Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө»  

жобону бекитүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо (тиркелет) бекитилсин. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

24-августундагы № 35/5 «Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

17-майындагы № 19/14 «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунда: 

- токтомдун 1-пунктунун жетинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомдун Тиркемесинин 6-пункту. 

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

15-июнундагы № 2017-П-12/25-11-(НПА) «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунда; 

- токтомдун 1-пунктунун төртүнчү абзацы; 

- жогоруда аталган токтомдун Тиркемесинин 3-пункту. 

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

27-февралындагы № 2019-П-33/9-7-(НФКО) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм жана жыйым өлчөмү жөнүндө» токтомунун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомунун Тиркемесинин 8-пункту; 

5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын  

28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунда: 

- токтомдун 1-пунктунун сегизинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомдун Тиркемесинин 7-пункту. 

6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксат берүү документтерин банк эмес финансы-кредит уюмдарына берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунда: 

- токтомдун 1-пунктунун жетинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомдун Тиркемесинин 6-пункту. 

3. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 2 (эки) айдын ичинде кредиттик бюролор кызмат адамдарынын талапкерлерин ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобого ылайык макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жөнөтсүн. 

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде: 

- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, обалсттык башкармалыктарды жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Лицензиялоо башкармалыгы тиешелүү документтерди алгандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ушул токтом менен кредиттик бюролорду тааныштырсын. 

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын «___» _____________ 

№ ____________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө 

ЖОБО 

 

Бул жободо кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо, лицензияны кайра тариздөө, мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө макулдук берүү, уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби аныкталат, кредиттик бюролордун кызмат адамдарына, акционерлерине карата талаптарды жана аларды макулдашуу тартиби белгиленет, ошондой эле кредиттик бюролорду кайра уюштуруу жана жоюу маселелери жөнгө салынат. 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Мыйзамда белгиленген тартипте коммерциялык уюм катары каттоодон өткөн жана кредиттик маалыматты алмашуу кызматын сунуштаган юридикалык жак кредиттик бюро болуп саналат. 

2. Кредиттик бюронун иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүзөгө ашырылат. 

3. Кредиттик бюронун аталышында «кредиттик бюро» деген сөз айкашы камтылууга тийиш. «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп бербеген юридикалык жак өз аталышында «кредиттик бюро» деген сөз айкашын пайдаланууга укугу жок. 

4. Кредиттик бюро өз фирмалык аталышы менен штамптарга, бланктарга жана өздүк эмблемага (логотип) ээ болууга укуктуу. 

5. Кредиттик бюронун уставдык капиталы уюштуруучулардын (катышуучулардын, акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана түзүлөт. 

6. Кредиттик бюролор үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. 

7. Кредиттик бюронун уставдык капиталында бир пайдалануучунун катышуусу 10 (он) пайыздан ашпоого тийиш. Мында, өз ара байланыштуу жактар тобу бир пайдалануучу катары кароого алынат жана алардын үлүштөрү/акциялары бир пайдалануучунун үлүшү/акциясы катары суммаланып, каралууга тийиш. 

8. Кредиттик бюронун үлүшүнө/акцияларына биргелешип ээлик кылган жана/же өз ара жалпы кызыкчылыктарга ээ юридикалык жактарды жана/же жеке адамдарды өз ара байланыштуу жактар катары түшүнүүгө болот. 

1) Эки жана/же андан көп жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жалпы кызыкчылыгы төмөнкү шарттардын кайсынысында болсун орун алган деп таанылат, эгерде: 

а) бир юридикалык жак же жеке адам башка юридикалык жакты же жеке адамды контролдосо; 

б) аталган жактар кредиттик бюро менен байланыштуу жактар болуп саналса; 

в) ошол жактардын бири башка жакка караштуу компания болсо. 

2) Жактар кредиттик бюронун үлүшүнө/акцияларына биргелешип ээлик кылуучу деп таанылат, эгерде алар: 

а) жакын туугандардан болушса (жубайы (жолдошу), ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана атасы бир, энеси башка же энеси бир, атасы башка ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелери); 

б) кредиттик бюронун кызмат адамдары - акционерлери болсо; 

в) өз-өзүнчө же биргелешип олуттуу катышуучулардан болушса; 

г) келишимден улам акцияларга биргелешип ээлик кылса же башка түрдө

- кредиттик бюрону башкаруу боюнча добуш берүү жөнүндө

- акцияларды добуш берүү укугу менен күрөөгө коюу жөнүндө

- акциялар боюнча добуш берүү укугу менен өткөрүп берүү жөнүндө

- акцияларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү же башкаруу укугу менен башка негиздерде сактоо жөнүндө

- акциялар өз пайдасына, бирок башка жактын атынан сатылып алынса; 

- ишеним кат же башка мыйзамдуу өкүлчүлүк боюнча өкүл болсо; 

- жалпы кызыкчылыгы болгондо. 

Ушул Жободо пайдаланылган түшүнүктөр «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы жана «Банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы түшүнүктөргө ылайык келет. 

9. Лицензия алганга чейин, кредиттик бюрону уюштурууга жана акционерлерди жана кызмат адамдарын макулдашууга байланыштуу ишти эске албаганда, кредиттик бюро катары кандайдыр бир ишкердикти жүзөгө ашырууга тыюу салынат. 

10. Кредиттик бюронун ушул жобого ылайык Улуттук банкка берилген, бир нече барактан турган уюштуруу документтеринин же башка чечиминин ар бир нускасы өзүнчө көктөлүп, номер коюлуп, аларга кредиттик бюронун жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлууга жана кредиттик бюронун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө (бар болсо) тийиш. 

11. Уюштуруу келишимине кредиттик бюронун бардык катышуучулары (катышуучулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) кол коюуга тийиш. Катышуучу - жеке адамдын кол тамгасы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө, ал эми катышуучу-юридикалык жактын өкүлү болуп саналган ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекемделип, же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.  

Бир адам тарабынан уюштурулган кредиттик бюронун уюштуруу документи болуп устав саналат.  

12. Кредиттик бюро тарабынан Улуттук банкка берилген документтердин көчүрмөлөрү белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш.  

Чет өлкө уюштуруучулары (катышуучулары, акционерлери) тарабынан же чет тилде сунушталуучу документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен легалдаштырылууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдерине которулууга (нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү берилүүгө) тийиш.  

13. Эгерде кредиттик бюро Улуттук банкка ушул жободо белгиленген документтерди толук эмес көлөмдө сунуштаса же болбосо алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе, Улуттук банк жазуу жүзүндө себептерин көрсөтүү менен документтер топтомун кароо үчүн бөлүнгөн мөөнөт ичинде документтерди жеткире иштеп чыгууга кайтарып берүүгө укуктуу. 

14. Эгерде Улуттук банк чечим кабыл алуу үчүн берилген маалыматтарды жетишсиз деп эсептесе, кредиттик бюрону лицензиялоонун, лицензияны кайра тариздөөнүн, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктоонун, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук берүүнүн, кызмат адамдарын, акционерлерди макулдашуунун, кайра уюштуруу жана жоюунун алкагында, Улуттук банк өтүнүч ээлери тарабынан суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө берилүүгө тийиш болгон чечим кабыл алууга зарыл кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кыла алат. 

15. Кредиттик бюро тарабынан ушул Жобонун 13 жана 14-пунктарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча жеткире иштелип чыккан документтер Улуттук банкка берилсе, же документтер Улуттук банк тарабынан каралып жаткан учурда кошумча документтер берилсе, анда аларды кароо мөөнөтү ушул Жобонун талаптарын канааттандырган документтерди алган күндөн тартып кайрадан башталат. 

16. Кредиттик бюро телефон, факс номерлери, электрондук дареги өзгөргөндөн тартып 10 (он) жумуш күн ичинде Улуттук банкка ошол өзгөрүүлөр тууралуу маалымдоого милдеттүү

17. Чечим же болбосо ушул жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымат, эгерде аталган жободо башка мөөнөт каралбаса, ушул чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде кат жүзүндө өтүнүч ээлерине (кредиттик бюрого) маалымдалат. 

18. Улуттук банктын ушул жобонун алкагында кабыл алынып жаткан актылары (лицензияларын, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитеттин токтомдорун эске албаганда) эгерде башкасы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленбесе, Улуттук банктын мөөрү менен тастыкталышын талап кылбайт. 

19. Ушул Жободо каралган документтерди сунуштоо менен бирге кредиттик бюро, жеке жана юридикалык жактар ушул Жобого карата 5-тиркемеге ылайык Улуттук банкка жеке маалыматтары сунушталууга тийиш болгон жактарга тиешелүү жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун берүүгө тийиш. 

 

2-глава. Кредиттик бюронун жайларына карата талаптар 

20. Кредиттик бюро жана анын филиалдары жайгашуучу жайлар төмөнкүлөрдү кошо алганда, белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) кредиттик бюрого кайрылган жактарды тейлөө үчүн жайдын болушу; 

2) маалыматты иштеп чыгуу үчүн жайдын болушу/сервердик бөлмө

3) кредиттик таржымалдын сакталышын жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында кредиттик бюронун бардык жайлары, анын ичинде маалыматты иштеп чыгуу борборлору, коопсуздук техникалык каражаттары менен жабдылууга тийиш: колдонуу мүмкүнчүлүгүн контролдоо жана башкаруу системасы, күзөт сигнализациясы, өрт өчүрүү системасы, видеобайкоо системасы, температуранын белгиленген параметрлерине мониторинг жүргүзүү жана кармап туруу системасы (маалыматты иштеп чыгуу борбору үчүн); 

4) кредиттик бюро менен анын филиалдары ортосунда компьютердик түйүн аркылуу байланышуу мүмкүнчүлүгү болууга; 

5) кредиттик бюро менен анын филиалдарынын жайларында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын же түзүлгөн келишимдин негизинде кредиттик бюро тарабынан тандалып алынган күзөт кызматынын борборлоштурулган байкоо пультуна туташтырылган, өрт жөнүндө белги берүү каражаттарына жана техникалык күзөт каражаттарына ээ болууга; 

6) кредиттик бюро менен анын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) жайларына карата кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилениши мүмкүн. 

 

3-глава. Кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүү тартиби 

21. Кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн кредиттик бюро мамлекеттик же расмий тилде төмөнкү документтерди Улуттук банкка сунуштоого тийиш: 

1) жайгашкан жерин юридикалык дарегин көрсөтүү менен лицензия берүү тууралуу арыз (1-тиркеме); 

2) төмөнкү чечимдерди камтыган уюштуруучулардын жалпы жыйынынын протоколу/жалгыз уюштуруучу болсо кредиттик бюронун уюштуруучусунун чечимин (эки нускада): 

- кредиттик бюрону түзүү жөнүндө

- башкаруунун байкоочу жана аткаруу органдарынын жетекчисин (жетекчини коллегиалдуу аткаруу органы жок болгон учурда) жана мүчөлөрүн шайлоо/дайындоо жөнүндө

- түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин же төмөнкүлөрдү камсыз кылуу үчүн жооптуу кызматкерлерди дайындоо: 

а) маалыматтык коопсуздукту; 

б) аудит жүргүзүүнү

в) бухгалтердик эсеп жүргүзүүнү

г) кредиттик маалымат берүүчүлөр, пайдалануучулар жана субъекттер менен кредиттик маалыматтарды алмашуу боюнча ишти; 

- кредиттик бюронун уюштуруу түзүмү жөнүндө (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, каралуучу маселелер чөйрөсү, баш ийүүчүлүк); 

- кредиттик бюронун жайгашкан ордун аныктоо жөнүндө (почта дареги); 

- уставдык капиталдын өлчөмүн аныктоо, уюштуруучулардын уставдык капиталга төгүмдөрдү төлөө ыкмалары жана өлчөмдөрү жөнүндө

3) кредиттик бюрону түзүү жөнүндө чечим (эки нускада); 

4) кредиттик бюронун уставы жана уюштуруу келишими (уюштуруучулар бирден ашык болсо) эки нускада; 

5) кредиттик бюронун акционерлери (уюштуруучулары) жөнүндө маалыматтар (3-тиркеме);  

6) кредиттик бюронун ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын анкеталары (4-тиркеме) жана алардын ушул Жободо белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келишин тастыктаган маалыматтар (документтер); 

7) ар биринин үлүшү кредиттик бюронун добуш берүүчү акцияларынын 10 (он) пайызынан ашыгын түзгөн (акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлүүчү кредиттик бюролор үчүн) акционерлердин анкеталары (7, 8-тиркеме) ушул Жобонун 50-пунктунда каралган документтерди жана маалыматтарды тиркөө менен; 

8) кредиттик бюронун уставдык капиталына салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун аныктоого мүмкүндүк берген документтер; 

9) кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан жана ачыкка чыгарылышынан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекстин параметрлери жана жайгаштырылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келишин тастыктаган документтер. 

22. Улуттук банк кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн сунушталган документтерди, алардын толук топтомун, анын ичинде кошумча берилген документтерди алган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күнү ичинде кароого алат. Бул мөөнөткө кредиттик бюронун юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоо жол-жобосунан өтүү убактысы кирбейт. Кредиттик бюрого лицензия берүү маселеси оӊ чечилсе, Улуттук банк ушул жобонун 21-пунктунун 2-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн, сунушталган уюштуруу документтеринин бир нускасын кошо тиркөө менен Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик бюрону мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн кат жүзүндө макулдугун берет. 

23. Мамлекеттик каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде кредиттик бюро лицензия алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү

1) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык лицензия берүү жөнүндө арыз; 

2) кредиттик бюронун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөлөрү

3) кредиттик бюронун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу маалымкаттын (күбөлүктүн) анын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

4) Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна ылайык, кредиттик бюронун Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы топтоо эсебине акча каражаттарынын кредиттик бюронун уставдык капиталы катары салынгандыгын тастыктаган документ; 

5) акционерлер реестри (акционердик коомдор үчүн). 

24. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк кредиттик бюрого ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн документтер келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия (2-тиркеме) берет. 

25. Кредиттик бюрого лицензия берүү чечими кредиттик бюрону лицензиялоо ишин тескеген Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынат. 

26. Кредиттик бюрого ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензия инсандыгын тастыктаган документтин негизинде кредиттик бюронун жетекчисине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктуу адамга берилет. 

27. Кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Лицензияда каралган укуктар үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилбейт. Мындай өткөрүп берүү лицензияга ээ юридикалык жак, анын ичинде анын туунду (караштуу, ассоциацияланган) юридикалык жактары, ошондой эле анын акционерлери (уюштуруучулары) жана акционерлердин (уюштуруучулардын) курамындагы кызмат адамдары үчүн кредиттик бюронун ишине тыюу салуу менен лицензияны алып коюуга алып келет. 

28. Кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга берилген лицензияны колдонуу мөөнөтү чектелбейт. Лицензия алып коюлгандан (жокко чыгарылгандан) кийин лицензиянын көчүрмөсү жараксыз болуп саналат. 

29. Улуттук банк кредиттик бюрого лицензия бергенден кийин ал тууралуу маалыматты кредиттик бюролордун мамлекеттик реестрине киргизет. 

 

4-глава. Кызмат адамдарына коюлуучу талаптар жана аларды макулдашуу тартиби 

 

30. Талапкерлиги милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш болгон кредиттик бюронун кызмат адамдары болуп директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү (бар болсо), башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү (башкарма жок болсо кредиттик бюронун жетекчиси), төмөнкүлөргө жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери же кызмат адамдары (түзүмдүк бөлүмдөр жок болсо) эсептелет: 

1) маалыматтык коопсуздукка; 

2) аудит жүргүзүүгө

3) бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө

4) кредиттик маалыматты берүүчүлөр, пайдалануучулар жана субъекттер менен кредиттик маалыматтарды алмашуу боюнча ишке. 

Ушул главада көрсөтүлгөн талаптар кредиттик бюронун Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш болгон кызмат адамдарынын милдетин 3 (үч) айдан ашык мөөнөткө убактылуу аткарган жактарга да тиешелүү

31. Кредиттик бюронун ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары Улуттук банктын квалификациялык талаптарына ылайык келүүгө жана мыйзам талаптарына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго ээ болууга тийиш. 

32. Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү Улуттук банктын төмөнкү минималдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билими жөнүндө дипломунун жана маалымат технологиялары, экономикалык, банктык, финансылык же юридикалык маселелер жаатында 2 (эки) жылдан кем эмес иш стажынын (тажрыйбасынын) болушу; 

2) кредиттик бюронун ишин жана корпоративдик башкарууну жөнгө салуучу мыйзамдар жаатында билиминин болушу. Корпоративдик башкаруу маселелери боюнча билим билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксаты/лицензиясы бар уюмдардан алынган, ошол багыт боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө сертификат же башка документ менен ырасталууга тийиш. 

33. Мында директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүнүн (төраганы кошо алганда) маалымат технологиялары, жеке маалыматтар жана/же банк (финансы) системасы менен иштөө боюнча уюмда жетекчилик кызматтарда 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажы (тажрыйбасы) болууга тийиш. 

Жетекчи кызмат орду деп уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн эмес кызмат ордун түшүнүүгө болот. Мында иш стажына ошол уюмдун/компаниянын физикалык коопсуздук маселелерин жөнгө салуу жана чарбалык ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан уюмдардын бөлүмдөрүндөгү иштер киргизилбейт. 

34. Директорлор кеңешинин кеминде 1 мүчөсү маалымат технологиялары чөйрөсүндө жогорку билимге же CISA / CISM / CISSP / ITIL / COBIT сертификаттарынын бирине же маалымат технологиялары менен иштөө боюнча 3 (үч) жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болууга тийиш. 

Банктын директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерин билген Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш. 

35. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көз карандысыздыгы Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат. 

36. Башкарманын төрагасы (кредиттик бюронун жетекчиси) жана мүчөлөрү Улуттук банктын төмөнкү минималдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билими тууралуу диплому болушу зарыл; 

2) иш стажынын (тажрыйбасынын) болушу: 

а) башкарманын төрагасы (кредиттик бюронун жетекчиси) маалымат технологиялары, жеке маалыматтар менен иштөө боюнча жана/же финансы-кредит уюмдарында 3 (үч) жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчи кызматтарда 2 (эки) жылдан кем эмес иш стажы; 

б) башкарма мүчөлөрү маалымат технологиялары, жеке маалыматтар менен иштөө боюнча жана/же финансы-кредит уюмдарында кеминде 2 (эки) жылдык стажы; 

3) кредиттик бюронун ишин, корпоративдик башкарууну жана тобокелдиктерди тескөөнү жөнгө салуучу мыйзамдар жаатында билимге ээ болууга. Корпоративдик башкаруу жана тобокелдиктерди тескөө маселелери боюнча билим билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксаты/лицензиясы бар уюмдардан алынган, ошол багыт боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө сертификат же башка документ менен ырасталууга тийиш; 

37. Башкарманын төрагасы (кредиттик бюронун жетекчиси) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерин билген Кыргыз Республикасынын гана жараны болууга тийиш. 

Башкарманын кеминде 1 мүчөсү маалымат технологиялары чөйрөсүндө жогорку билимге же CISA / CISM / CISSP / ITIL / COBIT сертификаттарынын бирине же маалымат технологиялары менен иштөө боюнча 3 (үч) жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болушу керек. 

38. Башкы бухгалтердин же бухгалтердик эсепти жүргүзүү үчүн жооптуу кызматкердин (түзүмдүк бөлүм жок учурда) кызмат ордуна талапкер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) экономика жана финансы чөйрөсүндө жогорку билимдин болушу; 

2) маалымат технологиялары менен иштөө боюнча уюмда жана/же финансы-кредиттик уюмдарда 3 (үч) жылдан кем эмес, анын ичинде бухгалтер катары 2 (эки) жылдан кем эмес иш стажынын болушу; 

3) кредиттик бюронун ишин жөнгө салуучу мыйзамдар жаатында, ошондой эле бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жаатында билиминин болушу. Бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жаатындагы билим билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксаты/лицензиясы бар уюмдардан алынган, бул багытта окуудан өткөндүгү жөнүндө сертификат же башка документ менен ырасталууга тийиш. 

39. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана кредиттик маалыматты берүүчүлөр, пайдалануучулар жана субъекттер менен кредиттик маалыматтарды алмашуу боюнча ишке жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин же кызматкерлердин (түзүмдүк бөлүмдөр жок учурда) кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) маалымат технологиялары чөйрөсүндө жогорку билиминин же CISA / CISM / CISSP / ITIL / COBIT сертификаттарынын бири же маалымат технологиялары жана/же билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын лицензиясына ээ билим берүү уюмунда маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө окуудан өткөндүгүн ырастаган башка документтердин болушу; 

2) маалыматтык коопсуздук жана/же технологиялар чөйрөсүндө 5 (беш) жылдан кем эмес тажрыйбанын болушу; 

3) кредиттик бюронун ишин жана кредиттик маалымат алмашууну жөнгө салуучу мыйзамдар жаатында билиминин болушу; 

4) Кыргыз Республикасынын гана жарандыгы; 

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерин билүү

40. Ички аудит боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин же ички аудит жүргүзүү үчүн жооптуу кызматкердин (түзүмдүк бөлүм жок учурда) кызмат ордуна талапкер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдары, финансылык отчеттуулук жаатында билимдердин болушу жана билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксаты/лицензиясы бар уюмдардан алынган, көрсөтүлгөн багыттар боюнча окуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаттардын же башка документтердин болушу; 

2) ички аудитордун 2 (эки) жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу; 

3) маалымат технологияларына аудит жүргүзүү боюнча билиминин болушу; 

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерин билүү

41. Ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлерди кароонун алкагында Улуттук банк талапкерлерди аңгемелешүүгө чакыра алат. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы протокол менен таризделет, ага Улуттук банктын өкүлдөрү кол коюшат жана талапкерди макулдашуудан баш тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн. Аңгемелешүү учурунда аудио же видео жазуу каражаттары колдонулат. 

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө талапкерге кредиттик бюролордун ишин жана кредиттик маалымат алмашууну жөнгө салуучу мыйзамдардын ченемдерин билүүсүн баалоо үчүн суроолор, ошондой эле талапкердин ишкердик аброю, анын мурдагы иши, ишкердик жана туугандык байланыштары жөнүндөгү суроолорду кошуп, бирок аны менен чектелбестен, кызмат ордуна талапкерди макулдашуу процессине тиешелүү кайсы болбосун башка багыттар боюнча суроолор берилет. 

42. Кызмат адамдарын дайындоо/шайлоо. 

1) ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары шайланган/дайындалган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде, ошондой эле кызмат адамдарынын курамы өзгөргөн шартта, кредиттик бюро шайлоо/дайындоо же өзгөртүүлөр тууралуу билдирүүнү төмөнкү документтерди тиркөө менен Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

а) кредиттик бюронун ыйгарым укуктуу башкаруу органынын шайлоо/дайындоо жөнүндө чечими (кредиттик бюронун мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү); 

б) белгиленген форма боюнча анкеталар (2-тиркеме); 

в) ушул главага ылайык ар бир кызмат адамы үчүн талап кылынган башка документтер. 

2) ошол эле кредиттик бюродо ошол эле кызмат ордуна жаңы мөөнөткө шайланган учурда, директорлор кеңешинин, башкарманын төрагасы, жетекчи (башкарма жок учурда), эгерде буга чейинки дайындоодо анын талапкерлиги ушул Жобого ылайык Улуттук банк менен макулдашылган болсо, Улуттук банк менен макулдашуудан өтпөйт. 

Ошол эле кредиттик бюродо директорлор кеңешинин жана башкарманын мүчөсүнүн кызмат ордуна жаңы мөөнөткө шайланган директорлор кеңешинин жана башкармасынын төрагасы, эгерде буга чейин төраганын кызмат ордуна дайындоодо анын талапкерлиги ушул Жобого ылайык Улуттук банк менен макулдашылган болсо, Улуттук банк менен макулдашуудан өтпөйт. 

Мында, кайра шайлоо күнүнөн кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кайра шайлоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлүүгө тийиш. 

43. Директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, башкарманын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерди макулдашуу/макулдашуудан баш тартуу жөнүндө чечим башкарманын кредиттик бюрону лицензиялоо маселелерин тескеген мүчөсү тарабынан кабыл алынат. 

Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин же жооптуу кызматкерлердин (түзүмдүк бөлүмдөр жок болгон учурда) кызмат орундарына талапкерлерди макулдашуу/макулдашуудан баш тартуу жөнүндө чечим кредиттик бюрону лицензиялоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн начальниги тарабынан кабыл алынат. 

44. Берилген документтер Улуттук банк тарабынан кароого берилген күндөн тартып 25 (жыйырма беш) жумуш күнү ичинде каралат. 

45. Талапкерлерди макулдашууда Улуттук банк тышкы көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө алынган маалыматтар, ошондой эле талапкерлерге карата мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн башка иш-чаралар эске алынышы мүмкүн. 

46. Төмөнкү учурларда Улуттук банк, ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына кызмат адамдарын макулдашуудан баш тартууга укуктуу: 

1) талапкерлерге карата экономика чөйрөсүндө кылмыштарды жасагандыгы же кызматтык кылмыштары үчүн, анын ичинде белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү бир ишкердикти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен айыптоо өкүмү чыгарылса; 

2) талапкерлер мурда Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу (жөнгө салынуучу) уюмдардын кызмат адамдары болсо жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечимдери, Улуттук банктын жазма буйруктары же башка актылары болуп, алардын натыйжасында Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган уюмдун лицензиясы (күбөлүгү) кайтарылып алынган болсо; 

3) Улуттук банктын талапкердин төмөнкүлөргө катыштыгын тастыктаган актылары болсо (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, жазма буйруктары, текшерүү жөнүндө отчеттор ж.б.): 

а) алгылыксыз же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге катыштыгы бар болсо; 

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берсе; 

4) эгерде адам соттун чечими боюнча иштин башка чөйрөлөрүндө кынтыксыз ишкердик беделин жоготсо; 

5) талапкер жооптуу болгон ишкердик чөйрөлөрдө финансылык жана/же административдик көйгөйлөр келип чыккандыгын тастыктаган жөнгө салуучу органдардын текшерүүлөрүнүн материалдары болсо; 

6) эгерде талапкер кызмат ордуна талапкерди макулдашуунун алкагында Улуттук банк тарабынан талап кылынган документтерди суроо-талап (суроо-талаптын электрондук версиясы) келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде бербесе; 

7) талапкер иштей турган чөйрөдө жетиштүү деңгээлде билимге ээ эместиги көрсөтүлгөн маектешүүнүн терс жыйынтыктары; 

8) талапкер жүйөлүү себептерсиз (ооруп калса, алыскы региондордо иш сапарында болсо, өлкөдө жок болсо ж.б.) аңгемелешүүгө 2 (эки) же андан көп жолудан ашык келбей койсо. 

47. Талапкер ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн фактыларга тиешеси бар болсо кредиттик бюродо кызматтарды ээлөөгө укугу жок: 

1) ушул Жобонун 46-пунктунун 1-пунктчасында соттун чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде же болбосо 5 (беш) жыл ичинде (соттун чечиминде мөөнөт жок болсо); 

2) ушул Жобонун 46-пунктунун 2-пунктчасында Улуттук банктын чечими күчүнө кирген күндөн тартып 5 (беш) жыл ичинде; 

3) ушул Жобонун 46-пунктунун 4-пунктчасында Улуттук банктын чечими күчүнө кирген күндөн тартып 5 (беш) жыл ичинде. 

48. Улуттук банк ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды макулдашуудан баш тарткан учурда, аталган адам кредиттик бюро макулдашуудан баш тартуу жөнүндө Улуттук банктын катын алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө ээлеген кызматынан бошотулууга тийиш. 

49. Ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары иштен (ээлеген кызматынан) бошотулган учурда кредиттик бюро чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде иштен бошотуу себептерин көрсөтүп, кредиттик бюронун ыйгарым укуктуу башкаруу органынын тиешелүү чечиминин көчүрмөсүн тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар ошондой эле 2 (эки) айдан ашык мөөнөткө өз милдеттерин аткаруудан убактылуу бошотулган адамдарга (бала багуу боюнча өргүү (декрет), эмгекке жарамсыздык баракчасын тариздетүү, башка милдеттерди убактылуу аткаруу ж.б.) да жайылтылат. 

 

5-глава. Кредиттик бюронун акцияларынын 10 (он) пайызынан көбүн сатып алууга уруксат алуу тартиби 

50. Кредиттик бюронун добуш берүүчү акцияларынын чогуу алгандагы 10 (он) пайызынан көбүн сатып алууга уруксат алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүү зарыл: 

1) добуш берүүчү акциялардын жыйындысында 10 (он) пайыздан ашыгын сатып алуу үчүн макулдук алууга арыз; 

2) кредиттик бюронун акцияларын сатып алуу жөнүндө юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын чечими (юридикалык жактар үчүн); 

3) арыз берүүчүнүн туруктуу финансылык абалын тастыктаган документтер; 

4) кредиттик бюронун акцияларын сатып алууга багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматтар; 

5) кредиттик бюродон алынган маалымат (кредиттик отчет жана/же скоринг-отчет). 

51. Юридикалык жактардын/жеке адамдардын туруктуу финансылык абалы деп төмөнкүлөр түшүнүлөт: 

1) арыз берилген датага карата Кыргыз Республикасынын салык органдарынын алдында төлөнбөгөн карыздын жоктугу; 

2) кредиттик бюродо терс маалыматтардын жоктугу; 

3) акыркы 2 (эки) жыл ичиндеги кирешелүү иш (юридикалык жактар үчүн). 

52. Улуттук банк кредиттик бюронун добуш берүүчү акцияларынын чогуу алгандагы 10 (он) пайызынан көбүн сатып алууга карата ушул Жободо белгиленген талаптарды канааттандырган арызды жана документтерди алган күндөн тартып 1 (бир) ай ичинде кредиттик бюрого акцияларды сатып алууга макулдук берүү же макулдашуудан баш тартуу жөнүндө кат жөнөтөт. 

53. Кредиттик бюронун акцияларын сатып алууга макулдук берүү жана макулдашуудан баш тартуу маселесин Улуттук банк Башкармасынын кредиттик бюрону лицензиялоо маселесин тескөөгө алган мүчөсү кабыл алат. 

54. Улуттук банк жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан кредиттик бюронун добуш берүүчү акцияларынын жалпысынан 10 (он) пайызынан көбүрөөгүн сатып алууга макулдук берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга укуктуу: 

1) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге катыштыгы бар деп таанылган же мыйзам талаптарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берген, анын кесепетинен Улуттук банктын уруксат берүүчү документинин колдонулушу чакыртып алынган же токтотулган жеке жакка карата Улуттук банктын чечими бар болсо; 

2) жеке жакта өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча соттун аткарылбаган чечими болгон учурда; 

3) оффшордук аймактарда жашаган жана/же катталган, же болбосо тизмеги Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймактарда катталган аффилирленген жактары бар жеке адамдар жана юридикалык жактар. 

Аффилирленген жактар катары төмөнкүлөр таанылат: 

- юридикалык жактын олуттуу катышуучулары; 

- бир эле юридикалык жак олуттуу катышуучусу болуп саналган юридикалык жактар; 

4) БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан аларга карата эл аралык санкциялар кабыл алынеган жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле аталган жактар менен укуктук мамилелерге тыюу салган жана Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү болгон БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар кабыл алынган мамлекеттерде катталган жеке жана юридикалык жактар; 

5) белгиленген тартипте өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучулардын курамы жөнүндө маалыматтарды жана юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин ишенимдүү идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берген ар кандай башка маалыматтарды жана документтерди бербеген, же болбосо бенефициардык менчик ээлерин кошкондо, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген, ошондой эле банктык мыйзамдарга ылайык өздөрүнүн кынтыксыз ишкердик беделин тастыктабаган учурда жеке жана юридикалык жактар; 

6) кредиттик бюронун акцияларын сатып алууга жумшалуучу акча каражаттарынын келип чыгуу булагынын мыйзамдуулугун Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте тастыктабаган жеке адамдар жана юридикалык жактар; 

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, анын ичинде соттун чечими боюнча тыюу салуулар же чектөөлөр бар жеке жана юридикалык жактар. 

 

6-глава. Мамлекеттик каттоого, кайра каттоого макулдук жана кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер  

55. Улуттук банк төмөнкү учурларда мамлекеттик каттоого, кайра каттоого макулдук жана кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн: 

1) ушул Жобонун 21 же 23-пункттарында көрсөтүлгөн лицензия берүү үчүн зарыл болгон документтер берилбеген учурда; 

2) берилген уюштуруу жана башка документтер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келбесе; 

3) лицензия алуу үчүн берилген документтерде анык эмес же бурмаланган маалыматтар чагылдырылса; 

4) кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, колдонуудан, ачыкка чыгарылышынан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекси жок болсо же программалык-техникалык комплекс Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 

5) кредиттик бюронун жетекчиси (кредиттик бюронун башкармасынын төрагасы) ушул жобонун 36 жана 37-пункттарында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп бербесе. 

56. Улуттук банктын кредиттик бюрону мамлекеттик каттоого, кайра каттоого жана лицензия алууга макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими башкарманын кредиттик бюрону лицензиялоо маселесин тескөөгө алган мүчөсү тарабынан кабыл алынат жана баш тартуу себебин көрсөтүү менен арыз ээсине кат жүзүндө жөнөтүлөт. 

57. Лицензия алуу үчүн берилген документтерди кайталап кароого алуу ушул Жободо каралган мөөнөттө ишке ашырылат. 

58. Улуттук банктын лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен көзөмөлгө алынган уюмдар, ошондой эле юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актысына ылайык сотко чейинки тартипте даттанууга болот. 

 

7-глава. Кредиттик бюронун ишти жүзөгө ашыруу лицензиясын кайра тариздетүү 

59. Лицензияга кредиттик бюрону мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү талап кылынбаган өзгөртүлгөн киргизилген учурда, кредиттик бюронун тиешелүү органы тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде кредиттик бюро лицензияны кайра тариздөө үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү

1) кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арыз; 

2) кредиттик бюронун ыйгарым укуктуу органынын лицензияны кайра тариздөө жөнүндө чечими; 

3) жайгашкан жери өзгөргөн учурда: 

а) юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастамасы (билдирүүсү); 

б) кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, колдонуудан, ачыкка чыгарылышынан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекстин параметрлери жана жайгашуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келерин тастыктаган документтер; 

в) ижара келишиминин же кредиттик бюронун турак жайга менчик укугун тастыктаган укук белгилөөчү документтин көчүрмөсү

4) кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия. 

60. Кредиттик бюронун лицензиясындагы мамлекеттик кайра каттоого алып келген өзгөртүүлөргө байланыштуу лицензияны кайра тариздөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын ичинде ушул Жобонун 8-главасына ылайык мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин жана ушул Жобонун 59-пунктунун 1, 2, 3 («б» жана «в» абзацтары) жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерди ушул Жободо каралган мөөнөттөргө ылайык тапшыргандан кийин ишке ашырылат. 

61. Улуттук банк бардык зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде лицензияны кайра жол-жоболоштурууну жүзөгө ашырат жана кредиттик бюролордун реестрине тиешелүү жазууларды киргизет. 

Лицензияны кайра жол-жоболоштурууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алым алынат. 

62. Лицензия жоголгон / жараксыз болуп калган учурда кредиттик бюро Улуттук банкка жөнөтүлгөн кат жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын дубликатын алууга укуктуу.  

Дубликат берүү жөнүндө арызга жоголгондугу / жараксыз болуп калгандыгы жөнүндө түшүндүрмө жана тастыктоочу документтер тиркелет (жараксыз болуп калганда - жараксыз болуп калган күбөлүк, жоголгондо - жалпыга маалымдоо каражаттарына күбөлүктүн реквизиттерин көрсөтүү менен жоголгондугу жөнүндө кулактандыруу жана табылгалар бюросунан маалымкат). 

Лицензиянын жоголгон / жараксыз болуп калган бланктары кредиттик бюро арыз берген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет. 

Лицензиянын дубликатын берүү арыз берилген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде жүргүзүлөт. 

63. Дубликатты берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алым алынат. 

 

8-глава. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу 

64. Улуттук банк кредиттик бюронун лицензиясынын аракетин төмөнкү учурларда убактылуу токтотууга укуктуу: 

1) системалуу түрдө (календардык жыл ичинде 2 (эки) же андан көп жолу) Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын талаптары сакталбаса, ошондой эле алардын ишинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү жөнүндө жазма буйруктар аткарылбаса; 

2) системалуу түрдө (календардык жыл ичинде 2 (эки) же андан көп жолу) анык эмес маалыматтар сунушталса же кредиттик бюронун ишине тиешелүү отчеттор жана маалыматтар белгиленген мөөнөттө берилбесе; 

3) кредиттик бюронун ишине текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүлсө жана/же текшерүүнүн алкагында талап кылынган маалыматтарды жана документтерди берүүдөн баш тартылса; 

4) кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан, ачыкка чыгаруудан коргоону камсыз кылган программалык-техникалык комплекс Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 

5) кредиттик маалыматты сактоо жана андан санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, колдонуудан же ачыкка чыгарылышынан коргоо камсыз кылынбаса; 

6) кредиттик бюронун кызмат адамдары белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербесе. 

65. Лицензиянын аракетин токтотуу мөөнөтү Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет. Мында аныкталган кемчиликти четтетүү үчүн зарыл болгон убакыт эске алынат. 

66. Кредиттик бюро лицензиянын колдонулушун токтото турууга тиешелүү билдирүүнү алган күндөн тартып Улуттук банктан лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүүгө тиешелүү билдирүүнү алганга чейин лицензияда көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок. 

67. Улуттук банктын лицензиянын аракетин токтотуу чечимине кредиттик бюро Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык даттануу менен кайрылышы мүмкүн. 

Сотко чейин жөнгө салуу тартиби милдеттүү түрдө сакталууга тийиш. 

 

9-глава. Кредиттик бюрого ишкердикти жүзөгө ашырууга берилген лицензияны кайтарып алуу жана аракетин токтотуу 

68. Улуттук банк төмөнкү учурларда кредиттик бюрого ишкердикти жүзөгө ашырууга берилген лицензияны кайтарып алууга укуктуу: 

1) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик бюро төлөөгө жөндөмсүз катары жарыяланса; 

2) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, кредиттик бюрону мажбурлап жоюу жол-жобосу башталса; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын системалуу түрдө (календардык жыл ичинде 2 (эки) же андан көп жолу) бузууга жол берилсе; 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган ишти жүзөгө ашырса. 

69. Кредиттик бюронун лицензиясын кайтарып алуу чечими Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат, мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып кредиттик бюрого үч жумуш күнү ичинде кат жүзүндө маалымдалат. Лицензиясын кайтарып алуу чечими кабыл алынган кредиттик бюро төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга милдеттүү

1) лицензияны кайтарып алуу билдирмесин алган күндөн тартып ишкердикти жүргүзүүнү дароо токтотууга; 

2) лицензияны кайтарып алуу билдирмесин алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде лицензияны Улуттук банкка тапшырууга жана белгиленген мөөнөт ичинде кредиттик маалымат базасын Улуттук банкка өткөрүп берүүгө

70. Улуттук банктын лицензияны кайтарып алуу чечимине карата кредиттик бюро Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, анын ичинде сотко чейин даттануу тартибин сактоо менен даттануу менен кайрылышы мүмкүн. 

71. Кредиттик бюронун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган же биротоло токтотулган учурда Улуттук банк кредиттик бюролор реестрине тиешелүү жазууларды чагылдырат. 

72. Лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат: 

1) кредиттик бюро жоюлган шартта; 

2) кредиттик бюро лицензияда каралган ишкердикти жүзөгө ашырууну өз эрки боюнча токтотуу өтүнүчү менен кайрылган учурда; 

3) кредиттик бюронун лицензиясы кайтарылып алынса; 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

 

10-глава. Кредиттик бюрону мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүү 

73. Кредиттик бюронун мамлекеттик кайра каттоодон өтүшү Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. Улуттук банк менен мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө макулдашуу үчүн кредиттик бюро мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катты жана төмөнкү документтерди Улуттук банкка берет: 

1) кредиттик бюронун катышуучуларынын / акционерлеринин жалпы жыйынынын (чечим жалгыз уюштуруучу / акционер болгон учурда) кайра каттоодон өтүү үчүн негиздерди көрсөтүү менен кредиттик бюрону мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү жөнүндө протоколу жана кредиттик бюронун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

2) кредиттик бюронун жаңы редакциядагы уюштуруу документтери, ошондой эле алардын кредиттик бюронун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (өзгөртүүлөр киргизилген учурда); 

3) катышуучулар / акционерлер жана алардын уставдык капиталдагы үлүштөрү тууралуу маалыматтар (катышуучулардын / акционерлердин курамы жана кредиттик бюронун уставдык капиталынын өлчөмү өзгөргөн учурда); 

4) юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жана интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кредиттик бюронун болжолдуу аталышы менен аралашып кетүү деңгээлине чейин бирдей же окшош белгилердин жоктугу жөнүндө документ (кредиттик бюронун аталышы өзгөргөн учурда); 

5) уставдык капитал көбөйгөн учурда жана/же жаңы акционерлердин үлүшүн/акцияларын сатып алган учурда - арыз берилген күнгө карата Кредиттик бюронун же жаңы катышуучунун/акционердин тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы эсебиндеги уставдык капиталды көбөйтүү эсебине толук өлчөмдө акча каражатынын болушун тастыктаган документ (банктагы алыш-бериш эсебинен көчүрмө), бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен уставдык капиталды көбөйтүүнү эске албаганда; 

6) уюштуруучулар (катышуучулар, акционерлер), анын ичинде жаңы катышуучулар/акционерлер уставдык капиталга киргизгенде же сатып алганда, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды камтыган документтер; 

7) уставдык капитал азайганда: 

а) уставдык капитал азайгандан кийинки кредиттик бюронун финансылык абалы жөнүндө болжолдуу эсептөөлөр (финансылык абал жөнүндө болжолдуу отчет) жана кредиттик бюролордун Улуттук банктын талаптарын сактоосуна жана кредиттик бюронун кредиторлорунун алдында милдеттенмелеринин аткарылышына таасир этүү

б) кредиторлордун - финансы-кредиттик уюмдардын кредиттик бюронун уставдык капиталын азайтууга (бар болсо) жазуу жүзүндөгү макулдугу; 

8) уставга (уюштуруу келишимине) киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн тексти 13-тиркемеге ылайык белгиленген формада. 

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалыматтар жана документтер. 

74. Макулдашуу үчүн зарыл болгон документтер ыйгарым укуктуу орган тарабынан кредиттик бюронун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде кредиттик бюро тарабынан Улуттук банкка берилет. 

75. Улуттук банк кредиттик бюронун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өтүнүч катты жана тиркелген документтер топтомун ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп берген күндөн тартып 25 (жыйырма беш) жумуш күнү ичинде кароого алат. 

76. Берилген документтер толук жана белгиленген талаптарга ылайык келген жана баш тартуу үчүн негиздер жок болгон учурда, Улуттук банк ушул Жобонун 73-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин түп нускаларын кошо тиркөө менен кредиттик бюронун мамлекеттик кайра каттоодон өтүүсү үчүн макулдук катын берет. 

77. Кредиттик бюро юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин 5 (беш) жумуш күнү ичинде төмөнкү документтерди тиркөө менен билдирме берет: 

1) кредиттик бюронун мөөрү менен тастыкталган, кредиттик бюронун мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн (сертификатынын) көчүрмөсү

2) мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белгиси бар, кредиттик бюронун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уставдын көчүрмөсү

78. Кредиттик бюро кредиттик бюронун жайгашкан жеринен тышкары жайгашкан филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жайгашкан жери ачылгандыгы/өзгөргөндүгү тууралуу филиалдын жайгашкан жайы ушул Жобонун 2-главасында каралган талаптарга ылайык келишин тастыктаган документтерди тиркөө менен Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү

 

11-глава. Кредиттик бюрону кайра өзгөртүп түзүү 

79. Кредиттик бюрону кайра өзгөртүп түзүү ушул Жобонун талаптарын эске алуу менен мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат. 

80. Кайра өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн кечиктирбестен кредиттик бюро Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө маалымдайт жана эки ай ичинде тиешелүү жарыялоолорду жалпыга маалымдоо каражаттарында жумасына бир жолу жайгаштырып турат. 

81. Кредиттик бюро кайра өзгөртүп түзүлгөн шартта кредиттик маалымат базасы Улуттук банктын лицензиясына ээ анын укугу өткөн жакка берилет. Бул учурда кредиттик бюронун укугу өткөн жак кредиттик маалымат базасын алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде бул тууралуу кредиттик маалыматты сунуштоочуларга жана Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Мында, жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган кулактандырууларда кредиттик бюронун кредиттик маалымат базасы анын укугу өткөн жакка өткөрүлүп берилгендиги көрсөтүлөт. 

82. Эгерде кредиттик бюронун укугу өткөн жак лицензияга ээ эмес болсо, ошондой эле кредиттик бюро жоюлса же лицензиянын аракети токтотулган учурда, кредиттик маалымат базасы 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кайтарымсыз өткөрүлүп берилет. 

 

12-глава. Кредиттик бюрону жоюу 

83. Лицензия кайтарылып алынган учурда кредиттик бюронун иши токтотулгандыгы катталууга тийиш. 

84. Кредиттик бюро Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз эрки менен жоюлушу мүмкүн. Мында ал жоюу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 (үч) календардык күн ичинде лицензиясынын түп нускасын жана кредиттик маалымат базасын Улуттук банкка өткөрүп берүүгө жана кредиттик маалымат алмашуу ишин токтотууга тийиш. 

85. Кредиттик бюрону жоюу ушул жобонун талаптарын эске алуу менен мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат. 

86. Жоюу чечими кабыл алынгандан кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн кечиктирбестен кредиттик бюро Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө маалымдайт жана эки ай ичинде тиешелүү жарыялоолорду жалпыга маалымдоо каражаттарында жумасына бир жолу жайгаштырып турат. 

 

  

  

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 1-тиркемеси 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

_________________________ 

(юридикалык жактын аталышы) 

_________________________ 

(юридикалык жактын дареги) 

_________________________ 

(байланыш үчүн маалыматтар) 

 

Кредиттик бюрого лицензия берүү жөнүндө 

АРЫЗ 

_________________________________________________________________________ 

Кредиттик бюронун аталышы 

Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында кредиттик маалымат алмашуу боюнча кызматтарды жүзөгө ашыруу үчүн лицензия берүүнү өтүнөт. 

_____________________________________________________________________________. 

Кредиттик бюронун юридикалык дареги 

_____________________________________________________________________________. 

Кредиттик бюронун жетекчисинин/башкарманын төрагасынын аты-жөнү 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык лицензия алуу үчүн зарыл болгон документтер кошо тиркелет (документтер ______ барактан турат). 

Документтердин тизмеси: 

 

Сунушталган маалымат анык жана толук экендиги тастыкталат жана анык эмес / бурмаланган документти же маалыматтарды берүү лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналаарын түшүнөбүз. 

Уюштуруучулар / акционерлер / жетекчи сунушталган маалыматтын аныктыгына толук жоопкерчилик тартышат. 

Уюштуруучулар (акционерлер) жөнүндө маалымат  

(аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы, дареги, телефон номери) 

1. 

2. 

3. 

  

Жетекчи / башкарманын төрагасы, кол тамгасы, күнү 

  

  

  

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 2-тиркемеси 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

Кредиттик бюронун ишти жүзөгө ашырууга 20___-жылдын ___ ____________ № ____  

ЛИЦЕНЗИЯСЫ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:  

_________________________________________________  

кредиттик бюронун толук аталышы  

_________________________________________________  

кредиттик бюронун кыскартылган аталышы  

_________________________________________________  

кредиттик бюронун юридикалык дареги  

кредиттик бюронун ишин Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашыруу укугун ыйгарат.  

Ушул лицензия кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.  

Лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат.  

Ушул лицензияда каралган укуктар үчүнчү жактарга берилбейт.  

  

Мөөр  

 

Башкармалыктын начальниги 

_________________________ 

________________________________________________ 

  

(кол тамгасы) 

(кызматкердин аты-жөнү

  

  

  

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 3-тиркемеси 

Кредиттик бюронун катышуучулары/акционерлери тууралуу 

МААЛЫМАТ 

№ 

Катышуучунун/ 

акционердин аты-жөнү

аталышы 

Ээлик кылуу үлүшү 

Иштеген жери/ 

иш чөйрөсү 

ИЖН 

Паспорттогу маалыматтар/ 

каттоо маалыматтары 

Жетекчи (юридикалык жак) 

Уюштуруучулар (юридикалык жак) 

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 4-тиркемеси 

  

 

Сүрөт үчүн орун 

 

 

Кредиттик бюронун кызмат адамынын 

АНКЕТАСЫ 

1. Аты-жөнү ____________________________________________________________  

2. Кредиттик бюродо сунушталган позицияны көрсөткүңүз _____________________________________________________________________________ 

(кызмат орду, кредиттик бюронун аталышы) 

3. Аты-жөнүңүздү өзгөрткөн болсоңуз, качан жана эмне себептен өзгөртүлгөндүгүн көрсөтүңүз  

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

4. Туулган жылы ___________________________________________________ 

туулган жери _______________________________________________________ 

5. Паспорт сериясы ______________ номери ________________________ 

ким тарабынан берилгендиги _________________________ берилген күнү ______________ 

6. Жарандыгы ___________________________________________________________ 

Эмне себептен алынгандыгын көрсөтүңүз: туулган жери боюнча, никеге тургандан кийин, башка жагдайлар боюнча - түшүндүрмө бериңиз 

_________________________________________________________________________ 

7. Үй дареги (документ боюнча)  

________________________________________________________________________ 

тел (үй) __________________ 

(уюлдук) __________________ 

Иш-жүзүндө жашаган жери __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

8. Билими бар экендиги жөнүндө маалымат: 

- кредиттик бюронун ишин жөнгө салган мыйзам актылары боюнча 

ооба/жок_________________________________________________________________ 

- маалыматтык технологияларга аудит жүргүзүү боюнча  

ооба/жок_________________________________________________________________ 

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тили 

ооба/жок (мамлекеттик тил)_________________________________________________ 

ооба/жок (расмий тил)_________________________________________________ 

 

9. Негизги иштеген жери жана ээлеген кызматы 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

 

10. Кызматтык дареги, телефон, факс  

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

11. Билими ___________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

(жогорку, толук эмес жогорку, бакалавр, магистр, кесиптик орто, орто) 

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан орду 

Факультети же бөлүмү 

Тапшырган жана аяктаган жылы 

Диплому боюнча адистиги 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Окуу борборлору тарабынан жүргүзүлгөн курстарда окутуудан өтүү 

Семинардын же курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

12. Эмгек жолу башталгандан тартып аткарган иши 

Ишке орношкон күнү 

Иштен 

бошогон 

күн 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан орду, жумуш берүүчүнүн аты-жөнү 

Иштен бошоо себеби 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

13. Акыркы 10 (он) жыл ичинде сиз буга чейин уюштуруучу, акционер, жетекчи (жетекчиликке сиз тандалган же дайындалган кредиттик бюрону кошо алганда) болуп келген жана/же учурда болуп турган кайсы болбосун өлкөдөгү компанияны көрсөтүңүз: 

Компаниянын аталышы, жайгашкан жери 

Компаниянын негизги ишкердик түрү 

Ээлигинде турган акциялардын саны/үлүшү 

Ээлик кылуу суммасы, сом түрүндө 

Компаниянын уставдык капиталдагы үлүшү, % 

Компаниянын жетекчиси 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

14. Сизге же сиз олуттуу катышуучу, көзөмөлдөөчү адам жана/же директорлор кеңешинин мүчөсү же башка кызмат адамы катары байланыштуу болгон компанияга карата качандыр бир кезде, кайсы бир өлкөдө

- укук бузууларга жана/же кылмыштуулукка жол берилгендиги үчүн күнөө коюлгандыгын (ооба/жок) 

_________________________________________________________________________ 

- жаза чарасы колдонулгандыгын (ооба/жок) ____________________________ көрсөтүңүз. 

Эгерде колдонулган болсо, укук коргоо органынын/соттун аталышын көрсөтүү менен укук коргоо органы/сот тарабынан коюлган күнөөнү, айыпты, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан колдонулган айыпты же жаза чарасын, соттун териштирүү натыйжаларын, чечимдерин толук сүрөттөңүз: 

_________________________________________________________________________ 

15. Сиз же 14-пунктта көрсөтүлгөн компаниялардын кайсы бири сиз кызмат ордуна талапкер болуп жаткан кредит бюросу менен жалпы кызыкчылыкка ээби? Эгер ээ болсо, толук түшүндүрмө бериңиз. 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

16. Өтөлүп бүтө элек соттуулугуңуз барбы? Бар болсо түшүндүрмө бериңиз 

_________________________________________________________________________ 

Сизге карата кесипкөй иштин кайсы бир түрү менен алектенүүгө тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынганбы. Кабыл алынган болсо, түшүндүрмө бериңиз _______________________________________________________________________________________________________________________ 

17. Сиз жетекчи, кызмат адамы (директорлор кеңешинин мүчөсү, башкарманын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер) же олуттуу катышуучу (ээлигинде акциялардын 10 же андан ашык пайызы болсо) катары байланыштуу болгон, мажбурлаган тартипте банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны көрсөтүңүз  

_________________________________________________________________________ 

Сиз байланыштуу болгон жана мажбурлап банкрот кылуу, жоюу шарттары коюлган компаниянын жетекчиси, кызмат адамы же олуттуу катышуучусу катары сиздин ролуңузга жана жоопкерчилигиңизге толук негиздеме бериңиз __________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

18. Кимдир бирөө алдында ссудалык карызыңыз (башка милдеттенмеңиз) болсо, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөнкү маалыматтарды көрсөтүңүз: 

Кредитордун аталышы 

Берилген күнү 

Зайым суммасы, миң сом түрүндө 

Пайыздык чен 

Зайым багыты 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Күрөөнүн берилиши жана суммасы 

Төлөө мөөнөтү 

Зайым боюнча карыз калдыгы, миң сом түрүндө 

Пайыздар боюнча карыз калдыгы, миң сом түрүндө 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, пайыздар) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

19. Кайсы бир финансы-кредит уюмдарына жеке кредит боюнча, ошондой эле сиз гарант, кепилдик берүүчү катары катышкан кредит боюнча карызды төлөй албай калган учурлар болду беле? Болсо, түшүндүрмө бериңиз 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

20. Учурда сиз кайсы бир соттук териштирүүлөргө катышасызбы. Катышсаңыз, түшүндүрмө бериңиз  

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

21. Төмөнкү маалыматтарды сунуштаңыз: 

1. "__" ___________ карата абал боюнча активдер жана милдеттенмелер тууралуу жеке отчет. 

1-табл. 

  

Активдер 

Суммасы (сом түрүндө

Нак акча 

  

Финансы-кредит уюмдарындагы депозиттик каражаттар 

  

Компанияга инвестициялар 

  

Баалуу кагаздар 

  

Кыймылсыз мүлк, анын ичинде күрөөдө турган же ага арест коюлган 

  

Дебитордук карыз, анын ичинде зайымга берилгени 

  

Башка активдер 

  

  

Бардыгы болуп активдер 

  

  

Милдеттенмелер 

  

Кредит боюнча карыз 

  

Кредитордук карыз 

  

Башка милдеттенмелер 

  

  

Бардыгы болуп милдеттенмелер 

  

  

Таза нарк (активдер-милдеттенмелер) 

  

  

Берилген жеке гарантиялар 

  

2-табл. 

  

Киреше булактары 

Өткөн 20__-жыл 

Өтүп жаткан жыл (күтүлүп жаткан сумма) 20__-жыл 

Негизги иштеген орду боюнча эмгек акы (сый акыларды кошо алганда) 

  

  

Дивиденддер 

  

  

Пайыздар 

  

  

Башка кирешелер 

  

  

  

Бардыгы болуп 

  

  

  

Чыгашалар 

  

  

Чыгашалар (жеке, керектөөгө

  

  

Кредиттер боюнча төлөөлөр 

Негизги сумма 

Пайыздар 

  

  

Башка чыгашалар (көрсөтүлсүн) 

  

  

  

Бардыгы болуп чыгашалар 

  

  

  

Таза киреше (чыгаша) 

  

  

22. Үй-бүлөлүк абалы____________________________________________________ 

16 жаштан жогорку туугандарыңызды көрсөтүңүз (ата-энеси, балдары, жолдошу, ага-инилери, эже-сиңдилери): 

Аты-жөнү 

Тууганчылык мамилеси 

Туулган күнү жана жери 

Иштеген жери, кызматы 

Үй дареги, телефону 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

23. Кызмат ордуна сиз талапкер болуп жаткан кредиттик бюро менен кандай кызыкчылыктардан улам байланышыңыз бар экендиги тууралуу толук маалымат бериңиз. Мындан тышкары кызмат ордуна макулдашууда кароого алуу үчүн маанилүү деп санаган кайсы болбосун маалыматты да көрсөтүү зарыл  

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Мен, ____________________________________________________________________________, 

(аты-жөнү

анкетада жогоруда келтирилген маалыматтар анык, толук экендигин жана менин билимиме жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча маалыматка ылайык берилгендигин тастыктаймын. Мен атайылап бурмалоолорго жана жашырып жабууларга жол берген учурда, алар сунушталып жаткан кызмат ордуна макулдашуудан баш тартылууга негиз катары кызмат кылышы жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келиши мүмкүн экендигин мойнума аламын. 

  

__________________________ 

Кол тамга 

____-жылдын "__" _____________ 

күнү 

 

Эскертүү

1) Анкетанын ар бир барагына кол коюлат 

2) Анкетадагы оңдоолор “оңдолгон сөздөр туура” деген сөздөр жана талапкердин өзүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт  

  

  

  

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 5-тиркемеси 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга субъекттин макулдугу 

  

Калктуу пункт _____________________, 20____-жылдын ____-___________________  

Мен, _______________________________________________________________________  

(аты-жөнү)  

___________________________________________________________________________  

дареги боюнча жашаган,  

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______  

(документтин түрү)  

берилди _________________________________________________________________  

(берилген күнү, ким тарабынан берилген)  

Ишенимдүү өкүлдөр үчүн  

__________________________________________________ атынан иш алып барган  

(аты-жөнү)  

_________________________________________________________________________  

дареги боюнча жашаган,  

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______  

(документтин түрү)  

берилди _________________________________________________________________  

(берилген күнү, ким тарабынан берилген)  

________________________________________________________________ негизинде  

(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук актынын)  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча, толук түшүнүү менен төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем:  

- иштеп чыгууга (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле:  

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык сунушталышына);  

- кредиттик маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана банк мыйзамдарына ылайык жеке өзүм берген бардык жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине).  

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: аты-жөнү (мурдагы аты-жөнү, ал өзгөртүлгөн күн жана ага түрткү берген себептер) (өзгөртүлгөн болсо); туулган жылы жана жери; жарандыгы тууралуу маалыматтар (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандык боюнча маалымат); билими тууралуу маалыматтар (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жылы, билими тууралуу документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими тууралуу документ боюнча адистиги); окумуштуулук даражасы тууралуу маалымат; чет тилдерин билүү деңгээли жөнүндө маалымат; жашаган дареги (келген жеринин дареги); байланыш телефон номери же башка байланыш ыкмалары жөнүндө маалымат; инсандыгын тастыктаган документтин түрү, сериясы, номери, ошол документти берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлө курамы, жакын туугандары; эмгек жолу тууралуу маалымат (аскердик кызмат өтөө, айкалыштырган иши, ишкердик иш, кызмат көрсөтүү жөнүндө келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү ж.б.); мамлекеттик сыйлыктар, башка сыйлыктар, артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан берилген); соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу тууралуу маалыматтар, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендиги үчүн тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтар; кирешелер, чыгашалар, мүлкү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүлктүк милдеттенмелерге тиешелүү маалыматтар; фото сүрөтү берилгендиги боюнча маалыматтарга дагы тиешелүү болуп саналат.  

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды кредиттик маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган Улуттук банк тарабынан лицензиялоо, кызмат адамдарын, акционерлерди макулдашуу жана мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө макулдук алуу жол-жоболорун жүзөгө ашыруу максатында иштеп чыгуу үчүн сунуштайм. 

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартиби, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм.  

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт.  

  

20__-ж. ___-_________________ 

___________________ 

______________________________ 

  

Кол тамгасы 

Аты-жөнү". 

  

 

  

  

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 6-тиркемеси 

 

20___-жыл "___" ____________ 

№ _______ 

протоколу менен (чечим жалгыз  

уюштуруучу болгондо),  

уюштуруучулардын/акционерлердин 

жалпы чогулушунда кабыл алынган  

 

 

Уставга киргизилүүчү 

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР 

 

_____________________________________________________________________________ 

(кредиттик бюронун толук аталышы) 

 

Уставдын, уюштуруу келишиминин пунктунун / беренесини №  

Колдонуудагы редакция  

Жаӊы редакция  

  

  

  

  

  

  

 

 

Кредиттик бюронун  

башкармасынын төрагасы /  

жетекчиси (кол тамгасы, мөөрү) Аты-жөнү 

 

 

  

  

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 7-тиркемеси 

 

 

Сүрөт үчүн орун 

 

Кредиттик бюронун болочоктогу акционеринин 

АНКЕТАСЫ 

(жеке адам тарабынан толтурулат) 

 

Аты-жөнү  

  

  

Эгерде, фамилиясы өзгөрсө: (мурдагы фамилиясы)  

Качан:  

Себеби:  

Туулган күнү:  

Туулган жери:  

Паспорт  

Сериясы:  

Номери:  

 

  

Ким тарабынан берилген:  

Берилген күнү:  

Жарандыгы: (кандайча алынгандыгын көрсөтүңүз: туулган жериңиз боюнча, никеге тургандан кийин, башка жагдайларга байланыштуу - түшүндүрмө бериңиз) ___________________________________________  

Үй дареги: (документтер боюнча) Тел: () _____________  

Жашаган жери: Тел.: () ____________________  

Негизги жумуш орду:  

Ээлеген кызматы:  

Жумушунун дареги:  

Телефон: () ______________________________  

Факс: () _____________  

Билими _________ (жогорку, толук эмес жогорку, орто атайын, орто)  

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан орду  

Окууга өткөн жана аяктаган жылы  

Алган дипломуна ылайык адистиги  

 

 

 

 

 

10. Эмгек жолу башталгандан бери аткарган иши  

Жумушка кирген күнү (айы, жылы) 

Жумуштан кеткен күнү (айы, жылы) 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан орду, аты-жөнү, жумуш берүүчү 

Жумуштан кетүү себеби 

  

  

  

  

  

Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: сизге же сиз олуттуу катышуучу жана/же кайсы болбосун кызмат адамы (директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) катары байланыштуу болгон компанияга качандыр бир кезде, кайсы болбосун өлкөдө:  

- акыркы үч жыл ичинде административдик укук бузууларга жол бергендиги үчүн айып коюлганбы, анын ичинде кылмыш иши токтотулган же айып алынып салынган учурлар (ооба/жок) ________________  

- акыркы үч жыл ичинде тартип жазасы колдонулганбы (ооба/жок) ____________  

- кылмыш мыйзамдарына ылайык, кылмыш жасагандыгы үчүн айып коюлганбы, анын ичинде кылмыш иши токтотулган, актоо өкүмү чыгарылган жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган учурлар (ооба/жок) _____________  

Эгерде, айып коюлган болсо, анда укук коргоо органынын аталышын көрсөтүү менен, ал тарабынан айып коюлгандыгы, соттолгондугу, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан айыпталып, жаза чарасы колдонулгандыгы, териштирүүлөрдүн натыйжасы, соттун чечими (анын ичинде кылмыш иши токтотулган, айыпталуусу алып салынган, актоо өкүмү чыгарылган же кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган учурларда) тууралуу толук маалымат бериңиз: ___________________________________  

12. Соттолгонсузбу? "Ооба" деген жооп берилсе, сиз анын негизинде соттолгон Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренелеринин, бөлүктөрүнүн, пункттарынын жана пунктчаларынын номерлерин (анын ичинде жоюлган сот жазасы тууралуу, соттуулугу жоюлган күнүн) көрсөтүү менен, ал боюнча түшүндүрмө бериңиз  

_________________________________________________________________________  

Сизге карата кайсы болбосун кесиптик иш менен алектенүүгө тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынганбы? Эгерде, кабыл алынган болсо, түшүндүрмө бериңиз  

_________________________________________________________________________  

13. Мажбурлоо тартибинде банкрот катары таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган жана сиз кызмат адамы (директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон ар бир компанияны көрсөтүңүз. ____________________________________________________  

Сиз кызмат адамы же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон жана ал боюнча мажбурлап банкроттоого, жоюуга байланыштуу шарттар коюлган компаниядагы сиздин ролуңуз жана жоопкерчилик чөйрөңүз тууралуу толук негиздеме бериңиз. ___  

14. Сизге же сиз кызмат адамы (директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон компания боюнча мамлекеттик жана жөнгө салуу органдары тарабынан териштирүү жүргүзүлгөнбү? Эгерде, жүргүзүлгөн болсо, анын себеби тууралуу түшүндүрмө бериңиз __________________________________  

15. Сиз азыркы учурда кайсы бир соттук териштирүүгө катышып жатасызбы? Катышсаңыз, түшүндүрмө бериңиз _____________________  

16. Үй-бүлөлүк абалыңыз ________________________________  

Жакын туугандарыңызды көрсөтүңүз (ата-эне, 16 жаштан улуу балдар, жубай, ага-ини, эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, таята, тайэне): 

Аты-жөнү 

Туугандык жагы 

Туулган күнү, жери 

Кызматы жана жумуш орду 

Үй дареги, тел. № 

 

 

 

 

 

17. Кимдир-бирөө алдында ссуда боюнча карызыңыз болгон шартта, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтүңүз:  

Кредитордун аталышы  

 

 

Берилген күнү  

 

 

Карыздын суммасы  

 

 

Пайыздык чен  

 

 

Зайымдын багыты  

 

 

Күрөө тууралуу маалымат жана анын суммасы  

 

 

Төлөө мөөнөттөрү  

 

 

Зайым боюнча карыздын калдыгы  

 

 

Кредит үчүн пайыздар боюнча карыздын калдыгы  

 

 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, кредит үчүн пайыздар)  

 

 

18. Төмөнкү маалыматтарды бериңиз:  

а) "___" _______________ карата абал боюнча активдер жана милдеттенмелер жөнүндө жеке отчет (валютасын көрсөтүңүз) 

 

Активдер 

Суммасы (сом түрүндө/чет өлкөлүк уюштуруучулар үчүн АКШ долларында) 

Накталай акча  

 

Финансы-кредит уюмдарындагы депозиттик каражаттар  

 

Компанияга инвестициялар (2-табл.)  

 

Баалуу кагаздар  

 

Кыймылсыз мүлк, анын ичинде күрөөдө турганы же арест коюлганы  

 

Дебитордук карыз (анын ичинде зайымга берилген каражаттар)  

 

Башка активдер  

 

 

Бардыгы болуп активдер  

 

 

Милдеттенмелер  

 

Кредиттер боюнча карыз  

 

Башка пассивдер  

 

 

Бардыгы болуп пассивдер  

 

 

Таза наркы (активдер-пассивдер)  

 

 

Жеке берилген гарантиялар  

 

б) киреше булактары тууралуу маалыматтар  

(валютасын көрсөтүңүз) 

 

Киреше булактары 

Мурдагы 20 ___ жыл 

Өтүп жаткан жыл (күтүлүп жаткан сумма) 20____ жыл 

Негизги жумуш орду боюнча эмгек акысы (сыйакыны кошо алганда)  

 

 

Автордук сыйлыктарды, башка төлөөлөрдү кошкондо, негизгиден башка жумуш орду боюнча эмгек акысы  

 

 

Дивиденддер  

 

 

Пайыздар  

 

 

Кыймылсыз мүлктөн түшкөн башка кирешелер  

 

 

Башка кирешелер  

 

 

 

Бардыгы болуп  

 

 

 

Чыгашалар  

 

 

Чыгашалар (жеке, керектөөгө)  

 

 

Кредиттер боюнча төлөөлөр: негизги сумма, пайыздар  

 

 

Башка чыгашалар  

 

 

 

Бардыгы болуп чыгашалар  

 

 

 

Таза киреше (чыгаша)  

 

 

19. Акыркы 10 жыл ичинде сиз уюштуруучу, акционер (ээлик кылуучу) болуп саналган (уставдык капиталдагы үлүшүнөн ажыратылган шартта, күнү көрсөтүлүүгө тийиш) компанияны көрсөтүңүз:  

Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан орду 

Юридикалык жактын ишинин түрү 

Ээлигинде болгон акциялардын саны 

Капиталда ээлик кылган үлүшү сом түрүндө 

Ушул юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшү пайыздарда 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери 

  

  

  

  

  

  

20. Кошумча маалымат:  

1) Ушул кредиттик бюронун директорлор кеңешинин курамына жаңы талапкерлерди киргизүү ниетиңиз барбы (эгерде, бар болсо, кыскача резюмесин көрсөтүү зарыл)  

2) Кредиттик бюронун саясатына жана жетекчилигине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү ниетиңиз барбы (эгерде, бар болсо, сунушталуучу өзгөртүүлөрдү кыскача баяндоо зарыл)?  

21. Сиз кредиттик бюронун акцияларын сатып алууга берилген билдирмени карап чыгуу үчүн зарыл деп эсептеген кайсы гана болбосун башка маалыматты бериңиз.  

22. Мен, ___________________________________________________________  

Аты-жөнү  

Жогоруда анкетада көрсөтүлгөн маалымат так жана толук экендигин, ошондой эле билимиме жана анкетадагы суроолорго жараша берилгендигин тастыктаймын. Мен тараптан атайын бурмалоого жана каталарга жол берилген шартта, бул кредиттик бюронун акцияларын сатып алууга берилген билдирмени канааттандыруудан баш тартууга негиз боло тургандыгын жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга алып келе тургандыгын мойнума аламын.  

____________ кол тамгасы ________-ж. "___" ____________  

Эскертүү:  

Анкетанын ар бир бетине кол коюлууга тийиш. 

Анкетадагы оңдоолор "оңдоо анык" деген сөздөр жана талапкердин кол тамгасы менен тастыкталат. 

 

  

  

«Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 8-тиркемеси 

Кредиттик бюронун потенциалдуу акционеринин 

АНКЕТАСЫ 

(юридикалык жак тарабынан толтурулат)  

 

1. Юридикалык жактын (мындан ары - "компания") аталышы 

________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы көрсөтүлсүн) 

2. Компаниянын юридикалык дареги  

________________________________________________________________________ 

3. Компаниянын түзүлгөн күнү  

________________________________________________________________________ 

4. Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери  

________________________________________________________________________ 

5. Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган күнү  

________________________________________________________________________ 

№ (мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн)  

6. Кайсы банктарда компаниянын эсептери ачылган: _____________________________________________________ 

7. Компанияга берилген лицензиянын (уруксат берилүүчү документтин) номерин жана лицензия (уруксат берүүчү документти) берген органды көрсөтүү менен, лицензиясына (лицензияларына) (же башка уруксат берүүчү документке) ылайык алектенүүгө уруксат берилген иш түрлөрүн баяндап бериңиз:  

8. Компания алектенген башка иш түрлөрүн чагылдырыңыз:  

9. Компания _______________________________________________________ менен жалпы кызыкчылыкка ээ жактар  

(Компаниянын толук аталышы):  

1) катышуучу/акционер болуп саналган юридикалык жактар жана жеке адамдар (Компаниянын толук аталышы):  

Юридикалык жактардын толук аталышы, жеке адамдардын аты-жөнү 

Таандык акцияларынын саны 

Уставдык капиталдагы үлүшү 

  

  

  

2) аларда катышуучу/акционер болуп саналган компаниялар ___________________________________________________  

(өтүнүч ээси - юридикалык жактын толук аталышы);  

Юридикалык жактардын толук аталышы 

Таандык акцияларынын саны 

Уставдык капиталдагы үлүшү 

  

  

  

3) __________________________ менен аффилирленген юридикалык жактар жана жеке адамдар  

(Компаниянын толук аталышы):  

Юридикалык жактардын толук аталышы, жеке адамдардын аты-жөнү 

Таандык акцияларынын саны 

Уставдык капиталдагы үлүшү 

  

  

  

10. Компаниянын кызмат адамдарынын компаниядагы позициясын, ошондой эле жарандыгын (директорлор кеңешинин (байкоо органынын) мүчөлөрүн), башкармасынын (аткаруу органынын) мүчөлөрүн, финансылык менеджерин (башкы бухгалтерин) белгилөө менен, аларды көрсөтүңүз.  

11. Компаниянын директорлор кеңешинин мүчөлөрү же кызмат адамдары (директорлор кеңешинин (байкоо органынын) мүчөлөрү), башкармасынын (аткаруу органынын) мүчөлөрү, финансылык менеджери (башкы бухгалтери) компания анын акционери болууну ниеттенип жаткан кредиттик бюронун акцияларына ээлик кылуучу болуп саналышабы? Эгерде, ээлик кылуучу болуп саналышса, компаниянын көрсөтүлгөн кызмат адамдарына таандык акциялардын санын көрсөтүү зарыл:  

№ 

Аты-жөнү 

Ээлигинде турган акциялардын саны 

Кредиттик бюронун уставдык капиталындагы үлүшү 

Кошумча маалыматтар же эскертүүлөр 

  

  

  

  

  

12. Компаниянын финансы-кредит уюмдары жана/же башка жактар алдында ссуда боюнча (кредиттик) карызы барбы, эгерде, бар болсо кредит (зайым) алынган күндү, кредитти/кредиттерди (зайымды) алуу максаты, кредиттин (зайымдын) алынган суммасы жана билдирме берилген күнгө карата кредиттин (зайымдын) негизги суммасы жана пайыздары боюнча карыздын калдыгы көрсөтүүгө тийиш:  

Кредитордун аталышы 

  

  

Берилген күнү 

  

  

Карыздын суммасы 

  

  

Пайыздык чен 

  

  

Карыздын багыты 

  

  

Күрөө тууралуу маалымат жана анын суммасы 

  

  

Төлөө мөөнөттөрү 

  

  

Кредит (зайым) боюнча карыздын калдыгы 

  

  

Кредит үчүн пайыздар боюнча карыздын калдыгы 

  

  

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, кредит үчүн пайыздар) 

  

  

13. Компаниянын ушул кредиттик бюронун директорлор кеңешинин курамына компаниянын өкүлдөрүн киргизүү (эгерде, бар болсо, талапкерлерди көрсөтүү зарыл) жана кредиттик бюронун саясатына жана жетекчилигине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү ниети барбы (эгерде бар болсо, сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү көрсөтүү зарыл).  

14. Компаниянын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн көрсөтүңүз:  

Бөлүм (филиал, өкүлчүлүк) 

Дареги 

Жетекчи 

Ишининтүрү 

Башка маалыматтар жана эскертүүлөр 

  

  

  

  

  

15. Компания кимдир-бирөө менен соттук талаштарга катышканбы, эгерде катышса, соттук талаш тууралуу (даттануучу, жоопкер, талаш предмети, иш кайсы соттук инстанцияда каралып жатат, кароонун кайсы баскычында) толук маалымат бериңиз.  

16. Өтүнүч ээсинин пикири боюнча маанилүү болуп саналган башка маалымат:  

Компаниянын жетекчисинин кол тамгасы  

Компаниянын мөөрү

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө «жобону бекитүү тууралуу» токтомунун долбоору (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/5 токтому менен бекитилген «Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону 2023-жылдын 29-мартындагы № 74 «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Азыркы учурда кредиттик бюролорду лицензиялоо маселелери Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/5 токтому менен бекитилген «Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобо менен жөнгө салынат. 

Жобонун колдонуудагы редакциясы кредиттик бюронун лицензиясын лицензиялоо, кайра тариздөө, токтотуп туруу, кайтарып алуу жана токтотуу маселелерин, ошондой эле кредиттик бюролордун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосун, кредиттик бюрону кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин жөнгө салат. 

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 74 Мыйзамы менен «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары Мыйзам) өзгөртүүлөр киргизилген. Бул өзгөртүүлөр менен Улуттук банк кредиттик бюронун тизмеси Улуттук банкка тарабынан аныкталган кызмат адамдарына, ошондой эле кредиттик бюронун акцияларынын чогуу алгандагы 10 (он) жана андан ашык пайызын сатып алууну каалаган адамдарга карата квалификациялык талаптарды белгилөөгө ыйгарым укуктар берилген. 

Мындан тышкары, белгиленген өзгөртүүлөргө ылайык Улуттук банк кредиттик бюронун акцияларынын 10 жана андан ашык пайызынан ашкан акцияларын сатып алуу тартибин аныктайт. 

Ушуга байланыштуу жобонун жаңы редакциясына Мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерин эске алуу менен өзгөртүүлөр киргизилген. 

Атап айтканда, директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрүнө (жетекчиге башкарма жок болгон учурда), төмөнкүлөрдү камсыздоо үчүн жоопту түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине же кызматкерлерге (түзүмдүк бөлүмдөр жок болгон учурда) квалификациялык талаптар белгиленет: 

1) маалыматтык коопсуздукка; 

2) аудит жүргүзүүгө

3) бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө

4) кредиттик маалыматты берүүчүлөр, пайдалануучулар жана субъекттер менен кредиттик маалыматтарды алмашуу боюнча ишке. 

Бул талаптар талапкерлердин билимине, иш тажрыйбасына жана жогоруда көрсөтүлгөн кызмат орундарына тиешелүү чөйрөдөгү билимдерин ырастаган зарыл сертификаттардын же башка документтердин болушуна тиешелүү

Ошондой эле кредиттик бюронун акцияларынын 10 (он) жана андан көп пайызын сатып алуу тартибин жөнгө салган ченемдер киргизилет. 

Мындан тышкары, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук жана лицензия алуу жол-жоболорун, ошондой эле лицензияны кайра тариздөөнү тактоого багытталган өзгөртүүлөр сунушталат. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Бул бөлүк боюнча маалымат коомдук талкуунун натыйжасында берилет.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталган ченемдик укуктук актынын долбоору мыйзам алдындагы актыны юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук акт (мыйзам) менен шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат  

Сунушталган долбоорду кабыл алууда республикалык бюджеттен же Улуттук банктын бюджетинен кошумча каржылоо каралбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат  

Сунушталып жаткан долбоор жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылат, анткени ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган. ушуга байланыштуу, жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр долбоору даярдалган. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

____________________________ 

(аты-жөнү, колу) 

  

  

____________________________ 

(кол тамгасы

  

  

20___ -жылдын ___- ______ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» жана «Кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом долбоорлорунун 

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 10-ноябрындагы № 2022- Пр-171/239-О « Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Лицензиялоо башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү тууралуу» буйругу. 

 

  

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

____________ ____________ 

(башталышы) (аякташы) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

Лицензиялоо башкармалыгынын начальниги А.К. Садыров 

 

______________ 

 

 

 

Жооптуу кызматкерлердин байланыш маалыматтары: 

Мукашова З.А., тел.: 0 312 31 34 12, e-mail: zmukashova@nbkr.kg 

Асакеев Б.О. тел.: 0 312 31 32 21, e-mail: basakeev@nbkr.kg 

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер 

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Азыркы учурда кредиттик бюролорду лицензиялоо маселелери Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/5 токтому менен бекитилген «Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобо менен жөнгө салынат. 

Жобонун колдонуудагы редакциясы кредиттик бюронун лицензиясын лицензиялоо, кайра тариздөө, токтотуп туруу, кайтарып алуу жана токтотуу маселелерин, ошондой эле кредиттик бюролордун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосун, кредиттик бюрону кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин жөнгө салат. 

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 74 Мыйзамы менен «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары Мыйзам) өзгөртүүлөр киргизилген. Бул өзгөртүүлөр менен Улуттук банк кредиттик бюронун тизмеси Улуттук банкка тарабынан аныкталган кызмат адамдарына, ошондой эле кредиттик бюронун акцияларынын чогуу алгандагы 10 (он) жана андан ашык пайызын сатып алууну каалаган адамдарга карата квалификациялык талаптарды белгилөөгө ыйгарым укуктар берилген. 

Ушуга байланыштуу жобонун жаңы редакциясына Мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерин эске алуу менен өзгөртүүлөр киргизилүүсү, ошондой эле кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптар белгиленүүгө тийиш. 

 

2. Проблеманын масштабы 

Кабыл алынып жаткан долбоорлор Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон эки кредиттик бюронун: «Ишеним «Кредиттик бюросу» ЖАКынын жана «КРИФ Кейджи «Кредиттик бюросу» жакынын ишине таасирин тийгизет. 

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Токтомдордун долбоорлору ченемдик укуктук актыларды 2023-жылдын 29-мартындагы № 74 «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Армения Республикасы. 

Армения Республикасынын «Кредиттик маалыматтардын жүгүртүлүшү жана кредиттик бюролордун иши жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, кредиттик бюрону лицензиялоо үчүн компаниянын уставдык капиталынын өлчөмү кеминде 200 000 000 Армения Республикасынын драмын (45 000 000 сомго жакын) түзүүгө тийиш. 

Аталган Мыйзамдын 10-беренесине ылайык кредиттик бюронун жетекчиси боло албайт: 

1) атайылап жасаган кылмышы үчүн соттуулугу бар адамдар; 

2) финансы, салык, бажы, соода, экономикалык, укуктук чөйрөлөрдө кызмат орундарын ээлөө укугунан сот тарабынан ажыратылган адамдар; 

3) банкрот деп таанылган жана төлөнбөгөн (төлөнбөгөн) милдеттенмелери бар адамдар; 

4) Борбордук банктын пикири боюнча борбордук банк тарабынан бекитилген нускоонун негизинде Борбордук банктын пикири боюнча, ал адам кредиттик бюронун жетекчиси катары кредиттик бюронун ишинин тиешелүү чөйрөсүн тиешелүү деңгээлде башкара албайт же анын иш-аракети банкроттукка, финансылык абалынын начарлашына же болбосо кредиттик бюронун аброюн жана ишкердик беделин жаманатты кылууга алып келиши мүмкүн деген ойго негиз берет. 

5) мыйзамда белгиленген башка учурларда. 

Казакстан Республикасы. 

Казакстан Республикасынын «Казакстан Республикасында кредиттик бюролор жана кредиттик тарыхтарды түзүү жөнүндө» Мыйзамында кредиттик бюронун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн жана анын кызмат адамдарына карата талаптарды аныктоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары каралган эмес. 

Узбекистан Республикасы. 

Өзбекстан Республикасынын «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкы кредиттик бюронун жетекчисине карата квалификациялык талаптарды белгилейт. 

Бирок бул Мыйзамда кредиттик бюролордун уставдык капиталынын өлчөмүн белгилөө боюнча ыйгарым укуктар каралган эмес. 

Орусия Федерациясы. 

Россия Федерациясынын «Кредиттик тарыхтар жөнүндө» Федералдык мыйзамынын 15-беренесине ылайык, жеке аткаруучу органдын, анын орун басарынын, кредиттик тарых бюросунун коллегиалдуу аткаруучу органынын мүчөсүнүн функцияларын аткарган адам кредиттик уюмду же кредиттик эмес финансылык уюмду жетектөөдө тажрыйбага жана жогорку билимге, кредиттик тарых бюросу, кредиттик рейтинг агенттиги же финансылык уюмдун түзүмдүк бөлүмү, кредиттик тарых бюросу, кредиттик рейтинг агенттиги, финансы рыногунда иш алып барган кредиттик рейтинг агенттиги же Орусия Федерациясынын мамлекеттик бийлик органдарында, Орусия Федерациясынын субъекттеринин мамлекеттик бийлик органдарында, Орусия банкында эки жылдан кем эмес жетекчилик кызматтарда иш тажрыйбасына ээ болушу керек. 

Кредиттик тарых бюросунун жеке аткаруу органынын, анын орун басарынын, коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөсүнүн функцияларын жүзөгө ашырган адам: 

1) Орусия Федерациясынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн финансылык уюмдан финансылык уюмдун ишмердигинин түрүнө ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу лицензиясын кайтарып алуу (жокко чыгаруу) күнүнө чейинки 12 айдын ичинде финансылык уюмдун жеке аткаруу органынын функцияларын (адам аны ишке ашырган мөөнөтүнө карабастан) жүзөгө ашырган жак тарабынан же болбосо Орусия Федерациясынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн финансылык уюмду, кредиттик тарых бюросун, кредиттик рейтинг агенттигин тиешелүү Реестрден чыгарып салган күнү, эгерде Кыргыз Республикасынын, адамды кызматка дайындоо (шайлоо) күнүнөн мурдагы, финансылык уюмдун ишинин түрүнө ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензияны кайра чакыртып алуу (жокко чыгаруу) же болбосо финансылык уюмду, кредиттик тарых бюросун, кредиттик рейтинг агенттигин тиешелүү Реестрден чыгарып салуу күнүнөн тартып беш жылдык мөөнөт бүтө элек (эгерде ал Россия банкына лицензияны кайтарып алууга (жокко чыгарууга) же болбосо тиешелүү реестрден чыгарууга алып келген чечим кабыл алууга же аракеттерди (аракетсиздикти) жасоого тиешеси жоктугун далилдеген учурларды эске албаганда); 

2) дисквалификация түрүндө администрациялык жазага тартылды деп эсептелген мөөнөт бүтө элек адам тарабынан; 

3) экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар же мамлекеттик бийликке каршы кылмыштар үчүн алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар адам тарабынан; 

4) адамды кызматка дайындоо (шайлоо) күнүнө чейинки үч жылдын ичинде эки жана андан көп жолу тартылган адам тарабынан, юридикалык жактын банкрот болушундагы укукка жат аракеттери, юридикалык жактын атайылап жана (же) жалган банкроттугу үчүн администрациялык жоопкерчиликке мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысына ылайык (эгерде мындай администрациялык укук бузуу эскертүү түрүндөгү администрациялык жазага алып келген учурларды кошпогондо). 

Аталган Мыйзамда кредиттик бюронун уставдык капиталынын өлчөмүн аныктоого тиешелүү ченемдер жок. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

 

5. Жөнгө салуунун максаты 

Каралып жаткан маселени жөнгө салуунун максаты Жобону жогорку юридикалык күчкө ээ болгон Мыйзамга ылайык келтирүү болуп саналат. 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Жөнгө салуунун бул вариантын кабыл алуу «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашырууга багытталган. 

Атап айтканда, токтомдордун долбоорлорунда кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн белгилөө, макулдашылган кызмат адамдарын жана аларга карата талаптарды аныктоо, кредиттик бюролордун акцияларынын 10 (он) жана андан көп пайызын сатып алуу тартибин жөнгө салуу сунушталат. 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

Бул долбоорлорду кабыл алуу республикалык бюджеттен же Улуттук банктын бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт. 

Жөнгө салуунун сунушталган вариантын кабыл алуу кредиттик маалымат алмашууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштыктын абалына таасирин тийгизбейт, анткени долбоорлор конкреттүү кредиттик бюролор үчүн жаңы артыкчылыктарды караштырбайт. 

Мындан тышкары, токтомдордун долбоорлору төмөнкү негиздер боюнча кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш:: 

- регулятивдик таасир негиздүү, анткени жогорку күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыда, башкача айтканда Мыйзамда Улуттук банктын ушул токтомдорун кабыл алуу каралган; 

- кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо чөйрөсүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүүнү камсыз кылат;  

- кредиттик бюролордун кызмат ордуна талапкерлер жана потенциалдуу акционерлер үчүн квалификациялык талаптарды белгилейт, бул кредиттик бюролордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтөт; 

- кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн аныктоо, бул кредиттик бюролордун институционалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтө алат жана кредиттик бюролордун кредиторлор алдында өз милдеттенмелерин аткарбай калуу тобокелдиктерин минималдаштырат. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталган долбоорлорду кабыл алуу Жобонун жогорку юридикалык күчкө ээ болгон Мыйзамга ылайык келишин камсыз кылат. 

Уставдык капиталы белгиленген минималдуу уставдык капиталдын өлчөмүнө 50 000 000 (элүү миллион) сомго ылайык келбеген кредиттик бюролор үчүн тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүн. Бирок алар үчүн уставдык капиталдын суммасын зарыл өлчөмгө чейин этап-этабы менен көбөйтүүнү камсыз кылуучу өткөөл жоболор каралат. 

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Токтомдордун долбоорлорун кабыл алуу кредиттик маалымат алмашууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө атаандаштыкка түздөн-түз таасир этпейт, анткени долбоорлордо белгилүү бир жеңилдиктер берилбейт жана айрым кредиттик бюролор үчүн басмырлоочу жоболор каралган эмес. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Коомдук талкуулоо үчүн долбоор Улуттук банктын расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат. 

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгынын негизинде толукталат. 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Жогоруда айтылгандардын негизинде токтомдордун долбоорлору кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш, анткени кабыл алуу төмөнкү маселелердин ишке ашырылышын камсыз кылат: 

- кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо чөйрөсүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүүнү камсыз кылат;  

- кредиттик бюролордун кызмат ордуна талапкерлер жана потенциалдуу акционерлер үчүн квалификациялык талаптарды белгилеп, бул кредиттик бюролордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтөт; 

- кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн аныктап, бул кредиттик бюролордун институционалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтө алат жана кредиттик бюролордун кредиторлор алдында өз милдеттенмелерин аткарбай калуу тобокелдиктерин минималдаштырат. 

 

12. Тиркеме 

- ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.