Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана регулятивдик банктык отчеттуулук маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 1998-жылдын 14-декабрындагы № 34/9 «Коммерциялык банктын операцияларын ишеним боюнча тескөө аркылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө»; 

- 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү» Жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»

- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 29-мартындагы № 2019-П-12-/17-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»; 

2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелери боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»

- 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»

- 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»

- 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө»; 

- 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарды, «Элдик турак-жай компаниясы» турак жай-сактык кредиттик компаниясы» ачык акционердик коомун, алмашуу бюролорун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын «____»________ 

№_________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана регулятивдик банктык отчеттуулук  

маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын 14-декабрындагы № 34/9 «Коммерциялык банктын операцияларын ишеним боюнча тескөө аркылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктын операцияларын ишеним боюнча тескөө аркылуу жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 11.1-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Көрсөтүлгөн маалымат чейрек сайын жана жыл сайын сунушталуучу Регулятивдик банктык отчетто да камтылууга тийиш.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү» Жобонун: 

- 3.3-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын тобокелдик жагдайлары тууралуу маалымат банк тарабынан Регулятивдик банктык отчеттун курамында Улуттук банкка ай сайын берилет.». 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелеринин: 

- 8.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк Регулятивдик банктык отчетту Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык өзүнчө жана консолидацияланган негизде Улуттук банкка сунуштайт.». 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

- 11-пункту: 

төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: 

«Нотариустун депозити бул нотариус тарабынан Кыргыз Республикасынын нотариат жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык банкта ачылган атайын эсеп.»; 

төмөнкү мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«Рекультивациялык эсеп деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 токтому менен бекитилген «Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн мааниде түшүнүү зарыл.»; 

төмөнкү мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«Эскроу эсеп - бул кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү сатып алуу/сатуу келишимин каттоодон кийин сатуучуга улуттук валютада акча каражаттарын которуу максатында кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү сатуучу, сатып алуучу жана банк ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде ачылган атайын эсеп.»; 

- 15-1-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Атайын эсептерге эскроу эсеби, рекультивациялык эсеп, нотариустун депозити жана башка эсептер кириши мүмкүн.»; 

- 22-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22-1. Эгерде эсеп ачууда же эсеп боюнча операцияларды ишке ашырууда банкта операциялар (бүтүмдөр) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) (анын ичинде шектүү операциялар (бүтүмдөр) критерийлеринин/белгилеринин негизинде) тиешеси бар катары шектенүүлөр пайда болсо, банк төмөнкү чараларды колдонууга тийиш: 

- кандай гана артыкчылыктар болбосун же чектүү маанилер белгиленбесин кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо; 

- ишкердик мамилелерге же операцияга (бүтүмгө) ар тараптуу талдоо жүргүзүү жана ишкердик мамилени же операцияны (бүтүмдү) шектүү катары таануу жөнүндө чечим кабыл алуу; 

- шектүү операцияны (бүтүмдү) 5 (беш) жумуш күнгө чейин токтотуу жана операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү катары таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүү. Финансылык чалгындоо органы 5 (беш) жумуш күнү ичинде шектүү операцияны (бүтүмдү) талдоонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алып, ал тууралуу банкка маалымдайт; 

- кардар менен ишкердик мамилени токтотуп туруу же токтотуу. 

Эскертүү: шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) көрсөтүлгөн критерийлери/ белгилери Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жободо каралган.»

- Нускоого карата 1-тиркеменин: 

5-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«- жалпы жарандык паспортто Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке тургандыгы же туруктуу жашап жаткандыгы жана өлкөгө келгендиги тууралуу белги коюлган шартта, Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жок Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн);»; 

- Нускоого карата 3-тиркеменин: 

7-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банк-корреспонденттин башка мамлекеттерде жөн гана катталган банктар, жогору тобокелдиктүү өлкөлөрдө (оффшордук аймактарда) катталган банктар сыяктуу кардарлары бар же жок экендиги тууралуу маалыматтарды талап кылуу;». 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоонун: 

- 36-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«36. Банк Регулятивдик банктык отчеттун курамында отчетторду Улуттук банкка берүүгө тийиш.». 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда, банк эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда, банк эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 10-пунктун 3-пунктчасынын: 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« - банк Башкармасына так эмес, толук эмес же санкциясыз ишке ашырылган операцияларды, активдердин сакталышын камсыз кылуу боюнча иштеги кемчиликтерди, финансылык жана регулятивдик отчетторду түзүүдөгү каталарды, банктын ички документтеринин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол берүүлөрдү өз убагында аныктоого, өз ара байланыштуу түзүмдөрдө таламдардын каршы келишине, ички кыянаттык менен пайдаланууларга жана алдамчылыкка жол бербөөгө мүмкүндүк берүү жөндөмдүүлүгүн ички контролдоо абалы жөнүндө;»; 

он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Улуттук банкка регулятивдик отчеттун өз убагында, так жана толук берилишин контролдоо жана мониторинг жүргүзүү жөнүндө;». 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоонун: 

- 8-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Регулятивдик банктык отчеттун алкагында финансылык абалдын өзгөрүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;»; 

- 14-пунктунун алтынчы абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Финансылык отчеттордо, ошондой эле башка басма сөз беттерине жарыялануучу Регулятивдик банктык отчеттун алкагында банк тарабынан сунушталуучу маалыматтардын аныктыгын текшерүү.»; 

- Нускоого карата 1-тиркеменин: 

V главасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«V. Бухгалтердик эсепке алуу, Регулятивдик банктык отчет, аудит боюнча маалыматтар»; 

- 43-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Акыркы эки жыл үчүн ай сайын берилүүчү Регулятивдик банктык отчет (кагаз жүзүндө/электрондук түрдө).». 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 2019-П-12-/17-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 50-4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«50-4. Ликвиддүүлүк көрсөткүчүн эсептөө тууралуу маалымат банктар тарабынан Регулятивдик банктык отчеттун курамында ай сайын берилип турат.». 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

- 9-пункту: 

төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«Нотариустун депозити бул нотариус тарабынан Кыргыз Республикасынын нотариат жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык банкта ачылган атайын эсеп.»; 

төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

«Рекультивациялык эсеп деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 токтому менен бекитилген «Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн мааниде түшүнүү зарыл.»; 

төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«Эскроу эсеп - бул кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү сатып алуу/сатуу келишимин каттоодон кийин сатуучуга улуттук валютада акча каражаттарын которуу максатында кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү сатуучу, сатып алуучу жана банк ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде ачылган атайын эсеп.»; 

- 13-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Атайын эсептерге эскроу эсеби, рекультивациялык эсеп, нотариустун депозитти жана башка эсептер кириши мүмкүн.»; 

Нускоо төмөнкү мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын:  

«21-1. Эгерде эсеп ачууда же эсеп боюнча операцияларды ишке ашырууда банкта операциялар (бүтүмдөр) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) (анын ичинде шектүү операциялар (бүтүмдөр) критерийлеринин/белгилеринин негизинде) тиешеси бар катары шектенүүлөр пайда болсо, банк төмөнкү чараларды колдонууга тийиш: 

- кандай гана артыкчылыктар болбосун же чектүү маанилер белгиленбесин кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо; 

- ишкердик мамилелерге же операцияга (бүтүмгө) ар тараптуу талдоо жүргүзүү жана ишкердик мамилени же операцияны (бүтүмдү) шектүү катары таануу жөнүндө чечим кабыл алуу; 

- шектүү операцияны (бүтүмдү) 5 (беш) жумуш күнгө чейин токтотуу жана операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү катары таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүү. Финансылык чалгындоо органы 5 (беш) жумуш күнү ичинде шектүү операцияны (бүтүмдү) талдоонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алып, ал тууралуу банкка маалымдайт; 

- кардар менен ишкердик мамилени токтотуп туруу же токтотуу. 

Эскертүү: шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) көрсөтүлгөн критерийлери/ белгилери Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жободо каралган.»

- Нускоого карата 1-тиркеменин: 

- 5-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- жалпы жарандык паспортто Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке тургандыгы же туруктуу жашап жаткандыгы жана өлкөгө келгендиги тууралуу белги коюлган шартта, Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жок Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн);»; 

- Нускоого карата 3-тиркеменин: 

8-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банк-корреспонденттин башка мамлекеттерде жөн гана катталган банктар, жогору тобокелдиктүү өлкөлөрдө (оффшордук аймактарда) катталган банктар сыяктуу кардарлары бар же жок экендиги тууралуу маалыматтарды талап кылуу;». 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктунун: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жакын туугандары (алардын жашоосу, тиричилик кылуусу, билим алуусу, ден соолугун чыңдоосу жана башка зарыл чыгашаларынын ордун жаап берүү жагында финансылык сарптоолорду жумшаган кеңири белгилүү кызмат адамдын ата-энеси, асырап алган, асырап алынган балдары, аталаш (энелеш) ага-инилери, эже-карындаштары, чоң ата, чоң апасы/таята, таенеси, неберелери).»; 

төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: 

«Кардар - банктын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо банк алар менен ишкердик мамиле түзүп жаткан же түзгөн жеке адам же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык түзүм.»; 

- 8-пунктунун: 

3-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

- бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана кардарлардын, анын ичинде юридикалык түзүм (чет элдик траст ж.б.) болуп саналган бенефициардык ээсин верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана негиздүү чараларды көрүү;»; 

5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) финансылык чалгындоо органынын талаптарына ылайык, ошондой эле алардын тизмеги ушул Жобого карата тиркемеде келтирилген шектүү операциялар (бүтүмдөр) критерийлерине/белгилерине таянуу менен кардар мындай операцияларды жүзөгө ашыргандыгынын негиздүүлүгүн тастыктоо же шектенүүлөрүн четке кагуу үчүн кардардын ишинде шектүү операциялар белгилерине ээ операцияларды аныктоо;»

төмөнкү мазмундагы 14-1-пунктча менен толукталсын: 

«14-1) ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө банктын ички контролдук программасы жана ички документтер колдонулгандыгына мониторинг жүргүзүү жана зарыл учурда аларды өркүндөтүү;»; 

- 27-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) ресурстарды бөлүштүрүү жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн, анын ичинде улуттук тобокелдиктерге баа берүүнүн натыйжаларын, ошондой эле жогору жана төмөн тобокелдиктин типтүү критерийлерин эске алуу менен кардарлар, өлкөлөр, өнүмдөр, кызматтар, операциялар (бүтүмдөр) жана жеткирүү каналдары боюнча өз тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документте каттоого жана туруктуу негизде жаңыртып турууга милдеттүү;»; 

- 32-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо маалыматтарын утурумдук негизде, бирок жыл ичинде кеминде бир жолу жаңылап туруу;»; 

- 33-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кардар террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (изин жашырууга) ишин жүзөгө ашыргандыгы боюнча шектенүүлөр бар болсо, тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды колдонууга жол берилбейт.»; 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Банк террористтик ишти каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашырууга) тобокелдигин талаптагыдай контролдоо максатында, жаңы технологияларды, продукттарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле жаңы механизмдерди же өнүгүп жаткан технологияларды колдонуу менен учурда колдонулуп жаткан же жаңы банктык продукттар, анын ичинде операцияларды (бүтүмдөрдү) кардар менен түздөн-түз байланышуусуз ишке ашыруу болжолдонгон жаңы ишкердик тажрыйбасын колдонууга жана ишке киргизүүгө байланыштуу иштелип чыккан бардык жол-жоболордун сакталышын камсыз кылууга тийиш.»; 

- 43-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Кызмат көрсөтүүлөрдүн, операциялардын, технологиялардын жаңы түрлөрүн, ошондой эле учурда колдонулуп жаткан же жаңы продукттар үчүн ишкердик тажрыйбаны колдонууга киргизүү алдында банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында мындай кызмат көрсөтүүгө, операцияга, технологияга жана ишкердик тажрыйбага тиешелүү бардык тобокелдиктерди аныктоого жана баалоого милдеттүү.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы тиркеме менен толукталсын: 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата  

минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата  

тиркеме 

 

Шектүү операциялар (бүтүмдөр) критерийлери/белгилери 

 

1) кардар бир убакта же кыска мөөнөт ичинде банктын бир же бир нече бөлүмдөрүндө бир нече эсептерди же көп санда эсептерди ачуусу; 

2) кардардын (уюмдун же жеке ишкердин) учурдагы (эсептешүү) банк эсеби боюнча акча каражаттарын жүгүртүлүшү эсеп боюнча орточо айлык жүгүртүүгө (өткөн айдагы жүгүртүүгө) салыштырмалуу 3 эседен ашык көбөйүшү

3) так экономикалык мааниси жок же так юридикалык максаты болбогон операциянын (бүтүмдүн) чаташкан же адаттагыдан башкача өзгөчөлүгү

4) кардар текшерүүгө мүмкүн болбогон шектүү маалыматты берсе; кардар менен ал көрсөткөн даректер жана телефондор боюнча байланышуу мүмкүн эмес болсо; 

5) кардар ишенимсиз, жалган маалыматтарды жана документтерди берсе; 

6) үчүнчү жак бул эсептерди тескөө укугу менен бир нече кардарлардын атына эсептерди ачса же болбосо бир нече кардар ошол эле үчүнчү жак ишеним каттын негизинде эсептерди тескөө укугу менен эсептерди ачса; 

7) резидент-кардарлар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында резидент эместерден сатып алынган товарларды жеткирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары резиденттер тарабынан сатып алынган жана бажы чек арасын өтпөгөн товарларды жеткирүү жөнүндө келишимдер боюнча резидент эместердин пайдасына акча каражаттарын которуулар; 

8) кардар банк тарабынан суралган операция (бүтүм) жөнүндө маалыматты берүүдөн негизсиз баш тартуусу же негизсиз кечиктирүүсү

9) операциянын (бүтүмдүн) кардардын ишинин түрүнө ылайык келбегендиги; 

10) кардар (уюм же жеке ишкер) ал аркылуу 6 айдан ашык убакыт бою бир аз гана операция ишке ашырса же операция ишке ашырылбаган эсептешүүүндөлүк) эсепти пайдалануу менен ал үчүн олуттуу болуп саналган суммада бүтүмдөрдү жүргүзсө

11) кардардын контрагенттерин аныктоо мүмкүн эмес болсо же кардар берген бүтүм тарабы жөнүндө маалымат менен банкта болгон маалыматтар ортосунда дал келбестиктер болсо; 

12) кардар адатта колдонгон тажрыйбадан же кадимки рыноктук тажрыйбадан айырмаланган стандарттуу эмес же адаттагыдан башкача татаал эсептешүү көрсөтмөлөр болсо; 

13) келишимдин шарттары боюнча алар боюнча тастыктоо документтери (контракттар, бажы декларациялары ж.б.) узак мөөнөткө (90 жана андан жогору күнгө) берилген товарларга байланыштуу операциялар (бүтүмдөр); 

14) кардар операцияны (бүтүмдү) ишке ашыруу алдында гана мурда макулдашылган схемага акча каражаттарынын же башка мүлктүн кыймылынын багыты боюнча олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизсе; 

15) акча каражаттарын же товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, интеллектуалдык иштин натыйжаларын) алуучу катары бул келишим боюнча тарап болуп саналбаган резидент эмес саналган тышкы соода келишими боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу операцияны (бүтүмдү) резидент кардар ишке ашырса; 

16) банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында ички контролдук программасын жүзөгө ашыруусунун натыйжасында кардардын же банктын демилгеси боюнча ошол банктык эсепти жабууда акча каражаттарынын калдыгын берүүгө (кардардын башка банкта ачылган эсебине которууга) байланыштуу кардардын банктык эсеби боюнча операция.». 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 8-пунктунун: 

16-пунктчасынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктар отчеттук маалыматтарды Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө Регулятивдик банктык отчеттун алкагында, ал эми адистештирилген финансылык мекемелер - Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында сунушташат.»; 

24-пунктчасындагы «70000» саны «100000» дегенге алмаштырылсын; 

- 27-пунктунун 1-пунктчасындагы «70000» саны «100000» дегенге алмаштырылсын; 

- 30-пунктунун: 

1-пунктчасындагы «70000» саны «100000» дегенге алмаштырылсын; 

2-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы «70000» саны «100000» дегенге алмаштырылсын; 

- 48-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банктар (алмашуу пункттары) Регулятивдик банктык отчеттун алкагында;». 

 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жакын туугандары - алардын жашоосу, тиричилик кылуусу, билим алуусу, ден соолугун чыңдоосу жана башка зарыл чыгашаларынын ордун жаап берүү жагында финансылык сарптоолорду жумшаган кеңири белгилүү кызмат адамдын ата-энеси, асырап алган, асырап алынган балдары, аталаш (энелеш) ага-инилери, эже-карындаштары, чоң ата, чоң апасы/таята, таенеси, неберелери.»; 

- 5-пункту төмөнкү мазмундагы 7-1-пунктча менен толукталсын: 

«7-1) Микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана адистештирилген финансылык мекемелер ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө ички контролдук программасын жана ички документтерди колдонуусуна мониторинг жүргүзүү жана зарыл учурда аларды өркүндөтүүгө жана кеңейтүүгө;»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы: 

5-1-пункт менен толукталсын: 

«5-1. Микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана адистештирилген финансылык мекемелер ички контролдук программаларын иштеп чыгууга жана филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин аймагында ишкердигин жүргүзгөн туунду жана караштуу коомдору аларды ишке ашыруусун камсыз кылууга милдеттүү

Эгерде чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө ички контролдук программасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын колдонууга жол берилбесе, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана адистештирилген финансылык мекемелердин филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле туунду жана караштуу коомдору тобокелдиктерди тескөө боюнча зарыл чараларды көрүшөт жана бул тууралуу Улуттук банкка билдиришет.»; 

төмөнкү мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын: 

«16-1. Микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана адистештирилген финансылык мекемелер ресурстарды бөлүштүрүү жана тобокелдиктерди азайтуу максатында кардарлар, өлкөлөр, продукттар, кызмат көрсөтүүлөр, операциялар (бүтүмдөр) жана жеткирүү каналдары боюнча өз тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документте каттоого жана туруктуу негизде жаңыртып турууга милдеттүү.»; 

- 26-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо маалыматтарын утурумдук негизде, бирок жыл ичинде кеминде бир жолу жаңылап туруу;»; 

- 27-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кардар террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоого) ишин жүзөгө ашыргандыгы боюнча шектенүүлөр бар болсо, тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды колдонууга жол берилбейт.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 28-1-пункт менен толукталсын: 

«28-1. Микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана адистештирилген финансылык мекемелер жаңы финансылык продукттарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды, ошондой эле жаңы механизмдерди же өнүгүп жаткан технологияларды колдонуу менен учурда колдонулуп жаткан же жаңы финансылык продукттар үчүн жаңы ишкердик тажрыйбаны иштеп чыгуудан жана колдонууга киргизүүдөн улам келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоого жана баалоого милдеттүү. Мындай баалоо жогоруда аталган продукттар, кызмат көрсөтүүлөр, технологиялар жана ишкердик тажрыйба ишке киргизилгенге чейин же колдонууга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.». 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 6-пунктунун 1-пунктчасындагы «70000» саны «100000» дегенге алмаштырылсын. 

13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобонун: 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Банктар отчеттук ай үчүн ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти жана олуттуу чет өлкө валютасында ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти боюнча эсептөөлөрдү Регулятивдик банктык отчеттун курамында ай сайын Улуттук банка берип турушат.». 

14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө нускоонун: 

- 31-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Текшерүү жөнүндө отчетто ошондой эле тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманын негизинде банк эмес уюмдардын ишинде тобокелдиктерге баа берүү натыйжалары камтылат.». 

15. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун: 

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарынын аткарылышы жана аларды эсептөө тууралуу маалымат банктар тарабынан Регулятивдик банктык отчеттун курамында ай сайын берилет.».  

16. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 62-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«62. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчет ушул Жобого карата 1-тиркемедеги форма боюнча Регулятивдик банктык отчеттун курамында Улуттук банкка берилет.». 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана регулятивдик банктык отчеттуулук маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана регулятивдик банктык отчеттуулук маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын корреспонденттик мамилелерин жакшыртууга жана өлкөдө террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин азайтууга багытталган террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ПФТД/ЛПД) чөйрөсүндө ведомстволор аралык иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан. 

Мындан тышкары токтом долбоорунда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында киргизилүүчү өзгөртүүлөр, ошондой эле техникалык мүнөздөгү, анын ичинде жаңы регулятивдик банктык отчеттуулукту ишке киргизүү пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу өзгөртүүлөр камтылат. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоорунда, алардын негизинде коммерциялык банктар ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте кардарга эсеп ачуудан, операцияны ишке ашыруудан баш тартышы жана ишкердик мамилелерди токтотушу мүмкүн болгон шектүү операциялар (бүтүмдөр) критерийлеринин/белгилеринин тизмегин белгилөө сунушталууда. 

Мындан тышкары токтом долбоорунда Улуттук банктын бир катар ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 «Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомуна ылайык келтирүү максатында киргизилген өзгөртүүлөр камтылат. Өзгөртүүлөр төмөнкүлөргө тиешелүү

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары боюнча чектүү сумманын өлчөмүн жогорулатуу, аларды ишке ашырууда коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары кардарды талапка ылайык текшеришет; 

- коммерциялык банктарга шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) 5 (беш) жумуш күнгө чейин токтото турууга ыйгарым укуктарды берүү жана финансылык чалгындоо органына билдирүү жөнөтүү

- банк эмес финансы-кредит уюмдардын ишинде тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыгы боюнча отчет даярдоо жөнүндө инспекторлорго карата талап белгилөө

Мындан тышкары токтом долбоорунда аларга эскроу эсеби, рекультивациялык эсеп, нотариустун депозити жана башка эсептер кириши мүмкүн болгон атайын эсептердин түрлөрүн тактоо максатында техникалык толуктоо каралган. 

Токтом долбооруна ылайык Улуттук банктын банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдардын ишин жөнгө салуучу 17 ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилүүдө

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо. 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгы козголгон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат  

Сунушталган долбоордун жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттердин ишин жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жүргүзүлдү

 

 

 

 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана регулятивдик банктык отчеттуулук маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

 

 

I. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын банк системасы 23 коммерциялык банктан турат, алардын негизги көрсөткүчтөрү банк сектору терс таасирлерге салыштырмалуу туруктуу экендигин көрсөткөн. 

Чет өлкөлүк банктар менен банктык корреспонденттик мамилелерди түзүү жана колдоо маселелери бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын банк сектору үчүн негизги маселелердин бири болуп саналат. 

Ошону менен бирге, 2022-жылдын январынан тартып европанын ири банктарынын бири Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары менен корреспонденттик мамилелерин токтоткондугун белгилей кетүү керек. Кыргыз Республикасы менен банктык мамилелерди токтотуу жөнүндө чечим 2021-жылы өткөрүлгөн банк-корреспонденттердин бизнес-шайкештигине терең баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынып, анда террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктери (мындан ары- ФТД/ЛПД) көз карашынан алганда жогору көрсөткүчтөр белгиленген. 

Мындан тышкары, Россия Федерациясынын айрым банктарына жана Борбордук банкына каршы киргизилген санкциялар банктык корреспонденттик мамилелердин учурдагы абалын начарлатууда. 

Кыргыз Республикасында банктык корреспонденттик мамилелерди түзүүгө/ улантууга тоскоолдук кылган негизги себептер катары өлкө үчүн мүнөздүү болгон төмөнкү чабал учурлар саналат: 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ПФТД/ЛПД) боюнча талаптарды сактоо боюнча чыгымдардын ордун жаппаган транзакциялардын салыштырмалуу аз көлөмү

- накталай акча менен эсептешүүлөрдүн жогору деңгээли; 

- накталай акча каражаттарын, товарларды жана башка баалуулуктарды мыйзамсыз түрдө чек ара аркылуу алып өтүү

- жана башкалар. 

Көрсөтүлгөн кемчиликтер эл аралык миссиялардын жүрүшүндө жана ПФТД/ЛПД улуттук системасын баалоодо, атап айтканда, Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразия тобунун отчетторунда (2018-ж.) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары - Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы) жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан даярдалган банктык корреспонденттик мамилелер маселелери боюнча отчетто бир нече жолу белгиленген. 

Жогоруда белгиленген ири европа банкы менен корреспонденттик мамилелерди токтотууга негиз катары төмөнкү себептер да келтирилген: 

- накталай акчадан олуттуу көз карандылык менен ири көмүскө экономика; 

- бенефициардык менчик ээсин идентификациялоого карата талаптар мыйзамдарда жетиштүү деңгээлде жөнгө салынган эмес; 

- операциялардын мониторингин контролдоонун жетишсиздиги; 

- мамлекеттик кызмат адамдарына карата мыйзамдарда боштуктардын болушу (чет өлкөлүк жана улуттук мамлекеттик кызмат адамдарын салыштырууда); 

- ишкер мамилелерди түзүүдө кардарларды алдын ала тандоого (талдоо/текшерүү) карата мамилелерде боштуктардын болушу жана кылдат карап чыгуу деңгээлинин жетишсиздиги; 

- кардарлар менен мамилени токтотууда кемчиликтерге жол берилиши. Аналитикалык потенциалдын начардыгын эске алганда, көпчүлүк коммерциялык банктар мыйзамдардын ийкемсиз ченемдерине өтө эле көп таянышат, бул алардын түшүнүгүнүн жетишсиздигине жана ФТД/ЛПД тобокелдиктерин толук өлчөмдө башкарууга жөндөмсүздүгүнө алып келди. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы кемчиликтерди четтетүү жана инвестициялык климатты, банктык корреспонденттик мамилелерди жакшыртуу максатында, коммерциялык банктар ПФТД/ЛПД системасында маанилүү орунду ээлей тургандыгын эске алып, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиев тарабынан бир катар иш-чаралар каралган эл аралык план кабыл алынган, аларды аткарууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) да тартылган. 

Коммерциялык банктарга шектүү жагдайлар орун алган учурда кардарды тейлөөдөн баш тартуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн Улуттук банк Башкармасы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана регулятивдик банктык отчеттуулук маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору (мындан ары токтом долбоору) иштелип чыккан. 

Токтом долбоорунда шектүү операциялар (бүтүмдөр) критерийлеринин/ белгилеринин тизмеги каралган, алардын негизинде коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипке ылайык ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук программасын ишке ашыруунун алкагында кардар менен ишкердик мамилелерин токтото алышат. 

Бул тартип Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 «Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунда каралган. 

Министрлер Кабинетинин токтомунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобого коммерциялык банктарга шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) 5 жумуш күнүнө чейин токтотуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жана финансылык чалгындоо органына билдирүү жөнөтүү жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Финансылык чалгындоо органынан 5 жумуш күнү ичинде алынган маалыматтын негизинде коммерциялык банктар кардар менен ишкердик мамилелерди токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 

 

2. Проблеманын масштабы 

Аналитикалык каттын алкагында каралып жаткан проблема коммерциялык банктардын шектенүү орун алган учурда кардарларды тейлөөдөн баш тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө тиешелүү, бул өз кезегинде, республиканын ПФТД/ЛПД системасынын кемчиликтеринин жана чет өлкөлүк банктар менен корреспонденттик мамилелерди токтотуу негиздеринин бири болуп саналат. 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (мындан ары Граждандык кодекс) 762-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, банк эсеп ачуудан баш тартууга укугу жок, ал боюнча тиешелүү операцияларды жүргүзүү мыйзамда, банктын уюштуруу документтеринде жана ага берилген уруксатта (лицензияда) каралган, буга банктын банктык тейлөөгө кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан улам же мыйзамга ылайык жол берилген баш тартуу учурлары кирбейт. 

ПФТД/ЛПД боюнча колдонуудагы мыйзамдарда кардар аны талаптагыдай текшерүү үчүн зарыл маалыматтарды жана (же) документтерди бербеген учурда же анык эмес документтерди берген учурларда финансылык мекеме кардар менен ишкердик мамилелерди түзүүдөн/убактылуу токтотуудан же токтотуудан баш тартуусу каралган. 

Жарандык кодекстин жогоруда аталган беренесине ылайык, операциялар (бүтүмдөр) ФТД/ЛПД менен байланыштуу деген шектенүүлөрдүн негизинде банктын кардарга эсеп ачуудан баш тартуусу, ошондой эле кардарга эсепти бир тараптуу токтотуу укугу ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамдарда каралууга тийиш. 

Кыргыз Республикасында бул талаптарды талаптагыдай жүзөгө ашыруу үчүн ПФТД/ЛПД боюнча ченемдик укуктук актыларга шектенүүлөр келип чыккан учурларда банктарга потенциалдуу кардарды тейлөөдөн баш тартуу же кардар менен ишкердик мамилелерди токтотуу укугун берген тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл, мында критерийлер жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу тартиби так белгиленүүгө тийиш. 

Операциялар (бүтүмдөр) ФТД/ЛПД менен байланыштуу деген шектенүүлөрдүн негизинде банк кардарды тейлөөдөн бир тараптуу негизде баш тарта алган так критерийлерди белгилөө зарылчылыгы, банктын шектенүүсүнүн негизинде гана мындай укуктардын болушу жетиштүү эместиги жана банк кыянаттык менен пайдаланууга барышы мүмкүндүгү, б.а. банктын кызмат адамынын дискрециялык ишке барышы мүмкүндүгү менен шартталган. Бул көрүнүш дерискинг катары да белгилүү, мында банктар тобокелдиктерди аныктоого багытталган ыкмага ылайык тобокелдиктерди жөнгө салуунун ордуна, ФТД/ЛПД боюнча шектүү схемаларга тартуу тобокелдиктерине жол бербөө үчүн айрым кардарлар менен ишкердик мамилелерди негизсиз токтотушат же чектешет. 

ФАТФтын көз карашы боюнча, дерискинг глобалдуу финансы системасына тобокелдикти жана көмүскө иш алып барууну жайылтышы мүмкүн, анткени эсептер боюнча мамилелердин токтотулушу уюмдарды жана жеке адамдарды анча контролдонбогон же жөнгө салынбаган каналдарга өтүүгө мажбурлашы мүмкүн, бул акыр аягында ФТД/ЛПД тобокелдиктеринин көбөйүшүнө алып келет. 

Мындан тышкары, сунушталган жөнгө салууну пайдаланууда натыйжалуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн (банктын кардарды тейлөөдөн баш тартуу укугу) банктарга кардар боюнча өздөрүнүн шектенүүлөрүн тастыктоо/төгүндөө үчүн мамлекеттик маалымат порталдарынан маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл. Бүгүнкү күндө кардарларды верификациялоо максатында жергиликтүү банктар үчүн маалымат алуунун төмөнкү мамлекеттик сайттары/порталдары гана жеткиликтүү

- Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги - кардарларды каттоо / жоюу жөнүндө, уюштуруучулар жана башкаруу органдары жөнүндө маалыматтар; 

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы - салыктык каттоо жөнүндө, кошумча нарк салыгын төлөөчү учурда эсеп-фактураларды алуу жөнүндө

Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн порталдардын болушу банктар үчүн ПФТД/ЛПД максатында кардарларды талаптагыдай текшерүүсү үчүн жетиштүү болуп саналбайт. Тобокелдиктерди натыйжалуу азайтуу жана ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө алдыңкы стандарттарды киргизүү үчүн бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар, накталай акча каражаттары жана юридикалык/жеке жактардын башка баалуулуктары жөнүндө маалымат алуу мүмкүндүгүн берилүүгө тийиш. 

Бул милдетти «Түндүк» маалымат системасынын долбоорун ишке ашыруунун алкагында чечүүгө болот, ал банктар үчүн Мамлекеттик бажы кызматы (товарларга декларациядагы маалыматтар), Мамлекеттик салык кызматы (юридикалык жактарды каттоо жана салык карызынын болушун/жоктугун текшерүү жөнүндө маалыматтар) жана башка мамлекеттик органдар боюнча зарыл маалыматтарды сурап алуу мүмкүнчүлүгүн берет. 

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Токтомдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп ведомстволор аралык планды аткаруу зарылчылыгы саналат, анын иш-чаралары банктык корреспонденттик мамилелерди, инвестициялык климатты жакшыртууга жана өлкөдөгү ФТД/ЛПД тобокелдиктерин азайтууга багытталган. Мындан тышкары, банктар шектүү операциялардын белгилеринин негизинде коммерциялык банктарга кардарды тейлөөдөн баш тартуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча суроо-талаптар менен бир нече жолу кайрылышкан. 

Токтом долбоорунда сунушталган банктар шектүү операциялар (бүтүмдөр) критерийлеринин/белгилеринин негизинде шектүү операцияларды аныктоо механизми Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен кардарларды тейлөөнү токтотуу жөнүндө өз убагында чечимдерди кабыл алуу үчүн кайтарым байланышты камсыз кылуу боюнча өз ара иш алып баруу тартиби каралган ПФТД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдери менен катар жүзөгө ашыруу болжолдонот, бул банктарды кардарлар менен соттук териштирүүлөрдү жүргүзүү тобокелдиктеринен коргойт. 

Коммерциялык банктарда шектенүүлөрдү кошумча каналдар аркылуу кайра текшерүү мүмкүнчүлүгүнүн болушу субъективдүү факторлорду минималдаштырат жана банк кардарды андан ары тейлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуусунда ачык-айкындуулукту жогорулатат. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Сунуш кылынган талаптар боюнча чет өлкөлүк банктардын тажрыйбасы каралды. 

Дүйнөлүк мыкты тажрыйбага ылайык, банктар шектенүүлөр болгон учурда (кардарды идентификациялоо процессинде алынган маалыматтын ишенимдүүлүгүндө, кардардын операциясынын мыйзамдуулугунда жана экономикалык максатка ылайыктуулугунда) мамлекеттик порталдар аркылуу (мисалы, бажы, салык кызматы ж.б.) өздөрүнүн шектенүүлөрүн андан ары тастыктоо/төгүндөө жана тиешелүү түрдө кардар менен ишкер мамилелерди токтотуу чечимин кабыл алуу үчүн кошумча маалыматтарды ала алышат. 

Мисалы, Россия Федерациясында, Беларусь Республикасында кошумча маалыматтарды алуу менен мамлекеттик булактар аркылуу кардар жөнүндө маалыматтарды кайра текшерүү мүмкүнчүлүгү бар (келишимдерди каттоо, валюталык көзөмөл боюнча). 

Россия Федерациясы  

2001-жылдын 7-августундагы №115-ФЗ «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» федералдык мыйзамдын 7-беренесинин 5.2-пунктуна ылайык, кредиттик уюмдарда өзүнүн ички контролдук эрежелерине ылайык, мындай келишим түзүүнүн максаты катары кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) же терроризмди каржылоо максатында операцияларды жүргүзүү санала тургандыгы жөнүндө шектенүүлөр орун алган учурда, кардар менен келишимин түзүүдөн баш тартууга укуктуу (кредиттик уюм ички контролдук эрежелерине ылайык шектүү операцияларды ишке ашыруу тобокелдигинин төмөн даражасындагы (деңгээлиндеги) топко киргизген кардар - жеке жакты, ошондой эле кардар юридикалык жакты (жеке ишкерди) кошпогондо). 

Россия Федерациясынын Борбордук банкынын 2012-жылдын 2-мартындагы № 375-П «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында кредиттик уюмдун ички контролдук эрежелерине карата талаптар жөнүндө» жобосунда, кредиттик уюмдун жана анын кардарларынын ишинин мүнөзүнө, масштабына жана негизги багыттарына жараша, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) же терроризмди каржылоо максатында жүзөгө ашырылып жатат деген шектенүүлөр келип чыккан операцияларды аныктоо максатында, бүтүмдүн адаттагыдан өзгөчө мүнөзүн көрсөткөн белгилердин тизмеси каралган. 

Кредиттик уюм бүтүмдүн адаттагыдан өзгөчө мүнөзүн көрсөткөн белгилердин тизмесин өзүнүн каалоосу боюнча толуктоого укуктуу. Кардардын операциясын шектүү операция катары квалификациялоо (квалификациясыз кылуу) жөнүндө чечимди кредиттик уюм анын тескөөсүндө болгон операцияны жүзөгө ашырган кардардын статусун жана ишин мүнөздөгөн маалыматтардын жана документтердин, ошондой эле анын өкүлүнүн жана (же) пайда алуучунун, бенефициардык ээлик кылуучунун (алар бар болсо) негизинде өз алдынча кабыл алат. 

 

Беларусь Республикасы  

Беларусь Республикасынын 2014-жылдын 30-июнундагы № 165-З «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууну, террористтик ишти каржылоону жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоону алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесине ылайык, эгерде финансылык операция банктын ички контролдук эрежелерине ылайык аны жүзөгө ашыруудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналган шектүү финансылык операцияларды аныктоо критерийлерине жана белгилерине жооп берсе банктар финансылык операцияларды жүзөгө ашыруудан баш тартууга укуктуу (акча каражаттарынын түшүүсүнөн тышкары). 

Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2014-жылдын 24-декабрындагы № 818 токтому менен бекитилген Банктык операцияларды жүзөгө ашырууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону, террористтик ишти каржылоону жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоо чөйрөсүндө ички контролдук эрежелерине карата талаптар жөнүндө нускоонун 67-пунктуна ылайык (мындан ары Нускоо), банктар ички контролдук эрежелерине шектүү финансылык операцияларды аныктоо критерийлерин жана белгилерин чагылдырышат, ошондой эле Беларусь Республикасынын «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону, террористтик ишти каржылоону жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоону болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Мыйзамынын 16-беренесинин экинчи бөлүгүнүн бешинчи абзацына ылайык Улуттук банк тарабынан иштелип чыккан банк операцияларын жүзөгө ашырууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди алуу жана (же) легализациялоо, террористтик ишти каржылоо жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоо менен байланышкан шектүү финансылык операцияларды аныктоо критерийлери жана белгилери боюнча сунуштарды эске алуу менен аларды такташтыруу жана толуктоо ыкмаларын колдонушат. Нускоодо шектүү финансылык операцияларды аныктоо критерийлеринин жана белгилеринин тизмеси келтирилген. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

 

5. Жөнгө салуунун максаты 

5.1 Сунушталган өзгөртүүлөрдүн максаты инвестициялык климатты жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча корреспонденттик мамилелерин жакшыртууга багытталган ведомстволор аралык планды аткаруу, ошондой эле өлкөдө ФТД/ЛПД тобокелдиктерин азайтуу саналат. 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунушталган жөнгө салуу - Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана регулятивдик банктык отчеттуулугу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун бекитүү

Токтом долбоорун кабыл алууда төмөнкүлөрдү ишке ашырууга жол берилет: 

- шектүү операциялар (бүтүмдөр) критерийлеринин/белгилеринин тизмесин белгилөөгө

- кардардын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу шектенүүлөр болгон учурда, финансылык чалгындоо органынан кайтарым байланыш алуу механизми болгон учурда шектүү операциялардын критерийлерине/белгилерине таянуу менен коммерциялык банктардын кардарларды тейлөөдөн баш тартуу укугун караштырууга; 

өлкөдө террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин азайтууга; 

- Базель индексиндеги Кыргыз Республикасынын рейтингин жакшыртууга, ал көрсөткүч болуп саналат, анын негизинде чет өлкөлүк банк-корреспонденттер өлкөнүн тобокелдик профилин баалашат; 

Маалымат үчүн: Базель индекси ФТД/ЛПД тобокелдиктерин ПФТД/ЛПД системасынын сапаты, паракорчулук жана коррупция, финансылык ачык-айкындуулук жана стандарттар, коомдук ачык-айкындуулук жана отчеттуулук, укуктук жана саясий тобокелдиктер сыяктуу тармактарды камтыган ФАТФ, Transparency International, Дүйнөлүк банк жана Дүйнөлүк экономикалык форум сыяктуу 17 жалпыга жеткиликтүү булактардын маалыматтарынын негизинде баалайт. 

- коммерциялык банктардын чет өлкөлүк банктар менен корреспонденттик мамилелерин жакшыртуу. 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1. Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД системасын жакшыртууга көмөк көрсөтөөрү күтүлүүдө

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлгөн таасирлер: 

1) экономикага таасири: токтомдун долбоору Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган; 

2) социалдык чөйрөгө таасири: сунушталган өзгөртүүлөр бүтүндөй коомдун кызыкчылыктарын коргоого багытталган, анткени өлкөдө ФТД/ЛПД тобокелдиктерин азайтуу механизмин ишке ашыруу болжолдонууда. 

7.3. Кызыкдар тараптар жөнгө салынуучу негизги топторго карата күтүлүп жаткан таасир: 

1) Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы сунушталып жаткан токтомдун долбоорунун максаттарын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн кызматтын бир нече бөлүмдөрүн тартууга тийиш; 

2) коммерциялык банктар үчүн ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук программасын жакшыртуу жана шектүү операциялардын критерийлеринин өздүк тизмесин иштеп чыгууга түрткү берүү үчүн шарттар түзүлөт. Ошондой эле банктар үчүн да кардарларды тейлөөдөн баш тартуу боюнча негизделген чечимдерди кабыл алуу чаралары ченемдик укуктук актыларда жөнгө салынган учурда, ФТД/ЛПД процесстерине жана кардарлар менен соттук териштирүүлөргө тартылуу тобокелдиктери да кыскарат. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталган өзгөртүүлөр корреспонденттик банктык мамилелерди жакшыртууга багытталган. Мында банктар ПФТД/ЛПД боюнча ички документтерге жана ички контролдук программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле банктардын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутууга тийиш. 

Ошондой эле, банктар шектүү операциялар боюнча натыйжалуу чечимдерди кабыл алуусу үчүн финансылык чалгындоо органынан билдирүүлөрдү өз убагында алуу үчүн коммерциялык банктардын финансылык чалгындоо органы менен кайтарым байланыш механизмин ишке ашыруу үчүн да убакыт талап кылынат. 

Токтомдун долбоору бекитилгенге чейин, токтомдун долбоорун ишке ашыруу механизмин так түшүнүү жана бардык кызыкдар тараптар үчүн мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу үчүн коммерциялык банктардын жана финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү менен алдын ала жолугушууларды өткөрүү зарыл болушу мүмкүн. 

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу атаандаштыкка түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени долбоордо айрым чарба жүргүзүүчү ишкерлерге карата кандайдыр бир жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдын 22-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктары козголгон, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга тийиш. Ушуга байланыштуу токтомдун долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат (koomtalkuu.gov.kg). 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жөнгө салуучу таасирди талдоо боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн. Мында жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан сунуштар жана сын-пикирлер берилген эмес. 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Токтомдун долбоорунда террористтик ишти каржылоо жана өлкөдө кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин азайтуу чаралары жана коммерциялык банктардын чет өлкөлүк банктар менен корреспонденттик мамилелерин жакшыртуу үчүн проблемаларды чечүү каралгандыктан, долбоорду кабыл алуу сунушталат. 

 

12. Тиркеме 

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.