Кайта келүү

 Конъюнктура: 3 - 7 август

 

2015-жылдын 3-августунан тартып МКК "АйТим-Кредит" ЖЧКсына 2009-жылдын 1-декабрында берилген №257 эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү кайтарылып алынган. 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 37-беренесинин 3-пунктунун, "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун 3.11-пунктунун талаптарын бузгандыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жазма буйруктарынын талаптарын системалуу түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2015-жылдын 31-июлундагы №32/2 токтому менен МКК "АйТим-Кредит" ЖЧКсына 2009-жылдын 1-декабрында берилген №257 эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү 2015-жылдын 3-августунан тартып кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Т. Үмөталиев атындагы көчө, 27. "АйТим-Кредит" микрокредиттик компаниясы 2015-жылдын 3-августунан тартып жеке адамдарды жана юридикалык жактарды улуттук валютада микрокредиттөө боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга тыюу салынат.  

 

 

2015-жылдын 31-июлунан тартып "Заковат" кредиттик союзунун 1998-жылдын 27-ноябрында берилген №73 лицензиясы кайтарылып алынган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы жана такталбаган жана толук эмес маалыматты көзөмөл жана жөнгө салуу органына бергендиги үчүн Улуттук банк тарабынан 2015-жылдын 31-июлунан тартып "Заковат" кредиттик союзунун 1998-жылдын 27-ноябрында берилген №73 лицензиясы кайтарылып алынгандыгы тууралуу маалымдайт. 

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

1. "КЭШ плюс" ЖЧКсы (нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 7-августунда №5353 лицензия берилди). Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3336. Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 28-үй, 8-батир. 

2. "Мырсатай" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 5-августундагы №5352 лицензия берилди). Дареги: Талас областы, Талас шаары, Оторбаев атындагы көчө, № 227. 

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна берилген лицензия/күбөлүк жокко чыгарылган/кайтарылып алынган: 

1. ОсОО МКК "ЕвроЗайм" ЖЧКсы (микрокредиттик компанияга 2009-жылдын 23-июлунда берилген №228 эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк МФК "ИНКОМ" ЖАКка биригүүсүнө байланыштуу жокко чыгарылган). Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Байтик-Баатыр көчөсү, 19-үй, 14-15-батир. 

2. Жеке ишкер Абдрахманов Шейшенбек Мокушбекович (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 11-сентябрында берилген №5048 лицензия аны юридикалык жак катары иш алып барууга алгандыгына байланыштуу жокко чыгарылган). Дареги: Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү, 266. 

3. Жеке ишкер Миршакиров Куттубек Абдысатарович (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 1-августунда берилген №5032 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жокко чыгарылган). Дареги: Талас областы, Манас району, Үч-Коргон айылы ("Чон-Капка" бажы өткөрмөсүнүн жанында).