Кайта келүү

Сунуштар жана жооптор   

РЕЕСТРИ  

(2022-жылдын 18-мартындагы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнүн алкагында сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча)   

 

Каттоо №  

Автор (ачык консультациялардын катышуучусу)   

Алынган күн 

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар  

Иштеп чыккан органдын позициясы  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо 

1  

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 

2022-ж. 

8-апрели 

Резидент/резидент эмес түшүнүктөрү тууралуу 

Резидент түшүнүгү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде көрсөтүлгөн жана аймакта 183 күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүк жаран резидент болуп саналат деп болжолдонууда (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 24-беренеси). 

Ар башка түшүнүп алууга жол бербөө үчүн ушул ченемдик укуктук актыда резидент/резидент эмес деген түшүнүктүн так аныктамасын белгилөөнү сунуштайбыз. Белгилүү бир мөөнөт ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет элдик жаран резидент болуп эсептелеби же Кыргыз Республикасынын жараны гана резидент болуп саналабы? 

 

Кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алуу укугу тууралуу 

Учурда банк процесстерди, анын ичинде кредиттик билдирмелерди кароо жана кредиттерди берүү процесстерин санариптештирүү жана автоматташтыруу багытында жигердүү иш алып барууда. Бул иш-аракет ошондой эле банктын кардарларын аралыктан идентификациялоону жаңылоого, мобилдик жана интернет-банкингди өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн жагдайлар менен шартталган. 

Ушул жагдайларга байланыштуу, билдирмелерди аралыктан кароонун жана кредиттерди бекитүүнүн автоматташтырылган процессинин программасын ишке ашыруу максатында, программалык деңгээлде анализдин белгилүү бир алгоритми боюнча билдирмелерди кароо/кредиттерди бекитүү мүмкүнчүлүгүн кароо менен “же адамдар тарабынан” деген сөздөрдүүшүнүктү) кеңейтүүнү сунуштайбыз. Мындай ишке ашыруу билдирмелерди кароо процессин тездетет жана адам факторуна байланыштуу субъективдүү мамилени жокко чыгарат.  

 

Кредиттерди аралыктан берүү жөнүндө 

1) Кредиттерди аралыктан берүү процессин ишке ашыруунун алкагында банк бул маселе боюнча карыз алуучуга маалымат берүүсү үчүн альтернативдүү ыкманы киргизүү зарыл. 

 

2) Ошондой эле аралыктан байланышуу каналдары (мобилдик/интернет-банкинг) аркылуу карыз алуучуга маалымат берүү ыкмасын караштыруу жана таанышуу жөнүндө карыз алуучунун кол тамгасынын милдеттүү түрдө болушун алып салуу зарыл. 

 

Кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөөдө кардардын билдирүүсү тууралуу 

Кардардын кредитти мөөнөтүнөн мурда жабуу жөнүндө билдирүү берүүсүнүн бүтүүчү мөөнөтү тууралуу белгилөөнү сунуштайбыз. Анткени, кардарлар көрсөтүлгөн норманы сөзмөөз чечмелеп, билдирүүнү төмөнкүчө бериши мүмкүн, мисалы, алар кредит алган күнү жана 30 күндөн кийин, кредиттин мөөнөтү ичинде каалаган күнү (мисалы, кредиттин мөөнөтү 10 жыл) мөөнөтүнөн мурда айрым бөлүгүн төлөй алышат. 

 

Кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатуу тууралуу 

Улуттук банктын эсептик ченинин жогорулашы, банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы кырдаалдын өзгөрүшү, улуттук валютанын курсу олуттуу өзгөргөн жана инфляция деңгээли жогорулаган учурларда да, банктын кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатуу укугун толуктоону сунуштайбыз.  

Бул сунуш коомдук талкууга чыгарыла турган долбоорду иштеп чыгуунун алкагында каралат. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бул сунуш коомдук талкууга чыгарыла турган долбоорду иштеп чыгуунун алкагында каралат. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бул сунуш коомдук талкууга чыгарыла турган долбоорду иштеп чыгуунун алкагында каралат. 

 

 

 

Бул сунуш коомдук талкууга чыгарыла турган долбоорду иштеп чыгуунун алкагында каралат. 

 

 

 

Кабыл алынган жок, анткени, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 736-4-беренесине ылайык, карыз алуучу кредиттин түрүнө, пайдалануу мөөнөтүнө жана суммасына карабастан, отуз календардык күн мурда алдын ала билдирген шартта, кредитти кайсы убакта болбосун мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу. 

 

 

Кабыл алынган жок, анткени, банк тарабынан белгиленген тобокелдиктер банк ишине мүнөздүү жана бул тобокелдиктер кредиттин наркына, атап айтканда, кредит боюнча пайыздык чендерге кошулууга тийиш.