Кайта келүү

 Конъюнктура: 10 - 14 ноябрь



"Банктардын милдеттүү камдарынын күндөлүк минималдуу деңгээли жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдору жөнүндө

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2014-жылдын 14-ноябрында "Банктардын милдеттүү камдарынын күндөлүк минималдуу деңгээли жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдору жөнүндө" токтомдору кабыл алынган. Аталган токтомдорго ылайык, ар бир коммерциялык банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги милдеттүү камдык талаптарды күндөлүк негизде аткаруу үчүн каралган каражаттардын көлөмү банктын тиешелүү мезгили үчүн белгиленген милдеттүү камдарынын көлөмүнүн кеминде 80 пайызы өлчөмүндө белгиленген, ушундан улам Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы №8/2 токтому менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобого өзгөртүүлөр киргизилген, Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы N 10/12 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасында депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготкон катары таанылган.  

Улуттук банк Башкармасынын токтомдорунун тексттери Улуттук банктын веб-сайтында "Банктык мыйзамдар / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору" бөлүгүндө жайгаштырылган. 

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине ылайык (өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтомуна ылайык), "InterExpress" акча которуулар системасынын оператору АКБ "ИНТЕРКООПБАНК" 2014-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системасы боюнча кызмат көрсөткөн Операторлор реестринде каттоодон өтүп, ага 1008111114 каттоо номери ыйгарылган.  

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине ылайык (өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтомуна ылайык), "F5" акча которуулар системасынын оператору "Бириккен улуттук банк" ЖЧКсы 2014-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системасы боюнча кызмат көрсөткөн Операторлор реестринде каттоодон өтүп, ага 1007041114 каттоо номери ыйгарылган.  

 

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

1. "Абдель" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 13-ноябрында № 5170 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросунун каттоо № 3170. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов/Бөкөнбаев көчөлөрү (павильон). 

2. "Шерзод-Б" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 14-ноябрында №5171 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев атындагы көчө, үй номери жок (багыт алуу: борбордук базардагы "Мариям" бут кийим базары). 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары жокко чыгарылган: 

1) "Абыке-Бий" кредиттик союзу" коммерциялык кооперативине 2002-жылдын 3-июлунда берилген №411 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Тоң району, Ж.Бөкөнбаев атындагы айыл, Атакан көч., 70/1. 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык  

төлөмдөр системасы,  

бардыгы болуп 

в том числе 

Клиринг системасы 

Гроссовая системасы  

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

2014-жылдын 03-ноябрынан тартып 06-ноябрын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

34 070 984 256,82 

82 051 

2 262 469 687,34 

74 890 

31 808 514 569,48 

7 161 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

6,6 

91,3 

93,4 

8,7 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,2 

1,8 

1,3 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

8,1 

7,2 

18,0 

7,8 

7,4 

0,6 

БКга түшкөндөр 

19,9 

41,5 

19,7 

45,3 

19,9 

2,6 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,4 

4,5 

5,3 

4,9 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,6 

9,5 

9,3 

10,4 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

28 274 625 271,84 

74 804 

2 028 922 238,88 

68 782 

26 245 703 032,96 

6 022 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

5 796 358 984,98 

7 247 

233 547 448,46 

6 108 

5 562 811 536,52 

1 139 

20,5 

9,7 

11,5 

8,9 

21,2 

18,9 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

06.11.2014 

14.11.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

339 250 

340 803 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1439 

765 

674 

1442 

765 

674 

Банкоматтардын саны  

416 

420