Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары Улуттук банк) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган № 637 «Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик документтерди пайдаланууну киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоорунда Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган (салыштырма таблица кошо тиркелет): 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 2022-П-14/57-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжалардын келип чыгышын болжолдоо  

Токтомдун долбоору социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4.  Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Долбоор боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалыматтык отурумунун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга сунуштоо максатында Улуттук банктын расмий интернет-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. 

 

5.  Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

 

6.  Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат  

Токтом долбоорун кабыл алуу үчүн кошумча финансылык сарптоолор талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо тууралуу маалымат  

Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4-пунктчасына ылайык, кароого сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт. 

 

 

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 2022-П-14/57-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу. 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы расмий жарыялангандан күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

 

 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев 

Башкарманын мүчөлөрү М. Аттокуров 

М. Жакыпов  

У. Жамалидинов 

К. Куленбеков 

Р. Сейткасымова 

З. Чокоев  

 

ДОЛБООР 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын «____» __________  

№___________________________  

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына   

өзгөртүүлөр   

  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун:  

- 54-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«54. Соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүүдө банк бир операция суммасына лимит белгилөөгө тийиш, андан ашкан учурда соода-тейлөө ишканасы карт ээсин тастыктаган документти (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, паспортунун же инсандыгын тастыктаган башка документтин түпкү нускасын кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматта) талап кылуусу зарыл. Инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар милдеттүү түрдө чекте чагылдырылат. 

Соода-тейлөө ишканасы менен келишимге банк карттагы маалыматтар, карт ээлери тарабынан ишке ашырылган шектүү аракеттердин белгилери жана/же тизмелери жана төлөм системасынан тиешелүү билдирүүлөрдү алган учурда соода-тейлөө ишканалары кабыл ала турган зарыл чаралар камтылган нускоону (эрежелерди) киргизүүгө тийиш. Мында банк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин жөнгө салган мыйзамдарга, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана төлөм системаларынын операторлорунун төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянуусу зарыл.».  

  

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун:  

- 19-пунктунун 13-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13) Кыргыз Республикасынын резиденти/резидент эмеси болуп саналган жеке адамдын - өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун (акционеринин/катышуучусунун) төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:  

- паспортунун көчүрмөсү (резидент - ID-паспортунун кагаз жүзүндө көчүрмөсүн же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы паспортун, резидент эмес - чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди, ошондой эле салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө документти сунуштоосу зарыл; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен - кирешелери жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер);»; 

- 19-1-пункттун 19-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«19) резидент/резидент эмес болуп саналган жеке адамдын - уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:  

- паспортунун көчүрмөсү (резидент - ID-паспортунун көчүрмөсүн кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы паспортун, резидент эмес - чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсүн; резидент эмес-жеке адам жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди, ошондой эле салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө документти сунуштоосу зарыл; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен - кирешелери жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер). 

Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын/катышуучуларынын) бири катары иш алып барса, ушул пункттун 2, 3, 4, 5, 6, 19-пунктчаларынын талаптары ага карата жайылтылбайт.»; 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«28. Лицензия ыйгарым укуктуу адамга ишеним катты жана анын инсандыгын тастыктаган документтердин түпкү нускасы кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документ, ошондой эле лицензия берүү үчүн төлөнүүчү мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлгөндөн кийин берилет. Ыйгарым укуктуу адамдан лицензия алуу үчүн сунушталган ишеним кат Улуттук банкта сакталат.»; 

- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банкка лицензия алуу үчүн ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарында көрсөтүлгөн документтер менен бирге башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн, анын ичинде башкаруунун аткаруу органынын жаңы кабыл алынган жана/же алмаштырылган мүчөлөрүнүн төмөнкү документтерин сунуштоого тийиш:  

1) орто/жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн;  

2) ушул Жобого ылайык кызматка талапкерди шайлоо/дайындоо тууралуу чечим кабыл алган башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн (же болбосо, мындай чечимдин көчүрмөсүнүн түп нускасын), ошондой эле кызматтык иш боюнча нускоого ылайык талапкердин функционалдык милдеттерин көрсөтүү менен эмгек келишиминин көчүрмөсүн;  

3) башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси үчүн - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тууралуу курстан өткөндүгү жөнүндө тиешелүү документ (күбөлүк) (көчүрмөсүн). Улуттук банкка документтерди тапшыруу учуруна карата документ (күбөлүк) алынган мөөнөт аны алган күндөн тарта 2 (эки) жылдан ашпоого тийиш;  

4) талапкер менен мурда иштеген же болбосо аны менен ишкердик мамилеси болгон адамдардан ушул Жобонун 5-тиркемесинин формасы боюнча кеминде бир сунуш-көрсөтмө. Мында, Улуттук банктын кызматчылары/кызматкерлери; жакын туугандар; алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишкердикти жүзөгө ашырган катары таанылган адамдар сунуштаган сунуш-көрсөтмөлөрдү тапшырууга жол берилбейт;  

5) эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;  

6) ID-паспорттун кагаз жүзүндө көчүрмөсүн же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы паспортун.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун:  

- 2-тиркемесинин 26-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучунун аралыктан алынган идентификациялык маалыматтарын верификациялоо максатында, төлөм уюму жана/же агент ушул параграфтын алкагында идентификациялоо процессинде кардардын жүзүнүн сүрөтүн (видео жаздырууну), кардардын инсандыгын тастыктаган документинин алдыңкы жана арткы бетинин сүрөтүн, кардардын инсандыгын тастыктаган документи менен чогуу бир кадрда сүрөтүн (видео жаздыруу) агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу өз ара иш алып баруунун электрондук каналдары боюнча алууга тийиш.  

Кардардын сүрөтүндө анын жүзү жана ийиндери так көрүнүп тургудай, жарык жакшы тийген жерде сүрөткө тартылууга тийиш. Кардардын жүзү толугу менен көрүнүп турууга тийиш, күндөн коргоочу көз айнек же жүзүн жапкан башка аксессуарларды тагынууга болбойт, ошондой эле кардардын бетине көлөкө түшпөөгө, сүрөттө үчүнчү жактар болбоого тийиш.  

Эгерде кардар мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы өзүнүн инсандыгын тастыктаган документти көрсөтсө, анда кардардын инсандыгын тастыктаган документи менен чогуу бир кадрда сүрөтү (видео жаздыруу) талап кылынбайт.». 

- 2-тиркеменин 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө кардардын жүзүнүн сүрөтүн өзүнчө кадрда, кардардын инсандыгын тастыктаган документтин алдыңкы жана арткы бети өзүнчө кадрда сүрөткө тартылып, ошондой эле кардардын инсандыгын тастыктаган документи менен чогуу сүрөтү бир кадрда болууга тийиш. Бул сүрөттөр видео жаздыруу менен чогуу сакталат.  

Кардардын жана анын инсандыгын тастыктаган документтин сүрөттөрүн мурда макулдашылган ыкмада белгиленген байланыш каналдары боюнча агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу алууга жол берилет.  

Эгерде кардар мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы өзүнүн инсандыгын тастыктаган документти көрсөтсө, анда кардардын инсандыгын тастыктаган документи менен чогуу бир кадрда сүрөтү (видео жазуусу) талап кылынбайт.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун: 

- 83-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«83. Талап кылынбаган электрондук акча инсандыгын тастыктаган документтин түпкү нускасын кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документин көрсөткөн учурда банктын кассасы аркылуу накталай түрдө же болбосо кардардын арызы боюнча анын эсептешүү/банктык эсебине которуу аркылуу идентификацияланган электрондук капчык ээлерине кайтарылып берилет.  

Идентификацияланбаган электрондук капчыктардан талап кылынбаган электрондук акчаны кайтаруу кардар инсандыгын тастыктаган документтин түпкү нускасын кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документин же кардар менен уюлдук байланыш оператору ортосунда уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө түзүлгөн келишимди көрсөткөн учурда капчык ачылган номерге которуу аркылуу кайтарылып берилет. Мында уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү келишими кардар электрондук капчыкты ачканга чейин түзүлүшү керек.  

Уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө келишим жок болсо, талап кылынбаган электрондук акча идентификацияланбаган электрондук капчык ээси электрондук акча системасынын операторунан алынган электрондук капчык ээсин тастыктаган расмий катты көрсөткөндөн кийин кайтарылып берилет. Банк ички ченемдик документтеринде, ошондой эле системанын эрежелеринде талап кылынбаган электрондук акчаны кайтаруу тартибин чагылдырууга тийиш.».  

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 2022-П-14/57-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоонун: 

-50-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«50. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет коштомо кат менен бирге текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрүлгөн күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамынын колуна берилет. Отчетту алууда көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлү инсандыгын тастыктаган документтин түпкү нускасын кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документти көрсөтөт, инспектордук текшерүү жөнүндө отчетту алууга ыйгарым укуктуу документтин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет (жетекчиден башка өкүлдөр үчүн) жана отчетту өз колу менен алгандыгы жөнүндө белги коюу менен отчетторду берүү журналына кол коёт.  

Өзгөчө учурларда (көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси/башка ыйгарым укуктуу адамдары Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгондугуна, медициналык көрсөтмө боюнча алардын убактылуу эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу жана башка себептер боюнча отчетту өз колуна тапшыруу мүмкүн эмес болгон учурда) инспектордук текшерүү жөнүндө отчет коштомо кат менен кошо көзөмөлгө алынган уюмдун айкын дарегине почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда милдеттүү түрдө отчетту алган адамдын аты-жөнүн жана жеткирилген датаны көрсөтүү менен отчет почта аркылуу жеткирилгендигин тастыктаган билдирүү кайра жөнөтүлүүгө тийиш.». 

 

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү” токтомунун долбооруна салыштырмалуу таблица 

 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция  

2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобо 

8-глава. Эквайрингге карата талаптар   

54. Соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүлгөн шартта банк, бир операция суммасынын лимитин белгилеп, андан ашкан учурда соода-тейлөө ишканасы карт ээсин тастыктаган документти (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, паспортун же инсандыгын тастыктаган башка документтерди) талап кылуусу зарыл. Инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар чекте милдеттүү түрдө чагылдырылат.  

Соода-тейлөө ишканасы менен келишимге банк карттагы маалыматтар, карт ээлери тарабынан ишке ашырылган шектүү аракеттердин белгилери жана/же тизмелери жана төлөм системасынан тиешелүү билдирүүлөрдү алган учурда соода-тейлөө ишканалары кабыл ала турган зарыл чаралар камтылган нускоону киргизүүгө тийиш. Мында банк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин жөнгө салган мыйзамдарга, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана төлөм системасынын операторлорунун төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун колдоого байланышкан сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянуусу зарыл.  

54. Соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүүдө банк бир операция суммасына лимит белгилөөгө тийиш, андан ашкан учурда соода-тейлөө ишканасы карт ээсин тастыктаган документти (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, паспортунун же инсандыгын тастыктаган башка документтин түпкү нускасын кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматта) талап кылуусу зарыл. Инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар милдеттүү түрдө чекте чагылдырылат. 

Соода-тейлөө ишканасы менен келишимге банк карттагы маалыматтар, карт ээлери тарабынан ишке ашырылган шектүү аракеттердин белгилери жана/же тизмелери жана төлөм системасынан тиешелүү билдирүүлөрдү алган учурда соода-тейлөө ишканалары кабыл ала турган зарыл чаралар камтылган нускоону (эрежелерди) киргизүүгө тийиш. Мында банк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин жөнгө салган мыйзамдарга, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана төлөм системаларынын операторлорунун төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянуусу зарыл.  

2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо 

2-БӨЛҮК. ЛИЦЕНЗИЯЛОО ТАРТИБИ  

6-глава. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер  

1-пункттун 13 пунктчасы: 

13) Кыргыз Республикасынын резиденти/резидент эмеси болуп саналган жеке адамдын-өтүнүч ээсинин (акционердин/катышуучунун) уюштуруучусунун төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:  

- паспортунун көчүрмөсү (резидент - ID-паспортунун көчүрмөсүн, резидент эмес - чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди сунуштоосу зарыл, ошондой эле салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө документ;  

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен - кирешеси жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер);  

1-пункттун 13 пунктчасы: 

13) Кыргыз Республикасынын резиденти/резидент эмеси болуп саналган жеке адамдын - өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун (акционеринин/катышуучусунун) төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:  

- паспортунун көчүрмөсү (резидент - ID-паспортунун кагаз жүзүндө көчүрмөсүн же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы паспортун, резидент эмес - чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди, ошондой эле салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө документти сунуштоосу зарыл; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен - кирешелери жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер); 

19-1-пункттун 19-пунктчасы: 

19) резидент/резидент эмес уюштуруучунун (акционеринин/катышуучу) - жеке адамдын төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:   

- паспортунун көчүрмөсү (резидент - ID-паспортунун көчүрмөсүн, резидент эмес - чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн);   

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам жараны болуп саналган өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди сунуштоосу зарыл, ошондой эле салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө документ;  

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен - кирешелери жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер).  

Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын)/катышуучуларынын бири катары чыкса, ушул пунктунун 2, 3, 4, 5, 6, 19-пунктчаларынын талаптары ага карата жайылтылбайт.  

19) резидент/резидент эмес болуп саналган жеке адамдын - уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:  

- паспортунун көчүрмөсү (резидент - ID-паспортунун көчүрмөсүн кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы паспортун, резидент эмес - чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсүн; резидент эмес-жеке адам жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди, ошондой эле салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө документти сунуштоосу зарыл; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен - кирешелери жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер). 

Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын/катышуучуларынын) бири катары иш алып барса, ушул пункттун 2, 3, 4, 5, 6, 19-пунктчаларынын талаптары ага карата жайылтылбайт  

8-глава. Лицензия берүү  

28. Лицензия ыйгарым укуктуу адамга ишеним катты жана анын инсандыгын тастыктаган документтерди, ошондой эле лицензия берүүдө төлөнүүчү мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документти көрсөткөндөн кийин берилет. Ыйгарым укуктуу адам лицензия алуу үчүн сунуштаган ишеним кат Улуттук банкта сакталат.  

28. Лицензия ыйгарым укуктуу адамга ишеним катты жана анын инсандыгын тастыктаган документтердин түпкү нускасы кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документ, ошондой эле лицензия берүү үчүн төлөнүүчү мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлгөндөн кийин берилет. Ыйгарым укуктуу адамдан лицензия алуу үчүн сунушталган ишеним кат Улуттук банкта сакталат. 

3-БӨЛҮК. ТӨЛӨМ УЮМДАРЫНЫН ЖАНА ТӨЛӨМ СИСТЕМАЛАРЫНЫН ОПЕРАТОРЛОРУНУН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА КАРАТА ТАЛАПТАР   

10-глава. Өтүнүч ээсинин/лицензиаттын башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата талаптар  

40. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банкка лицензия алуу үчүн ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарында көрсөтүлгөн документтер менен бирге башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн, анын ичинде башкаруунун аткаруу органынын кайрадан кабыл алынган жана/же алмаштырылган мүчөлөрүнүн төмөнкү документтерин сунуштоого тийиш:   

1) орто/жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн;   

2) ушул Жобого ылайык талапкерди кызматка тандоо/дайындоо тууралуу чечим кабыл алган башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечиминен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн (же болбосо, мындай чечимдин көчүрмөсүнүн түп нускасын), ошондой эле кызматтык иш боюнча нускоого ылайык талапкердин функционалдык милдеттерин көрсөтүү менен эмгек келишиминин көчүрмөсүн;   

3) башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси үчүн - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тууралуу курсту угуу жөнүндө тиешелүү документ (күбөлүк) (көчүрмөсүн). Улуттук банкка документтерди тапшыруу учуруна карата документ (күбөлүк) алынган мөөнөт аны алган күндөн тарта 2 (эки) жылдан ашпоого тийиш;   

4) талапкер менен мурда иштеген же болбосо аны менен ишкердик мамилеси болгон адамдардан ушул Жобонун 5-тиркемесинин формасы боюнча кеминде бир сунуш-көрсөтмө. Мында, Улуттук банктын кызматчылары/кызматкерлери; жакын туугандар; алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишкердикти жүзөгө ашырган катары таанылган адамдар сунуштаган сунуш-көрсөтмөлөрдү тапшырууга жол берилбейт;   

5) эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;   

6) ID-паспорттун көчүрмөсүн.  

40. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банкка лицензия алуу үчүн ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарында көрсөтүлгөн документтер менен бирге башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн, анын ичинде башкаруунун аткаруу органынын жаңы кабыл алынган жана/же алмаштырылган мүчөлөрүнүн төмөнкү документтерин сунуштоого тийиш:  

1) орто/жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн;  

2) ушул Жобого ылайык кызматка талапкерди шайлоо/дайындоо тууралуу чечим кабыл алган башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн (же болбосо, мындай чечимдин көчүрмөсүнүн түп нускасын), ошондой эле кызматтык иш боюнча нускоого ылайык талапкердин функционалдык милдеттерин көрсөтүү менен эмгек келишиминин көчүрмөсүн;  

3) башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси үчүн - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тууралуу курстан өткөндүгү жөнүндө тиешелүү документ (күбөлүк) (көчүрмөсүн). Улуттук банкка документтерди тапшыруу учуруна карата документ (күбөлүк) алынган мөөнөт аны алган күндөн тарта 2 (эки) жылдан ашпоого тийиш;  

4) талапкер менен мурда иштеген же болбосо аны менен ишкердик мамилеси болгон адамдардан ушул Жобонун 5-тиркемесинин формасы боюнча кеминде бир сунуш-көрсөтмө. Мында, Улуттук банктын кызматчылары/кызматкерлери; жакын туугандар; алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишкердикти жүзөгө ашырган катары таанылган адамдар сунуштаган сунуш-көрсөтмөлөрдү тапшырууга жол берилбейт;  

5) эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;  

6) ID-паспорттун кагаз жүзүндө көчүрмөсүн же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы паспортун

“Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобо 

Жобого карата 2-тиркеме “Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартиби” 

26. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучунун аралыктан алуу ыкмасында алынган идентификациялык маалыматтарын верификациялоо максатында, төлөм уюму жана/же агент идентификациялоо процессинде кардардын жүзүнүн сүрөтүн (видеожазуусун), кардардын инсандыгын тастыктаган документинин алдыңкы жана арткы бетинин сүрөтүн, кардардын инсандыгын тастыктаган документинин жанында турган сүрөтүн (видеожазуусун) агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу өз ара иш алып баруунун электрондук каналдары боюнча алууга тийиш.  

Кардардын сүрөтүндө анын бети менен далысы так көрүнүп, ал жеткиликтүү деңгээлде жарык болгон бөлмөдө болууга тийиш. Кардардын бети толугу менен ачык көрүнүп, күндөн коргоочу көз айнек же бетин жапкан башка аксессуарларды тагынууга жол берилбейт. Кардардын бетине көлөкө түшсө да болбойт, сүрөттө үчүнчү жактардын болушуна да жол берилбейт.  

26. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучунун аралыктан алынган идентификациялык маалыматтарын верификациялоо максатында, төлөм уюму жана/же агент ушул параграфтын алкагында идентификациялоо процессинде кардардын жүзүнүн сүрөтүн (видео жаздырууну), кардардын инсандыгын тастыктаган документинин алдыңкы жана арткы бетинин сүрөтүн, кардардын инсандыгын тастыктаган документи менен чогуу бир кадрда сүрөтүн (видео жаздыруу) агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу өз ара иш алып баруунун электрондук каналдары боюнча алууга тийиш.  

Кардардын сүрөтүндө анын жүзү жана ийиндери так көрүнүп тургудай, жарык жакшы тийген жерде сүрөткө тартылууга тийиш. Кардардын жүзү толугу менен көрүнүп турууга тийиш, күндөн коргоочу көз айнек же жүзүн жапкан башка аксессуарларды тагынууга болбойт, ошондой эле кардардын бетине көлөкө түшпөөгө, сүрөттө үчүнчү жактар болбоого тийиш.  

Эгерде кардар мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы өзүнүн инсандыгын тастыктаган документти көрсөтсө, анда кардардын инсандыгын тастыктаган документи менен чогуу бир кадрда сүрөтү (видео жаздыруу) талап кылынбайт. 

35. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө кардардын жүзүнүн сүрөтүн өзүнчө кадрда, кардардын инсандыгын тастыктаган документтин алдыңкы жана арткы бети өзүнчө кадрда сүрөткө тартылып, ошондой эле кардардын инсандыгын тастыктаган документтин жанында турган сүрөтү өзүнчө кадрда болууга тийиш. Бул сүрөттөр видеожазуу менен чогуу сакталат.  

 

Кардардын жана анын инсандыгын тастыктаган документтин сүрөттөрүн мурда макулдашылган ыкмада белгиленген байланыш каналдары боюнча агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу алууга жол берилет.  

35. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө кардардын жүзүнүн сүрөтүн өзүнчө кадрда, кардардын инсандыгын тастыктаган документтин алдыңкы жана арткы бети өзүнчө кадрда сүрөткө тартылып, ошондой эле кардардын инсандыгын тастыктаган документи менен чогуу сүрөтү бир кадрда болууга тийиш. Бул сүрөттөр видео жаздыруу менен чогуу сакталат.  

Кардардын жана анын инсандыгын тастыктаган документтин сүрөттөрүн мурда макулдашылган ыкмада белгиленген байланыш каналдары боюнча агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу алууга жол берилет.  

Эгерде кардар мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы өзүнүн инсандыгын тастыктаган документти көрсөтсө, анда кардардын инсандыгын тастыктаган документи менен чогуу бир кадрда сүрөтү (видео жазуусу) талап кылынбайт. 

2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобо 

3-глава. Электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тартиби 

§ 7. Электрондук акчанын ордун жабуу тартиби 

83. Талап кылынбаган электрондук акча электрондук капчыктардын идентификацияланган ээлерине инсандыгын күбөлөндүргөн документти көрсөткөн учурда касса аркылуу накталай түрдө берүү же болбосо анын арызы боюнча кардардын эсептешүү/банктык эсебине которуу аркылуу кайтарылып берилет.  

Идентификацияланбаган электрондук капчыктардан талап кылынбаган калдыктарды кайтаруу кардар инсандыгын күбөлөндүргөн документти жана кардар менен уюлдук байланыш оператору ортосунда түзүлгөн уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө келишимди көрсөткөн учурда капчык ачылган номерге которуу аркылуу жүргүзүлөт. Мында уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү келишими кардар электрондук капчыкты ачканга чейин түзүлүшү керек.  

Уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө келишим жок болсо, талап кылынбаган электрондук акча калдыктары идентификацияланбаган электрондук капчык ээси электрондук акча системасынын операторунан алынган электрондук капчык ээсин тастыктаган расмий катты көрсөткөндөн кийин кайтарылып берилет. Банк ички ченемдик документтеринде, ошондой эле системанын эрежелеринде талап кылынбаган электрондук акча калдыктарын кайтаруу тартибин чагылдырууга тийиш.  

Талап кылынбаган электрондук акча инсандыгын тастыктаган документтин түпкү нускасын кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документин көрсөткөн учурда банктын кассасы аркылуу накталай түрдө же болбосо кардардын арызы боюнча анын эсептешүү/банктык эсебине которуу аркылуу идентификацияланган электрондук капчык ээлерине кайтарылып берилет.  

Идентификацияланбаган электрондук капчыктардан талап кылынбаган электрондук акчаны кайтаруу кардар инсандыгын тастыктаган документтин түпкү нускасын кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документин же кардар менен уюлдук байланыш оператору ортосунда уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө түзүлгөн келишимди көрсөткөн учурда капчык ачылган номерге которуу аркылуу кайтарылып берилет. Мында уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү келишими кардар электрондук капчыкты ачканга чейин түзүлүшү керек.  

Уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө келишим жок болсо, талап кылынбаган электрондук акча идентификацияланбаган электрондук капчык ээси электрондук акча системасынын операторунан алынган электрондук капчык ээсин тастыктаган расмий катты көрсөткөндөн кийин кайтарылып берилет. Банк ички ченемдик документтеринде, ошондой эле системанын эрежелеринде талап кылынбаган электрондук акчаны кайтаруу тартибин чагылдырууга тийиш. 

2022-жылдын 14-сентябрындагы № 2022-П-14/57-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоо 

8-ГЛАВА. ТЕКШЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ МЕНЕН ТААНЫШУУ  

50. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет коштомо кат менен бирге текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрүлгөн күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамынын колуна берилет. Отчетту алууда көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлү инсандыгын тастыктаган документти көрсөтөт, инспектордук текшерүү жөнүндө отчетту алууга ыйгарым укуктуу документтин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет (жетекчиден башка өкүлдөр үчүн) жана отчетту өз колу менен алгандыгы жөнүндө белги коюу менен отчетторду берүү журналына кол коёт.  

Өзгөчө учурларда (көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси/башка ыйгарым укуктуу адамдары Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгондугуна, алардын медициналык көрсөткүчтөрү боюнча убактылуу эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу жана башкаларда отчетту өз колу менен тапшыруу мүмкүн эмес болгон учурда) инспектордук текшерүү жөнүндө отчет коштомо кат менен кошо көзөмөлгө алынган уюмдун айкын дарегине почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда отчетту алган адамдын аты-жөнү жана жеткирүү датасын камтыган кайра билдирүү менен почта жөнөтмөсүн жеткиргендиги жөнүндө ырастоо милдеттүү түрдө алынууга тийиш.  

50. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет коштомо кат менен бирге текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрүлгөн күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамынын колуна берилет. Отчетту алууда көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлү инсандыгын тастыктаган документтин түпкү нускасын кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документти көрсөтөт, инспектордук текшерүү жөнүндө отчетту алууга ыйгарым укуктуу документтин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет (жетекчиден башка өкүлдөр үчүн) жана отчетту өз колу менен алгандыгы жөнүндө белги коюу менен отчетторду берүү журналына кол коёт.  

Өзгөчө учурларда (көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси/башка ыйгарым укуктуу адамдары Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгондугуна, медициналык көрсөтмө боюнча алардын убактылуу эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу жана башка себептер боюнча отчетту өз колуна тапшыруу мүмкүн эмес болгон учурда) инспектордук текшерүү жөнүндө отчет коштомо кат менен кошо көзөмөлгө алынган уюмдун айкын дарегине почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда милдеттүү түрдө отчетту алган адамдын аты-жөнүн жана жеткирилген датаны көрсөтүү менен отчет почта аркылуу жеткирилгендигин тастыктаган билдирүү кайра жөнөтүлүүгө тийиш.