Кайта келүү

 Конъюнктура: 19 - 23 октябрь

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14- октябрындагы 

кезектеги отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган: 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому; 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/2 Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому; 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/3 Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу токтому; 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому. 

 

 

Кыргыз Республикасында нак акча жүгүртүлүшүнүн 2015-жылдын 

III чейрек ичиндеги абалы тууралуу 

 

2015-жылдын 1октябрына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 58 430,6 млн сомду түзгөн, анын ичинен 4 312,2 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми калганы банк тутумунан тышкары колдонууда турган (өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 4 097,4 млн сомго же 6,5 пайызга азайган).  

2015-жылдын III чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республиканын бүтүндөй аймагынан 276 571,2 млн сом келип түшкөн, бул 2014-жылдын тиешелүү чейрегине салыштырганда 877,2 млн сомго же 0,3 пайызга азайган. 

Коммерциялык банктардын кассаларынан 2015-жылдын III чейрегинде 279 744,6 млн сом берилген, бул 2014-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 4 415,1 млн сомго же 1,6 пайызга көп.  

Коммерциялык банктардын кассаларына нак акча кайтарымдуулугу 2015-жылдын III чейрегинде 98,9 пайызды түзгөн (2014-жылдын III чейрегине салыштырганда 1,9 пайыздык пунктка азайган). 

Областтар боюнча коммерциялык банктардын кассаларына 2015-жылдын III чейрегинин ичинде нак акча кайтарымдуулугунун өзгөрүүсү төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн: 

пайыздарда 

 

 

2014-жыл 

2015-жыл 

Четтөөлөр 

Бардыгы болуп республика боюнча 

 

100,8 

 

98,9 

 

-1,9 

Бишкек шаары 

105,6 

101,6 

-4,0 

Баткен обл. 

99,3 

99,8 

0,5 

Жалал-Абад обл. 

89,6 

92,4 

2,8 

Ысык-Көл обл. 

94,7 

97,3 

2,6 

Нарын обл. 

87,3 

89,2 

1,9 

Ош обл.  

98,7 

98,7 

0,0 

Ош шаары 

101,0 

97,8 

-3,2 

Талас обл. 

84,7 

86,4 

1,7 

Чүй обл.  

100,0 

100,1 

0,1 

 

Кыргызстанда жыйым топтоо жумалыгы башталды 

Улуттук банк Германиянын аманат кассалары фондусу менен биргеликте Бишкек шаарында окуучулардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган Жыйым топтоо жумалыгы алгачкы долбоорун ишке киргизишти. 

Долбоордун алкагында борбордогу төрт орто мектептин окуучуларына лекциялар окутулат. Анда Германиялык тажрыйбалуу тренер, эксперттер Матиасс Ванглер жана Эдуард Шмидт жогорку класстын окуучуларына жана мугалимдерине акчаны кантип туура үнөмдөө керек жана акчаны топтоо канчалык маанилүү, зарыл экендиги жөнүндө айтып беришет. Жумалык 16-октябрда старт алып, 30-октябрда жыйынтыкталат. Бул иш-чара 30-октябрь - Дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнө карата өткөрүлүп жатат.  

Немец адистеринин алгачкы иш сапары № 38 шаардык орто мектепте болуп өттү.  

Эксперт Матиасс Ванглер окуучулар менен саламдашып, өз сөзүн иш сапарынын максатынан баштады. "Биздин долбоордун максаты кантип акчаны үнөмдөп, банкта сактоо керек экендиги тууралуу керектүү маалыматты жеткирүү болуп эсептелет. Биз балдарга акча, экономика деген эмне экендиги, үй-бүлөлүк бюджетте жана мамлекеттик деңгээлде акчанын жүгүртүлүшү тууралуу айтып беребиз. Ошондой эле балдардын кичине кезинен эле акчаны кантип сактоо керектигин билишин каалайбыз. Бул иш-чара Улуттук банктын колдоосу менен жүрүп жатат",  деп Матиасс Ванглер балдарга ийгилик каалап жатып, билдирди.  

Улуттук банктын тышкы көзөмөл бөлүмүнүн жетектөөчү инспектору Жамиля Токмамбетова лекцияны ачып жатып, мындай долбоор Кыргызстанда алгачкы ирет өтүп жаткандыгын айтты. "Мен силердин бардыгыңарды бул маанилүү иш-чара менен куттуктагым келет, анткени мындай семинарлар биздин өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат. Билим берүү башкармалыгы тарабынан бул долбоорду өткөрүү үчүн Бишкек шаарынын төрт орто мектеби тандалып алынган. Тренингди бул тармакта кеңири билими бар эксперттер өткөрүшөт. Тренингдин жүрүшүндө ар бириңер көптөгөн маалыматтарга ээ болуп, силердин акча жөнүндө жана аны үнөмдөө тууралуу ойлоруңар түп-тамырынан бери өзгөрөт деген ойдомун. Улуттук банк калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын иштеп чыккандардын бири болуп саналат. Анын негизинде жакында мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактар киргизиле баштайт. Мындан тышкары, Улуттук банк атайы акча алиппесин чыгарган. Ал силердин китепканаңарда дагы бар", - деди өз сөзүндө Жамиля Токмамбетова.  

Окутуу жыйынтыкталгандан кийин окуучулар өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүштү.  

11-класстын окуучусу Диана келечекте бизнес ачкысы келерин айтып, бүгүнкү алган билими мындан кийинки акча үнөмдөөсүнө жардам берет деген оюн билдирди. "Мен медициналык окуу жайдын фармацевтика бөлүмүнө тапшырып, кийин өзүмдүн компаниямды ачсам деп кыялданам. Ата-энем акчаны үнөмдөө тууралуу айтып келет, бирок бул жолку уккан лекциялар алар айткандан кеңири жана пайдалуу болду" дейт Диана.  

Бүтүрүүчү класстын окуучусу Садык келечекте жайкы кесиптик окуу жайга тапшырып, кесипкөй учкуч болгусу келерин айтат. "Менин келечектеги ишим экономика менен байланышы деле жок, бирок үнөмдөөнү баары бир билүү зарыл. Акчаны канчалык үнөмдүү колдонсоң, ошончолук акчаң көп болот. Чынымды айтсам, күн сайын 100 сомдон топтоого менин эрким жетпей жатат. Азырынча мен жашмын, ошондуктан ар бир күндөн ырахат алгым келет, ал үчүн акчаны көп коротушум керек да" - дейт окуучу.  

Ал эми ушул эле класстын окуучусу Самат тренинг абдан жаккандыгын айтып, келечек пландары тууралуу ою менен бөлүштү. "Ар бир адам миллионер, ийгиликтүү жана көзкарандысыз болууну эңсейт. Мен ойлойм, кыялдар орундалат, эң негизгиси, максатка умтула бериш керек. Мен Ички иштер министрлигинин академиясына тапшырып, коомдук тартиптин сакчысы болсом деп ойлоп жатам. Ошондой эле өзүмдүн бизнесимди ачкым келет. Мурда мен акчаны топтогон эмесмин, бирок үнөмдөөгө аракет кылчумун. Ата-энем мага күнүгө чөнтөгүмө 200 сом берип турат, анын ичинен 50 сомго жакыны жанымда калат. Эгерде калган акчамды чогулта берсем, бир жылдын ичинде жакшы эле сумма 18 миң сом чогулат экен", - деп Самат оюнда эсептеп кирди.  

Орус тилде мыкты сүйлөгөн тренер Эдуард Шмидт сабактан кийин ушул сыяктуу иш-чараларды көп өткөрүп жүрүп, бай тажрыйба топтогондугун билдирди. "Мен бул тармакта 15 жылдан бери иштеп келе жатам. Азербайжанда менин Германия-Азербайжандык инвестициялык фондум бар, ал чакан жана орто ишканаларга кредит берип келет. Жыйымдарды топтоо күндөрүн биз көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Украинада дагы өткөрүп келдик. Биз акчаны үнөмдөө боюнча маалыматты элдин баарына жеткиргибиз келет, анткени калктын бул тууралуу маалыматы аз. Германиянын калкы деле бул тууралуу аз маалымат билерин белгилей кетким келет. Кыргызстанда биздин иш жаңыдан гана башталды. Апта ичинде биз бир нече мектептерге маалымат бергибиз келет. Келерки жылы биз кеңейтилген программаны өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Ага көп сандагы адамдар тартылып, алар Кыргызстандын бардык аймактарында ушул сыяктуу тренингдерди өткөрөт" - деп Эдуард Шмидт өзүнүн пландары менен бөлүшүп өттү.  

Белгилей кетсек, жыйым топтоо жумалыгынын алкагында 800 ашык окуучуну тартуу пландалып жатат, ал эми коммерциялык банктардын адистери Кыргызстандын үч жүздөн ашуун жаранына кеп-кеңеш бермекчи.  

 

Улуттук банк 31,1035 жана 100 грамм салмагындагы аффинаждалган алтындын өлчөнгөн куймаларын сактоо боюнча жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтө баштады 

Банктык баалуу металлдар рыногун эффективдүү өнүктүрүү жана алардын коопсуздугун, сактыгын камсыз кылуу максатында Улуттук банк жарандар тарабынан сатылып алынган алтындын өлчөнгөн куймаларын сактоо боюнча калкка жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайт.  

Өлчөнгөн куймалар Бишкек шаары, Үмөталиев атындагы көчөсү 101 дареги боюнча жайгашкан Борбордук жүгүртүү кассасында жана Ош шаары, Курманжан Датка атындагы көчөсү 119 дареги боюнча Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгынын жүгүртүү кассасында сактоого кабыл алынат.  

Улуттук банк тарабынан чыгарылган массасы 31,1035 жана 100 грамм салмагындагы өлчөнгөн куймалар үчүн аталган банк мындай кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөө негизинде сунуштайт. Кызмат көрсөтүү үчүн Улуттук банк кардар менен анын инсандыгын тастыктаган документинин негизинде өлчөнгөн куймаларды сактоо тууралуу келишим түзөт. Өлчөнгөн куйманы сактоо үчүн кабыл алууда Улуттук банк милдеттүү түрдө баалуу металлдын сапатын аныктоо боюнча экспертиза жүргүзөт. Алтындын аффинаждалган өлчөнгөн куймаларын сактоого кабыл алуу жана берүү боюнча кеңири маалыматты Улуттук банктын расмий сайтынан төмөнкү шилтеме аркылуу табууга болот: http://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=2772&lang=RUS  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы маалымдайт: Улуттук банктын расмий сайтында "Банктык мыйзамдар/талкулоо үчүн мыйзам долбоорлору" бөлүгүндө коомдук талкулоого арналган Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам долбоорлору жайгаштырылган 

- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору;  

- "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору.  

 

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорго сын-пикирлерди жана сунуштарды "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамынын 23-беренесинде белгиленген мөөнөт ичинде ajorobekova@nbkr.kg жана ktemirov@nbkr.kg электрондук даректерине жөнөтүүнү өтүнөбүз.  

 

 

 

 

Улуттук банк журналисттер үчүн "Акча-кредит саясаты боюнча маселелер" темасына арналган семинар-тренинг өткөргөн  

Бул семинарда Кыргызстандын жана Бишкек шаарынын алдыңкы газеталарынын, маалымат агенттиктеринин, телеканалдарынын жана радиостанцияларынын 20 ашуун өкүлү катышкан.  

Иш-чаранын алкагында Улуттук банктын эксперттери жөнгө салуучунун баанын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого багытталган иши тууралуу айтып берген.  

"Акча-кредит саясаты туурасында теманы экономика чөйрөсүнөн алыс адамга түшүнүү татаал. Бирок биз, алган билимиңерди мындан аркы ишиңерде колдонуу үчүн теманы оңой жеткирүүгө аракет кылабыз"- деди сөз башында Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Нурбек Жениш.  

Экономика башкармалыгынын начальниги Сейилбек Урустемов "Борбордук банк: максаттар, милдеттер жана көз карандысыздык" жана "Инфляция: себептер, жөнгө салуу жолдору" темасында сөз кылды.  

Экономика башкармалыгынын Акча-кредит саясат бөлүмүнүн начальниги Насиба Имаралиева "Акча-кредит саясаты: негизги түшүнүктөр" темасына, ал эми Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Төлөм теңдеми жана тышкы карызды тейлөө бөлүмүнүн начальниги "Төлөм теңдеми жана алмашуу курсу" жөнүндө темага презентация жасашты.  

Семинар өтүп жаткан учурда журналисттер өздөрү кызыккан темаларга суроо берип, Улуттук банктын адистери менен жакындан туруп сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жыйынтыгында, алар окутуу семинар-тренингден өткөндүгү жөнүндө сертификат алышты.  

Журналисттер иш-чаранын жүрүшү жөнүндө өз ойлору менен бөлүшүп, темалардын актуалдуулугун жана лекторлордун татаал маалыматты оңой формада жеткиргендигин баса белгилешти.  

"КирТАГ" эл аралык маалымат агенттигинин корреспонденти Бакыт Толканов: "Семинардын темаларынын кээ бирин уккам, китептерден окугам, негизинен угуп жүргөм. Бирок тренинг билимимди бир системага салып, ар тараптан уккан маалыматтарды бир жакка топтоого жардам берди. Менин оюмча ушул сыяктуу семинарларды өткөрүп туруу бул эки тарапка тең пайдалуу, анткени журналисттер жаңы билим алат, ал эми Улуттук банк Жалпыга маалымдоо каражаттары менен бил тилде сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат.  

"24.кг" маалымат агенттигинин корреспонденти Татьяна Кудрявцева: "Албетте семинар экономика темасын жаңы жазып баштагандарга гана эмес, бир нече бул жагында иш алып баргандар үчүн да пайдалуу болду. Акча-кредит саясатынын негизги принциптери жөнүндө толук маалымат гана албастан, кызыккан суроолорду берүүгө да мүмкүнчүлүк алдым. Төлөм теңдеминин негиздери тууралуу маалымат мен үчүн жаңылык катары болду. Эми материалдарды даярдоодо тышкы аренадагы Кыргыз Республикасынын финансылык мамилелери тууралуу бир бүтүмгө келүүгө жана мамлекеттин утурумдук насыялары эмнеге алып келээрин, аларды кандай максаттарга жумшоо керек экенин эске алам" деп билдирди.  

"МИР" мамлекеттер аралык теле-радио компаниянын корреспонденти Татьяна Батяркина: "Семинар көп убакыт алган жок, мында, биз жаңы билим алып гана тим болбостон, өлкөдөгү экономикалык абал жөнүндө түшүнүктү кеңейтти. Алсак, экономика жаатында темалар көбүнчө цифра жана графиктер менен берилет, муну журналисттер гана эмес, жөнөкөй жарандар үчүн түшүнүү кыйын. Андыктан бул алган билимим көптү түшүнүүгө жардам берди" деп билдирди.  

"Аргументы и факты. Кыргызстан" газетасынын корреспонденти Кристина Ахрамеева: "Экономика тармагындагы журналист болбогондуктан, мындай темаларга жазбайм. Кээде өз билим деңгээлиме ишене албайм жана тигил же бул маселеге компетенттүүлүк жетишпейт. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн өткөрүлгөн бул семинар мурда түшүнүксүз же ага маани берилбей келген болсо, мында билимибизди тереңдетүүгө жардам берди. Мындан тышкары, Улуттук банктын адистери тарабынан айтылган айрым тезистер жаңы идеяларга жана макалалардын жаңы темаларына көңүлдөнтүү" деп сөзүн жыйынтыктады. 

 

www.finsabat.kg. интернет-сайтында алгачкы долбоордун алкагында Германия аманат кассаларынын фондусунун менен биргеликте өткөрүлгөн жыйымдар жумалыгы жөнүндө маалымат материалдары жайгаштырылган. 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

 

1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Лимон  

ЛТД" ЖЧКсына 2015-жылдын 21-октябрында № 5384 лицензия берилди. Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3359. Дареги: Бишкек шаары, "Дордой" соода комплекси, борбордук өтмөк, № 17 А/Б контейнер. 

2. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү "Тилек УТ" ЖЧКсына 2015-жылдын 21-октябрында № 5383 лицензия берилди Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3358. Дареги: Бишкек шаары, "Алкан" соода комплекси, старый север № 43 контейнер.  

3. Кредиттик союздун катышуучуларын кредиттөөгө ФК "МОЛ ТОКМОК" кредиттик союзуна 2015-жылдын 20-октябрында № 556 лицензия берилди. Дареги: Чүй областы, Токмок шаары, Совет көчөсү 14. 

4. Кредиттик союздун катышуучуларын кредиттөөгө ФК "Чуй Альянс" кредиттик союзуна 2015-жылдын 23-октябрында № 557 лицензия берилди. Дареги: Чүй областы, Токмок шаары, Совет көчөсү 187-77. 

 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюролорунун лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган/кайтарылып алынган: 

1. "Асида" кредиттик союзунун өзүн өзү жоюу чечимин кабыл алгандыгына байланыштуу 2002-жылдын 14-февралындагы № 329 лицензиясы жокко чыгарылган. Дареги: Ысык-Көл областы, Каракол шаары, "Ак-Тилек" рыногу. 

2. Жеке ишкер Бурканова Гульнара Эркиновнага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 23-октябрындагы берилген №5061 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жокко чыгарылган. Дареги: Ош шаары, Кара-Суу айылы, Туратали базары, 0-катар, № 3.  

3. МКК "Акжалгасын-2" ЖЧКсынын өзүн өзү жоюу чечимин кабыл алгандыгына байланыштуу 2012-жылдын 10-майындагы № 456 күбөлүгү жокко чыгарылган. Дареги: Ысык-Көл областы, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Заводская көчөсү 1.