Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

1. Максаты жана милдети 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режимдери киргизилген учурда лицензия берүү тартибин кошо алганда, «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун (мындан ары Жобо) айрым талаптарын так чагылдыруу, аларды колдонуу жана аткаруу максатында иштелип чыккан. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоорунун негизги сунуштары төмөнкүлөр

11-пунктка өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-резидент эместердин пайдасына кабыл алууда жана жүргүзүүдө, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар/резидент эместер менен тике келишимдердин болушу/техникалык платформаларды интеграциялоо жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча финансылык өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу талабы боюнча тактоо киргизилген.  

12-пунктта тике келишимдерди салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү тескеген мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүү зарылдыгын толук чагылдыруу сунушталат. Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, ушул пункттун талаптары агенттик келишимдин негизинде жана банктын атынан кызмат көрсөткөн төлөм уюмдарына таркатылбайт. 

Уставдык капиталдын өлчөмүн жана акционерлердин (уюштуруучулардын)/төлөм уюмунун катышуучуларынын/төлөм системасынын операторунун курамын өзгөртүүдө Улуттук банкка берилүүгө тийиш болгон документтерге карата талаптар такталган (тиешелүүлүгүнө жараша 13-1 жана 15-1-пункттар). 

19-пункт 19 (төлөм уюмунун лицензиясы үчүн документтер) жана 19-1 (төлөм системасынын операторунун лицензиясы үчүн документтер) пункттарына бөлүнгөн. Мындан тышкары, 19, 19-1 жана 40-пункттар лицензия алуу үчүн Улуттук банкка берүү үчүн зарыл документтердин тизмеси менен толукталган. 

Жобо 24-1-пункту менен толукталган, анда лицензия алуу үчүн өтүнүч катты жана документтерди кайрадан тапшыруу мөөнөттөрү жана шарттары тууралуу талаптар камтылган, анткени Жобонун 30-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен 3 (үчтөн) көп жолу анык эмес жана/же толук эмес маалыматтар берилген учурда Улуттук банк лицензия берүүдөн баш тартат.  

32 жана 37-пункттарда жана сунушталган 37-1-пунктунда, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун талаптагыдай ишин уюштуруу максатында башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата талаптар толук чагылдырылган

36-пунктта дайындалган башкы бухгалтердин иш стажына/тажрыйбасына карата талапты 2 жылдан 3 жылга өзгөртүп, «анын ичинде башкы бухгалтердин позициясында кеминде 1 (бир) жыл иш тажрыйбасы бар» талабын киргизүү сунушталууда, анткени башкы бухгалтер бухгалтердик эсепке алуу боюнча толук маалыматка ээ болууга тийиш.  

40-пунктту ПФТД/ЛПД боюнча курстарды угуу жөнүндө документти (күбөлүктү) алуу мөөнөтүнө карата талап менен толуктоо сунушталууда. Мындай талап иш жүзүндө жаңы дайындалган аткаруу органынын жетекчилери 4-5 жыл мурун алынган документтерди (күбөлүктөрдү) сунуштагандыгы менен шартталган. ПФТД/ЛПД жөнүндө мыйзам 2018-жылы өзгөртүлгөн жана аткаруу органынын жетекчиси актуалдуу билимге ээ болууга тийиш.  

32 жана 50-пункттар башкаруунун аткаруу органына, Директорлор кеңешине карата өлкөдө өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал киргизилген учурда, төлөм системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу жана Улуттук банк тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө чечимдерди кабыл алуу милдеттери тууралуу талабы менен толукталган. 

64-пункт төлөм уюму Улуттук банкка лицензиясын тапшырууда лицензиат үчүнчү жактар алдында төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышын салыштырып текшерүү актысын кагаз жүзүндө сунуштоого тийиш, ал эми төлөм системасынын оператору лицензиясын тапшырууда, тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштагандыгы үчүн төлөм системасынын катышуучулары менен өз ара эсептешүүлөрдүн аяктагандыгын тастыктаган документтерди сунуштоо талабы менен толукталган. 

Жобо төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун лицензиясы кайтарылып алынган учурда, аны тапшыруу шарттары тууралуу талабына тиешелүү  

65-1-пункту менен толукталган. Ошондой эле, жобону өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режимдери учурунда лицензиялоо маселелери боюнча 6-бөлүк менен толуктоо сунушталууда.  

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык натыйжалардын жана коррупциялык кесепеттердин келип чыгышын болжолдоо 

Токтомдун долбоорун кабыл алуу оң социалдык-экономикалык натыйжаларды шарттайт, анткени сунушталган өзгөртүүлөрдө Кыргыз Республикасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз төлөм системасын камсыз кылуу максатында, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жагында айрым талаптар толук чагылдырылган. Жалпысынан, бул нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө, төлөм инфраструктурасын кеңейтүүгө жана керектөөчүлөр үчүн банктык төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугун коргоого жана төлөмдөрдү коопсуз жүргүзүүгө оң таасирин тийгизет.  

Долбоордун кабыл алынышы терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат. 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө  

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын нормаларына каршы келбейт

6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат 

Аталган токтом долбоорунун нормаларын ишке ашыруу кошумча финансылык каржылоону талап кылбайт.  

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат 

Ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө методикасынын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, «Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын ____ _________ 

№ ______________________  

токтомуна карата тиркеме  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөр  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Лицензиаттар тиешелүү ыйгарым укуктуу башкаруу органы чечим кабыл алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка бардык өзгөрүүлөр, анын ичинде уставдык капитал өлчөмүнүн өзгөргөндүгү, акцияларды/уюмда катышуу үлүшүн сатып алуу/сатуу, жоюу же кайра өзгөртүп түзүү, башкаруунун аткаруу органынын, башкаруунун байкоо органынын (директорлор кеңешинин, болгон учурда), уюштуруучулар курамынын, айкын жайгашкан жеринин жана юридикалык дарегинин өзгөргөндүгү, ошондой эле областтарда же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өкүлчүлүктөрдү жана/же филиалдарды ачуу тууралуу билдирүүгө милдеттүү

Билдирүүлөр лицензиат тарабынан күбөлөндүрүлгөн ыйгарым укуктуу башкаруу органынын тиешелүү чечимдеринин көчүрмөлөрүн (же болбосо мындай чечимдерден алынган көчүрмөлөрдүн түп нускасы) жана башка тастыктаган документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндө жөнөтүлүүгө тийиш. Улуттук банк кабыл алынган өзгөрүүлөргө тиешелүү кошумча документтерди/маалыматтарды суроо-талап кылууга укуктуу.»; 

- 7-пунктунун: 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кызмат адамдары башкаруунун байкоо органынын (директорлор кеңеши, болгон учурда), башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү (жетекчи/директор, техникалык директор, башкы бухгалтер) жана/же төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адамдар.»; 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун кызмат адамдары жана алардын жакын туугандары;»; 

сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн юридикалык жактардын башкаруу боюнча байкоо жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары;»; 

- 10-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш:»; 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-резидент эместердин пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууда, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар-резидент эместер менен тике келишимдер болгон/техникалык платформалар интеграцияланган жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча финансылык өз ара эсептешүүлөр жүзөгө ашырылган учурда, төлөм уюмунун уставдык капиталы кеминде 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндө болууга тийиш.»; 

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча Улуттук банктагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон, төлөөчүлөрдүн салыктарын, жыйымдарын жана төлөмдөрүн төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алууда, салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү тескөөгө алган мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тике келишимдер болгон учурда, төлөм уюму кеминде 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндө уставдык капиталга ээ болууга тийиш.  

Ушул пункттун талабы коммерциялык банк менен агенттик макулдашуунун/келишимдин негизинде төлөөчүлөрдөн салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алууну жүзөгө ашырган жана банктын атынан кызмат көрсөткөн төлөм уюмдарына таркатылбайт.»; 

- 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Эгерде төлөм системасынын операторунун төлөм системасы Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы №38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, системалуу мааниге ээ/маанилүү төлөм системасы катары же төлөм уюму/төлөм системасынын оператору 12 (он эки) жана андан ашык айдын жыйынтыгы боюнча орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса, анда уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төлөм системасынын маанилүүлүк деңгээлине жараша төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет: 

1) кеминде 200 000 000 (эки жүз миллион) сом, эгерде төлөм системасы системалуу мааниге ээ болуп таанылса; 

2) кеминде 30 000 000 (отуз миллион) сом, эгерде төлөм системасы маанилүү болуп таанылса; 

3) кеминде 20 000 000 (жыйырма миллион) сом, эгерде төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса. 

Төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими тууралуу лицензиатка билдирилген күндөн тартып 6 (алты) ай ичинде Жобонун ушул пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө уставдык капиталды көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алууга жана банкка акча каражаттарын салууга тийиш. Акча каражаттары белгиленген мөөнөттө салынбаган учурда Улуттук банк тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык таасир этүү чараларын колдонот.»; 

Жобо төмөнкү мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын: 

«13-1. Уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

1) лицензиат тарабынан күбөлөндүрүлгөн, ыйгарым укуктуу башкаруу органынын тиешелүү чечиминин көчүрмөсүн (же болбосо мындай чечимден алынган көчүрмөнүн түп нускасын); 

2) акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган акча каражаттарын алуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды, тастыктаган документтерди тиркөө менен.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын: 

«15-1. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын)/катышуучуларынын курамы өзгөргөн шартта алар жөнүндө маалымат Улуттук банкка тиешелүү ыйгарым укуктуу башкаруу органы чечим кабыл алгандан тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде ушул Жобого карата 3 жана 4-тиркемелердин формасы боюнча анкета түрүндө сунушталууга тийиш.»; 

- 16-пунктунун: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Улуттук банктын областтык башкармалыктарына Чүй жана Баткен областтарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын областтарында каттоодон өткөн жана жайгашкан өтүнүч ээлери тарабынан;»; 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө Баткен областында каттоодон өткөн жана жайгашкан өтүнүч ээлери тарабынан;»; 

бешинчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Чет тилде сунушталган документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине жана/же расмий тилге которулуп, талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн документти камтууга тийиш.»; 

- 17-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Ушул Жобого ылайык Улуттук банкка сунушталган жана бирден ашык барактан турган бардык документтердин ар бир барагында маалымат чагылдырылууга, көктөлүүгө, номер коюлууга, жетекчинин кол тамгасы коюлуп, өтүнүч ээсинин/лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада сунушталышы мүмкүн. 

Ушул Жобого ылайык Улуттук банкка сунушталуучу документтердин көчүрмөлөрү, эгерде ушул Жобонун өзүнчө пункттарында сунушталуучу документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүүнүн башка тартиби белгиленбесе, өтүнүч ээсинин/лицензиаттын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамдынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.»; 

- 19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада мамлекеттик жана/же расмий тилдерде сунуштайт: 

1) ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

2) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү, уставдык капиталдын өлчөмү, башкаруунун аткаруу органын тандоо жөнүндө чечим; 

3) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучу-юридикалык жактардын документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, ошондой эле акыркы отчеттук күнгө карата түзүлүп, салык органына тапшырылган финансылык отчет; 

4) документтерди тапшыруу учуруна карата салык органдарынан салык карызы жок экендигин тастыктаган маалым кат; 

5) тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;  

6) ушул Жобого карата 2, 3 жана 4-тиркемелерге ылайык толтурулган жана башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана акционерлери (уюштуруучулары)/катышуучулары тарабынан кол коюлган анкеталар же болбосо анкеталардын түп нускасын кийин жөнөтүү менен анын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, мында ушул Жобонун 3-бөлүгүндө каралган документтердин көчүрмөлөрү кошо тиркелет, ошондой эле ушул Жобонун 40-пунктуна ылайык башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн документтери; 

7) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу документтери жана башка тастыктоочу документтер); 

8) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план: 

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо; 

- кеминде 3 (үч) жылга мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжаларды болжолдуу эсептөөлөр; 

9) товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына калктан жана өз агенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу максатында банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү

10) коммерциялык банк менен техникалык платформаларды колдонууга киргизүү жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча финансылык өз ара эсептешүүнү жүргүзүү чөйрөсүндө алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин пайдасына кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштай турган өтүнүч ээси үчүн); 

11) ушул жобонун 10 же 11 жана 12-пункттарына ылайык (кызмат көрсөтүүлөргө жараша) уставдык капитал катары акча каражаттар салынгандыгын тастыктаган документ; 

12) өтүнүч ээсинин аларда төмөнкүлөр каралган ички документтеринин көчүрмөлөрү, төлөм уюмунун иштөө эрежелери: 

- агенттерди/субагенттерди, аралыкта орнотулуучу жабдууларды туташтыруу тартиби; 

- инкассациялоо тартиби; 

- кемчиликтер боюнча иш алып баруу тартиби; 

- кардарларга акча каражаттарын кайтаруу тартиби; 

- агенттер жана төлөм терминалдары аркылуу өтүүчү акча каражаттардын жылуу тартиби; 

- штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда иш алып баруу тартиби; 

- кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таркатууга катыштыгы бар катары таанылган адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалым каттарын тескөө механизмдерин кылдат чагылдыруу; 

- тараптардын жана алардын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги. 

Документтер көктөлүп, номер коюлуп жана ага жетекчинин жана/же ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлуп, мөөрү менен тастыкталууга тийиш; 

13) эгерде өтүнүч ээсинин өкүлү анын атынан иш алып барса, лицензия алууга анын өкүлүнө берилген, мөөр оттискасы менен уюштуруу документтерине ылайык, жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлган ишеним кат; 

14) Кыргыз Республикасынын резидентинин/резидент эмесинин акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучу өтүнүч ээси-жеке адамдын төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү

- паспортунун көчүрмөсү (резидент ID-паспортунун көчүрмөсүн, резидент эмес чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкаттар жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди сунуштоосу зарыл; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган акционердин (уюштуруучунун)/катышуучунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен кирешелери жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер); 

15) аппараттык-программалык комплексти орнотуу жана өндүрүштүк колдонууга киргизүү актысы; 

16) өтүнүч ээсинин акционеринин / катышуучусунун / уюштуруучусунун / кызмат адамынын анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын: 

«19-1. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада мамлекеттик жана/же расмий тилдерде сунуштайт: 

1) ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

2) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү, уставдык капиталдын өлчөмү, башкаруунун аткаруу органын тандоо жөнүндө чечим; 

3) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучу-юридикалык жактардын документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, ошондой эле акыркы отчеттук күнгө карата түзүлүп, салык органына тапшырылган финансылык отчет; 

4) документтерди тапшыруу учуруна карата салык органдарынан салык карызы жок экендигин тастыктаган маалым кат; 

5) тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;  

6) ушул Жобого карата 2, 3 жана 4-тиркемелерге ылайык толтурулган жана башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана акционерлери (уюштуруучулары)/катышуучулары тарабынан кол коюлган анкеталар же болбосо анкеталардын түп нускасын кийин жөнөтүү менен анын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, мында ушул Жобонун 3-бөлүгүндө каралган документтердин көчүрмөлөрү кошо тиркелет, ошондой эле ушул Жобонун 40-пунктуна ылайык башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн документтери; 

7) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу документтери жана башка тастыктоочу документтер); 

8) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план: 

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо; 

- иш технологиясы жана шифрлөө алгоритми; 

- кеминде 3 (үч) жылга мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжаларды болжолдуу эсептөөлөр; 

9) чарбалык иш каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү

10) ушул жобонун 10-пунктуна ылайык уставдык капитал катары акча каражаттар салынгандыгын тастыктаган документ; 

11) кеминде төмөнкүлөр камтылган төлөм системасында финансылык мониторинг жүргүзүү тартибин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөсү

- финансылык мониторинг максаты жана милдеттери; 

- финансылык мониторинг жүргүзүү принциптери; 

- мониторинг системасын түзүүчү элементтердин топтому; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо эрежелери. 

12) төлөм системасынын операторунун иштөө эрежелеринде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- төлөм системасынын архитектурасын жана анын иш схемасын кеңири чагылдыруу; 

- төлөм системасына кирүү жана андан чыгуу тартиби, шарттары жана жол-жоболору; 

- катышуучуну төлөм системасына туташтыруу тартиби; 

- процессинг жана акыркы эсептешүүнү жүргүзүү тартиби; 

- жаңылыш төлөмдөрдү жокко чыгаруу жана кайтаруу тартиби; 

- кемчиликтер боюнча иштерди жүргүзүү тартиби; 

- төлөм системасынын катышуулары тарабынан өз иши жөнүндө маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулган моделди кошо алганда, төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө системасы, тобокелдиктерди тескөө иш-чараларынын жана ыкмаларынын тизмеги, ички контролдук системасын жана ички аудит кызматынын иши, эгерде болгон болсо; 

- маалыматты коргоо талаптары; 

- талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- системада штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан шартта, катышуучулардын иш алып баруу тартиби; 

- төлөм системасынын операторунун жана катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таркатууга катыштыгы бар катары таанылган адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалым каттарын тескөө механизмдерин кылдат чагылдыруу. 

Төлөм системасынын иштөө эрежелери көктөлүп, номер коюлуп жана ага жетекчинин/ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлуп, юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталууга тийиш; 

13) аппараттык-программалык комплексти (мындан ары АПК) орнотуу жана өндүрүштүк колдонууга киргизүү актысы; 

14) кеминде төмөнкүлөр камтылган АПКнын автоматташтырылган маалымат системаларынын жана компоненттеринин паспорттору: 

- жалпы мүнөздөмө (багыты, колдонууга киргизүү күнү ж.б.); 

- системанын конфигурациясын (аппараттык бөлүгү, программалык камсыздоо/системалык, программалык/маалымат базасын башкаруу системалары, диск бөлүктөрүнүн көлөмү, резервдик көчүрмөлөө картасы ж.б.); 

- системаны калыбына келтирүү регламентин кошо алганда, системаны колдонууга киргизүүдө колдонулуучу ченемдик документтердин тизмеги (жоболор, регламенттер ж.б.); 

- жабдуунун жана окшош системалардын өз ара иштөө схемасы (топология); 

15) өтүнүч ээсинин АПК орнотулган жайга менчик же ижара укугу белгиленген документтин көчүрмөсү. АПК жайгаштырылуучу менчик же ижарага алынган жай Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш. Эгерде төлөм системасынын оператору АПКны жайгаштыруу үчүн: 

- менчик жайын колдонсо, ошол жайга менчик укугун тастыктаган документтерди сунуштоого тийиш; 

- жай ижарага алынса, жайдын техникалык мүнөздөмөсүн көрсөтүү менен ижара келишимин сунуштоо зарыл. Ижара келишими 1 (бир) жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш; 

- жай субижарага алынса, субижара келишимине карата жайды субижарага берүү укугу жана мөөнөтү көрсөтүлгөн, ижарачы менен ижарага берүү ортосунда түзүлгөн ижара келишими (негизги келишим) тиркелүүгө тийиш; 

16) лицензияланган уюмдун программалык камсыздоосу менен ачык интерфейс (API) колдоого алынгандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү жана Улуттук банк тарабынан операциялык шайкештикти жана системалар ортосунда өз ара иш алып барууну камсыз кылуу үчүн аныкталган бирдиктүү эсептешүү борборуна (болгон болсо) аралашуу мүмкүнчүлүгү/аралашуусу; 

17) электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча эсептешүү эсебин ачуу тууралуу коммерциялык банк менен алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштаган өтүнүч ээси үчүн); 

18) электрондук акча эмитенти менен электрондук акча чыгарууга/жайылтууга алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштаган өтүнүч ээси үчүн); 

19) эгерде өтүнүч ээсинин өкүлү анын атынан иш алып барса, лицензия алууга анын өкүлүнө берилген, мөөр оттискасы менен уюштуруу документтерине ылайык, жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлган ишеним кат; 

20) резиденттин/резидент эместин акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучу-жеке адамдын төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү

- паспортунун көчүрмөсү (резидент ID-паспортунун көчүрмөсүн, резидент эмес чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкаттар жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди сунуштоосу зарыл; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган акционердин (уюштуруучунун)/катышуучунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен кирешелери жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер); 

21) арыз ээсинин акционеринин / катышуучусунун / уюштуруучусунун / кызмат адамынын анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу.»; 

- 22-пункттагы «19-пунктунун» деген сөз жана сан «19 жана 19-1-пункттарынын» дегенге алмаштырылсын; 

- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Документтер ушул Жобонун талаптарына дал келбесе же 3 (үчтөн) көп жолу толук эмес көлөмдө же болбосо белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен сунушталган учурда Улуттук банк документтерди кароодон баш тартат жана бул тууралуу кат жүзүндө билдирүү жөнөтөт.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 24-1-пункт менен толукталсын: 

«24-1. Документтерди кароодон расмий түрдө баш тартылган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин же болбосо ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт өткөн күндөн кийин (ошол мөөнөт бузулган шартта) лицензия алуу үчүн өтүнүч катты жана документтерди кайрадан сунуштоого жол берилет. 

Улуттук банк тарабынан документтерди алгачкы кароодо көрсөтүлгөн кемчиликтер жана сын-пикирлер четтетилгенде гана лицензия алуу үчүн өтүнүч катты жана документтерди кайрадан сунуштоого жол берилет. Эгерде документтерди алгачкы кароодо Улуттук банк тарабынан көрсөтүлгөн сын-пикирлер четтетилбесе, Улуттук банкка келип түшкөн күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнү ичинде документтерди иштеп чыгууга кайрадан жөнөтпөстөн, документтерди кароодон баш тартууга укуктуу.»; 

- 28-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Лицензия ыйгарым укуктуу адам ишеним катты жана инсандыгын тастыктаган документтерди, ошондой эле лицензия берүүдө төлөнүүчү мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документти көрсөткөндөн кийин берилет. Ыйгарым укуктуу адам лицензия алууда сунуштаган ишеним кат Улуттук банкта сакталат.»; 

- 30-пунктунун: 

2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) ушул Жобонун 23 жана 24-пункттарына ылайык 3 (үчтөн) көп жолу такталбаган жана/же толук эмес маалыматтар берилсе же маалыматты сунуштоо үчүн белгиленген мөөнөттөр бузууга жол берилсе;»; 

3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) кызмат адамдар ушул Жобонун 3-бөлүгүндө белгиленген квалификациялык талаптарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп бербесе;»; 

4-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар ушул Жобонун 15-пунктунда белгиленген талаптарга дал келбесе;»; 

- 30-пункту төмөнкү мазмундагы 2-1-пунктча менен толукталсын: 

«2-1) эгерде сын-пикирлер ушул Жобонун 24-1-пунктуна ылайык документтер кайрадан берилген учурда четтетилбесе;»; 

- Жобонун 10-главасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10-глава. Өтүнүч ээлеринин/лицензиаттардын аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата талаптар»; 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда талаптагыдай ишти уюштуруу максатында башкарма түрүндө башкаруунун коллегиалдуу аткаруу органы иштөөгө тийиш. 

Башкарманын курамына, кеминде, жетекчи (башкы директор/президент/төрага), техникалык директор, башкы бухгалтер жана/же өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңештирилген, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, өлкөдө өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал киргизилген учурда (Директорлор кеңеши жок учурда) төлөм системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылган жана Улуттук банкка көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдап турган адамдардын штаттык кызмат орундары кирүүгө тийиш.»; 

- 34-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:»; 

- 35-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Техникалык директор жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча ага теӊдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:»; 

- 36-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Башкы бухгалтер жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча ага теӊдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:»; 

үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- бухгалтердин позициясында кеминде 3 (үч) жыл, анын ичинде башкы бухгалтер позициясында кеминде 1 (бир) жыл иш стажы/тажрыйбасы бар;»; 

- 37-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«37. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата төмөнкүдөй шарттар белгиленбөөгө тийиш:»;  

2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү мурда Улуттук банк тарабынан лицензияланган уюмда кызмат адамы болуп саналган жана Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин, Көзөмөл боюнча комитетинин чечими же талапкерди төмөнкүлөр катары тааныган Улуттук банктын корутундусу, чечими же талапкер төмөнкүчө таанылган Улуттук банктын башка актылары болгон болсо (Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими, жазма буйруктар, текшерүү жөнүндө отчеттор ж.б.):  

а) анын натыйжасында уюмга (банктык/төлөм жана башка финансы уюмуна) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык операцияларды жүргүзүүгө чектөө жана/же атайы режим киргизилген аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар болсо;  

б) талапкер буга чейин анда жетектөөчү кызматты ээлеген төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун лицензиясы токтотулса же кайтарылып алынса; 

в) алгылыксыз жана\же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге катыштыгы бар болсо.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 37-1-пункт менен толукталсын: 

«37-1.Төмөндө көрсөтүлгөн фактылар болгон шартта, талапкер төлөм уюмунда жана/же төлөм системасынын операторунда ушул Жобонун 34-36-пункттарында көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок: 

а) ушул Жобонун 37-пунктунун 1-пунктчасында соттолгондугу алып салынган же жоюлган күндөн тартып 5 (беш) жыл ичинде; 

б) ушул Жобонун 37-пунктунун 2(а) жана 2(в) пунктчаларында Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин жана Төлөм системасы боюнча комитетинин тиешелүү чечими, жазма буйруктары, текшерүү жөнүндө отчеттору ж.б. күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жыл ичинде

в) ушул Жобонун 37-пунктунун 2(б) пунктчасында Төлөм системасы боюнча комитеттин лицензияны кайтарып алуу жөнүндө токтому күчүнө кирген күндөн тартып 2 (эки) жыл ичинде; 

г) эгерде төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашырууга лицензия алгандан кийин башкаруунун аткаруу органынын мүчөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттолсо, анда башкаруунун аткаруу органынын ошол мүчөсү алмаштырылууга жана ушул Жобонун 40-пунктуна ылайык документтерди сунуштоого тийиш.»

- 38-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштен бошотулганда/которулганда/бала багуу өргүүсүндө жүргөндө (кош бойлуулук) учурда, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде тиешелүү чечимдин көчүрмөсүн тиркөө менен Улуттук банкка маалымдоого тийиш.»;  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 38-1-пункт менен толукталсын: 

«38-1. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоодо төлөм уюму/төлөм системасынын оператору чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде тиешелүү чечимдин көчүрмөсүн, ошондой эле ушул жобонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү.»; 

- 40-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банкка лицензия алуу үчүн ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарында көрсөтүлгөн документтер менен бирге башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн, анын ичинде башкаруунун аткаруу органынын кайрадан кабыл алынган жана/же алмаштырылган мүчөлөрүнүн төмөнкү документтерин сунуштоого тийиш:  

1) орто/жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн;  

2) ушул Жобого ылайык талапкерди кызматка тандоо/дайындоо тууралуу чечим кабыл алган башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечиминен алынган көчүрмөнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн (же болбосо, мындай чечимдин көчүрмөсүнүн түп нускасын), ошондой эле кызматтык иш боюнча нускоого ылайык талапкердин функционалдык милдеттерин көрсөтүү менен эмгек келишиминин көчүрмөсүн;  

3) башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси үчүн - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тууралуу курсту угуу жөнүндө тиешелүү документ (күбөлүк) (көчүрмөсүн). Улуттук банкка документтерди тапшыруу учуруна карата документ (күбөлүк) алынган мөөнөт аны алган күндөн тарта 2 (эки) жылдан ашпоого тийиш;  

4) талапкер менен мурда иштеген же болбосо аны менен ишкердик мамилеси болгон адамдардан ушул Жобонун 5-тиркемесинин формасы боюнча кеминде бир сунуш-көрсөтмө. Мында, Улуттук банктын кызматчылары/кызматкерлери; кандай болбосун туугандык мамилеси бар адамдар; алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишкердикти жүзөгө ашырган катары таанылган адамдар сунуштаган сунуш-көрсөтмөлөрдү тапшырууга жол берилбейт; 

5) эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;  

6) ID-паспорттун көчүрмөсүн.»; 

- 47-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) жогорку билимге ээ экендиги жөнүндө диплому жана кеминде 3 (үч) жылдык эмгек стажы (тажрыйбасы) болууга, анын ичинен кеминде 2 (эки) жыл жетектөөчү кызматтарды ээлеген;»; 

- 50-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттукка учуроо коркунучу келип чыккан учурда Директорлор кеңеши төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү:»; 

төмөнкү мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын: 

«4) өлкөдө өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал киргизилген учурда, төлөм системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу боюнча чечимдерди кабыл алат жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Улуттук банкка маалымдайт.»

- 56-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Лицензияны кайра тариздөө ушул Жобонун 55-пунктуна ылайык документтер жана тиешелүү өтүнүч кат алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат.»; 

- 63-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«63. Жоюу/ыктыярдуу түрдө ишти токтотуу чечими кабыл алынган учурда, лицензиат чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнү ичинде анда себептерин көрсөтүп, башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечимдеринин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка ишин токтотуу жөнүндө өтүнүч катты жана лицензиянын түп нускасын сунуштоого тийиш.»; 

- 64-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«64. Лицензиат тиешелүү лицензияны Улуттук банкка тапшырганга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, келишим шарттарын аткарууга жана төлөм системасынын катышуучулары жана товарларды/кызматтарды сунуштоочулар (үчүнчү жактарга) алдында төлөмдөрдү ишке ашырууга, ошондой эле лицензияланган ишкердикти токтотууга тийиш.  

Төлөм уюму Улуттук банкка лицензиясын тапшырган учурда лицензиат үчүнчү жактар алдында төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышын салыштырып текшерүү актысын кагаз жүзүндө сунуштоого тийиш.  

Төлөм системасынын оператору лицензиясын тапшырган учурда, лицензиат тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштагандыгы үчүн төлөм системасынын катышуучулары менен өз ара эсептешүүлөрдүн аяктагандыгын тастыктаган документтерди сунуштоого тийиш.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 65-1-пункт менен толукталсын: 

«65-1.Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун лицензиясы кайтарылып алынган учурда, төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору төмөнкүлөргө милдеттүү

1) Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө төлөм системаларынын катышуучулары жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар (үчүнчү жактар) алдында төлөмдөрдү акырына чыгарып, лицензияланган иш түрүн дароо токтотууга;  

2) лицензияны кайтарып алуу жөнүндө билдирүү алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде лицензияны Улуттук банкка өткөрүп берүүгө.  

Улуттук банк лицензиянын аракети токтотулгандыгы тууралуу маалыматты Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыялайт.». 

- ушул Жобо төмөнкү редакциядагы 6-бөлүк менен толукталсын: 

«6-бөлүк. Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдери учурунда лицензиялоо 

16-глава. Документтерди кароо тартиби жана мөөнөттөрү  

67. Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдери киргизилген мезгилде Улуттук банк төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун лицензия алууга документтеринин жана өтүнүч катынын сканерден өткөрүлгөн жана Улуттук банктын расмий почтасына жөнөтүлгөн көчүрмөлөрүн кароого алат. Ошол эле учурда, өтүнүч катты кароо, ошондой эле башка лицензиялоо маселелерин кароо мөөнөтү өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режиминин мөөнөтүн эске алуу менен Улуттук банк Башкармасынын чечиминин негизинде узартылышы мүмкүн. Документтердин түп нускалары өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдери алынгандан кийин милдеттүү түрдө жөнөтүлүүгө тийиш. 

Улуттук банк өтүнүч кат ээсинин ушул Жобонун 16-17-пункттарынын талаптарына жооп берген документтерин алгандан кийин лицензия берет.  

68. Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режими киргизилген мезгилде ушул Жобонун 21-пунктунда белгиленген автоматташтырылган системалардын иштөө жөндөмдүүлүгүн алдын ала текшерүү жана өтүнүч ээсинин документтеринин ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарында белгиленген талаптарга шайкештигин текшерүү Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан өткөрүлбөйт.». 

- Жобого карата 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«(сүрөт үчүн) 

 АНКЕТА 

(кызмат адамы тарабынан толтурулат) 

(кызмат орду_______________) 

1. Аты-жөнү (эгерде аты-жөнү өзгөртүлгөн болсо: (мурдагы аты-жөнү, качан өзгөртүлгөн/эмне себептен?)). 

__________________________________________________ 

2. (Кызматы)  

_________________________________________________________________________ 

 (төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы

_________________________________________________________________________ 

3. Туулган күнү жана жери 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

4. Паспортунун сериясы ______ № ______ ким тарабынан берилген 

_____________________________________________________________________ 

5. Берилген күнү 

_________________________________________________________________________ 

6.Жарандыгы 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

7. Анкетаны толтурган учурда айкын жашаган жеринин жана катталган жеринин дареги, телефон номери 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

8. Үй-бүлөлүк абалы 

_________________________________________________________________________ 

9. Билими 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

                                                                           (жогорку) 

дипломунун № ________________________ берилген күнү_______________________ 

10. Ким тарабынан берилген 

_________________________________________________________________________ 

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан жери 

Факультет же бөлүм 

Тапшырган жылы 

Аяктаган жыл 

Алган дипломго ылайык адистиги 

11. Курстарда окуу: 

Семинардын же курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу 

12. Талапкердин төмөнкү тармактар боюнча билими жөнүндө маалымат (бар/жок): 

- банктык мыйзамдар ____________________________________________________; 

- корпоративдик башкаруу________________________________________________; 

- финансылык отчетту жүргүзүү жана бухгалтердик эсепке алуу_________________ 

_____________________________________________________________________ ; 

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторлорунун отчетторун түзүү тартиби ______________________________________________________________; 

- стратегиялык пландаштыруу_________________________________________________________; 

- тобокелдиктерди тескөө_________________________________________________; 

- ликвиддүүлүктү тескөө_________________________________________________; 

- аудит стандарттары____________________________________________________; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү__________________________________________. 

13. Эмгек жолу башталгандан тартып аткарган иштер: 

14. Жалпы эмгек стажы/иш тажрыйбасы (Директорлор кеңешинде катышуу): 

Жумушка кабыл алынган күн 

Жумуштан бошогон күн 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери 

Жумуштан кетүү себеби 

15. Сиз кызматкери же мүчөсү болуп саналган бардык башка уюмдарды, ассоциацияларды, мекемелерди көрсөтүңүз. 

Уюмдун аталышы 

Уюм жайгашкан жер 

Ээлеген кызмат орду 

16. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлери менен туугандык мамилеңизди, төлөм уюмун/төлөм системасынын операторун контролдукка алган жактар же компаниялар менен байланышыңызды, бардык өз ара милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз. 

17. Үй-бүлөлүк абалы: (үйлөнгөн, турмушка чыккан ж.б.)___________________ 

Жакын туугандарды (ата-эне, жолдошу/жубайы, балдары, асырап алгандар, асырап алынгандар, бир тууган, аталаш же энелеш ага-ини, эже-сиӊди/карындаш, чоӊ ата, чоӊ эне, тай ата, тай эне, небере), ошондой эле аталган тизмеге киргизилиши керек деп эсептеген башка туугандарды көрсөткүлө 

______________________________________________________________________ 

Аты-жөнү 

Туугандык байланышы 

Туулган күнү жана жери 

Кызмат орду жана иштеген жери 

Үй дареги, телефон № 

Жакын туугандарыӊыз жазык жоопкерчилигине тартылганбы: 

Ооба/жок 

Эгер тартылса, себебин көрсөткүлө 

18. Акырына чыгарылбаган сот иши же сизге иштин кайсыл бир түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими барбы? 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

19. Сизге Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары колдонулганбы? 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Мен, 

_________________________________________________________________________ 

                                                                          (аты-жөнү

жогоруда берилген маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана мындан ары орун алган кандай болбосун өзгөрүүлөр тууралуу Улуттук банкка 10 (он) жумуш күнү ичинде сунуштап турууга милдеттенем. Мен бурмалоолорго жана калпыстыктарга жол берген учурда, мага, төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонула тургандыгын тааныйм. 

20__-жылдын ____-_______________ 

________________________________ 

(кол тамгасы

». 

Долбоор 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы  

№ 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакция 

3-глава. Уставдык капитал 

5. Лицензиаттар тиешелүү ыйгарым укуктуу башкаруу органы чечим кабыл алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка бардык өзгөрүүлөр, анын ичинде уставдык капитал өлчөмүнүн өзгөргөндүгү, акцияларды/уюмда катышуу үлүшүн сатып алуу/сатуу, жоюу же кайра өзгөртүп түзүү, аткаруу органынын, байкоо органынын/директорлор кеңешинин, уюштуруучулар курамынын, айкын жайгашкан жеринин жана юридикалык дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу өчүрмөлөрдү/протоколдук чечимдердин көчүрмөлөрүн жана башка тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен) маалымдоого милдеттүү.  

5. Лицензиаттар тиешелүү ыйгарым укуктуу башкаруу органы чечим кабыл алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка бардык өзгөрүүлөр, анын ичинде уставдык капитал өлчөмүнүн өзгөргөндүгү, акцияларды/уюмда катышуу үлүшүн сатып алуу/сатуу, жоюу же кайра өзгөртүп түзүү, башкаруунун аткаруу органынын, башкаруунун байкоо органынын (директорлор кеңешинин, болгон учурда), уюштуруучулар курамынын, айкын жайгашкан жеринин жана юридикалык дарегинин өзгөргөндүгү, ошондой эле областтарда же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өкүлчүлүктөрдү жана/же филиалдарды ачуу тууралуу билдирүүгө милдеттүү

Билдирүүлөр лицензиат тарабынан күбөлөндүрүлгөн ыйгарым укуктуу башкаруу органынын тиешелүү чечимдеринин көчүрмөлөрүн (же болбосо мындай чечимдерден алынган көчүрмөлөрдүн түп нускасы) жана башка тастыктаган документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндө жөнөтүлүүгө тийиш. Улуттук банк кабыл алынган өзгөрүүлөргө тиешелүү кошумча документтерди/маалыматтарды суроо-талап кылууга укуктуу

7. Ушул жобонун алкагында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

.... 

Кызмат адамдары - байкоо органы (Директорлор кеңеши каралган учурда), башкармалыктын аткаруу органынын мүчөлөрү жана/же төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетекчиликке алган, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адамдар.  

Төлөм уюмдары жана/же төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу жактар:  

1) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун (юридикалык жактын) кызмат адамдары жана алардын жакын туугандары;  

2) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун капиталында тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар же жеке адамдар;  

3) ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн юридикалык жактарды башкаруунун байкоо жана аткаруу органынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары;  

4) ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жеке адамдардын жакын туугандары;  

5) ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жактар аларда олуттуу катышуучудан болгон жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар.  

7. Ушул жобонун алкагында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

.... 

Кызмат адамдары башкаруунун байкоо органынын (директорлор кеңеши, болгон учурда), башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү (жетекчи/директор, техникалык директор, башкы бухгалтер) жана/же төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адамдар. 

Төлөм уюмдары жана/же төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу жактар:  

1) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун кызмат адамдары жана алардын жакын туугандары; 

2) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун капиталында тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар же жеке адамдар;  

3) ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн юридикалык жактардын башкаруу боюнча байкоо жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары; 

4) ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жеке адамдардын жакын туугандары;  

5) ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жактар аларда олуттуу катышуучудан болгон жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар.  

10. Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төмөнкүлөрдү түзөт:  

- төлөм уюму үчүн кеминде 2000000 (эки миллион) сом.  

- төлөм системасынын оператору үчүн кеминде 1 000000 (бир миллион) сом.  

Өтүнүч ээси эки лицензия алууга документтерди тапшырган учурда, уставдык капитал кеминде 3000000 (үч миллион) сомду түзүүгө тийиш.  

10. Төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш: 

- төлөм уюму үчүн кеминде 2000000 (эки миллион) сом.  

- төлөм системасынын оператору үчүн кеминде 1 000000 (бир миллион) сом.  

Өтүнүч ээси эки лицензия алууга документтерди тапшырган учурда, уставдык капитал кеминде 3000000 (үч миллион) сомду түзүүгө тийиш.  

11. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-резидент эместердин пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууда төлөм уюмунун уставдык капиталы кеминде 10000000 (он миллион) сом өлчөмүндө болууга тийиш.  

11. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-резидент эместердин пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууда, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар-резидент эместер менен тике келишимдер болгон/техникалык платформалар интеграцияланган жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча финансылык өз ара эсептешүүлөр жүзөгө ашырылган учурда, төлөм уюмунун уставдык капиталы кеминде 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндө болууга тийиш. 

12. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук банктагы Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон төлөөчүлөрдүн салыктарын, жыйымдарын жана төлөмдөрүн төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алууда (тике келишимдер бар учурда) төлөм уюму кеминде 10000000 (он миллион) сом өлчөмүндө уставдык капиталга ээ болууга тийиш.  

Ушул пункттун талабы коммерциялык банк менен агенттик макулдашуунун негизинде төлөөчүлөрдөн салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алууну жүзөгө ашырган төлөм уюмдарына таркатылбайт.  

12. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча Улуттук банктагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон, төлөөчүлөрдүн салыктарын, жыйымдарын жана төлөмдөрүн төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алууда, салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү тескөөгө алган мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тике келишимдер болгон учурда, төлөм уюму кеминде 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндө уставдык капиталга ээ болууга тийиш.  

Ушул пункттун талабы коммерциялык банк менен агенттик макулдашуунун/келишимдин негизинде төлөөчүлөрдөн салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алууну жүзөгө ашырган жана банктын атынан кызмат көрсөткөн төлөм уюмдарына таркатылбайт

13. Эгерде төлөм системасынын операторунун төлөм системасы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) Саясатында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, 12 (он эки) жана андан ашык айдын жыйынтыгы боюнча системалык жактан маанилүү/маанилүү төлөм системасы катары же төлөм уюму/төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса, анда уставдык капитал төлөм системасынын маанилүүлүк деңгээлине жараша белгиленет:  

Уставдык капитал төмөнкү өлчөмдө белгиленет:  

- 200000000 (эки жүз миллион) сом, эгерде төлөм системасы системалык жактан маанилүү болуп таанылса;  

- 30000000 (отуз миллион) сом, эгерде төлөм системасы маанилүү болуп таанылса;  

- 20000000 (жыйырма миллион) сом, эгерде төлөм уюму же төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса.  

Төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими тууралуу лицензиатка билдирилген күндөн тартып алты ай ичинде жобонун ушул пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө уставдык капиталды көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алууга жана банкка акча каражаттарды салууга тийиш. Акча каражаттар белгиленген мөөнөттө салынбаган учурда Улуттук банк тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык таасир этүү чараларын колдонот.  

13. Эгерде төлөм системасынын операторунун төлөм системасы Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы №38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, системалуу мааниге ээ/маанилүү төлөм системасы катары же төлөм уюму/төлөм системасынын оператору 12 (он эки) жана андан ашык айдын жыйынтыгы боюнча орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса, анда уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төлөм системасынын маанилүүлүк деңгээлине жараша төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет: 

1) кеминде 200 000 000 (эки жүз миллион) сом, эгерде төлөм системасы системалуу мааниге ээ болуп таанылса; 

2) кеминде 30 000 000 (отуз миллион) сом, эгерде төлөм системасы маанилүү болуп таанылса; 

3) кеминде 20 000 000 (жыйырма миллион) сом, эгерде төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса. 

Төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими тууралуу лицензиатка билдирилген күндөн тартып 6 (алты) ай ичинде Жобонун ушул пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө уставдык капиталды көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алууга жана банкка акча каражаттарын салууга тийиш. Акча каражаттары белгиленген мөөнөттө салынбаган учурда Улуттук банк тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык таасир этүү чараларын колдонот. 

Жок. 

13-1. Уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

1) лицензиат тарабынан күбөлөндүрүлгөн, ыйгарым укуктуу башкаруу органынын тиешелүү чечиминин көчүрмөсүн (же болбосо мындай чечимден алынган көчүрмөнүн түп нускасын); 

2) акционерлердин (уюштуруучулардын)/ катышуучулардын уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган акча каражаттарын алуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды, тастыктаган документтерди тиркөө менен. 

4-глава. Өтүнүч ээлеринин/лицензиаттардын акционерлерине (уюштуруучуларына)/катышуучуларына карата талаптар  

Жок. 

15-1. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын)/катышуучуларынын курамы өзгөргөн шартта алар жөнүндө маалымат Улуттук банкка тиешелүү ыйгарым укуктуу башкаруу органы чечим кабыл алгандан тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде ушул Жобого карата 3 жана 4-тиркемелердин формасы боюнча анкета түрүндө сунушталууга тийиш. 

5-глава. Улуттук банкка сунушталуучу документтерге карата талаптар 

16. Өтүнүч ээсинин документтери (документтин түп нускасы жана/же анын талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) Улуттук банкка анын жайгашкан жери боюнча тапшырылат:  

- Улуттук банктын борбордук аппаратына - Бишкек шаарында жана Чүй областында каттоодон өткөн өтүнүч ээлери тарабынан;  

- Улуттук банктын областтык башкармалыктарына - Чүй жана Баткен областтарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын областтарында каттоодон өткөн өтүнүч ээлери тарабынан;  

- Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө - Баткен областында каттоодон өткөн өтүнүч ээлери тарабынан.  

Чет өлкөлүк акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар тарабынан сунушталган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте легалдаштырылууга же апостилдештирилүүгө тийиш. Чет тилде сунушталган документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерге которулуп, талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн түрдө сунушталууга тийиш.  

16. Өтүнүч ээсинин документтери (документтин түп нускасы жана/же анын талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) Улуттук банкка анын жайгашкан жери боюнча тапшырылат:  

- Улуттук банктын борбордук аппаратына - Бишкек шаарында жана Чүй областында каттоодон өткөн өтүнүч ээлери тарабынан;  

- Улуттук банктын областтык башкармалыктарына Чүй жана Баткен областтарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын областтарында каттоодон өткөн жана жайгашкан өтүнүч ээлери тарабынан; 

- Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө Баткен областында каттоодон өткөн жана жайгашкан өтүнүч ээлери тарабынан; 

Чет тилде сунушталган документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине жана/же расмий тилге которулуп, талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн документти камтууга тийиш. 

17. Ушул жобого ылайык Улуттук банкка сунушталган жана бирден ашык баракты камтыган бардык документтердин ар бир барагында маалымат чагылдырылууга, көктөлүүгө, номер коюлууга, жетекчинин кол тамгасы коюлуп, өтүнүч ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада сунушталышы мүмкүн.  

17. Ушул Жобого ылайык Улуттук банкка сунушталган жана бирден ашык барактан турган бардык документтердин ар бир барагында маалымат чагылдырылууга, көктөлүүгө, номер коюлууга, жетекчинин кол тамгасы коюлуп, өтүнүч ээсинин/лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада сунушталышы мүмкүн. 

Ушул Жобого ылайык Улуттук банкка сунушталуучу документтердин көчүрмөлөрү, эгерде ушул Жобонун өзүнчө пункттарында сунушталуучу документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүүнүн башка тартиби белгиленбесе, өтүнүч ээсинин/лицензиаттын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамдынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

2-БӨЛҮК. ЛИЦЕНЗИЯЛОО ТАРТИБИ  

6-глава. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер  

19. Төмөнкү ишти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада мамлекеттик жана/же расмий тилдерде сунуштайт:  

1) өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо боюнча:  

а) ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат;  

б) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү, уставдык капиталдын өлчөмү, башкаруунун аткаруу органын тандоо жөнүндө чечим;  

в) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар-юридикалык жактардын документтеринин көчүрмөлөрү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, акыркы отчеттук күнгө карата түзүлгөн, салык органына тапшырылган финансылык отчет;  

г) документтерди тапшыруу учуруна карата салык органдарынан салыктык карызынын жок экендигин тастыктаган маалым кат;  

д) тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;  

е) ушул Жобонун 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык толтурулган жана башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана акционерлери (уюштуруучулары)/катышуучулары тарабынан кол коюлган анкеталар же болбосо анкеталардын түп нускасын кийин жөнөтүү менен анын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү;  

ж) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу документтери жана башка тастыктоочу документтер);  

з) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план:  

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо;  

- мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептери;  

и) сунуштоочулардын пайдасына кызмат көрсөтүүлөр үчүн калктан жана өз агенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу максатында банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;  

к) коммерциялык банк менен техникалык платформаларды колдонууга киргизүү жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча финансылык өз ара эсептешүүнү жүргүзүү чөйрөсүндө алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин пайдасына кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштай турган өтүнүч ээси үчүн);  

л) ушул жобонун 10 же 11 жана 12-пунктуларына (кызмат көрсөтүүлөргө жараша) ылайык уставдык капитал катары акча каражаттар салынгандыгын тастыктаган документ;  

м) өтүнүч ээсинин аларда төмөнкүлөр каралган ички документтеринин көчүрмөлөрү:  

- агенттердин аралыкта орнотулуучу жабдууларын туташтыруу тартиби;  

- инкассациялоо тартиби;  

- кемчиликтер боюнча иш алып баруу тартиби;  

- кардарларга акча каражаттарын кайтаруу тартиби;  

- агенттер жана төлөм терминалдары аркылуу өтүүчү акча каражаттардын жылуу тартиби;  

- штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда иш алып баруу тартиби;  

- кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таркатууга катыштыгы бар катары таанылган адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалым каттарын тескөө механизмдерин кылдат чагылдыруу;  

- тараптардын жана алардын катышуучуларынын укуктары, милдеттенмелери жана жоопкерчилиги.  

Документтер көктөлгөн, номер коюлган жана ага жетекчинин жана/же ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлуп, мөөрү менен тастыкталууга тийиш.  

н) лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым салынгандыгын тастыктаган документ;  

о) өтүнүч ээси-жеке адам Кыргыз Республикасынын резидентинин/резидент эмесинин акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучусунун төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:  

- паспортунун көчүрмөсү;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада, документтерди сунуштоо күнүнө карата салык боюнча карыз жок экендиги жөнүндө маалымкаттар жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес - жеке адам ушул сыяктуу документтерди ал өзү жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык сунуштоосу зарыл;  

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган акционердин (уюштуруучунун)/катышуучунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдар жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен - кирешеси жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер).  

19. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада мамлекеттик жана/же расмий тилдерде сунуштайт: 

1) ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

2) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү, уставдык капиталдын өлчөмү, башкаруунун аткаруу органын тандоо жөнүндө чечим; 

3) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучу-юридикалык жактардын документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, ошондой эле акыркы отчеттук күнгө карата түзүлүп, салык органына тапшырылган финансылык отчет; 

4) документтерди тапшыруу учуруна карата салык органдарынан салык карызы жок экендигин тастыктаган маалым кат; 

5) тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;  

6) ушул Жобого карата 2, 3 жана 4-тиркемелерге ылайык толтурулган жана башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана акционерлери (уюштуруучулары)/катышуучулары тарабынан кол коюлган анкеталар же болбосо анкеталардын түп нускасын кийин жөнөтүү менен анын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, мында ушул Жобонун 3-бөлүгүндө каралган документтердин көчүрмөлөрү кошо тиркелет, ошондой эле ушул Жобонун 40-пунктуна ылайык башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн документтери

7) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу документтери жана башка тастыктоочу документтер); 

8) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план: 

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо; 

кеминде 3 (үч) жылга мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжаларды болжолдуу эсептөөлөр; 

9) товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына калктан жана өз агенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу максатында банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү

10) коммерциялык банк менен техникалык платформаларды колдонууга киргизүү жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча финансылык өз ара эсептешүүнү жүргүзүү чөйрөсүндө алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин пайдасына кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштай турган өтүнүч ээси үчүн); 

11) ушул жобонун 10 же 11 жана 12-пункттарына ылайык (кызмат көрсөтүүлөргө жараша) уставдык капитал катары акча каражаттар салынгандыгын тастыктаган документ; 

12) өтүнүч ээсинин аларда төмөнкүлөр каралган ички документтеринин көчүрмөлөрү, төлөм уюмунун иштөө эрежелери

- агенттерди/субагенттерди, аралыкта орнотулуучу жабдууларды туташтыруу тартиби; 

- инкассациялоо тартиби; 

- кемчиликтер боюнча иш алып баруу тартиби; 

- кардарларга акча каражаттарын кайтаруу тартиби; 

- агенттер жана төлөм терминалдары аркылуу өтүүчү акча каражаттардын жылуу тартиби; 

- штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда иш алып баруу тартиби; 

- кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таркатууга катыштыгы бар катары таанылган адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалым каттарын тескөө механизмдерин кылдат чагылдыруу; 

- тараптардын жана алардын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги. 

Документтер көктөлүп, номер коюлуп жана ага жетекчинин жана/же ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлуп, мөөрү менен тастыкталууга тийиш; 

13) эгерде өтүнүч ээсинин өкүлү анын атынан иш алып барса, лицензия алууга анын өкүлүнө берилген, мөөр оттискасы менен уюштуруу документтерине ылайык, жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлган ишеним кат; 

14) Кыргыз Республикасынын резидентинин/резидент эмесинин акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучу өтүнүч ээси-жеке адамдын төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү

- паспортунун көчүрмөсү (резидент ID-паспортунун көчүрмөсүн, резидент эмес чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкаттар жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди сунуштоосу зарыл; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган акционердин (уюштуруучунун)/катышуучунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен кирешелери жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер); 

Жок. 

15) аппараттык-программалык комплексти орнотуу жана өндүрүштүк колдонууга киргизүү актысы; 

Жок. 

16) өтүнүч ээсинин акционеринин / катышуучусунун / уюштуруучусунун / кызмат адамынын анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу. 

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү кызматтарын сунуштоо боюнча:  

а) ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат;  

б) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү, уставдык капиталдын өлчөмү, башкарууну аткаруу органын тандоо жөнүндө чечим;  

в) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар-юридикалык жактардын документтеринин көчүрмөлөрү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, акыркы отчеттук күнгө карата түзүлгөн, салык органына тапшырылган финансылык отчет;  

г) документтерди тапшыруу учуруна карата салык органдарынан салыктык карызынын жок экендигин тастыктаган маалым кат;  

д) тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;  

е) ушул Жобонун 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык толтурулган жана башкармалыктын аткаруу органынын мүчөлөрү жана акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар тарабынан кол коюлган анкеталар же болбосо анкеталардын түп нускасын кийин жөнөтүү менен анын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, ошондой эле ушул жобонун 3-бөлүгүндө каралган документтердин көчүрмөлөрү кошо тиркелет;  

ж) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу документтери жана башка тастыктоочу документтер);  

з) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план:  

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо;  

- иш технологиясы жана шифрлөө алгоритми;  

- мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептери;  

и) чарбалык иш каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;  

к) ушул жобонун 11-пунктуна ылайык уставдык капитал катары акча каражаттар салынгандыгын тастыктаган документ;  

л) кеминде төмөнкүлөр камтылган төлөм системасында финансылык мониторинг жүргүзүү тартибин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөсү:  

- финансылык мониторинг максаты жана милдеттери;  

- финансылык мониторинг жүргүзүү принциптери;  

- мониторинг системасын түзүүчү элементтердин топтому;  

м) төлөм системасынын иштөө эрежелеринде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- төлөм системасынын архитектурасын жана анын иш схемасын кеңири чагылдыруу;  

- төлөм системасына кирүү жана андан чыгуу тартиби, шарттары жана жол-жоболору;  

- катышуучуну төлөм системасына кошуу тартиби;  

- процессинг жана акыркы эсептешүүнү жүргүзүү тартиби;  

- ката төлөмдөрдү жокко чыгаруу жана кайтаруу тартиби;  

- кемчиликтер боюнча иштерди жүргүзүү тартиби;  

- төлөм системасынын катышуулары тарабынан өз иши жөнүндө маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби;  

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулган моделди кошо алганда, төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө системасы, тобокелдиктерди тескөө иш-чараларынын жана ыкмаларынын тизмеги, ички контролдук системасын жана ички аудит кызматынын иши, эгерде болгон болсо;  

- маалыматты коргоо талаптары;  

- талаш маселелерди чечүү тартиби;  

- системада штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан шартта, катышуучулардын иш алып баруу тартиби;  

- төлөм системасынын операторунун жана катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери;  

- кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таркатууга катыштыгы бар катары таанылган адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалым каттарын тескөө механизмдерин кылдат чагылдыруу.  

Төлөм системасынын иштөө эрежеси көктөлгөн, номер коюлган жана ага жетекчинин/ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлуп, юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталууга тийиш;  

н) аппараттык-программалык комплексин (мындан ары - АПК) орнотуу жана өндүрүштүк колдонууга киргизүү актысы;  

о) өтүнүч ээсинин/лицензиаттын АПК орнотулган жайга менчик укугу белгиленген документтин көчүрмөсү. Эгерде төлөм системасынын оператору өзүнүн жана/же ижарага алынган жайды аппараттык-программалык комплексти жайгаштыруу үчүн колдонсо, "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобого ылайык техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп берген жайдын техникалык чыңдалышы тууралуу түшүндүрмө берилген ижара келишимин сунуштоосу зарыл. Ижара келишимин колдонуу мөөнөтү кеминде бир жылды түзүүгө тийиш. Төлөм системасынын оператору субижарага алынган АПК жайын колдонушу мүмкүн. Мында субижара келишимине, анда жайды субижарага берүү укугу каралган, ижарага алуучу менен ижарага берүүчү ортосунда түзүлгөн ижара келишими (негизги келишим) кошо тиркелүүгө тийиш;  

п) лицензияланган уюмдун программалык камсыздоосу менен ачык интерфейс (API) колдоого алынгандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү жана Улуттук банк тарабынан операциялык шайкештикти жана системалар ортосунда өз ара иш алып барууну камсыз кылуу үчүн аныкталган бирдиктүү эсептешүү борборуна аралашуу мүмкүнчүлүгү/аралашуусу; 

"Токтом" МБ эскертүүсү

2-пунктчасынын "п") абзацы 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

р) электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча эсептешүү эсебин ачуу тууралуу коммерциялык банк менен алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштаган өтүнүч ээси үчүн);  

с) электрондук акча эмитенти менен электрондук акча чыгарууга/жайылтууга алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштаган өтүнүч ээси үчүн);  

т) өтүнүч ээсинин атынан анын өкүлү ишеним каттын негизинде иш алып барган учурда, лицензияны алууга анын өкүлүнө берилген, жетекчисинин же болбосо уюштуруу документтерине ылайык ыйгарым укуктуу башка адамдын кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;  

у) лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым салынгандыгын тастыктаган документ;  

ф) акционер (уюштуруучу)/катышуучу-жеке адамдын-резидент/резидент эместин төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:  

- паспортунун көчүрмөсү;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада, документтерди сунуштоо күнүнө карата салык боюнча карыз жок экендиги жөнүндө маалымкаттар жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес - жеке адам ушул сыяктуу документтерди ал өзү жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык сунуштоосу зарыл;  

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган акционердин (уюштуруучунун)/катышуучунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдар жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен - кирешеси жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер).  

19-1. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада мамлекеттик жана/же расмий тилдерде сунуштайт

1) ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

2) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү, уставдык капиталдын өлчөмү, башкаруунун аткаруу органын тандоо жөнүндө чечим; 

3) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучу-юридикалык жактардын документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, ошондой эле акыркы отчеттук күнгө карата түзүлүп, салык органына тапшырылган финансылык отчет; 

4) документтерди тапшыруу учуруна карата салык органдарынан салык карызы жок экендигин тастыктаган маалым кат; 

5) тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;  

6) ушул Жобого карата 2, 3 жана 4-тиркемелерге ылайык толтурулган жана башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана акционерлери (уюштуруучулары)/катышуучулары тарабынан кол коюлган анкеталар же болбосо анкеталардын түп нускасын кийин жөнөтүү менен анын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, мында ушул Жобонун 3-бөлүгүндө каралган документтердин көчүрмөлөрү кошо тиркелет, ошондой эле ушул Жобонун 40-пунктуна ылайык башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн документтери

7) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу документтери жана башка тастыктоочу документтер); 

8) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план: 

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо; 

- иш технологиясы жана шифрлөө алгоритми; 

кеминде 3 (үч) жылга мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжаларды болжолдуу эсептөөлөр; 

9) чарбалык иш каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү

10) ушул жобонун 10-пунктуна ылайык уставдык капитал катары акча каражаттар салынгандыгын тастыктаган документ; 

11) кеминде төмөнкүлөр камтылган төлөм системасында финансылык мониторинг жүргүзүү тартибин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөсү

- финансылык мониторинг максаты жана милдеттери; 

- финансылык мониторинг жүргүзүү принциптери; 

- мониторинг системасын түзүүчү элементтердин топтому; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо эрежелери; 

12) төлөм системасынын операторунун иштөө эрежелеринде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- төлөм системасынын архитектурасын жана анын иш схемасын кеңири чагылдыруу; 

- төлөм системасына кирүү жана андан чыгуу тартиби, шарттары жана жол-жоболору; 

- катышуучуну төлөм системасына туташтыруу тартиби; 

- процессинг жана акыркы эсептешүүнү жүргүзүү тартиби; 

- жаңылыш төлөмдөрдү жокко чыгаруу жана кайтаруу тартиби; 

- кемчиликтер боюнча иштерди жүргүзүү тартиби; 

- төлөм системасынын катышуулары тарабынан өз иши жөнүндө маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулган моделди кошо алганда, төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө системасы, тобокелдиктерди тескөө иш-чараларынын жана ыкмаларынын тизмеги, ички контролдук системасын жана ички аудит кызматынын иши, эгерде болгон болсо; 

- маалыматты коргоо талаптары; 

- талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- системада штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан шартта, катышуучулардын иш алып баруу тартиби; 

- төлөм системасынын операторунун жана катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таркатууга катыштыгы бар катары таанылган адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалым каттарын тескөө механизмдерин кылдат чагылдыруу. 

Төлөм системасынын иштөө эрежелери көктөлүп, номер коюлуп жана ага жетекчинин/ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлуп, юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталууга тийиш; 

13) аппараттык-программалык комплексти (мындан ары АПК) орнотуу жана өндүрүштүк колдонууга киргизүү актысы; 

14) кеминде төмөнкүлөр камтылган АПКнын автоматташтырылган маалымат системаларынын жана компоненттеринин паспорттору: 

- жалпы мүнөздөмө (багыты, колдонууга киргизүү күнү ж.б.); 

- системанын конфигурациясын (аппараттык бөлүгү, программалык камсыздоо/системалык, программалык/маалымат базасын башкаруу системалары, диск бөлүктөрүнүн көлөмү, резервдик көчүрмөлөө картасы ж.б.); 

- системаны калыбына келтирүү регламентин кошо алганда, системаны колдонууга киргизүүдө колдонулуучу ченемдик документтердин тизмеги (жоболор, регламенттер ж.б.); 

- жабдуунун жана окшош системалардын өз ара иштөө схемасы (топология); 

15) өтүнүч ээсинин АПК орнотулган жайга менчик же ижара укугу белгиленген документтин көчүрмөсү. АПК жайгаштырылуучу менчик же ижарага алынган жай Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш. Эгерде төлөм системасынын оператору АПКны жайгаштыруу үчүн: 

- менчик жайын колдонсо, ошол жайга менчик укугун тастыктаган документтерди сунуштоого тийиш; 

- жай ижарага алынса, жайдын техникалык мүнөздөмөсүн көрсөтүү менен ижара келишимин сунуштоо зарыл. Ижара келишими 1 (бир) жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш; 

- жай субижарага алынса, субижара келишимине карата жайды субижарага берүү укугу жана мөөнөтү көрсөтүлгөн, ижарачы менен ижарага берүү ортосунда түзүлгөн ижара келишими (негизги келишим) тиркелүүгө тийиш; 

16) лицензияланган уюмдун программалык камсыздоосу менен ачык интерфейс (API) колдоого алынгандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү жана Улуттук банк тарабынан операциялык шайкештикти жана системалар ортосунда өз ара иш алып барууну камсыз кылуу үчүн аныкталган бирдиктүү эсептешүү борборуна (болгон болсо) аралашуу мүмкүнчүлүгү/аралашуусу

17) электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча эсептешүү эсебин ачуу тууралуу коммерциялык банк менен алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштаган өтүнүч ээси үчүн); 

18) электрондук акча эмитенти менен электрондук акча чыгарууга/жайылтууга алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштаган өтүнүч ээси үчүн); 

19) эгерде өтүнүч ээсинин өкүлү анын атынан иш алып барса, лицензия алууга анын өкүлүнө берилген, мөөр оттискасы менен уюштуруу документтерине ылайык, жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлган ишеним кат; 

20) резиденттин/резидент эместин акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучу-жеке адамдын төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү

- паспортунун көчүрмөсү (резидент ID-паспортунун көчүрмөсүн, резидент эмес чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн)

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкаттар жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди сунуштоосу зарыл; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган акционердин (уюштуруучунун)/катышуучунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдары жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен кирешелери жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер); 

21) арыз ээсинин акционеринин / катышуучусунун / уюштуруучусунун / кызмат адамынын анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу. 

7-глава. Документтерди кароо тартиби 

22. Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө автоматташтырылган системалардын иштөөсү жана өтүнүч ээси сунуштаган документтер ушул жобонун 19-пунктунун талаптарына дал келүүсү текшерилет. Өтүнүч ээси алдын ала текшерүү ишин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү (жайга кирүү, системадан жана өтүнүч ээсинин документтерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү, кызматкерлерге консультацияларды берүү ж.б.). Алдын ала текшерүү мөөнөтү 10 (он) жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. 

22. Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө автоматташтырылган системалардын иштөөсү жана өтүнүч ээси сунуштаган документтер ушул жобонун 19 жана 19-1-пункттарынын талаптарына дал келүүсү текшерилет. Өтүнүч ээси алдын ала текшерүү ишин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү (жайга кирүү, системадан жана өтүнүч ээсинин документтерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү, кызматкерлерге консультацияларды берүү ж.б.). Алдын ала текшерүү мөөнөтү 10 (он) жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. 

24. Ушул жобонун талаптарына дал келбеген же толук эмес көлөмдөгү документтер же болбосо белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен үчтөн көп жолу сунушталса Улуттук банк документтерди кароодон баш тартат жана 5 (беш) жумуш күнү ичинде бул тууралуу кат жүзүндө билдирүү жөнөтөт.  

24. Документтер ушул Жобонун талаптарына дал келбесе же 3 (үчтөн) көп жолу толук эмес көлөмдө же болбосо белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен сунушталган учурда Улуттук банк документтерди кароодон баш тартат жана бул тууралуу кат жүзүндө билдирүү жөнөтөт. 

24-1. Повторная подача заявления и документов на получение лицензий допускается по истечении 6 (шести) месяцев со дня официального отказа в рассмотрении документов либо со дня истечения сроков, указанных в пункте 23 настоящего Положения (в случае нарушения данных сроков). 

Повторная подача заявления и документов на получение лицензий допускается только при устранении недостатков и замечаний, указанных Национальным банком при первичном рассмотрении документов. В случае неустранения замечаний, указанных Национальным банком при первичном рассмотрении документов, Национальный банк вправе отказать в рассмотрении документов без повторного направления на доработку документов в течении 15 (пятнадцати) рабочих дней с даты их поступления в Национальный банк. 

Жок. 

24-1. Документтерди кароодон расмий түрдө баш тартылган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин же болбосо ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт өткөн күндөн кийин (ошол мөөнөт бузулган шартта) лицензия алуу үчүн өтүнүч катты жана документтерди кайрадан сунуштоого жол берилет. 

Улуттук банк тарабынан документтерди алгачкы кароодо көрсөтүлгөн кемчиликтер жана сын-пикирлер четтетилгенде гана лицензия алуу үчүн өтүнүч катты жана документтерди кайрадан сунуштоого жол берилет. Эгерде документтерди алгачкы кароодо Улуттук банк тарабынан көрсөтүлгөн сын-пикирлер четтетилбесе, Улуттук банкка келип түшкөн күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнү ичинде документтерди иштеп чыгууга кайрадан жөнөтпөстөн, документтерди кароодон баш тартууга укуктуу. 

28. Лицензия ыйгарым укуктуу адам ишеним катты жана инсандыгын тастыктаган документтерди көрсөткөндөн кийин берилет. Ыйгарым укуктуу адам лицензия алуу үчүн сунуштаган ишеним кат Улуттук банкта сакталат.  

28. Лицензия ыйгарым укуктуу адам ишеним катты жана инсандыгын тастыктаган документтерди, ошондой эле лицензия берүүдө төлөнүүчү мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документти көрсөткөндөн кийин берилет. Ыйгарым укуктуу адам лицензия алууда сунуштаган ишеним кат Улуттук банкта сакталат. 

9-глава. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз 

30. Улуттук банк төмөндө келтирилген кандай болбосун себептердин бири боюнча лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн:  

1) көрсөтүлгөн иш багытына лицензия алуу үчүн берилген уюштуруу жана башка документтер ушул жобонун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе;  

2) ушул жобонун 24-пунктуна ылайык лицензия алуу үчүн Улуттук банкка сунушталуучу маалыматтар такталбаган түрдө жана/же толук эмес берилсе;  

3) кызмат адамдар ушул жобонун 3-бөлүгүндө жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп бербесе;  

4) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар ушул жобонун 15-пунктунда белгиленген талаптарга дал келбесе;  

5) уставдык капитал өлчөмү, минималдуу уставдык капиталды түзүү булагы Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына дал келбесе;  

6) өтүнүч ээсине иштин ушул түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салган соттун чечими болсо;  

7) өтүнүч ээсинин документтеринин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына дал келбешин тастыктаган алдын ала текшерүү жыйынтыктары;  

8) лицензияны кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алымды салбай коюу.  

30. Улуттук банк төмөндө келтирилген кандай болбосун себептердин бири боюнча лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн:  

1) көрсөтүлгөн иш багытына лицензия алуу үчүн берилген уюштуруу жана башка документтер ушул жобонун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе;  

2) ушул Жобонун 23 жана 24-пункттарына ылайык 3 (үчтөн) көп жолу такталбаган жана/же толук эмес маалыматтар берилсе же маалыматты сунуштоо үчүн белгиленген мөөнөттөр бузууга жол берилсе; 

2-1) эгерде сын-пикирлер ушул Жобонун 24-1-пунктуна ылайык документтер кайрадан берилген учурда четтетилбесе; 

3) кызмат адамдар ушул Жобонун 3-бөлүгүндө белгиленген квалификациялык талаптарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп бербесе; 

4) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар ушул Жобонун 15-пунктунда белгиленген талаптарга дал келбесе; 

5) уставдык капитал өлчөмү, минималдуу уставдык капиталды түзүү булагы Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына дал келбесе;  

6) өтүнүч ээсине иштин ушул түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салган соттун чечими болсо;  

7) өтүнүч ээсинин документтеринин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына дал келбешин тастыктаган алдын ала текшерүү жыйынтыктары;  

8) лицензияны кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алымды салбай коюу.  

3-БӨЛҮК. ТӨЛӨМ УЮМДАРЫНЫН ЖАНА ТӨЛӨМ СИСТЕМАЛАРЫНЫН ОПЕРАТОРЛОРУНУН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА КАРАТА ТАЛАПТАР  

Глава 10. Требования к членам исполнительного органа заявителей/лицензиатов 

Глава 10. Требования к членам исполнительного органа управления заявителей/лицензиатов 

10-глава. Өтүнүч ээлеринин/лицензиаттардын аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата талаптар  

10-глава. Өтүнүч ээлеринин/лицензиаттардын аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата талаптар 

32. Лицензиаттын талаптагыдай иш алып баруусун уюштуруу максатында жетекчи (башкы директор\президент\төрага), техникалык директор, башкы бухгалтер жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген жана төлөм уюмунун, төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетекчиликке алган адамдардын штаттык кызмат орундары каралууга тийиш.  

32. Төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда талаптагыдай ишти уюштуруу максатында башкарма түрүндө башкаруунун коллегиалдуу аткаруу органы иштөөгө тийиш. 

Башкарманын курамына, кеминде, жетекчи (башкы директор/президент/төрага), техникалык директор, башкы бухгалтер жана/же өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңештирилген, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, өлкөдө өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал киргизилген учурда (Директорлор кеңеши жок учурда) төлөм системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылган жана Улуттук банкка көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдап турган адамдардын штаттык кызмат орундары кирүүгө тийиш. 

34. Төлөм уюмунун\төлөм системасынын операторунун аткаруу органынын жетекчиси төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- жогорку билиминин болушу;  

- акыркы 5 (беш) жыл ичинде экономикалык, юридикалык жана/же техникалык чөйрөдө, анын ичинде кеминде 3 (үч) жыл жетектөөчү кызматтарда иш стажы/тажрыйбасы болууга;  

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курсту угуу тууралуу документинин (күбөлүктүн) болушу.  

34.Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку билиминин болушу;  

- акыркы 5 (беш) жыл ичинде экономикалык, юридикалык жана/же техникалык чөйрөдө, анын ичинде кеминде 3 (үч) жыл жетектөөчү кызматтарда иш стажы/тажрыйбасы болууга;  

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курсту угуу тууралуу документинин (күбөлүктүн) болушу.  

35. Техникалык директор төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- орто кесиптик/жогорку техникалык билимге ээ болууга;  

- маалымат технологиялар жагында жана аралаш тармактарда кеминде 3 (үч) жыл, анын ичинде кеминде 1 (бир) жыл жетектөөчү кызматтарда иш стажы/тажрыйбасы болууга;  

- маалымат технологиялар/программалар ж.б. чөйрөсүндө сертификаттарды сунуштоого (болгон болсо).  

35. Техникалык директор жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча ага теӊдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш

- орто кесиптик/жогорку техникалык билимге ээ болууга;  

- маалымат технологиялар жагында жана аралаш тармактарда кеминде 3 (үч) жыл, анын ичинде кеминде 1 (бир) жыл жетектөөчү кызматтарда иш стажы/тажрыйбасы болууга;  

- маалымат технологиялар/программалар ж.б. чөйрөсүндө сертификаттарды сунуштоого (болгон болсо). 

36. Башкы бухгалтер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- жогорку экономикалык же бухгалтердик билимге ээ болууга;  

- бухгалтердин позициясында кеминде 2 (эки) жыл иш стажы/тажрыйбасы бар;  

- сертификаттын көчүрмөсүн тиркөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатына/лицензиясына ээ билим берүү мекемелеринен бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билим алгандыгын тастыктаган сертификатка ээ болууга.  

36. Башкы бухгалтер жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча ага теӊдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку экономикалык же бухгалтердик билимге ээ болууга;  

- бухгалтердин позициясында кеминде 3 (үч) жыл, анын ичинде башкы бухгалтер позициясында кеминде 1 (бир) жыл иш стажы/тажрыйбасы бар; 

- сертификаттын көчүрмөсүн тиркөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатына/лицензиясына ээ билим берүү мекемелеринен бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билим алгандыгын тастыктаган сертификатка ээ болууга. 

37. Аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата төмөнкүдөй шарттар белгиленбөөгө тийиш:  

1) кызмат адамына карата соттун чечими боюнча төлөм, банк, финансы системаларында жана/же маалымат системалар/коопсуздук тармагында иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылган болсо;  

2) аткаруу органынын мүчөлөрү мурда Улуттук банк тарабынан лицензияланган уюмда кызмат адамы болуп саналган жана Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин, Көзөмөл боюнча комитетинин чечими же талапкерди төмөнкүлөр катары тааныган Улуттук банктын корутундусу, чечими же башка актылар болгон болсо (Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими, жазма буйруктар, текшерүү жөнүндө отчеттор ж.б.):  

а) аракеттерге (аракеттенбей коюулар) катыштыгы бар, анын натыйжасында уюмда атайы режим киргизилген, Улуттук банк тарабынан берилген лицензиясы токтотулган же кайтарылып алынган;  

б) алгылыксыз жана\же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге катыштыгы бар.  

37. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата төмөнкүдөй шарттар белгиленбөөгө тийиш: 

1) кызмат адамына карата соттун чечими боюнча төлөм, банк, финансы системаларында жана/же маалымат системалар/коопсуздук тармагында иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылган болсо;  

2) башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү мурда Улуттук банк тарабынан лицензияланган уюмда кызмат адамы болуп саналган жана Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин, Көзөмөл боюнча комитетинин чечими же талапкерди төмөнкүлөр катары тааныган Улуттук банктын корутундусу, чечими же талапкер төмөнкүчө таанылган Улуттук банктын башка актылары болгон болсо (Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими, жазма буйруктар, текшерүү жөнүндө отчеттор ж.б.):  

а) анын натыйжасында уюмга (банктык/төлөм жана башка финансы уюмуна) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык операцияларды жүргүзүүгө чектөө жана/же атайы режим киргизилген аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар болсо;  

б) талапкер буга чейин анда жетектөөчү кызматты ээлеген төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун лицензиясы токтотулса же кайтарылып алынса; 

в) алгылыксыз жана\же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге катыштыгы бар болсо. 

Отсутствует. 

37-1. Кандидат не имеет права занимать в платежной организации и/или операторе платежной системе должности, указанные в пунктах 34-36 настоящего Положения, при наличии фактов, обозначенных: 

а) в подпункте 1 пункта 37 настоящего Положения в течение 5 (пяти) лет со дня снятия или погашения судимости; 

б) в подпунктах 2(а) и 2(в) пункта 37 настоящего Положения в течении 3 (трех) лет со дня вступления в силу соответствующего решения Комитета по платежной системе и Комитета по надзору Национального банка, предписания, отчетов о проверке и др.; 

в) в подпункте 2(б) пункта 37 настоящего Положения в течение 2 (двух) лет со дня вступления в силу постановления Комитета по платежной системе об отзыве лицензии; 

г) в случае если после получения лицензии на осуществление деятельности платежной организации и оператора платежной системы член исполнительного органа управления получил судимость в соответствии с законодательством Кыргызской Республики, то член исполнительного органа управления должен быть заменен в соответствии с пунктом 40 настоящего Положения.  

Жок. 

37-1.Төмөндө көрсөтүлгөн фактылар болгон шартта, талапкер төлөм уюмунда жана/же төлөм системасынын операторунда ушул Жобонун 34-36-пункттарында көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок: 

а) ушул Жобонун 37-пунктунун 1-пунктчасында соттолгондугу алып салынган же жоюлган күндөн тартып 5 (беш) жыл ичинде; 

б) ушул Жобонун 37-пунктунун 2(а) жана 2(в) пунктчаларында Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин жана Төлөм системасы боюнча комитетинин тиешелүү чечими, жазма буйруктары, текшерүү жөнүндө отчеттору ж.б. күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жыл ичинде

в) ушул Жобонун 37-пунктунун 2(б) пунктчасында Төлөм системасы боюнча комитеттин лицензияны кайтарып алуу жөнүндө токтому күчүнө кирген күндөн тартып 2 (эки) жыл ичинде; 

г) эгерде төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашырууга лицензия алгандан кийин башкаруунун аткаруу органынын мүчөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттолсо, анда башкаруунун аткаруу органынын ошол мүчөсү алмаштырылууга жана ушул Жобонун 40-пунктуна ылайык документтерди сунуштоого тийиш. 

38. В случае увольнения/ перевода/ нахождения в отпуске по уходу за ребенком (декретный отпуск) в соответствии с законодательством Кыргызской Республики членов исполнительного органа платежная организация/оператор платежной системы обязан(а) в течение 5 (пяти) рабочих дней с даты принятия решения уведомить Национальный банк с приложением анкеты и документов, указанных в пункте 40 настоящего Положения. В случае увольнения 25 и более процентов сотрудников в течение 30 (тридцати) календарных дней платежная организация/оператор платежной системы должна/н проинформировать об этом Национальный банк.   

38. В случае увольнения/ перевода/ нахождения в отпуске по уходу за ребенком (декретный отпуск) в соответствии с законодательством Кыргызской Республики членов исполнительного органа управления, платежная организация/оператор платежной системы обязан(а) в течение 5 (пяти) рабочих дней с даты принятия решения уведомить Национальный банк с приложением копии соответствующего решения.  

В случае увольнения 25 и более процентов сотрудников в течение 30 (тридцати) календарных дней платежная организация/оператор платежной системы должна/н проинформировать об этом Национальный банк.  

38. Аткаруу органынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштен бошотулганда/которулганда/бала багуу өргүүсүндө жүргөндө (кош бойлуулук) учурда, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде ушул жобонун 40-пунктунда белгиленген анкетаны жана документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү. 30 (отуз) календардык күн ичинде кызматкерлердин 25 жана андан көп пайызы иштен бошонгон учурда төлөм уюму/төлөм системасынын оператору бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого тийиш.  

38. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштен бошотулганда/которулганда/бала багуу өргүүсүндө жүргөндө (кош бойлуулук) учурда, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде тиешелүү чечимдин көчүрмөсүн тиркөө менен Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

30 (отуз) календардык күн ичинде кызматкерлердин 25 жана андан көп пайызы иштен бошонгон учурда төлөм уюму/төлөм системасынын оператору бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

Жок. 

38-1. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоодо төлөм уюму/төлөм системасынын оператору чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде тиешелүү чечимдин көчүрмөсүн, ошондой эле ушул жобонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү

40. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банкка лицензияны алуу үчүн ушул жобонун 19-пунктунда көрсөтүлгөн документтер менен бирге аткаруу органынын мүчөлөрүнүн, анын ичинде аткаруу органынын жаңыдан кабыл алган мүчөлөрүнүн төмөнкү документтерин сунуштоого тийиш:  

1) орто/жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн;  

2) ушул жобого ылайык талапкерди кызматка тандоо/дайындоо (эмгек келишими) тууралуу чечим кабыл алган башкармалыктын ыйгарым укуктуу органынын отурумунан протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;  

3) аткаруу органынын жетекчиси үчүн - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тууралуу курсту угуу жөнүндө тиешелүү документ (күбөлүк);  

4) талапкер менен мурда иштеген же болбосо 5-тиркеменин формасы боюнча аны менен ишкердик мамилеңиз бар адамдардан кеминде бир сунуш-көрсөтмөнү;  

5) эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;  

6) паспорттун көчүрмөсүн.  

40. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банкка лицензия алуу үчүн ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарында көрсөтүлгөн документтер менен бирге башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн, анын ичинде башкаруунун аткаруу органынын кайрадан кабыл алынган жана/же алмаштырылган мүчөлөрүнүн төмөнкү документтерин сунуштоого тийиш:  

1) орто/жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн;  

2) ушул Жобого ылайык талапкерди кызматка тандоо/дайындоо тууралуу чечим кабыл алган башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечиминен алынган көчүрмөнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн (же болбосо, мындай чечимдин көчүрмөсүнүн түп нускасын), ошондой эле кызматтык иш боюнча нускоого ылайык талапкердин функционалдык милдеттерин көрсөтүү менен эмгек келишиминин көчүрмөсүн;  

3) башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси үчүн - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тууралуу курсту угуу жөнүндө тиешелүү документ (күбөлүк) (көчүрмөсүн). Улуттук банкка документтерди тапшыруу учуруна карата документ (күбөлүк) алынган мөөнөт аны алган күндөн тарта 2 (эки) жылдан ашпоого тийиш;  

4) талапкер менен мурда иштеген же болбосо аны менен ишкердик мамилеси болгон адамдардан ушул Жобонун 5-тиркемесинин формасы боюнча кеминде бир сунуш-көрсөтмө. Мында, Улуттук банктын кызматчылары/кызматкерлери; кандай болбосун туугандык мамилеси бар адамдар; алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишкердикти жүзөгө ашырган катары таанылган адамдар сунуштаган сунуш-көрсөтмөлөрдү тапшырууга жол берилбейт; 

5) эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;  

6) ID-паспорттун көчүрмөсүн. 

11-глава. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата талаптар (каралган учурда) 

47. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимге ээ экендиги жөнүндө диплому жана кеминде үч жылдык эмгек стажы болууга, анын ичинен кеминде эки жыл жетектөөчү кызматтарда;  

2) кынтыксыз ишкердик абройго ээ;  

3) Кыргыз Республикасынын корпоративдик башкаруу жана банктык мыйзамдар чөйрөсүндө билимге ээ;  

4) төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишин өнүктүрүү боюнча бизнес-планды жана стратегияны билүүгө;  

5) соттолбогондугу жөнүндө маалымат катты сунуштоого.  

47. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимге ээ экендиги жөнүндө диплому жана кеминде 3 (үч) жылдык эмгек стажы (тажрыйбасы) болууга, анын ичинен кеминде 2 (эки) жыл жетектөөчү кызматтарды ээлеген; 

2) кынтыксыз ишкердик абройго ээ;  

3) Кыргыз Республикасынын корпоративдик башкаруу жана банктык мыйзамдар чөйрөсүндө билимге ээ;  

4) төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишин өнүктүрүү боюнча бизнес-планды жана стратегияны билүүгө

50. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору банкроттукка дуушарлануу коркунучу белгилери келип чыкса Директорлор кеңеши төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү:  

1) төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттукту алдын алуу боюнча ыкчам зарыл чараларды кабыл алуу;  

2) акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын кезексиз жалпы жыйынын дароо чакыртуу;  

3) Улуттук банкка төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттук белгилери келип чыккандыгы, Директорлор кеңешинин акционерлердин кезексиз жалпы жыйынын дароо чакыртуу маселесин кароо жыйынтыгы, ошондой эле төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттукту алдын алуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынгандыгы жана пландаштырылып жаткандыгы жөнүндө тез арада маалымдоо.  

50. Төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттукка учуроо коркунучу келип чыккан учурда Директорлор кеңеши төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү:»; 

1) төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттукту алдын алуу боюнча ыкчам зарыл чараларды кабыл алуу;  

2) акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын кезексиз жалпы жыйынын дароо чакыртуу;  

3) Улуттук банкка төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттук белгилери келип чыккандыгы, Директорлор кеңешинин акционерлердин кезексиз жалпы жыйынын дароо чакыртуу маселесин кароо жыйынтыгы, ошондой эле төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттукту алдын алуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынгандыгы жана пландаштырылып жаткандыгы жөнүндө тез арада маалымдоо. 

4) өлкөдө өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал киргизилген учурда, төлөм системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу боюнча чечимдерди кабыл алат жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Улуттук банкка маалымдайт. 

4-БӨЛҮК. ЛИЦЕНЗИЯНЫ КАЙРА ТАРИЗДӨӨ, ДУБЛИКАТЫН БЕРҮҮ ЖАНА ЛИЦЕНЗИЯНЫН АРАКЕТИН ТОКТОТУУ ТАРТИБИ  

Лицензияны кайра тариздөө  

56. Лицензияны кайра тариздөө тиешелүү өтүнүч кат алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензиар лицензияны кайра тариздөөдө тиешелүү өзгөртүүлөрдү реестрге киргизет.  

56. Лицензияны кайра тариздөө ушул Жобонун 55-пунктуна ылайык документтер жана тиешелүү өтүнүч кат алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензиар лицензияны кайра тариздөөдө тиешелүү өзгөртүүлөрдү реестрге киргизет. 

14-глава. Лицензиянын аракетин токтотуу  

63. Жоюу/өз каалоосу боюнча ишти токтотуу чечими кабыл алынган учурда, лицензиат чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 жумуш күнү ичинде анда себептерин көрсөтүп, башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечимин кошо тиркөө менен Улуттук банкка ишти токтотуу жөнүндө өтүнүч катты жана лицензиянын түп нускасын сунуштоого тийиш.  

63. Жоюу/ыктыярдуу түрдө ишти токтотуу чечими кабыл алынган учурда, лицензиат чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнү ичинде анда себептерин көрсөтүп, башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечимдеринин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка ишин токтотуу жөнүндө өтүнүч катты жана лицензиянын түп нускасын сунуштоого тийиш. 

64. Лицензиат тиешелүү лицензияны Улуттук банкка тапшырууга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, келишим шарттарын аткарууга жана төлөм системасынын катышуучулары жана товарларды/кызматтарды сунуштоочулар (үчүнчү жактарга) алдында төлөмдөрдү ишке ашырууга, ошондой эле лицензияланган ишкердикти токтотууга тийиш. Улуттук банкка лицензияны тапшырууда лицензиат үчүнчү жактар алдында төлөмдөрдүн жыйынтыктап эсептелишин салыштырып текшерүү актысын кагаз жүзүндө сунуштоого тийиш.  

64. Лицензиат тиешелүү лицензияны Улуттук банкка тапшырганга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, келишим шарттарын аткарууга жана төлөм системасынын катышуучулары жана товарларды/кызматтарды сунуштоочулар (үчүнчү жактарга) алдында төлөмдөрдү ишке ашырууга, ошондой эле лицензияланган ишкердикти токтотууга тийиш.  

Төлөм уюму Улуттук банкка лицензиясын тапшырган учурда лицензиат үчүнчү жактар алдында төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышын салыштырып текшерүү актысын кагаз жүзүндө сунуштоого тийиш.  

Төлөм системасынын оператору лицензиясын тапшырган учурда, лицензиат тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштагандыгы үчүн төлөм системасынын катышуучулары менен өз ара эсептешүүлөрдүн аяктагандыгын тастыктаган документтерди сунуштоого тийиш. 

Жок. 

65-1.Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун лицензиясы кайтарылып алынган учурда, төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору төмөнкүлөргө милдеттүү

1) Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө төлөм системаларынын катышуучулары жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар (үчүнчү жактар) алдында төлөмдөрдү акырына чыгарып, лицензияланган иш түрүн дароо токтотууга;  

2) лицензияны кайтарып алуу жөнүндө билдирүү алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде лицензияны Улуттук банкка өткөрүп берүүгө.  

Улуттук банк лицензиянын аракети токтотулгандыгы тууралуу маалыматты Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыялайт. 

Жок.  

6-бөлүк. Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдери учурунда лицензиялоо 

16-глава. Документтерди кароо тартиби жана мөөнөттөрү  

67. Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдери киргизилген мезгилде Улуттук банк төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун лицензия алууга документтеринин жана өтүнүч катынын сканерден өткөрүлгөн жана Улуттук банктын расмий почтасына жөнөтүлгөн көчүрмөлөрүн кароого алат. Ошол эле учурда, өтүнүч катты кароо, ошондой эле башка лицензиялоо маселелерин кароо мөөнөтү өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режиминин мөөнөтүн эске алуу менен Улуттук банк Башкармасынын чечиминин негизинде узартылышы мүмкүн. Документтердин түп нускалары өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдери алынгандан кийин милдеттүү түрдө жөнөтүлүүгө тийиш. 

Улуттук банк өтүнүч кат ээсинин ушул Жобонун 16-17-пункттарынын талаптарына жооп берген документтерин алгандан кийин лицензия берет.  

68. Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режими киргизилген мезгилде ушул Жобонун 21-пунктунда белгиленген автоматташтырылган системалардын иштөө жөндөмдүүлүгүн алдын ала текшерүү жана өтүнүч ээсинин документтеринин ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарында белгиленген талаптарга шайкештигин текшерүү Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан өткөрүлбөйт

2-тиркеме 

«Төлөм уюмдарынын  

жана төлөм системаларынын 

операторлорунун ишин  

лицензиялоо жөнүндө»  

жобого карата 

2-тиркеме 

«Төлөм уюмдарынын  

жана төлөм системаларынын 

операторлорунун ишин  

лицензиялоо жөнүндө»  

жобого карата 

2-тиркеме 

үрөт үчүн)  

АНКЕТА 

(кызмат адамы тарабынан толтурулат) 

(кызмат орду _______________________________________)  

1. Аты-жөнү (эгерде аты-жөнү өзгөртүлгөн болсо: ______________________________________________________  

__________________________________________________________________________________________________ 

(мурдагы аты-жөнү, качан өзгөртүлгөн/эмне себептен?)).  

2. (Кызматы) ______________________________________________________________________________________  

өлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы)  

__________________________________________________________________________________________________  

Туулган күнү жана жери  

__________________________________________________________________________________________________  

__________________________________________________________________________________________________  

Паспортунун сериясы ______ № ______ ким тарабынан берилген  

__________________________________________________________________________________________________  

Берилген күнү  

__________________________________________________________________________________________________  

Жарандыгы  

__________________________________________________________________________________________________  

__________________________________________________________________________________________________  

Анкетаны толтурган учурда айкын жашаган жеринин жана катталган жеринин дареги, телефон номери  

__________________________________________________________________________________________________  

__________________________________________________________________________________________________  

Үй-бүлөлүк абалы  

__________________________________________________________________________________________________  

Билими  

дипломунун № ____________________________________ берилген күнү ___________________________________  

ким тарабынан берилген  

__________________________________________________________________________________________________  

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан жери 

Факультет же бөлүм 

Тапшырган жылы 

Аяктаган жыл 

Алган дипломго ылайык адистиги 

Курстарда окуу:  

Семинардын же курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу 

Талапкердин төмөнкү тармактар боюнча билими жөнүндө маалымат (бар/жок):  

- банктык мыйзамдар  

_____________________________________________________________________________;  

- корпоративдик башкаруу  

_____________________________________________________________________________;  

- финансылык отчетту жүргүзүү жана бухгалтердик эсепке алуу  

_____________________________________________________________________________;  

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторлорунун отчетторун түзүү тартиби  

_____________________________________________________________________________;  

- стратегиялык пландаштыруу  

____________________________________________________________________________;  

- тобокелдиктерди тескөө  

____________________________________________________________________________;  

- ликвиддүүлүктү тескөө  

____________________________________________________________________________;  

- аудиттин стандарттары  

_____________________________________________________________________________;  

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга  

(адалдоого) каршы аракеттенүү  

____________________________________________________________________________.  

Эмгек жолу башталгандан тартып аткарылган иштер:  

Жалпы эмгек стажы/иш тажрыйбасы (Директорлор кеңешинде катышуу):  

Жумушка кабыл алынган күн 

Жумуштан бошогон күн 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери 

Жумуштан кетүү себеби 

Сиз кызматкери же мүчөсү болуп саналган бардык башка уюмдарды, ассоциацияларды, мекемелерди көрсөтүңүз.  

Уюмдун аталышы 

Уюм жайгашкан жер 

Ээлеген кызмат орду 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлери менен туугандык 

мамилеңизди, төлөм уюмун/төлөм системасынын операторун контролдукка алган  

жактар же компаниялар менен байланышыңызды, бардык өз ара  

милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз.  

_________________________________________________________________________  

_________________________________________________________________________  

_________________________________________________________________________  

_________________________________________________________________________  

Акырына чыгарылбаган сот иши же сизге иштин кайсыл бир түрү менен иш алып  

барууга тыюу салган соттун чечими барбы?  

_________________________________________________________________________  

_________________________________________________________________________  

Сизге Улуттук банк тарабынан эскертүү таасир этүү чаралары колдонулганбы?  

_________________________________________________________________________  

_________________________________________________________________________  

Мен,  

_________________________________________________________________________  

(аты-жөнү)  

жогоруда берилген маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин  

тастыктайм жана мындан ары орун алган кандай болбосун өзгөрүүлөр тууралуу  

Улуттук банкка 10 (он) жумуш күнү ичинде сунуштап турууга милдеттенем.  

Мен бурмалоолорго жана калпыстыктарга жол берген учурда, мага, төлөм  

уюмуна/төлөм системасынын операторуна карата Кыргыз Республикасынын  

мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонула тургандыгын тааныйм.  

20__-жылдын "__" ____________ 

__________________________________ 

(кол тамгасы) 

үрөт үчүн) 

 АНКЕТА 

(кызмат адамы тарабынан толтурулат) 

(кызмат орду_______________) 

1. Аты-жөнү (эгерде аты-жөнү өзгөртүлгөн болсо: (мурдагы аты-жөнү, качан өзгөртүлгөн/эмне себептен?)). 

__________________________________________________ 

2. (Кызматы)  

_________________________________________________________________________ 

 (төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы

_________________________________________________________________________ 

3. Туулган күнү жана жери 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

4. Паспортунун сериясы ______ № ______ ким тарабынан берилген 

_____________________________________________________________________ 

5. Берилген күнү 

_________________________________________________________________________ 

6.Жарандыгы 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

7. Анкетаны толтурган учурда айкын жашаган жеринин жана катталган жеринин дареги, телефон номери 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

8. Үй-бүлөлүк абалы 

_________________________________________________________________________ 

9. Билими 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

                                                                           (жогорку) 

дипломунун № ________________________ берилген күнү_______________________ 

10. Ким тарабынан берилген 

_________________________________________________________________________ 

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан жери 

Факультет же бөлүм 

Тапшырган жылы 

Аяктаган жыл 

Алган дипломго ылайык адистиги 

11. Курстарда окуу: 

Семинардын же курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу 

12. Талапкердин төмөнкү тармактар боюнча билими жөнүндө маалымат (бар/жок): 

- банктык мыйзамдар ____________________________________________________; 

- корпоративдик башкаруу________________________________________________; 

- финансылык отчетту жүргүзүү жана бухгалтердик эсепке алуу_________________ 

_____________________________________________________________________ ; 

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторлорунун отчетторун түзүү тартиби ______________________________________________________________; 

- стратегиялык пландаштыруу_________________________________________________________; 

- тобокелдиктерди тескөө_________________________________________________; 

- ликвиддүүлүктү тескөө_________________________________________________; 

- аудит стандарттары____________________________________________________; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү__________________________________________. 

13. Эмгек жолу башталгандан тартып аткарган иштер: 

14. Жалпы эмгек стажы/иш тажрыйбасы (Директорлор кеңешинде катышуу): 

Жумушка кабыл алынган күн 

Жумуштан бошогон күн 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери 

Жумуштан кетүү себеби 

15. Сиз кызматкери же мүчөсү болуп саналган бардык башка уюмдарды, ассоциацияларды, мекемелерди көрсөтүңүз. 

Уюмдун аталышы 

Уюм жайгашкан жер 

Ээлеген кызмат орду 

16. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлери менен туугандык мамилеңизди, төлөм уюмун/төлөм системасынын операторун контролдукка алган жактар же компаниялар менен байланышыңызды, бардык өз ара милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз. 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

17. Үй-бүлөлүк абалы: (үйлөнгөн, турмушка чыккан ж.б.)___________________ 

Жакын туугандарды (ата-эне, жолдошу/жубайы, балдары, асырап алгандар, асырап алынгандар, бир тууган, аталаш же энелеш ага-ини, эже-сиӊди/карындаш, чоӊ ата, чоӊ эне, тай ата, тай эне, небере), ошондой эле аталган тизмеге киргизилиши керек деп эсептеген башка туугандарды көрсөткүлө 

______________________________________________________________________ 

Аты-жөнү 

Туугандык байланышы 

Туулган күнү жана жери 

Кызмат орду жана иштеген жери 

Үй дареги, телефон № 

Жакын туугандарыӊыз жазык жоопкерчилигине тартылганбы: 

Ооба/жок 

Эгер тартылса, себебин көрсөткүлө 

18. Акырына чыгарылбаган сот иши же сизге иштин кайсыл бир түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими барбы? 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

19. Сизге Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары колдонулганбы? 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Мен, 

_________________________________________________________________________ 

                                                                          (аты-жөнү

жогоруда берилген маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана мындан ары орун алган кандай болбосун өзгөрүүлөр тууралуу Улуттук банкка 10 (он) жумуш күнү ичинде сунуштап турууга милдеттенем. Мен бурмалоолорго жана калпыстыктарга жол берген учурда, мага, төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонула тургандыгын тааныйм. 

20__-жылдын ____-_______________ 

________________________________ 

(кол тамгасы

». 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ 

1. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасы бул, өлкөнүн аймагында ушул төлөм системасынын катышуучулары ортосунда акча каражаттарын которуу жагында иштеп жаткан төлөм системаларынын жыйындысы. Кыргыз Республикасында төлөм системасынын катышуучулары катары калкка төлөм кызматтарын сунуштаган финансы-кредит уюмдары, банк эмес финансы-кредит уюмдары жана башка юридикалык жактар саналат. 

Кыргыз Республикасынын калкы интернет кызматтары, мобилдик байланыш, телекөрсөтүү, коммуналдык кызматтар жана башка кызматтар үчүн акы төлөөдө терминалдарды жигердүү колдонушууда. Регионго жана колдонулган төлөм системасына жараша төлөм терминалы аркылуу, мисалы, салык, кредит үчүн төлөй аласыз, электрондук капчыкты толтура аласыз, жол эрежесин бузуу жана башкалар үчүн айыптык төлөмдөрдү төлөй аласыз. Айрым учурларда, калк тышкы уюмдардын кызматтары үчүн агенттер аркылуу төлөшү мүмкүн. Мындай кызмат көрсөтүүлөр рыногунун динамикасы бул кызматка суроо-талап туруктуу экендигин жана төлөм уюмдары аркылуу төлөнүүчү иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн арттыруу зарыл экендигин тастыктайт. 

2021-жылдын 1-январына карата 23 юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ, анын ичинен: 21 лицензия - төлөм системасынын операторунун ишин жүргүзүү укугуна жана 23 лицензия - төлөм уюмунун ишин жүргүзүү укугуна берилген. Мында, төлөм уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн акчалай жүгүртүүлөрдүн жылдан жылга өсүү тенденциясы байкалууда. Алсак, 2019-жылы төлөм уюмдары аркылуу 32,8 млрд. сом жалпы суммасына 168,3 млн. төлөм, ал эми 2020-жылы 46,5 млрд. сом суммасына 148,9 млн. төлөм өткөрүлгөн. 

Бул чөйрөнү жөнгө салган негизги мыйзамдар катары "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзамдар саналат, аларда лицензиялануучу ишкердик түрлөрүнө карата төмөнкүдөй негизги талаптар камтылат: өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо жана үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо. Лицензия алуу тартиби учурда колдонулуп жаткан 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) кеңири белгиленген. Ошого карабастан, тажрыйба көрсөткөндөй, лицензия берүү жол-жобосуна толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү зарылчылыгы келип чыгууда. 

Бүгүнкү күндө Жободо жөнгө салуучу менен лицензиаттар ортосунда пикир келишпестиктердин жана укуктук талаш-тартыштардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу максатында аларды түшүнүү жана туура колдонуу үчүн тактоо зарылчылыгы келип чыккан айрым ченемдер камтылат. 

Ушуга байланыштуу, жөнгө салуучу төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине андан ары натыйжалуу көзөмөлдүктү жүргүзүү үчүн лицензиардын функцияларын жүзөгө ашыруусу максатында Жобонун айрым талаптарын так белгилөө, колдонуу жана аткаруу үчүн жогоруда аталган Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.  

Алсак, лицензия алуу үчүн талап кылынган документтер боюнча ченемди жакшы түшүнүү үчүн талаптар төлөм уюмунун лицензиясын алуу үчүн жана төлөм системасынын операторунун лицензиясын алуу үчүн документтерге байланыштуу өзүнчө пункттарга бөлүнгөн жана лицензия алуу үчүн Улуттук банкка сунушталуучу зарыл документтердин тизмеси менен толукталган. 

Ошондой эле, такталбаган жана/же толук эмес маалыматтар белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен 3 (үчтөн) көп жолу берилгендиктен Улуттук банк лицензия берүүдөн баш тарткан шартта, лицензия алуу үчүн өтүнүч катты жана документтерди кайрадан тапшыруу мөөнөттөрүнө жана шарттарына байланыштуу талаптарды караштыруу сунушталат. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун талаптагыдай ишин уюштуруу максатында башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата талаптарды так көрсөтүү зарыл. Ошондой эле, башкы бухгалтердин эмгек стажына/иш тажрыйбасына карата талапты 2 жылдан 3 жылга өзгөртүү жана “анын ичинде башкы бухгалтер кызмат ордунда иш тажрыйбасы - кеминде 1 (бир) жыл” деген толуктоо киргизүү сунушталууда, анткени башкы бухгалтер бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндө зарыл квалификацияга жана тажрыйбага ээ болууга тийиш. 

Жобого ПФТД/ЛПД боюнча курстарды угуу жөнүндө документти (күбөлүктү) сунуштоо мөөнөтү боюнча толуктоо киргизүү сунушталууда. Мындай талап, жаңыдан дайындалган аткаруу бийлигинин жетекчилери 4-5 жыл мурун алынган документтерди (күбөлүктөрдү) сунуштаган учурлар кездешкендиктен киргизилүүдө. ПФТД/ЛПД жөнүндө мыйзам 2018-жылы өзгөртүлгөн, демек аткаруу органынын жетекчиси тиешелүү билимге ээ болууга тийиш. 

Ошондой эле, Жобого башкаруунун аткаруу органына, директорлор кеңешине карата өлкөдө өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал киргизилгенде төлөм системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу жана Улуттук банк тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдоо боюнча чечимдерди кабыл алуу милдети жөнүндө талап киргизүү зарыл. 

Мындан тышкары, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу-резидент эместер менен түзүлгөн келишимдердин болушу/техникалык аянтчаларды интеграциялоо жана өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-резидент эместердин пайдасына кабыл алууда жана өткөрүүдө чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча финансылык өз ара эсептешүүнү жүзөгө ашыруу жөнүндө тактоолорду Жобого киргизүү сунушталууда. Ошондой эле, Жобого түздөн-түз келишимдер салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү тескеген мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлүүгө тийиш экендиги жөнүндө тактоолорду киргизүү сунушталууда. Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, ушул пункттун талаптары агенттик келишимдин негизинде жана банктын атынан кызмат көрсөткөн төлөм уюмдарына таркатылбайт. 

Буга кошумча, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставдык капитал өлчөмүн жана акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучуларынын курамын өзгөртүүдө Улуттук банкка сунушталуучу документтерге тиешелүү талаптарды такташтыруу сунушталат. 

Улуттук банкка төлөм уюмунун лицензиясы өткөрүлүп берилген учурда, лицензиат үчүнчү жактар алдында төлөмдөр боюнча жыйынтыктап эсептешүүлөрдү акырына чыгаргандыгын салыштырып текшерүү актысын кагаз түрүндө сунуштоого тийиш, ал эми төлөм системасынын операторунун лицензиясы тапшырылган учурда тиешелүү кызматтарды көрсөтүү үчүн төлөм системасынын катышуучулары менен өз ара эсептешүүлөр аяктагандыгын тастыктаган документтерди сунуштоого тийиш. 

Төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун лицензиясы кайтарылып алынган учурда, Жобого лицензияларды тапшыруу шарттары боюнча талаптарды киргизүү сунушталууда. Ошондой эле, Жобону өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режими киргизилген мезгилде лицензиялоо маселелери боюнча жаңы бөлүк менен толуктоо сунушталууда. 

Жогоруда белгиленгендерге байланыштуу, тактап айтканда, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча айрым талаптарды так белгилөө, лицензиялоо маселелерин бирдей түшүнүү жана ченемдердин колдонулушун камсыз кылуу максатында Жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. 

«ПРОБЛЕМАЛАР ТАРАМЫ» 

№1-проблема 

Кызыкдар тараптар: 

1) Жөнгө салуучу орган - Улуттук банк; 

2) Төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору. 

Проблемалар масштабы 

Каралып жаткан маселе анча олуттуу болуп саналбайт, анткени Улуттук банктын ченемдик укуктук базасында төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча бардык талаптар жөнгө салынган.  

Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, лицензиялоо боюнча айрым талаптарды так белгилөө зарыл, бул өз кезегинде, жөнгө салуучу менен лицензиаттар ортосунда келишпестиктердин келип чыгышына жол бербейт. 

Эл аралык тажрыйба  

Өзбекстан Республикасы 

Төлөм системаларынын ишин жөнгө салуу максатында Өзбекстандын Борбордук банкы Өзбекстан Республикасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы «Төлөмдөр жана төлөм системалары жөнүндө» мыйзамынын алкагында: 

- төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоону жүзөгө ашырат; 

- Төлөм системасынын операторлорунун реестрин жана Төлөм уюмдарынын реестрин жүргүзөт; 

- төлөм системасынын катышуучулары менен төлөм системасынын эрежелерин жана төлөм уюмунун өз ара иш алып баруу тартибин макулдашат; 

- төлөм системаларына көзөмөл жүргүзөт; 

- ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата чараларды жана санкцияларды колдонот. 

Мыйзамда Өзбекстан Борбордук банкынын банк болуп саналбаган жана төлөм кызматтарын көрсөтүүгө ыйгарым укуктарга ээ төлөм уюмдары юридикалык жактар менен өз ара иш алып баруусу так жөнгө салынган.  

Нак акча каражаттарын банктык эсептерге чегерүү үчүн кабыл алуу, электрондук акчаларды жана банктык карттарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү эске албаганда, төлөм кызматтары төлөм уюму тарабынан да көрсөтүлөт. 

18-беренеге ылайык, төлөм уюмдары төлөм кызматтарын сунуштоого кирбеген ишкердик түрүн жүзөгө ашырууга укугу жок. 

Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган чектөөлөр төмөнкүдөй ишкердик түрлөрүнө таркатылбайт: 

- жарнамалык, маркетингдик, консультациялык жана маалыматтык кызматтар; 

- программалык камсыздоону иштеп чыгуу, ыңгайлаштыруу, модификациялоо, техникалык колдоо; 

- маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде маалыматтык-техникалык кызмат көрсөтүүлөр, маалыматтарды иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, маалымат базасын жана маалымат ресурстарын түзүү жана пайдалануу; 

- маалымат системаларын жана тармактарды түзүү жана коопсуздукту камсыз кылуу; 

- маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 

- микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөр. 

Эгерде ушул берененин экинчи бөлүгүндө каралган ишкердик түрлөрү аларды жүзөгө ашырууга лицензия талап кылынуучу ишкердиктин түрлөрүнүн тизмесине кирсе, анда төлөм уюму белгиленген тартипте ушул ишкердик түрлөрүн жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензия алууга тийиш. 

Төлөм кызматтарын сунуштоодо төлөм уюму, башка төлөм кызматтарын сунуштоочулар сыяктуу эле, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таркатууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык төлөм кызматтарынан пайдалануучуну талапка ылайык текшерип, идентификациялоону камсыз кылат. 

Жогоруда аталган мыйзамда Өзбекстан Борбордук банкынын банк болуп саналбаган жана төлөм кызматтарын көрсөтүүгө ыйгарым укуктарга ээ төлөм уюмдары юридикалык жактар менен өз ара иш алып баруусу так жөнгө салынган. 

Аталган мыйзамга ылайык төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо тартиби, лицензияларды кайтарып алуу, төлөм уюмун кайра өзгөртүп түзүү тартиби, төлөм системасында маалыматты коргоо талаптары жана тартиби, ошондой эле төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аткаруу органдарынын жетекчилерине карата талаптар аныкталган.  

Казакстан Республикасы 

2016-жылдын 26-июлундагы «Төлөмдөр жана төлөм системалары жөнүндө» мыйзамда рыноктун жаңы субъекттери катары: төлөм уюму, төлөм агенттери жана банктын субагенттери аныкталган, алар үчүн мыйзамда төлөм кызматтарын көрсөтүү үчүн укуктук негиз каралган. 

3-бөлүгүнө ылайык, төлөм уюмуна банк жана (же) банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюм ортосунда түзүлгөн төлөм кызматтарын сунуштоо боюнча агенттик келишим болсо, кардарга банк эсебин ачуусуз бюджетке төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча төлөм кызматтарын сунуштоого жол берилет. 

13-берененин 15-бөлүгүнө ылайык төлөм уюмуна төмөнкү ишкердик түрлөрүнөн тышкары башка ишкердикти жүзөгө ашырууга тыюу салынат: 

1) кыймылсыз мүлктү сатып алуу, сатуу, мүлктүк жалдоо; 

2) жарнамалык, маркетингдик, консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр; 

3) программалык камсыздоону иштеп чыгуу, ыңгайлаштыруу, модификациялоо, техникалык колдоо; 

4) төлөмдөр боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу жана берүү үчүн электрондук терминалдарды, башка түзүлүштөрдү жана жабдууларды сатып алуу, сатуу, мүлктүк жалдоо; 

5) эсептөө техникасын жана маалымат технологияларын пайдаланууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде маалыматтык-техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөмдөр боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, маалыматтар базасын жана маалымат ресурстарын түзүү жана пайдалануу; 

6) ушул чөйрөлөрдө агенттик жана ортомчулук ишти аткарууну кошо алганда, логистика чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөр жана курьердик иш; 

7) маалымат системаларын жана тармактарын түзүү жана коопсуздугун камсыз кылуу; 

8) маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 

9) электрондук санарип кол тамганын ачык ачкычынын электрондук санарип кол тамганын жабык ачкычына шайкештигин күбөлөндүрүү, ошондой эле каттоо күбөлүгүнүн аныктыгын тастыктоо. 

16-беренеге ылайык, Казакстан Республикасынын Улуттук банкында төлөм уюмдарын каттоо алардын ишин жөнгө салуу жана контролдоо максатында ишке ашырылат жана ал төлөм уюму төлөм кызматтарын сунуштоодо милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон шарт катары саналат. Төлөм уюму Казакстан Республикасынын Улуттук банкында эсептик каттоодон өтүүсүз төлөм кызматтарын сунуштоо иши мыйзамсыз катары эсептелинет жана Казакстан Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. 

Ошондой эле, 19-беренеде төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчисине карата талаптар белгиленген: 

1. Төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчиси жогорку билимге ээ болууга тийиш. 

2. Төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчиси катары төмөнкү адамдарды шайлоого же дайындоого тыюу салынат: 

1) финансылык уюмду консервациялоо же болбосо анын акцияларын мажбурлоо менен сатып алуу, финансылык уюмдун лицензиясы кайтарылып алынып, анын жоюлушуна жана (же) финансы рыногунда ишти токтотуусуна алып келгендиги жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин же болбосо Казакстан Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте соттун финансылык уюмду мажбурлап жоюу же аны банкрот катары таануу жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейинки кеминде бир жыл мурда финансылык уюмдун башкаруу органынын жетекчиси, мүчөсү, аткаруу органынын жетекчиси, мүчөсү, башкы бухгалтери болсо; 

1-1) буга чейин ушул мыйзамдын 18-беренесинин 1-пунктунун 1), 2), 3) жана 9) пунктчаларында каралган негиздер боюнча төлөм уюмдарынын реестринен чыгарылган төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчиси болсо. 

Ушул пунктчада көрсөтүлгөн негиз ошол төлөм уюму төлөм уюмдарынын реестринен чыгарылган күндөн тартып беш календардык жыл катары менен колдонулат; 

2) алынып салынбаган же тындырылбаган соттуулугу бар. 

3. Казакстан Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү учурларда төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчисин алмаштыруу жөнүндө жазма буйрук чыгарат: 

1) кызмат адамы ушул берененин талаптарына жооп бербесе; 

2) төлөм уюму такталбаган маалыматтарды сунуштаса же болбосо төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчиси жөнүндө жасалма документтерди тапшырса. 

Ошондой эле, 2020-жылдын 17-июлунда «Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына чет өлкө валютасында ипотекалык насыялар, төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун субъекттеринин ишин жөнгө салууну өркүндөтүү, экономикалык өсүштү жалпы декларациялоо жана калыбына келтирүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам күчүнө кирди, анда акчанын ишин жашыруу, өлкөдөн капиталды алып чыгуу тобокелдиктерин төмөндөтүү жана көмүскө экономикага каршы аракеттенүү үчүн банк эмес финансылык уюмдардын ишин жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталган ченемдер камтылат.  

Россия Федерациясы 

«Төлөм агенттери тарабынан жүзөгө ашырылган жеке адамдардын төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча иши жөнүндө» мыйзамында төлөм агенти - кредиттик уюмду эске албаганда, жеке адамдардын төлөмдөрүн кабыл алуу ишин жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке ишкер. Төлөм агенти катары төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча оператор же төлөм субагенти саналат. 

Төлөмдөрдү кабыл алууну жүзөгө ашырган оператор төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн сунуштоочу менен жеке адамдардын төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө келишим түзүүгө тийиш, анын шарттарына ылайык төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча оператор өзүнүн атынан же сунуштоочунун атынан жана сунуштоочунун эсебинен жеке адамдын сунуштоочу алдында акчалай милдеттенмелерин аткаруу үчүн төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын кабыл алууга укуктуу, ошондой эле көрсөтүлгөн келишимде белгиленген тартипте жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык сунуштоочу менен кийинки эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде юридикалык жактын кассасына же жеке ишкердин кассасына келип түшкөн нак акчаны сарптоо жөнүндө талаптарды аткарууга милдеттүү. Төлөм агенти акча каражаттарын кредиттик уюмдардын пайдасына кабыл алууга укугу жок. 

Мындан тышкары, 4-берененин 4-бөлүгүндө төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча оператордун сунуштоочу алдында тиешелүү эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча милдеттерди аткаруусу үстөк айып, күрөө, карызгердин мүлкүн кармап калуу, кепилдик берүү, банктык гарантия, алдын ала бир бөлүгүн төлөө, сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча милдеттенмелер аткарылбагандыгы үчүн жарандык жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу же жеке адамдардан төлөмдөрүн кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимде каралган башка ыкмаларда камсыздалууга тийиш.  

2. Кароого алынган жөнгө салуу варианттары тууралуу кеңири маалымат жана аларды баалоо 

Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты катары төмөнкүлөр саналат: 

- төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо талаптарын өркүндөтүү

- лицензиаттар/төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору ушул талаптарды талаптагыдай аткаруусу максатында лицензиялоо талаптарын тактоо. 

Максатка жетүү индикаторлоруна төмөнкүлөр кирет: 

- жөнгө салуучу тарабынан төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине натыйжалуу көзөмөлдүктү жүргүзүүсү

- айрым лицензиялоо боюнча ченемдерди түшүнүүдө жана колдонууда жөнгө салуучу менен лицензиаттар/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору ортосунда келишпестиктердин келип чыгуу тобокелдиктерин минималдаштыруу. 

3. Жөнгө салуу варианттары 

3.1. Өзгөртүүсүз калтыруу. 

3.2. «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого лицензиялоо боюнча талаптарды чечмелөө аркылуу өзгөртүүлөрдү киргизүү

3.3. Либералдык ыкмада жөнгө салуу. 

3.1. «Өзгөртүүсүз калтыруу» варианты 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоонун алкагында, алардын ишин лицензиялоо ченемдерин түшүнүү жана колдонуу жагында пикир келишпестиктерге байланыштуу тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүн. 

3.1.1. Жөнгө салуу ыкмасы 

Бул вариант учурдагы кырдаалга таасирин тийгизбейт. Бул вариант тандалып алынса, лицензиялоо боюнча айрым талаптарды дайыма тактоого туура келет, бул жалпысынан, лицензиаттар/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору лицензия боюнча талаптарды талапка ылайык аткарбоо тобокелдигине алып келет. 

Ошондуктан, бул вариантты колдонууга болбойт. 

3.1.2. Ишке ашыруудагы тобокелдиктер 

Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору лицензиялоо боюнча талаптарды талапка ылайык аткарбоосу жөнгө салуучу менен лицензиаттар/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору ортосунда пикир келишпестиктерге алып келиши мүмкүн. 

3.1.3. Укуктук талдап-иликтөө 

Ушул лицензиялоо вариантын аткаруу техникасын талдап-иликтөөдө техникалык көз караштан алганда аталган вариантты ишке ашыруу жеңилирээк катары бааланган, бирок бул вариантжогоруда белгиленген проблемаларды чечпейт. 

3.2. «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого лицензиялоо боюнча талаптарды чечмелөө аркылуу өзгөртүүлөрдү киргизүү» варианты 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо талаптарын өркүндөтүү максатында жогоруда аталган Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү

3.2.1. Жөнгө салуу ыкмасы 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин талапка ылайык лицензиялоо үчүн ченемдик укуктук актылардын талаптарын бирдей түшүнүү жана колдонуу проблемасына жол бербөө үчүн лицензиялоо талаптары чечмеленип берилүүгө тийиш. 

3.2.2. Жөнгө салуу таасири 

Учурда төлөм уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан төлөмдөрдүн көлөмү жана саны өсүп жаткандыгын эске алсак, колдонулуп жаткан лицензиялоо талаптарынын чечмеленип берилиши ченемдик укуктук базанын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин көзөмөлдөө бөлүгүн өркүндөтүүгө шарт түзөт. Өркүндөтүлгөн ченемдик укуктук база төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин натыйжалуу жана сапаттуу көзөмөлдөөгө түздөн-түз таасирин тийгизет. 

3.2.3. Ишке ашыруудагы тобокелдиктер 

Сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү учурда колдонулуп жаткан айрым лицензиялоо талаптарын өркүндөтүүгө багытталган, бул жалпысынан, жөнгө салуучу менен лицензиаттар/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон келишпестиктерди азайтууга тийиш. Ченемдик укуктук базадагы кемчиликтер алгылыксыз кесепеттерге, төлөм системасынын көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө, натыйжасыз көзөмөл жүргүзүүгө ж.б. алып келиши ыктымал.  

3.2.4. Укуктук талдап-иликтөө 

Бул ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы терс кесепеттерге алып келбейт, анткени ал төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин так белгилөө максатында лицензиялоо талаптарын өркүндөтүүгө багытталган. 

Бул вариант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

3.2.5. Күтүлүп жаткан экономикалык натыйжаларды баалоо 

Өзгөртүүлөр төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарды өркүндөтүүгө багытталгандыктан, сунушталган жөнгө салуу субъектилери кошумча чыгым тартпайт.  

Ошондой эле, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр керектөөчүлөргө сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга оң таасирин тийгизет. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. 

3.3. Либералдык ыкмада жөнгө салуу 

3.3.1. Жөнгө салуу ыкмасы 

Улуттук банк, өз кезегинде, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун аткаруу органынын, агентинин жана субагенттер тармагынын ишине кошумча кийлигишүүсүз жана контролдоосуз/мониторинг жүргүзүүсүз төлөм системаларынын ишине карата жалпы эрежелерди белгилейт. 

3.3.2. Ишке ашыруудагы тобокелдиктер  

Өз алдынча жөнгө салуу принцибине негизденген, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча либералдык ыкма лицензиаттар/ төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору тарабынан лицензиялоо талаптарын талаптагыдай аткаруусуна алып келбейт, алардын ишин лицензиялоо ченемдерин түшүнүү жана колдонуу жагында келишпестиктер келип чыгат.  

Мындан тышкары, келип чыккан кесепеттер төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарына таасирин тийгизиши мүмкүн. 

3.3.3. Укуктук талдап-иликтөө 

Бул вариант Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылат. 

4. Сунушталуучу жөнгө салуу 

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого лицензиялоо боюнча талаптарды чечмелөө аркылуу өзгөртүүлөрдү киргизүү» деген 3.2-вариант төмөнкү негиздер боюнча кабыл алууга сунушталсын: 

- жөнгө салуучунун төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт; 

- жөнгө салуучу менен лицензиаттар/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору ортосунда айрым лицензиял ченемдерин түшүнүүдө жана колдонууда келишпестиктердин келип чыгуу тобокелдиктерин азайтат.