Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоору (мындан ары долбоор) төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнүн алкагында Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптарды конкреттештирүү максатында иштелип чыккан. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоору учурда жыйынтыкталган өз ара эсептешүүлөргө кепилдик берүү үчүн кайра карап чыгуу жана тактоо сунушталган Эсептешүү банкына карата талаптарды, эсептешүү банкынын функцияларын жана милдеттерин өркүндөтүүгө багытталган. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 40-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Улуттук банк ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын учурдагы ишине кийлигишпейт, төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн эсептешүү банкын тандоо маселеси төлөм системасынын операторлору /төлөм уюмдары үчүн жеткиликтүү критерийлердин негизинде болууга тийиш. Ошентип, төлөм системасынын операторлору / төлөм уюмдары үчүн жеткиликтүү болбогон критерийлерди алып салуу сунушталат. 

Эсептешүү банкы төлөм системалары ортосунда акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыздап жатып, төлөм системасына катышуучу банктардын жыйынтык суммалары боюнча гана өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзө тургандыгын, мында транзакциялардын элементтери боюнча маалыматка төлөм системасынын катышуучу банкы ээ боло тургандыгын эске алганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы №2023-П-14/21-2-(ПС) токтому менен бекитилген колдонуудагы «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 10-пунктун конкреттештирүү талап кылынат.  

Ушуга байланыштуу токтом долбоору менен Жобого толуктоо киргизүү сунушталат, ага ылайык Кыргыз Республикасынын резиденттери төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары, ошондой эле локалдык/эл аралык төлөм системаларына туташкан коммерциялык банктар жүргүзүлүп жаткан төлөмдөрдүн саны жана көлөмү боюнча суткалык лимиттерди белгилөө аркылуу ишке ашырып жаткан операцияларынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келишине толук жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Мындан тышкары, Локалдык төлөм системасынын операторунун эрежелеринде/ Эсептешүү банкы менен Кыргыз Республикасынын резиденттери төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары, ошондой эле локалдык/эл аралык төлөм системаларына туташкан коммерциялык банктар ортосунда түзүлгөн келишимде операциялардын бардык түрлөрү боюнча, анын ичинде локалдык төлөм системасынын операторунун электрондук коммерция чөйрөсүндө чет өлкө валютасында жүргүзгөн операцияларынын саны жана көлөмү боюнча суткалык лимиттер жана жүргүзүлүп жаткан операциялардын мүнөзү жөнүндө маалыматтарды /билдирүүлөрдү Эсептешүү банкына берүү жөнүндө пункт каралууга тийиш деген талапты киргизүү сунушталат. Ошол эле учурда Эсептешүү банкы операциялардын бардык түрлөрү боюнча, анын ичинде локалдык төлөм системасынын операторунун электрондук коммерция чөйрөсүндө чет өлкө валютасында жүргүзгөн операцияларынын саны жана көлөмү боюнча суткалык лимиттерге талдоо жүргүзөт. Алынган маалыматтарды жана талдоолорду Эсептешүү банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жөнөтөт.  

Ошону менен бирге эле резервдик банктын зарылчылыгы жөнүндө ченемди тактоо сунушталат. Резервдик банкка карата талаптар Эсептешүү банкына коюлган талаптарга окшош болууга тийиш. Мында, өлкөгө жана төлөм системасынын кызматтарга болгон суроо-талапка жараша жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү өзгөрүлүп турушу мүмкүн экендигин эске алуу керек, ушуга байланыштуу төлөм системасынын оператору үчүн анча чоң эмес көлөмдө резервдик банкты издөө көйгөй жаратышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу маанилүү төлөм системасынын операторунда резервдик банкынын болушу боюнча сунуш берүүчү мүнөздөгү талапты белгилөө сунушталат. Мында маанилүү төлөм системасынын оператору ички ченемдик документтерде бир же эки резервдик банктардын болушу талап кылынган шарттарды өз алдынча аныктоого тийиш. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжалардын келип чыгышын болжолдоо  

Токтом долбоору социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга жана жөнгө салуучу таасири талдоодон өткөрүлүүгө тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат koomtalkuu.gov.kg). 

 

5.  Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келүүсүн талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

 

6.  Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат  

Токтом долбоорун кабыл алууда мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат бөлүү каралган эмес. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо тууралуу маалымат  

Токтом долбооруна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына» ылайык жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлдү

 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын.  

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев 

Башкарманын мүчөлөрү: М. Аттокуров 

М. Жакыпов  

У. Жамалидинов 

К. Куленбеков 

Р. Сейткасымова 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын “__” _________  

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Эсептешүү банктарынын төмөнкүлөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү гарантиялык жүргүзүүсү ушул Жобонун максаты болуп саналат:  

- төлөм уюмдары тарабынан кабыл алынган жана ири жана чекене төлөмдөр системалары боюнча үчүнчү жактардын пайдасына, ошондой эле жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүү банктары/бул эл аралык төлөм системаларынын борборлору менен жүргүзүлгөн эл аралык/локалдык төлөм системаларынын төлөмдөрү.»; 

- 3-пунктундагы «эл аралык төлөм системаларына» деген сөздөр «локалдык/эл аралык төлөм системаларына» дегенге алмаштырылсын; 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Эсептешүү банкы келишимдик мамилелерде каралган учурларда, системанын эрежелерине ылайык, өзүнүн корреспонденттик эсептер системасы аркылуу жана башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын эсептешүү банкы жана/ башка өлкөнүн же локалдык/эл аралык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө келишимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын аймагында башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын алкагында жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча кайсы гана валютада болбосун акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат.»; 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«9. Маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын операторуна эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында, негизги Эсептешүү банкынан тышкары, бир же эки резервдик Эсептешүү банкына ээ болуу сунушталат. Бир же эки резервдик Эсептешүү банкынын болушу боюнча критерийлерди маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын оператору маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын операторунун башкармасы тарабынан бекитилген ички ченемдик документтерде системанын үзгүлтүксүз иштеши үчүн тобокелдиктерге ички баа берүүдөн алып белгилөөгө тийиш. Тобокелдиктерди баалоо тобокелдик-менеджери (бар болсо) менен макулдашылууга жана башкаруунун байкоо органы (бар болсо) же башкаруунун жогорку органы (башкаруунун байкоо органы жок болгон учурда) менен бекитилүүгө тийиш. 

Төлөм системасынын катышуучусунун маанилүү төлөм системасындагы жана системалуу мааниге ээ төлөм системасындагы маанилүүлүк критерийи өзгөргөн учурда, төлөм системасынын катышуучусу Улуттук банктын маанилүүлүк критерийи тууралуу билдирүүсүн алган учурдан тартып 6 (алты) айдан кечиктирилбеген мөөнөттө бир же эки резервдик Эсептешүү банкынын болушу зарылдыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алууга тийиш. Резервдик эсептешүү банкына карата талаптар Эсептешүү банкына карата талаптарга окшош.»;  

-  10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Эсептешүү банкы келишимдик мамилелердин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылган башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын алкагында өз корреспонденттик эсептер системасы аркылуу кайсыл болбосун валютада төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөр системасынын эрежелерине ылайык жыйынтыктап жүргүзүлүшүн камсыздайт жана кепилдик берет жана башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын эсептешүү банкы жана/же башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын оператору жана/же локалдык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн эсептешүүлөрдү уюштуруу жөнүндө келишимдин негизинде башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын өз контрагентине/эсептешүү банкына карата ушул Жобонун 10-1-пунктунда каралган террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ПФТД/ЛПД) боюнча мыйзам талаптарын аткарат. 

Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн жактар, анын ичинде локалдык төлөм системасынын операторунун банк-катышуучулары жүргүзүлүп жаткан бардык операциялардын түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү үчүн толугу менен жоопкерчилик тартат, локалдык төлөм системасынын операторунун чет өлкө валютасында, анын ичинде электрондук коммерция чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан төлөмдөрүнүн саны жана көлөмү боюнча бир суткага лимиттерди белгилейт.»; 

- төмөнкү мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын: 

«10-1. Локалдык төлөм системасынын операторунун эрежелеринде/эсептешүү банкы менен ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн жактар ортосунда түзүлгөн келишимде операциялардын бардык түрлөрү боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны жана көлөмү, анын ичинде локалдык төлөм системасынын операторунун электрондук коммерция чөйрөсүндө чет өлкө валютасында жүргүзгөн операцияларынын саны жана көлөмү боюнча суткалык лимиттер жана ишке ашырылып жаткан операциялардын мүнөзү жөнүндө маалыматтарды/билдирүүлөрдү Эсептешүү банкына берүү жөнүндө пункт каралууга тийиш. 

Эсептешүү банкы операциялардын бардык түрлөрү боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны жана көлөмү, анын ичинде локалдык төлөм системасынын операторунун электрондук коммерция чөйрөсүндө чет өлкө валютасында жүргүзгөн операцияларынын саны жана көлөмү боюнча суткалык лимиттерге талдоо жүргүзөт. Алынган маалыматтарды жана талдоолорду Эсептешүү банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жөнөтөт.»; 

- төмөнкү мазмундагы 11-1-пункт менен толукталсын: 

«11-1.  Локалдык төлөм системасынын оператору жана башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын оператору, алардын катышуучу банктары жана эсептешүү банктары ортосундагы ушул Жобо менен бекитилбеген бардык өз ара иш алып баруулар, алардын жоопкерчилиги, укуктары жана милдеттери локалдык төлөм системасынын жана башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын тиешелүү эрежелери, башка тиешелүү ички ченемдик документтери, ошондой эле алар ортосунда түзүлүүчү башка келишимдерде жана/же макулдашууларда белгиленет.»; 

-  13-пунктундагы: 

3-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

4-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

5-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

төмөнкү мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:  

«7) банк ишин жүзөгө ашыруу укугуна Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын лицензиясы ээ; 

8) Улуттук банк тарабынан бекитилген суммардык капиталдын жетиштүү (шайкештик) коэффициенти маанисин сактайт.»; 

- 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасы менен интеграцияланган локалдык төлөм ситемасынын операторунун эсептешүү банкы ушул Жобонун 13-пунктунда белгиленген талаптардан тышкары төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

1) Кыргыз Республикасынын рыногунда банк ишин кеминде 5 (жыл) жыл жүзөгө ашырып келет;  

2) Эсептешүү банкы болууну пландаштырган эл аралык төлөм системасынын тике катышуучусу болуп саналат жана/же анын алкагында башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системалары менен система аралык интеграция долбоору ишке ашырылган локалдык төлөм системасынын катышуучусу болуп саналат; 

3) Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасынын катышуучусу болуп саналат;  

4) эсептешүү банктары/локалдык операторлорунун агенттери/ башка өлкөлөрдүн эл аралык төлөм системалары (артыкчылык берилет) менен колдонуудагы корреспонденттик мамилелерге ээ;  

5) акыркы эки жыл үчүн эсепке алуунун жана отчеттуулуктун бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун белгиленген стандарттарына шайкештигин тастыктаган, тышкы аудитордун корутундусунун болушу.»; 

- 15-пунктунун: 

тогузунчу абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин

«Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган эл аралык/локалдык төлөм системаларынын төлөмдөрү боюнча келишимдердин/макулдашуулардын шарттарына ылайык кайсы валютада болбосун Эсептешүү банкы/эл аралык төлөм системасынын агенти менен өз ара эсептешүүнү ишке ашырат. Өз кезегинде төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун системаларынын эрежелерине ылайык төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун башка катышуучуларынан которулган каражаттар боюнча ГСРРВ аркылуу улуттук валютадагы эквивалентинде же Эсептешүү банкы менен локалдык төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун системасынын катышуучусунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде чет өлкө валютасында ордун жабууну алат;»; 

онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкынан Кыргыз Республикасынын аймагында ошол төлөм системасынын операциялары боюнча акча каражаттарын алат жана ошол системанын катышуучуларынын Улуттук банктагы корреспондентттик эсептерине тиешелүү суммалардын локалдык төлөм системасынын эрежелерине ылайык өз убагында ГСРРВ аркылуу чегерилишин камсыз кылат;»; 

- 16-пунктунун: 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«тарифтерди юридикалык жактарды эсептешүү-кассалык тейлөө боюнча банкта иштеп жаткан тарифтер ченинен жогорку эмес жана/же тараптар менен макулдашуу боюнча белгилөө»; 

сегизинчи абзацтагы «Жол-жобо» деген сөз «жол-жобо» дегенде алмаштырылсын; 

онунчу абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Локалдык/эл аралык төлөм системасы менен интеграцияланган, маанилүү төлөм системасынын же системалуу мааниге ээ төлөм системасынын Эсептешүү банкы ордун жабуу мөөнөтү кеминде 3 (үч) айды түзгөн (күрөөгө коюлган портфелди эске албаганда) мамлекеттик баалуу кагаздардын же Улуттук банктын баалуу кагаздар портфелин, же болбосо банктык гарантияны же төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмдарынын төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүсү үчүн башка инструментти төлөм системаларынын операторуна/төлөм уюмдарына гарантия катары, макулдашуу боюнча берүүгө тийиш.»;  

- 17-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Эсептешүү-кассалык тейлөө келишиминин шарттарынан тышкары, локалдык төлөм системасынын оператору менен Эсептешүү банкынын ортосунда түзүлгөн келишим, эң аз дегенде, төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:»; 

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам ченемдерине ылайык төлөмдөрдү четке кагуу шарттарын кошо алганда, эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө маалымат алмашуу тартиби;»; 

тогузунчу абзацындагы «тарифтер, комиссиялар» деген сөздөр «тарифтер/комиссиялар» дегенге алмаштырылсын; 

он биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«-келишим системанын эрежелери жана тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленген башка шарттарды камтышы мүмкүн.».  

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

  

  

БЕКИТЕМ 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын төрагасы  

  

 

________________________________ 

(кол тамгасы) 

  

  

2023-жылдын «_____» ____________ 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорунун 

жөнгө салуучу таасирин талдоо 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздеме: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдын 6-декабрындагы № 2023-Пр-141/251-О «Айрым ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу

 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

 

____________________ 

____________________ 

 

(башталышы) 

(аякташы) 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

А.З. Султаналиев, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги 

 

______________________ 

 

Жумушчу топтун мүчөлөрү

 

____________________ 

М.Ш. Акулуева, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги 

 

 

____________________ 

А.К. Джакубова, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси (жумушчу топтун катчысы) 

 

 

____________________ 

Н.Ч. Керимбекова, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  

 

 

____________________ 

Акылбек уулу Б., Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  

 

 

____________________ 

Б.С. Джакыпбаев, Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын 1-банктык көзөмөл бөлүмүнүн тобокелдиктер боюнча башкы инспектору  

 

 

____________________ 

Б.К. Имашева, Улуттук банктын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын көзөмөлдөө методологиясы бөлүмүнүн жетектөөчү инспектору  

 

 

____________________ 

А.А. Маманова, Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоору менен иштөө бөлүмүнүн юристинин милдетин убактылуу аткаруучу  

 

____________________ 

Р.Н. Сарыбаев, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин долбоорлор боюнча менеджери (дублёр: П. Довлетова, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин юристи) (макулдашуу боюнча)  

 

 

____________________ 

М.Э. Ниязова, «БАКАЙ БАНК» ААКтын банктык карталар департаментинин директору  

 

____________________ 

Т.А. Ахметов, «РСК Банкы» ААКтын аралыктан банктык тейлөө департаментинин начальнигинин орун басары 

 

____________________ 

Сабыракун А., «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын продукттарды иштеп чыгуу бөлүмүнүн начальниги (дублёр: А.М. Омурбекова, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын санариптик тейлөө бөлүмүнүн начальниги ) (макулдашуу боюнча) 

 

 

 

____________________ 

А.Э. Абдывасиев, «KG төлөм системасынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин юристи (дублёр: Р. Алишев, «KG төлөм системасынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин президенти) (макулдашуу боюнча) 

 

 

____________________ 

 

Жооптуу адам менен байланышуу үчүн маалымат: А.К. Джакубова, тел.: 66-91-43, adjakubova@nbkr.kg (аты-жөнү, тел., e-mail). 

 

I. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздемелер  

 

1. Проблема тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары өз ишин Улуттук банк тарабынан төмөнкүлөргө берилген лицензиялардын негизинде жүргүзүшөт: 

1) өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо; 

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо. 

Төлөм уюмдары/ төлөм системасынын операторлору үчүнчү жактардын пайдасына массалык жана утурумдук (коммуналдык кызматтарга төлөмдөр, мобилдик байланышты толуктоо ж.б.) төлөмдөрдү кабыл алып жана иштеп чыгып жатып, Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсептерге ээ эмес жана банктар аралык системалардын катышуучулары болуп саналбайт (ПКС, ГСРРВ). Буга байланыштуу, чекене төлөмдөр системасында өткөрүлгөн бардык төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр эсептешүү банкы тарабынан коммерциялык банк жана төлөм уюмунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык/локалдык төлөм системалары боюнча өткөрүлгөн төлөмдөрдүн алкагында, эсептешүүлөр коммерциялык банк жана төлөм уюмунун жана эсептешүү банкы/ушул эл аралык төлөм системаларынын борбору ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, эсептешүү банкы тарабынан жүргүзүлөт. 

Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 2-пунктуна ылайык, эсептешүү банктарынын төмөнкүлөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү гарантиялык жүргүзүүсү ушул Жобонун максаты болуп саналат:  

- төлөм уюмдары тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алынган жана ири жана чекене төлөмдөр системалары боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүү банктары/бул эл аралык төлөм системаларынын борборлору менен жүргүзүлгөн эл аралык төлөм системаларынын төлөмдөрү

Мындан тышкары, Жобонун 13-пунктуна ылайык, Эсептешүү банкы төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш:  

акыркы отчеттук жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын жоболорун сактоого (3-пунктчасы); 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле акыркы отчеттук датага карата мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы болбоого (4-пунктчасы); 

- акыркы датага карата Улуттук банк алдында орду жабылбаган мөөнөтү өткөн карыздары жок болуусу зарыл (5-пунктча). 

Ошондой эле Жобнунун 15-пунктуна ылайык, Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму менен келишим түзгөн Эсептешүү банкы төмөнкү функцияларды аткарат:  

өздүк төлөмдөрдү жана төлөм системаларынын оператору/төлөм уюмунун катышуучулары тарабынан өткөрүлгөн төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсепте жетиштүү ликвиддүүлүктү камсыз кылат;  

- чет өлкө валюталарынын курсу жагымсыз жагына өзгөргөн учурда валюталык тобокелдиктерди өзүнө кабыл алат. 

Ал эми Жобонун 16-пунктунда белгиленген милдеттерге ылайык, эсептешүү банкы төмөнкүлөргө милдеттүү

төлөм системасына катышкан банктар, ошондой эле бул система менен интеграцияланган локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкы менен өз ара эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүгө кепилдик берүү

эл аралык төлөм системасы менен интеграцияланган,  маанилүү төлөм системасынын же системалуу мааниге ээ төлөм системасынын Эсептешүү банкы ордун жабуу мөөнөтү кеминде 3 (үч) айды түзгөн (күрөөгө коюлган портфелди эске албаганда) мамлекеттик баалуу кагаздардын жана Улуттук банктын баалуу кагаздар портфелин, же болбосо банктык гарантияны же төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмдарынын  төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүсү үчүн башка инструментти төлөм системаларынын операторуна/төлөм уюмдарына  гарантия катары берүүгө тийиш. Мында жогоруда белгиленген гарантиялык инструменттер чогуу алганда Эсептешүү банкынын кызматтарын көрсөтүү жөнүндө түзүлгөн келишимдер боюнча төлөм системаларынын операторунун локалдык системасы менен интеграцияланган төлөм системасы боюнча жүгүртүүлөрдүн орточо күндүк маанисинен кем болбоого (өткөн айдын ар бир күнү үчүн жүгүртүүлөрдүн суммасы/төлөмдөр жүргүзүлгөн өткөн айдагы күндөрдүн саны) тийиш. Ай ичиндеги жүгүртүүлөрдүн орточо маанисин эсептөө төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму тарабынан өткөн ай үчүн маалыматтардын негизинде, айына 1 (бир) жолу жана отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин жүзөгө ашырылат, тиешелүү маалымат отчеттук ай ичинде коммерциялык банк - эсептешүү банкы тарабынан андан ары пайдалануу үчүн Улуттук банкка жана коммерциялык банкка жөнөтүлөт. 

Төлөм системасына катышкан банктарды эсептешүү банкы катары кароодо же болбосо төлөм системасына катышкан банктар түзүлгөн келишимдердин алкагында, эсептешүү банктарына коюлуучу талаптарга ылайык келе тургандыгын билдире алышат. Бирок иш жүзүндө төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары белгиленген банктардын жогоруда Жободо каралган талаптарга ылайык келүүсүн бардык эле критерийлер боюнча текшере албайт. Буга байланыштуу, айрым төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында эсептешүү банкы менен өз ара иш алып барууда проблемалар жаралышы мүмкүн, бул эсептешүү банкын тандоодо жана үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү өткөрүүнү камсыз кылууда олуттуу тоскоолдук болуп саналат.  

Демек, төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында эсептешүү банкы боюнча айрым маалыматтарды жана алардын мисалы, эсептешүү банкы тарабынан экономикалык ченемдердин сакталышы, жана эсептешүү банкында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле акыркы отчеттук датага карата мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу тууралуу түшүндүрмөлөрүн пайдаланууда проблемалар келип чыгышы мүмкүн. Эсептешүү банкынын белгиленген критерийлерден тышкары, Улуттук банк алдында орду жабылбаган мөөнөтү өткөн карызы болбоого тийиш. Ошондой эле Жободо резервдик эсептешүү банкынын болушу тууралуу талап белгиленген, бирок ага карата талаптар аныкталган эмес. 

Азыркы учурда эсептешүү банкын тандоодо башка өлкөлөрдүн төлөм системалары менен өз ара интеграциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууда кыйынчылыктар келип чыгууда, бул Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жүргүзүүнүн географиялык аймагын кеңейтүүдө жана өз ара эсептешүүлөрдү гарантиялык түрдө жүзөгө ашырууда тоскоолдук жаратат. Өлкөсүнө жана төлөм системасынын кызматына жараша, өткөрүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү өзгөрүшү мүмкүн, буга байланыштуу төлөм системасынын оператору үчүн төлөмдөрдүн азыраак көлөмү үчүн эсептешүү банкын издөө эсептешүү банкы менен иштөөдө сарпталган эмгек ресурстары жагынан максатка ылайыксыз болуп саналат. 

Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары Улуттук банкка банктар тарабынан берилген маалыматты текшерүү жана алардын Жобонун талаптарына ылайык келишин тастыктоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө өтүнүч менен, ошондой эле эсептешүү жана резервдик банкты тандоо маселеси боюнча кайрылууга аргасыз болушат. Ошол эле учурда банктарда да чет өлкө валюталары менен өз ара эсептешүүлөргө байланыштуу Улуттук банкка кайрылуу зарылчылыгы пайда болот, анткени банктар валюта тобокелдигин өзүнө алат. Мында банк мыйзамдарында Улуттук банк өз көзөмөлүнө алынган уюмдардын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбей тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.  

Жобонун 10-пунктунун колдонуудагы редакциясынын алкагында Эсептешүү банкы үчүн террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптары (мындан ары - ПФТД/ЛПД) аткарылгыс болуп саналат. Эсептешүү банкы өз ара эсептешүүлөрдү төлөм системасынын банк-катышуучуларынын жыйынтык суммалары боюнча гана ишке ашырат жана мындай операциялардын мазмуну жөнүндө маалыматы жок. Төлөм системасынын банк-катышуучулары Кыргыз Республикасынын “Банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамынын алкагында банктык сырга шилтеме келтирүү менен Эсептешүү банкынын шектүү операциялар боюнча маалымат берүү жөнүндө кайрылуусун четке кагышкан. Мында, Жободо төлөм системасынын катышуучуларына карата ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамды аткаруу жөнүндө талаптар белгиленген эмес, анткени бардык коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары мыйзам талаптарын ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарын өз деңгээлинде аткарууга тийиш. 

 

2. Проблеманын масштабы 

Кароого алынган маселеде эсептешүү банкы катары коммерциялык банктардын Эсептешүү банкына карата талаптарга, эсептешүү банкынын функцияларына жана милдеттерине тиешелүү иши, төлөм системаларынын операторлорунун резервдик банкынын болушу боюнча талаптарды аткаруу жагында иши, ошондой эле төлөм системасынын банк-катышуучуларынын ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарын аткаруу жагында иши түздөн-түз козголгон жана учурда коммерциялык банктар жана төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары ортосунда өз ара ишкердикти жүргүзүүсүн өнүктүрүү үчүн бул маселелерди кайра карап чыгып, так белгилөө зарыл.  

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

2023-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча 26 юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ, алардын ичинен 25 лицензия төлөм системаларынын операторлорунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна жана 25 лицензия төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна берилген. 

2023-жылдын 9 айы ичинде төлөм уюмдары аркылуу 259,4 млрд сом жалпы суммасына 171,3 млн транзакция өткөрүлгөн. 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда төлөмдөрдүн жалпы саны 29,4 пайызга, ал эми төлөмдөрдүн көлөмү 2,1 эсеге өскөн. 

2023-жылдын январь-сентябрь айларында төлөмдөрдүн олуттуу бөлүгү финансы-кредит уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөргө туура келген (электрондук капчыктарды толуктоодон тышкары) бул жалпы 171,9 млрд сом суммасына (бардык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнө карата 66,3 пайыз) 40,7 млн операция (төлөмдөрдүн жалпы санынан 23,8 пайыз). 

 

1-таблица. Төлөм уюмдарынын 2023-жылдын жана 2022-жылдын 9 (тогуз) айы ичинде төлөмдөрүнүн көлөмү жана саны.  

 

Төлөмдүн түрү 

2023-жылдын 9 айы 

2022-жылдын 9 айы 

Саны  

(бирдик) 

Көлөмү  

(миң сом) 

Саны  

(бирдик) 

Көлөмү  

(миң сом) 

Мобилдик байланыш 

82 738 459 

32 116 372,1 

86 650 642 

25 010 753,8 

Кабель аркылуу туташтырылган телефон байланышы 

86 189 

26 194,3 

129 427 

33 367,3 

Интернет 

2 008 156 

1 758 134,0 

1 787 096 

1 568 946,2 

Коммуналдык кызматтар 

10 092 424 

7 825 459,1 

8 070 088 

5 361 815,1 

Салыктык жыйымдар 

67 465 

95 976,1 

87 925 

113 334,2 

Жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдар 

521 247 

603 844,1 

213 867 

137 398,2 

Мамлекеттик бюджетке башка төлөмдөр 

400 319 

385 746,5 

317 333 

248 162,3 

Банк эсебин толуктоо 

17 331 862 

74 644 191,1 

8 677 310 

32 771 977,2 

ФКУга кредит үчүн төлөө 

2 494 826 

11 512 738,8 

1 518 528 

5 847 325,8 

Башка банктык кызмат көрсөтүүлөр 

20 859 716 

85 755 820,6 

5 331 292 

22 521 549,1 

Электрондук капчыкты толуктоо 

10 467 681 

23 338 128,4 

8 801 934 

18 232 721,7 

Интернет-дүкөндөр 

587 514 

1 015 174,5 

379 450 

672 070,1 

Социалдык тармактар 

549 846 

237 858,0 

31 927 

17 679,3 

Интернет-оюндар 

56 023 

27 099,1 

59 064 

24 066,9 

Башка интернет тиркемелердеги эсептерди толуктоо 

5 081 

9 506,5 

213 369 

204 681,9 

Такси кызматтары үчүн төлөө 

11 186 538 

1 821 969,4 

5 003 849 

689 527,9 

Жарнамалоо кызматтары  

266 113 

122 587,2 

199 657 

83 857,8 

Кулактандыруулар 

110 751 

66 800,4 

112 631 

66 732,6 

Кайрымдуулук 

7 081 

2 727,9 

8 196 

3 078,9 

Билим берүү 

225 393 

641 664,6 

136 165 

295 501,9 

Туристтик кыдыруулар 

31 061 

111 224,2 

18 335 

144 685,9 

Башка төлөмдөр 

11 171 105 

17 319 788,3 

4 589 327 

8 700 097,9 

Жыйынтыгында 

171 264 851 

259 439 007,8 

132 337 412 

122 700 544,3 

 

2020-жылдын 15-июнунан тартып «МИР» карталарынан (Россия Федерациясынын төлөм системасы) «Элкарт» карталарына (Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасы) которуу долбоору ишке киргизилип, ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. 2023-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча «МИР» төлөм системасынын карталарынан «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарына жалпы алганда 26,6 млрд сомго жакын суммага 3,4 миллиондон ашык P2P-которуу жүзөгө ашырылды (долбоор ишке киргизилген учурдан тартып). 

Ошондой эле 2022-жылдын мартынан тартып «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынан «МИР» төлөм системасынын карталарына которуулар боюнча долбоор да ишке киргизилген. Алсак, 2023-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынан «МИР» төлөм системасынын карталарына жалпы 573,2 млн сом суммасына 29,3 миңден жогору P2P-которуу ишке ашырылган (2022-жылдын 31-декабрына карата жалпы 89,4 млн сом суммасына 5,7 миң P2P-которуу). Буларга кошумча «МИР» төлөм системасынын карталарынан соода-тейлөө ишканаларына интернет аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү боюнча, ошондой эле ишти аяктоо процессинде «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынан «МИР» төлөм системасынын карталарына интернет аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү долбоорун колдонууга киргизүү боюнча иштер аткарылган. 

2023-жылдын 9 айы ичинде банктык төлөм карталарын пайдалануу менен 600,6 млрд сом суммасына 145,8 млн жогору операция жүргүзүлгөн, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда операциялардын саны 64,4 пайызга, операциялардын көлөмү 69,4 пайызга өскөн.  

Соода-тейлөө ишканаларында банктык төлөм карталарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялардын саны 2022-жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырганда 92,8 пайызга, операциялардын көлөмү 2,4 эсеге жогорулаган.  

2023-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 20 банк (23 банктын ичинен) жана 5 төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары системалар ортосунда өз ара байланышты камсыз кылат жана QR-код аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштайт. 

2023-жылдын 1-октябрына карата системалар ортосунда өз ара байланыштын алкагында банктар жана төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймактарын кошо алганда, соода-тейлөө ишканаларында 23 595 QR-код орнотулган.  

2023-жылдын январь-сентябрь айлары ичинде өз ара иш алып баруу операторунун системасы аркылуу 1,2 млрд сом суммасына 1 104 274 төлөм жүргүзүлгөн, алардын ичинен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр 33,6 млн сом суммасына 21 125 төлөмдү түзгөн.  

2023-жылдын 1-ноябрына карата абал боюнча банктар жана төлөм уюмдары тарабынан соода-тейлөө ишканаларында 27 513 QR-код орнотулган (2022-жылдын 31-декабрына карата 3 400 QR-код орнотулган).  

2023-жылдын 1-ноябрына карата абал боюнча долбоор ишке киргизилген учурдан тартып (2022-жылдын май айынан тартып) QR-код аркылуу 1,7 млрд сомдон жогору суммага 1,5 млн төлөм жүргүзүлгөн, алардын ичинен мамлекеттик кызматтар 53,1 млн сом суммасына 28,2 төлөм ишке ашырылган (2022-жылдын май айынан тартып декабрь айына чейин өз ара иш алып баруу оператору аркылуу 12,1 млн сом суммасына 7 800 төлөм жүргүзүлгөн). 

Ошентип, төлөм системаларынын операторлору аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны жыл сайын өсүүдө, мында төлөм уюмдарынын чекене системалары үчүн эсептешүү банкынын ролу өсүүдө. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн Эсептешүү банкын тандоо маселеси төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн жеткиликтүү критерийлердин негизинде чечилүүгө тийиш.  

Эсептешүү банкы төлөм системалары ортосунда жыйынтыктап өз ара эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылуу менен өз ара эсептешүүлөрдү төлөм системасынын банк-катышуучуларынын жыйынтык суммалары боюнча гана жүргүзө тургандыгын жана мында транзакция жөнүндө кеңири маалыматка төлөм системасынын банк-катышуучусу ээ экендигин эске алуу менен эсептешүү банкы менен төлөм системасынын банк-катышуучусу ортосунда ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарын сактоо боюнча жоопкерчиликти так белгилөө талап кылынат.  

Алсак, локалдык төлөм системасынын операторунун банк-катышуучусу операцияларды жүргүзүүдө ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарынын сакталышы үчүн толугу менен жоопкерчилик тарта тургандыгын белгилөө зарыл. Ошол эле учурда Эсептешүү банкы да транзакциялар бөлүгүндө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында (KYT) ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарын сактоого тийиш, анткени кардарлар жөнүндө кеңири маалыматка (KYC) локалдык төлөм системасынын банк-катышуучусу ээ. Ушуга байланыштуу Жобону тиешелүү талаптар, анын ичинде локалдык төлөм системасынын операторунун электрондук коммерция чөйрөсүндө чет өлкө валютасында жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны жана көлөмү боюнча суткалык лимиттерди белгилөө талабы менен толуктоо зарыл. Мындан тышкары, Локалдык төлөм системасынын операторунун эрежелеринде/Эсептешүү банкы жана Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн жактар ортосунда келишимде Эсептешүү банкында ишке ашырылып жаткан операциялардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат/билдирүү берүү жөнүндө пункт каралууга тийиш. Ошол эле учурда Эсептешүү банкы операциялардын бардык түрлөрү боюнча, анын ичинде локалдык төлөм системасынын операторунун электрондук коммерция чөйрөсүндө чет өлкө валютасында операциялар боюнча төлөмдөрдүн саны жана көлөмү боюнча суткалык лимиттерди талдайт. Алынган маалыматты жана талдоолорду Эсептешүү банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жөнөтөт.  

Резервдик эсептешүү банкынын зарылдыгы жөнүндө ченемди так белгилөө сунушталат. Резервдик эсептешүү банкына карата талаптар эсептешүү банкына карата талаптарга окшош болууга тийиш. Резервдик эсептешүү банкын белгилөө менен жогоруда белгиленген проблемаларды эске алганда, маанилүү төлөм системасынын операторунда бир же эки резервдик эсептешүү банкы болушуна карата сунуш берүү мүнөзүндөгү талаптарды белгилөө сунушталат. Мында маанилүү төлөм системасынын оператору ички ченемдик документтерде бир же эки резервдик банктын болушу талап кылынган шарттар өз алдынча белгиленүүгө тийиш. 

Ушуга байланыштуу Жобонун талаптарын сапаттуу аткаруу үчүн төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына тиешелүү болбогон критерийлерди, анын ичинде Жобонун 13-пунктунун 3-5-пунктчаларынын төмөнкүлөргө тиешелүү талаптарын алып салуу үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл: 

- эсептешүү банкы сактоого тийиш болгон экономикалык ченемдер; 

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын болбошу; 

- Улуттук банк алдында мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздардын болбошу. 

Жалпы алганда, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана эсептешүү банктарына төлөмдөрдү жүргүзүү чөйрөсүн кеңейтүү менен өз ара эсептешүүлөрдү тоскоолдуктарсыз жана кепилдик берүү менен ишке ашыруу мүмкүндүгүн берүүгө шарт түзөт.  

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Россия Федерациясы: Эсептешүү борборунун ишине карата талаптар Россия Федерациясынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 161-ФЗ «Улуттук төлөм системасы жөнүндө» федералдык мыйзамынын 19-беренесинде жөнгө салынган. Аталган Мыйзамдын 2-5-бөлүктөрүнө ылайык: 

«2. Төлөм системасында бир нече эсептешүү борборлору болушу мүмкүн.  

3. Эсептешүү борбору өз ишин төлөм системасынын эрежелерине ылайык жана төлөм системасынын катышуучулары жана (же) борбордук төлөм клиринг контрагенти (эгерде болсо) ортосунда түзүлүүчү банктык эсеп келишимдеринин, ошондой эле эгерде мындай келишимдерди түзүү төлөм системасынын эрежелеринде каралган болсо, операциялык борбор жана төлөм клиринг борбору ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырат.  

4. Эсептешүү борбору төлөм клиринг борборунан түшкөн төлөм системасынын катышуучуларынын буйрууларын төлөм системасынын катышуучуларынын банктык эсептери жана (же) борбордук төлөм клиринг контрагентинин (эгерде болсо) банктык эсеби боюнча акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана чегерүү аркылуу аткарат. 

5. Төлөм системасынын эсептешүү борбору ушул Федералдык мыйзамдын 18-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда, өз ишин 2011-жылдын 7-февралындагы № 7-ФЗ «Клиринг, клиринг иши жана борбордук контрагент жөнүндө» федералдык мыйзамга ылайык жүзөгө ашырган клиринг уюмунан түшкөн төлөм системасынын катышуучуларынын буйрууларын аткарышы мүмкүн.». 

Беларусь Республикасы: Эсептешүү борборунун иш өзгөчөлүктөрү Беларусь Республикасынын «Төлөм системалары жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесинде аныкталган, ага ылайык: 

«1. Эсептешүү кызматтары эсептешүү борбору тарабынан эсептешүү операцияларын, анын ичинде төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруу аркылуу сунушталат: 

1.1. Эсептерди ачуу (жабуу);  

1.2. Эсептер боюнча акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана (же) чегерүү

1.3. Төлөм тапшырмаларын аткарууга тиешелүү тастыктама жөнөтүү

1.4. Эсептерди тейлөөгө жана эсептер боюнча акча каражаттарынын жылышы жөнүндө маалыматтарды чагылдырууга байланыштуу башка эсептешүү операциялары. 

2. Төлөмдөрдү демилгелөө кызматын сунуштоочулардын катышуусу менен демилгеленген төлөмдөр боюнча эсептешүү операциялары эсептешүү борбору тарабынан төлөм келишиминин жана (же) ушул төлөм кызматын сунуштоочу менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.  

3. Эсептешүү борбору өз ишин төмөнкүдөй жүзөгө ашырат:  

3.1.  Жеке жана (же) юридикалык жактарга эсептешүү кызматтарын көрсөтүү каралган, банк ишин жүргүзүүгө лицензиянын негизинде;  

3.2.  Төлөм системасынын катышуучулары, технологиялык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар, колдонуучулар менен түзүлгөн келишимдердин негизиндеги төлөм системасынын эрежелерине ылайык, эгерде мындай келишимдерди түзүү төлөм системасынын эрежелеринде же болбосо мыйзамдык актыларда каралган болсо.  

4. Эсептешүү борбору төлөм системасынын катышуучуларынын (анын ичинде ушул төлөм системасынын катышуучусу болуп саналбаган клиринг борборунан келген) төлөм тапшырмаларын төлөм системасынын катышуучуларынын эсептери жана (же) клиринг борборунун эсеби боюнча (бар болгон учурда) акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана чегерүү жолу менен аткарат. 

5. Эсептешүү борбору Беларусь Республикасынын 2014-жылдын 30-июнундагы №165-З «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого, террористтик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоого бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө» мыйзамына ылайык финансылык операцияларды жүзөгө ашыруучу жак болуп саналат, ага карата ПОД/ФТ жөнүндө мыйзамдардын талаптары таркатылат.  

6. Эсептешүү борбору төмөнкүлөр камтылган локалдык укуктук актыларды бекитүүгө тийиш:  

6.1. Төлөм системаларындагы эсептешүү операцияларын жүзөгө ашыруу графиги (графиктери);  

6.2. Төлөм системасынын катышуучусунун (төлөм системасынын колдонуучусу) акча каражаттарын которуу боюнча төлөм тапшырмасын кайтарып алуу жол-жобосу;  

6.3. Төлөм системасынын операторлору, төлөм системаларынын катышуучулары жана төлөм кызматын сунуштоочулар менен өз ара иш алып баруу тартиби, анын ичинде өз иши жөнүндө маалымат берүү тартиби;  

6.4.Кабыл алынган төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдүн аякташын гарантиялоонун тартиби жана ыкмалары, анын ичинде төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм милдеттенмелерин белгиленген мөөнөттө аткара албагандыгынан келип чыккан милдеттенмелерди жөнгө салуу тартиби;  

6.5. Төлөм системасынын катышуучулары тарабынан эсептешүү кызматын көрсөтүү келишимдеринин алкагындагы милдеттенмелердин сакталышына контроль жүргүзүү тартиби;  

6.6. Төлөм системасынын катышуучуларынын эсептешүү кызмат көрсөтүү келишимдеринин алкагындагы милдеттенмелерин сактабандыгы үчүн жоопкерчилик, аталган келишимдин жоболорун бузгандыгы үчүн төлөм системасынын катышуучусуна карата көрүлгөн чаралар;  

6.7. Талаш маселелерди жөнгө салуу тартиби.». 

Тажикстан Республикасы: «Төлөм кызмат көрсөтүүлөрү жана төлөм системасы жөнүндө» Мыйзамга ылайык эсептешүү борбору болуп Тажикстандын Улуттук банкы жана (же) кредиттик финансы уюму саналат, ал төлөм системасынын алкагында төлөм системасынын катышуучуларынын тапшырмаларын акча каражаттарын алардын банктык эсептери боюнча эсептен чыгаруу жана чегерүү жолу менен аткарат жана бул тууралуу төлөм системасынын катышуучуларына такстыктоолорду жөнөтөт (Тажикстан Республикасынын 2020-жылдын 7-августундагы №1723 Мыйзамынын редакциясына ылайык). Мындан тышкары, 17-беренеде эсептешүү борборунун ишине карата талаптар камтылган. 

1. Эсептешүү борбору өз ишин төлөм системасынын эрежелерине ылайык жана төлөм системасынын катышуучулары менен түзүлгөн банктык эсеп келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырат.  

2. Эсептешүү борбору төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм клиринги кызматын көрсөтүүчү төлөм инфраструктурасынын кызмат көрсөтүү операторунан алынган тапшырмаларын төлөм системасынын катышуучуларынын банктык эсептерине акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана чегерүү жолу менен аткарат.  

21-беренеде төлөм клирингин жана төлөм системасындагы эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу төмөнкүдөй белгиленген: 

8. Төлөм системасындагы эсептешүүлөр эсептешүү борбору тарабынан, төлөм инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн операторлорунан келип түшкөн, төлөм клирингинин позициясы боюнча аныкталган сумманын өлчөмүндөгү билдирмелердин негизинде, төлөм системасынын катышуучуларынын жана (же) борбордук төлөм клирингинин контрагентинин банктык эсептери боюнча акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана чегерүү жолу менен жүзөгө ашырылат. 

9. Төлөм системасынын операторлорунун ортосунда төлөм системаларынын өз ара иш алып баруусу жөнүндө келишимдерди түзүүдө, акча каражаттарын которуу максатында төлөм клиринги жана ар башка төлөм системаларынын ортосунда эсептешүүлөр төлөм системаларынын өз ара иш алып баруусу жөнүндө келишимдерде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.  

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

5. Жөнгө салуунун максаты  

 

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн максаты эсептешүү банкына карата, ошондой эле төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жана эсептешүү банктары үчүн жеткиликсиз критерийлерди четтетүүгө багытталган эсептешүү жана резервдик банктардын функцияларына жана милдеттерине карата талаптарды так белгилөө жолу менен өз ара эсептешүүлөрдүн гарантиялык жүргүзүлүшү болуп саналат. 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунушталган жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат. 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо  

7.1. Жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүдөн күтүлгөн натыйжа өз ара эсептешүүлөрдүн гарантиялык жүргүзүлүшүн, төлөм системаларынын операторлору/ төлөм уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү көбөйүшүн шарттайт, ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүүнүн аймагын кеңейтет.   

7.2. Күтүлүүчү экономикалык, социалдык жана экологиялык таасирлер: 

1) экономикага таасири: токтом долбоору экономикага оң таасирин тийгизет;  

2) социалдык чөйрөгө таасири: сунушталган өзгөртүүлөр калктын кызыкчылыгын коргоого багытталган, анткени төлөмдөрдү жүргүзүүнүн аймагын кеңейтүү жана өз ара эсептешүүлөрдүн гарантиялык жүргүзүлүшү мүмкүнчүлүгүн берет; 

3) экологияга таасири: жок. 

 

7.3. Кызыкдар тараптардын жөнгө салуунун адресаттарынын негизги топторуна тийгизген таасирлер: 

1) мамлекеттик органдар: мамлекеттик органдарга түздөн-түз таасири жок;  

2) ишкерлер: эсептешүү жана резервдик банктар катары иш алып барган төлөм системаларынын операторлору/ төлөм уюмдары жана коммерциялык банктар;  

3) калк: калкка тийгизген таасири алгылыктуу, анткени сунушталып жаткан жөнгө салуу калкка төлөмдөрдү тоскоолдуксуз жүргүзүү, анын ичинде «Элкарт» улуттук төлөм картасы аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталган өзгөртүүлөр эсептешүү банкына, ошондой эле алардын функцияларын жана милдеттерин так белгилөө аркылуу резервдик эсептешүү банкына карата талаптарды жакшыртууга, төлөм системасынын операторуна жана төлөм системасынын катышуучусу болгон банктарга карата талаптарды жакшыртууга багытталган, бул гарантияланган өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө оң таасирин тийгизет жана тобокелдиктерди азайтат.  

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо  

Сунушталган жөнгө салуу атаандаштыкка таасирин тийгизбейт, анткени анда рыноктун айрым катышуучулары үчүн эч кандай чектөөлөр же жеңилдиктер каралган эмес. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири  

Кызыкдар тараптардын пикири коомдук талкуудан кийин берилет.  

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Жогоруда айтылган маалыматтын негизинде сунушталган жөнгө салууну тандоо сунушталат, анткени Эсептешүү банкына, эсептешүү банкынын функцияларына жана милдеттерине карата талаптарды жакшыртууга, ошондой эле төлөм системасынын операторуна жана төлөм системасына катышуучу банктарга карата талаптарды жакшыртууга багытталган.  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

Колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакция 

1-глава. Жалпы жоболор 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясынын негизинде иш алып барган төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун эсептешүү банкы (мындан ары - Эсептешүү банкы) катары иш алып баруу үчүн коммерциялык банкка карата минималдуу талаптар аныкталган.  

1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясынын негизинде иш алып барган төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун эсептешүү банкы (мындан ары - Эсептешүү банкы) катары иш алып баруу үчүн коммерциялык банкка карата минималдуу талаптар аныкталган.  

2. Эсептешүү банктарынын төмөнкүлөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү гарантиялык жүргүзүүсү ушул Жобонун максаты болуп саналат:  

- төлөм уюмдары тарабынан кабыл алынган жана ири жана чекене төлөмдөр системалары боюнча үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча;  

- Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүү банктары/бул эл аралык төлөм системаларынын борборлору менен жүргүзүлгөн эл аралык төлөм системаларынын төлөмдөрү.  

2. Эсептешүү банктарынын төмөнкүлөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү гарантиялык жүргүзүүсү ушул Жобонун максаты болуп саналат:  

- төлөм уюмдары тарабынан кабыл алынган жана ири жана чекене төлөмдөр системалары боюнча үчүнчү жактардын пайдасына, ошондой эле жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүү банктары/бул эл аралык төлөм системаларынын борборлору менен жүргүзүлгөн эл аралык/локалдык төлөм системаларынын төлөмдөрү

3. Бул Жобо төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына - Кыргыз Республикасынын резиденттерине, ошондой эле эл аралык төлөм системаларына тутушкан коммерциялык банктарга таркатылат.  

Электрондук акча системалары боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобо менен жөнгө салынат.  

3. Бул Жобо төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына - Кыргыз Республикасынын резиденттерине, ошондой эле локалдык/эл аралык төлөм системаларынатутушкан коммерциялык банктарга таркатылат.  

Электрондук акча системалары боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобо менен жөнгө салынат.  

4. Эсептешүү банкын тандоо жөнүндө чечимди ушул Жободо, ошондой эле ички ченемдик документтерде белгиленген талаптарга ылайык төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму кабыл алат.  

4. Эсептешүү банкын тандоо жөнүндө чечимди ушул Жободо, ошондой эле ички ченемдик документтерде белгиленген талаптарга ылайык төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму кабыл алат.  

5. Эсептешүү банкы менен төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Эсептешүү банкы, банктар аралык системалардын катышуучусу болуу менен, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ири же чекене төлөмдөр системасында жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча өз убагында эсептешүүлөрдү камсыз кылат.  

5. Эсептешүү банкы менен төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Эсептешүү банкы, банктар аралык системалардын катышуучусу болуу менен, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ири же чекене төлөмдөр системасында жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча өз убагында эсептешүүлөрдү камсыз кылат.  

6. Эсептешүү банкы келишимдик мамиледе каралган учурларда, өзүнүн корреспонденттик эсептер системасы аркылуу жана системанын эрежелерине ылайык эл аралык төлөм системасы жана/же эл аралык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн интеграция жөнүндө келишимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн эл аралык төлөм системаларынын алкагында, төлөмдөр боюнча кайсы болбосун валютада акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат.  

6. Эсептешүү банкы келишимдик мамилелерде каралган учурларда, системанын эрежелерине ылайык, өзүнүн корреспонденттик эсептер системасы аркылуу жана башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын эсептешүү банкы жана/ башка өлкөнүн же локалдык/эл аралык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө келишимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын аймагында башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын алкагында жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча кайсы гана валютада болбосун акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат

7. Банк түзүлгөн келишимдердин негизинде бир нече төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторлоруна Эсептешүү банкынын кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу.  

7. Банк түзүлгөн келишимдердин негизинде бир нече төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторлоруна Эсептешүү банкынын кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу.  

8. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму бир нече эсептешүү банкын тандоого жана үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн эсептешүү банктарындагы эсептерде ликвиддүүлүктү тескөө боюнча өз алдынча жоопкерчилик тартууга укуктуу.  

8. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму бир нече эсептешүү банкын тандоого жана үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн эсептешүү банктарындагы эсептерде ликвиддүүлүктү тескөө боюнча өз алдынча жоопкерчилик тартууга укуктуу.  

9. Маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын операторлору негизги жана резервдик Эсептешүү банкына ээ болууга тийиш.  

Төлөм системасынын катышуучусунун маанилүү төлөм системасындагы жана системалуу мааниге ээ төлөм системасындагы маанилүүлүк критерийи өзгөргөн учурда төлөм системасынын катышуучусу маанилүүлүк критерийи боюнча Улуттук банктын билдирүүсүн алган учурдан тартып 6 (алты) айдан кечиктирбеген мөөнөттө резервдик Эсептешүү банкынын болушун камсыз кылууга тийиш.  

9. Маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын операторуна эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында, негизги Эсептешүү банкынан тышкары, бир же эки резервдик Эсептешүү банкына ээ болуу сунушталат. Бир же эки резервдик Эсептешүү банкынын болушу боюнча критерийлерди маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын оператору маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын операторунун башкармасы тарабынан бекитилген ички ченемдик документтерде системанын үзгүлтүксүз иштеши үчүн тобокелдиктерге ички баа берүүдөн алып белгилөөгө тийиш. Тобокелдиктерди баалоо тобокелдик-менеджери (бар болсо) менен макулдашылууга жана башкаруунун байкоо органы (бар болсо) же башкаруунун жогорку органы (башкаруунун байкоо органы жок болгон учурда) менен бекитилүүгө тийиш. 

Төлөм системасынын катышуучусунун маанилүү төлөм системасындагы жана системалуу мааниге ээ төлөм системасындагы маанилүүлүк критерийи өзгөргөн учурда, төлөм системасынын катышуучусу Улуттук банктын маанилүүлүк критерийи тууралуу билдирүүсүн алган учурдан тартып 6 (алты) айдан кечиктирилбеген мөөнөттө бир же эки резервдик Эсептешүү банкынын болушу зарылдыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алууга тийиш. Резервдик эсептешүү банкына карата талаптар Эсептешүү банкына карата талаптарга окшош. 

10. Эсептешүү банкы өз ишин ушул Жобого, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын кошо алганда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, төлөм системасынын эрежелерине, ошондой эле төлөм системасынын оператору/төлөм уюму жана эл аралык төлөм системасынын эсептешүү банкы/эл аралык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишимдерге ылайык жүзөгө ашырат.  

10. Эсептешүү банкы келишимдик мамилелердин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылган башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын алкагында өз корреспонденттик эсептер системасы аркылуу кайсыл болбосун валютада төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөр системасынын эрежелерине ылайык жыйынтыктап жүргүзүлүшүн камсыздайт жана кепилдик берет жана башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын эсептешүү банкы жана/же башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын оператору жана/же локалдык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн эсептешүүлөрдү уюштуруу жөнүндө келишимдин негизинде башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын өз контрагентине/эсептешүү банкына карата ушул Жобонун 10-1-пунктунда каралган террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ПФТД/ЛПД) боюнча мыйзам талаптарын аткарат. 

Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн жактар, анын ичинде локалдык төлөм системасынын операторунун банк-катышуучулары жүргүзүлүп жаткан бардык операциялардын түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү үчүн толугу менен жоопкерчилик тартат, локалдык төлөм системасынын операторунун чет өлкө валютасында, анын ичинде электрондук коммерция чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан төлөмдөрүнүн саны жана көлөмү боюнча бир суткага лимиттерди белгилейт. 

 

10-1. Локалдык төлөм системасынын операторунун эрежелеринде/эсептешүү банкы менен ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн жактар ортосунда түзүлгөн келишимде операциялардын бардык түрлөрү боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны жана көлөмү, анын ичинде локалдык төлөм системасынын операторунун электрондук коммерция чөйрөсүндө чет өлкө валютасында жүргүзгөн операцияларынын саны жана көлөмү боюнча суткалык лимиттер жана ишке ашырылып жаткан операциялардын мүнөзү жөнүндө маалыматтарды/билдирүүлөрдү Эсептешүү банкына берүү жөнүндө пункт каралууга тийиш. 

Эсептешүү банкы операциялардын бардык түрлөрү боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны жана көлөмү, анын ичинде локалдык төлөм системасынын операторунун электрондук коммерция чөйрөсүндө чет өлкө валютасында жүргүзгөн операцияларынын саны жана көлөмү боюнча суткалык лимиттерге талдоо жүргүзөт. Алынган маалыматтарды жана талдоолорду Эсептешүү банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жөнөтөт. 

11. Эсептешүү банкы жана төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарга ылайык негизги жана резервдик байланыш каналдарын жана өздөрүнүн системаларынын ортосунда интеграцияны камсыз кылышат.  

11. Эсептешүү банкы жана төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарга ылайык негизги жана резервдик байланыш каналдарын жана өздөрүнүн системаларынын ортосунда интеграцияны камсыз кылышат.  

 

11-1.  Локалдык төлөм системасынын оператору жана башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын оператору, алардын катышуучу банктары жана эсептешүү банктары ортосундагы ушул Жобо менен бекитилбеген бардык өз ара иш алып баруулар, алардын жоопкерчилиги, укуктары жана милдеттери локалдык төлөм системасынын жана башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын тиешелүү эрежелери, башка тиешелүү ички ченемдик документтери, ошондой эле алар ортосунда түзүлүүчү башка келишимдерде жана/же макулдашууларда белгиленет. 

2-глава. Эсептешүү банкына карата талаптар 

2-глава. Эсептешүү банкына карата талаптар 

12. Төмөнкү банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон коммерциялык банк Эсептешүү банкы боло алат:  

- кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшырмасы боюнча эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жана аларды кассалык тейлөө;  

- кредиттик жана төлөм карталарын кошо алганда, төлөм документтерин (чектер, аккредитивдер, векселдер жана башка документтер) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо;  

- кардарлар үчүн чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча жана кардардын атынан чет өлкө валютасын сатып алуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу.  

12. Төмөнкү банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон коммерциялык банк Эсептешүү банкы боло алат:  

- кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшырмасы боюнча эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жана аларды кассалык тейлөө;  

- кредиттик жана төлөм карталарын кошо алганда, төлөм документтерин (чектер, аккредитивдер, векселдер жана башка документтер) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо;  

- кардарлар үчүн чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча жана кардардын атынан чет өлкө валютасын сатып алуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу.  

13. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн Эсептешүү банкы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын (мындан ары - ГСРРВ) жана пакеттик клиринг системасынын (мындан ары - ПКС) катышуучусу болуу, мында өз ара иш алып баруу операторунун Эсептешүү банкы ГСРРВнын тике катышуучусунан болуусу жетиштүү;  

2) финансы билдирүүлөрүн (мисалы, SWIFT) берүүнүн эл аралык банктар аралык системасынын катышуучусу болуп саналат жана/же башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын операторунун эсептешүү банкы менен финансылык билдирүүлөрдү берүү каналдарына ээ болууга;  

3) акыркы отчеттук жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамынын жоболорун сактоодо;  

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле акыркы отчеттук датага карата мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы болбоого;  

5) акыркы отчеттук датага карата Улуттук банк алдында орду жабылбаган мөөнөтү өткөн карыздары жок;  

6) жоюу процессинде, убактылуу администрация режиминде болбогон жана/же акыркы отчеттук жыл ичинде Эсептешүү банкы катары операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн чектеген Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары колдонулбагандыгы. 

13. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн Эсептешүү банкы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын (мындан ары - ГСРРВ) жана пакеттик клиринг системасынын (мындан ары - ПКС) катышуучусу болуу, мында өз ара иш алып баруу операторунун Эсептешүү банкы ГСРРВнын тике катышуучусунан болуусу жетиштүү;  

2) финансы билдирүүлөрүн (мисалы, SWIFT) берүүнүн эл аралык банктар аралык системасынын катышуучусу болуп саналат жана/же башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын операторунун эсептешүү банкы менен финансылык билдирүүлөрдү берүү каналдарына ээ болууга;  

3) күчүн жоготкон катары таанылсын;  

4) күчүн жоготкон катары таанылсын;  

5) күчүн жоготкон катары таанылсын;  

6) жоюу процессинде, убактылуу администрация режиминде болбогон жана/же акыркы отчеттук жыл ичинде Эсептешүү банкы катары операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн чектеген Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары колдонулбагандыгы. 

7) банк ишин жүзөгө ашыруу укугуна Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын лицензиясы ээ; 

8) Улуттук банк тарабынан бекитилген суммардык капиталдын жетиштүү (шайкештик) коэффициенти маанисин сактайт. 

14. Эл аралык система менен интеграцияланган төлөм системаларынын операторунун Эсептешүү банкы ушул Жобонун 13-пунктунда белгиленген талаптардан тышкары төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

1) Кыргыз Республикасынын рыногунда банк ишин кеминде 5 (беш) жыл жүзөгө ашырып келет.  

2) Эсептешүү банкы болууну пландаштырган эл аралык системанын тике катышуучусу жана/же анын алкагында башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системалары менен система аралык интеграция долбоору ишке ашырылган локалдык төлөм системасынын катышуучусу болуп саналат; 

3) Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасынын катышуучусу болуп саналат; 

4) эсептешүү банктары/эл аралык төлөм системаларынын операторлорунун агенттери менен колдонуудагы корреспонденттик мамилелерге ээ (артыкчылык);  

5) акыркы эки жыл үчүн эсепке алуунун жана отчеттуулуктун бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун белгиленген стандарттарына шайкештигин тастыктаган тышкы аудитордун корутундусунун болушу; 

6) Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын катышуучусу болуп саналат.  

14. Башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасы менен интеграцияланган локалдык төлөм ситемасынын операторунун эсептешүү банкы ушул Жобонун 13-пунктунда белгиленген талаптардан тышкары төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

1) Кыргыз Республикасынын рыногунда банк ишин кеминде 5 (жыл) жыл жүзөгө ашырып келет;  

2) Эсептешүү банкы болууну пландаштырган эл аралык төлөм системасынын тике катышуучусу болуп саналат жана/же анын алкагында башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системалары менен система аралык интеграция долбоору ишке ашырылган локалдык төлөм системасынын катышуучусу болуп саналат; 

3) Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасынын катышуучусу болуп саналат;  

4) эсептешүү банктары/локалдык операторлорунун агенттери/ башка өлкөлөрдүн эл аралык төлөм системалары (артыкчылык берилет) менен колдонуудагы корреспонденттик мамилелерге ээ;  

5) акыркы эки жыл үчүн эсепке алуунун жана отчеттуулуктун бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун белгиленген стандарттарына шайкештигин тастыктаган, тышкы аудитордун корутундусунун болушу. 

3-глава. Эсептешүү банкынын функциялары 

3-глава. Эсептешүү банкынын функциялары 

15. Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму менен келишим түзгөн Эсептешүү банкы төмөнкү функцияларды аткарат:  

- өздүк төлөмдөрдү жана төлөм системаларынын оператору/төлөм уюмунун катышуучулары тарабынан өткөрүлгөн төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсепте жетиштүү ликвиддүүлүктү камсыз кылат;  

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте күн сайын ГСРРВ системасында белгиленүүчү чекене төлөм системалары үчүн резервди эсептөөгө, төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму үчүн ар күндүк негизде резервди камтыйт;  

- камсыздандыруу (кепилдик) фондундагы резервди эсептөөгө банк алар менен Эсептешүү банкынын функцияларын аткаруу жөнүндө келишим түзгөн төлөм уюмдары үчүн резервди камтыйт;  

- төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун системасы үчүн негизги эсептешүү эсебин ачат, анда үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр боюнча акча каражаттары топтолот жана бул эсептен акча каражаттары үчүнчү жактардын, төлөмдөрдү алуучулардын пайдасына гана жана/же дебеттик таза позициялар боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсептен алынып салынат. Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму бул эсеп боюнча кайсы болбосун башка операцияларды жүргүзүүгө укугу жок;  

- зарыл болгон учурда төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун негизги эсептешүү эсебинде акча каражаттары жетишсиз болгон учурда бул эсепте резервдик эсепти ачуу жана резерв түзүү талабын белгилейт. Резервдин өлчөмү белгилүү бир мезгил үчүн талап кылынган ликвиддүүлүккө баа берүүдөн улам эсептелиши мүмкүн;  

- төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун тапшырмасы боюнча, банктар аралык төлөм системалары аркылуу акча каражаттарын алуучулардын эсептери ачылган банктарга акча каражаттарын өз убагында которууну камсыз кылат;  

- төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун системасында жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө өз убагында маалымдайт;  

- Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган эл аралык төлөм системаларынын төлөмдөрү боюнча келишимдердин/макулдашуулардын шарттарына ылайык каалаган валютада Эсептешүү банкы/эл аралык төлөм системасынын агенти менен өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырат. Өз кезегинде, Төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун эрежелерине ылайык төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун башка катышуучуларынан которулган каражаттар боюнча ГСРРВ аркылуу улуттук валютадагы эквивалентинде ордун жабууну алат;  

- төлөм системасынын Эсептешүү банкынан, анын ичинде башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкынан Кыргыз Республикасынын аймагында ошол төлөм системасынын операциялары боюнча акча каражаттарын алат жана ГСРРВ аркылуу ошол системанын катышуучуларынын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептерине тиешелүү суммалардын өз убагында чегерилишин Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмунун эрежелерине ылайык камсыз кылат; 

- чет өлкө валюталарынын курсу жагымсыз жагына өзгөргөн учурда валюталык тобокелдиктерди өзүнө кабыл алат.  

15. Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму менен келишим түзгөн Эсептешүү банкы төмөнкү функцияларды аткарат:  

- өздүк төлөмдөрдү жана төлөм системаларынын оператору/төлөм уюмунун катышуучулары тарабынан өткөрүлгөн төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсепте жетиштүү ликвиддүүлүктү камсыз кылат;  

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте күн сайын ГСРРВ системасында белгиленүүчү чекене төлөм системалары үчүн резервди эсептөөгө, төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму үчүн ар күндүк негизде резервди камтыйт;  

- камсыздандыруу (кепилдик) фондундагы резервди эсептөөгө банк алар менен Эсептешүү банкынын функцияларын аткаруу жөнүндө келишим түзгөн төлөм уюмдары үчүн резервди камтыйт;  

- төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун системасы үчүн негизги эсептешүү эсебин ачат, анда үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр боюнча акча каражаттары топтолот жана бул эсептен акча каражаттары үчүнчү жактардын, төлөмдөрдү алуучулардын пайдасына гана жана/же дебеттик таза позициялар боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсептен алынып салынат. Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму бул эсеп боюнча кайсы болбосун башка операцияларды жүргүзүүгө укугу жок;  

- зарыл болгон учурда төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун негизги эсептешүү эсебинде акча каражаттары жетишсиз болгон учурда бул эсепте резервдик эсепти ачуу жана резерв түзүү талабын белгилейт. Резервдин өлчөмү белгилүү бир мезгил үчүн талап кылынган ликвиддүүлүккө баа берүүдөн улам эсептелиши мүмкүн;  

- төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун тапшырмасы боюнча, банктар аралык төлөм системалары аркылуу акча каражаттарын алуучулардын эсептери ачылган банктарга акча каражаттарын өз убагында которууну камсыз кылат;  

- төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун системасында жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө өз убагында маалымдайт;  

- Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган эл аралык төлөм системаларынын төлөмдөрү боюнча келишимдердин/макулдашуулардын шарттарына ылайык каалаган валютада Эсептешүү банкы/эл аралык төлөм системасынын агенти менен өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган эл аралык/локалдык төлөм системаларынын төлөмдөрү боюнча келишимдердин/макулдашуулардын шарттарына ылайык кайсы валютада болбосун Эсептешүү банкы/эл аралык төлөм системасынын агенти менен өз ара эсептешүүнү ишке ашырат. Өз кезегинде төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун системаларынын эрежелерине ылайык төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун башка катышуучуларынан которулган каражаттар боюнча ГСРРВ аркылуу улуттук валютадагы эквивалентинде же Эсептешүү банкы менен локалдык төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун системасынын катышуучусунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде чет өлкө валютасында ордун жабууну алат;  

- башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкынан Кыргыз Республикасынын аймагында ошол төлөм системасынын операциялары боюнча акча каражаттарын алат жана ошол системанын катышуучуларынын Улуттук банктагы корреспондентттик эсептерине тиешелүү суммалардын локалдык төлөм системасынын эрежелерине ылайык өз убагында ГСРРВ аркылуу чегерилишин камсыз кылат; 

- чет өлкө валюталарынын курсу жагымсыз жагына өзгөргөн учурда валюталык тобокелдиктерди өзүнө кабыл алат.  

4-глава. Эсептешүү банкынын милдеттери 

4-глава. Эсептешүү банкынын милдеттери 

16. Эсептешүү банкы төмөнкүлөргө милдеттүү:  

- ушул Жобонун 2-главасында белгиленген талаптарга ылайык келүү, ошондой эле өзүнө алган бардык милдеттенмелердин сакталышын камсыз кылуу;  

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте ликвиддүүлүктүн жетишсиздигине, ошондой эле ГСРРВ талаптарына ылайык төлөмдөрдүн кечиктирилишине жана кезектүүлүгүнө жол бербөө (колдонулган учурда);  

- эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жагында Эсептешүү банкынын башкармасы тарабынан бекитилген колдонуудагы планга ээ болуу;  

- төлөм системаларынын операторлору менен интеграцияланган төлөм системаларынын эсептешүү банктары менен билдирүүлөрдү өткөрүүнүн негизги жана резервдик каналдарын камсыз кылуу;  

- төлөм системасына катышкан банктар, ошондой эле бул система менен интеграцияланган локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкы менен өз ара эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүгө кепилдик берүү;  

- банкта юридикалык жактарды эсептешүү-кассалык тейлөө боюнча колдонуудагы тарифтердин чегинен жогору эмес тарифтерди белгилөө;  

- ушул Жобонун 6-пунктунун талаптарын аткаруу максатында, акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банктагы жана башка банктардагы корреспонденттик эсептердеги жетиштүү ликвиддүүлүктү эсептөө методикасын, ошондой эле ушул система менен интеграцияланган локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкы менен, ошондой эле бул системанын катышуучулары менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жобосун иштеп чыгуу жана бекитүү;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык маалымат системаларына аудит жүргүзүү;  

- эл аралык төлөм системасы менен интеграцияланган, маанилүү төлөм системасынын же системалуу мааниге ээ төлөм системасынын Эсептешүү банкы ордун жабуу мөөнөтү кеминде 3 (үч) айды түзгөн (күрөөгө коюлган портфелди эске албаганда) мамлекеттик баалуу кагаздардын жана Улуттук банктын баалуу кагаздар портфелин, же болбосо банктык гарантияны же төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмдарынын төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүсү үчүн башка инструментти төлөм системаларынын операторуна/төлөм уюмдарына гарантия катары берүүгө тийиш. Мында жогоруда белгиленген гарантиялык инструменттер чогуу алганда Эсептешүү банкынын кызматтарын көрсөтүү жөнүндө түзүлгөн келишимдер боюнча төлөм системаларынын операторунун локалдык системасы менен интеграцияланган төлөм системасы боюнча жүгүртүүлөрдүн орточо күндүк маанисинен кем болбоого (өткөн айдын ар бир күнү үчүн жүгүртүүлөрдүн суммасы/төлөмдөр жүргүзүлгөн өткөн айдагы күндөрдүн саны) тийиш.  

Ай ичиндеги жүгүртүүлөрдүн орточо маанисин эсептөө төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму тарабынан өткөн ай үчүн маалыматтардын негизинде айына 1 (бир) жолу жана отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин тиешелүү маалымат отчеттук ай ичинде коммерциялык банк - Эсептешүү банкы тарабынан андан ары пайдалануу үчүн Улуттук банкка жана коммерциялык банкка жөнөтүлөт.  

16. Эсептешүү банкы төмөнкүлөргө милдеттүү:  

- ушул Жобонун 2-главасында белгиленген талаптарга ылайык келүү, ошондой эле өзүнө алган бардык милдеттенмелердин сакталышын камсыз кылуу;  

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте ликвиддүүлүктүн жетишсиздигине, ошондой эле ГСРРВ талаптарына ылайык төлөмдөрдүн кечиктирилишине жана кезектүүлүгүнө жол бербөө (колдонулган учурда);  

- эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жагында Эсептешүү банкынын башкармасы тарабынан бекитилген колдонуудагы планга ээ болуу;  

- төлөм системаларынын операторлору менен интеграцияланган төлөм системаларынын эсептешүү банктары менен билдирүүлөрдү өткөрүүнүн негизги жана резервдик каналдарын камсыз кылуу;  

- төлөм системасына катышкан банктар, ошондой эле бул система менен интеграцияланган локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкы менен өз ара эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүгө кепилдик берүү;  

- тарифтерди юридикалык жактарды эсептешүү-кассалык тейлөө боюнча банкта иштеп жаткан тарифтер ченинен жогорку эмес жана/же тараптар менен макулдашуу боюнча белгилөө;  

- ушул Жобонун 6-пунктунун талаптарын аткаруу максатында, акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банктагы жана башка банктардагы корреспонденттик эсептердеги жетиштүү ликвиддүүлүктү эсептөө методикасын, ошондой эле ушул система менен интеграцияланган локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкы менен, ошондой эле бул системанын катышуучулары менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жобосун иштеп чыгуу жана бекитүү;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык маалымат системаларына аудит жүргүзүү;  

- локалдык/эл аралык төлөм системасы менен интеграцияланган, маанилүү төлөм системасынын же системалуу мааниге ээ төлөм системасынын Эсептешүү банкы ордун жабуу мөөнөтү кеминде 3 (үч) айды түзгөн (күрөөгө коюлган портфелди эске албаганда) мамлекеттик баалуу кагаздардын же Улуттук банктын баалуу кагаздар портфелин, же болбосо банктык гарантияны же төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмдарынын төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүсү үчүн башка инструментти төлөм системаларынын операторуна/төлөм уюмдарына гарантия катары, макулдашуу боюнча берүүгө тийиш.  

Ай ичиндеги жүгүртүүлөрдүн орточо маанисин эсептөө төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму тарабынан өткөн ай үчүн маалыматтардын негизинде айына 1 (бир) жолу жана отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин тиешелүү маалымат отчеттук ай ичинде коммерциялык банк - Эсептешүү банкы тарабынан андан ары пайдалануу үчүн Улуттук банкка жана коммерциялык банкка жөнөтүлөт.  

5-глава. Келишимге карата талаптар 

5-глава. Келишимге карата талаптар 

17. Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму менен Эсептешүү банкынын ортосундагы келишимде, эсептешүү-кассалык тейлөө келишиминин шарттарынан тышкары, кеминде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:  

- тараптардын укуктары жана милдеттери;  

- тараптардын жоопкерчилиги;  

- эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөттөрү;  

- эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө маалымат алмашуу тартиби;  

- тараптардын макулдугу боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн гарантиясы үчүн төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму тарабынан сакталган депондоштурулган сумманын өлчөмү жана аны пайдалануу тартиби;  

- өзгөчө жагдайлар орун алган шартта маалымдоо тартиби, өзгөчө жагдайлар орун алган шартта өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү;  

- талаш маселелерди чечүү тартиби;  

- төлөө шарттары (тарифтер, комиссиялар жана сый акылар ж.б.);  

- келишимди токтотуу жана акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби;  

- келишимде башка шарттар дагы камтылышы мүмкүн.  

17. Эсептешүү-кассалык тейлөө келишиминин шарттарынан тышкары, локалдык төлөм системасынын оператору менен Эсептешүү банкынын ортосунда түзүлгөн келишим, эң аз дегенде, төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:  

- тараптардын укуктары жана милдеттери;  

- тараптардын жоопкерчилиги;  

- эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөттөрү;  

- ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам ченемдерине ылайык төлөмдөрдү четке кагуу шарттарын кошо алганда, эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө маалымат алмашуу тартиби;  

- тараптардын макулдугу боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн гарантиясы үчүн төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму тарабынан сакталган депондоштурулган сумманын өлчөмү жана аны пайдалануу тартиби;  

- өзгөчө жагдайлар орун алган шартта маалымдоо тартиби, өзгөчө жагдайлар орун алган шартта өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү;  

- талаш маселелерди чечүү тартиби;  

- төлөө шарттары (тарифтер/комиссиялар жана сый акылар ж.б.);  

- келишимди токтотуу жана акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби;  

- келишим системанын эрежелери жана тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленген башка шарттарды камтышы мүмкүн.  

6-глава. Корутунду жоболор 

6-глава. Корутунду жоболор 

18. Тараптар келишимде каралган учурларда жана тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жана эсептешүүлөр боюнча бардык милдеттенмелердин ордун жабуу шартында түзүлгөн келишимдерге шайкеш келбестигин аныкташса, каалаган учурда аны жокко чыгарууга укуктуу.  

18. Тараптар келишимде каралган учурларда жана тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жана эсептешүүлөр боюнча бардык милдеттенмелердин ордун жабуу шартында түзүлгөн келишимдерге шайкеш келбестигин аныкташса, каалаган учурда аны жокко чыгарууга укуктуу.