Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  15-апрелиндеги отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган:  

 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/3 “Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоо боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтому;  

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтому; 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/6 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому; 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Эл аралык валюта фонду эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашкан  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жеңиш Эл аралык валюта фондусунун миссиясы Торе Хьюго мырза башында турган делегациясы менен жолугушкан. Бишкекте болуп өткөн бул жолугушуу Эл аралык валюта фондусунун өкүлдөрү үчүн алгачкылардан болгон. Мында, Торе Хьюго мырза миссия кандай максаттарды көздөп келгендиги жөнүндө айтып берген. Бул жолугушууда тараптар мындан аркы кызматташуу маселерин талкуулашкан. Эл аралык валюта фондусунун миссиясы Кыргызстанга, алардын үч жылга каралган келишими тарабынан колдоого алынган экономикалык программасынын алкагында Улуттук банктын коргоо механизмдерине баа берүү максатында келген.  

 

Улуттук банк 2015-жылдын 15-апрелинен тартып Улуу Жеңиш күнүнүн 70-жылдык майрамынын урматына “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Улуу Жеңишке 70 жыл” аттуу күмүштөн жасалган коллекциялык монетасын жүгүртүүгө киргизүүдө.  

  Монета өзгөчө ыкмада даярдалып, алдыңкы бетинде георгий лентасынан “70” деген саны менен Улуу Жеңиш күнүнүн урматына арналган салтанаттуу салюттун сүрөтү түшүрүлгөн. Салюттун ачык түстөгү сүрөттөлүшү голограмма катары берилген. Ал эми монетанын тегерек четинде согуш учурундагы окуялардын фрагменттери түшүрүлгөн, мындай сюжет сейил бактын кире беришинде орун алган генерал-майор И.В. Панфиловдун эстелигинин барельефинен алынган. Бул чыгарма Кыргыз ССРнин эл сүрөтчүсү О.М. Мануиловго таандык. Мында монетанын аталышы жана номиналы да көрсөтүлгөн.  

Монетанын арткы бетинде көк асмандын сүрөтү түшүрүлүп, анда тынчтыктын символу болгон ак көгүчкөндөр тартылган, монетанын ортосунда Кыргыз Республикасынын Герби түшүрүлгөн. Монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир монета акрилден жасалган капсулага жайгаштырылып, өзүнчө кутучага сертификаты тиркелип салынат.  

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

 

1. «Айбике плюс» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 14-апрелинде № 5243 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3241 номеринде каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары Ден-Сяопин атындагы көчөсү 2-үй 23-батирде жайгашкан. 

2. «Байгелүү акчалар» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 14-апрелинде № 5244 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3242 номеринде каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Б. Бейшеналиева атындагы көчөсү 31. 

3. «Бай Кучук» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 16-апрелинде № 5245 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3243 номеринде каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары Сүйөркулов атындагы көчөсү 20/1. 

4. «Бинали» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 17-апрелинде № 5246 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3244 номеринде каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары Киев көчөсү 255-үй. 

 

Төмөнкү алмашуу бюролоруна берилген лицензиялар жокко чыгарылган: 

 

1. Жеке ишкер Гаппарова Саниям Розыахуновнага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 13-апрелинде берилген № 4905 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары Абдрахманов атындагы көчөсү 182-11. 

2. «Морион» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 16-апрелинде берилген № 4908 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары Шопоков атындагы көчөсү 119, 1 жана 2-батирлер "Алтын Стиль" дүкөнү

 

Показатели межбанковских платежных систем (МПС) 

 

 

 

Всего МПС 

в том числе 

Клиринговая система 

Гроссовая система 

объем, 

сом 

количество, 

штук 

объем, 

сом 

количество, 

штук 

объем, 

сом 

количество, 

штук 

 

Показатели за период с 13 по 17 апреля 2015 г. (отчетный период) 

Абсолютное значение 

24 393 625 413,25 

66 269 

1 643 229 173,49 

60 411 

22 750 396 239,76 

5 858 

Доля в платежах МПС(%) 

100,0 

100,0 

6,7 

91,2 

93,3 

8,8 

в том числе (%): 

  

  

  

  

  

  

ДЧП ЗАО "МПЦ" 

0,2 

1,4 

2,2 

1,6 

0,0 

0,0 

Исходящие ЦК 

7,0 

6,4 

13,0 

6,9 

6,6 

1,5 

Входящие ЦК 

10,3 

50,5 

23,6 

54,7 

9,3 

6,8 

Исходящие СФ 

0,1 

2,6 

1,3 

2,8 

0,0 

0,0 

Входящие СФ 

0,5 

7,2 

7,6 

7,9 

0,0 

0,0 

Средненедельные показатели за прошлый месяц 

Абсолютное значение 

33 611 340 313,91 

62 355 

1 701 068 896,63 

56 990 

31 910 271 417,28 

5 365 

 

Отклонение показателей за отчетный период от средненедельных показателей за прошлый месяц 

Абсолютное значение 

-9 217 714 900,66 

3 914 

-57 839 723,14 

3 421 

-9 159 875 177,52 

493 

-27,4 

6,3 

-3,4 

6,0 

-28,7 

9,2 

 

 

Показатели системы Элкарт 

По состоянию на 

10.04.2015 

17.04.2015 

Общее количество выпущенных карт   

(без учета перевыпущенных)  

400 430 

403 273 

Количество pos-терминалов:  

- в банках   

- в торговых точках   

 

1500 

790 

710 

 

1509 

791 

718 

Количество банкоматов  

434 

435