Кайта келүү

 Конъюнктура: 16 - 21 февраль


Улуттук банктын башчысы «The Economist» журналына интервью берди 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов жума сайын жарык көрүүчү «The Economist» (Улуу Британия) журналына интервью берди. Анын жүрүшүндө Улуттук банктын башчысы өлкөнүн борбордук банкынын иш максаты жана аткарган милдеттери, жүзөгө ашырып жаткан акча-кредит саясаты, республикада финансы рыногунда жана бүтүндөй экономикасында учурда түптөлгөн жагдай тууралуу кыскача маалымат берди.  

«The Economist» журналынын журналисти Россияда иштеген Кыргызстандын мигранттарынын акча которуу көлөмүнө орус валютасынын девальвациясы кандай таасир бергендиги тууралуу айтып берүүнү Т. Абдыгуловдон өтүндү

 

Улуттук банк: «Балтикумс Интернешнл» ЖЧКсы Кыргыз Республикасында банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо уруксатына ээ эмес  

 

Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарында Baltikumsbank компаниясынын өкүлчүлүгү, тактап айтканда «Балтикумс Интернешнл» ЖЧКсынын эсептешүү эсептерин жана төлөм карттарын ачуу, сооданы каржылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштап жаткандыгы жөнүндө кулактандыруусу жарыяланган. 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесине ылайык, чет өлкө банкынын өкүлчүлүгү Улуттук банктын уруксаты менен гана ачылат. Өкүлчүлүгүн ачууга ниеттенген чет өлкө банкы өкүлчүлүктү ачууга чейин эки ай мурун Улуттук банкка бул туурасында билдирүүгө жана аны ачууга уруксат алуу үчүн тиешелүү документтер топтомун берүүгө тийиш. Мында, өкүлчүлүк ошол банктын таламдарын коргоо менен анын атынан иш алып барууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык лицензиянын болушун талап кылган депозиттерди кабыл алууну, кредиттерди берүүнү, эсептешүү операцияларын жана башка ушундай эле операцияларды ишке ашырууну эске албаганда, анын атынан бүтүмдөргө келишип же башка укук ченемдүү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга укуктуу.  

Улуттук банк, Кыргыз Республикасында Baltikumsbank компаниясынын атынан кызмат көрсөтүүнү сунуштаган «Балтикумс Интернешнл» ЖЧКсы өкүлчүлүгү Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын өкүлчүлүктөр реестринде каттоодон өтпөгөндүгүн билдирет.  

«Балтикумс Интернешнл» ЖЧКсы да, Baltikumsbank компаниясы да Улуттук банктан уруксат албагандыктан, банк жогоруда белгиленген кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамын бузууга жол берүү менен ишке ашырып жатат.  

Алдамчылыкка жол бербөө максатында, Улуттук банк Кыргызстандын элин «Балтикумс Интернешнл» ЖЧКсынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануудан алыс болууга жана мындан ары финансы-кредит мекемесин тандоого өтө кылдат мамиле жасоого, анын ичинде Улуттук банктын уруксаты/лицензиясы бар экендигине көңүл бурууга чакырат. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун алкагында окуучулар арасында төмөнкү номинациялар боюнча республикалык сынак жарыялайт. 

1. Төмөнкү темалар боюнча эң мыкты дилбаян: 

· "Банк деген эмне? Ал кандай кызматты аткарат?» 

· «Келечектин валютасы» 

· «Акчаны кайда салууга болот?» 

· «Эгерде мен банкир болсом…» 

· «Акчаны кантип туура колдонуу зарыл?» 

· «Бактылуу болуш үчүн канча акча талап кылынат?» 

· «Улуттук валютанын келечеги» 

2. “Кыргызстандын улуттук валютасына арналат...” темасы боюнча эң мыкты ыр.  

3. «Сом Кыргызстандын жүзү» темасы боюнча эң мыкты сүрөт. 

Сынактын максаты өсүп келе жаткан муундардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик символ катары улуттук валютага этият мамиле жасоо тууралуу маалыматты кеңири жайылтуу. 

Сынакка 6 жаштан 16 жашка чейинки балдар катыша алат. Ырлар жана дилбаяндар орус жана кыргыз тилдеринде, А-4 форматындагы ак баракта, Times New Roman 12 шрифтинде кабыл алынат. 

Сүрөттөрдү кайсы болбосун ыкманы колдонуу менен (акварель, гуашь, графика жана башка) тартууга болот. Бир эле автордон кабыл алына турган сынактын материалдарынын санына жана көлөмүнө чек коюлбайт.  

Сынактын сыйлык фондусунда Улуттук банктын коллекциялык монеталар түрүндө баалуу белектер жана башка сыйлыктар каралган.   

Сынактын материалдары 2015-жылдын 14-апрелине чейин “Балдар сынагы” деген жазуусу менен баланын аты-жөнүн, туулган жылын жана байланышуу үчүн маалыматтарды көрсөтүү менен Улуттук банктын Документ менен иштөө жана коммуникация башкармалыгынын Коомдук байланыштар жана протокол бөлүмүнө сунушталат. Улуттук банктын дареги: Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө 101, 1-кабат, экспедиция 104-бөлмө.  

Бардык суроолор боюнча 66-91-34, 66-90-09 телефондору аркылуу Документ менен иштөө жана коммуникация башкармалыгынын Коомдук байланыштар жана протокол бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.   

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

1. Күрөөкана «Миан» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 18-февралында № 5209 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу № 3207 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Тыналиев көчөсү 92 дареги боюнча жайгашкан. 

2. «НУРМАТ» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 18-февралында № 5210 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу: Баткен областы, Лейлек району, Исфана шаары, Дадосян көчөсү, үй номери жок, «Лейлек» базарынын жанында жайгашкан. 

3. «Валюта Сервис» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 18-февралында № 5211 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу № 3208 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Ж.Абдрахманов атындагы көчө 119, №17 батир дареги боюнча жайгашкан. 

4. «Бермет Плюс-Кара-Балта» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 18-февралында № 5212 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу № 3209 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Чүй областы, Кара-Балта шаары,  Кожембердиев көчөсү 24 дареги боюнча жайгашкан. 

5. «Арал-Чечтөбө» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 20-февралында № 5213 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу: Талас областы, Манас р-ну, Новодонецк айылы, «Кербен» базарында жайгашкан. 

 

6. «Мыктыбек-Руслан» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 20-февралында № 5214 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу: Талас областы, Манас р-ну, Новодонецк айылы, «Кербен» базарында жайгашкан. 

 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюролорунун лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган: 

 

1. Жеке ишкер Вахриченко Ирина Витальевнага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 5-мартында берилген № 4861 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Кара-Балта шаары,  Кожембердиев көчөсү үй №129, 11-күркө

2. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК «КУРЖУН» ЖЧКсына 2010-жылдын 21-декабрында берилген № 328 күбөлүк жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, 8-мкр., 33-44. 

3. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК «Тамерлан» ЖЧКсына 2012-жылдын 28-февралында берилген № 435 күбөлүк жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү, 37. 

 

Банктар аралык төлөмдөр  Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп 

Анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гроссовая система 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

 

2015-жылдын 16-февралынан тартып 21c-февралын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

33 727 841 671,04 

64 681 

1 534 073 966,87 

59 556 

32 193 767 704,17 

5 125 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

4,5 

92,1 

95,5 

7,9 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,1 

1,6 

1,5 

1,8 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

3,9 

5,4 

12,8 

5,8 

3,4 

1,0 

БКга түшкөндөр 

7,8 

56,8 

27,9 

61,4 

6,9 

3,3 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,02 

0,5 

0,4 

0,5 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,1 

5,2 

2,7 

5,6 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

28 912 525 330,21 

48 053 

1 262 475 068,52 

44 134 

27 650 050 261,69 

3 918 

 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү  

Абсолюттук мааниси  

4 815 316 340,83 

16 628 

271 598 898,35 

15 422 

4 543 717 442,48 

1 207 

16,7 

34,6 

21,5 

34,9 

16,4 

30,8 

 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

13.02.2015 

24.02.2015 

Чыгарылган карттардын жалпы саны    

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

377 813 

381 716 

 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө   

 

1471 

788 

683 

 

1483 

788 

695 

Банкоматтардын саны  

431 

431