Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

4-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы «2024-жылдын 1-январынан» деген сөздөр «2024-жылдын 1-июлунан» дегенге алмаштырылсын. 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин  

3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк (мындан ары Улуттук банк) Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин жана айрым коммерциялык банктардын кайрылууларына байланыштуу, ошондой эле банктардын финансылык туруктуулугун колдоо жана операциялык ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 

Токтомдун долбоору коммерциялык банктардын тобокелдиктерди тескөө инструменттерин баланстоо үчүн капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) айрым коэффициенттеринин маанисин сактоо мөөнөттөрүн өзгөртүүгө багытталган.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Эл аралык тажрыйбага жана Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарына ылайык, жөнгө салуучу юрисдикциянын банк тутумундагы системалык тобокелдикти төмөндөтүү максатында системалуу мааниге ээ банктар үчүн кошумча талаптарды белгилей алат. Системалык тобокелдиктин алдын алуунун эң кеңири колдонулган инструменттери болуп системалуу мааниге ээ банктардын капиталына болгон талаптардын жогорулашы, анын ичинде буферлер жана үстөктөр саналат. 

Улуттук банк тарабынан 2021-жылы системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн банк системасынын туруктуулугун жогорулатуу жана банктардын капиталдык базасын чыңдоо максатында этап-этабы менен көбөйүү жагына суммардык капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициентинин (К2.1) мааниси кайра каралган. 

Ошентип, Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык системалуу мааниге ээ коммерциялык банктардын суммардык капиталдын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициентинин (К2.1) мааниси 14%дан кем эмес өлчөмдө сактоо мөөнөтү 2024-жылдын 1-январынан тартып белгиленген. 

Бүгүнкү күндө системалуу мааниге ээ банктардын таза суммардык капиталы  

60,3 млрд сомду же 55,7%ды түзөт. Тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып алынган баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин (мындан ары ЧРА) суммасы 215,1 млрд сомду же 56,2%ды түзөт. ЧРА операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн резервге коюлган капитал өлчөмүн эске алганда 240,5 млрд сомду же 55,7%ды түзөт. Суммардык капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициентинин (К2.1) мааниси 25,1% ды түзөт. 

Ошону менен бирге, токтом долбоору «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин жана айрым коммерциялык банктардын кайрылуусуна байланыштуу, финансы рыногунда сакталып калган белгисиздикти, ошондой эле банктардын уставдык жана өздүк (регулятивдик) капиталдарынын минималдуу өлчөмүн сактоо жана жаңы регулятивдик банктык отчеттуулукка өтүү маселелери боюнча коммерциялык банктар үчүн Улуттук банк тарабынан киргизилген жаңы талаптарды эске алуу менен, банктар өздөрүнүн негизги функцияларын аткарбай калуу тобокелдиктерин жана жагымсыз кесепеттерди минималдаштыруу максатында даярдалган. 

Токтомдун долбоору менен системалуу мааниге ээ коммерциялык банктардын К2.1 коэффициентинин мааниси сактоо мөөнөтүн кайра карап чыгуу сунушталууда. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо. 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгы козголгон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат  

Сунушталган токтом долбооруна карата жөнгө салуу таасирин талдоо жүргүзүлгөн эмес, анткени токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын колдонуудагы талаптарын жеңилдетүүгө багытталган.