Кайта келүү

 Конъюнктура: 18 - 22 май

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өлчөнгөн алтын куймаларын ишке ашырууга арналган пресс- конференция болуп өттү

Улуттук банк тарабынан 1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы аффинаждалган алтын куймалар биринчи ирет чыгарылып жатат. Бул жаңы банктык продукт инвестициялоо үчүн келечекке карай ишенимдүү финансылык салым катары саналат .. Белгилүү болгондой эле, 2015-жылдын 7-майынан тартып Улуттук банк аффинаждалган алтындан даярдалган куймаларды сата баштады. Алтын куймаларын чыгаруу жергиликтүү экономиканын долларлаштыруу деңгээлин төмөндөтүүгө жана жарандарга акча каражаттарын бир гана чет өлкө валютасында эмес, алтынга салуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө багытталган.  

Ош шаарында алтын куймаларын сатыкка чыгарууга арналган пресс-конференцияны ачып жатып, Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын начальниги Шамил Айдаркулов, аталган банк биринчи жолу өлчөнгөн алтын  куймаларын чыгарып жаткандыгын баса белгиледи. Анын айтымында100 грамм салмактагы алтын куймалар сертификаты менен кошо өзүнчө кутучуларга жайгаштырылган, ал эми 1, 2, 5, 10 жана 31,1035 грамм салмагындагы куймалар сертификаттын кызматын аткаруучу - өзгөчө коргоого алынган бекем желим менен капталып (таңылып) чыгарылган. Капталган желимдин сертификаттын бүтүндүгү куймалардын аныктыгына кепилдик болуп, аларды кайра сатып алуу учурунда кардар менен дароо эсептешүүнү камсыз кылат. Куйма салынган желим кутуча сырткы таасирлерге дуушарланса же желим менен капталбаган болсо, ошол куйма Улуттук банкта кылдат экспертизадан өткөртүлүүгө тийиш деп билдирди ал.   

"Алтын куймалар аяр мамилени талап кылат. Жогорку сапаттагы металл өтө ийкемдүү келгендиктен, ага сырттан таасир этүүгө дегеле болбойт, анткени, анын үстү бармак же чүпүрөк тийсе эле чийилип калышы мүмкүн. Коргоого алынган кутучаны ачып көрүү металлдын булганышы же бузулушу мүмкүнчүлүгүн шарттайт. Сырткы таасирлерге дуушар болгон куйма баалуулугун жоготуп, металл сыныгы катары бааланып, өз наркынан төмөн баада гана сатылышы мүмкүн. Мына ошондуктан, куйманын кутучасын ачып көрүү болбойт"- деп маалымдады Ш.Айдаркулов.   

Пресс-конференцияда, ошондой эле Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын начальниги Жумаш Сыдыков да катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында журналисттер Улуттук банктын өкүлдөрүнө кызыктырган суроолору боюнча жооп алууга мүмкүнчүлүк берилген.  

Өлчөнгөн алтын куймаларды сатуу Улуттук банктын Бишкек жана Ош шаарларындагы жүгүртүү кассалар аркылуу нак жана нак эмес формада жүзөгө ашырылат. Кардар сатып алып жаткан учурда кассирге ким экендигин тастыктаган документин ( юридикалык жак кошумча ишеним катын көрсөтүүсү зарыл) берип, төлөгөндүгү тууралуу квитанцияга кол коёт.  

Өлчөнгөн куймалар Улуттук банк тарабынан аларды кайра сатып алуу укугу менен кутучасы-сертификаты бузулбаган шартта гана кабыл алынат. 

Өлчөнгөн куймаларды сатып алуу-сатуу баасы күн сайын улуттук валютада белгиленип, Улуттук банктын расмий сайтынын "Банктык өлчөнгөн куймалар" бөлүгүндө жайгаштырылат.   

Өлчөнгөн куймалардын техникалык мүнөздөмөлөрү  

   

Салмагы (гр.)   

Металлы   

Сапат белгиси   

1   

Алтын   

999,9°   

2   

Алтын   

999,9°   

5   

Алтын   

999,9°   

10   

Алтын   

999,9°   

31,1035   

Алтын   

999,9°   

100   

Алтын   

999,9°   

 

Куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу ишемби, жекшемби күндөрүнөн тышкары, күн сайын саат 9:00-15:00гө чейин төмөнкү даректер боюнча ишке ашырылат.   

- Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчөсү 101, тел. (312) 66-91-41 же 66-92-31   

- Ош шаары, Курманжан Датка атындагы көчөсү 119, тел. (3222) 2-12-7 же 2-12-20   

  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин студенттери Улуттук банктын нумизматикалык музейинде болушту 

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин математика, информатика жана кибернетика факультетинин 2-курстагы студенттери Улуттук банктын нумизматикалык музейинде болушту. Экскурсияны Коомдук байланыштар жана протокол бөлүмүнүн башкы адиси Бермет Усубалиева алып барды. Мында, студенттер акча жөнүндө жана алгачкы төлөм каражаттардын келип чыгышы, ошондой эле Кыргызстандын, чет өлкөлөрдүн заманбап монеталары жана банкноттору тууралуу маалымат алганга жетишти.  

Студенттер Кыргызстандын коллекциялык монеталарына, айрыкча алтын, күмүш жана жез-никель эстелик монеталардын дизайнына жана аны даярдоо технологиясына өтө кызыгуусун арттырган. Коллекциялык монеталар жөнүндө айта турган болсок: “Биздин монеталар эл аралык деңгээлде таанылып, татыктуу абройго ээ. Мисалы, “Кыргызстандын тарыхый эстеликтери жана архитектурасы” сериясынан "Саймалуу-Таш" коллекциялык монетасы "Монеталар даражасы-2014" эл аралык сынагында үчүнчү орунга татыктуу болгон, ал эми жакынкы арада эле жүгүртүүгө чыгарылган “Улуу Жеңишке 70 жыл” аттуу монетабыз, коомчулукта ири суроо - талапка ээ болду”, деп билдирди  Б.Усубалиева.  

Студенттер тобун жетектеген Улуттук Университеттин окутуучусу Мээрим Намазалиеванын айтымында, мындай экскурсияларды уюштуруу менен биз ата-бабаларыбыз колдонуп келген төлөм каражаттары жана дегеле акча каражаттар жөнүндө тарыхты айтып тим болбостон, көрсөтүп, алар менен тааныштыруу деп сөзүн жыйынтыктаган.  Ал эми өз кезегинде студенттер акча дүйнөсүнө жасалган кызыктуу экскурсия үчүн Улуттук банктын өкүлдөрүнө ыраазылыктарын билдиришти.   

 

Улуттук банкта сейрек кездешүүчү коллекциялык монеталар жана уникалдуу номерлерге ээ алтын куймалардын аукциону жыйынтыкталды. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жыл сайын өтүүчү баалуу коллекциялык монеталарды жана уникалдуу номерлерге ээ алтын куймаларды сатуу боюнча аукцион болуп өттү.   

Тоорукта 10 лотто 1995-жылдан 2007-жылга чейин чыгарылган жана Улуттук банктын кассаларында сатып өткөрүлбөгөн 10 нумизматикалык монеталар коюлган. Алардын ичинен бири алтындан жана тогузу күмүштөн даярдалган монеталар: "Ош-3000", "Манас эпосуна 1000 жыл", "Хан-Теңири", "Аркар", "Акмаңдай гүл". "Улуттук валютага 10 жыл", "Кызматташуунун шанхай уюму", "Таш-Рабат", "Өзгөн архитектуралык комплекси" жана "Улуу Жеңишке 60 жыл".   

Ошондой эле ушул жылы аукциондо коллекциялык монеталар менен бирге эле 6 лотто 1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы уникалдуу номерлерге ээ алтын куймалар дагы коюулду. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Шамиль Айдаркуловдун айтымында, Улуттук банктын продукцияларына карата жарандардын суроо-талабы жылдан жылга өсүүдө. " Мисалы, апрель айынын ортосунда жүгүртүүгө чыгарылган "Улуу Жеңишке 70 жыл " күмүш монетасы май айынын башында эле сатылып кеткен. Азыркы учурда биз алтын куймаларына дагы өзгөчө кызыгуу жаралып жатканын байкап жатабыз" , - деп белгиледи.   

  Улуттук банктын кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы экономисти Салтанат Аубакированын айтуусу боюнча, аукционго 20 жакын адам катышты. "Аукционго коюлган алгачкы баасы 70 000 сомду түзгөн монеталар жалпы суммасы 133 500 сомго сатып өткөрүлгөн. Ал эми аукционго коюлган 6 лоттун ичинен тоорук эки лот боюнча гана өткөрүлгөн. Жыйынтыгында алтын куймалар 11 622 сом жалпы суммасында сатылды", - деп белгилеген.  

  Аукциондо 25 000 сомду түзгөн "Ош-3000" алтын монетасы 43 000 сомго сатылды. Ошондой эле "Акмаңдай гүл”,"Хан-Теңири", "Манас эпосуна 1000 жыл" жана "Улуу Жеңишке 60 жыл" күмүш монеталары нумизматтар арасында өзгөчө кызыгууну жаратты. Алардын алгачкы баасы 5 000 сомдон башталып, 14 000, 12 000 жана 10 000 сомго сатылды.   

Жалпысынан 1995-жылдан тартып Улуттук банк тарабынан 51 коллекциялык монеталар чыгарылып, анын ичинен 10 жез-никель, бирөө мельхиор, үчөө алтын жана 37 күмүш. Акыркысы 2015-жылдын 15-апрелинде " Тарыхый окуялар" сериясынан " Улуу Жеңишке 70 жыл " коллекциялык күмүш монетасы жүгүртүүгө берилген. Жакын арада Улуттук банк " Кыргызстандын кызыл китеби " сериясынан " Дрофа" жаңы коллекциялык монетасын жүгүртүүгө киргизүүнүн алдында турат.  

 

Улуттук банктын кызматкерлери эл алдында чыгып сүйлөөнүн негиздери боюнча сабак алышты. 

Улуттук банктын кызматкерлери масс-медиа аркылуу эл алдында чыгып сүйлөөнүн негиздери боюнча сабак алышты. Тренингди медиа эксперт "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин кеңешчиси "Экономика жогорку мектебинин" медиа, коммуникация жана дизайн факультетинин профессору Олег Дмитриев менен Кыргызстандын монтаждоо иши жагында эң көрүнүктүү адистеринин бири Эмил Садыров биргеликте өткөрдү.   Тренингдин жүрүшүндө эксперттер катышуучуларды пресса үчүн билдирүүлөрдү жазуунун технологиясы жана видеокамера алдында өзүн-өзү алып жүрүү негиздери, ошондой эле теле жана радиодогу диалог түрүндө баарлашуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.    

Банк кызматкерлери алган билимдерин тажрыйбада колдонуп, ар бир катышуучу бири биринен журналист жана респондент катары видоинтервью алууга мүмкүнчүлүк алды. Аңгемелешүү видеого тартылып алынгандан соң, анын жыйынтыгы боюнча ар бир видео-интервью талкууга алынып, медиа-кеңешчинин сунуштары айтылды.   

Тренингде жалпысынан Улуттук банктын негизги башкармалыктарынын 40 ашуун кызматкери катышкан.  

 

Төмөнкү алмашуу бюролору лицензияларга ээ болду: 

 

1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Реал Иксчейнч» ЖЧКсына 2015-жылдын 18-майында № 5275 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3272 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары Чүй пр. 4-үй. 

2. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Сити двадцать четыре» ЖЧКсына 2015-жылдын 18-майында № 5276 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3273 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ден Сяопин атындагы көчөсү 4-үй 3-батир. 

3. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Датка-ЮГ» ЖЧКсына 2015-жылдын 18-майында № 5277 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3275 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов атындагы көчөсү 144 А. 

4. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Тайм-Аут» ЖЧКсына 2015-жылдын 18-майында № 5278 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3276 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыр атындагы көчө 55-үй. 

5. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Ломбард «Сэр» кошумча жоопкерчиликтүү коомуна 2015-жылдын 19-майында № 5279 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3277 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыр атындагы көчө 1. 

6. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Виктория. Л» ЖЧКсына 2015-жылдын 19-майында № 5280 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3278 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары Чүй пр. 162 15-батир. 

7. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Стимул Аскат» ЖЧКсына 2015-жылдын 19-майында № 5281 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3279 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү 86. 

8. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Гульсима» ЖЧКсына 2015-жылдын 19-майында № 5282 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Кадамжай шаары Орозбеков атындагы көчө номерсиз, багыты шаар базары. 

9. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Кузибаев Сайдахмат» ЖЧКсына 2015-жылдын 19-майында № 5283 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Кадамжай шаары Орозбеков атындагы көчө номерсиз, багыты шаар базары.  

10. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Викар» ЖЧКсына 2015-жылдын 20-майында № 5284 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3280 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү 162-4. 

11. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «А. СССР» ЖЧКсына 2015-жылдын 21-майында № 5285 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Талас областы, Манас району, "Чоң-Капка" бажы өткөрмөсү

12. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Ломбард «Астра» кошумча жоопкерчиликтүү коомуна 2015-жылдын 21-майында № 5286 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3281 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Байтик-Баатыр атындагы көчө 6/2. 

13. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Надежда-Озгон» ЖЧКсына 2015-жылдын 21-майында № 5287 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3282 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, "Дордой" соода рыноктук комплекси, борбордук өтмөк, № 13 контейнер. 

14. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Мидавита» ЖЧКсына 2015-жылдын 22-майында № 5288 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3283 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Чүй областы, Сокулук айылы Фрунзе көчөсү 161 "а". 

Маалымат үчүн: «Обмен валют у Сергея» ЖЧКсынын 2015-жылдын 18-майында кошумча алмашуу бюросу № 3274 каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү 186.  

 

Төмөнкү алмашуу бюролоруна берилген лицензиялар жокко чыгарылган: 

 

1. Жеке ишкер Шарафудинов Дамир Султановичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 21-майында берилген № 4950 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыр атындагы көчө № 55. 

2. Жеке ишкер Джолдошбаев Талант Галиакпаровичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 29-майында берилген № 4961 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Курманжан Датка атындагы көчө 276-үй. 

3. Жеке ишкер Лянко Александр Александровичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 17-июлунда берилген № 5019 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. 162-15. 

 

Банктар аралык төлөмдөр  Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп 

Анын ичинде 

Клиринг системасы 

Клиринг системасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

 

2015-жылдын 18-майдан 22-майга кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

26 140 486 297,69 

68 018 

1 643 819 894,82 

62 588 

24 496 666 402,87 

5 430 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

6,3 

92,0 

93,7 

8,0 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,1 

1,3 

1,5 

1,4 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

6,1 

8,0 

16,3 

8,6 

5,4 

1,9 

БКга түшкөндөр 

11,3 

55,4 

27,9 

60,0 

10,2 

2,0 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,02 

0,3 

0,3 

0,4 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,1 

3,1 

1,9 

3,4 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

29 047 074 659,51 

64 969 

1 831 279 339,17 

59 130 

27 215 795 320,34 

5 839 

 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү  

Абсолюттук мааниси  

-2 906 588 361,82 

3 049 

-187 459 444,35 

3 458 

-2 719 128 917,47 

-409 

-10,0 

4,7 

-10,2 

5,8 

-10,0 

-7,0 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

18.05.2015 

22.05.2015 

Чыгарылган карттардын жалпы саны    

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

412 088 

414 570 

 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө   

 

1529 

803 

726 

 

1540 

814 

726 

Банкоматтардын саны  

437 

438