Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары-Улуттук банк) 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары - токтом долбоору) жеке ишкер катары ишкердик менен алектенген банк кардарларын - Кыргыз Республикасынын жарандарын аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы №2020-П-12/27-1-(НПА) токтому менен Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби бекитилген (мындан ары Тартип). Ушул Тартиптин алкагында коммерциялык банктарга видеобайланыш жана башка байланыш каналдары аркылуу кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүгү берилген, ал эми банктардын мурунку же жаңы кардарларында банктардын кызматтарынан аралыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду. 

Тартипте аралыктан идентификациялоого жана верификациялоого мүмкүн болгон кардарлар дегенден улам, жеке адамдарды- Кыргыз Республикасынын жарандарын жана жеке ишкер катары ишкердик менен алектенген Кыргыз Республикасынын жарандарын түшүнүүгө болот. 

Бирок, учурда кардарларды - жеке ишкерлерди аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында тийиштүү онлайн кызматтары жок болгондуктан, банктар тарабынан жүргүзүлбөйт, бул банктардын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык кардарларды тийиштүү текшерүүлөрүнө мүмкүнчүлүк бербейт. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана санариптик документтерди колдонуу боюнча мыйзам чегинде өзгөртүүлөр жагында демилгелерин, ошондой эле мамлекеттик системалардын финансы институттары үчүн тиешелүү кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, Тартипти мамлекеттик маалымат системалары аркылуу жеке ишкерлерди аралыктан идентификациялоо жана верификациялоонун өзүнчө шарты менен толуктоо сунушталууда, бул өз кезегинде аралыктан идентификациядан жана верификациядан өткөн кардарларга - жеке ишкерлерге электрондук капчыктын жана чектелген функционалдык банк эсебинин максималдуу балансына өзүнчө лимит белгилөө мүмкүнчүлүгүн берет. 

Жеке ишкерлер үчүн өзүнчө лимит белгилөө маселесин кароонун алкагында: 

- электрондук капчык үчүн - 1 000 000 сом, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын эске алуу менен; 

- чектелген функционалдык банк эсеби үчүн - 8 000 000 сом, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин талаптарына ылайык, мында калкка товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү саткан жеке ишкер үчүн салыктын 0 пайыздык чени белгиленген, мында пайданын өлчөмү акыркы 12 айда 8 000 000 сомдон ашпоого тийиш. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга тийиш. 

Токтом долбоору боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий сайтына жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттердин ишине жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык талдоо жүргүзүлгөн.  

Долбоор  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.  

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгын жана Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын «____» __________ 

№___________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна  

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинин: 

- 5-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5-1. Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн программалык камсыздоону колдонууда банк Тартиптин талаптарына ылайык, программалык камсыздоонун толук сыпаттамасы жана кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо методдору менен тиешелүү билдирүүнү, ошондой эле террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин анализдөө боюнча директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички документти Улуттук банктын дарегине жөнөтүүгө милдеттүү.»; 

- төмөнкү редакциядагы 4-1 -глава менен толукталсын: 

«4-1-глава. Кардарларды -жеке ишкерлерди аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо 

34-1. Ишкердик иш менен алектенген кардарларды - Кыргыз Республикасынын жарандарын мамлекеттик маалымат системалары аркылуу жеке ишкер катары аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо видеобайланыш аркылуу идентификациялоого жана верификациялоого барабар. 

34-2. Ишкердик иш менен алектенген кардарларды- Кыргыз Республикасынын жарандарын жеке ишкер катары аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн максималдуу баланс ушул Жобонун 6-1-тиркемесине ылайык келүүгө тийиш.»; 

- кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибине карата 1-тиркеме төмөнкү редакциядагы 6-1-таблица менен толукталсын: 

«6-1-таблица. Кардарлар - жеке ишкерлер үчүн 12 айга максималдуу баланска чектөөлөр 

  

Электрондук капчык үчүн  

функционалдык банктык эсепке чектөөлөр үчүн 

Максималдуу баланс 

10 000 эсептик көрсөткүч 

80 000 эсептик көрсөткүч 

Кардардын 6-1-таблицада көрсөтүлгөн 12 ай ичиндеги жүгүртүү көрсөткүчтөрүнөн ашып кетишине кардарларды тийиштүү текшерүү жол-жобосу жүргүзүлгөн учурда гана уруксат берилет.». 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр» токтом долбооруна  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

 

№ 

Учурдагы редакция 

Жаңы сунушталган редакция 

1. 

5-1. Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн программалык камсыздоону колдонууда банк Тартиптин талаптарына ылайык, кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо методдорун жана программалык камсыздоонун толук сыпаттамасы менен Улуттук банкка тиешелүү билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү

5-1. Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн программалык камсыздоону колдонууда банк Тартиптин талаптарына ылайык, программалык камсыздоонун толук сыпаттамасы жана кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо методдору менен тиешелүү билдирүүнү, ошондой эле террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин анализдөө боюнча директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички документти Улуттук банктын дарегине жөнөтүүгө милдеттүү

2. 

4-1-глава. Кардарларды - жеке ишкерлерди аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо 

34-1. Ишкердик иш менен алектенген кардарларды - Кыргыз Республикасынын жарандарын мамлекеттик маалымат системалары аркылуу жеке ишкер катары аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо видеобайланыш аркылуу идентификациялоого жана верификациялоого барабар. 

3. 

34-2. Ишкердик иш менен алектенген кардарларды- Кыргыз Республикасынын жарандарын жеке ишкер катары аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн максималдуу баланс ушул Жобонун 6-1-тиркемесине ылайык келүүгө тийиш. 

4. 

6-1-таблица. Кардарлар - жеке ишкерлер үчүн 12 айга максималдуу баланска чектөөлөр 

  

Электрондук капчык үчүн  

функционалдык банктык эсепке чектөөлөр үчүн 

Максималдуу баланс 

10 000 эсептик көрсөткүч 

80 000 эсептик көрсөткүч 

Кардардын 6-1-таблицада көрсөтүлгөн 12 ай ичиндеги жүгүртүү көрсөткүчтөрүнөн ашып кетишине кардарларды тийиштүү текшерүү жол-жобосу жүргүзүлгөн учурда гана уруксат берилет.