Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаттары жана милдеттери  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) 2022-жылдын 20-апрелинде жаңы редакцияда «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» кабыл алынган № 2022-П-14/25-3-(ПС) токтомго ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоору менен «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого карата шилтемелерди актуалдаштыруу максатында, 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого жана 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобого редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. 

Мындан тышкары, 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобонун 5-пункту төмөнкүлөргө ылайык келтирилет:  

- «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого; 

- 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун 98-2-пунктуна;  

- Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамына ылайык виртуалдык активдер менен байланышкан кызматтарды көрсөтүү менен толукталат. 

Ошондой эле жогоруда аталган пунктун кардарлардын бланктары жана анкеталары менен алмашууну уюштуруу боюнча агенттерге кардарларга карттарды берүүнү кошуп, банктык төлөм карттарын электрондук формада чыгаруу/кайра чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берген толуктоо каралган. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат  

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат жыйынынын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн Бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) коомдук талкууга жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу кошумча каржылоону талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 3-пунктуна ылайык келбейт, ошого байланыштуу анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт. 

 

 

ДОЛБООР  

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын ___-__________ 

№ ______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын   

айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«5. Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет:  

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү;  

- акча которуу системалары аркылуу акча которууларды ишке ашыруу;  

-  банкка өткөрүп берүү максатында банктык эсепти ачууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- банктык төлөм карттарын чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- электрондук формада банктык төлөм карттарын чыгарууга/кайра чыгарууга кардарлардын бланктары жана анкеталары менен алмашууну уюштуруу жана банктык төлөм карттарын андан ары кардарларга берүү

-  банкка өткөрүп берүү максатында обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук капчыктардан пайдаланууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

-  банкка өткөрүп берүү максатында обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу коддорун чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- кардар жөнүндө маалыматтардын коопсуздугу жана купуялуулук шарттары сакталган учурда, обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу үчүн чыгарылган коддорду берүү;  

-  банкка өткөрүп берүү максатында кредиттерди тариздөөгө бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- кредиттердин ордун жабуу;  

- банктык эсепти толуктоо;  

- электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу;  

- электрондук капчыктын, банктык төлөм картынын ээсин идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун жүргүзүү

- локалдык электрондук акча системасынын электрондук акчаларын кабыл алуу жөнүндө акцептанттар менен келишимдерди түзүү

- электрондук капчыктарга эмгек акы төлөө боюнча коммерциялык уюмдар менен келишимдерди түзүү

- банктык карттардан, анын ичинде виртуалдык карттардан нак акча каражаттарын берүү;  

- банктардын кардарларына сash-out функциясы бар төлөм терминалдарынан банктардын ошол кардарларынын эсептеринен нак акча каражаттарын берүү

- бюджетке төлөмдөрдү (айыптык төлөмдөр, салыктар, бажы жыйымдары), анын ичинде мобилдик тиркемелерди жана QR-коддорду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу; 

- виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүү (виртуалдык активдерди которуу; эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөр). 

Кыргыз Республикасынын «Электрондук кол тамга жөнүндө» мыйзамына ылайык, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңейтилген чөйрөсүнүн түрлөрү боюнча маалыматтарды банкка электрондук формада өткөрүп берүүгө жол берилет.». 

- 6-1 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6-1. Банк электрондук акчаны жайылтуу жана орун жабуу үчүн чекене агентти ишке тартууда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жободо белгиленген Улуттук банктын талаптарын сактоого тийиш. Ченемдик укуктук актылардын талаптары сакталбаган шартта, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктундагы «2016-жылдын 30-марттагы токтому менен бекитилген № 15/6» деген сөздөр «2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) токтому менен бекитилген» сөздөргө алмаштырылсын.». 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобо 

1. Жалпы жоболор 

5. Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет:  

- өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү;  

- акча которуу системалары аркылуу акча которууларды ишке ашыруу;  

- андан ары банкка өткөрүп берүү үчүн банктык эсепти ачууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- банктык төлөм карттарын чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- андан ары банкка өткөрүп берүү үчүн обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук капчыктардан пайдаланууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- андан ары банкка өткөрүп берүү үчүн обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу коддорун чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- кардар жөнүндө маалыматтардын коопсуздугу жана купуялуулук шарттары сакталган учурда, обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу үчүн чыгарылган коддорду берүү;  

- андан ары банкка өткөрүп берүү үчүн кредиттерди тариздөөгө бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- кредиттердин ордун жабуу;  

- банктык эсепти толуктоо;  

- электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу;  

- банктык карттардан нак акча каражаттарын берүү;  

- бюджетке төлөмдөрдү (айыптык төлөмдөр, салыктар, бажы жыйымдары), анын ичинде мобилдик тиркемелерди жана QR-коддорду пайдалануу аркылуу ишке ашырылган төлөмдөрдү кабыл алуу.  

Кыргыз Республикасынын "Электрондук кол тамга жөнүндө" Мыйзамына ылайык, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңейтилген чөйрөсүнүн түрлөрү боюнча маалыматтарды банкка электрондук формада өткөрүп берүүгө жол берилет. 

5. Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет:  

- өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү;  

- акча которуу системалары аркылуу акча которууларды ишке ашыруу;  

- банкка өткөрүп берүү максатында банктык эсепти ачууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- банктык төлөм карттарын чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- электрондук формада банктык төлөм карттарын чыгарууга/кайра чыгарууга кардарлардын бланктары жана анкеталары менен алмашууну уюштуруу жана банктык төлөм карттарын андан ары кардарларга берүү

- банкка өткөрүп берүү максатында обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук капчыктардан пайдаланууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- банкка өткөрүп берүү максатында обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу коддорун чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- кардар жөнүндө маалыматтардын коопсуздугу жана купуялуулук шарттары сакталган учурда, обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу үчүн чыгарылган коддорду берүү;  

- банкка өткөрүп берүү максатында кредиттерди тариздөөгө бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- кредиттердин ордун жабуу;  

- банктык эсепти толуктоо;  

- электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу;  

- электрондук капчыктын, банктык төлөм картынын ээсин идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун жүргүзүү

- локалдык электрондук акча системасынын электрондук акчаларын кабыл алуу жөнүндө акцептанттар менен келишимдерди түзүү

- электрондук капчыктарга эмгек акы төлөө боюнча коммерциялык уюмдар менен келишимдерди түзүү

- банктык карттардан, анын ичинде виртуалдык карттардан нак акча каражаттарын берүү;  

- банктардын кардарларына сash-out функциясы бар төлөм терминалдарынан банктардын ошол кардарларынын эсептеринен нак акча каражаттарын берүү

- бюджетке төлөмдөрдү (айыптык төлөмдөр, салыктар, бажы жыйымдары), анын ичинде мобилдик тиркемелерди жана QR-коддорду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу; 

- виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүү (виртуалдык активдерди которуу; эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөр).  

Кыргыз Республикасынын «Электрондук кол тамга жөнүндө» мыйзамына ылайык, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңейтилген чөйрөсүнүн түрлөрү боюнча маалыматтарды банкка электрондук формада өткөрүп берүүгө жол берилет. 

6-1. Банк электрондук акчаны жайылтуу жана орун жабуу үчүн чекене агентти ишке тартууда, Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жободо белгиленген Улуттук банктын талаптарын сактоого тийиш. Ченемдик укуктук актылардын талаптары сакталбаган шартта, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

6-1. Банк электрондук акчаны жайылтуу жана орун жабуу үчүн чекене агентти ишке тартууда, Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жободо белгиленген Улуттук банктын талаптарын сактоого тийиш. Ченемдик укуктук актылардын талаптары сакталбаган шартта, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобо 

1. Жалпы жоболор 

3. Электрондук акчанын формаларынын бири катары алдын ала төлөнгөн карттарды чыгарууга жана жайылтууга байланыштуу иш Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-марттагы токтому менен бекитилген № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобо аркылуу жөнгө салынат. 

3. Электрондук акчанын формаларынын бири катары алдын ала төлөнгөн карттарды чыгарууга жана жайылтууга байланыштуу иш Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобо аркылуу жөнгө салынат.