Кайта келүү

 Конъюнктура: 15 - 19 июнь

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банктын 2014-жыл үчүн отчетун бекитип берди. 

2015-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2014-жылдагы иши жөнүндө отчетту кароого алып, бекитишти. Тиешелүү чечим парламенттин пленардык отурумунда кабыл алынган. 

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов отчет берүү менен акча-кредит саясатынын негизги параметрлери, өткөн жыл үчүн банк тутумунун көрсөткүчтөрү жана валюта рыногунда орун алган жагдай тууралуу айтып берди.  

2014-жылы катаал тышкы жана ички макроэкономикалык шарттар Кыргызстан экономикасын өнүгүшүнө оор таасир тийгизгендигин билдирген. Бул, продукцияга карата суроо-талаптын төмөндөөсүндө да жана эмгек мигранттарынан келип түшкөн акча которуулар көлөмүнүн кыскарышында да байкалган. Мигранттардын акча которууларынын таза агылып кирүүсү 5,1%га же 107,9 млн. АКШ долларына төмөндөгөн. Экономикалык өсүш 3,6%ды түзгөн. Экспорт 8,1%га төмөндөп, 1,9 млрд. АКШ долларын түзгөн. Импорт 5,8%га төмөндөгөн жана 5,3 млрд. АКШ долларын түзгөн. Орточо жылдык инфляция 7,5%ды түзгөн. 2014-жылы акча базасы 64,5 млрд. сомду түзгөн. 

Толкунбек Абдыгулов белгилеп кеткендей эле, Улуттук банктын акча-кредит саясаты инфляцияны 7% деңгээлде колдоого багытталган, бул 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген. “Бул орто мөөнөттүк мезгил аралыгындагы биздин көрсөткүчүбүз. Баалардын өсүшүнүн орточо арымдарын колдоо Улуттук банктын милдетинен болгон. 2014-жылы инфляциянын орточо жылдык мааниси 7,5% деңгээлде түптөлгөн. Бүтүндөй жыл ичинде инфляциянын орточо жылдык мааниси 3,6-7,5% чекте өзгөрүлүп турган. Ошентип, акча-кредит саясатынын инфляция боюнча көрсөткүчү сакталган”,- деп Улуттук банктын Төрагасы билдирген. 

Улуттук банк 2014-жылы акча-кредит саясатынын жаңы негизине өтүүнү баштагандыгын эске салды. “Акча-кредит саясатынын колдонуудагы инструменттери ыңгайлаштырып, “овернайт” депозиттери жана 7 күндүк кредиттер сыяктуу жаңы инструменттери да ишке киргизилген, бул орто мөөнөттүк мезгил ичинде реалдуу секторду кредиттөө чендеринин Улуттук банктын чендери менен жакындашуусуна өбөлгө түзөт. Улуттук банк Башкармасынын чечими менен эсептик чен өлчөмү ай сайын аныктала баштады. Жогорулатылган инфляциялык басымдын сакталышын эске алуу менен эсептик чен өлчөмү жыл ичинде жогорулап, жылдын акырына карата 10,50%ды түзгөн. Демек, акча-кредит саясатынын башка инструменттери боюнча чендер өзгөргөн: “овернайт” кредити боюнча жылдын акырына карата чен 11,50%, “овернайт” депозити 4,50%га чейин түзгөн”, - деп Улуттук банктын жетекчиси белгилеген.  

Өз отчетунда Т. Абдыгулов өлкөнүн ички валюта рыногунда өткөн жылы түптөлгөн жагдайга токтолуп, аны кыйла татаал болгондугун белгилеген, анткени Улуттук банк Кыргызстан тандап алган өзгөрмөлүү алмашуу курсун, комплекстүү көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чаралары менен айкалышта алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн жөнгө салуу үчүн гана пайдаланган. Ошентип, курска келтирип жаткан алып-сатарлык басымды нейтралдаштырууга жетишилген. "Ушудан улам, АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 2014-жылы 19,6%га өскөн, бул өнөктөш-мамлекеттердин, мисалга алсак, Россия жана Казакстандын улуттук валюталарынын нарксызданышынын алкагында олуттуу түрдө аз”, - деп белгилеген.  

Улуттук банк курстук өзгөрүүлөрдү текшилөө максатында, АКШ долларын сатуу боюнча сыяктуу эле, сатып алуу боюнча да валюталык интервенцияларды жүргүзүү үчүн эл аралык камдарды пайдаланган. 2014-жыл үчүн банктар аралык валюта рыногунда АКШ долларын таза сатуу 516,3 млн. АКШ долларын түзгөн. Бирок, бүтүндөй алганда эл аралык камдар көлөмү жылдын акырына карата 1,96 млрд. АКШ долларын түзүү менен кыйла аз маанисине - 280,8 млн. АКШ долларына кыскарган. Алтын валюталык камдар тышкы келип түшүүлөрдөн гана эмес, ошондой эле аларды тескөөдөн түшкөн кирешелердин эсебинен жана Улуттук банк ички рынокто алтын сатып алууну уланткандыгынын эсебинен толтурулуп турган. Алтынды сатып алуунун эсебинен өлкөнүн экономикасына 0,7 млрд. сом кошулган.  

Улуттук банктын Төрагасы 2014-жылы өлкөнүн финансы системасынын абалы тууралуу да эл өкүлдөрүнө айтып кетти. Анын сөзү боюнча, банктык жана банктык эмес финансы секторлорунун негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү уланган. Коммерциялык банктардын финансылык ортомчулук көрсөткүчү же банктардын активдеринин ИДӨгө карата катышы 31%дан дээрлик 35%га чейин өскөн. Суммардык активдер 24%га өсүп, 137 млрд. сомдон көбүрөөгүн түзгөн; кредиттик портфель 46%га жогорулап, 79 млрд. сомго жакын түзгөн; депозиттик база 22%га, 78,0 млрд. сомго чейин көбөйгөн. Депозиттик базанын өсүшүнө жеке адамдардын депозиттеринин өсүшү сыяктуу эле (22%), юридикалык жактардын депозиттеринин өсүшү да (24%) негизги таасирди тийгизген, бул калктын банк тутумуна карата ишениминин артышы тууралуу тастыктайт. БФКМдин кредиттери 20%га өсүп, 23 млрд. сомго жеткен. Банктар тарабынан улуттук валютада берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен 1,1 пайыздык пунктка, 19,6%га чейин, чет өлкө валютасында 16,1%га чейин төмөндөгөн (-0,3 пайыздык пункт). 

Толкунбек Абдыгулов белгилеп кеткендей эле, 2014-жылы финансы системасын бекемдөө жана калктын ишенимин жогорулатуу максатында, банктардын сыяктуу эле, БФКМдердин да капиталына карата талаптар жогорулатылган. Бүгүнкү күндө, банк тутумунун бекемдүүлүгүнүн жетиштүү запасы байкалууда, капиталдын шайкештиги кеминде 12% талап коюлган шартта, 22% жетишерлик жогорку деңгээлде калган, бул коммерциялык банктарга экономиканын реалдуу секторун кредиттөөнү кошумча көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. 

Улуттук банктын Төрагасынын отчетун угуп, депутаттар актуалдуу темаларга бир катар суроолорду беришти. Атап айтканда, калкты кредиттөө темасы, анын ичинде проблемалуу кредиттер тууралуу маалыматтар, ошондой эле карыз алуучулардын банктар жана микрофинансылык компаниялары менен орун алган көйгөйлөрүн чечүү ыкмалары, валюталар курсунун пайыздык чендерге тийгизген таасири, ошондой эле ислам каржылоо темалары эл өкүлдөрүндө кызуу талкууну жаратты. Мындан тышкары, депутаттар валюта рыногунда орун алган жагдай, Улуттук банктын пайдасын Өкмөт менен бөлүштүрүү, алмашуу бюролор рыногунун абалы, төлөм системалар рыногу жана башка темалар боюнча суроолорду узатышты.  

Жалпысынан, эл өкүлдөрү өлкөнүн банк жана финансы секторлорунун өнүгүшүндө алгылыктуу жылыштарды белгилеп, Улуттук банктын өтүп жаткан жылга ишинин артыкчылыктуу багыттарын айтып кетишти. 

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин долбоорун кароого алышты 

17-июнда, парламенттин отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин долбоорун кароого алышты, - деп парламенттин басма-сөз кызматы билдирет. 

Бул маселе боюнча докладды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов окуду. Анын сөзү боюнча, бүгүнкү күнү банктык мыйзам ченемдери моралдык жактан эскирип, алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбалардан артта калып, банктын укуктук мамилелер чөйрөсүнүн катышуучуларынын азыркы керектөөлөрүнө жооп бербейт. “Андыктан бул чөйрөдөгү мыйзам базасы системалык жана комплекстүү кайра карап чыгууга муктаж”, - деп белгилеген жана ушундан улам Банк кодекси парламенттин кароосуна сунушталып жатат.  

Улуттук банктын Төрагасы каралып жаткан документтин кабыл алуу маанилүүлүгүн белгилеген, ал республиканын банк мыйзамдарын реформалоо жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын жана бүтүндөй өлкөнүн андан ары туруктуу, арымдуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча инструментинен болот. “Банк кодекси менен банк ишин жүзөгө ашыруу принциптери аныкталып, банк ишин жүзөгө ашырууда жана жөнгө салууда келип чыккан мамилелерди укуктук жактан так белгиленет, банктарды жана банктык кызматтарды сунуштаган башка жактарды түзүү жана лицензиялоо эрежелери такталат”, - деп кошумчалаган. 

Депутаттар баяндамачыга бир катар суроолорду берип, банк тутумун жана бул чөйрөдө колдонулуучу инструменттерди өркүндөтүү маанилүүлүгүн белгилешкен. Эл өкүлдөрү банк ишин жүзөгө ашыруунун мыйзам ченемдерин жана принциптерин модернизациялоо зарылдыгын белгилеген. Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча аталган кодекстин долбоору биринчи окууда добушка коюуга жөнөтүлгөн.  

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин долбоорун жана “Кыргыз Республикасынын Банк кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуулар өткөрүлгөн  

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан уюштурулган. Угууларда Марат Султанов, Роза Акназарова, Алла Измалкова жана Айнуру Алтыбаева катышышкан. Ошондой эле жолугушууда “Кыргызстан банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмесинин, Кыргыз Республикасынын микрофинансылык компаниялар ассоциациясынын, коммерциялык банктардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана журналисттер жигердүү катышышкан.  

 Улуттук банк, негизги банк мыйзамдарын бириктирген актуалдуу консолидацияланган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны сунуштагандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов иш-чараны ачып жатып белгилеген. Албетте көпчүлүк ченемдер жакшыртылып, оптималдаштырылганы сүйүнтөт, бирок ошол эле учурда колдонуудагы мыйзамда өксүктөр да орун алууда”, - деп белгилейт парламентарий. Эң башкысы, мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ашкере жөнгө салууга ыктап кетпесек болду. Бүгүнкү күндө бизге банк мыйзамын оптималдаштыруу зарыл, анткени көп нерсе моралдык жактан эчак эле эскирген”.  

“Борбордук банк баалардын туруктуулугуна гана эмес, узак мөөнөттүк келечекте туруктуу экономикалык өсүш үчүн да жооп берүүгө тийиш. Анткени валюталык жана акча-кредит саясаты баалардын туруктуулугуна гана эмес, бүтүндөй экономиканын өнүгүшү үчүн жооп берет. Банк кодексинин долбоорун кароодо анын ченемдери негизги мыйзамга Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбегендигин эске алуу зарыл”, - деп белгилеген депутат.   

Угуулардын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөө менен Банк кодекси жана аны колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору бир жарым жыл мурда парламенттин кароосуна сунушталгандыгын Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов айтып кетти. Анын кароого алынышынын токтоп калуусу дээрлик бир жылды ээлеген лингвистикалык экспертизаны жүргүзүү менен да байланыштуу болгон. Мамлекеттик тилдеги терминдерди макулдашуу боюнча аябагандай чоң иш өткөрүлгөн. 

“Бүгүнкү күнү мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашылган. Беренелер боюнча талкуулоонун жүрүшүндө көптөгөн сын-пикирлер жана сунуштар айтылган, алардын көбү кабыл алынган. Ушул жумада Банк кодексинин долбоору депутаттар тарабынан биринчи окууда кароого алынат”, - деп кошумчалаган. 

Улуттук банк жаңы мыйзам долбоорун демилгелегенинин себептери тууралуу айтуу менен республикада банк мыйзамын реформалоо зарылчылыгы эчак эле келип жеткендигин Улуттук банктын Төрагасы белгилеген. “Кыргызстан либералдык банк мыйзамы менен айырмаланып турат, ал 90-жылдардын акырында жана 2000-жылдардын башында кабыл алынган. Учур талабына жооп бериш үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү убактысы келип жетти. Сунушталып жаткан Банк кодексинин негизине беш мыйзамдын ченемдери кирген. Долбоордун үстүнөн иш эки жылдан ашык жүргөн, документтин жетиден ашык түрү иштелип чыккан. Банктардан жана микрофинансылык уюмдардан 500дөн ашык сунуш жана сын-пикир келип түшкөн, алардын ичинен төрттөн үчү кабыл алынган. Долбоор кеңири коомдук талкуулоодон, ошондой эле банк сектору, министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуудан өткөн”, - деп маалымдаган.  

Банк кодекси банк ишин жүзөгө ашыруунун негизги принциптерин аныктоого, банк ишин жүзөгө ашырууда жана жөнгө салууда келип чыккан мамилелерди укуктук жактан так белгилөөгө, банктарды жана банк кызматтарын сунуштоочу башка адамдарды түзүү жана лицензиялоо эрежелерин тактоого багытталган, - деп белгилеген Толкунбек Абдыгулов. Жаңы эрежелер банктык укуктук мамилелеринин бардык катышуучуларынын алардын бири-бири жана тышкы субъекттер менен болгон өз ара аракеттенүүсүндө укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилейт, ошондой эле өз убагында жана натыйжалуу, анын ичинде консолидацияланган негизде банк көзөмөлүн камсыз кылат. Банк кодексинин ченемдери банктык продукттардын жана кызматтардын керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоого, алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылууга багытталган. “Банк кодексин кабыл алуунун натыйжасында калктын, ички жана тышкы инвесторлордун банк тутумуна болгон ишенимин, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруу күтүлөт. Аталган мыйзам долбоорлордун колдоп беришиңиздерге ишеним артабыз”, - деп Улуттук банктын Төрагасы сөзүн жыйынтыктады.  

Улуттук банк “Тоодак” жаңы коллекциялык күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарган 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Кыргызстандын Кызыл китеби” сериясынын “10 сом” номиналындагы “Тоодак” жаңы коллекциялык күмүш монетасын 2015-жылдын 15-июнунан тартып жүгүртүүгө чыгарган. 

Улуттук банктын жаңы эстелик монетасынын презентациясына арналган пресс-конференцияда, “Тоодак” жаңы монетасы “Кыргызстандын Кызыл китеби” сериясынын коллекциясын толуктай тургандыгын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу Медина Ашыралиева белгилеген. Монета Казакстан зээрканасында жасалып, 3 000 нускада чыгарылган. Монетаны сатуу баасы 2 000 сом.  

Кыргызча аталышы жана "Otistardaнын" латынча аталышы монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Ал эми монетанын арткы бетинде Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсүнүн сүрөттөлүшү, “Кыргызстандын Кызыл китеби” сериясынын аталышы, республиканын герби жана монетанын чыгарылган жылы берилген. Улуттук банк монетаны даярдатууда заманбап технологияларды колдонууну улантып келет. Алсак, монетанын алдыңкы бетиндеги сүрөттөлүшкө өзгөчө кайталангыс көрк берүү үчүн кычкылдандыруу технологиясы аркылуу анын айрым элементтерине алтын жалатылган.  

 Кыргызстандын жаратылышынын керемет кооздугун, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө бай экендигин кеңири жайылтуу коллекциялык монеталарды чыгаруунун негизги максатынан болуп саналат”, - деп белгилеген М. Ашыралиева.  

1995-жылдан бери Улуттук банк тарабынан бардыгы болуп 51 коллекциялык монета, алардын ичинен 10 жез-никель, бирөөсү мельхиор, үч алтын жана 37 күмүш монета чыгарылгандыгын ушул эле башкармалыктын Эксперттик бөлүмүнүн жетектөөчү эксперти Эмиль Курманалиев маалымдаган. Быйылкы жылы эле “Тарыхый окуялар” сериясынын “Улуу Жеңишке 70 жыл” жана “Кыргызстандын Кызыл китеби” сериясынын коллекциялык күмүш монеталар чыгарылган.  

 “Республикада нумизматикалык монеталарга кызыгуу жылдан жылга артып жатат. Орточо алганда күмүш монеталар бир жумадан үч жылга чейин, жез-никелден бир жумадан эки айга чейинки аралыкта сатып өткөрүлөт”, - деп кошумчалады ал.  

Коллекциялык монетанын өзгөчөлүгү

Монетанын аталышы  

Номиналы  

Металлы  

(сапат белгиси)  

Кошумча технологиялар  

Салмагы  

Диаметри  

Сапаты 

Нускасы  

(даана)  

"Тоодак"  

10 сом  

Күмүш 925є  

Кычкылдандыруу ыкмасы аркылуу монетанын айрым элементтерине алтын жалатылган  

28.28 г  

38.60 мм  

"proof"  

3 000  

  

  

Монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир монета акриль капсуласына салынып, сертификатын тиркөө менен өзүнчө кутучага таңгакталат.  

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

1. МКК «БАЙЗАМАН» ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө 2015-жылдын 10-июнунда № 488 күбөлүгү берилди. Юридикалык дареги: Талас областы, Талас шаары, Манас атындагы көчө 122/2. 

2. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Тысяча мелочей Муса» ЖЧКсына 2015-жылдын 8-июнунда № 5304 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3302 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, «Дордой» соода комплекси, Шымкент унаа токтотуу жайы 23/4. 

3. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна « Кут плюс» ЖЧКсына 2015-жылдын 8-июнунда № 5305 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3303 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов атындагы көчө 150/10. 

4. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Нурислам-Б» ЖЧКсына 2015-жылдын 11-июнунда № 5306 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Ноокен районунун Кочкор-Ата айылы, Колхозная көчөсү номерсиз (багыты: борбордук базар "Маржанбак" базары). 

5. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Люкс Людмила» ЖЧКсына 2015-жылдын 12-июнунда № 5307 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3304 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, ТРК «Дордой» соода комплекси, Шымкент унаа токтотуу жайы № 17 «Т». 

6. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Султан один» ЖЧКсына 2015-жылдын 15-июнунда № 5308 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3307 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов атындагы көчө 150, "Султан" алмашуу бюросу. 

7. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Ар-Бат финанс » ЖЧКсына 2015-жылдын 15-июнунда № 5309 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3308 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов атындагы көчө 144. 

8. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Элнур секьюрити» күзөт агенттиги ЖЧКсына 2015-жылдын 15-июнунда № 5310 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3309 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ахунбаев атындагы көчө 132-18. 

9. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна “Мариям-М” ЖЧКсына 2015-жылдын 17-июнунда № 5311 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Жалал-Абад шаары, Н. Айтматова атындагы көчө номерсиз (багыты: Борбордук базардагы "Мариям" бут кийим базары). 

10. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна “Милан-А.Ш.” ЖЧКсына 2015-жылдын 17-июнунда № 5312 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Жалал-Абад шаары, Н. Айтматова атындагы көчө номерсиз (багыты: Борбордук базардагы "Мариям" бут кийим базары). 

Төмөнкү юридикалык жактардын кошумча алмашуу бюролору каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат берилгендигин белгилеп кетүү зарыл: 

1)  «Амина плюс» ЖЧКсы 2015-жылдын 11-июнунда 3304 номеринде каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси 98. 

2) «Тайм-Аут» ЖЧКсы 2015-жылдын 12-июнунда 3305 номеринде каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Байтик-Баатыр атындагы көчө 57. 

 

Төмөнкү алмашуу бюросуна берилген лицензия жокко чыгарылган: 

Жеке ишкер Корчагин Василий Павловичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 8-августунда берилген №5034 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Баткен областы, Кадамжай районунун Пульгон айылы, Гагарин атындагы көчө номерсиз, багыты борбордук базар.