Кайта келүү

 Конъюнктура: 22 - 26 июнь

 

Улуттук банк Башкармасы "Манас Банк" ЖАКтын төлөөгө жөндөмсүздүгүн аныктаган чечимди кабыл алды жана 2015-жылдын 23-июнунан тартып анын лицензиясы кайтарылып алынды  

Ал эми атайы администраторду дайындоо боюнча жол-жоболор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.  

 

 

ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын өкүлдөрү нак акча жүгүртүлүшүнө тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулашты 

Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Польшанын Элдик банкы, Армения Республикасынын Борбордук банкы, Беларусь Республикасынын Улуттук банкы, Тажикстан Республикасынын Улуттук банкынын жана "DelaRue" компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Нак акча жүгүртүү" боюнча актуалдуу маселелер темасындагы семинар соңуна чыкты.  

Семинардын катышуучуларын тосуп жатып, Төраганын орун басары Бактыгуль Жээнбаева теманын актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгилеп, ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын ортосунда жемиштүү жана узак мөөнөттөгү кызматташуу болооруна ишеним билдирди. "Семинардын жүрүшүндө нак акча жүгүртүү, коллекциялык монеталарды чыгаруу, алтын куймалар жана аларды сатуу, ошондой эле жасалма акча темалары боюнча сөз болот. Мында, биз өзүбүздүн тажрыйбабыз жөнүндө айтып беребиз жана ошол эле мезгилде ушул багытта сиздердин жүргүзүп жаткан иштериңиздерди билгибиз келет. Семинар билим жана тажрыйба алмашуу үчүн негизги аянтча болооруна ишенем", - деп айтты Б. Жээнбаева семинардын катышуучуларына кайрылып жатып.  

Республиканын аймагында нак акча жүгүртүү модели жана уюштуруу эрежелери, өлкөнүн башкы банкынын акча белгилерин жана башка баалуулуктарын чыгаруу, ошондой эле өлчөнгөн алтын куймалары туурасында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Кассалык операциялар бөлүмүнүн начальниги Айбек Токтосунов айтып берди.  

Өлкөдө белгиленген кассалык операцияларды жөнгө салуу жана тартибин белгилөө, Улуттук банкта нак акча каражаттарын автоматташтырылган негизде иргөөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы экономисти Салтанат Аубакирова менен кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы техника адиси Виктор Шабленко тааныштырышты.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облустук башкармалыктарынын адистери Ош областтык башкармалыгынын Нак акча жүгүртүү бөлүмүнүн начальниги Гульмира Бейшенбиева, Талас жана Нарын областтарынын Кассалык операциялар тобунун башкы адистери - Жылдыз Борубаева менен Айгуль Эсеналиевалар ар кайсыл өлкөлөрдөн келген кесиптештерине Кыргызстандын улуттук валютасынын сериялары жөнүндө, эскилиги жеткен жана жараксыз болуп калган банкноталар менен монеталарды алмаштыруу эрежелери, ошондой эле шектенүүнү жараткан банкноталарды экспертизадан өткөрүү тартиби, жасалма акчалар жөнүндө маалымат беришти. Өлкөдө 11 жылдан бери жасалма акчалардын деңгээли эң төмөнкү болуп классификациялана тургандыгы белгиленди.  

Ошондой эле, семинардын катышуучуларына 2015-жылдын май айында чыгарылган Улуттук банктын 1 граммдан 100 граммга чейинки алтын куймалары жөнүндө видеороликтер көрсөтүлдү. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы адиси Бермет Эсенгулова өз сөзүндө алтын куймаларын чыгаруу бул жергиликтүү экономиканын долларлашуу деңгээлин төмөндөтүүгө, жарандарга салым үчүн альтернативалуу жана ишенимдүү инструменттерди сунуштоого, банк секторуна инвестицияларды тартууга, ошондой эле баалуу металлдар рыногу менен өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө багытталгандыгын айтып берди. Мында дагы Улуттук банктын коллекциялык монеталары тууралуу видеоролик, 1995-жылдан 2015-жылдар аралыгында чыгарылган эстелик монеталар жана 2023-жылга чейин чыгаруу пландары тууралуу презентациялар көрсөтүлдү.  

Өз кезегинде, Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын өкүлү өткөн жылдардын талдап-иликтөөлөрүн сунуштоо менен өлкөдө нак акчанын жүгүртүлүшү абалы, ал эми Польша Элдик банкынын өкүлдөрү Польшадагы нак акча жүгүртүүнү уюштуруу, нак акчаны сактоо, аны ташып жеткирүү жана инкассациялоо тартиби тууралуу маалымдашты. Армения Борбордук банкынын өкүлдөрү Армениянын нак акча жүгүртүү системасында Борбордук банктын ролу жөнүндө, акча жүгүртүү модели жана аны жөнгө салуу, ошондой эле мурда чыгарылган коллекциялык монеталар туурасында айтып беришти.  

Семинардын катышуучулары Улуттук банктын нумизматикалык музейинде болушту. Экскурсиянын жүрүшүндө Документ менен иштөө жана коммуникациялар башкармалыгынын Коомдук байланыштар жана протокол бөлүмүнүн башкы адиси Бермет Усубалиева келген конокторго алгачкы төлөм каражаты жана байыркы, орто кылымдагы мамлекеттердин тыйындары менен азыркы учурдагы акчалар, Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн нумизматикалык монеталары тууралуу айтып берди. Музейдеги экспонаттардын ичинде сейрек кездешүүчү монеталар жана кылымдык тарыхы бар ар түрдүү купюралар, баалуу кагаздардын түрлөрү, тарыхый жана нумизматикалык баалуулугу бар чет элдик, эстелик жана юбилейлик монеталар менен Кыргызстандын улуттук валютасынын төрт сериядагы бардык банкнотторунун түрү, 1995-жылдан 2015-жылдар аралыгында чыгарылган коллекциялык монеталар коюлган. Алардын ар биринде республиканын жаныбарлар дүйнөсү жана табияты, кыргыз элинин тарыхы кылымдарга сакталып калган.  

"Нак акча жүгүртүү" боюнча актуалдуу маселелер темасындагы семинар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ЕврАзЭС мамлекеттеринин-катышуучуларынын борбордук (улуттук) банктарынын кызматкерлерин кесиптик окутуу программасынын алкыгында уюштурулду. Иш-чара 23-июлдан 25-июлга чейин созулду.  

 

 

"Profession in Action" күндүзгү лагеринин балдары Кыргыз Руспубликасынын Улуттук банкында экскурсияда болушту 

"Profession in Action" күндүзгү лагеринин катышуучулары Кыргыз Руспубликасынын Улуттук банкынын нумизматикалык музейинде болушту. Ал жерден Улуттук банктын эксперттери атайын экскурсия уюштуруп, өлкөнүн улуттук валютасы тууралуу лекция окуп беришти. Улуттук банктын музейиндеги экскурсия акчанын тарыхына арналды. Документ менен иштөө жана коммуникациялар башкармалыгынын Коомдук байланыштар жана протокол бөлүмүнүн башкы адиси Бермет Усубалиева балдарга Кыргызстандагы жана ага чектеш жайгашкан өлкөлөрдөгү мындан жүздөгөн жылдар мурда эл арасында кеңири колдонулуп келген алгачкы төлөм каражаты тууралуу айтып берди. Экскурсиянын катышуучуларына Улуттук банктын коллекциясынын ичинен эң сейрек кездешкен экспонаттар - баалуу терилер, металл куймалар жана алгачкы монеталар эң маанилүү көрсөтмө куралдан боло алды. Экскурсиянын жүрүшүндө, балдар байыркы жана орто кылымдагы мамлекеттер арасында колдонулган акчалар тууралуу дагы кызыктуу маалымат алышты. Азыркы төлөм каражаттар, анын ичинде Улуттук банктын коллекциялык монеталары да, жаш муундун кызыгуусун жаратты. Балдар музейдеги акыркы 22 жыл ичинде чыгарылган бардык эстелик монеталар менен таанышып чыгышты. Анын ичинде тарыхый инсандар, архитектуралык баалуулуктар, Кыргызстандын флора жана фаунасы, ошондой эле мамлекеттин жашоосундагы маанилүү окуялар чагылдырылган.  

Экскурсиянын катышуучулары улуттук валютанын чыгаруу процесси, жасалма акча, сомдун башка валюталардан айырмачылыгы жана башка көптөгөн суроолорду берип, өздөрүнүн жигердүүлүгүн көрсөтүштү. Балдардын Кыргызстанда акча жүгүртүү жөнүндө суроосуна Улуттук банктын Долбоорлорду жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн башкы экономисти Алексей Фалеев жооп берди. Баарлашуунун жыйынтыгында, ал экскурсиянын эң активдүү катышуучусуна "Тарыхый окуялар" сериясындагы жез-никелден жасалган "Жеңиш чокусу" монетасын ыйгарды.  

 

 

Төмөнкү алмашуу бюролоруна лицензиялар берилди: 

1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна ломбард "Престиж-Кредит" кошумча жоопкерчиликтүү коомуна 2015-жылдын 22-июнунда № 5313 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3310 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү 93. 

2. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Элтуркей джи" ЖЧКсына 2015-жылдын 22-июнунда № 5314 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3311 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Фрунзе атындагы көчө 340, "Метрополь" соода үйү

3. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "АТА-Ко" ЖЧКсына 2015-жылдын 24-июнунда № 5315 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3312 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Бөкөнбаев атындагы көчө 104а. 

4. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "АРГО ПЛЮС" ЖЧКсына 2015-жылдын 26-июнунда № 5316 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3314 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Чүй областы, Кара-Балта шаары Кожомбердиев атындагы көчө 18. 

5. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Ю Рустам" ЖЧКсына 2015-жылдын 26-июнунда № 5317 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Каракол шаары, Токтогул жана Ленин атындагы көчөлөрдүн кесилишиндеги "Ак-Булак" дүкөнү

6. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Адил А" ЖЧКсына 2015-жылдын 26-июнунда № 5318 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Балыкчы шаары, Фрунзе атындагы көчө 136. 

7. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Азамат-Ш" ЖЧКсына 2015-жылдын 26-июнунда № 5319 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Октябрь көчөсү номерсиз (багыты: "Элиза" базары). 

"Мани стрим" ЖЧКсынын 2015-жылдын 26-июнунда №3313 кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат берилгендигин белгилеп кетүү зарыл: Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ден Сяопин атындагы пр., 2. 

 

Төмөнкү алмашуу бюросуна берилген лицензия жокко чыгарылган: 

Жеке ишкер Путилина Ольга Ивановнага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 10-июлунда берилген №5003 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү 93-үй.