Кайта келүү

 Конъюнктура: 28 сентябрь - 2 октябрь

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов Франция өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен акча-кредит саясатына тиешелүү маселелерди талкуулады. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов Франциянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен жолугушушту. 

Француз делегациясын Франциянын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн регионалдык экономикалык кызматынын башчысынын орун басары, эки ишти айкалыштыруу боюнча Франция банкынын директорунун орун басары Имберт Ансельм, Франциянын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн экономикалык жана юридикалык маселелер боюнча атташеси Беатрис Саммартано, ошондой эле Франциянын Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн экономикалык кызматынын жетекчиси Ронан Вентезден турат.  

Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасында орун алган учурдагы экономикалык жагдайды, валюта рыногундагы жагдайды жана акча-кредит саясатына тиешелүү маселелерди талкууга алышты. 

Кыргызстандын жана Кытайдын борбордук банктарынын башчылары ниеттер жөнүндө протоколго кол коюшту 

2015-жылдын 29-сентябрында Кытай делегациясынын Улуттук банкка иш сапар менен келишинин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кытай Элдик банкынын ортосунда кызматташуу маселелерин талкуулоо жана ниеттер жөнүндө протоколго кол коюу өткөн. Документке Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана Кытай Эл банкынын башчысы мырза Чжоу Сяочуань кол койгон.  

Ниеттер жөнүндө протоколго кол коюу аземине Улуттук банктын Төрагасынын орун басарлары Бактыгуль Жээнбаева жана Нурбек Жеңиш да катышышты. Кытай делегациясы Кытай Эл банкынын жетекчисинин орун басары Чангчун Му, Кытай Элдик банкынын эл аралык департаментинин башкы директору айым Джун Ксю, Кытай Элдик банкынын эл аралык департаментинин директору айым Минг Айдан турган.  

Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов өз сөзүндө кол коюлган документ Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда экономиканын ар кайсы секторунда кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачат деп ишенет. “Кыргызстанга келгениңиздерге абдан кубанычтабыз. Биз үчүн бул чоң окуя, анткени акыркы жолу Кытай Эл банкынын төрагасы Кыргызстан Улуттук банкын 10 жыл мурда келип кеткен. Биздин иш-аракетибизди банктарыбыздын ортосунда кызматташууну жана коммуникацияны өркүндөтүүгө багыттай аларыбызды ишенем деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.   

Өз кезегинде, Кытай Эл банкынын башчысы Чжоу Сяочуань кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ниеттер жөнүндө протокол эки тараптуу мамилелердин өнүктүрүүдө чоң роль ойноп, ошондой эле банктар аралык байланыш тарыхында жаңы баракты ачат экендигин белгилеген. “Биздин иш сапарыбыздын маанилүүлүгү, баарыдан мурда, кыргыз тарап менен маалымат алмашууда турат деп ойлойм”. Биз биздин өлкөлөрүбүздүн макроэкономикабызда орун алган жагдай, акча-кредит саясат, ошондой эле улуттук валюталарыбыз тууралуу ой-пикирлерибиз жана маалыматтарыбыз менен бөлүшүп кеттик. Бүгүнкү күндө, биздин борбордук банктарыбыздын алдында көптөгөн маселелерди чечүү турат. Кол коюлган документ андан ары пландаштыруу жана кызматташуу иштерин жүзөгө ашыруу үчүн жол картасынан болуп берет. Албетте ал, андан ары биргелешкен иш алып баруу үчүн жакшы дем берет” деп айтты Чжоу Сяочуань.  

Кытай Эл банкынын башчысы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кытай Эл банкынын ортосундагы кызматташууну өркүндөтүү зарылчылыгын белгиледи, анткени бул мамилелер эки тарап тең каалагандай динамикалуу эмес өнүгүүдө. “Акыркы жылдары биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда соода жана туризм сыяктуу чөйрөлөрдө интенсивдүү кызматташууну өнүктүрүү тенденцияны байкап жатабыз. Мында, финансы институттарыбыздын, анын ичинде банктар ортосундагы өнөктөштүк экономиканын жогоруда аталган тармактарынын өнүктүрүү динамикасынан бир аз артта калууда. Андан ары финансылык кызматташуу бүгүнкү күндө абдан актуалдуу маселе болуп саналат. Өлкөлөрүбүз үчүн ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдүн бири бул улуттук валютадагы СВОП, ал макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Биргелешкен иштин экинчи багыты төлөм системалары, алар соода жана туризм чөйрөсүндө ишти жеңилдетет. Үчүнчү улуттук валютадагы эсептешүүлөр, анткени биз өзүбүздү алмашуу курсунун өзгөрмөлүүлүгүнөн коргой алабыз. Албетте, бул биздин банктарыбызга эки өлкөнүн аймагында өкүлчүлүктөрдү ачууга мүмкүнчүлүк берет. Ошентип, экономиканын реалдуу секторунда бизнести финансылык тейлөө деңгээли артат, туризм жана инвестициялар жагында кызматташууну өнүктүрүүдө чоң салым кошот. Келечекте биз эки тарапка тең көбүрөөк финансылык мүмкүнчүлүктөрдү бере алабыз деп ойлойм. Кытай жана Кыргызстан жакшы коңшулардан болуп саналат. Биздин саясий жана экономикалык мамилелер абдан ийгиликтүү жана динамикалуу түрдө өнүгүп жатат. Кызматташууда Кыргызстан сыяктуу эле, Кытай да бирдей кызыкдар экендигин айткым келет. Биз көргөн бардык кадамдар өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту жана кызматташууну андан ары бекемдөөгө түрткү берет деген көз караштан айтып жатабыз. Ал эми финансисттер жана банкирлер үчүн бири-биринен үйрөнүү аябай маанилүү деп сөзүн жыйынтыктады Кытай Эл банкынын башчысы.  

Ниеттер жөнүндө протоколго кол коюу Кытай Эл Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын борбордук банктарынын ортосундагы кызматташуунун бир нече багыттарын бекемдөөгө багытталган. Анын ичинде эки өлкөнүн финансы мекемелеринин ортосунда соода жана инвестициялоо жагында кызматташууга, кытай юанын жана кыргыз сомун кыйла натыйжалуу колдонуу үчүн көмөктөшүүгө, мамилени жөнгө салуу жана жергиликтүү валютадагы төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча зарыл маалымат менен мыйзамдарга ылайык алмашууга, ошондой эле эки өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн эки тараптуу соодага жана тике инвестициялоону көмөктөшүүгө багытталган.  

Чжоу Сяочуань башында турган Кытай Эл банкынын делегациясы Кыргыз Республикасында расмий иш сапар менен 28-сентябрдан тартып жүрөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдөн жана ниеттер жөнүндө протоколго кол коюудан тышкары, иш сапардын алкагында делегациянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаев жана Премьер-министр Т. Сариев менен жолугушуулар өткөрүлгөн.  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 10 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды 

Улуттук банк Башкармасы 2015-жылдын 28-сентябрында эсептик чен өлчөмүн 200 базистик пунктка жылдык 10,00 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.  

2015-жылдын январь-август айларында экономикалык өсүштүн жогорку көрсөткүчтөрү (6,8 пайыз) эң башкысы, “Кумтөр” алтын кен иштетүү боюнча ишканаларда өндүрүштүн өсүшү менен шартталган. “Кумтөрдү” эске албаганда ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) реалдуу өсүш арымы 4,5 пайызды түзгөн.  

Буга карабастан, Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөш өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын нарксызданышынан улам, тышкы тоорук операциялар көлөмүнүн жана акча которуулар агымынын кыскарышы байкалууда. Тышкы финансы рынокторунда туруксуздук сакталууда, бул аталган факторлор менен бирге өлкөбүздүн ички валюта рыногунда басымдын жогорулашынын негизги себептеринин бири болуп саналат жана кыска жана орто мөөнөттүк мезгилде инфляциялык басымды күчөтүшү мүмкүн. 

Өтүп жаткан жылдын сентябрь айынын орто ченине (18ине карата) жылдык мааниде алганда инфляция өткөн айдагы 5,8 пайызга салыштырганда 6,2 пайызды түзгөн. 

Инфляциялык процесстердин болжолдуу динамикасын эске алуу менен Улуттук банк өлкөнүн экономикасындагы жагдайга мониторинг жүргүзүүнү улантып, мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарына ылайык, акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларды көрөт.  

Акча-кредит саясаты орто мөөнөттүк келечекте инфляцияны 5-7 пайыз деңгээлге жетүүгө жана кармап турууга багытталат, бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын орто мөөнөттүк мезгилге каралган акча-кредит саясатынын негизги багыттарында аныкталган. 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча маселе карала турган кийинки отуруму 2015-жылдын 26-октябрына пландаштырылган. 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

 

1. «Рашидик» ЖЧКсы (нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 29-сентябрында № 5376 лицензия берилди). Алмашуу бюросунун каттоо номери №3354. Дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү, 166.  

2. «Касым плюс» ЖЧКсы (нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 29-сентябрында № 5375 лицензия). Алмашуу бюросунун каттоо номери №3353. Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 273. 

3. «Талас обмен» ЖЧКсы (нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 29-сентябрында №5374 лицензия). Алмашуу бюросунун каттоо номери №3352. Дареги: Бишкек шаары, Киев/Кулиев көчөлөрүнүн кесилиши. 

 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюролоруна берилген лицензиялар/күбөлүктөр жокко чыгарылган/кайтарылып алынган: 

 

1. Жеке ишкер Жоробаев Жавлонбек Шавкатович (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 28-сентябрында №5056 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу). Дареги: Ош областы, Кара-Суу шаары, Туратали базары.  

2. Жеке ишкер Бакирова Роза Долатовна (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 1-октябрында № 5058 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу) Дареги: Жалал-Абад областы, Кочкор-Ата шаары, Борбордук базар.