Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддорундагы активдерди классификациялоого жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резервге тиешелүү чегерүүлөргө тиешелүү маселелер боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кепилдик фонддордун ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди эске алуу менен алардын ишинин эффективдүүлүгүн камсыздоо максатында “Кепилдик фонддордо активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобо (мындан ары Жобо) иштелип чыккан. 

Жобонун долбоорунда кепилдик фонддордо активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резервге тиешелүү чегерүүлөр боюнча талаптар белгиленген. Бул талаптар кепилдик фонддордун ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди эске алат жана коммерциялык банктар үчүн белгиленген ченемдерден айырмаланат. 

Ушуга байланыштуу, токтом долбоорунда «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жана “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 жана 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 токтомдору менен бекитилген жоболорунун субъекттик курамынан кепилдик фонддорду алып салуу сунушталууда. 

Кепилдик фонддордун ишин натыйжалуу контролдоо үчүн регулятивдик отчетторду берүү зарылдыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) токтому менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. 

Жогорудагыларды эске алып, сунушталып жаткан токтом долбоору жөнгө салуу кепилдик фонддордун тобокелдиктерин контролдоо системасын өркүндөтүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жана алардын ишине карата талаптарды төмөндөгүлөр аркылуу өркүндөтүүгө багытталган: 

- кепилдик фонддордо активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резервке тиешелүү чегерүүлөр боюнча талаптарды алардын ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди эске алуу менен өзүнчө ченемдик укуктук актыда бөлүп көрсөтүү

- кепилдик фонддордун активдерин классификациялоо категорияларын жана активдер боюнча түзүлүүчү резервдердин өлчөмүн кайра карап чыгуу; 

- кепилдик фонддордун Улуттук банкка мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетторду берип туруу зарылдыгын кошпогондо, кепилдик фонддор үчүн отчеттуулуктун формасын оптималдыштыруу. 

Натыйжада, төмөнкү документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: 

2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобону бекитүү жөнүндө»

2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»

2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга салуу максатында, Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Токтом долбоорунун сунушталып жаткан варианты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат  

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат  

Токтом долбооруна Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн. 

 

 

Банк эмес финансы-кредит  

уюмдарын көзөмөлдөө  

башкармалыгынын начальниги Э. Абдраимов 

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ 

Төраганын орун басары М. Жакыпов 

 

 

Долбоор  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 1.1-пунктундагы «бардык коммерциялык банктарга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жана кепилдик фонддорго» деген сөздөр “бардык коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын  

25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун: 

- 1.2-пунктундагы «лицензия алышкан «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы, кепилдик фонддорго» деген сөздөр «лицензия алышкан «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКка» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 43-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Кепилдик фонддун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында кепилдик фонд ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча, ар айдын 20сына чейин кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Улуттук банкка отчет берип турууга тийиш.»; 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине карата 1-тиркеме, тиркемеге ылайык редакцияда берилсин. 

- Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине карата 2-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

 

«Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө»  жобо 

 

1.1. Бул Жободо активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары - активдер) классификациялоо, ошондой эле жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү кам (мындан ары - РППУ) түзүү боюнча талаптар белгиленген жана ал бардык коммерциялык банктарга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жана кепилдик фонддорго (мындан ары - банктар) таркатылат.  

1.1. Бул Жободо активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары - активдер) классификациялоо, ошондой эле жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү кам (мындан ары - РППУ) түзүү боюнча талаптар белгиленген жана ал бардык коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары - банктар) таркатылат. 

 

«Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобо 

1.2. ПРБО жөнүндөгү бул Жобонун аракети бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде “ислам терезесине” ээ банктарга, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары  Улуттук банк) лицензия алышкан “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы, кепилдик фонддорго жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү  банкына (мындан ары  банктар) таркатылат. 

1.2. ПРБО жөнүндөгү бул Жобонун аракети бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде “ислам терезесине” ээ банктарга, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары  Улуттук банк) лицензия алышкан “Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКка жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары  банктар) таркатылат. 

 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелери 

43. Кепилдик фонддун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында кепилдик фонд ушул Эрежелерге карата 1 жана 2-тиркемелердеи көрсөтүлгөн формалар боюнча, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 токтому менен бекитилген "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө" жобого ылайык ай сайын 20сына чейин кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Улуттук банкка отчет берип турууга тийиш. 

43. Кепилдик фонддун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында кепилдик фонд ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча, ар айдын 20сына чейин кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Улуттук банкка отчет берип турууга тийиш. 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине карата  

1-тиркеме 

Токтомго ылайык күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине карата  

2-тиркеме 

Токтомго ылайык 1-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын. 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине карата  

1-тиркеме 

 

Кепилдик фонддун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету (тиркемеге ылайык).