Кайта келүү

 Конъюнктура: 24 - 27 февраль


Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралында болуп өткөн отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы №13/8 “Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-ноябрындагы №48/7 “Улуттук банк тарабынан берилген лицензия үчүн төлөм өлчөмү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому; 

2.  Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/11 ”Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу баасынын Улуттук банк тарабынан белгилениши жөнүндө нускоо тууралуу” токтому; 

3.  Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/12 ”Улуттук банк тарабынан алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтому; 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/13 ”Алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды экспертизадан өткөрүү жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу” токтому. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 11 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды 

 

2015-жылдын 24-февралында Улуттук банк Башкармасынын кезектеги отуруму өтүп, анда эсептик чен өлчөмүн 11 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечими кабыл алынган. 

Отурумда өткөн жылдан бери уланып келе жаткан ички жана тышкы тобокелдиктерден улам келип чыккан инфляциялык жагдай жана ички валюта рыногуна келтирилип жаткан басым сакталып калгандыгы белгиленген. Февраль айынын орто ченине карата абал боюнча инфляция жылдык мааниде алганда 10,9 пайызды түзгөн. Кыргыз Республикасынын жана соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасы учурда ар кандай таасирлерге дуушарланган белгисиздик жагдайынын өкүм сүрүшү шартында өнүгүү багытын улантууда.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкө экономикасында түптөлгөн жагдайга мониторинг жүргүзүүнү улантып, мыйзамдарда аныкталган мандатына ылайык, орто мөөнөттүк аралыкта инфляцияны Улуттук банктын 2014-2017-жылдарга акча-кредит саясатынын негизги багыттарында аныкталган чекте 7 пайызга жакын деңгээлде токтотуп турууну көздөгөн тиешелүү чараларды көрүүгө ниттенүүдө. Экономикалык өсүш болжолдоолорун эске алуу менен түптөлгөн алгылыктуу динамиканы колдоо үчүн 2015-жылдын биринчи чейрегинде реалдуу секторду өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү максатында сом түрүндөгү ликвиддүүлүктү жогорулатуу үчүн банк секторуна финансылык ресурстарды аукциондук негизде сунуштоо болжолдонууда.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмүн кароого алган кийинки отуруму 2015-жылдын 30-мартына пландаштырылган. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын аймагына банктык жабдууларды алып келүү жөнүндө келишимдин долбоору, улуттук төлөм системасын өнүктүрүү жана алдыда боло турган Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы (Global Money Week) тууралуу маселелер талкууланды. 

 

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Бактыгуль Жеенбаева коммерциялык банктардын жана “Кыргыз банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту.  

Тараптар «Кыргыз Республикасынын аймагына 2015-2017-жылдары банктык жабдууларды алып келүү жөнүндө» келишимдин долбоорун талкуулашты. 

Бактыгуль Жеенбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан 2015-жылдын январь айында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору жактырылгандыгы тууралуу маалымдады. Аталган мыйзамда банктык жабдууларды алып келүүдө КНСти төлөөдөн бошотуу шарты каралган.  

«Алынып келе турган жабдуулар аймактын жашоочуларын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында, өлкөнүн аймактарында гана орнотулсун деген ниеттерин Жогорку Кеңештин депутаттары пленардык отурумда билдиришкен», деп Бактыгуль Жеенбаева баса белгиледи. 

Ошентип, бул Келишимди кабыл алуу “Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программаны” ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарын банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдары жана банктык күркөлөр менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. 

Мындай иш-чара өлкөнүн аймактарында нак эмес төлөмдөрдү кабыл алууну андан ары кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасында төлөм системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү.  

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары коммерциялык банктардын өкүлдөрүн өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүүгө чакырды.  

“2015-жылдын 1-январынан тартып Улуттук банктын кызматкерлери эмгек акы долбоору боюнча 100 пайыз “Элкарт” картына өтүшкөн. Азыр биз бюджеттик уюмдардын жана мамлекеттик мекемелердин эмгек акы долбоору боюнча улуттук төлөм системасына өтүүсү үчүн иш алып барып жатабыз” , деп Бактыгуль Жеенбаева белгиледи.  

Жолугушуунун акырында Бактыгуль Жеенбаева калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаранын алкагында 9-марттан 17-мартка чейин Улуттук банктын көзөмөлү астында Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы (Global Money Week) өтө тургандыгын маалымдады. Бул иш-чарага калктын кеңири катмарын камтуу максатында башка финансы мекемелери, ассоциациялар жана эл аралык уюмдар катышат. Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында жалпы билим берүү жана орто мектептеринде, жогорку окуу жайларында финансы темасы боюнча семинарларды, тренингдерди, презентацияларды өткөрүү каралган, мектеп жашындагы балдар арасында сүрөттөргө сынак жарыяланган, финансы мекемелерине экскурсия уюштуруу пландаштырылган. Ошондой эле Улуттук банктын Төрагасынын орун басары аталган иш-чарага банк секторун жигердүү катышууга чакыруу менен сөзүн аяктады. 

 

Улуттук банкы 2014-жыл ичинде жүзөгө ашырган акча-кредит саясатынын жыйынтыгын чыгарды 

 

Жыйынтык чыгарылган пресс-конференцияга Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Төраганын орун басары Лада Орозбаева, Экономика башкармалыгынын жана Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниктери Сейилбек Урустемов жана Раушан Сейткасымовалар катышты. 

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Улуттук банктын башчысы жыл ичиндеги акча-кредит саясатынын жана банк секторунун көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат берди. “Өткөн жылы Улуттук банк акча-кредит саясатынын негизин, эсептик ченди аныктоо механизмин өзгөрткөн. Буга чейин анын өлчөмү Улуттук банктын ноталарынын кирешелүүлүгүнө байланыштырып аныкталып келген, азыр эсептик чен өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан экономиканын абалына баа берүүнүн негизинде ай сайын аныкталып турат. Акыркы отурумда эсептик чендин өлчөмүн өзгөртүүсүз 11% деңгээлинде калтыруу чечими кабыл алынган”, деп белгиледи.  

“2014-жылы өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) көлөмү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 3,6 пайызга көбөйүп, 397,3 млрд. сомду түзгөн. Инфляциянын мааниси жылдын акырына карата 10,5 пайыз (2013-жылдын декабрь айынан 2014-жылдын декабрь айына карата), ал эми инфляциянын орточо жылдык мааниси 7,5 пайыз чегинде катталган. Республиканын акча базасы 8 млрд. 667,5 млн. сомго же 64 млрд. 471,9 млн сомду түзүү менен 11,9 пайызга азайган. Иштеп жаткан коммерциялык банктардын кредит портфели 2014-жылдын январь-декабрь айлары ичинде 45,95 пайызга көбөйүп, 78 млрд. 756,3 млн. сомго жеткен. Ал эми 2013-жылы кредит портфелинин өсүшү 34,55 пайызды түзгөн. Жыл ичинде улуттук валютада жаңыдан берилген кредиттер боюнча орточо пайыздык чендер 20,13 пайызды түзүү менен 1,19 п.п. азайган болсо, чет өлкө валютасында 14,95 пайызды түзүү менен 2,73 п.п. төмөндөгөн. Иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү 22,57 пайызга көбөйүп, отчеттук мезгилдин акырына карата 82 млрд. 534,7 млн. сомду түзгөн. 2013-жылы депозиттик базанын өсүшү 32,94 пайызга барабар болгон эле. Улуттук валютада жаңыдан кабыл алынган депозиттер боюнча орточо пайыздык чен 0,16 п.п. жогорулап, 2,49 пайыз чегинде катталса, чет өлкө валютасы боюнча да 0,09 п.п. жогорулап, 0,86% пайызды түзгөн”, деп Улуттук банктын Төрагасы маалымат берди. 

Финансы рыногу тууралуу ал АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 19,57 пайызга жогорулагандыгын белгилеп өттү. 2014-жыл ичинде валюта тооруктарында чет өлкө валютасын сатуу боюнча операциялардын көлөмү 536,7 млн. АКШ долларын түзгөн, ал эми чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча операциялардын көлөмү 20,5 млн. АКШ доллар чегинде катталган . Мында чет өлкө валютасын таза сатуу 516,2 млн. АКШ долларын түзгөн, бирок эл аралык кам бир аз азайган, анткени Улуттук банк интервенцияларды жүргүзүүдөн башка өзүнүн алтын-валюта запасын толуктоо боюнча да операцияларды ишке ашырат. “Валюта рыногунда орун алып жаткан доллардын курсун бекемдөө боюнча жагдай дүйнөдөгү өлкөлөрдүн көпчүлүгүнө таасир эткен дүйнөлүк тенденция болуп саналат. Айта турган нерсе, бүгүнкү күндө өлкөнүн валюта рыногунда доллардын жетишсиздиги катталган эмес. Мында, Улуттук банк тышкы финансы рыноктордогу жана ички валюта рыногундагы жагдайларга дайыма көз салып турат. Өлкөнүн эл аралык дүң камы 2 млрд. АКШ долларына жакынды түзөт“, деп Улуттук банктын Төрагасы Т. Абдыгулов баса белгиледи. 

Улуттук банктын 2014-жыл ичинде аткарган негизги иштеринин жыйынтыктары тууралуу маалымат берилгенден кийин пресс-конференциянын катышуучулары журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрү финансы жана валюта рыногуна тиешелүү маселелер, эл аралык камдын абалы, “Элкарт “улуттук банктык картын жайылтуу маселелери тууралуу сөз козгошту. Ошондой эле журналисттер Кыргыз Республикасынын Евроазия экономика бирлигине өтүшүнөн улам, алдыдагы натыйжалар тууралуу Улуттук банктын пикирин билүүгө кызыкдар болушту.  

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

1. «ГАИП» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 26-февралында № 5215 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу: Баткен областы, Баткен району, Баткен шаары, М.Нургазыев атындагы көчө, үй номери жок, «Ак-Тилек» кафесинин жанында жайгашкан. 

 

 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюролорунун лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган: 

 

1. Доул кредиттик союзуна 1997-жылдын 29-октябрында берилген № 2 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Ош шаары, Ленин көчөсү, 287. 

 

Банктар аралык төлөмдөр  Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп 

Анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гроссовая система 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

 

2015-жылдын 24-февралинан тартып 28-февралын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

27 678 376 997,57 

54 076 

1 522 269 663,10 

49 413 

26 156 107 334,47 

4 663 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

5,5 

91,4 

94,5 

8,6 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,1 

1,2 

0,9 

1,3 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

11,2 

9,6 

28,1 

10,3 

10,2 

1,3 

БКга түшкөндөр 

9,1 

54,3 

21,5 

59,2 

8,4 

2,4 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,01 

0,3 

0,2 

0,3 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,1 

4,4 

2,6 

4,8 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

28 912 525 330,21 

48 053 

1 262 475 068,52 

44 134 

27 650 050 261,69 

3 918 

 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү  

Абсолюттук мааниси  

-1 234 148 332,64 

6 023 

259 794 594,58 

5 279 

-1 493 942 927,22 

745 

-4,3 

12,5 

20,6 

12,0 

-5,4 

19,0 

 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

13.02.2015 

27.02.2015 

Чыгарылган карттардын жалпы саны    

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

377 813 

384 092 

 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө   

 

1471 

788 

683 

 

1489 

789 

700 

Банкоматтардын саны  

431 

431