өзбекстан Республикасы 

Өзбекстан Республикасынын «Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкы жөнүндө» мыйзамынын 61-беренесине ылайык, Борбордук банк көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн банктар жана микрофинансылык уюмдар тарабынан берилген керектөө кредиттери жана микрокарыз, ошондой эле ломбарддар тарабынан берилген микрокарыздар боюнча пайыздык чендердин жана төлөмдөрдүн чектүү маанилерин белгилөөгө укуктуу. 

Өзбекстан Республикасынын Борбордук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-сентябрындагы № 24/5 токтому менен «Карыз алуучу-жеке адамдардын карыздык милдеттенмелерин жөнгө салуу жөнүндө» жобо (мындан ары - Жобо) бекитилген. Жободо карыздык милдеттенмелерди эсептөө тартиби, карыздык милдеттенмелердин жол берилген мааниси, ошондой эле карыз алуучу-жеке адамдарга микрокарыздарды берүүдө кредиттер жана микрокарыздар боюнча максималдуу күнүмдүк пайыздык чен аныкталат. 

Жободо «карыздык милдеттенмелер көрсөткүчү» түшүнүгү камтылат, бул карыз алуучунун кредиттер жана/же микрокарыздары боюнча орточо айлык төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн анын орточо айлык кирешесинин өлчөмүнө карата катышы дегенди түшүндүрөт. Карыздык милдеттенмелер көрсөткүчү ар бир карыз алуучу боюнча өз-өзүнчө эсептелет. 

Карыз берүүчү микрокарыз бөлүп берүү учурунда жеке адамдын карыздык милдеттенмелернин көрсөткүчү 50 пайыздан ашпоого тийиш. 

Карыз берүүчү тарабынан жеке адамдарга бөлүнгөн кредит же микрокарыз боюнча пайыздык төлөмдөрдүн, ошондой эле башка төлөмдөрдүн суммасы (негизги карызды төлөөнү, келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн колдонулуучу жоопкерчилик чараларын кошпогондо) кредит же микрокарыз боюнча негизги карыздын калдыгына карата катыш боюнча күндөлүк 0,3 пайыздан ашпоого тийиш. 

Россия Федерациясы 

Россия Федерациясынын 2013-жылдын 21-декабрындагы № 353-Ф «Керектөө кредити (зайым) жөнүндө» федералдык мыйзамынын (мындан ары - «Керектөө кредити (зайым) жөнүндө» мыйзам) 5-беренесинин 23-бөлүгүнө ылайык, керектөө кредити (зайым) келишими боюнча пайыздык чен күнүнө 1 пайыздан ашпоого тийиш экендиги белгиленген. Бул чара 2019-жылдын 1-июлунан тартып колдонулууда. 

Пайыздык чен керектөө кредити жөнүндө келишим боюнча туруктуу жана өзгөрмө катары аныкталат. Өзгөрмө пайыздык ченди эсептөө тартибинде өзгөрмө сумма камтылууга тийиш. Өзгөрмө чоңдуктун мааниси кредитордон жана ал менен аффилирленген жактардан, ошондой эле карыз алуучудан көз каранды болбогон жагдайларга жараша аныкталууга тийиш. Өзгөрмө чоңдуктун маанилери жалпыга жеткиликтүү маалымат булактарында дайыма жайгаштырылып турушу керек. 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

5. Жөнгө салуунун максаты 

5.1. Өзгөртүүлөр ФКУлар тарабынан натыйжалуу кредиттөө жана кредиттин реалдуу өлчөмүн аныктоо үчүн күрөө коэффициентинин бирдиктүү минималдуу маанисин белгилөө максатында сунушталууда. Мындан тышкары, долбоор күрөө коюучулардын укуктарын коргоо жана карыз алуучулардын эсептелген үстөк айып (туумдар, айып пулдар) боюнча карыздык милдеттенмелер деңгээлин төмөндөтүү максатында иштелип чыгууда. 

Токтом долбоорунда ошондой эле, банктар капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттерин эсептөөдө кредиттик тобокелдик деңгээлин аныктоо механизмдерин пайдалануу менен кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө, ошондой эле банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда ченемдик укуктук актылардын талаптарын актуалдаштырууга багытталган өзгөртүүлөр каралган. 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунушталган жөнгө салуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына күрөөлүк коэффиценттин бирдиктүү минималдуу өлчөмүн белгилөө, үстөк айыптардын (туумдардын, айып пулдардын) максималдуу өлчөмүн азайтуу, күрөө коюучулардын укуктарын коргоо боюнча ченемдерди белгилөө, ошондой эле коммерциялык банктардын кредиттери боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин гарантиясы/кепилдиги алдында берилген кредиттер боюнча резервдердин минималдуу өлчөмүн түзүү, ошондой эле текшерүү тобунун жетекчисинин банктын жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушууну өткөрүү мезгилин так белгилөө сунушталууда. 

7. Жөнгө салуунун болжолдуу социалдык жана экономикалык натыйжаларын баалоо 

7.1. Жөнгө салуунун бул түрүнөн күтүлүп жаткан натыйжа кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу алдында кредиттерди берүүнүн өлчөмдөрүн көбөйтүүгө багытталган, ал боюнча күрөө коэффициенти 50% га чейин азайтылышы мүмкүн, ошондой эле карыз алуучулардын үстөк айыптарды (туумдарды, айып пулдарды) чегерүү бөлүгүндөгү карыздык милдеттенмелерди азайтууга багытталган. 

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүп жаткан таасири: 

1) экономикага таасири: токтом долбоору кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу алдында берилген кредиттердин өлчөмүн көбөйтүүгө багытталган, алар боюнча күрөө коэффициенти Улуттук банктын ченемдик укуктук актысында белгиленет, ошондой эле үстөк айыптарды (туумдарды, айып пулдарды) чегерүүнүн максималдуу өлчөмүн азайтууга багытталган. 

Мындан тышкары, токтом долбоорунда Министрлер Кабинетинин гарантиясы/кепилдиги алдында берилген кредиттер боюнча резервдерди түзүү боюнча айрым талаптар каралган. Ушуга байланыштуу сунушталган жөнгө салуу ишкердик субъекттерине жана бүтүндөй экономикага оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө

2) социалдык чөйрөгө таасири: минималдуу күрөө коэффициентин белгилөө жана үстөк айыптарды (туумдар, айып пулдар) чегерүүнүн максималдуу чегин төмөндөтүү кредиттерди алууга шарттарды түзөт жана карыз алуучулардын үстөк айыптарды (туумдар, айып пулдар) төлөө боюнча чыгашасын азайтат. 

Соодага жана коммерциялык операцияларга берилген кредиттер, ошондой эле улуттук валютадагы керектөө кредиттери боюнча пайыздык чендердин төмөндөшү калктын банк секторуна ишенимин жогорулатууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө

7.3. Кызыкдар тараптардын негизги топтору жөнгө салуу адресаттарына карата күтүлүп жаткан таасир: коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдар Улуттук банк тарабынан сунушталган талаптарга ылайык, сунуш кылынган маанини эске алуу менен күрөө коэффициентинин маанисин белгилей алышат, бирок үстөк айыптарды (туумдарды, айып пулдарды) кошуп эсептөөдө жана кармап калууда өлчөмүн эки эсеге азайтышат. 

Мындан тышкары, коммерциялык банктар бардык тобокелдиктерди эске алуу менен Министрлер Кабинетинин гарантиясы/кепилдиги алдында берилген кредиттер боюнча Улуттук банк тарабынан сунушталган талаптарга ылайык резерв түзүшөт. 

Токтом долбоору боюнча кредиттерге тиешелүү пайыздык чендерди төмөндөтүү жагында алдын ала эсептөөлөр жана сунушталган өзгөртүүлөрдү талдоо жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге улуттук валютада берилген кредиттер боюнча максималдуу номиналдык жылдык пайыздык чендин төмөндөшү айрым банктардын суммардык капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициентинин (К2.1) маанисинин төмөндөшүнө таасирин тийгизе тургандыгын көрсөттү

Соода жана коммерциялык операцияларга кредиттер боюнча кредиттик тобокелдик деңгээлинин 50% га чейин төмөндөшү, ошондой эле 18% дан ашпаган чен боюнча берилген улуттук валютадагы керектөө кредиттери, тескерисинче, банктардын К2.1 ченеминин жогорулашына алып келет. 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү кредиттерди классификациялоо маселелери боюнча талаптарды өркүндөтүүгө, кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен берилген кредиттердин өлчөмүн көбөйтүүгө, ошондой эле карыз алуучулардын чыгымдарын азайтууга багытталган. Сунушталган өзгөртүүлөр кыймылсыз мүлккө баа берүү жана күрөөлүк камсыздоо алдында кредиттин максималдуу жеткиликтүү өлчөмүн алуу үчүн тобокелдиктерди эске алуу менен мүлктүн баасынын наркын төмөндөтүү жагында ФКУга карата ишенимди бекемдөө боюнча талаптарды өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле өзгөртүүлөр карыз алуучулардын чыгымдарын кыскартууга жана кредиттик келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн үстөк айыпты чегерүү аркылуу карыздык милдеттенменин көбөйбөшүнө мүмкүндүк берет. 

Токтом долбоору боюнча кредиттерге тиешелүү пайыздык чендерди төмөндөтүү жагында сунушталган өзгөртүүлөр айрым банктардын суммардык капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициентинин (К2.1) маанисин төмөндөтүүгө таасирин тийгизиши мүмкүн. 

Мында сунушталган өзгөртүүлөр жаңыдан берилген кредиттерге гана таркатылат. Ушуга байланыштуу өзгөрүүлөрдүн таасири 1-1,5 жылдан кийин гана байкалат. 

Ошону менен бирге Улуттук банк банктарга убакыт берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү менен секторго сунушталган өзгөртүүлөргө оңой ыңгайлашууга мүмкүндүк берет. 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу атаандаштыкка түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени долбоордо айрым чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн белгилүү бир жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес. 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү үчүн жумушчу топтун мүчөлөрүнө ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуудан өтүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу, токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылат.  

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде токтом долбоорун кабыл алуу сунушталат, анткени анда карыз алуучулардын карыздык милдеттенмелерин азайтуу жана жеткиликтүү өлчөмдө кредит алуу шарттарын түзүү чаралары каралган, ошондой эле күрөө коюучулардын укуктарын коргоо шарттарын түзөт. Коммерциялык банктар кредиттик тобокелдикти минималдаштыруу максатында, тобокелдиктерге өздүк баа берүүсүнө жараша, кредиттөө объекттерин жана кредит берүү максаттарын эске алуу менен, Министрлер Кабинетинин гарантиясы/кепилдиги менен камсыздалган кредиттери боюнча резерв түзүшү мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек. 

Мындан тышкары, токтом долбоору кабыл алуу үчүн сунушталууда, анткени коммерциялык банктардын кредиттери боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү жагында чаралар каралган, бул калктын банктарга болгон ишенимин жогорулатууга өбөлгө түзөт. 

12. Тиркеме: жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.