Кайта келүү

 Конъюнктура: 29 сентябрь - 3 октябрь



Бишкек финансы-экономикалык техникумдун студенттери Улуттук банктын нумизматикалык музейинде экскурсияда болушту 

 

А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумдун студенттери 2014-жылдын 29-30-сентябрында Улуттук Банктын нумизматикалык музейинде болушту. Өлкөнүн Борбордук банкынын музейинде өткөн экскурсияны Документтер менен иштөө жана коммуникациялар башкармалыгынын Коомдук байланыштар жана протокол бөлүмүнүн башкы адиси Бермет Усубалиева алып барды. Экскурсиянын жүрүшүндө конокторго ар башка өлкөлөрдүн жана тарыхый доордун монеталарынын жана акча белгилеринин экспонатын көрсөтүү менен эң алгачкы төлөө каражаттарынан тартып, кыргыз элинин тарыхый инсандары, архитектуралык имараттары жана курулуштары, флора жана фауналары чагылдырылып, Улуттук банк тарабынан чыгарылган бүгүнкү күндөгү банкноттор менен коллекциялык монеталардын тарыхы жөнүндө маалыматтар кеңири айтылды.  

Коллекциялык монеталар тууралуу айта турган болсок: "Биздин монеталар бир нече ирет эл аралык сынактарда чеберчилик менен жасалган коллекция катары таанылган. Мисалга алсак, ушул жылдын сентябрь айында "Кыргызстандын тарыхый эстеликтери жана архитектурасы" сериясынан "Саймалуу-Таш" коллекциялык монетасы "Монеталар даражасы-2014" эл аралык сынакта үчүнчү орунга татыктуу болгон. Ал эми 2013-жылы Берлин шаарындагы "Krause Publications" басмаканасы тарабынан уюштурулган "Маанилүү тарыхый монета" номинациясы боюнча "Улуу жибек жолу" монетасы "Жылдын монетасы" сынагын жеңип алган", - деп Б.Усубалиева баса белгиледи.  

Студенттер, көргөзмөгө коюлган экспонаттарга кызыгуу артуу менен таанышып, улуттук валюталарды жана нумизматикалык монеталарды жасап чыгарууга, жасалма акча жасоого жана ушул сыяктуу көптөгөн суроолорду беришип, экскурсиядан алган таасирлери менен бөлүшүштү.  

Бишкек финансы-экономикалык техникумдун экономика факультетинин 3-курсунун студенти Жазгүл Үсөнбек кызы: Биз тобубуз менен Улуттук банктын музейине келип таанышалы деп көптөн бери каалап жүргөнбүз. Келечектеги экономист, бухгалтер катары бизге алгачкы акчанын үлгүсүн жана биринчи сомдордун түзүлүшүн көрүү кызык болду. Ошондой эле Улуттук банк тарабынан эстелик үчүн чыгарылган монеталардын дизайны жана аны чыгаруу идеясы бизге жакты. Өзүбүз үчүн керектүү нерселерди биле алдык. Экскурсия бизге кызыктуу жана пайдалуу көп маалыматтарды берди деген ой-пикири менен бөлүштү

Жазгүлдүн курсташы Залкар Насирдинов, ата-мекендик коллекциялык монеталардын көп түрдүүлүгүнө таң калгандыгын белгиледи: "Мен бизде монеталар бар экенин билгем, бирок монеталардын ар башка 50 түрү бар экенин билбептирмин. Ошондой эле экскурсиядан мен Улуттук банктын кассасынан монеталарды сатып алууга боло турганын да билдим. Монеталарды келечекте коллекциялоо тууралуу менде ой пайда болду", - деп өзүнүн оюн жашырган жок. 

Жалпысынан алганда, Улуттук банктын музейинде болгон Бишкек финансы-экономикалык техникумдун 50гө жакын студенти экскурсияга катышты. 

Белгилей кетүүчү нерсе, бул борбор шаарыбыздын студенттери үчүн Улуттук банк тарабынан уюштурулган биринчи эле экскурсия эмес. Буга чейин нумизматикалык музейде Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун жана Ж. Баласагын атындагы КМУнун студенттери да экскурсияга келип кетишкен. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлер үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара иш алып баруу маселелери боюнча тренинг болуп өттү 

 

2014-жылдын 25-26-сентябрында Улуттук банктын кызматкерлери үчүн "Жалпыга маалымдоо каражаттары менен ийгиликтүү иш алып баруу чеберчилиги" темасында окутуу боюнча тренинг болуп өттү. Аталган иш-чара жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен Улуттук банктын адистеринин кыргыз тилинде пикир алышуу көндүмдөрүн өрчүтүүгө багытталган.  

Эки күндүк окутуунун алкагында Улуттук банкка чакырылган медиаэксперт Марс Тулегенов коомчулук астында чыгып сүйлөө чеберчилигинин негиздери менен жана ага кантип даярдык көрүү тууралуу маалымат берди. Коомчулукка чыгып сүйлөө учурда өзүңдү сүрөт жана видеокамералар алдында кандай алып жүрүү керектигин, ошондой эле сүйлөө маданиятынын жана техникасынын негиздерин билүү зарылдыгын, анын ичинде сүйлөп жаткан учурда дем алуу көнүгүүлөрүн өздөштүрүү боюнча теориялык билимдерин семинардын катышуучулары тренердин жардамы астында практикалык сабактар менен бышыкташты.  

Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен ийгиликтүү жана үзүрлүү иш алып баруунун сырлары тууралуу да сөз болуп, жергиликтүү жана чет өлкө маалымат каражаттарынан ийгиликтүү өз ара иш алып баруу боюнча чыныгы мисалдар келтирилди.  

Тренингдин катышуучулары жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара ийгиликтүү иш алып баруу темасына кызыгуу артып, теориялык билимди практика жүзүндө иштеп жаткан кесиптик ишибизде мындан ары пайдалануу деңгээлин жогорулатуу максатында, ушул сыяктуу пайдалуу иш-чараларды мезгил-мезгили менен өткөрүп туруунун зарылдыгын белгилешти.  

Тренигдин алкагында Улуттук банктын негизги башкармалыктарынын 20 жакын адистери окутуудан өтүштү

 

 

 

"CONTACT" акча которуулар системасынын оператору коммерциялык эмес уюм "РАПИДА" ЖЧКсы "Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине" (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтому) ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өтүп, ага 1004230914 каттоо номери ыйгарылган. 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2014-жылдын 31-июлунда "Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине" (Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтому) республиканын аймагында акча которуулар системалары аркылуу кызматтарды сунуштаган төлөм системасынын операторлорун каттоого тиешелүү төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кабыл алынган:  

- Эреженин 3.1-пункту "Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системалары боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн оператор (Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өтүүгө тийиш",  

ошондой эле акча которуулар системасынын оператору күтүлбөгөн жагдайлар келип чыккан учурда финансылык милдеттенмелер менен гарантияланышын камсыздоого тийиш.  

Аталган талаптарга ылайык, 2014-жылдын 23-сентябрында "CONTACT" которуулар системасынын оператору коммерциялык эмес уюм "РАПИДА" ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системалары боюнча кызматтарды көрсөткөн операторлор реестринде 1004230914 номеринде каттоодон өткөн.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чендин өлчөмүн жылдык 7,00 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды 

 

Тышкы факторлор сыяктуу эле, ички факторлордон улам келип чыккан инфляциялык басымдын күч алышын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2014-жылдын 30-сентябрынан тартып, эсептик ченди жылдык 6,50 пайыздан 7,00 пайызга чейин 50 базистик пунктка жогорулатуу чечимин кабыл алды. 

Ушул жылдын август айында ишке ашырылган акча-кредит саясат жөнүндө отчетто (Инфляция боюнча баяндамада) камтылган Улуттук банктын орто мөөнөттүк экономикалык тенденциялар боюнча берген баасы тастыкталды. Бул жерде сөз, республикада орун алган аба-ырайынын алгылыксыз шарттарынын, ички рынокто бензинге жана дизель отунуна баанын өсүшүнүн тездешинин, турак жай-коммуналдык кызматтарга тарифтердин жогорулатылышынын инфляцияга тийгизген таасири тууралуу жүрүүдө.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөшүнөн болгон өлкөлөрдө экономикалык өсүш арымынын байкалып жаткан басаңдашы мындан ары да улана тургандыгын болжолдоодо. Бул эң оболу, ата мекендик товарларга сырттан суроо-талаптын төмөндөшүнөн жана акчалай которуулардын көлөмүнүн өсүш арымынын кыскарышынан көрүнөт. Өнүгүп жаткан рыноктордон, атап айтканда Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөшүнөн болгон өлкөлөрдүн рынокторунан капиталдын агылып чыгышын күтүүлөр сакталып калат. Сентябрь айында бул тенденция күч алган, ушунун өзү ички валюта рыногундагы басымдын жогорулашына түрткү берген себептердин биринен болгон, демек бул кошумча инфляциялык факторду шарттаган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы орто мөөнөттүк мезгил ичинде инфляция деңгээлинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2014-жылга экономикалык саясат боюнча биргелешкен билдирүүсүндө аныкталган сандык көрсөткүч чегине жетишүү жана аны токтотуп туруу үчүн түптөлгөн экономикалык жагдайдын калыптанышына мониторинг жүргүзүүнү улантат. 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмүн кароого алган кийинки отуруму 2014-жылдын 27-октябрына пландаштырылган. 

 

 

 

Төмөнкү алмашуу бюролоруна лицензиялар берилди (Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы): 

 

1) "ОБ Нурлан" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 3-октябрында № 5156 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Каракол шаары, Токтогул атындагы көч., 263/1. 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык 

төлөмдөр системасы, 

бардыгы болуп 

в том числе 

Клиринг системасы 

Гроссовая системасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2014-жылдын 29-сентябрынан тартып 03 октябрын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

26 794 578 322,92 

88 840 

2 544 216 446,65 

80 101 

24 250 361 876,27 

8 739 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

9,5 

90,2 

90,5 

9,8 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,0 

1,1 

1,1 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

17,2 

15,4 

38,8 

17,0 

15,0 

1,3 

БКга түшкөндөр 

12,4 

39,5 

14,2 

43,5 

12,3 

2,6 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,02 

0,2 

0,2 

0,2 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

1,0 

8,6 

10,5 

9,5 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

25 103 421 653,20 

82 690 

2 093 868 587,22 

76 962 

23 009 553 065,98 

5 728 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

1 691 156 669,72 

6 150 

450 347 859,43 

3 139 

1 240 808 810,29 

3 011 

6,7 

7,4 

21,5 

4,1 

5,4 

52,6 

 

  

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

26.09.2014 

07.10.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

326 164 

329 513 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1422 

765 

657 

1436 

764 

672 

Банкоматтардын саны  

401 

401