Кайта келүү

 Конъюнктура: 14 - 18 сентябрь

18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды 

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчысына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын учурдагы иши, атап айтканда банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу, инфляция деңгээлин төмөндөтүү жана улуттук валютанын алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө жагында көрүлүп жаткан иш-аракет тууралуу маалымдалды.  

Президент Алмазбек Атамбаев, Улуттук банк өлкөдө валюта рыногунун жана макроэкономикалык жагдайдын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн мүмкүн болуучу тобокелдиктерди кыскартуу максатында, Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнөн болгон өлкөлөрдүн валюта рынокторундагы жагдайларга мониторинг жүргүзүүнү күчөтүшү зарыл экендигин баса белгиледи.  

Өлкө башчысы өлкөнүн Евразия экономикалык союзунда катышуу шарттарында экспортко багыт алган ишканаларды арттыруу үчүн валюта рыногунун тең салмактуу иш алып баруусу өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи. 

2000-жылдын 29-июнунда "Тилек" кредиттик союзуна берилген №191 лицензиянын аракети 2015-жылдын 14-сентябрынан тартып убактылуу токтотулду 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жазма буйруктарынын талаптарын аткарбагандыгы, ченемдик укуктук актыларды системалуу түрдө бузууга жол бергендиги үчүн “Тилек” кредиттик союзуна 2000-жылдын 29-июнунда берилген лицензия Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2015-жылдын 10-сентябрындагы №41/3 токтому менен 2015-жылдын 14-сентябрынан тартып убактылуу токтотулган. Юридикалык дареги: Талас областы, Талас ш., Совет атындагы көчө, 202.   

2015-жылдын 14-сентябрынан тартып “Тилек” кредиттик союзуна катышуучуларга сактык пайларды сунуштоо аркылуу алардан каражаттарды тартуу жана кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредит берүү операцияларын ишке ашырууга тыюу салынат.  

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген:  

1. 2015-жылдын 17-сентябрында «Сталбек» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна №5371 лицензия берилген. Дареги: Чүй областы, Аламүдүн району, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү, 132. 

2. 2015-жылдын 14-сентябрында «Набижан» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна №5370 лицензия берилген. Дареги: Ош областы, Араван району, Араван айылы, Ош 3000 көчөсү (автовокзалга жакын жерде). 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюросунун лицензиясы/күбөлүгү жокко чыгарылган/кайтарылып алынган: 

1. Жеке ишкер Хусанов Камалхон Асланхановичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 17-сентябрында берилген №5054 лицензия мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жокко чыгарылган. Дареги: Ош областы, Ноокат шаары, шаардык базар (№13 ларек).