Кайта келүү

 Конъюнктура: 2 - 6 ноябрь

 

2015-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын кезектеги отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган

 

 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 65/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому; 

· Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 12-майындагы №27/8 “Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 65/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Евразия экономика бирлиги” аттуу коллекциялык монетаны жүгүртүүгө киргизди  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Евразия экономикалык союзу” аттуу коллекциялык монетаны жүгүртүүгө киргизди. Аталган монета пресс-конференцияда сунушталды.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын начальниги Шамиль Айдаркулов жана ушул эле башкармалыктын Эксперттик бөлүмүнүн начальниги Медина Аширалиева коомчулукка монетаны сунуштап жатып, анын өзгөчөлүктөрү тууралуу журналисттерге айтып беришкен.  

  Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - Бирлик) кирген өлкөлөрдүн борбордук (улуттук) банктары тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын бардык серияларын бириктирген элементтен болуп, бирликтин расмий эмблемасы жана “Евразия экономикалык союзу” аттуу монетанын бирдей аталышы саналат. Монетанын алдыңкы бетинде жер бетинин фонунда герб түшүрүлүп, жогору жагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жазуусу, ошондой эле чыгарылган жылы (2015) орун алган, төмөн жагында монетанын номиналы (10 сом), сол тарабында анын сапат белгиси (Ag 925), оң жагында салмагы (31,10 г.) көрсөтүлгөн. Евразия мамлекеттеринин интеграциялык жакындашуусу монетанын арткы бетинин негизги сюжетинен болгон: Евразия континентинин фонунда Бирликтин расмий эмблемасы жер бетинде жайгаштырылып, бирликке кирген 5 мүчө-мамлекеттин желектери түстүү сүрөттөлгөн, ал эми монетанын өйдө жагында «Евразийский экономический союз» жазуусу, ошондой эле анын “Евразия экономикалык союзу” аттуу кыргызча котормосу төмөн жакта орун алган.  

  

Монетанын өзгөчөлүктөрү   

 

Аталышы  

Номинал ы 

Металл  

(сапат белгиси)  

Салмагы   

(г)  

Диаметр  

(мм)  

сапаты 

Нуска   

(даана)  

Сатуу баасы (сом)  

Евразия экономикалык союзу 

10 сом  

Ag 925є  

31.1  

38.60  

"Proof"  

1 000  

3 300  

  

Жүгүртүүгө чыгарылган монетанын өзгөчөлүгү жөнүндө айта турган болсок, ал бирликтин жылдыгына арналып, баалуу металлдардан эстелик монеларынын серияларын чыгаруу боюнча программанын алкагында даярдалган. Монетаны чыгарууда заманбап технология колдонулуп, анын жардамы менен түстүү сүрөт ала алдык деди  

Медина Аширалиева.  

 

Төмөнкү алмашуу бюролоруна лицензиялар берилген:  

 

1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Форекс Кара-Суу” ЖЧКсына 2015-жылдын 6-ноябрында № 5400 лицензия берилди. Дареги: Ош областы, Кара-Суу шаары, Ленин атындагы көчөсү номерсиз «Туратали» базары 0-катар, №12 контейнер. 

2. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Семетей Групп» ЖЧКсына 2015-жылдын 6-ноябрында № 5399 лицензия берилди. Дареги: Ош областы, Кара-Суу шаары, Ленин атындагы көчөсү номерсиз, «Туратали» базары, 0-катар, № 13-контейнер. 

 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюролорунун лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган/кайтарылып алынган: 

1. Жеке ишкер Исмаилов Одилжон Обиджоновичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 5-ноябрында берилген №5063 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жокко чыгарылган. Дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Уч-Коргон айылы, Палман уч., Исфайрам көчөсү номерсиз. 

2. «Тилек» кредиттик союзунун 2000-жылдын 29-июнундагы № 191 лицензиясы Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2015-жылдын 29-октябрындагы № 49/1 токтомуна ылайык кайтарылып алынган.