Кайта келүү

 Конъюнктура: 19 - 23 январь

 

 

Кыргыз Республикасында нак акчаларды жүгүртүүнүн 2014-жылдын IV чейреги ичиндеги абалы жөнүндө  

 

Жүгүртүүдөгү акчалардын жалпы суммасы 2015-жылдын 1-январына карата 57 074,6 млн сомду түзгөн, алардын ичинен 4 839,6 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында турган, ал эми калган сумма - банктардан тышкаркы системада катталган (жүгүртүүдөгү акчалардын жалпы суммасы өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 9 879,6 млн сомго же 14,8 пайызга азайган).  

2014-жылдын IV чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына бүтүндөй республика боюнча 296 516,2 млн сом келип түшкөн, бул 2013-жылдын IV чейрегине салыштырганда 57 012,1 млн сомго же 23,8 пайызга көп.  

Коммерциялык банктардын кассаларынан 2014-жылдын IV чейреги ичинде 292 017,7 млн сом берилген, бул көрсөткүч 2013-жылдын IV чейрегине салыштырганда 47 784,0 млн сомго же 19,6 пайызга жогору дегенди түшүндүрөт.  

Нак акчалардын коммерциялык банктардын кассаларына кайтарымдуулугу 2014-жылдын IV чейреги ичинде 101,5 пайызды түзгөн (2013-жылдын IV чейрегине салыштырганда 3,4 пайыздык пунктка жогору). 

Нак акчалардын коммерциялык банктардын кассаларына кайтарымдуулугунун 2014-жылдын IV чейреги ичиндеги өзгөрүүсү областтар боюнча 1-таблицада көрсөтүлгөн. 

 

пайыздарда 

 

2013-жыл 

2014-жыл 

Четтөө 

 

Республика боюнча  

 

98,1 

 

101,5 

 

3,4 

Бишкек шаары 

103,6 

106,7 

3,1 

Баткен обл. 

95,7 

97,4 

1,7 

Жалал-Абад обл. 

86,3 

91,5 

5,2 

Ысык-Көл обл. 

90,0 

92,2 

2,2 

Нарын обл. 

82,6 

88,0 

5,4 

Ош обл.  

95,5 

96,0 

0,5 

Ош шаары 

100,0 

104,7 

4,7 

Талас обл. 

64,5 

82,3 

17,8 

Чүй обл.  

100,0 

100,0 

0,0 

 

 

 

Улуттук банктын жетекчилиги Эл аралык валюта фондунун миссиясынын өкүлдөрүн кабыл алды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов 22-январь күнү Эдвард Гемайл башында турган Кыргыз Республикасы боюнча Эл аралык валюта фондунун миссиясы менен жолугушту. Аталган иш-чарага Төраганын орун басарлары жана Кыргыз Республикасындагы ЭВФ өкүлдөрү да катышты.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында банктык көзөмөл жана өлкөнүн валюта рыногундагы жагдай тууралуу сөз козгоо менен эки тараптуу кызматташуу жөнүндө маселелерди талкуулашты.  

 

 

Улуттук банктын адистери калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында Токмок шаарынын мектептери үчүн жеринде барып лекция окуу иш-чарасын өткөрдү.  

 

Улуттук банк калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууну улантуунун алкагында Токмок шаарынын № 1, № 3 жана № 12 орто мектептеринин окуучулары үчүн жеринде барып лекция окуу иш-чарасын өткөрдү. Лекцияга 150дөн ашык окуучу катышты.  

Улуттук банктын негизги башкармалыктарынын адистери презентацияларды камтыган материалдар менен лекция окуп, сабактын жүрүшүндө үй-бүлө бюджетин туура пландоо, жеке финансылык каражаттарды сабаттуу тескей билүү, улуттук валютанын банкноттор сериялары, алардын коргоо элементтери, аманатка салуу жана депозиттердин түрлөрү, кредиттер менен карыз алууларды тариздөөнүн эрежелери, заманбап төлөм инструменттери менен улуттук төлөм карты Элкарт тууралуу кеңири маалымат беришти.  

Лекцияларды Улуттук банктын Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар укугун коргоо бөлүмүнүн башкы юристи Мирлан Майтпасов, Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эмиль Курманалиев, Тышкы көзөмөл башкармалыгынын Банктарга тышкы көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору Тынчтык Тенизбаев, Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасынын ишин анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Салтанат Ибрагимова жана Тышкы көзөмөл башкармалыгынын Банктык эмес финансы-кредит мекемелерине тышкы көзөмөл бөлүмүнүн жетектөөчү инспектору Авас Джумаевдер окуду.  

Лекциянын жүрүшүндө жана иш-чара аяктагандан кийин дагы жогорку класстын окуучулары аманатка салуу, депозиттердин түрлөрү, кредиттер тууралуу жана төлөм карттардын түрлөрү жөнүндө кызыккан суроолорун беришти.  

10-класстын окуучусу Мээрим лекция учурунда өзү үчүн көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алгандыгын белгиледи: "Бүгүн алган билимимди мен азырынча пайдалана албайм, бирок келечекте алар мага сөзсүз кереги тиет деп ойлом. Себеби бүгүнкү күндө Кыргызстан жаштары жеке каражаттарыбызды үзүрлүү пайдаланууга, карыз алууга жана аны туура тариздөөгө, каражаттарды топтоого жана инвестиция жумшоого муктажбыз. Ар бир адам алган билимин андан ары тереңдетип өнүктүрүүсү зарыл. Анткени финансылык жактан сабатуу адам келечекте көп ийгиликтерге жетишет деп эсептейм".  

Ошондой эле 11-класстын окуучусу Бакыт: "XXI кылымда бардык адамдар экономиканын жана финансынын негизги түшүнүктөрүн билүүсү зарыл. Бул учурдун талабы. Финансылык сабаттуулук бардык курактагы адамдар үчүн керек", - деп баса белгиледи.  

Жогорку класстын дагы бир окуучусу Адилет: "Мен дайыма экономиканы татаал деп эсептечүмүн жана келечекте ушул багыттагы кесипти тандагым келчү эмес. Бирок бул өзүңдүн жеке ишиңе да зарыл экендигин азыр гана түшүнүп отурам, ал үчүн финансы маселелерин билүү зарыл. Турмушта ар кандай болот, ошон үчүн бул тармакта базалык билимге ээ болуу маанилүү экен", - деп жеке пикири менен бөлүштү.  

Токмок шаарынын №12 орто мектебинин окуу иштери боюнча башчысы Любовь Олейникованын айтуусу боюнча азыркы турмушта экономикалык жактан билимдүү болуу балдар үчүн абдан пайдалуу. "Алар финансылык институттар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү туура пайдаланууну, өз бюджеттерин так бөлүштүрүүнү билүүсү керек, ошондой эле, албетте, өлкөнүн ийгиликтүү жарандары болуп өсүүгө тийиш. Бүгүнкү иш-чара балдар үчүн маалыматтарга бай жемиштүү сабактардан болду деп эсептейм. Ушул сыяктуу лекциялар бат-бат өтүп турса деген оюмду билдиргим келет", - деп кошумчалады.  

Улуттук банктын адистери калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун алкагында маалымат берүү үчүн республика боюнча мектептерге, кесиптик орто жана жогорку окуу жайларына жеринде барып лекция окуу иш-чарасын улантууда. Мурда мындай иш-чара Бишкек шаарынын № 84 жана № 93 мектептеринин жана кесиптик лицейлердин окуучулары үчүн өткөрүлгөн.  

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

1. "Валюта плюс" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 23-январында № 5203 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3201 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Ж.Абдрахманов/Ж.Бөкөнбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан, үй номери жок (күркө аялдамада орун алган). 

2. "Мазар-суу" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 23-январында № 5204 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу № 3202 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, "Алтын-Тоо" базары, 16-өтмөк, № А1 дареги боюнча жайгашкан. 

3. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө "Азат и Ко" микрокредиттик агенттигине 2015-жылдын 19-январында № 207 күбөлүк берилди. МКА Бишкек шаары, Учкун кичи районунда, үй №15, 28-кв. дареги боюнча жайгашкан. 

 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюролорунун күбөлүктөрү жокко чыгарылган: 

1. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Кутман Кредит" ЖЧКсына 2012-жылдын 20-апрелинде берилген № 450 күбөлүк жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Токмок шаары, Станционная көчөсү, 33 "А"; 

2. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКА "Фонд Восстановления" коомдук фондуна 2010-жылдын 5-августунда берилген № 193 күбөлүк жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абай көчөсү, 2/7. 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр  

системасы, бардыгы болуп 

Анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гроссовая система 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

2015-жылдын 19-январинан тартып 23-январын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

33 472 198 022,73 

57 485 

1 454 768 762,07 

52 789 

32 017 429 260,66 

4 696 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

4,3 

91,8 

95,7 

8,2 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,4 

1,4 

1,6 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

3,1 

2,2 

8,7 

2,3 

2,8 

0,8 

БКга түшкөндөр 

8,5 

59,6 

30,0 

64,5 

7,5 

4,4 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,01 

0,3 

0,3 

0,4 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,1 

3,4 

1,9 

3,7 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

39 988 444 810,59 

79 212 

2 547 274 675,43 

71 554 

37 441 170 135,17 

7 658 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү  

Абсолюттук мааниси  

-6 516 246 787,86 

-21 727 

-1 092 505 913,36 

-18 765 

-5 423 740 874,51 

-2 962 

-16,3 

-27,4 

-42,9 

-26,2 

-14,5 

-38,7 

 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

16.01.2015 

23.01.2015 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

365 594 

368 630 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1502 

771 

731 

1508 

775 

733 

Банкоматтардын саны  

428 

429