Кайта келүү

 Конъюнктура: 8 - 12 июнь

Жумалык хроника 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/9 токтому менен бекитилген "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык, төрт уюм Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон 

 

"Terem PAY" (Терем ПЭЙ) ЖЧКсы 

"Terem PAY" (Терем ПЭЙ) ЖЧКсы 2015-жылдын 3-июнунда төмөнкү иш багыттарын жүзөгө ашыруу укугуна төмөнкү лицензияларга ээ болгон:  

№ 2009030615 - төлөм системасынын процессинг, клиринг борборунун катышуучуларынан болгон үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоого лицензия.  

№ 3008030615 -өз иш натыйжасынан болуп саналбаган маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына таянуу менен төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу кызматын сунуштоого лицензия. 

 

"Грин Лайн ЖСМ" ЖЧКсы 

"Грин Лайн ЖСМ" ЖЧКсы 2015-жылдын 12-июнунда төмөнкү иш багыттарын жүзөгө ашыруу укугуна төмөнкү лицензияларга ээ болгон:  

№ 2010120615 төлөм системасынын процессинг, клиринг борборунун катышуучуларынан болгон үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоого лицензия.  

№ 3009120615 өз иш натыйжасынан болуп саналбаган маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына таянуу менен төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу кызматын сунуштоого лицензия. 

 

"Тиллабай" ЖЧКсы: 

"Тиллабай" ЖЧКсы 2015-жылдын 12-июнунда төмөнкү иш багыттарын жүзөгө ашыруу укугуна төмөнкү лицензияларга ээ болгон:  

№ 2011120615 төлөм системасынын процессинг, клиринг борборунун катышуучуларынан болгон үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоого лицензия.  

№ 3010120615 өз иш натыйжасынан болуп саналбаган маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына таянуу менен төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу кызматын сунуштоого лицензия. 

 

"Mobile & Television Communication" ЖЧКсы: 

"Mobile & Television Communication" ЖЧКсы 2015-жылдын 12-июнунда төмөнкү иш багыттарын жүзөгө ашыруу укугуна төмөнкү лицензияларга ээ болгон:  

№2012120615 төлөм системасынын процессинг, клиринг борборунун катышуучуларынан болгон үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоого лицензия.  

№ 3011120615 өз иш натыйжасынан болуп саналбаган маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына таянуу менен төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу кызматын сунуштоого лицензия. 

 

 

 

Улуттук банк менен Дүйнөлүк банк төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жагында долбоорлорду ишке ашырышат. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) Төрагасынын орун басары Бактыгуль Жээнбаева өлкөгө келген Дүйнөлүк банктын миссиясынын курамына кирген төлөм системалары боюнча улук адис Лоис Эстель Куинн менен жыйынтыктоочу жолугушууну өткөрдү.  

Иш сапардын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстандын төлөм кызмат көрсөтүү рыногунун катышуучулары, мамлекеттик органдар менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, тармакты өнүктүрүүнүн келечеги жана анын көйгөйлөрү жөнүндө талкуулашкан.  

Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Лоис Эстель Куинн Улуттук банкка төлөм системасы ишинин тогуз компоненти боюнча, атап айтканда мыйзамдын жана ченемдик укуктук базанын учурдун талабына ылайык келүүсүнө, акча которуу рыногуна, баалуу кагаздар жана акча-кредит рынокторуна, ошондой эле улуттук төлөм системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, төлөм системаларынын операторлоруна көзөмөл жүргүзүү жана башкаларга комплекстүү баяндаманы даярдоону сунуш кылган.  

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Бактыгуль Жээнбаева кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен биргеликте иш алып баруунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоону сунуштады. "Нак эмес төлөмдөр жана электрондук акча рыноктору арымдуу өнүгүүдө, ошондуктан буларга карата тиешелүү эрежелер сакталбаган учурда, аларды контролдукка алуу кыйын болуп калышы мүмкүн. Бул багытта Улуттук банк мезгилге жараша аракет кылуусу зарыл" - деп белгиледи орун басар.  

Жолугушуунун жыйынтыгында Улуттук банк менен Дүйнөлүк банктын ортосунда төрт негизги багыт аныкталып, аларды ишке ашыруу ушул жылы башталат, алсак " Элкарт" улуттук төлөм системасын жана Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборун өнүктүрүү, электрондук акча тобокелдигине жана акча которуу рыногуна баа берүү, ошондой эле төлөм системасынын банктык эмес катышуучуларына жана бүтүндөй төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногуна көзөмөл жүргүзүү.  

Жолугушуунун соңунда тараптар жемиштүү эки тараптуу кызматташтыкка жетише тургандыктарына ишеним көрсөттүү. Ал эми миссиянын иш сапары 28-майдан 10-июнга чейин болуп өткөн.