Кайта келүү

 Конъюнктура: 15 - 19 сентябрь

 

 

"ПФТ/ОД боюнча актуалдуу маселелер. ПФТ/ОД мыйзамын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча көзөмөлдөө органдарынын өз ара иш алып баруусу" темасына арналган семинар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан "ПФТ/ОД боюнча актуалдуу маселелер. ПФТ/ОД мыйзамдарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча көзөмөлдөө органдарынын өз ара иш алып баруусу" темасына арналган семинар ЕврАзЭСтин алкагында 2014-жылдын 8-сентябрынан 11-сентябрына чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоевдин жана Россиянын Борбордук банкынын эл аралык уюмдар жана ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара иш алып барууну координациялоо башкармалыгынын начальнигинин, ЕАГ көзөмөл боюнча жумушчу топтун тең төрагасы Т.А. Артаманованын катышуусунда уюштурулган. Бул иш-чарага ЕврАзЭСке мүчө-мамлекеттердин борбордук банктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү да катышты.  

Бул иш-чаранын максаты ПФТ/ОД боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо, ПФТ/ОД боюнча мыйзамды жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу жана ЕврАзЭСке мүчө-мамлекеттердин көзөмөл органдарынын өз ара иш алып баруусу саналат. Иш-чара ЕврАзЭСке мүчө-мамлекеттердин көзөмөлдөө органдарынын ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу, ПФТ/ОД боюнча мыйзамды жүзөгө ашыруу өзгөчөлүктөрүн жана проблемаларын талкуулоо үчүн негиз болду.  

Семинардын жүрүшүндө ЕврАзЭСке мүчө-мамлекеттердин борбордук банктарынын өкүлдөрү тарабынан ПФТ/ОД боюнча системаны уюштуруу, көзөмөлдөө органдарынын өз ара иш алып баруусу, ПФТ/ОД чөйрөсүндө коммерциялык банктардын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүү өзгөчөлүктөрү, банк кардарлары жүргүзгөн операцияларга мониторинг жүргүзүү, финансылык чалгындоо органдарына маалыматтарды берүү жана акчаларды адалдоого каршы күрөшүү жагында мыйзамды өркүндөтүү, ошондой эле акчаларды адалдоо жолдоруна иликтөөлөрдү, шектүү операцияларга мониторинг жүргүзүү, аларды аныктоо жана ага таасир этүү чараларын колдонууну кошо алганда, башка актуалдуу маселелер көрсөтүлгөн.  

Семинардын жыйынтыгы боюнча ПФТ/ОД жагында маанилүү проблемалар белгиленген, ПФТ/ОД саясатынын жүзөгө ашыруунун эң алгылыктуу мисалдары келтирилген, алар менен бирге эле ЕврАзЭСтин алкагында биргелешип чечүүнү талап кылган ПФТ/ОД улуттук системасына тиешелүү проблемалар талкууланган. Өлкөлөрдүн борбордук банктарынын өкүлдөрү акчаларды адалдоого, адалдоонун жолдоруна жана схемасына, ошондой эле шектүү операцияларды эрте аныктоо жол-жоболоруна тиешелүү мындай семинарларды өткөрүүнүн зарылчылыгын жана актуалдуулугун белгилеп кетишти. Баштапкы баскычта ПФТ/ОД чөйрөсүндө эл аралык кызматташууну, маалымат жана тажрыйба алмашууну күчөтүү, ошондой эле эки тараптуу сыяктуу эле, көп тараптуу мүнөздөгү жолугушууларды, семинарларды, тегерек стол маектерин уюштуруу боюнча бир добуштан чечим кабыл алынган.  

 

 

 

"ANELIK" төлөм системасынын КБ "Анелик РУ" ЖЧКсы акча которуулар системасынын оператору "Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине" (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтому) ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өткөн. Каттоо номери 1001150914. 

 

 

 

Лада Орозбаева Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары кызматына дайындалды.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары кызматына Лада Орозбаева дайындалды. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев тиешелүү документке 16-сентябрда кол койду.  

 

 

 

Заир Чокоев Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары ыйгарым укуктарынын бүтүшүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев тиешелүү документке 16-сентябрда кол койду.  

 

 

 

Нурланбек Сагындыков Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кызматына дайындалды.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү болуп Нурланбек Сагындыков дайындалды. Тиешелүү документ Президент А.Атамбаев тарабынын 16-сентябрда кол коюлган.  

 

 

 

Салтанат Алыбаева Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кызматынан бошотулду.  

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйруусуна ылайык, Салтанат Алыбаева ыйгарым укуктарынын бүтүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кызматынан бошотулду. Тиешелүү документке 16- сентябрда кол коюлган.  

 

 

 

Төмөнкү алмашуу бюролоруна лицензиялар берилди: 

1) "ЭлБек-Голд Кей-Джи" кошумча жоопкерчиликтүү коомуна нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 16-сентябрында № 5149 лицензия берилди. Кошумча жоопкерчиликтүү коомдун юридикалык дареги: Бишкек шаары, Курманжан Датка атындагы көчө 288. 

2) "Кредит Траст" кошумча жоопкерчиликтүү коомуна нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 16-сентябрында № 5150 лицензия берилди. Кошумча жоопкерчиликтүү коомдун юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чүй пр., 281/1. 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык  

төлөмдөр системасы,  

бардыгы болуп 

в том числе 

Клиринг системасы 

Гроссовая системасы  

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

2014-жылдын 15-сентябрынан тартып 19- сентябрын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

26 688 337 975,01 

73 895 

1 903 402 935,84 

68 756 

24 784 935 039,17 

5 139 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

7,1 

93,0 

92,9 

7,0 

анын ичинде 

(%) :  

 

 

 

 

 

 

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,3 

1,3 

1,4 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

9,4 

6,5 

17,2 

6,9 

8,8 

1,0 

БКга түшкөндөр 

11,5 

51,1 

25,5 

54,7 

10,4 

2,6 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,04 

1,0 

0,6 

1,1 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,4 

7,8 

5,6 

8,4 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

30 833 456 862,71 

81 445 

1 978 642 370,86 

76 320 

28 854 814 491,85 

5 126 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

-4 145 118 887,70 

-7 550 

-75 239 435,02 

-7 564 

-4 069 879 452,68 

13 

-13,4 

-9,3 

-3,8 

-9,9 

-14,1 

0,3 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

 

 

Абалга карата 

12.09.2014 

19.09.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

323 664 

325 724 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1417 

762 

655 

1419 

762 

657 

Банкоматтардын саны  

397 

399