Ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштардын жана жооптордун РЕЕСТРИ – 2021-жылдын 7-июнундагы ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле мезгил-мезгили менен берилүүчү банктык отчеттордун колдонуудагы формаларын жана банктардын финансы отчетторун ачып көрсөтүү боюнча талаптарды өркүндөтүү маселеси боюнча кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоо жөнүндө билдирүү
Сунуштардын жана жооптордун
РЕЕСТРИ
(2021-жылдын 7-июнундагы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнүн алкагында сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча)
Каттоо № |
Автор (ачык консультациялардын катышуучусу) |
Алынган күн |
Сын-пикирлер жана (же) сунуштар |
Иштеп чыккан органдын позициясы |
№1 |
«Оптима Банк» ААК |
2021-жылдын 22-июну |
Финансылык отчетто резервдердин өлчөмүн ачып көрсөтүү жагында тактоолорго байланыштуу: 1. Финансылык отчетту Улуттук банктын жана ФОЭС 9 стандарттары боюнча ар айлык негизде, Улуттук банктын стандарты боюнча 10 календарлык күндүн ичинде, ал эми ФОЭС 9 стандарты боюнча 15 календарлык күн ичинде жайгаштыруу мөөнөттөрү менен банктын сайтына жарыялоо; 2. ФОЭС 9 стандарты боюнча финансылык отчетту ар айлык негизде жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, чейрек сайын же жарым жылдык негизде жайгаштыруу. 3. 2022-жылдын январынан тартып бардык коммерциялык банктар финансылык отчетту ФОЭС 9 стандарты боюнча ар айлык негизде тапшырууга өтүүгө тийиш. |
Сунуш кабыл алынган жок. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө» жобонун 2-пунктуна ылайык, банктардын финансылык отчеттуулугу банктын финансылык абалын, анын ишинин финансылык жыйынтыктарын жана акча каражаттарынын жылышын объективдүү түрдө берүүгө жана ал Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык келүүгө тийиш. |