Кайта келүү

 Конъюнктура: 24 - 28 ноябрь

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине ылайык (өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтомуна ылайык) ЛИДЕР акча которуулар системасынын оператору коммерциялык эмес уюм "Лидер" ЖАКы Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системасы боюнча кызмат көрсөтүүчү Операторлор реестринде 2014-жылдын 26-ноябрында каттоодон өтүп, ага 1009261114 каттоо номери ыйгарылган. 

 

 

 

Кыргызстанда инфляциялык басым сакталып калууда - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 9 пайыздан 10 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим Улуттук банк Башкармасынын 24-ноябрда болуп өткөн отурумунда кабыл алынгандыгын Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш пресс-конференцияда маалымдады.  

Ал ички факторлор сыяктуу эле тышкы факторлордон жаралган инфляциялык басымдын күч алышын эске алуу менен эсептик ченди жогорулатуу инфляцияга жана алмашуу курсуна келтирилип жаткан басымды жеңилдетүүгө мындан ары өбөлгө түзө тургандыгын белгилеп кетти.  

үгүнкү күндө керектөө товарларына баанын өсүшү уланууда. Ноябрь айынын 14 күнү ичинде керектөө баалары 1,5 пайызга өскөн. Сомдун алмашуу курсуна басым да сакталып калууда. Жыл башынан бери орун алган инфляция деңгээли 8,4 пайызды, ал эми жылдык мааниде алганда - 9,7 пайызды түзгөн. Биздин баа берүүлөргө ылайык, инфляция көбүнесе, тарифтердин жогорулоосу, өлкө ичинде сыяктуу эле, азык-түлүк товарларын импорттогон башка өлкөлөрдүн айыл чарба көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнөн улам, азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө баанын өсүшү сыяктуу монетардык эмес факторлордун таасиринен өсүшүн улантат. Улуттук банк өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкары болуп жаткан учурдагы жагдайларга дайыма байкоо жүргүзүп турат"- деп билдирди төраганын орун басары.  

Н.Жеңиштин берген маалыматынан кийин Улуттук банктын өкүлдөрүнө суроо берүү үчүн журналисттерге мүмкүнчүлүк берилди. Аларды эсептик чендин жогорулашы карапайым калктын күнүмдүк турмушуна, өлкөнүн экономикасына, банктардагы жана банктык эмес финансы-кредит мекемелериндеги пайыздык чен деңгээлине кандай таасир тийгизе тургандыгы биринчи кезекте кызыктырды. Мындан тышкары валюталык рынок, Улуттук банк жүргүзүп жаткан интервенция, жеке трансферттердин келип түшүү динамикасы тууралуу да жана башка суроолор да берилди.  

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Н.Жеңиш валюта рыногундагы жагдай турукташып калгандыгын баса белгиледи: "Жыл башынан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жалпы суммасы 390 млн. АКШ доллар өлчөмүндө 39 валюталык интервенцияны жүргүзгөн. Айта кетсек, ноябрь айында 44,9 млн. АКШ доллары, октябрда - 56,6 млн. АКШ доллары сатылган. Азыркы учурда алтын валюталык камдын көлөмү 2 млрд. 20 млн. АКШ долларын түзөт"- деп билдирди.  

Акча которуу темасына токтолуп жатып, Н.Жеңиш 2014-жылдын 9 айы ичинде акча которуулардын доллар түрүндөгү таза агымы 2 пайызга өскөндүгүн кошумчалады.  

Пресс-конференцияга ошондой эле Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын начальниги Сейилбек Урустемов жана Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниги Раушан Сейткасымова катышкан.  

 

 

 

Пресс-релиз 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды 

Тышкы факторлор сыяктуу эле, ички факторлордон улам, инфляциялык басымдын күчөшүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик ченди 100 базистик пунктка, 10 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине арналган акыркы отурумунан кийин (2014-жылдын 27-октябры) алынган маалыматтар тышкы жана ички факторлордун таасири астында түптөлгөн жогорку инфляциялык басым дагы эле сакталып тургандыгын көрсөтүүдө. Ноябрь айынын орто ченине карата абал боюнча жыл башынан бери топтолгон инфляция 8,4 пайызды, жылдык мааниде алганда (2014-жылдын ноябры 2013-жылдын ноябрына карата) 9,7 пайызды түзгөн. 

2014-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы боюнча алынган статистикалык маалыматтар Кыргыз Республикасында, ошондой эле өлкөнүн соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө экономикалык өсүш арымынын басаңдашы уланып жаткандыгын далилдөөдө. Кыргыз Республикасында 9 ай ичиндеги ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) реалдуу өсүш арымы 3,7 пайыз чегинде катталган. Тышкы соодалык операциялардын көлөмүнүн кыскарышы байкалууда, бул эң башкысы, импорттун азайышынын эсебинен келип чыккан. Мында, ата мекендик товарлардын экспорту да (алтынды эске албаганда) төмөндөөгө ык коюуда. Акча которуулар агымынын азайгандыгы белгиленген болсо да, алардын көлөмү көбөйүүдө. Тышкы чөйрөнүн өнүгүшүндө белгисиздик жагдайы сакталып калууда. Аталган ушул факторлор өлкөнүн ички валюта рыногуна келтирилип жаткан басымды, демек инфляция деңгээлине таасир эткен себептерден болуп калган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкө экономикасында түптөлгөн жагдайга мониторинг жүргүзүүнү улантып, Улуттук банктын 2014-2017-жылдарга каралган акча-кредит саясатынын негизги багыттарында аныкталган орто мөөнөттүк аралыкта инфляцияны 7 пайыз деңгээлге жетпеген чекте токтотуп турууга багытталган тиешелүү чараларын көрүүнү улантат.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмүнө тиешелүү маселени кароого алган кийинки отуруму 2014-жылдын 29-декабрына пландаштырылган.  

 

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

1. "Обменка номер девятнадцать" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2014-жылдын 26-ноябрында № 5179 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3180 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Орто-Сай базары, №32 соода орунунда жайгашкан. 

2. "УОЛЛ-СТРИТ" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2014-жылдын 26-ноябрында № 5180 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3181 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Курманжан-Датка көч., 274 дареги боюнча жайгашкан. 

3. "Тенизбаев" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2014-жылдын 26-ноябрында № 5181 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3183 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, И. Ахунбаев атындагы көчө, 109/1 дареги боюнча жайгашкан. 

4. "Нишан Компани" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2014-жылдын 27-ноябрында № 5182 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3184 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Москва көч., 86 дареги боюнча жайгашкан. 

5. "Айталиев Э.Т." ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2014-жылдын 28-ноябрында № 5183 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3185 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 232 ("Триада" дүкөнү) дареги боюнча жайгашкан. 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары жокко чыгарылган/кайтарылып алынган: 

1) Жеке ишкер Айталиев Эрнист Таалайбековичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2011-жылдын 7-декабрында берилген № 4809 лицензия жокко чыгарылган. Жеке ишкердин юридикалык дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 232, "Триада" дүкөнү

2) "Багдан" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2014-жылдын 27-июнунда берилген № 5136 лицензия кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көч., 190. 

3) Жеке ишкер Ташыбекова Салима Кочконовнага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 11-июнунда берилген № 4981 лицензия кайтарылып алынган. Жеке ишкердин юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ж. Абдрахманов атындагы көчө 146. 

4) Жеке ишкер Салымбеков Абдыжапар Курмановичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 24-майында берилген № 4953 лицензия кайтарылып алынган. Жеке ишкердин юридикалык дареги: Бишкек шаары, Киев/Бейшеналиев көчөлөрү 233 ("Ала-Арча" дүкөнү). 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр  

системасы, бардыгы болуп 

в том числе 

Клиринг системасы 

Гроссовая системасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

2014-жылдын 24-ноябрынан тартып 28- ноябрын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

42 658 812 732,31 

88 061 

2 292 895 010,67 

81 502 

40 365 917 721,64 

6 559 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

5,4 

92,6 

94,6 

7,4 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,04 

0,9 

0,7 

1,0 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

15,7 

10,3 

32,5 

11,0 

14,7 

1,3 

БКга түшкөндөр 

20,6 

43,7 

18,8 

47,0 

20,8 

3,4 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,01 

0,2 

0,2 

0,2 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,1 

3,7 

2,4 

4,0 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

28 274 625 271,84 

74 804 

2 028 922 238,88 

68 782 

26 245 703 032,96 

6 022 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

14 384 187 460,47 

13 257 

263 972 771,79 

12 720 

14 120 214 688,68 

537 

50,9 

17,7 

13,0 

18,5 

53,8 

8,9 

  

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

14.11.2014 

21.11.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

340 803 

344 129 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1442 

765 

674 

1443 

768 

675 

Банкоматтардын саны  

420 

422