Кайта келүү

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына активдерди классификациялоо маселелери боюнча  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибин бекитүү тууралуу»; 

- 2008-жылдын 16-январындагы № 3/3 «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 27-майындагы №25/3 «Микрокредиттик компаниянын/ микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жана «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жоболорду бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы №2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун 4.2.3, 4.3.3 жана 4.3.4-пункттары ушул токтом күчүнө киргенден кийин берилген кредиттерге колдонулат. 

Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобонун 34, 34-1 жана  

39-пункттары ушул токтом күчүнө киргенден кийин берилген кредиттерге колдонулат. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонд» ААКты, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын. 

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын «___»_________  

№______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына 

активдерди классификациялоо маселелери боюнча 

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:  

- 3.6-пунктунун 3.6-1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:  

«Карыз алуучунун (жеке адамдын же юридикалык жактын) бир банкта же банктык топ ичинде бир нече кредити болсо, банк бардык кредиттер үчүн классификациялоонун эң төмөн категориясын колдонбоого укуктуу, эгерде төмөн категория өзгөчө абалдын киргизилишинен жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (ал жеткис күч жагдайларынын) жана алар менен байланышкан чектөөлөрдөн улам кардардын финансылык агымынын жана учурдагы финансылык абалынын начарлашына байланыштуу ыйгарылса жана жагдайдын таасири документ түрүндө тастыкталган болсо.  

Бул учурда банк категориянын мүнөздүү белгилерине ылайык, классификациялоо категориясын ар бир кредит үчүн өз-өзүнчө колдонушу мүмкүн.»; 

- 4.2.3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.2.3 Эгерде карыз алуучунун чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кредитти 5% өлчөмүндө РППУ түзүү менен эң аз дегенде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш.»; 

- 4.3.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.3.3. Эгерде карыз алуучунун чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан 75 пайызына чейинкисин түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кредитти 10% өлчөмүндө РППУ түзүү менен эң аз дегенде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш.»; 

- 4.3.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.3.4. Эгерде карыз алуучунун чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан азыраагын түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан тышкары) кредитти 15% өлчөмүндө РППУ түзүү менен бул кредитти эң аз дегенде «субстандарттык актив» катары классификациялоого тийиш.»; 

- 6-глава төмөнкү мазмундагы 6.3-пункт менен толукталсын: 

«6.3. Пайыздык чени Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамында жол берилген пайыздык ченден ашык өлчөмдө белгиленген кредит Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуу тартибине ылайык классификацияланууга тийиш.»; 

- 7-глава төмөнкү мазмундагы 7.8-пункт менен толукталсын: 

«7.8. Банк активди рестуктуризациялоодо өзгөчө абалдын киргизилишинен жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (ал жеткис күч жагдайларынан) жана ага байланыштуу чектөөлөрдөн улам карыз алуучунун финансылык агымынын жана финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу анын классификациялоо категориясын жагдайдын карыз алуучунун ишине тийгизген таасири документ түрүндө тастыкталган учурда начарлатпоого укуктуу.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибинин: 

- 2.3-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«- пайыздык чени Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамында жол берилген пайыздык ченден ашык өлчөмдө белгиленген кредиттер.»; 

4-главасы: 

төмөнкү мазмундагы 4.5-2-пункт менен толукталсын: 

«4.5-2. «Карыз алуучунун (жеке адамдын же юридикалык жактын) бир банкта же банктык топ ичинде бир нече кредити болсо, банк бардык кредиттер үчүн классификациялоонун эң төмөн категориясын колдонбоого укуктуу, эгерде төмөн категория өзгөчө абалдын киргизилишинен жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (ал жеткис күч жагдайларынын) жана алар менен байланышкан чектөөлөрдөн улам кардардын финансылык агымынын жана учурдагы финансылык абалынын начарлашына байланыштуу ыйгарылса жана жагдайдын таасири документ түрүндө тастыкталган болсо.  

Бул учурда банк классификациялоо категориясын ар бир кредитке өз-өзүнчө категориянын мүнөздүү белгилерине ылайык колдонушу мүмкүн.»; 

төмөнкү мазмундагы 4.9-пункт менен толукталсын: 

«4.9. Банк активди рестуктуризациялоодо өзгөчө абалдын киргизилишинен жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (ал жеткис күч жагдайларынан) жана ага байланыштуу чектөөлөрдөн улам карыз алуучунун финансылык агымынын начарлоосуна байланыштуу анын классификациялоо категориясын жагдайдын карыз алуучунун ишине тийгизген таасири документ түрүндө тастыкталган учурда начарлатпоого укуктуу.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы № 3/3 «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун:  

- 2-тиркемесинин: 

«Кредиттерди классификациялоо» деп аталган 3Б  бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3 Б бөлүгү. Кредиттерди классификациялоо 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

миң сом 

№ 

Статьянын аталышы 

Бардыы болуп кредиттер  

Дисконт 

Бардыы болуп резервдер  

нормалдуу 

байкоо алдында турган активдер 

«Жалпы» резервдер 

Субстандарттык 

шектүү активдер 

жоготуулар 

«Атайын резервдер» 

Отчеттук мезгилдин акырына карата орточо салмактанып алынган пайыздык чен 

бардыгы 

5% 

10% 

бардыгы 

15% 

25% 

7.1 

7.2 

9.1 

9.2 

10 

11 

12 

13 

Өнөр жай 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Айыл чарба 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Даярдоо жана кайра иштетүү 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Соода жана соода 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Кызматтар 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Транспорт 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Байланыш 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Кыймылсыз мүлктү куруу жана сатып алуу (анын ичинде ипотека) 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Башкалар 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

  

Бардыгы 

 

 

 

 

 

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкарманын төрагасы ___________________________________ _______________________________ 

Аты-жөнү кол тамгасы 

 

Бухгалтер ___________________________________ _______________________________ 

Аты-жөнү кол тамгасы 

 

М.О. 

 

 

 

 

- «Финансылык лизингдин классификациясы» деп аталган 3В бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3В бөлүгү. Финансылык лизингдин классификациясы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

миң сом 

№ 

Статьянын аталышы 

Бардыгы болуп кредиттер 

Дисконт 

Бардыгы болуп резервдер  

нормалдуу 

Байкоо алдында турган активдер 

«Жалпы» резервдер 

Субстандарттык 

шектүү активдер 

жоготуулар 

«Атайын резервдер» 

Отчеттук мезгилдин акырына карата орточо салмактанып алынган пайыздык чен 

всего 

5% 

10% 

всего 

15% 

25% 

7.1 

7.2 

9.1 

9.2 

10 

11 

12 

13 

Өнөр жай 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Айыл чарба 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Даярдоо жана кайра иштетүү 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Соода жана соода 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Кызматтар 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Транспорт 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Байланыш 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Кыймылсыз мүлктү куруу жана сатып алуу (анын ичинде ипотека) 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

Башкалар 

 

  

 

  

 

  

  

  

  

 

 

  

  

 

  

  

Бардыгы 

 

 

 

 

 

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкарманын төрагасы ___________________________________ _______________________________ 

Аты-жөнү кол тамгасы 

Бухгалтер ___________________________________ _______________________________ 

Аты-жөнү кол тамгасы 

 

М.О.»; 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жана «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

2-тиркемесинин: 

- «Активдер жөнүндө маалымат» деген 3-бөлүгүнүн бөлүгүнүн «Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо» деп аталган А бөлүмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3-бөлүм. Активдер жөнүндө маалымат 

 

А. Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо Орточо салмактанып алынган пайыздык чен 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

миң сом 

Статьясы 

Бардыгы болуп 

Учурдагы (мөөнөтүндө төлөнгөн) активдер 

Реструктуризацияланган кредиттер 

Бардыгы болуп мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер 

нормалдуу 

Байкоо алдындагы активдер 

«Жалпы» резервдер 

Субстандарттык 

шектүү активдер 

жоготуулар 

«Атайын резервдер» 

Отчеттук мез-гилдин акыры-на карата орто-чо салмактанып алынган пайы-здык чен 

Бардыгы 

5% 

10% 

Бардыгы 

15% 

25% 

7.1 

7.2 

8.1 

8.2 

10 

11 

12 

13 

1. Банктар жана финансы-кредит уюмдары менен түзүлгөн кредиттер жана бүтүмдөр 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

а) башка банктардагы жана финансы-кредит уюмдарындагы депозиттер жана эсептешүү эсептери 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

б) финансы-кредит уюмдарына сунушталган кредиттер 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

2. Кардарларга сунушталган кредиттер жана ссудалар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

а) өнөр жай 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

б) айыл чарба 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

в) даярдоо жана кайра иштетүү 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

г) соода жана коммерциялык операциялар 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

д) кызмат көрсөтүүлөр 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

е) транспорт 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

ж) байланыш 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

з) курулуш жана ипотека 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

и) жеке адамдар (керектөө кредиттери) 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

к) факторинг операциялары 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

л) башка кредиттер 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

3. Инвестициялар 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

4. Классификацияланууга тийиш болгон башка активдер 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

5. Бардыгы болуп: Классификацияланууга тийиш болгон активдер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Маалымат катары: Реструктуризацияланган кредиттер, бардыгы болуп (саны) 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

 

 

  

  

  

  

  

 

Аткаруучу органдын жетекчиси 

_______________________________________ 

Аты-жөнү 

_____________________________ 

Кол тамгасы 

Башкы бухгалтер 

_______________________________________ 

Аты-жөнү 

_____________________________ 

Кол тамгасы 

Мөөрдүн орду 

  

 

 

»; 

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун

2-тиркемесинин

- «Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо» деген 4-бөлүмүнүн Б бөлүгүндө төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4-бөлүм. 

Б. «Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо» 

 

 

 

миң сомов 

№ 

Статьянын аталышы 

Бардыгы болуп 

Учурдагы (мөөнөтүндө төлөнгөн) активдер 

Реструктуризацияланган кредиттер 

Бардыгы болуп мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер 

нормалдуу 

көзөмөл алдында турган активдер 

«Жалпы» резервдер 

Субстандарттык 

шектүү активдер 

жоготуулар 

«Атайын резервдер» 

Отчеттук мез-гилдин акыры-на карата орто-чо салмактанып алынган пайы-здык чен 

бардыгы 

1% 

2% 

бардыгы 

5% 

10% 

15% 

бардыгы 

15% 

25% 

 

6.1 

6.2 

7.1 

7.2 

7.3 

9.1 

9.2 

10 

11 

12 

13 

Финансы-кредит уюмдары менен кредиттер жана башка операциялар: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

а) 

финансы-кредит уюмдары менен кредиттер, репо-операциялары жана банктар менен кыска мөөнөттүү операциялар, анын ичинде факторинг операциялары 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

б) 

башка банктардагы эсептешүү эсептери 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

в) 

башка банктардагы депозиттер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

а) 

өнөр жай 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

б) 

Айыл чарба 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

в) 

даярдоо жана кайра иштетүү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

г) 

соода жана коммерциялык операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

д) 

кызматтар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

е) 

жеткирүү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ж) 

байланыш 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

з) 

курулуш жана ипотека 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

и) 

жеке жактар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

к) 

башка кредиттер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

анын ичинде факторинг операциялары 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы болуп кредиттер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баалуу кагаздарга жана/же капиталга инвестициялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Активдин ордун жабууга кабыл алынган банктын башка менчиги 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башка активдер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Классификацияланууга тийиш болгон бардык активдер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

10 

Бардыгы болуп классификацияланууга тийиш болгон активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кызматы:___________ Аты-жөнү:________________ Кол тамгасы: ________________ 

 

 

Кызматы:___________ Аты-жөнү:________________ Кол тамгасы: ________________ 

»; 

 

 

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 25-пунктунун он үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«акыркы 3-12 ай ичинде (мында банк эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгилди өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы жөнүндө маалымкат же карыз алуучунун кирешелери / төлөөгө жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо);»; 

- 82-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«82. Кредиттер эсептен алып салынгандан кийин, алар карыздын орду жабылышы мүмкүндүгү учурунда кеминде беш жыл системадан тышкары эсепке алынат, мында карыз алуучунун каза болгондугуна, табигый кырсыктардын, өрттүн кесепетинен мүлкүн толук жоготушуна байланыштуу, Директорлор кеңешинин карызды эсептен алып салуу жөнүндө макулдугу менен эсептен алып салынган жеке адамдардын кредиттери эске алынбайт.». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу жөнүндө эрежелердин:  

- 1-тиркемесинин: 

D1 таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«D1 - Кредиттин аткарылышын талдап-иликтөө: келишимдердин саны боюнча бөлүп көрсөтүлгөн мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер  

Кредиттер боюнча (миң сом) 

Келишимдердин саны 

Акыркы төлөм жүргүзүлгөн учурдан тартып мөөнөтүндө төлөнбөй калган кредиттер (негизги сумма, пайыздар, айыптар жана туумдар) тууралуу маалымат 

Бардыгы болуп 

Күндөлүк 

1-29 күн 

30-59 күн 

60-89 күн 

90-179 күн 

180 жана андан ашык күндөр 

Эсептен алып салынган кредиттер 

0-500,0  

  

  

  

  

  

  

  

  

501,0-1000,0  

  

  

  

  

  

  

  

  

1001,0-1500,0  

  

  

  

  

  

  

  

  

1501,0-2000,0  

  

  

  

  

  

  

  

  

2001,0-2500,0  

  

  

  

  

  

  

  

  

»; 

 

төмөнкү мазмундагы D2 таблицасы менен толукталсын: 

«D2 Классификацияланууга тиийш болгон активдер жөнүндө маалымат 

миң сом 

Статья 

Бардыгы 

Дисконт 

Бардыгы болуп резервдер 

нормалдуу 

байкоо алдында турган активдер 

Жалпы резервдер 

Субстандарттык 

шектүү активдер 50% 

Жоготуулар 100% 

«Атайын резервдер» 

бардыгы 

1% 

2% 

бардыгы 

5% 

10% 

15% 

бардыгы 

15% 

25% 

6-1 

6-2 

7-1 

7-2 

7-3 

9-1 

9-2 

10 

11 

12 

1. Банктагы депозиттер 

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

 

2. Жеке адамдарга ипотекалык кредиттер 

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

 

3. Баалуу кагаздар 

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

 

4. Ссуда алуучунун активди төлөөгө кабыл алынган кыймылсыз мүлкү 

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

 

5. Башка активдер 

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

 

6.Бардыгы болуп: классификациялануучу активдер 

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

 

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

 

Бардыгы болуп классификацияланууга тийиш болгон активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

 

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобонун: 

- 15-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- нормалдуу активдер»; 

- 16-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«16. Эгерде төмөнкү белгилерге ээ болсо, депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын активдери нормалдуу деп эсептелинет:»; 

- Жобонун 1-главасы 17-пунктан кийин төмөнкү мазмундагы 17-1., 17-2. жана 17-3-пункттар менен толукталсын: 

«17-1. Эгерде бул кредитти/каржылоону алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар 5% өлчөмүндө РППУ түзүү менен өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) бул кредитти/каржылоону эң аз дегенде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш.»;  

17-2. Эгерде карыз алуучунун чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан 75 пайызына чейинкисин түзсө, депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар 10% өлчөмүндө РППУ түзүү менен чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) бул кредитти/каржылоону эң аз дегенде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш.»; 

17-3. Эгерде кредит берүү учурунда эффективдүү пайыздык чен Улуттук банктын расмий интернет сайтында жарыяланган, чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болсо (жылдын акырына карата), депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар карыз алуучунун кирешесинин түзүмүнө карабастан, чет өлкө валютасында берилген кредит/каржылоо боюнча (Өнүктүрүү фондунун каражат эсебинен берилген кредиттерди эске албаганда) 1% өлчөмүндө РППУ түзүшү мүмкүн. »; 

- 2-глава төмөнкү мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын: 

«20-1. Эгерде карыз алуучунун чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) жаңыдан берилген кредитти алган чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар 5% өлчөмүндө РППУ түзүү менен бул кредитти эң аз дегенде «субстандарттык» катары классификациялоого тийиш.»; 

- 27-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. Улуттук банк, депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын активдери боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкү өлчөмдөрүн белгилейт:  

Жалпы камдар, %  

Атайын камдар,, %  

Нормалдуу 

0 - 2% чейин 

Субстандарттык 

15/25%  

Шектүү 

50%  

Байкоого алынган  

активдер 

5 %/10% 

Жоготуулар 

100%  

Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдар жана «нормалдуу» активдер боюнча кредиттик союздар 0% дан 2% га чейинки өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш, буга 17-3-пунктта көрсөтүлгөн активдер кирбейт, алар боюнча РППУнун өлчөмү кеминде 1% түзүүгө тийиш. 

«Субстандарттык» активдер боюнча 25% өлчөмүндө РППУ түзүлүүгө тийиш, буга ушул Жобонун 20-1-пунктунда көрсөтүлгөн активдер кирбейт, алар боюнча РППУ өлчөмү кеминде 15% түзүүгө тийиш.»; 

- 30-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын активдери келишимге ылайык алар боюнча камсыздоо активдин негизги суммасынын жана жылдык мааниде номиналдык пайыздык чендин туунду катары эсептелген активдин негизги суммасын жана пайыздык чендин суммасын толук көлөмдө жапкан нормалдуу активдер деп аталат (мисалы, активдин негизги суммасы 100 миң сомду, ал эми пайыздык чен 10% түзөт, демек, ордун жабуу суммасы 110 миң сомду түзүүгө тийиш). Мындай камсыздоо төмөнкүлөрдөн турат:»; 

- 34-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34. Эгерде карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, БФКУ 5 % өлчөмүндө РППУ түзүү менен чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кредитти/каржылоону эң аз дегенде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш.»; 

- 1-главасы төмөнкү мазмундагы 34-1-пункт менен толукталсын: 

«34-1. Эгерде карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан 75 пайызына чейинкини түзсө, БФКУ 10% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кредитти/каржылоону эң аз дегенде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш.»; 

- 39-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-главасы төмөнкү мазмундагы 43-1-пункт менен толукталсын: 

«43-1. Эгерде бул кредитти/каржылоону алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан азыраагын түзсө, БФКУ 15% өлчөмүндө РППУ түзүү менен чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кредитти/каржылоону эң аз дегенде «субстандарттык» катары классификациялоого тийиш.»; 

- 54-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«54. Улуттук банк депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын активдери боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт:   

Жалпы камдар, %  

Атайын камдар, %  

Нормалдуу   

0%  

Субстандарттык   

15/25%  

Канааттандыраарлык   

1/2%  

Шектүү   

50%  

Байкоого алынган активдер   

5/10/15%  

Жоготуулар   

100%  

Банк эмес финансы-кредит уюму «канааттандыраарлык» активдер боюнча 2% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш, мында жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн, 1% өлчөмдө РППУ түзүлүүгө тийиш болгон активдер эске алынбайт.  

Банк эмес финансы-кредит уюму «канааттандыраарлык» активдер боюнча 5% өлчөмдө РППУ түзүлүүгө тийиш, мында ушул жобонун 34-1-пунктунда көрсөтүлгөн, 10% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш болгон активдер, ошондой эле ушул Жобонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге жооп берген, кеминде 15% өлчөмдө РППУ түзүлүүгө тийиш болгон активдер эске алынбайт.  

Банк эмес финансы-кредит уюму «субстандарттык» активдер боюнча 25% РППУ түзүүгө тийиш, мында ушул жобонун 43-1-пунктунда көрсөтүлгөн, 15% өлчөмүндө РППУ түзүлүүгө тийиш болгон активдерди эске алынбайт.»; 

- 5 - бөлүгү төмөнкү мазмундагы 64-1-пункт менен толукталсын:  

«64-1. Банк эмес финансы-кредит уюму активди рестуктуризациялоодо өзгөчө абалдын киргизилишинен жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (ал жеткис күч жагдайларынан) жана ага байланыштуу чектөөлөрдөн улам карыз алуучунун финансылык агымынын жана финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу анын классификациялоо категориясын жагдайдын карыз алуучунун ишине тийгизген таасири документ түрүндө тастыкталган учурда начарлатпоого укуктуу.»; 

- 10 - бөлүмү төмөнкү мазмундагы 81-пункт менен толукталсын: 

«81. Пайыздык чени Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамында жол берилген пайыздык ченден ашык өлчөмдө белгиленген жаңыдан берилген кредиттер Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуу тартибине ылайык классификацияланууга тийиш.». 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  айрым  

токтомдоруна активдерди классификациялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

1. Максаттары жана милдеттери  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна активдерди классификациялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары - токтом долбоору) чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерди классификациялоо боюнча талаптарды күчөтүү, ошондой эле өзгөчө абал киргизилген мезгилде активдерди классификациялоо боюнча Улуттук банкттын учурдагы талаптарын жеңилдетүү максатында иштелип чыккан.  

Мындан тышкары, аталган токтом долбоору коммерциялык банктардын карыз алуучунун каза болушуна, форс-мажордук жагдайлардан (табигый кырсыктар жана өрт) улам мүлкүнүн толук жок болушуна байланыштуу жеке адамдын эсептен чыгарылган кредиттерин системадан тышкаркы эсепке алуу талаптарын жеңилдетүү боюнча сунуштарын кароонун жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Банк системасы үчүн тышкы экономикалык таасирлерди текшилөө максатында 2022-жылдын 31-мартында Улуттук банк Башкармасынын № 2022-П-12/19-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансы-кредит уюмдарынын активдерин классификациялоо маселелери боюнча кошумча убактылуу чечимдери жөнүндө» токтому менен чет өлкө валютасында (ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) жаңыдан берилген кредиттерди карыз алуучулардын чет өлкө валютасындагы кирешесинин үлүшүнө жараша классификациялоо боюнча өзүнчө талаптар белгиленген. РППУ түзүү боюнча талаптар 2-3 эсеге көбөйгөн. Ошол эле мезгилде капиталдын шайкештигин эсептөөдө 150% ордуна 300% өлчөмүндө кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча салмактоо зарыл болгон, чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерге карата талаптар да күчөтүлгөн. Геосаясий жагдайдын турукташуусуна байланыштуу 2022-жылдын 1-декабрынан тартып Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдерин күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө” токтому менен жогоруда көрсөтүлгөн чет өлкө валютасындагы крдиттерди классификациялоо жөнүндө талап күчүн жоготкон.  

Учурда «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун талаптарына ылайык коммерциялык банктар чет өлкө валютасындагы кредиттерди (ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) карыз алуучулардын кирешелеринин үлүшүнө жараша классификациялоого жана төмөнкү өлчөмдөрдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв (мындан ары-РППУ) түзүүгө тийиш, эгерде: 

-карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы кирешелеринин үлүшү (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) анын чогуу алгандагы кирешелеринин жалпы көлөмүндө 75 пайыздан ашыкты түзсө, банк кредитти кеминде 2,5% өлчөмүндө РППУ түзүү менен «канааттандыраарлык» актив катары классификациялоого тийиш; 

-карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы кирешелеринин үлүшү (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) анын чогуу алгандагы кирешелеринин жалпы көлөмүндө 50 пайыздан 75 пайызга чейинкини түзсө, банк кредитти кеминде 5 пайыз өлчөмүндө РППУ түзүү менен «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш; 

- чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) кирешелердин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешелеринин жалпы көлөмүндө 50 пайыздан азды түзсө, банк кредитти кеминде 10% өлчөмүндө РППУ түзүү менен «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш. 

Мында, эгерде кредит берүү учурунда эффективдүү пайыздык чен Улуттук банк жарыялаган чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча орточо алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болсо, банктар карыз алуучунун киреше түзүмүнө карабастан, чет өлкө валютасындагы кредит боюнча (өнүктүрүү фонддорунун каражат эсебинен берилген кредиттерди эске албаганда) 1% өлчөмүндө РППУ түзө алышат. 

Чет өлкө валютасында (ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) жаңыдан берилген кредиттерди карыз алуучулардын чет өлкө валютасындагы кирешесинин үлүшүнө жараша классификациялоо боюнча талаптарды күчөтүү маселесин изилдөө максатында банктардын маалыматтарына салыштырма талдоо жүргүзүлгөн, ал активдерди классификациялоо жана капиталдын шайкештиги боюнча жогоруда көрсөтүлгөн талаптардын катуулатылышы 2022-жылы чет өлкө валютасында кредиттөөнүн өсүш арымынын төмөндөшүнө өбөлгө түзгөндүгүн көрсөткөн. Алсак, Мезгил-мезгили менен берилүүчү банкттык отчеттун 29-бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын апрель-ноябрында чет өлкө валютасында жаңыдан берилген берилген кредиттердин көлөмү 21,7 млрд. сомду түзгөн, бул 2021-жылдын апрель-ноябрындагы көлөмдөн болгону 2,3% га көп жана 2019-жылдын апрель-ноябрындагы көлөмдөн 13% аз («ковидге чейинки» мезгил).  

Ошол эле учурда, 2023-жылдын январь-август айларында чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттердин көлөмү 24,4 млрд сомду түзүп, 2022-жылдын апрель-ноябрь айларындагы көлөмдөн 12,6% га көбөйгөндүгүн белгилейбиз. Кредиттердин көлөмү боюнча маалымат 1-таблицада берилген. 

 

1-таблица. Берилген кредиттер боюнча маалыматтар (мезгил ичинде) 

  

  

  

  

  

  

млн.сом/% 

Мезгил аралыгы 

Кредиттер 

дин көлөмү  

Улуттук валюта 

да 

Чет өлкө валютас 

ында 

Салыштырмалуу өзгөрүүлөр % 

жалпы 

Улуттук валюта 

Чет өлкө валютасы 

2019-ж. апрель-ноябрь  

89 996  

65 430  

24 566  

13,9% 

21,0% 

-1,3% 

2020- ж. апрель-ноябрь  

75 571  

62 565  

13 005  

-16,0% 

-4,4% 

-47,1% 

2021-ж.апрель-ноябрь  

106 026  

84 814  

21 213  

40,3% 

35,6% 

63,1% 

2022- ж. апрель-ноябрь  

130 748  

109 056  

21 692  

23,3% 

28,6% 

2,3% 

2023-ж. январь-август 

172 566 

148 139 

24 428 

32,0% 

35,8% 

12,6% 

* ПРБОнун 29 -бөлүмүнүн негизинде. 

 

Мында чет өлкө валютасындагы кредиттик портфель 2023-жылдын 1-октябрына карата 51,7 млрд сомду түздү, бул 2023-жылдын 1-январына салыштырганда 3,7 млрд сомго же 7,7% га өстү (2023-жылдын 1-январына карата - 48 млрд сом). 

Белгилей кетсек, чет өлкө валютасындагы кредиттик портфель 2022-жылы 2,7 млрд сомго же 5,3% га, 48,0 млрд сомго чейин кыскарган (2021-жылы төмөндөө арымы -5,1%, 2019-жыл ичинде көбөйүү арымы-6,1% түзгөн) (2-таблицаны караңыз). Натыйжада, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча кредит портфелин долларлаштыруу деңгээли 4,4 пайыздык пунктка 23,5% га чейин төмөндөгөн. 

 

2-таблица. Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы кредиттеринин сапаты жана РППУнун өлчөмү жөнүндө маалымат 

млн.сом/% 

Мезгил  

Чет өлкө валютасындагы кредиттик портфель 

Чет өлкө валютасындагы мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер 

Чет өлкө валютасындагы классификацияланган кредиттер 

Чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча РППУнун жалпы көлөмү 

Жалпы резервдер 

Чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча атайын РППУ 

Атайын камдар  

көлөмү 

КПнын % 

көлөмү 

КПнын % 

 

 

 

 

2019-ж. 1-январы 

48 516 

6 301 

13,0% 

5 759 

11,9% 

2 636 

3 323 

3 147 

5 201 

2020-ж. 1-январы 

51 462 

5 956 

11,6% 

6 848 

13,3% 

2 822 

3 480 

4 019 

6 594 

2021-ж. 1-январы 

53 425 

11 457 

21,4% 

9 384 

17,6% 

3 061 

4 450 

6 162 

10 037 

2022-ж. 1-январы 

50 699 

11 035 

21,8% 

10 824 

21,3% 

2 719 

4 253 

7 100 

12 758 

2023-ж. 1-январы 

48 008 

8 349 

17,4% 

13 254 

27,6% 

2 243 

4 177 

9 492 

17 518 

2023-ж. 1-октябры 

51 709 

7 738 

15,0% 

11 287 

21,8% 

2 617 

4 781 

8 475 

16 783 

* ПРБОнун 6 жана 7-бөлүмдөрүнүн негизинде 

  

 

Ошону менен бирге валюталык кирешелеринин үлүшү чогуу алгандагы кирешелердин 50% дан азын түзгөн карыз алуучулардын чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча карыздарынын салыштырма салмагы 2022 -жылдын акырына карата абал боюнча чет өлкө валютасындагы кредит портфелинде 57,6% га чейин олуттуу төмөндөгөн (2021-жылдын акырына карата -62,1%, 2019-жылдын акырына карата - 66,2%) жана учурда ошол эле деңгээлде калууда (2023-жылдын 1-сентябрына карата 57,6%). 2019-2022-жылдарга карата карыз алуучулардын валюталык кирешелери боюнча чет өлкө валютасындагы кредит портфелдин түзүмү жөнүндө маалымат 3-таблицада берилген. 

 

3-таблица. Чет өлкө валютасындагы кредит портфелдин түзүмү 

млн сом/% 

Мезгил  

Чет өлкө валютасын 

дагы кредит 

портфели  

Кредит портфели (карыз алуучулардын чет өлкө валютасындагы кирешелеринин үлүшү 75% ашыкты түзөт) 

Кредит портфели (карыз алуучулардын чет өлкө валютасындагы кирешелеринин үлүшү 50% дан 75% чейин) 

Кредит портфели (карыз алуучулардын чет өлкө валютасындагы кирешелеринин үлүшү 50% аз) 

Кредит портфелинин өзгөрүү арымы 

Чет өлкө валютасындагы кирешелери 75% ашыкты түзгөн карыз алуучулардын кредиттеринин үлүшү  

Чет өлкө валютасындагы кирешелери 50% дан 75% чейинкини түзгөн карыз алуучулардын кредиттеринин үлүшү 

Чет өлкө валютасындагы кирешелери 50 % азыраакты түзгөн карыз алуучулардын кредиттеринин үлүшү  

2019-ж. 1-январы 

48 081  

11 125  

5 111  

31 845  

18,4% 

23,1% 

10,6% 

66,2% 

2020-ж. 1-январы 

50 905  

13 254  

4 657  

32 993  

5,9% 

26,0% 

9,1% 

64,8% 

2021-ж. 1-январы 

53 219  

14 098  

6 568  

32 554  

4,5% 

26,5% 

12,3% 

61,2% 

2022-ж. 1-январы 

50 258  

13 686  

5 385  

31 186  

-5,6% 

27,2% 

10,7% 

62,1% 

2023-ж. 1-январы 

47 707  

15 604  

4 623  

27 480  

2,8% 

32,7% 

9,7% 

57,6% 

2023-ж. 1-октябры 

50 779 

15 993 

5 524 

29 262 

6,4% 

31,5% 

10,9% 

57,6% 

 

Улуттук банктын 2022-жылы кабыл чаралары да РППУнун өлчөмүнүн көбөйүшүнө таасирин тийгизген. 2022-жылдын акырына карата чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча атайын РППУнун өлчөмү 9,5 млрд сомду түзгөн, бул 2022-жылдын башталышындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,4 млрд сомго же 33,7% көп. Мында 2022-жылдын акырында чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча РППУнун жалпы көлөмү 2,2 млрд сомду түзүп, жыл ичинде 0,5 млрд сомго же 17,5% азайган. Түзүлгөн резервдердин өлчөмү жөнүндө маалымат 2-таблицада берилген. 

Белгилей кетсек, Улуттук банктын кошумча лицензиясы болгон шартта микрофинансылык компания чет өлкө валютасында кредиттерди берүүгө укуктуу. Азыркы учурда 2 микрофинасылык компания (мындан ары-МФК) кредиттерди чет өлкө валютасында беришет (8 МФК чет өлкө валютасында камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү лицензиясына ээ). 

«Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, МФК төмөнкү өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш: 

- эгерде, карыз алуучунун чогуу алгандагы кирешелеринин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешелеринин үлүшү 75 пайыздан ашыкты түзсө, МФК кредитти кеминде 2% өлчөмүндө РППУ түзүү менен «канааттандыраарлык» катары классификациялоого тийиш; 

- эгерде, анын чогуу алгандагы кирешелеринин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешелердин үлүшү 50 пайыздан аз болсо, МФК кредитти кеминде 10% өлчөмүндө РППУ түзүү менен «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш. 

Мында, эгерде кредит берүү учурунда орточо салмактанып алынган пайыздык чен Улуттук банк тарабынан жарыяланган чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болсо, МФК карыз алуучунун киреше түзүмүнө карабастан, чет өлкө валютасындагы кредит/каржылоо боюнча (Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен берилген кредиттерди эске албаганда) 1% өлчөмүндө РППУ түзө алат. 

МФКнын чет өлкө валютасындагы кредиттик портфели 2023 -жылдын 30-июнуна карата 670,6 млн сомду түзүп, жыл ичинде (2022-жылдын 30-июнуна карата - 483,2 млн сом) 187,5 млн сомго же 38,8% көбөйгөн. Мында, МФКнын кредит портфелиндеги чет өлкө валютасындагы кредиттердин үлүшү 6,1 % түзгөн (2022-жылдын 30-июнуна карата-5,9 %). 

Банктар тарабынан чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерди классификациялоо жана алардын капиталынын шайкештигин эсептөө боюнча 2022-жылы кабыл алынган айрым убактылуу талаптар экономиканы доллардан арылтуу деңгээлин андан ары төмөндөтүү жана кыйыр валюта тобокелдиктери менен шартталган кредиттик тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттердин көлөмүн төмөндөтүүгө алгылыктуу таасирин тийгизгендигин эске алуу менен Жобого коммерциялык банктар жана МФКлар үчүн карыз алуучунун киреше түзүмүнө жараша төмөнкүдөй өлчөмдө чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) жаңыдан берилип жаткан кредиттер боюнча РППУ түзүү талаптарын күчөтүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз: 

- эгерде карыз алуучунун чогуу алгандагы кирешелеринин жалпы көлөмүндө анын чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин үлүшү 75 пайыздан көбүрөөгүн түзсө, банк/МФК кредитти 5% өлчөмүндө РППУ түзүү менен кеминде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш (банктар үчүн көбөйүү 2 эсе, МФКлар үчүн 2,5 эсе); 

- эгерде карыз алуучунун чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин үлүшү 50 пайыздан 75 пайызга чейинкини түзсө, банк/МФК кредитти 10% өлчөмүндө РППУ түзүү менен кеминде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш (банктар үчүн көбөйүү 2 эсе, МФК үчүн жаңы талап); 

- эгерде карыз алуучунун чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин үлүшү 50 пайыздан азыраакты түзсө, банк/МФК 15% өлчөмүндө РППУ түзүү менен бул кредитти кеминде «субстандарттык» катары классификациялоого тийиш (банктар үчүн көбөйүү 1,5 эсеге, МФК үчүн классификациялоо категориясынын өзгөрүүсү). 

Мындан тышкары, долбоор өзгөчө абал жана/же башка форс-мажордук жагдайларды киргизүүдөгү жеңилдиктер боюнча маселелерди да камтыйт. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеңилдиктер COVID-19 пандемиясы мезгилинде Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык ишке көбүрөөк таасирин тийгизген кырдаалды эске алуу менен сунушталат

Мында, COVID-19 пандемиясы учурунда Улуттук банк тарабынан кредиттерди реструктуризациялоо үчүн шарттарды түзүү максатында убактылуу чаралар көрүлгөндүгүн белгилеп кетмекчибиз. Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн чаралар убактылуу мүнөзгө ээ болгон, ушуга байланыштуу форс-мажордук жагдайлардын келип чыгуу ыктымалдыгын жана эпидемия/пандемиядан улам өзгөчө абал жана/же өзгөчө кырдаал режимин киргизүү зарылдыгын эске алуу менен кредиттерди реструктуризациялоодо жеңилдетүүнүн туруктуу нормасын кароо сунушталат. Анткени азыркы учурда кредиттерди реструктуризациялоодо финансы-кредит уюмдары классификациянын категориясын начарлатууга жана резервдердин зарыл болгон өлчөмүн түзүүгө милдеттүү

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Улуттук банк тарабынан мурда кабыл алынган убактылуу чаралардын натыйжаларын эске алуу менен тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерди классификациялоо боюнча талаптарды күчөтүү жана кредиттерди реструктуризациялоо маселелери боюнча Улуттук банктын колдонуудагы талаптарын жеңилдетүү зарылчылыгы келип чыкты. 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат   

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

22-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгы түздөн-түз козголгон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш. Ушул себептен, токтом долбоору коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат.  

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо   

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каражат бөлүү талап кылынбайт. 

Бирок кредиттик тобокелдикти минималдаштыруу максатында чет өлкө валютасында айрым операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна Улуттук банктын кошумча лицензиясына ээ коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредит мекемелердин РППУ түзүүлөрү боюнча талаптар каралган. 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына» ылайык, токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлдү

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына активдерди классификациялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун 

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

I. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Финансы сектору туруктуу жана капитал менен жетиштүү камсыз болгондой көрүнсө дагы, чет өлкө валютасында кредиттөөнүн жогорку деңгээлде болушу тобокелдиктерди жаратып, экономика үчүн алгылыксыз фактор болушу мүмкүн. 

2014-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук банк менен бирдикте финансы-кредит уюмдары үчүн потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв боюнча ченемдерди жана милдеттүү резервдик талаптарды өзгөртүү аркылуу экономиканы доллардан арылтуу боюнча бир катар чараларды ишке ашырган. 2016-жылы Кыргыз Өкмөтү менен Улуттук банк чет өлкө валютасындагы ипотекалык кредиттерди улуттук валютага которуп, жеке жактарга чет өлкө валютасындагы ипотекалык жана керектөө кредиттерин берүүгө тыюу салган. 

Жогоруда белгиленген чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасында долларлаштыруу деңгээлин төмөндөтүү жагында прогресске жетишилди: 2014-жылдын декабрынан 2023-жылдын февралына чейин депозиттердин долларлашуусу 8,4 пунктчага, 56,3 пайыздан 47,9 пайызга чейин төмөндөдү; кредиттердин долларлашуусу 34,2 пунктчага, 57,6 пайыздан 23,4 пайызга чейин төмөндөдү

Бирок акыркы тышкы терс таасирлер жана тышкы чөйрөдө белгисиздиктин өсүшү биздин өлкөнүн валюта рыногуна кысым жасоодо, ушуга байланыштуу валюта тобокелдигин минималдаштыруу үчүн талаптарды күчөтүү зарылчылыгы келип чыгууда. 

Учурда «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык валюта тобокелдигин минималдаштыруу максатында коммерциялык банктар чет өлкө валютасындагы кредиттерди (ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн валюталарынан тышкары) карыз алуучулардын кирешелеринин үлүшүнө жараша классификациялоого жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервди (мындан ары-РППУ) төмөнкүдөй өлчөмдөрдө түзүүгө тийиш, эгерде: 

- карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы кирешелеринин үлүшү (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) анын чогуу алгандагы кирешелеринин жалпы көлөмүндө 75 пайыздан ашыкты түзсө, банк кредитти кеминде 2,5% өлчөмүндө РППУ түзүү менен «канааттандыраарлык» актив катары классификациялоого тийиш; 

- карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы кирешелеринин үлүшү (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) анын чогуу алгандагы кирешелеринин жалпы көлөмүндө 50 пайыздан 75 пайызга чейинкини түзсө, банк кредитти эң аз дегенде 5 пайыз өлчөмүндө РППУ түзүү менен «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш; 

анын чогуу алгандагы кирешелеринин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешелердин үлүшү (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) 50 пайыздан азды түзсө, банк кредитти кеминде 10% өлчөмүндө РППУ түзүү менен «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш. 

Мында, эгерде кредитти берүү учуруна карата пайыздык чен Улуттук банк жарыялаган чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болсо, банктар карыз алуучунун киреше түзүмүнө карабастан, чет өлкө валютасындагы кредит боюнча (өнүктүрүү фонддорунун каражат эсебинен берилген кредиттерди эске албаганда) 1% өлчөмүндө РППУ түзө алышат. 

Экономиканы долларлаштыруу деңгээлин төмөндөтүү жана кыйыр валюталык тобокелдиктер менен шартталган кредиттик тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында 2022-жылы Улуттук банк тарабынан чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерди классификациялоо жана алардын капиталынын шайкештигин эсептөө боюнча өзүнчө убактылуу талаптар кабыл алынгандыгын кошумча белгилейбиз, алар чет өлкө валютасында кредиттерди берүү көлөмүн азайтууга оң таасирин тийгизди. 

Алсак, Мезгил-мезгили менен берилүүчү банкттык отчеттун 29-бөлүгүнүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын апрель-ноябрында чет өлкө валютасында жаңыдан берилген берилген кредиттердин көлөмү 21,7 млрд. сомду түзгөн, бул 2021-жылдын апрель-ноябрындагы көлөмдөн болгону 2,3% га көп жана 2019-жылдын апрель-ноябрындагы көлөмдөн 13% аз («ковидге чейинки» мезгил). Ошол эле учурда, 2023-жылдын январь-август айларында чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттердин көлөмү 24,4 млрд сомду түзүп, 2022-жылдын апрель-ноябрь айларындагы көлөмдөн 12,6% га көбөйгөндүгүн белгилейбиз. Кредиттердин көлөмү боюнча маалымат 1-таблицада берилген. 

 

1-таблица. Берилген кредиттер боюнча маалыматтар (мезгил ичинде) 

  

  

  

  

  

  

млн.сом/% 

Мезгил аралыгы 

Кредиттер 

дин көлөмү  

Улуттук валюта 

да 

Чет өлкө валютас 

ында 

Салыштырмалуу өзгөрүүлөр % 

жалпы 

Улуттук валюта 

Чет өлкө валютасы 

2019-ж. апрель-ноябрь  

89 996  

65 430  

24 566  

13,9% 

21,0% 

-1,3% 

2020- ж. апрель-ноябрь  

75 571  

62 565  

13 005  

-16,0% 

-4,4% 

-47,1% 

2021- ж.апрель-ноябрь  

106 026  

84 814  

21 213  

40,3% 

35,6% 

63,1% 

2022- ж. апрель-ноябрь  

130 748  

109 056  

21 692  

23,3% 

28,6% 

2,3% 

2023-ж. январь-август 

172 566 

148 139 

24 428 

32,0% 

35,8% 

12,6% 

* ПРБОнун 29 бөлүгүнүн негизинде. 

 

Мында чет өлкө валютасындагы кредиттик портфель 2023-жылдын 1-октябрына карата 51,7 млрд сомду түздү, бул 2023-жылдын 1-январына салыштырганда 3,7 млрд сомго же 7,7% га өстү (2023-жылдын 1-январына карата - 48 млрд сом). 

Белгилей кетсек, чет өлкө валютасындагы кредиттик портфель 2022-жылы 2,7 млрд сомго же 5,3% га, 48,0 млрд сомго чейин кыскарган (2021-жылы төмөндөө арымы -5,1%, 2019-жыл ичинде көбөйүү арымы-6,1% түзгөн) (2-таблицаны караңыз). Натыйжада, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча кредит портфелин долларлаштыруу деңгээли 4,4 пайыздык пунктка 23,5% га чейин төмөндөгөн. 

 

2-таблица. Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы кредиттеринин сапаты жана РППУнун өлчөмү жөнүндө маалымат 

млн.сом/% 

Мезгил  

Чет өлкө валютасындагы кредиттик портфель 

Чет өлкө валютасындагы мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер 

Чет өлкө валютасындагы классификацияланган кредиттер 

Чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча РППУнун жалпы көлөмү 

Жалпы камдар 

Чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча атайын РППУ 

Атайын камдар  

көлөмү 

КПнын % 

көлөмү 

КПнын % 

 

 

 

 

01.01.2019 

48 516 

6 301 

13,0% 

5 759 

11,9% 

2 636 

3 323 

3 147 

5 201 

01.01.2020 

51 462 

5 956 

11,6% 

6 848 

13,3% 

2 822 

3 480 

4 019 

6 594 

01.01.2021 

53 425 

11 457 

21,4% 

9 384 

17,6% 

3 061 

4 450 

6 162 

10 037 

01.01.2022 

50 699 

11 035 

21,8% 

10 824 

21,3% 

2 719 

4 253 

7 100 

12 758 

01.01.2023 

48 008 

8 349 

17,4% 

13 254 

27,6% 

2 243 

4 177 

9 492 

17 518 

01.10.2023 

51 709 

7 738 

15,0% 

11 287 

21,8% 

2 617 

4 781 

8 475 

16 783 

* ПРБОнун 6 жана 7-бөлүмдөрүнүн негизинде 

  

Ошону менен бирге валюталык кирешелеринин үлүшү чогуу алгандагы кирешелердин 50% дан азын түзгөн карыз алуучулардын чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча карыздарынын салыштырма салмагы 2022- жылдын акырына карата абал боюнча чет өлкө валютасындагы кредит портфелинде 57,6% га чейин олуттуу төмөндөгөн (2021-жылдын акырына карата -62,1%, 2019-жылдын акырына карата - 66,2%) жана учурда ошол эле деңгээлде калууда (2023-жылдын 1-сентябрына карата 57,6%). 2019-2022-жылдарга карата карыз алуучулардын валюталык кирешелери боюнча чет өлкө валютасындагы кредит портфелдин түзүмү жөнүндө маалымат 3-таблицада берилген. 

 

3-таблица. Чет өлкө валютасындагы кредит портфелдин түзүмү 

млн сом/% 

Мезгил  

Чет өлкө валютасын 

дагы кредит 

портфели 

Кредит портфели (карыз алуучулардын чет өлкө валютасындагы кирешелеринин үлүшү 75% ашыкты түзөт) 

Кредит портфели (карыз алуучулардын чет өлкө валютасындагы кирешелеринин үлүшү 50% дан 75% чейин) 

Кредит портфели (карыз алуучулардын чет өлкө валютасындагы кирешелеринин үлүшү 50% аз) 

Кредит портфелинин өзгөрүү арымы 

Чет өлкө валютасындагы кирешелери 75% ашыкты түзгөн карыз алуучулардын кредиттеринин үлүшү  

Чет өлкө валютасындагы кирешелери 50% дан 75% чейинкини түзгөн карыз алуучулардын кредиттеринин үлүшү 

Чет өлкө валютасындагы кирешелери 50 % азыраакты түзгөн карыз алуучулардын кредиттеринин үлүшү  

2019-ж.  

1-январы 

48 081 

11 125 

5 111 

31 845 

18,4% 

23,1% 

10,6% 

66,2% 

2020-ж.  

1-январы 

50 905 

13 254 

4 657 

32 993 

5,9% 

26,0% 

9,1% 

64,8% 

2021-ж.  

1-январы 

53 219 

14 098 

6 568 

32 554 

4,5% 

26,5% 

12,3% 

61,2% 

2022-ж.  

1-январы 

50 258 

13 686 

5 385 

31 186 

-5,6% 

27,2% 

10,7% 

62,1% 

2023-ж.  

1-январы 

47 707 

15 604 

4 623 

27 480 

2,8% 

32,7% 

9,7% 

57,6% 

2023-ж.  

1-октябры 

50 779 

15 993 

5 524 

29 262 

6,4% 

31,5% 

10,9% 

57,6% 

 

Улуттук банктын 2022-жылы кабыл алынган чет өлкө валютасындагы кредиттерди классификациялоо жана капиталдын шайкештиги боюнча талаптарды күчөтүү боюнча убактылуу чаралары чет өлкө валютасында кредиттөөнүн өсүш тарымынын төмөндөшүн шарттап, РППУнун өлчөмүнүн көбөйүшүнө таасирин тийгизгендигин белгилеп кетүү зарыл. 2022-жылдын акырына карата чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча атайын РППУнун өлчөмү 9,5 млрд сомду түзгөн, бул 2022-жылдын башындагы көрсөткүчкө салыштырганда 2,4 млрд сомго же 33,7% көп. Мында 2022-жылдын акырында чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча РППУнун жалпы көлөмү 2,2 млрд сомду түзүп, жыл ичинде 0,5 млрд сомго же 17,5% га азайган. Түзүлгөн резервдердин өлчөмү жөнүндө маалымат 2-таблицада берилген. 

Белгилей кетсек, Улуттук банктын кошумча лицензиясы болгон шартта микрофинансылык компания чет өлкө валютасында кредиттерди берүүгө укуктуу. Азыркы учурда 2 микрофинасылык компания (мындан ары-МФК) кредиттерди чет өлкө валютасында беришет (8 МФК чет өлкө валютасында камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү лицензиясына ээ). 

«Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, МФК төмөнкү өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш: 

- эгерде, карыз алуучунун чогуу алгандагы кирешелеринин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешелеринин үлүшү 75 пайыздан ашыкты түзсө, МФК кредитти кеминде 2% өлчөмүндө РППУ түзүү менен «канааттандыраарлык» катары классификациялоого тийиш; 

- эгерде, анын чогуу алгандагы кирешелеринин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешелердин үлүшү 50 пайыздан аз болсо, МФК кредитти кеминде 10% өлчөмүндө РППУ түзүү менен «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш. 

Мында, эгерде кредит берүү учурунда орточо салмактанып алынган пайыздык чен Улуттук банк тарабынан жарыяланган чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болсо, МФК карыз алуучунун киреше түзүмүнө карабастан, чет өлкө валютасындагы кредит/каржылоо боюнча (Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен берилген кредиттерди эске албаганда) 1% өлчөмүндө РППУ түзө алат. 

МФКнын чет өлкө валютасындагы кредиттик портфели 2023 -жылдын 30-июнуна карата 670,6 млн сомду түзүп, жыл ичинде (2022-жылдын 30-июнуна карата - 483,2 млн сом) 187,5 млн сомго же 38,8% көбөйгөн. Мында, МФКнын кредит портфелиндеги чет өлкө валютасындагы кредиттердин үлүшү 6,1 % түзгөн (2022-жылдын 30-июнуна карата-5,9 %). 

Бүгүнкү күндө эл аралык валюта-финансы мамилелеринин негизинде түзүлгөн дүйнөлүк валюта системасы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Чет өлкө валюталарынын курстарынын туруксуздугун эске алуу менен, ошондой эле калктын жана инвесторлордун улуттук валютага болгон ишенимине дем берүү, чет өлкө валютасында кредиттөөнүн өсүш арымын төмөндөтүү жана валюта тобокелдигин минималдаштыруу максатында карыз алуучунун киреше түзүмүнө жараша чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттер боюнча (ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн валюталарынан тышкары) РППУ түзүү жагында талаптарды күчөтүү сунушталат. 

Мындан тышкары, долбоор форс-мажордук жагдайлардан улам өзгөчө абал киргизүүдө жеңилдик берүү маселелерин да камтыйт. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеңилдиктер COVID-19 пандемиясынын мезгилинде Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык ишмердүүлүккө зор таасирин тийгизген кырдаалды эске алуу менен сунушталат. 

Мында, COVID-19 пандемиясы учурунда Улуттук банк тарабынан кредиттерди реструктуризациялоо үчүн шарттарды түзүү үчүн убактылуу чаралар көрүлгөндүгүн белгилей кетмечибиз. Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн чаралар убактылуу мүнөзгө ээ болгон, ушуга байланыштуу форс-мажордук жагдайлардын келип чыгуу ыктымалдыгын жана эпидемия/пандемиядан улам өзгөчө абал режимин киргизүү зарылдыгын эске алуу менен кредиттерди реструктуризациялоодо жеңилдетүүнүн туруктуу ченемин кароо сунушталат. Анткени азыркы учурда кредитти реструктуризациялоону жүргүзүүдө финансы-кредиттик уюмдар классификациянын категориясын начарлатууга жана резервдердин зарыл болгон өлчөмүн түзүүгө милдеттүү

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Улуттук банк тарабынан мурда кабыл алынган убактылуу чаралардын натыйжаларын эске алуу менен тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерди классификациялоо боюнча талаптарды күчөтүү жана кредиттерди реструктуризациялоо маселелери боюнча Улуттук банктын колдонуудагы талаптарын жеңилдетүү зарылчылыгы келип чыкты. 

2. Проблеманын масштабы 

Карыз алуучулар жана кредиторлор чет өлкө валютасында кредит берүүдөн келип чыккан кредиттик тобокелдикке анча маани бербеши мүмкүн. Кирешелери кредиттин валютасында жетиштүү көлөмдө топтолбогон карыз алуучулар жогорку валюталык тобокелдикке дуушар болушкан. 

Валюта тобокелдиги-бул, банк тарабынан кредиттик ишти жүзөгө ашырууда валюта тобокелдигине дуушар болгон, чет өлкө валюталарынын курстарынын өзгөрүүсүнө байланыштуу чыгашалардын (чыгымдардын) келип чыгуу тобокелдиги, бул кредиттин кайтарылбай калуу тобокелдигин, б.а. аларды төлөө боюнча проблемалардын келип чыгышын жогорулатат. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына активдерди классификациялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтомдун долбоору) чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерди классификациялоо боюнча талаптарды күчөтүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар киргизилген мезгилде активдерди классификациялоо жагында Улуттук банктын колдонуудагы талаптарын жеңилдетүү максатында иштелип чыккан. 

Мындан тышкары, аталган токтом долбоору карыз алуучунун каза болушуна, табигый кырсыктардын, өрттүн кесепетинен мүлкүнүн толук жоголушуна байланыштуу эсептен чыгарылган жеке жактардын кредиттерин системадан тышкары эсепке алуу талаптарын жеңилдетүү бөлүгүндө коммерциялык банктардын сунуштарын кароонун жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан. 

Ушуга байланыштуу, каралып жаткан маселенин масштабы чет өлкө валютасында кредиттерди берүү алкагында коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын (Улуттук банктын чет өлкө валютасында айрым операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна кошумча лицензиясына ээ) ишине таасирин тийгизет. 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Ишке ашырылган операциялардын мүнөзүнө жана масштабына жараша өз ишине контролдукту жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу максатында банк финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык капиталдык жана башка резервдерди түзөт. 

Бул жагдайлар карыз алуучулардын кирешелеринин үлүшүнө жараша чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) кредиттердин классификациясын өзгөртүү үчүн негиз болуп саналат. 

Мындан тышкары, COVID-19 пандемиясына байланыштуу келип чыккан көйгөйлөрдү эске алуу менен, кризистин кесепеттерин жоюу жана эсептен чыгарылган кредиттерди реструктуризациялоодо жана системадан тышкары эсепке алууда банк системасынын ишине ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылчылыгы келип чыгат. 

4. Эл аралык тажрыйба 

Жалпысынан, сунуш кылынган талаптар боюнча башка өлкөлөрдүн ушул сыяктуу талаптары изилденгенин белгилей кетүү керек. 

Чет өлкө валютасындагы кредиттерди классификациялоо системасы мамлекеттин экономикалык өсүшүнө, чет өлкө валютасынын мамлекеттин экономикасына тартылышына жараша ар бир мамлекетте колдонулат. 

Казакстан Республикасы 

Казакстан Республикасынын «Казакстан Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамынын (мындан ары Мыйзам) 43-беренесине ылайык, жүргүзүлгөн операциялардын мүнөзү жана масштабы боюнча өз ишине контролдуктун жана ишенимдүүлүктүн тиешелүү деңгээлин камсыз кылуу максатында банктар финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык провизияларды (резервдерди) түзүүгө милдеттүү

Банк тарабынан түзүлгөн провизиялардын (резервдердин) жетиштүүлүгүнө баа берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан, анын ичинде финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык келүү, сактоо жана колдонуу предметине негизделген ой-пикирди пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. 

Армения Республикасы 

Армения Республикасынын «Армения Республикасынын Борбордук банкы жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесине ылайык, борбордук банк мыйзамга ылайык банк ишинин ченемдерин, аларды эсептөө тартибин, мүмкүн болуучу чыгымдарды жабуу үчүн каражаттардын резервин түзүү тартибин жана капиталды эсептөө эрежелерин белгилейт. 

Беларусь Республикасы 

Беларусь Республикасынын Банктык кодексинин 109-беренесине ылайык, банк өзүнүн финансылык ишенимдүүлүгүн, кардарлар жана контрагенттер алдындагы милдеттенмелердин өз убагында жана толук аткарылышын үзгүлтүксүз камсыз кылууга, иштин жүрүшүндө келип чыккан тобокелдиктерди талаптагыдай жөнгө салууга, банктын ченемдик капиталын тобокелдиктерди компенсациялоо үчүн жетиштүү деңгээлде кармап турууга, чыгымдардын ордун жабууга резервдерди түзүүгө, ошондой эле ушул Кодекске ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген башка талаптарды сактоого милдеттүү

Банк чыгашалардын ордун жабууга пайдалануу үчүн резервдик фонд түзүүгө милдеттүү. Резервдик фондго чегерүүлөрдүн өлчөмү салыктарды, жыйымдарды (алымдарды), республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге, Беларусь Республикасынын мамлекеттик бюджеттен тышкаркы калкты социалдык коргоо фондуна жана башка мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин банктын пайдасынын кеминде беш пайызын түзүүгө тийиш, резервдик фонд банктын ченемдик капиталынын өлчөмү кеминде он пайызга жеткенге чейин анын карамагында калат. Банктын акционери акча каражаттарын Банктын резервдик фондуна же анын чыгымдарын жабууга салууга укуктуу. Улуттук банк ушул Кодекстин 134 жана 1341-статьяларында каралган учурларда жана тартипте резервдик фонддун ушул бөлүктө каралган өлчөмүн жана (же) ага чегерүүлөрдүн өлчөмүн банк үчүн көбөйтүүгө укуктуу. 

Банк баланста чагылдырылбаган активдерди жана операцияларды алардын ишенимдүүлүк деңгээли боюнча дайыма классификациялоого жана мындай активдер жана операциялар боюнча мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга атайын резервдерди, анын ичинде активдердин баасынын түшүүсүнө карата резервдерди түзүүгө милдеттүү. Улуттук банк, баланста чагылдырылбаган активдердин жана операциялардын банк тарабынан жүзөгө ашырылган классификациясын алардын ишенимдүүлүгүнүн деңгээли боюнча жүйөлүү чечимдин негизинде өзгөртүүгө укуктуу. Банк, баланста чагылдырылбаган активдер жана операциялар боюнча мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга атайын резервдерди банк тарабынан баланста чагылдырылбаган активдерди жана операцияларды ишенимдүүлүк даражасы боюнча классификациялоодо Улуттук банктын өзгөртүүлөрүн эске алуу менен түзүүгө милдеттүү

Банк Кодекске ылайык белгиленген коопсуз иштөө ченемдерин, анын коопсуз жана ишенимдүү ишин камсыз кылган тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоого милдеттүү

Беларусь Республикасынын Улуттук банкы «Баланста чагылдырылбаган активдер жана операциялар боюнча мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга атайын резервдерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө» нускоого (мындан ары Нускоо) ылайык, банктар тарабынан мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга төмөнкүдөй атайын резервдерди (мындан ары, эгерде башкача көрсөтүлбөсө атайын резервдер) түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин аныктайт: 

кредиттик тобокелдикке дуушар болгон активдер боюнча мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга атайын резерв, анын ичинде бир тектүү кредиттердин портфелдери боюнча мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга резерв; 

баланста чагылдырылбаган операциялар боюнча мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга атайын резерв (мындан ары, эгерде башкача көрсөтүлбөсө шарттуу милдеттенмелер). 

Нускоонун 21-пунктуна ылайык, чет өлкө валютасындагы карыз боюнча банк, кредиттик тобокелдикке дуушар болгон активдер боюнча чет өлкө валютасындагы карыздын ордун өз убагында жана толук жабуу үчүн карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы түшүүлөрүнүн жетиштүүлүгүнө баа берет. 

Кредиттик тобокелдикке дуушар болгон активдер боюнча чет өлкө валютасындагы карыздын ордун өз убагында жана толук жабуу үчүн карызгерде чет өлкө валютасындагы түшүүлөрдүн жетиштүүлүгүнө баа берүү банк тарабынан карызгердин акча каражаттарынын кирген жана чыккан агымдарын эсептөөнүн негизинде, ушул пунктта көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кеминде 6 айда бир жолу жүргүзүлөт. 

Россия Федерациясы 

Россия Федерациясынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» Федералдык мыйзамынын 24-статьясына ылайык, кредиттик уюм (банктык топтун башкы кредиттик уюму) финансылык ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында баалуу кагаздардын наркынын төмөндөшү боюнча, анын ичинде резервдерди (фондуларды) түзүүгө милдеттүү, түзүү жана пайдалануу тартиби Россия Банкы тарабынан белгиленет. Резервдердин (фонддордун) минималдуу өлчөмдөрү Россия Банкы тарабынан белгиленет. 

Кредиттик уюм (банктык топтун башкы кредиттик уюму) Россия Банкы тарабынан белгиленген тартипте шектүү жана ишенимсиз карыздарды бөлүп менен активдерди классификациялоого жана мүмкүн болгон чыгымдарды жабуу үчүн резервдерди (фонддорду) түзүүгө милдеттүү

Кредиттик уюм (банктык топтун башкы кредиттик уюму) «Россия Федерациясынын Борбордук банкы жөнүндө» Федералдык мыйзамга ылайык белгиленген милдеттүү ченемдердин жеке чектүү маанилерин кошо алганда, милдеттүү ченемдерди сактоого милдеттүү (Россия Банкы). Милдеттүү ченемдердин сандык маанилери Россия Банкы тарабынан көрсөтүлгөн Федералдык мыйзамга ылайык белгиленет. 

Кредиттик уюм (банктык топтун башкы кредиттик уюму) Россия Банкы тарабынан белгиленген тобокелдиктерди жана капиталды тескөө, кредиттик уюмдун, банктык топтун ички контролдоо системаларына карата талаптарды эске алуу менен, жүзөгө ашырылган операциялардын мүнөзүнө жана масштабына, деңгээлине жана тобокелдиктердин айкалышына ылайык келген, тобокелдиктерди жана капиталды тескөө, ички контролдук системасын түзүүгө милдеттүү.  

Кредиттик уюмдар Россия банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык резервдерди түзүүгө милдеттүү

1. Россия Банкынын 2020-жылдын 24-августундагы №730-П «Тобокелдиктерди тескөөнүн банктык методикаларын жана тобокелдиктерди сандык баалоо моделдерин колдонуу менен мүмкүн болуучу жоготууларга резервдерди түзүүнүн тартиби, күтүлүп жаткан кредиттик жоготууларды аныктоо жана Россия Банкы тарабынан көрсөтүлгөн тартиптин сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу боюнча тобокелдиктерди тескөөнүн банктык методикаларын жана тобокелдиктерди сандык баалоо моделдерине карата талаптар жөнүндө» жобосу; 

2. Россия Банкынын 2017-жылдын 28-июнундагы № 590-П «Кредиттик уюмдардын ссудалар боюнча мүмкүн болуучу жоготууларга, ссудалык жана ага теңдештирилген карыздар боюнча резервдерин түзүү тартиби жөнүндө» жобосу. 

Долларлашуу процесси мамлекеттин акча-кредит саясатын ишке ашыруусун оорлоткон улуттук экономика үчүн валюта-финансы чөйрөсүндө олуттуу коркунучтарды жаратат. Ошондуктан банктык жана финансылык жөнгө салуу маселелерин чечүүдө негизги маселе улуттук экономиканы доллардан арылтуу болуп калат. 

Беларусь Республикасынын мисалында доллардан арылтуу саясаты, көбүнесе ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрдүн тажрыйбасын кабыл алуу менен шартталган. 

2014-жылы Казакстан Өкмөтү Улуттук банк менен биргеликте «Экономикада улуттук валютанын ролун жогорулатуу программасын» иштеп чыккан. Россияда, өкмөт ички рынокто сыяктуу эле, контрагенттер менен эсептешүүлөрдө чет өлкө валютасын колдонууну азайтуу боюнча чараларды көрөт: чет өлкө валютасындагы депозиттер боюнча чендерди төмөндөтүү, чет өлкөлүк валютасындагы резервдерге карата талаптарды күчөтүү жана субъекттерди чет өлкө валютасында кредиттөөнү чектөө. Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын экономиканы долларлаштырууну жеңүү боюнча чараларынын бири чет өлкө валютасындагы кредиттер жана депозиттер боюнча пайыздык чендерди корректировкалоо болгон. 2015-жылы Беларусь Республикасында өлкө калкынын арасында улуттук валютанын өтүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынган. Бул максатка жетүү үчүн Белорус рублинде депозиттер боюнча пайыздык чен чет өлкө валютасына караганда бир кыйла жогору белгиленген (6,9% 2017-жылдагы 2,8% каршы). 2016-жылы банк тарабынан тартылган каражаттар түзүмүндө эң көп салыштырма салмакты чет өлкө валютасындагы каражаттар ээлешкен. 2017-жылы улуттук валютадагы банктык аманаттардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 18% га көбөйүп, 62 434,4 млн рублди түзгөн, анын 88,8% юридикалык жактарга туура келген. 2017-жылы чет өлкө валютасындагы депозиттердин көлөмү 22,3% кыскарып, 18 167,2 млн АКШ долларын түзгөн. Мында жеке адамдар тарабынан депозиттердин салыштырма салмагы 59% жеткен. 

Өкмөттүн 2016-2020-жылдарга узартылган 2015-жылдагы иш программасында жүгүртүү каражаттары, нарктын жана төлөмдүн өлчөмдөрү катары функцияларын аткарууда улуттук валютанын ролун жогорулатуу милдети коюлган. 2015-жылы административдик мүнөздөгү чаралардын катарында (Улуттук банктын Башкармасынын токтомуна ылайык): туризм жана камсыздандыруу, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарында, ошондой эле республикалык автожолдордо жана мамлекеттин чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында чекене соодада жана резиденттердин (юридикалык жактардын) ортосундагы бүтүмдөргө чет өлкө валютасын пайдаланууга тыюу салынган. 

2017-жылы Беларусь Республикасынын ички валюта рыногунун ар кандай сегменттеринде чет өлкө валютасынын жүгүртүлүшү 62 802,6 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 10,3% кыскарган. Чет өлкө валютасынын жалпы жүгүртүүсүндөгү эң чоң салыштырма салмак биржадан тышкаркы валюта рыногунда жүзөгө ашырылат. Биржадан тышкары рынокто чет өлкө валютасынын жүгүртүлүшү 16,1% жана биржада 3,6% кыскаргандыгына карабастан, 2017-жылы накталай чет өлкө валютасынын жүгүртүү көлөмү 1,06% өскөн. 

Беларусиянын ички валюта рыногундагы операциялардын ичинен 56,9% АКШ долларында бүтүм ишке ашырылып, аларды пайдалануу үлүшү өткөн жылга салыштырмалуу 2016-жылы 3,7 % га төмөндөгөн, ал эми евронун салыштырма салмагы 22,8 ден 23,9%, Россия рубли 16,3 пайыздан 18,8% га чейин жогорулаган, бул Беларусия менен Россиянын ортосундагы интеграциянын күчөшүнө байланыштуу болгон. Ошондой эле, 2016-жылдын 1-ноябрынан тартып, орус рублинин алмашуу курсунунун салыштырма салмагы валюта куржунунда 40тан 50% га чейин өскөн. 

Доллардан арылтуу мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу эсептешүүлөрдө улуттук валютадагы бүтүмдөргө өтүүгө өбөлгө түзөт. Россия Европа мамлекеттеринин санкцияларына дуушар болуп, башка мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө доллардын колдонулушун азайтууга кызыкдар. Россия Федерациясы менен Беларусь Республикасынын борбордук банктарынын ортосунда 1997-жылдан бери эле улуттук валюталарда өз ара эсептешүүлөр жөнүндө макулдашуу бар, ал эми курс эркин өзгөрүп турат. Мындай чара транзакциялык валюталык чыгымдарды жана тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет. Россиянын Борбордук банкынын маалыматына ылайык, Беларусь менен тышкы соода операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн валюталык түзүмүндө орус рублинин үлүшү 79,9% түзгөн, ал эми 2013-жылдын акырына карата бул көрсөткүч 44,8% гана барабар болгон. Өз кезегинде, америкалык доллардын үлүшү 2013-жылы -33,7 %, 2017-жылы-10,9 %, 2022-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча америкалык валютанын үлүшү 38,85%, евро-37,79%, юань-2,23% түзгөн. 

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында доллардан арылтуу темасы учурда өзгөчө актуалдуу болууда. ЕАЭБ өлкөлөрү рынокту жана соода-экономикалык мамилелерди жана байланыштарды, ошондой эле долларлашуунун окшош факторлорун бириктирип турушат. Советтик доордон кийинки мейкиндикте доллардан арылтуу зарылчылыгы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн биринчи кезекте улуттук валюталарды үчүнчү өлкөнүн валютасына мажбурлап конвертациялоо менен байланышкан транзакциялык коромжулуктарды, катышпаган чет өлкөлүк валютаны (доллар, евро ж.б.) азайтуу аракетинде жатат. 

Интеграциянын позитивдүү таасири бардык мүчө мамлекеттер үчүн байкалууда: 2022 - жылы 2015 - жылга салыштырмалуу Армения Республикасы өз ара соодада экспортту 10 эсе, Кыргыз Республикасы - 3,7 эсе, Беларусь Республикасы - 2,2 эсе, Казакстан Республикасы - 2 эсе, Россия Федерациясы -1,6 эсе көбөйттү

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда кооперациялык чынжырчаларды түзүү интеграциянын маанилүү фактору болуп саналат, ал өнөр жай товарлары менен өз ара соодалашуу көлөмүн жогорулатууга жана ЕАЭБ алкагында көз карандысыз жана ийкемдүү экономиканы түзүү маселесин чечүүгө өбөлгө түзөт. 

Кооперациялык товарлардын салыштырма салмагы өз ара сооданын жалпы көлөмүндө 2015-жылдагы 30%дан 2022-жылы 38% чейин өстү

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда товарларды өз ара соодалашууда улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүү тездеди. 2018-2021-жылдары улуттук валюталардын салыштырма салмагы өз ара эсептешүүлөрдө 74% - 76% деңгээлинде болгон. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча алардын үлүшү 82,5% га чейин жогорулаган. 

Өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги фактору инвестициялар болгон. ЕАЭБде негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 2022-жылы 460 млрд АКШ долларын түзгөн жана 2015-2022-жылдар аралыгында 27,2% га өскөн. Арменияда өсүш 14,2%, Казакстанда -50,1%, Россияда - 27,7% түзгөн. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

 

5. Жөнгө салуунун максаты 

5.1. Коммерциялык банктар тарабынан натыйжалуу кредиттөө жана резервдердин шайкеш өлчөмүн түзүү сыяктуу эле, Улуттук банк тарабынан банктык көзөмөлдү так жүргүзүү шарттарды түзүү жана валюта тобокелдигин жараткан, валюта курсунун туруксуздугун эске алуу менен чет өлкө валютасындагы кредиттердин сапатына баа берүү сунушталган өзгөртүүлөрдүн максаты болуп саналат. 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунушталган жөнгө салуу-Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына чет өлкө валютасындагы кредиттерди классификациялоо тартибин өркүндөтүү жана эпидемия/пандемия жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (ал жеткис күч жагдайлардан) жана ага байланыштуу чектөөлөрдөн улам өзгөчө абалдын жана/же өзгөчө кырдаалдын кесепетинен карыз алуучунун финансылык агымынын жана учурдагы финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу кредиттерди реструктуризациялоо боюнча талаптарды кайра карап чыгуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү

Банктар тарабынан чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерди классификациялоо жана алардын капиталынын шайкештигин эсептөө боюнча 2022-жылы кабыл алынган айрым убактылуу талаптар чет өлкө валютасындагы кредиттерди берүү көлөмүнүн азайышына оң таасирин тийгизгендигин эске алуу менен, экономиканы долларлаштыруу деңгээлин андан ары төмөндөтүү жана кыйыр валюта тобокелдиктери менен шартталган кредиттик тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына карыз алуучунун киреше түзүмүнө жараша чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) жаңыдан берилген кредиттер боюнча РППУ түзүү боюнча талаптарды күчөтүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.  

7. Жөнгө салуунун болжолдуу социалдык жана экономикалык натыйжаларын баалоо 

7.1. Жөнгө салуунун бул түрү боюнча күтүлүп жаткан натыйжа карыз алуучуларга чет өлкө валютасында кредиттерди берүү көлөмүн азайтууга багытталган, алардын кирешелери валюта тобокелдиктерин жабууга мүмкүндүк бербейт. Ушуга байланыштуу, карыз алуучулардын чет өлкө валютасындагы кирешелери валюта тобокелдигине сапаттуу баа берүү жана коммерциялык банктардын чыгымдарын азайтуу аркылуу улуттук валютада кредиттөө көлөмүнүн көбөйүшүнө таасирин тийгизет. 

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүп жаткан таасири: 

1) экономикага тийгизген таасири: токтом долбоору чет өлкө валютасындагы кредиттөөнүн деңгээлин төмөндөтүүгө, ошондой эле эпидемия/пандемия жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан улам киргизилген өзгөчө абал жана/же өзгөчө кырдаал режимдеринен улам кредиттерди реструктуризациялоодо талаптарды жеңилдетүүгө багытталган. Мындан тышкары, долбоордо карыз алуучунун каза болушуна, табигый кырсыктардын жана өрттүн кесепетинен мүлкүнүн толук жоголушуна байланыштуу жеке адамдардын эсептен чыгарылган кредиттерин системадан тышкары эсепке алуу боюнча жеңилдетүүчү чаралар каралган. Ушуга байланыштуу сунушталган жөнгө салуу ишкердик субъекттерине жана бүтүндөй экономикага оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө

2) социалдык чөйрөгө тийгизген таасири: чет өлкө валютасында кредиттөөнүн көлөмүн азайтуу аркылуу валюта тобокелдигинин деңгээлин төмөндөтүү жалпысынан өлкөлөрдү доллардан арылтууга оң таасирин тийгизет. 

7.3. Кызыкдар тараптардын - жөнгө салуу адресаттарынын негизги топторуна карата күтүлүп жаткан таасири: 

1) Улуттук банктын чет өлкө валютасында айрым операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна кошумча лицензиясына ээ коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттер боюнча Улуттук банктын сунушталган талаптарына ылайык резервдерди түзүшөт. 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттер боюнча кредиттерди классификациялоо маселелери боюнча талаптарды өркүндөтүүгө жана эпидемия/пандемия жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (күч жеткис жагдайлардан) жана ага байланыштуу чектөөлөрдөн улам өзгөчө абалдын жана/же өзгөчө кырдаалдын кесепетинен карыз алуучунун финансылык агымынын жана учурдагы финансылык абалынын начарлашына байланыштуу кредиттерди реструктуризациялоо боюнча талаптарды кайра карап чыгууга багытталган. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр улуттук валютага карата ишенимди бекемдөө жаатындагы талаптарды жакшыртууга жана валюталык тобокелдикти кыскартууга мүмкүндүк берет. 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Жөнгө салуунун бул вариантын кабыл алуу резервдерди түзүү жолу менен валюта тобокелдигин минималдаштырууга өбөлгө түзөт. Мында бул чаралар улуттук валютада кредиттерди берүүгө оң таасирин тийгизет. 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүү үчүн тиешелүү жумушчу топтун мүчөлөрүнө ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн. 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга тийиш. Ушуга байланыштуу токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылат. 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде токтом долбоорун кабыл алуу сунушталат, анткени сунушталган долбоордо валюта тобокелдигин азайтуу боюнча чаралар каралган, ошондой эле эсептен чыгарылган кредиттерди эсепке алуу жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлгөн. Улуттук банктын чет өлкө валютасында айрым операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна кошумча лицензиясына ээ коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары валюта тобокелдигин эске алуу менен жана карыз алуучулардын кирешелеринин үлүшүнө жараша резервдерди түзүү боюнча кошумча чыгымдарга дуушар болушарын белгилей кетүү керек. 

12. Тиркеме 

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук;