Кайта келүү

Түркия Борбордук банкы менен кызматташуу 

Кызматташуу башталган мезгил: 2016-жыл 

Кызматташуунун негизги багыттары: 

- Улуттук банктын кызматкерлери үчүн банктык көзөмөл маселелери боюнча семинарларды өткөрүү

- соода чөйрөсүндө улуттук валютада эсептешүүнү колдонуу жана илгерилетүү механизмдери; 

- акча белгилерин иштеп чыгуу чөйрөсүнө, ошондой эле корголгон басылмалар чөйрөсүнө тиешелүү маселелер. 

- Финансылык туруктуулук маселелери боюнча семинар өткөрүлгөн. 

Улуттук банктын өкүлдөрү 2021-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөрү аралык биргелешкен комиссиянын онунчу отурумуна катышты. Анын жүрүшүндө Улуттук банктын Түркия Республикасынын борбордук банкы менен банк ишинин ар башка багыттары боюнча кызматташуу маселелери каралды.