Кайта келүү

 Конъюнктура: 24 - 28 август


Расмий маалымат 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2015-жылдын 24-августунан тартып "Улуттук спорт жана элдик оюндар" сериясындагы "Кыз куумай" жана "Кыргыз каганатынын доору" сериясындагы "Тамга Кыргыз каганатынын биримдигинин символу" коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарган. 

"Кыз куумай" монетасынын алдыңкы бетинин негизги элементи катары тоо этегинде атчан кубалашып бара жаткан кыз менен жигиттин элеси орун алган. Монетанын оң жагында металлдын сапат белгиси жана салмагы көрсөтүлгөн, монетанын жогорку бөлүгүндө "Кыз куумай" деген жазуу, ал эми төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы чагылдырылган. Монетанын арткы бетинин так ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, ал эми аны айланта ат үстүндө кубалашып бара жаткан кыз-жигиттин элеси, ошондой эле анын тегерек четинде оюнга кызыгуу менен көз салып отурган көрүүчүлөрдүн элеси түшүрүлгөн. Арткы бетинин жогорку бөлүгүндө "Улуттук спорт жана элдик оюндары" деген жазуу, ал эми төмөнкү бөлүгүндө монетанын чыгарылган жылы (2015) көрсөтүлгөн.  

Алтындан түшүрүлгөн Тамга кыргыз элинин тукумдан тукумга өтүп келген жалпы белгиси "Тамга Кыргыз каганатынын биримдигинин символу" монетасынын алдыңкы бетинин негизги элементинен болуп саналат. Монетанын композициясы Кыргыз каганатынын Сибирден Борбордук Азияга чейинки кеңири аймакты камтып, гүлдөп-өнүккөн, таасири күч алган мезгилин чагылдырат: бул ачык асмандын көлөкөсү түшкөн тоолордун алкагында ыйык бугу эненин мүйүзүнүн сүрөттөлүшү, алтайды жердеген бак-дарактар, кызыл карагайлар, кыргыз каганатынын жоокерлеринин элестери. Алдында тигинен түшүрүлгөн "Тамга" деген жазуу, сол жагында металлдын сапат белгиси, ал эми оң жагында монетанын салмагы көрсөтүлгөн. Монетанын номиналы төмөн жагында берилген.  

Монетанын арткы бетинде күн сыяктуу ою-чийменин ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, ал эми монетаны айланта жалпы кыргыз тамгасынын кыргыз урууларына таандык ар кандай варианттары түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө "Улуу Кыргыз каганаты" жазуусу, ал эми төмөнкү жагында монетанын чыгарылган жылы (2015) берилген.  

 

Монеталардын өзгөчөлүктөрү 

Аталышы  

Номинал  

Металл  

(сапат белгиси)  

Салмагы  

(г)  

Диаметри  

(мм)  

Сапаты  

Нускасы  

(даана)  

Кыз куумай  

10 сом  

Ag 925°  

28.28  

38.60 мм  

Proof  

2 000  

5 сом  

Мельхиор  

14.35  

33.00 мм  

Proof like  

3 000  

Тамга Кыргыз каганатынын биримдигинин символу  

10 сом  

Ag 925°  

28.28  

38.60  

Proof  

1 000  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 8,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды 

 

Улуттук банк Башкармасы 2015-жылдын 24-августунда эсептик чен өлчөмүн 8,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. 

Сезондук фактор инфляциянын басаңдашын шарттап, ал август айынын орто ченинде (14-августка карата) өтүп жаткан жылдын баш жагындагы 11,6 пайызга караганда жылдык туюндурууда 5,6 пайызды түзгөн.  

2015-жылдын январь-июль айларындагы экономикалык өсүштүн жогорку көрсөткүчү (7,1 пайыз), эң башкысы "Кумтөр" алтын кенин казып алуу ишканаларында өндүрүштүн өсүшү менен шартталган. "Кумтөрдү" эске албаганда ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 4,5 пайыз чегинде катталган.  

Акыркы айларда банктар аралык рынок катышуучуларынын жигердүүлүгүнүн бир аз басаңдагандыгы катталган, ошону менен бирге эле банктар аралык кредит рыногунун орточо салмактанып алынган чени эсептик чен өлчөмүнөн төмөн болгон. 

Тышкы соодалык операциялар көлөмүнүн жана акча которуулар агымынын кыскарышы да байкалууда, ал Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн улуттук валютасынын баасынын түшүүсүнөн улам да келип чыгууда. Тышкы финансылык рыноктордогу туруксуздук күч алууда, жогоруда белгиленген факторлор менен бирге өлкөнүн ички валюта рыногуна келтирилип жаткан басымдын күчөшүнө түрткү берген негизги себептердин биринен болуп, орто мөөнөттүк мезгил аралыгында инфляциялык басымды күчөтүшү ыктымал.  

Инфляциялык процесстердин болжолдонуп жаткан динамикасын эске алуу менен Улуттук банк өлкө экономикасында орун алган жагдайларга мониторинг жүргүзүүнү улантып жана мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарына ылайык акча-кредит саясаты жагында тиешелүү чараларды көрөт. Акча-кредит саясаты орто мөөнөттүк аралыкта инфляцияны Улуттук банктын орто мөөнөттүк мезгилге каралган акча-кредит саясатынын негизги багыттарында аныкталган 5-7 пайыз деңгээлинде токтотуп турууга багытталат.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесин кароого арналган кийинки отуруму 2015-жылдын 28-сентябрына пландаштырылган.  

 

Евразия экономика бирлигине мүчө мамлекеттердин экономика жана финансы министрлигинин, борбордук банктарынын жетекчилеринин жана Евразия экономика комиссиясынын өкүлдөрүнүн кеңешмеси болуп өттү 

 

25-августта Россия Федерация Өкмөтүнүн кабыл алуусунда Москва шаарында Евразия экономика бирлигине (мындан ары Бирлик) мүчө мамлекеттердин экономика жана финансы министрлигинин, борбордук банктарынын жетекчилеринин жана Евразия экономика комиссиясынын өкүлдөрүнүн пландаштырылган кеңешмеси болуп өткөн. Кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан Төраганын орун басары Нурбек Жеңиш катышкан.  

Мында катышуучулар негизги тышкы экономикалык тенденцияларды, тышкы жана ички тобокелдиктерди жана Евразия экономика бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк келечектерин талкуулаган. Ошондой эле жогорудагы мамлекеттердин макроэкономикалык жана валюта-финансы саясатынын алкагында кызматташуусун тереңдетүү маселеси да талкууга алынган.  

Тараптар 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишке ашырылган макроэкономикалык саясаттын жыйынтыктары, Бирликке мүчө өлкөлөрдүн 2015-2016 жылдарга каралган келечеги жана артыкчылыктары туурасында сөз кылган. Мындан тышкары, Россия тарап жыйырмадан турган топтун (G20) борбордук банктарынын жетекчилерин жана финансы министрлеринин жолугушуусунун алдында аталган топтун (G20) жана Финансылык туруктуулук боюнча кеңештин күндөлүк иши жөнүндө маалыматты сунуштаган  

Кеңешменин жыйынтыгында Бирликтин финансылык институттарынын өз ара байланыштарын өнүктүрүү багыттарын кошо алганда, макроэкономикалык жана валюта-финансы саясат чөйрөсүндө Бирликке мүчө мамлекеттердин кызматташуусун тереңдетүү маселесин талкуулоону улантуу, Бирликте улуттук валютада өз ара эсептешүүлөрдү күчөтүү, ошондой эле макулдашылган макроэкономикалык саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу чечими кабыл алынган.  

Кеңешменин катышуучулары макроэкономикалык жана валюта-финансы саясатынын алкагында Бирликке мүчө мамлекеттердин кызматташуусун тереңдетүү максатка ылайыктуу келгендигин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2015-жылдын 29-майында №9 тапшырманы аткаруу алкагында Бирликке мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча интеграциялык чаралар жөнүндө докладында эске алуусун сунуштаган  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети 2015-жылдын 28-августунда саат 8:30дан тартып банктык операцияларды контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн "Росинбанк" ААКсына тике банктык көзөмөл киргизди 

 

Тике банктык көзөмөл киргизүүгө 2015-жылдын 27-августундагы Россия Федерациясынын Борбордук банкынын чыгарган чечими негиз болду. Анда "ИТБ Холдинг" ААК банктык холдингинин катышуучулары болуп саналган "Инвестторгбанк" АКБ(ПАО) жана "Вокбанк" ачык коомуна убактылуу администрациялык режимдин киргизилиши тууралуу чечим чыгарылган. "ИТБ Холдинг" ААКсы "Росинбанк" ААКсынын уставдык капиталынын 90% акциясына ээлик кыларын белгилей кетүү зарыл.  

Тике банктык көзөмөл киргизилгенде"Росинбанк" ААКсынын иши чектелбейт, учурда ал штаттык режимде иштеп, банктык лицензияда каралган бардык операцияларды жүзөгө ашырып келет. "Росинбанк" ААКсынын жетекчилиги Улуттук банктын мыйзамына жана талаптарына ылайык иштин коопсуздугун, ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарып келүүдө.  

 

 

Төмөнкү БФКмдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген:  

1. 2015-жылдын 27-августунда финансылык кооператив формасындагы "БС Финанс" кредиттик союзуна №555 лицензия берилген. Юридикалык дареги: Чүй областы, Токмок шаары, М.Горький атындагы көчө 106. 

2. 2015-жылдын 28-августунда "Алимбек компани" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна №5365 лицензия берилген. Дареги: Баткен областы, Лейлек району Самаркандек айылы. 

3. 2015-жылдын 26-августунда "Бермет и Нарынгуль" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна №5364 лицензия берилген. Алмашуу бюросунун каттоо №3346. Дареги: Бишкек шаары, Суеркулов атындагы көчө, "Оберон" базары, № 5 өтмөк, № 26/1 конт. 

4. 2015-жылдын 26-августунда "БАЙ НУР Финанс" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна №5363 лицензия берилген. Алмашуу бюросунун каттоо №3345. Дареги: Бишкек шаары, Манас пр. 9-үй

5. 2015-жылдын 25-августунда "МСК-Сервис-ломбард" кошумча жоопкерчиликтүү коомуна нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна №5362 лицензия берилген. Алмашуу бюросунун каттоо №3344. Дареги: Чүй областы, Сокулук айылы Фрунзе көч. 132/34. 

6. 2015-жылдын 25-августунда "КЭШ профи" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна №5361 лицензия берилген. Алмашуу бюросунун каттоо №3343. Дареги: Бишкек шаары, Суеркулов атындагы көчө, "Оберон" базары, № 31 павильон. 

7. 2015-жылдын 24-августунда "У Саши" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна №5360 лицензия берилген. Алмашуу бюросунун каттоо №3342. Дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү "Кыял" базары. 

 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюролорунун лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган/кайтарылып алынган: 

1. Жеке ишкер Камалов Талантбек Дуйшебековичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 28-августунда берилген №5043 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жокко чыгарылган. Дареги: Ысык-Көл областы, Каракол шаары, Токтогул атындагы көчө номери жок ("Триада-ДМ" соода үйү). 

2. Жеке ишкер Дрозденко Людмила Сергеевнага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 27-августунда берилген №5041 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жокко чыгарылган. Дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. 273-үй. 

3. Жеке ишкер Каримов Токторбай Тургунбаевичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 27-августунда берилген №5038 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жокко чыгарылган. Дареги: Ош областы, Өзгөн шаары, борбордук базар. 

4. Жеке ишкер Хамидов Боходиржон Киргизбаевичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 27-августунда берилген №5037 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жокко чыгарылган. Дареги: Ош областы, Өзгөн шаары, борбордук базар. 

5. Жеке ишкер Кузнецов Сергей Павловичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 27-августунда берилген №5036 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жокко чыгарылган. Дареги: Чүй областы, Сокулук айылы, ул. Фрунзе көчөсү 132/34.