Кайта келүү

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун преамбуласы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана туруктуу ишин камсыз кылуу, коммерциялык банктардын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламдарын коргоо, банктардын менчигинин түзүмү ачык-айкын болушун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 16 жана 26-беренелеринин негизинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу операцияларга бөгөт коюу үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:»; 

- жогорудагы токтом менен бекитилген Жеңилдетилген салыктык режим колдонулган жана (же) банктык көзөмөл органдарына маалыматтардын ачык-айкын көрсөтүлүшү жана (же) алардын берилип турушу каралбаган мамлекеттердин жана аймактардын (оффшордук аймактардын) тизмесинин: 

- 11-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 20-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 28-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 42-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 43-пункту менен толукталсын: 

«43. Кюрасао».  

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алгандан кийин үч жумуш күнү ичинде: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы жана Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактарды 3 (үч) жумуш күнү ичинде тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо көзөмөл блогунун ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 

Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) токтом долбоорунун преамбуласын жаңы кабыл алынган «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтому менен бекитилген Жеңилдетилген салыктык режим колдонулган жана (же) банктык көзөмөл органдарына маалыматтардын ачык-айкын көрсөтүлүшү жана (же) алардын берилип турушу каралбаган мамлекеттердин жана аймактардын (оффшордук аймактардын) тизмесин (мындан ары  Улуттук банктын оффшордук аймактарынын тизмеси) жаңылоо максатында иштелип чыккан. 

Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык, оффшордук аймактарда жашаган жана/же катталган же тизмеси Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда каттоодон өткөн же болбосо катышуучу катары аффилирленген жактарга ээ жеке адамдар жана юридикалык жактар банктын уюштуруучулары боло алышпайт. 

Токтом долбоорунда мыйзам талаптарына жана эл аралык практиканын талаптарына ылайык Улуттук банктын оффшордук аймактарынын тизмесин кеңейтүү жана актуалдаштыруу сунушталат. 

Маселени изилдөө максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жардам көрсөтүү жана жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн субъекттерин аныктоо жана Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмесин түзүүдө пайдаланылган булактар боюнча талаптарды белгилөө тартиби тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен суроо-талап жөнөтүлгөн. 

Аталган органдын жообуна ылайык, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмесин түзүүдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген «Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө» жобого (мындан ары Жобо) таянган. 

Жобонун 5-пунктуна ылайык Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги төмөнкү тизмелердин негизинде түзүлөт:  

1) ФАТФ тизмеси (финансылык чараларды иштеп чыгуучу эл аралык топ); 

2) ФАТФ тибиндеги региондук топтордун тизмеси; 

3) Базель башкаруу институтунун тизмеси (жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн эң жогорку 10у); 

4) Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму тарабынан түзүлгөн оффшордук зоналардын тизмеси; 

5) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин негизинде санкциялар колдонулган өлкөлөрдүн тизмеси; 

6) террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоонун жыйынтыгы боюнча финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлгөн өлкөлөрдүн тизмеси. 

Улуттук банктын оффшордук аймактарынын тизмесин актуалдаштыруу алкагында ФАТФнын, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун, Базель башкаруу институтунун, FSI (финансылык сыр индекси), ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жана Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдин негизиндеги санкциялар тизмеси изилденген. 

Базель башкаруу институту тарабынан 2012-жылдан бери жарыяланып келе жаткан Basel AML индекси Акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу (ФАТФ), Transparency International, Дүйнөлүк Банк жана Дүйнөлүк Экономикалык Форум сыяктуу 17 коомдук булактын маалыматтарынын негизинде тобокелдиктерге баа берүүлөрдү сунуштайт. Тобокелдиктерди баалоо беш доменди камтыйт: 

1. Акчаны адалдоо/терроризмди каржылоо 

платформасынын сапаты; 

2. Пара алуу жана коррупция; 

3. Финансылык ачык-айкындуулук жана стандарттар; 

4. Коомдук ачыктык жана отчеттуулук; 

5. Укуктук жана саясий тобокелдиктер. 

Акчаны адалдоого каршы күрөшүү жөнүндө Базель конвенциясынын коомдук басылмасына акчаны адалдоо/терроризмди каржылоо тобокелдигине ишенимдүү баа берүү үчүн жетиштүү маалыматтары бар жана ФАТФ 4-раундунун методологиясын колдонуу менен бааланган юрисдикциялар гана киргизилген. 

Акчаны адалдоого каршы күрөшүү жөнүндө Базель индекси үчүн тандалган көрсөткүчтөрдүн көпчүлүгүнүн өзүнүн баа берүү системасы бар. Бирдиктүү код коюу системасына жетишүү үчүн айрым көрсөткүчтөрдүн (өзгөрмөлүү) баа берүүлөрү min-max ыкмасын колдонуу менен чогултулуп, 0дөн 10го чейинки системага киргизилет, мында 10 тобокелдиктин эң жогорку деңгээлин көрсөтөт. 

Финансылык сыр индекси (FSI) бул адамдарга мыйзам үстөмдүгүнөн финансыларын жашырууга жардам берүү боюнча эң активдүү юрисдикциялардын рейтинги. 

Финансылык сыр салыктарды кыянаттык менен пайдаланууга өбөлгө түзөт, акчаны адалдоого жол берет. Индекс дүйнөдөгү эң ири финансылык сырды камсыздоочуларды аныктайт жана өкмөттөрдүн финансылык сырга кошкон салымын азайтуу үчүн алар өзгөртө ала турган мыйзамдарды баса белгилейт. 

Маалыматтар базасы юрисдикциялардын юридикалык, административдик, жөнгө салуучу жана финансылык түзүмдөрү жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Маалыматтын негизги булактары болуп Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун жана ага караштуу Глобалдык форумдун, ФАТФнын, ЭВФтин жана Европа бирлигинин расмий жана коомдук отчеттору саналат. 

Купуялыгы боюнча рейтинги 

Юрисдикциянын мыйзамдары финансылык сырды сактоо үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет. 

0 = купуя эмес 

100 = толук купуялуу 

Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму - өкүлчүлүктүү демократиянын жана эркин рынок экономикасынын принциптерин тааныган өнүккөн өлкөлөрдүн эл аралык экономикалык уюму. 

Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму кеңири аналитикалык иштерди жүргүзүп, мүчө өлкөлөр үчүн сунуштарды иштеп чыгат жана экономикалык маселелер боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү уюштуруу үчүн аянтча катары кызмат кылат. 

Акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу (ФАТФ) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча глобалдык орган болуп саналат. Өкмөттөр аралык орган бул мыйзамсыз иш-аракеттерди жана алардын коомго келтирген зыянын алдын алууга багытталган эл аралык стандарттарды белгилейт. ФАТФ саясатты иштеп чыгуучу орган катары бул чөйрөлөрдө улуттук мыйзам чыгаруу жана жөнгө салуу реформаларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон саясий эркти түзүү иштерин жүргүзөт. 

ФАТФтын максаттары стандарттарды белгилөө жана акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана эл аралык финансы системасынын бүтүндүгүнө башка коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча укуктук, ченемдик жана оперативдүү чараларды натыйжалуу ишке ашырууга көмөк көрсөтүү. ФАТФ өз мүчөлөрүнөн баштап, ФАТФ сунуштарын ишке ашыруудагы өлкөлөрдүн прогрессине мониторинг жүргүзөт; акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү ыкмаларын жана чараларын карайт; жана бүткүл дүйнө боюнча ФАТФ сунуш-көрсөтмөлөрүн кабыл алууга жана ишке ашырууга көмөктөшөт. 

Коопсуздук кеңеши «бул талаш-тартыштын же кырдаалдын улантылышы эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого коркунуч келтирбей тургандыгын аныктоо үчүн эл аралык кагылышууга алып келе турган же талаш-тартыштарды пайда кыла турган ар кандай талаш-тартыштарды же кырдаалды териштирүүгө» ыйгарым укуктуу. Ал «тынчтыкка ар кандай коркунучтун бар экендигин, тынчтыктын ар кандай бузулушун же агрессиялык актыны аныктайт жана эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо же калыбына келтирүү үчүн кандай чараларды көрүү керектиги жөнүндө сунуштарды берет же чечет». Кеңеш эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бузган мамлекеттерге, анын ичинде куралдуу күчтөрдү колдонууга байланыштуу болгон мажбурлоо чараларын колдонууга укуктуу. 

Россия Федерациясы, Беларусь Республикасы жана Армян Республикасы сыяктуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде оффшордук тизмедеги өлкөлөр, эгерде алар акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын жана уюштуруучунун ишин текшерүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды ачыкка чыгарса, акционер боло алышат.  

Кошумчалай кетсек, ар бир өлкөнүн оффшордук иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгү изилденген. 

Мындан тышкары, эл аралык баа берүүнүн жалпы тизмесинен бардык өлкөлөр боюнча маалымат даярдалган. Документтин көлөмүнө байланыштуу маалымат электрондук форматта берилет. 

Улуттук банктын оффшордук аймактарынын тизмесинде эл аралык баа берүүнү эске алуу менен жогоруда аталган уюмдардын 3 же андан көп тизмесине кирген өлкөлөр көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Түркия сыяктуу өлкөлөр бул тизмеге кирген эмес. Акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү Базель индексинин рейтингине ылайык, бул өлкөлөр жалпысынан, акчаны адалдоо/терроризмди каржылоо тобокелдигинин орточо деңгээлине ээ. Кыргыз Республикасынын банк рыногунда Түркия менен Пакистандын акционерлери бар экенин да эске алуу керек. Практика көрсөткөндөй, бул өлкөлөр уюмдардын капиталына катышуу үчүн колдонулган каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды ачып беришет. Өз кезегинде, Бириккен Араб Эмираттары ислам банкын ачуунун алкагында потенциалдуу инвесторлор катары каралууда, мындан тышкары, колдо болгон маалыматтарга ылайык, бул өлкөнүн көзөмөл органдары суроо-талап боюнча маалымат алмашууга укуктуу. 

Ошону менен бирге, тизмеде көрсөтүлбөгөн башка өлкөлөрдүн инвесторлоруна кайрылууда алар да жогоруда аталган уюмдардын веб-сайттарында көрсөтүлгөн маалыматтарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык текшерилет.  

Ошентип, Доминикан Республикасын, Коста-Риканы, Черногорияны жана Нидерланддык Антиль аралдарын учурдагы тизмеден чыгаруу сунушталганын билдиребиз, анткени, FSI сайтында көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, Доминикан Республикасы жана Коста-Рика инвесторлордун каражаттарынын келип чыгуу булактарын изилдөө алкагында зарыл болгон маалыматтарды ачып беришет. 

Нидерланд Антиль аралдары (нидерл. Nederlandse Antillen) мурда Нидерланд Королдугунун курамындагы автономия (2010-жылдын 10-октябрына чейин), географиялык жактан алганда Кариб деңизиндеги Кичи Антиль аралдары архипелагындагы эки аралдар тобунан турат. Ири үч аралдар тобуна Аруба, Кюрасао жана Бонайре кирет. Аруба учурда колдонулуп жаткан тизмеге кирет, ошондой эле аралды учурда колдонулуп жаткан тизмеде калтыруу жана Кюрасаону киргизүү сунушталууда. Бирок, үчүнчү ири арал Бонайре оффшордук аймактар тизмегине киргизилген эмес, ошол эле учурда бул аралдан инвесторлор кайрылган учурда Бонайреге кылдат мониторинг жүргүзүлөт.  

Синт-Мартен, Синт-Эстатиус жана Саба деген үч кичи аралдан турган топ дагы оффшордук аймактар тизмесине кирбейт жана мониторингге алынат жана бул кичи аралдар эл аралык рейтингдерде белгиленген эмес. 

Өлкөлөрдү изилдөө алкагында ФАТФнын тизмеси да каралгандыктан, Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тизмеге Камбоджа менен Мьянмадан тышкары, алар тарабынан кемчиликтерди четтетүү чаралары жүргүзүлгөндүгүнөн улам, ФАТФнын тизмесине кирген өлкөлөр да кирбей калганын белгилейт. Камбоджа жана Мьянмага да инвесторлор кайрылганда күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүлөт. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнүн алкагында оффшордук аймактардын учурдагы тизмесинин актуалдуулугуна талдоо жүргүзүлгөн. Эл аралык тизмелердин жаңыланышына байланыштуу, финансы-кредит уюмдарынын бенефициардык ээлерин изилдөөнүн алкагында Улуттук банк тарабынан түзүлгөн оффшордук аймактардын тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы келип чыкты. 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Улуттук банк Башкармасынын ушул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.  

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат 

Улуттук банктын расмий интернет сайтында 2022-жылдын 13-апрелинде ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле кызыкдар тараптардан сунуштарды чогултуу боюнча жарыяланган билдирүүнүн алкагында сунуштар түшкөн эмес. 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансы каражаттарды талап кылбайт. 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр боюнча маалымат 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген 2020-жылдын 30-сентябрындагы №504 Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлдү

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

  

  

  

Жөнгө салуучу таасирин толугу менен/айрым бөлүктөрүн талдап-иликтөө 

(керектүүсүнүн алды сызылат) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы ) 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 

токтом долбоорунун  

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ  

 

Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө мөөнөттөрү

2022-жылдын _______ 2022-жылдын ________ 

(башталышы) (аякташы) 

 

1.1. Проблемаларды чагылдыруу  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары долбоор) токтомдун преамбуласын жаңы кабыл алынган «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү, Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 токтому менен бекитилген Жеңилдетилген салыктык режим колдонулган жана (же) банктык көзөмөл органдарына маалыматтардын ачык-айкын көрсөтүлүшү жана (же) алардын берилип турушу каралбаган мамлекеттердин жана аймактардын (оффшордук аймактардын) тизмесин (мындан ары Улуттук банктын оффшордук аймактарынын тизмеси) өркүндөтүү жана актуалдаштыруу максатында иштелип чыккан. 

Долбоордо Улуттук банктын оффшордук аймактарынын тизмесин мыйзам талаптарына жана эл аралык тажрыйбага ылайык өркүндөтүү жана актуалдаштыруу сунушталат.  

Маселени изилдөө максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына (мындан ары Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн субъектилерин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тартиби жана жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмесин түзүүдө Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан пайдаланылган булактар боюнча маалымат берүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен суроо-талап жөнөтүлгөн. 

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жообуна ылайык жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмесин түзүүдө Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген «Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө» жобого (мындан ары Жобо) таянуу менен иш алып барат. 

Жобонун 5-пунктуна ылайык жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги төмөнкү тизмелердин негизинде түзүлөт:  

1) ФАТФ тизмеси (финансылык чараларды иштеп чыгуучу эл аралык топ); 

2) ФАТФ тибиндеги региондук топтордун тизмеси; 

3) Базель башкаруу институтунун тизмеси (жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн эң жогорку 10у); 

4) Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму тарабынан түзүлгөн оффшордук аймактардын тизмеси; 

5) БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин негизинде санкциялар колдонулган өлкөлөрдүн тизмеси; 

6) террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдиктерине улуттук баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлгөн өлкөлөрдүн тизмеси. 

Буларга кошумча оффшордук ишти жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ ар бир өлкө өзүнчө иликтенип чыккан. 

Тиркемелерде эл аралык баа берүүнү эске алуу менен өлкөлөрдүн жалпы тизмеси (1-тиркеме), эл аралык баа берүүнү эске алуу менен Улуттук банктын оффшордук аймактарынын сунушталган тизмеси (2-тиркеме) келтирилген. 

Мындан тышкары, эл аралык баа берилген жалпы тизмеге кирген бардык өлкөлөр боюнча маалымат берилген. Документ көлөмдүү болгондуктан маалымат электрондук форматта сунушталган.  

Эл аралык баа берүүнү эске алуу менен Улуттук банктын оффшордук аймактарынын сунушталган тизмесинде (2-тиркеме) жогоруда аталган уюмдардын 3 жана андан көп тизмесине кирген өлкөлөр көрсөтүлгөн. Мында, бул тизмеге Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Түркия сыяктуу өлкөлөр кирген эмес.  

Акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү Базель индексинин рейтингине ылайык, бул өлкөлөрдө чогуу алганда акчанын изин жашыруу/терроризмди каржылоо тобокелдигинин орточо деңгээли белгиленген.  

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын банктык рыногунда Түркия жана Пакистан акционерлери иш алып барып жаткандыгын эске алуу зарыл.  

Тажрыйба көрсөткөндөй, бул өлкөлөр уюмдун капиталында катышууга багытталган акча каражаттарын алуу булактарын тастыктоо үчүн зарыл маалыматты ачык көрсөтүшөт. Өз кезегинде, Бириккен Араб Эмираттары ислам банкын ачуу боюнча чаралардын алкагында потенциалдуу инвесторлор катары кароого алынат, ошондой эле маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн көзөмөл органдары суроо-талап жөнөтүү аркылуу маалымат алмашууга укуктуу.  

Мында, тизмеде көрсөтүлбөгөн башка өлкөлөрдөн инвесторлор кайрылган учурда, алар жогоруда аталган уюмдардын сайттарында көрсөтүлгөн маалыматты эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык текшерилет.  

Ошентип, FSI сайтында көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, Доминикан Республикасы жана Коста-Рика инвесторлордун акча каражаттарын алуу булактарын изилдөөнүн алкагында алынган зарыл маалыматты ачык көрсөтүп келгендигине байланыштуу, учурда колдонулуп жаткан тизмеден Доминикан Республикасын, Коста-Риканы, Черногорияны жана Нидерланд Антиль аралдарын чыгаруу сунушталууда.  

Нидерланд Антиль аралдары (нидерл. Nederlandse Antillen) мурда Нидерланд Королдугунун курамындагы автономия (2010-жылдын 10-октябрына чейин), географиялык жактан алганда Кариб деңизиндеги Кичи Антиль аралдары архипелагындагы эки аралдар тобунан турат. Ири үч аралдар тобуна Аруба, Кюрасао жана Бонайре кирет. Аруба учурда колдонулуп жаткан тизмеге кирет, ошондой эле аралды учурда колдонулуп жаткан тизмеде калтыруу жана Кюрасаону киргизүү сунушталууда. Бирок, үчүнчү ири арал Бонайре оффшордук аймактар тизмегине киргизилген эмес, ошол эле учурда бул аралдан инвесторлор кайрылган учурда Бонайреге кылдат мониторинг жүргүзүлөт.  

Синт-Мартен, Синт-Эстатиус жана Саба деген үч кичи аралдан турган топ дагы оффшордук аймактар тизмесине кирбейт жана мониторингге алынат жана бул кичи аралдар эл аралык рейтингдерде белгиленген эмес.  

Өлкөлөрдү изилдөөнүн алкагында ФАТФ тизмеси да кароого алынгандыктан, Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы, Камбоджа жана Мьянманы кошпогондо, бузууларды четтетүү боюнча акыркы көрүлгөн чаралардан улам ФАТФ тизмесиндеги өлкөлөр аталган тизмеге киргизилбегендигин белгилеген. Инвесторлор кайрылган учурда Камбоджа жана Мьянмага карата да күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүлөт.  

1-проблема. Оффшордук аймактар тизмесин 

актуалдаштыруу зарылчылыгы 

Ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнүн алкагында учурда колдонулуп жаткан оффшордук аймактар тизмесинин актуалдуулугуна талдоо жүргүзүлгөн. Эл аралык тизме жаңыртылгандыгына байланыштуу, Улуттук банк тарабынан финансы-кредит уюмдарынын бенефициардык ээлерин изилдөөнүн алкагында түзүлгөн оффшордук аймактар тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана актуалдаштыруу зарылчылыгы келип чыкты. 

1.2. Кызыкдар тараптардын пикирин талдап-иликтөө 

Улуттук банк жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жана кызыкдар жактардын сунуштары кароого алына тургандыгы жөнүндө билдирүү процессинде банктардан сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн эмес. 

1.3. Проблеманын масштабы 

Тизме боюнча эскирген маалыматтар, укуктук тобокелдиктер. 

1.4. Эл аралык тажрыйба 

Улуттук банктын оффшордук аймактар боюнча тизмесин актуалдаштыруунун алкагында ФАТФнын, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун, Базель башкаруу институтунун, FSI (финансылык сыр индекси), ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде түзүлгөн санкциялар тизмеси изилденген. 

Базель башкаруу институту тарабынан 2012-жылдан бери жарыяланып келе жаткан Basel AML индекси Акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү (FATF) боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу, Transparency International, Дүйнөлүк банк жана Дүйнөлүк форум сыяктуу 17 коомдук булактардын маалыматтарынын негизинде тобокелдиктерге баа берүүлөрдү сунуштайт. Тобокелдиктерге баа берүү төмөнкү беш доменди камтыйт: 

1. Акчанын изин жашыруу/терроризмди каржылоо платформасынын сапаты; 

2. Пара алуу жана коррупция; 

3. Финансылык ачык-айкындуулук жана стандарттар; 

4. Коомдук ачык-айкындуулук жана отчеттуулук; 

5. Укуктук жана саясий тобокелдиктер. 

Акчаны адалдоого каршы күрөшүү жөнүндө Базель конвенциясынын коомдук басылмасына акчаны адалдоо/терроризмди каржылоо тобокелдигине ишенимдүү баа берүү үчүн жетиштүү маалыматтары бар жана ФАТФ 4-раундунун методологиясын колдонуу менен бааланган юрисдикциялар гана киргизилген. 

Акчанын адалдоого каршы күрөшүүнүн Базель индекси үчүн тандалган көрсөткүчтөрдүн көпчүлүгүнүн өзүнүн баа берүү системасы бар. Бирдиктүү код коюу системасына жетишүү үчүн айрым көрсөткүчтөрдүн (өзгөрмөлүү) баа берүүлөрү min-max ыкмасын колдонуу менен чогултулуп, 0дөн 10го чейинки системага киргизилет, мында 10 тобокелдиктин эң жогорку деңгээлин көрсөтөт. 

Финансылык сыр индекси (FSI) адамдарга мыйзам үстөмдүгүнөн финансыларын жашырууга жардам берүү боюнча эң активдүү юрисдикциялардын рейтингин түшүндүрөт. 

Финансылык сыр салыктарды кыянаттык менен пайдаланууга өбөлгө түзөт, акчаны адалдоого жол берет жана бардыгы үчүн адам укугун бузат. Индекс дүйнөдөгү эң ири финансылык сырды камсыздоочуларды аныктайт жана өкмөттөрдүн финансылык сырды сактоого кошкон салымын азайтуу үчүн алар өзгөртө ала турган мыйзамдарды баса белгилейт. 

Маалыматтар базасы юрисдикциялардын юридикалык, административдик, жөнгө салуучу жана финансылык түзүмдөрү жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Маалыматтын негизги булактары болуп Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун жана ага караштуу Глобалдык форумдун, ФАТФнын, ЭВФтин жана Европа бирлигинин расмий жана коомдук отчеттору саналат. 

Купуялыгы боюнча рейтинги 

Юрисдикциянын мыйзамдары фианнсылык сырды сактоо үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет. 

0 = купуя эмес 

100 = толук купуялуулук 

Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму - өкүлчүлүктүү демократиянын жана эркин рынок экономикасынын принциптерин тааныган өнүккөн өлкөлөрдүн эл аралык экономикалык уюму. 

Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму кеңири аналитикалык иштерди жүргүзүп, мүчө өлкөлөр үчүн сунуштарды иштеп чыгат жана экономикалык маселелер боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү уюштуруу үчүн аянтча катары кызмат кылат. 

Акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу (ФАТФ) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча глобалдык орган болуп саналат. Өкмөттөр аралык орган бул мыйзамсыз иш-аракеттерди жана алардын коомго келтирген зыянын алдын алууга багытталган эл аралык стандарттарды белгилейт. ФАТФ саясатты иштеп чыгуучу орган катары бул чөйрөлөрдө улуттук мыйзам чыгаруу жана жөнгө салуу реформаларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон саясий эркти түзүү иштерин жүргүзөт. 

ФАТФтын максаттары стандарттарды белгилөө жана акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана эл аралык финансы системасынын бүтүндүгүнө башка коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча укуктук, ченемдик жана оперативдүү чараларды натыйжалуу ишке ашырууга көмөк көрсөтүү. ФАТФ өз мүчөлөрүнөн баштап, ФАТФ сунуштарын ишке ашыруудагы өлкөлөрдүн прогрессине мониторинг жүргүзөт; акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү ыкмаларын жана чараларын карайт; жана бүткүл дүйнө боюнча ФАТФ сунуш-көрсөтмөлөрүн кабыл алууга жана ишке ашырууга көмөктөшөт. 

Коопсуздук кеңеши «бул талаш-тартыштын же кырдаалдын улантылышы эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого коркунуч келтирбей тургандыгын аныктоо үчүн эл аралык кагылышууга алып келе турган же талаш-тартыштарды пайда кыла турган ар кандай талаш-тартыштарды же кырдаалды териштирүүгө» ыйгарым укуктуу. Ал «тынчтыкка ар кандай коркунучтун бар экендигин, тынчтыктын ар кандай бузулушун же агрессиялык актыны аныктайт жана эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо же калыбына келтирүү үчүн кандай чараларды көрүү керектиги жөнүндө сунуштарды берет же чечет». Кеңеш эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бузган мамлекеттерге, анын ичинде куралдуу күчтөрдү колдонууга байланыштуу болгон мажбурлоо чараларын колдонууга укуктуу. 

Россия Федерациясы, Беларусь Республикасы жана Армян Республикасы сыяктуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде оффшордук тизмедеги өлкөлөр, эгерде алар акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын жана уюштуруучунун ишин текшерүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды ачыкка чыгарса, акционер боло алышат.  

2. Жөнгө салуунун каралып жаткан варианттарын чагылдыруу жана баа берүү 

2.1. Жөнгө салуу максаты 

Долбоор финансы-кредит уюмдарын лицензиялоо боюнча иш-чаралардын алкагында оффшордук аймактардын учурдагы тизмесин актуалдаштыруу максатында иштелип чыккан. 

2.2. Жөнгө салуунун каралган варианттары 

1-вариант. «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты 

Бул вариантты тандоого болбойт, анткени бүгүнкү күндө ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан өлкөлөрдүн эл аралык баа берүүсүн эске алуу менен тизмени актуалдаштыруу зарылчылыгы бар. 

2-вариант. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын сунуш кылынган жаңы токтом долбоорун бекитүү».  

3. Жөнгө салуунун артыкчылыктуу 

вариантын тандоого негиздеме 

2-вариант боюнча токтом долбоору кабыл алынууга сунушталсын, анткени бул вариант жеңилдетилген салыктык режимди камсыз кылган жана (же) маалыматтарды толук ачып берүү жана банктык көзөмөл органдарына (оффшордук аймактарга) берүү каралбаган мамлекеттердин жана аймактардын тизмесин кеңейтүү жана актуалдаштыруу максатында иштелип чыккан.  

4 Күтүлүп жаткан экономикалык кесепеттерге жана атаандаштыкка тийгизген таасирине баа берүү боюнча тиркеме 

Сунуш кылынган долбоордо колдонуудагы талаптарды актуалдаштыруу процесси каралгандыгын эске алуу менен, алар эч кандай кошумча чыгымдарды талап кылбай турганын белгилей кетүү керек. 

 

Аналитикалык  

катка карата  

2-тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун жөнгө салуу варианты боюнча 

 

 

АТААНДАШТЫККА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ БОЮНЧА  КОРУТУНДУ  

 

Ага ылайык талдап-иликтөө жүргүзүлгөн методика (аталышы):  

  

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүүдө атаандаштыкка тийгизген таасирин талдап-иликтөө методикасы   

  

Талдап-иликтөө жүргүзүү датасы: 2022-жылдын _____________ 2022-жылдын ___________ аралыгында  

  

Атаандаштыкка талдап-иликтөө жүргүзүүнүн негизги (кыскача) жыйынтыгы:  

Жөнгө салуунун варианты атаандаштыкка олуттуу таасир тийгизбейт   

  

Атаандаштыкка тийгизген таасирин талдап-иликтөө  жөнүндө кеңири маалымат:  

  

Товар рыногунун негизги параметрлери   

-маалымат жок 

Товар рыногунун географиялык чеги:  

- географиялык жактан чектелбейт   

Товар рыногунун көлөмү (маалымат болгон учурда):  

- маалымат жок   

1) Товар рыногунда иш алып барган чарба жүргүзүүчү субъекттердин курамы (маалымат болгон учурда)  

финансы-кредит уюмдары  үлүшү (%): белгисиз  

(аталышы) 

 

- Баа берүүлөр  

Фактордун аталышы 

Баа берүү «ооба» же «жок» 

«Ооба» баа берүүсүнүн негиздемеси 

Товар рыногунун концентрациялануу деңгээлине баа берүү  

 

Аталган товар рыногунда кайсы бир чарба жүргүзүүчү субъекттин үлүшү 35 пайызды (же андан ашыкты) түзгөн үстөмдүк кылуучу абал барбы? маалымат болгон учурда 

жок 

 

Мындай учурда алардын ар биринин үлүшү ушул рыноктогу башка субъекттердин үлүшүнөн көбүрөөк жана жалпысынан 50 пайыздан ашкан үчтөн ашык чарба жүргүзүүчү субъекттердин чогуу алгандагы үстөмдүгү же алардын ар биринин үлүшү тиешелүү рыноктогу башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүшүнөн жогору болгон, бештен ашпаган чарба жүргүзүүчү субъекттердин чогуу алгандагы үлүшү басымдуулук кылган абал барбы?  маалымат болгон учурда 

жок 

 

Товар рыногуна кирүү-чыгуу боюнча экономикалык чектөөлөргө баа берүү 

Жаңы жөнгө салуу пропорционалдуу болбогон жогорку сарптоолорго алып келеби: 

- иштеп жаткандарга караганда, рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн; 

- ири ишканаларга караганда, чакан ишканалар үчүн ж.б.  

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу рыноктогу сунуштары чектелүү болгон потенциалдуу катышуучулардын ресурстарга жеткиликтүүлүгүн чектөөгө алып келеби (материалдык-буюмдук, материалдык эмес ж.б.)?  

жок 

 

Жаңы жөнгө салууга байланыштуу аталган товар рыногунда иш мажбурлап токтотулган шартта, алардын иши мажбурлап токтотулган шартта, иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттерди (экономикалык туруктуулукка доо кетирүүгө жөндөмдүү) жогорку чыгымга дуушар кылабы? 

жок 

 

Товарлар рыногуна аралашуу боюнча административдик чектөөлөргө баа берүү 

 

Жаңы жөнгө салуу лицензиялоо талаптарынын жана рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн лицензияларды алуу жол-жоболорунун наркынын кыйла жогорулашына алып келеби?  

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу чектелген ресурстарды административдик бөлүштүрүүдө чарба жүргүзүү субъекттердин тең укуктуулук шарттарын бузууга алып келеби?  

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттерди баа түзүү механизмдерин тандоону, продукциянын сапатын, өндүрүштүк кубаттуулуктарды жайгаштыруу ордун аныктоону чектөөгө алып келеби?  

жок 

 

Товар рыногуна чыгууга стратегиялык чектөөлөрдү баалоо  

Жаңы жөнгө салуу чарбалык интеграциянын ар кандай туруктуу формаларынын катышуучулары үчүн (холдингдер, финансылык-өндүрүштүк бирикмелер, анын катышуучуларынын өз ара атаандаштык деңгээли төмөн жана кооперациянын жогорку деңгээли болгон кластерлер ж.б.) интеграциянын мындай формаларына кирбеген рыноктун башка потенциалдуу катышуучуларына салыштырмалуу кошумча артыкчылыктарды береби?  

жок 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбоору боюнча 

САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦА 

№ 

Азыркы редакция 

Сунуш кылынган редакция 

 

Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу токтом 

 

Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана туруктуу ишин камсыз кылуу, коммерциялык банктардын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламдарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 79 жана 89-беренелеринин негизинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу операцияларга бөгөт коюу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана туруктуу ишин камсыз кылуу, коммерциялык банктардын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламдарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 16 жана 26-беренелеринин негизинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу операцияларга бөгөт коюу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

Жеңилдетилген салыктык режим колдонулган жана (же) банктык көзөмөл органдарына маалыматтардын ачык-айкын көрсөтүлүшү жана (же) алардын берилип турушу каралбаган мамлекеттердин жана аймактардын (оффшордук аймактардын) тизмеси 

 

11. Доминикан Республикасы 

 

 

20. Антиль аралдары (Нидерланд) 

 

 

28. Коста-Рика Республикасы 

 

 

42. Черногория Югослав Республикасы 

 

 

 

43. Кюрасао