Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу 

өлчөмү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Жаңы түзүлүүчү кредиттик бюролор үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 50 000 000 сомдон кем эмес өлчөмдө белгиленсин. 

2. Иштеп жаткан кредиттик бюролор үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны түзүүнүн мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленсин: 

- 2024-жылдын 1-январына чейин 10 000 000 сомдон кем эмес

- 2025-жылдын 1-январына чейин 30 000 000 сомдон кем эмес

- 2026-жылдын 1-январына чейин 50 000 000 сомдон кем эмес

3. Минималдуу уставдык капиталынын өлчөмү белгиленген өлчөмдөн азды түзгөн, иштеп жаткан кредиттик бюролор акционерлер (катышуучулар) менен бирге ушул токтомдун 2-пунктунун талаптарын аткаруу планын иштеп чыгышсын жана  

аны 2023-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тапшырышсын. 

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде: 

- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Лицензиялоо башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен кредиттик бюролорду тааныштырсын. 

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары долбоор) 2023-жылдын 29-мартындагы № 74 «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Азыркы учурда кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелери Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынган. 

Мында Улуттук банктын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларында кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптар каралган эмес. 

2023-жылдын 29-мартындагы № 74 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Улуттук банкка кредиттик бюролордун минималдуу уставдык капиталына карата талаптарды да белгилөөгө ыйгарым укуктар берилген. 

Ошону менен бирге 2023-жылдын 29-мартындагы № 74 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары Мыйзам) өзгөртүүлөр киргизилди. Бул өзгөртүүлөр менен Улуттук банкка кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды белгилөөгө ыйгарым укуктар берилген. 

Ушуга байланыштуу сунушталган долбоор менен кредиттик бюронун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн белгилөө сунушталат. 

Атап айтканда, ушул долбоор күчүнө кирген күндөн тартып жаңы түзүлүүчү кредиттик бюролор үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн 50 000 000 сомдон кем эмес өлчөмүндө аныктоо сунушталууда. 

Долбоорго ылайык жаңы талаптарга өтүү процессин текшилөө максатында иштеп жаткан кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн төмөнкү мөөнөттөрдө этап-этабы менен көбөйтүү сунушталат: 

- 2024-жылдын 1-январына чейин 10 000 000 сомдон кем эмес

- 2025-жылдын 1-январына чейин 30 000 000 сомдон кем эмес

- 2026-жылдын 1-январына чейин 50 000 000 сомдон кем эмес

Кредиттик бюролордун маалыматына ылайык, иштеп жаткан кредиттик бюронун жылдык чыгымдары 30 000 000 сомго жакын түзөт, ага административдик чыгымдар, эмгек акыга жана имараттарды ижарага алууга чыгымдар кошулат. 

Ошондой эле кредиттик маалымат алмашууну камсыз кылуу үчүн кредиттик бюрого программалык камсыздоо жана жабдуулар зарыл, алардын наркы кредиттик бюронун уставдык капиталына олуттуу оорчулук келтириши мүмкүн. 

«Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык кредиттик бюро жеке маалыматтарды кармоочу жана иштеп чыгуучу катары ошол маалыматтарга уруксатсыз кирүүгө жол берилбеши үчүн, аларды жаап коюуга же өткөрүп берүүгө жана аларды капысынан же санкциясыз жок кылууга, өзгөртүүгө же жоготуп жиберүүгө жол берилбеши үчүн жеке маалыматтардын корголушун камсыз кылууга милдеттүү

Мында, аталган Мыйзамдын 14-беренеси жеке маалымат субъектинин соттук тартипте чыгашанын ордун толтурууга жана моралдык зыян тартышын компенсациялоого укугун аныктайт. 

Азыркы учурда иштеп жаткан кредиттик бюролордо 2 (эки) миллиондон ашык жарандын жеке маалыматтары сакталууда. Маалыматтык технологияларды өркүндөөсү, банк системасын өнүгүүсү жана санариптик банктык кызмат көрсөтүүлөрдү көбөйүүсү менен кредиттик бюролордо жеке маалыматтары топтоло турган жарандардын саны көбөйүүдө. Ошону менен бирге эле кредиттик бюролордун жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тобокелдиктери да өсөт. 

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 130 жана 144-беренелерине ылайык юридикалык жактын уставдык капиталы анын кредиторлорунун кызыкчылыктарын кепилдеген коомдун мүлкүнүн минималдуу өлчөмүн аныктай тургандыгын белгилей кетүү зарыл. 

Ошондуктан, жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылууда тобокелдиктер ишке ашырылган учурда, кредиттик бюролордун уставдык капиталы жарандардын мүмкүн болгон доо талаптарын жабууга жөндөмдүү болууга тийиш. 

Ушуга байланыштуу уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө административдик чыгымдардан, эмгек акыга жана офистердин ижарасына чыгымдардан тышкары, программалык камсыздоону сатып алууга, аны тейлөөгө, кредиттик маалымат алмашууну камсыз кылуучу жабдууларды сатып алууга чыгымдар, ошондой эле тобокелдиктер ишке ашырылган учурда жарандардын доо талаптары боюнча соттук чечимдерди аткарууга байланыштуу мүмкүн болгон чыгымдар да киргизилүүгө тийиш. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Бул бөлүк боюнча маалымат коомдук талкуунун натыйжасында берилет.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталган ченемдик укуктук актынын долбоору мыйзам алдындагы актыны юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук акт (мыйзам) менен шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат  

Сунушталган долбоорду кабыл алууда республикалык бюджеттен же Улуттук банктын бюджетинен кошумча каржылоо каралбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат  

Сунушталып жаткан долбоор жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылат, анткени ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган. ушуга байланыштуу, жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр долбоору даярдалган. 

 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

____________________________ 

(аты-жөнү, колу) 

  

  

____________________________ 

(кол тамгасы

  

  

20___ -жылдын ___- ______ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» жана «Кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом долбоорлорунун 

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 10-ноябрындагы № 2022- Пр-171/239-О « Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Лицензиялоо башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү тууралуу» буйругу. 

 

  

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

____________ ____________ 

(башталышы) (аякташы) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

Лицензиялоо башкармалыгынын начальниги А.К. Садыров 

 

______________ 

 

 

 

Жооптуу кызматкерлердин байланыш маалыматтары: 

Мукашова З.А., тел.: 0 312 31 34 12, e-mail: zmukashova@nbkr.kg 

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер 

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Азыркы учурда кредиттик бюролорду лицензиялоо маселелери Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/5 токтому менен бекитилген «Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобо менен жөнгө салынат. 

Жобонун колдонуудагы редакциясы кредиттик бюронун лицензиясын лицензиялоо, кайра тариздөө, токтотуп туруу, кайтарып алуу жана токтотуу маселелерин, ошондой эле кредиттик бюролордун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосун, кредиттик бюрону кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин жөнгө салат. 

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 74 Мыйзамы менен «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары Мыйзам) өзгөртүүлөр киргизилген. Бул өзгөртүүлөр менен Улуттук банк кредиттик бюронун тизмеси Улуттук банкка тарабынан аныкталган кызмат адамдарына, ошондой эле кредиттик бюронун акцияларынын чогуу алгандагы 10 (он) жана андан ашык пайызын сатып алууну каалаган адамдарга карата квалификациялык талаптарды белгилөөгө ыйгарым укуктар берилген. 

Ушуга байланыштуу жобонун жаңы редакциясына Мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерин эске алуу менен өзгөртүүлөр киргизилүүсү, ошондой эле кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптар белгиленүүгө тийиш. 

 

2. Проблеманын масштабы 

Кабыл алынып жаткан долбоорлор Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон эки кредиттик бюронун: «Ишеним «Кредиттик бюросу» ЖАКынын жана «КРИФ Кейджи «Кредиттик бюросу» жакынын ишине таасирин тийгизет. 

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Токтомдордун долбоорлору ченемдик укуктук актыларды 2023-жылдын 29-мартындагы № 74 «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Армения Республикасы. 

Армения Республикасынын «Кредиттик маалыматтардын жүгүртүлүшү жана кредиттик бюролордун иши жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, кредиттик бюрону лицензиялоо үчүн компаниянын уставдык капиталынын өлчөмү кеминде 200 000 000 Армения Республикасынын драмын (45 000 000 сомго жакын) түзүүгө тийиш. 

Аталган Мыйзамдын 10-беренесине ылайык кредиттик бюронун жетекчиси боло албайт: 

1) атайылап жасаган кылмышы үчүн соттуулугу бар адамдар; 

2) финансы, салык, бажы, соода, экономикалык, укуктук чөйрөлөрдө кызмат орундарын ээлөө укугунан сот тарабынан ажыратылган адамдар; 

3) банкрот деп таанылган жана төлөнбөгөн (төлөнбөгөн) милдеттенмелери бар адамдар; 

4) Борбордук банктын пикири боюнча борбордук банк тарабынан бекитилген нускоонун негизинде Борбордук банктын пикири боюнча, ал адам кредиттик бюронун жетекчиси катары кредиттик бюронун ишинин тиешелүү чөйрөсүн тиешелүү деңгээлде башкара албайт же анын иш-аракети банкроттукка, финансылык абалынын начарлашына же болбосо кредиттик бюронун аброюн жана ишкердик беделин жаманатты кылууга алып келиши мүмкүн деген ойго негиз берет. 

5) мыйзамда белгиленген башка учурларда. 

Казакстан Республикасы. 

Казакстан Республикасынын «Казакстан Республикасында кредиттик бюролор жана кредиттик тарыхтарды түзүү жөнүндө» Мыйзамында кредиттик бюронун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн жана анын кызмат адамдарына карата талаптарды аныктоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары каралган эмес. 

Узбекистан Республикасы. 

Өзбекстан Республикасынын «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкы кредиттик бюронун жетекчисине карата квалификациялык талаптарды белгилейт. 

Бирок бул Мыйзамда кредиттик бюролордун уставдык капиталынын өлчөмүн белгилөө боюнча ыйгарым укуктар каралган эмес. 

Орусия Федерациясы. 

Россия Федерациясынын «Кредиттик тарыхтар жөнүндө» Федералдык мыйзамынын 15-беренесине ылайык, жеке аткаруучу органдын, анын орун басарынын, кредиттик тарых бюросунун коллегиалдуу аткаруучу органынын мүчөсүнүн функцияларын аткарган адам кредиттик уюмду же кредиттик эмес финансылык уюмду жетектөөдө тажрыйбага жана жогорку билимге, кредиттик тарых бюросу, кредиттик рейтинг агенттиги же финансылык уюмдун түзүмдүк бөлүмү, кредиттик тарых бюросу, кредиттик рейтинг агенттиги, финансы рыногунда иш алып барган кредиттик рейтинг агенттиги же Орусия Федерациясынын мамлекеттик бийлик органдарында, Орусия Федерациясынын субъекттеринин мамлекеттик бийлик органдарында, Орусия банкында эки жылдан кем эмес жетекчилик кызматтарда иш тажрыйбасына ээ болушу керек. 

Кредиттик тарых бюросунун жеке аткаруу органынын, анын орун басарынын, коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөсүнүн функцияларын жүзөгө ашырган адам: 

1) Орусия Федерациясынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн финансылык уюмдан финансылык уюмдун ишмердигинин түрүнө ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу лицензиясын кайтарып алуу (жокко чыгаруу) күнүнө чейинки 12 айдын ичинде финансылык уюмдун жеке аткаруу органынын функцияларын (адам аны ишке ашырган мөөнөтүнө карабастан) жүзөгө ашырган жак тарабынан же болбосо Орусия Федерациясынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн финансылык уюмду, кредиттик тарых бюросун, кредиттик рейтинг агенттигин тиешелүү Реестрден чыгарып салган күнү, эгерде Кыргыз Республикасынын, адамды кызматка дайындоо (шайлоо) күнүнөн мурдагы, финансылык уюмдун ишинин түрүнө ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензияны кайра чакыртып алуу (жокко чыгаруу) же болбосо финансылык уюмду, кредиттик тарых бюросун, кредиттик рейтинг агенттигин тиешелүү Реестрден чыгарып салуу күнүнөн тартып беш жылдык мөөнөт бүтө элек (эгерде ал Россия банкына лицензияны кайтарып алууга (жокко чыгарууга) же болбосо тиешелүү реестрден чыгарууга алып келген чечим кабыл алууга же аракеттерди (аракетсиздикти) жасоого тиешеси жоктугун далилдеген учурларды эске албаганда); 

2) дисквалификация түрүндө администрациялык жазага тартылды деп эсептелген мөөнөт бүтө элек адам тарабынан; 

3) экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар же мамлекеттик бийликке каршы кылмыштар үчүн алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар адам тарабынан; 

4) адамды кызматка дайындоо (шайлоо) күнүнө чейинки үч жылдын ичинде эки жана андан көп жолу тартылган адам тарабынан, юридикалык жактын банкрот болушундагы укукка жат аракеттери, юридикалык жактын атайылап жана (же) жалган банкроттугу үчүн администрациялык жоопкерчиликке мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысына ылайык (эгерде мындай администрациялык укук бузуу эскертүү түрүндөгү администрациялык жазага алып келген учурларды кошпогондо). 

Аталган Мыйзамда кредиттик бюронун уставдык капиталынын өлчөмүн аныктоого тиешелүү ченемдер жок. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

 

5. Жөнгө салуунун максаты 

Каралып жаткан маселени жөнгө салуунун максаты Жобону жогорку юридикалык күчкө ээ болгон Мыйзамга ылайык келтирүү болуп саналат. 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Жөнгө салуунун бул вариантын кабыл алуу «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашырууга багытталган. 

Атап айтканда, токтомдордун долбоорлорунда кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн белгилөө, макулдашылган кызмат адамдарын жана аларга карата талаптарды аныктоо, кредиттик бюролордун акцияларынын 10 (он) жана андан көп пайызын сатып алуу тартибин жөнгө салуу сунушталат. 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

Бул долбоорлорду кабыл алуу республикалык бюджеттен же Улуттук банктын бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт. 

Жөнгө салуунун сунушталган вариантын кабыл алуу кредиттик маалымат алмашууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштыктын абалына таасирин тийгизбейт, анткени долбоорлор конкреттүү кредиттик бюролор үчүн жаңы артыкчылыктарды караштырбайт. 

Мындан тышкары, токтомдордун долбоорлору төмөнкү негиздер боюнча кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш:: 

- регулятивдик таасир негиздүү, анткени жогорку күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыда, башкача айтканда Мыйзамда Улуттук банктын ушул токтомдорун кабыл алуу каралган; 

- кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо чөйрөсүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүүнү камсыз кылат;  

- кредиттик бюролордун кызмат ордуна талапкерлер жана потенциалдуу акционерлер үчүн квалификациялык талаптарды белгилейт, бул кредиттик бюролордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтөт; 

- кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн аныктоо, бул кредиттик бюролордун институционалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтө алат жана кредиттик бюролордун кредиторлор алдында өз милдеттенмелерин аткарбай калуу тобокелдиктерин минималдаштырат. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталган долбоорлорду кабыл алуу Жобонун жогорку юридикалык күчкө ээ болгон Мыйзамга ылайык келишин камсыз кылат. 

Уставдык капиталы белгиленген минималдуу уставдык капиталдын өлчөмүнө 50 000 000 (элүү миллион) сомго ылайык келбеген кредиттик бюролор үчүн тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүн. Бирок алар үчүн уставдык капиталдын суммасын зарыл өлчөмгө чейин этап-этабы менен көбөйтүүнү камсыз кылуучу өткөөл жоболор каралат. 

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Токтомдордун долбоорлорун кабыл алуу кредиттик маалымат алмашууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө атаандаштыкка түздөн-түз таасир этпейт, анткени долбоорлордо белгилүү бир жеңилдиктер берилбейт жана айрым кредиттик бюролор үчүн басмырлоочу жоболор каралган эмес. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Коомдук талкуулоо үчүн долбоор Улуттук банктын расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат. 

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгынын негизинде толукталат. 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Жогоруда айтылгандардын негизинде токтомдордун долбоорлору кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш, анткени кабыл алуу төмөнкү маселелердин ишке ашырылышын камсыз кылат: 

- кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо чөйрөсүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүүнү камсыз кылат;  

- кредиттик бюролордун кызмат ордуна талапкерлер жана потенциалдуу акционерлер үчүн квалификациялык талаптарды белгилеп, бул кредиттик бюролордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтөт; 

- кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн аныктап, бул кредиттик бюролордун институционалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтө алат жана кредиттик бюролордун кредиторлор алдында өз милдеттенмелерин аткарбай калуу тобокелдиктерин минималдаштырат. 

 

12. Тиркеме 

- ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.