Кайта келүү

 Конъюнктура: 12 - 16 октябрь


Кыргыз Республикасындагы акча алмашуу бюролорунун жүгүртүүсү 2014-жылы 97 миллиард сомду түздү 

 

Бишкек шаарындагы лицензияга ээ алмашуу бюролору чет өлкө валюталарынын сатуу көлөмдөрүн жана реалдуу кирешелерин жашырып келет. Мындай чечимге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) Экономикалык изилдөөлөр борборунун эксперттери борбордогу алмашуу бюролордун ишине изилдөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө келишкен.  

Кайсы болбосун коммерциялык ишкана кирешелүү болушу зарыл, андай болбосо ал өз ишин токтотууга тийиш, бул рынок мыйзамынын талабы. Ушуга карабастан изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Бишкек шаарындагы 243 алмашуу бюролорунун ичинен 41ге жакыны (2013-жылы), ал эми 2014-жылы 96га жакыны чыгым тартуулардан улам, өз ишин токтотууга тийиш. Экономикалык изилдөөлөр борборунун баамында, алмашуу бюролорунун кирешелери атайылап эле төмөн көрсөтүлүп, туура эмес отчеттук маалыматтар берилип келүүдө. Мындан тышкары лицензияга ээ бир катар алмашуу бюролору кассага тиешелүү тартипти аткарбай, текшерүүлөргө каршы аракеттенишет. Алсак, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында лицензияга ээ бир катар алмашуу бюролорунда келип чыгуу булагы белгисиз болгон чет өлкө жана улуттук валюталарда эсепке алынбаган нак акча каражаттары табылган. Башкача айтканда, чет өлкө валютасын алмаштыруу менен иш алып барган ишкердүүлүк субъектилеринин акча каражаттарынын көмүскөдө жүгүртүлүшү орун алган.  

Кыргыз Республикасындагы акча алмашуу бюролорунун жүгүртүүсү 2014-жылы 97 миллиард сомду түздү. Улуттук банктын берген маалыматтарына караганда, өткөн жыл үчүн бюджетке төлөнгөн салык суммасы (милдеттүү патент) 36,6 миллион сом түшүүсү керек болсо, ал эми Мамлекеттик салык инспекциясы болгону 24,4 миллион сом которулганын маалымдаган.  

Маалымат үчүн  

Алмашуу бюролорунун ишине изилдөөлөрдү Улуттук банктын Экономикалык изилдөөлөр борбору 2014-жылдын ноябрь айынан 2015-жылдын июнь айынын ичинде жүргүзгөн. аралыгында текшерүүгө алган. "Альянс" алмашуу бюролорунун ассоциациясы Улуттук банк менен кызматташууга жана сурамжылоо жүргүзүүгө катышууга даяр эместигин билдирди. Экономикалык изилдөөлөр борбору бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын прикладдык социалдык-экономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен иш алып барган түзүмдүк бөлүм.  

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Восток Шамшыкал" ЖЧКсына 2015-жылдын 15-октябрында № 5382 лицензия берилди Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3357. Дареги: Бишкек шаары, "Дордой" соода комплекси, Шымкент унаа токтотуу жайы № 24/1. 

2. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "БАЙКАЛ-ЮГ" ЖЧКсына 2015-жылдын 13-октябрында № 5381 лицензия берилди. Дареги: Ош шаары, Ленин атындагы көчө, 428-үй. 

3. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Обменное бюро Заман" ЖЧКсына 2015-жылдын 13-октябрында № 5380 лицензия берилди. Дареги: Каракол шаары, Токтогул жана Ленин атындагы көчөлөрдүн кесилиши, номерсиз.