Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын китепканасынан пайдаланууга сырттан келген адамдар үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт  

Улуттук банктын жетекчилиги, Улуттук банктын китеп фондусунан пайдалануу боюнча билим берүү мекемелеринин жана илимий институттардын өкүлдөрүнөн келип түшкөн көптөгөн кайрылууларды эске алып, китепканага коомдук статусун берүү чечимин кабыл алды.  

Улуттук банктын китепканасы 2015-жылдын 10-февралынан тартып иштей баштайт. Китепкана менен жогорку окуу жайдын, атайын орто окуу жайларынын жана лицейлердин илимий кызматкерлери менен студенттери (студенттик билет же зачет китепчеси бар болгон шартта) жумасына эки жолу шейшемби жана бейшемби күндөрү тиешелүү саат 8.30 - 12.00 чейин жана 13.00 - 17.30 чейин пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат. 

Окурмандар экономика, финансы, банк иши, бухгалтердик эсепке алуу темаларында жана маалымат менен компьютердик технологиялар боюнча сейрек кездешүүчү атайын басылмаларды камтыган уникалдуу китепканадан пайдалана алышат. Ошондой эле 1995-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Улуттук банктын жарыяланып жаткан бардык басылмаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.  

Китептер үйгө берилбейт. Басылмалар менен Улуттук банктын китепканасынын окуу залында гана пайдаланууга уруксат берилет.   

Маалымат үчүн: Улуттук банктын китепканасы 1995-жылдын август айында түзүлгөн.   

Китепкананын китеп фондусу жыл сайын жаңы басылмалар менен толукталып турат жана фонд бүгүнкү күндө 5 миңге жакын нусканы камтыйт. 

Китепкана Чүй проспекти, 168 дареги боюнча Улуттук банктын имаратынын ичинде жайгашкан (Бишкек шаарынын Мэриясынын жанында), тел: (0312) 66-90-30  

 

Улуттук банктын кызматкерлери эл алдында чыгып сүйлөөнүн негиздери боюнча окутуудан өтүштү 

 

Улуттук банкта банктын кызматкерлерин эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө окутууга багытталган тренинг болуп өттү. «Жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш түзүү чеберчилиги» деп аталган тренингге Улуттук банктын жетекчилиги жана негизги башкармалыктардын начальниктери катышты. Тренингди «Россия сегодня» маалымат агенттигинин медиа-консультаны, орус журналисти Олег Дмитриев өткөрдү

Катышуучулар теле жана радио берүүлөрдө маек куруу өзгөчөлүгү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын берүүлөрүндө көрүүчүлөрдүн кабыл алуу өзгөчөлүгү тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле медиа-консультант түз эфир, веб-камералар алында маалымат берүү өзгөчөлүктөрү, телеберүүлөрдө интервью берүү үчүн кийимге жана башкаларга көңүл бөлүү тууралуу маанилүү кеңештери менен ой бөлүштү.  

Тренинг учурунда телеберүүлөрдө интервью берүүнүн түрлөрүнө, экономика жана финансы темаларына арналган орчундуу маалыматтарды аудиторияга жеткире алуу ыкмаларына айрыкча көңүл бөлүндү.  

Банк кызматкерлерине тренинг учурунда алган теориялык билимдерин иш жүзүндө пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилип, видеокамера алдында интервью берүүгө жетишти. Мындан тышкары, Улуттук банктын адистери журналисттердин ролун аткарууга аракеттенишкен. Тренингдин жыйынтыгы боюнча кызуу талкуу уюштурулуп, медиа-консультант тарабынан кеп-кеңештер сунушталды.  

Тренингдин катышуучулары теориялык билим деңгээлин жогорулатуу жагында көндүмдөрдү иш жүзүндө колдонуу тажрыйбасын арттыруу максатында, аталган окутуу тренинги зарыл жана маанилүү маалыматтарды бергендигин билдиришти.  

Уюштурулган тренингдин алкагында Улуттук банктын жетекчилигинен жана негизги башкармалыктардын адистеринен турган 30 кызматкер окутуудан өтүштү.  

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

 

1. «Альфа-Экспресс» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 5-февралында № 5206 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Д.Шопоков атындагы көчө, 119/3 дареги боюнча жайгашкан («Элита» дүкөнү). 

2.  «Жетиген и Ко» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 6-февралында № 5207 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу:  Бишкек шаары, Ж.Абдрахманов атындагы көчө, үй №150, 29/1 дареги боюнча жайгашкан. 

 

 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюролорунун күбөлүктөрү/лицензиялары жокко чыгарылган/кайтарылып алынган: 

 

1. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК «Чын-Кун» (Chin & Kun) ЖЧКсына 2008-жылдын 16-октябрында берилген № 164 күбөлүк жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Аламедин-1 кичи району, 64-23; 

2. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК «Ирбит» ЖЧКсына 2010-жылдын 6-апрелинде берилген № 286 күбөлүк жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., 8-кичи район, 32/1-43; 

3.  КС Шамбала-Ата финансы кооперативине 2001-жылдын 27-июлунда берилген № 280 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Ош шаары, Кыргызстан көчөсү № 78. 

4.  «КС Айкыз» финансы кооперативине 2005-жылдын 27-декабрында берилген № 503 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 236. 

5. Жеке ишкер Банников Петр Анатольевичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 6-февралында берилген № 4841 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Д.Шопоков атындагы көчө, 119/3 («Элита» дүкөнү). 

 

 

Акча которуулар боюнча маалымат  

 

- Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине ылайык (өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтомуна ылайык), «Азия Экспресс» жергиликтүү акча которуулар системасынын оператору «Азия Банкы» ЖАКы Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системасы боюнча кызмат көрсөтүүчү Операторлор реестринде 2015-жылдын 29-январында каттоодон өтүп, ага 1031290115 каттоо номери ыйгарылган.  

- Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине ылайык (өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтомуна ылайык), «Транзит» жергиликтүү акча которуулар системасынын оператору «БТА Банк» ЖАКы Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системасы боюнча кызмат көрсөтүүчү Операторлор реестринде 2015-жылдын 27-январында каттоодон өтүп, ага 1027270115 каттоо номери ыйгарылган.  

 

Межбанковские платежи 

Банктар аралык төлөмдөр  Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп 

Анын ичинде 

Клиринг системасы 

Клиринг системасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

2015-жылдын 2-февралынан тартып 6-февралын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

36 350 691 035,53 

51 185 

1 576 553 551,97 

46 432 

34 774 137 483,56 

4 753 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

4,3 

90,7 

95,7 

9,3 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,1 

2,0 

3,2 

2,2 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

8,7 

9,2 

27,1 

10,0 

7,9 

0,9 

БКга түшкөндөр 

4,1 

45,1 

14,1 

49,3 

3,7 

3,8 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,02 

0,2 

0,5 

0,2 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,2 

6,6 

5,1 

7,2 

0,0 

0,0 

Средненедельные показатели за прошлый месяц 

Абсолюттук мааниси  

28 912 525 330,21 

48 053 

1 262 475 068,52 

44 134 

27 650 050 261,69 

3 918 

 

Отклонение показателей за отчетный период от средненедельных показателей за прошлый месяц 

Абсолюттук мааниси  

7 438 165 705,32 

3 132 

314 078 483,45 

2 298 

7 124 087 221,87 

835 

25,7 

6,5 

24,9 

5,2 

25,8 

21,3 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

30.01.2015 

06.02.2015 

Чыгарылган карттардын жалпы саны    

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

372 019 

374 871 

 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө   

 

1510 

776 

734 

 

1510 

776 

734 

Банкоматтардын саны  

430 

430